Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 27-мартындагы 

№ 2020-П-14\17-3-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага  Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын «27» мартындагы 

№ 2020-П-14/17-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Жобо Улуттук банктан лицензия алышкан төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына бул уюмдардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык алардын иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен таркатылат.»; 

- 1.3-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Тике банктык көзөмөл төлөм системаларынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана төлөм уюмдарынын өздөрүнүн күндөлүк финансылык милдеттенмелерин аткарууда алардын операцияларды жүргүзүүсүн контролдоо максатында төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чарасы болуп саналат.»; 

- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Тике банктык көзөмөлдүн негизги милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: банктын/төлөм уюмдарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, банкты/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары ишин башкаруу сапатын, абалды начарлатышы мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка иш багытын кылдат иликтеп чыгуу жана талдап-иликтөө; Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Көзөмөл боюнча комитет) жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Төлөм системасы боюнча комитет) тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, операцияларга жеринде барып максатка багытталган жана ыкчам мониторинг жүргүзүү жана контролдоо; Улуттук банктын бардык жазма буйруктарынын жана банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өздөрү иштеп чыккан финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу боюнча чаралардын, ошондой эле системанын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо.»; 

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1 Банкка тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө чечим Көзөмөл боюнча комитет тарабынан, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынат.»; 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет тике банктык көзөмөл милдеттерин аткаруу үчүн банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерин жөнөтөт. Эгерде, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына бир канча ыйгарым укуктуу кызматкерлер (мындан ары - контролёрлор тобу) жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси (мындан ары - контролёрлор тобунун жетекчиси) дайындалат. Эгерде, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына бир ыйгарым укуктуу кызматкер (мындан ары - контролёр) жөнөтүлсө, анда ал контролёрлор тобунун жетекчисинин функцияларын аткарат (эгерде колдонулса).»; 

- 2.2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2.2. Тике банктык көзөмөлдү ишке ашырууда банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм операцияларын жүргүзүүсүн контролдоо үчүн контролёрлор тобунун жетекчиси зарыл учурларда Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында ишке ашырылган операциялар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызматкерлерин ишке тартышы мүмкүн. Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери ишке тартылган учурларда контролёрлор тобунун жетекчиси бул чечимди алдын ала Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет менен макулдашууга тийиш.»; 

- 2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндөгү токтомунда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздер; 

- таасир этүү чарасын колдонуу мөөнөтү

- банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана контролёрлор тобунун жетекчиси бере турган отчеттордун түрү жана мезгил аралыгы; 

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын (филиалдарды/өкүлчүлүктү/агенттик түйүндү жана башка обочо түзүмдүк бөлүмдөрдү кошо алганда) жана контролёрлор тобунун (анын ыйгарым укугун кошо алганда) ишинин өзгөчө шарттары/режими; 

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын Улуттук банкка жана контролёрлор тобуна карата милдеттери.»; 

- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Тике банктык көзөмөл киргизилген күнү Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү банк Башкармасына/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчисине же алардын милдетин аткарган адамдарга Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун толук преамбуласын жана чечим чыгаруучу бөлүгү камтылган Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомунан көчүрмөнү жөнөтөт.»; 

- 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына (филиалдарды жана башка обочо түзүмдүк бөлүмдөрдү кошо алганда) жөнөтүлүүчү контролёрлор тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү тике банктык көзөмөл милдеттерин аткаруу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин ичинен дайындалат.»; 

- 2.5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5.1. Контролёрлор тобунун жетекчиси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

- Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү боюнча токтомунун аткарылышы; 

- контролёрлор тобунун ишин жетектөө

- контролёрлор тобунун мүчөлөрү ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.6-1-пункту менен толукталсын: 

«2.6-1. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин контролдоо болжолдонгон тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Төлөм системасы боюнча комитет төмөнкүлөргө укуктуу: 

- төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/агенттер/контрагенттер жана башка уюмдар менен эсептешүүлөрдү контролёрлор тобунун жетекчиси менен макулдашкандан кийин жана анын кол тамгасы коюлган учурда гана жүргүзүү талабын белгилөө

- тобокелдиктер орун алган шартта Улуттук банктын жетекчилигине макулдашуу менен келишимдин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосундагы келишимди бузууга чейин операциялардын/төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн токтотууну демилгелөө

- төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары контролёрлор тобунун жетекчиси менен макулдашуусуз жана анын кол тамгасы жок операцияларды жүргүзүүгө укуксуз болгон суммалар боюнча максималдуу өлчөмдөрдү белгилөө.»; 

- 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7. Тике банктык көзөмөл киргизилген күндөн жана банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын жеринде контролго ала турган контролёрлор тобу дайындалган күндөн кечиктирбестен, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тике банктык көзөмөл киргизилген уюмга контролёрлор тобунун жетекчисинин кол тамгасынын үлгүсүн сунуштайт. Аралыктан тейлөө системасы аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм уюму аралыктан тейлөө системасында жүргүзүлүүчү эсептешүүлөр боюнча макулдашуу функциясын контролёрлор тобунун жетекчисине берүүгө тийиш. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда төлөм уюмун тейлеген коммерциялык банк тике банктык көзөмөл киргизилген мезгил ичинде аралыктан тейлөө системасы аркылуу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө контролёрлор тобунун жетекчисине маалымдоого тийиш (бул пункт коммерциялык банк менен төлөм уюму ортосунда кол коюлган келишимде камтылууга тийиш). Контролёрлор тобунун жетекчисинин кол тамгасы жок болгон учурда банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын кол тамгалары анык эмес деп эсептелет.»; 

- 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөл жүргүзүлө турган мөөнөттү белгилейт, ошондой эле банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилери жана контролёрлор тобунун жетекчиси тарабынан Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Көзөмөл боюнча комитетке/Төлөм системасы боюнча комитетке сунушталуучу отчеттордун мезгилдүүлүгүн аныктайт. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет отчетторду кароонун жыйынтыгы боюнча тике банктык көзөмөлдү узартууга же токтотууга (мөөнөтүнөн мурда) укуктуу.»; 

- 2.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.9. Банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси же анын милдетин аткарган адам тике банктык көзөмөл киргизилген учурдан тартып 10 күн ичинде банктын/төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун бардык акционерлерине (уюштуруучуларына) тике банктык көзөмөл киргизилгендиги тууралуу маалымдоого милдеттүү.»; 

- 2.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.10. Тике банктык көзөмөлдү киргизүүдө банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси операцияларды контролёрлор тобуна макулдашылуу талабын кошо алганда, Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун аткарылышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун талабы аткарылбаган учурда банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилигине карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3.1-1-пункту менен толукталсын: 

«3.1-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө укуктуу:  

- төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына, системалуу тобокелдикке жана/же белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануучулар алдында милдеттенмелеринин аткарылбай калышына алып келиши ыктымал болгон штаттан тышкаркы жагдайлардын келип чыгышы;   

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун андан аркы ишине кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелердин ордун жабууга жөндөмсүз болуу;  

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун мыйзамсыз иш-аракеттерин тастыктаган маалыматынын болушу;   

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттери же аракеттенбей коюулары;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү фактылары аныкталган, Улуттук банктын жазма буйруктарында белгиленген мөөнөт ичинде Улуттук банктын жазма буйруктары аткарылбаган учурлар.   

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө төмөнкүлөр дагы негиз болушу мүмкүн: 

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/агенттер/контрагенттер жана башка катышуучулар алдында белгиленген мөөнөт ичинде өз милдеттенмелерин системалуу түрдө аткарбашы; 

- системанын аппараттык жана/же программалык камсыздоосунун үзгүлтүккө учурашы, ошондой эле кесепети төлөм системаларынын башка катышуучуларына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон резервдик жана/же альтернативдүү каналдарга өтүү мүмкүн болбогон учурлар; 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын үзгүлтүксүз иштешине терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын начарлатуу тобокелдигин жараткан, акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын, кызмат адамдарынын, аффилирленген жактардын жана алар менен жалпы кызыкчылыкта байланышкан адамдардын кызыкчылыктарына жооп берген укукка жатпаган аракеттер (аракеттенүү, аракеттенбей коюу, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), ошондой эле документтерди жок кылуу, уурдоо, жасалмалоо аракеттери; 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине таасирин тийгизүүчү акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ортосунда пикир келишпестиктер; 

- акционерлерге (уюштуруучуларга)/катышуучуларга карата кылмыш ишин козгоо; 

- жетекчинин, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн (бүткүл курамдын алмашуусу) кийинки 12 айдын ичинде эки жолудан ашык алмашуусу (Директорлор кеңешин акционерлердин жылдык жыйынында шайлоону эске албаганда); 

- кызмат адамдарын, негизги персоналды жана/же иш милдеттерин кайталап аткаруучу курамды иштен массалык түрдө бошотуу/кыскартуу (2 ай ичинде кызматкерлердин 15 пайызынан ашык); 

- банктык жана төлөм мыйзамдарынын, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сактабоо.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.1-1-пункту менен толукталсын: 

«4.1-1. Төлөм системасы боюнча комитет, тике банктык көзөмөлдү киргизүү үчүн негиздерди, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын жана иш өзгөчөлүгүн, ошондой эле төлөм системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген же таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка факторлорду жана жагдайларды эске алуу менен тике банктык көзөмөлдү киргизүүдө жана аны ишке ашыруунун кайсы болбосун процессинде төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу: 

- жогорку тобокелдиктерге байланыштуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жагында жүргүзүлгөн операциялар боюнча чектөөлөрдү (убактылуу токтотуу); 

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар алдында карызды төлөө мөөнөттөрү боюнча талаптарды; 

- аракеттери жана аракеттенбей коюулары төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын абалын начарлатуу коркунучун же системалуу тобокелдиктин келип чыгышын жараткан төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талаптарды; 

- тобокелдиктер орун алган учурда келишим шарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишимдерди токтотуу боюнча чектөөлөрдү жана/же талаптарды; 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын абалына коркунуч жараткан тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, анын финансылык абалын чыңдоого жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка талаптарды жана чектөөлөрдү.»; 

- 4.2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган банктын туруктуу негизде берилүүчү отчетторунун берилишин контролдоо;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.2-1-пункту менен толукталсын: 

«4.2-1. Төлөм системасы боюнча комитет төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү милдеттерин аткарып жаткан контролёрлор тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосундагы келишимдерди, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башкаруу сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулуктун абалын, төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн абалды начарлатышы мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка иш багытын кылдат иликтеп чыгуу жана талдап-иликтөө

- төлөмдөрдү иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө туруктуу, максатка багытталган жана ыкчам мониторинг жүргүзүү, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларына жана/же алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү

- төлөмдөрдү кабыл алууну убактылуу токтотууну кошо алганда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын акчалай эсептешүү операцияларын, ошондой эле операциялар боюнча Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан белгиленген чектөөлөрдү контролдоо; 

- Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чараларынын аткарылышын жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өздөрү иштеп чыккан финансылык абалды чыңдоо жана жакшыртуу, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын карыздарынын ордун жабуу, төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда төлөмдөрдү аягына чыгаруу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо; 

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомдо каралган, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын туруктуу негизде берилүүчү финансылык отчетторунун берилишин контролдоо;  

- туруктуу негизде берилүүчү отчетторду даярдоо жана аларды Улуттук банктын жетекчилигине жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө берүү

- Улуттук банктын жетекчилигине төлөм системаларынын операторлорундагы/төлөм уюмдарындагы жагдайлар, көрүлгөн чаралар тууралуу туруктуу негизде жана ыкчам (оозеки жана/же жазуу жүзүндө) маалымдоо, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын абалына жана финансылык абалына коркунуч туудурган төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана/же кызмат адамдарынын аракеттери же алардын Улуттук банктын талаптарын бузуу менен операцияларды жүргүзүүсү жөнүндө дароо билдирүү

- көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, учурдагы абалды, төлөм системаларынын операторлорундагы/төлөм уюмдарындагы жагдайга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду жана жагдайларды иликтөөнүн негизинде төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана/же анын кызмат адамдарына карата андан ары кабыл алына турган чаралар жана аракеттер тууралуу Улуттук банктын жетекчилигине сунуштарды даярдоо.»; 

- 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында контролёрлор тобунун жетекчиси зарылчылыкка жараша төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

- Директорлор кеңешин (болгон учурда) жана банк Башкармасын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органын чакырууну демилгелөө

- Директорлор кеңешинин төрагасын жагдай боюнча түшүндүрмө берүү жана кечиктирилгис чара көрүү өтүнүчү менен чакыруу; 

- Директорлор кеңешине (болгон учурда) банктын акционерлеринин кезексиз отурумун чакыруу жөнүндө сунуш киргизүү

- банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүңдоо укугусуз, отчетторду окууга, түзүүгө жана чыгарууга) менен банктын автоматташтырылган банктык системаларынан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу; 

- оңдоо, өчүрүү укугусуз, окуу жана кагазга чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын электрондук ченемдик базасынан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу; 

- зарыл маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан талап кылууну демилгелөө жана Улуттук банктын жетекчилигине кол коюуга жөнөтүү

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын автоматташтырылган системасынан/программалык камсыздоосунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу (оңдоо, өчүрүү укугусуз, окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу).»; 

- 4.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.4. Тике банктык көзөмөл шартында банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын иши, анын ичинде банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди төмөндөтүү, алардын ишиндеги бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролёрлор тобунун жетекчисине банкты/төлөм системаларынын операторлорун/төлөм уюмдарын түптөлгөн жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, туруктуу негизде берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат.»;  

- 4.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.5. Банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги контролёрлор тобуна көмөк көрсөтүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин (болгон учурда) жана банк Башкармасынын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органынын отурумдарына даярдалган отурум өткөрүлгөнгө чейин бардык материалдарды кошо алганда, так жана туура маалыматтар менен документтерди берүүгө милдеттүү. Ошондой эле банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды (жай, компьютер, байланыш каражаттары ж.б.) камсыз кылууга милдеттүү

Банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги (Банк Башкармасынын мүчөлөрүөлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органы) төмөнкүлөргө милдеттүү

- контролёрлор тобуна банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында аудио/видео жазууларды жүзөгө ашыра турган, аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө

үчүнчү жактардын контролёрлор тобуна берилген жайга аудио/видео жабдууларды орнотууга тиешелүү кандай болбосун аракеттерине тыюу салууга; 

- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана контролёрлор тобунун документтерин сактоо коопсуздугун камсыз кылууга; 

- тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга; 

- тышкы электрондук почтадан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

- банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана/же анын кызматкерлери тарабынан контролёрлор тобунун компьютердик жумушчу станцияларында толук купуялуулук режиминин сакталышын камсыз кылууга.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 4.6-1-пункту менен толукталсын: 

«4.6-1. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине тике банктык көзөмөл төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын регулятивдик отчетунун маалыматтарынын, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктарынын, жазма буйруктарды/эскертүүлөрдү аткарбоонун, контролёрлор тобунун төмөнкүлөр камтылган маалыматтарынын (отчетторунун) негизинде ишке ашырылат: 

төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун андан аркы ишине кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында проблемалуу жана аткарылбаган финансылык милдеттенмелер, белгиленген мөөнөт ичинде милдеттенмелердин ордун жабууга жөндөмсүз болуу

- ликвиддүүлүктүн күндөлүк абалы (төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү, күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышы боюнча болжолдоолор, каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар, карыздын ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө жүргүзүү ж.б.); 

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин тастыктаган маалыматынын болушу; 

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттери же аракеттенбей коюулары.»;  

- 4.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.8. Банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана/же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомун аткаруудан баш тарткан же тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан учурда, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун ченемдерин, анын ичинде Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун айрым пункттарын бузууга жол берген учурда, контролёрлор тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү тууралуу акт түзүлүп, ага контролёрлор тобунун жетекчисинин жана бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат (1 жана 2-тиркеме). 

Банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан ушул жобонун, Улуттук банктын ченемдик актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомдорунда белгиленген тике банктык көзөмөл режиминин талаптарын (тапшырмаларды, чектөөлөрдү) бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк банк жана төлөм мыйзамдарына ылайык, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана анын жетекчилигине карата, банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

- Жобого карата 1-эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«(1) Банк жетекчилигинин тез-тез алмашуусу дегенди: Төрага үчүн - кийинки 12 ай ичинде 2 жолудан көп; Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн - Директорлор кеңешинин бүтүндөй курамынын кийинки 12 ай ичинде 2 жолудан көп алмашуусун (акционерлердин жылдык жыйынында Директорлор кеңешин шайлоону эске албаганда) түшүнүү зарыл.». 

- 1-тиркеменин аталышындагы «Тике банктык көзөмөлдүктү» деген сөздөр «Банкта тике банктык көзөмөлдү» дегенге алмаштырылсын;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

  

  

«Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме 

Төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында  

тике банктык көзөмөл жүргүзүүгө каршы аракеттенүү тууралуу 

АКТ 

 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун жайгашкан жери, дареги, телефону) 

 

_________________________ 

 

20___-жылдын «__» _______. 

(түзүлгөн жер) 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери/кызматкерлери _____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү) тарабынан  

 

төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун атынан иш алып барган 

 

_____________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин/кызматкерлеринин аты-жөнү

 

төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды: 

___________________________________________________________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун имаратына киргизбей койду, контролерлор тобу тарабынан суроо-талап кылынган төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун документтерин берген эмес ж.б.) 

 

жараткандыгы жөнүндө акт түзүлдү.  

 

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкери/кызматкерлери контролёрлор тобу тарабынан тике банктык көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу эскертилди. 

 

Акт түзүлдү

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

(Контролёрлор тобунун жетекчисинин аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун жетекчилигинин/анын, 

милдетин аткаруучунун аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

ТААНЫШТЫРЫЛДЫ 

 

 

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

(Контролёрлор тобунун мүчөлөрүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

_____________________________ 

_____________ 

_____________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун тике банктык көзөмөл жүргүзүүгө тике же кыйыр түрдө тоскоолдуктарды жараткан кызматкери/кызматкерлеринин аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

Актынын экинчи нускасын алды 

____________________________________ 

 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү

 

_____________ 

_____________ 

 

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкерлери ушул актыга кол коюудан баш тарткан учурда, контролёрлор тобу актыны төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кеңсесине калтырып коюуга укуктуу, мында кол коюудан баш тартуу фактысын актыда көрсөтүү менен аталган акты белгиленген тартипте катталат.».