Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 27-мартындагы  

№ 2020-П-14\17-2-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында  

кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана төлөм уюмдары өз ишин 2021-жылдын 1-январына чейин ушул «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык келтиришсин. 

 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын «27»мартындагы 

№ 2020-П-14/17-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул Жобо Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктарга, банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана төлөм уюмдарына (мындан ары ФКУ) таркатылат.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Жобо ФКУ кассалары аркылуу жүргүзүлүүчү кассалык операцияларды жөнгө салат, ошондой эле аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу, жабдуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле банкоматтарды жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарын инкассациялоо боюнча талаптарды тастыктоочу документтер боюнча белгилейт.»; 

- 9-пунктунун: 

экинчи, төртүнчү, жыйырма биринчи, жыйырма экинчи, жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын: 

«- аралыкта орнотулган жабдуунун кассетасы (мындан ары кассета) ар түрдүү номиналдагы акча каражаттарын сактоо, кабыл алуу жана/же берүү үчүн колдонулган аралыкта орнотулган жабдуунун бөлүгү

Сash-in функциясы менен банкоматтар, автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдары менен кабыл алынган жана акча каражаттарын сактоо үчүн дайындалган сейф зонасында орун алган атайын каптар /баштыктар да кассетанын ордуна пайдаланышы мүмкүн.»; 

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Касса кызматкери кардарга банкнотторду таңычактардын үстүндөгү коштомо кагазда көрсөтүлгөн сумма боюнча таңычакта, өзүнчө корешоктор менен, айрым банкнотторду бирден барактап санап, ал эми монеталарды ярлыктарындагы жазуулары боюнча каптарда жана жабыркабаган завод пломбасы менен ящиктерде, эгерде монеталар азыраак санда талап кылынса, 100 (жүз) даанадан салынган баштыктарда, айрымдарын бирден санап берүүгө укуктуу.»; 

- 21-пунктунун:  

биринчи абзацындагы «ярлыктагы жазуулары» деген сөздөрү «жабыркабаган завод пломбасы менен ящиктерди» деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү «баштыкчаларда» деген сөз «/ящиктерде» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 24-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Автоматташтырылган программаларды пайдаланууда кассалык китептерди ФКУнун ички ченемдик документтери менен бекитилген чыгыш формаларына ылайык жүргүзүүгө уруксат берилет.»; 

- 25-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:  

«Автоматташтырылган программаларды пайдаланууда касса документтери чыгыш формаларына жана отчетторуна ылайык түзүлөт.»; 

- 31-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нак акчалар инкассаторлор тарабынан касса кызматкерине банкноттордун таңычактары, кассеталар, монеталар салынган каптар/ящиктер, өзүнчө корешоктор, банкноттор жана монеталар же нак акча салынган баштыктар менен берилет.»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Инкассаторлор, касса кызматкери ташып жеткирүү үчүн банкноттордун таңычактарын кассеталарды, монеталар менен каптарды /ящиктерди корешоктордун санын, банкноттордун таңычактарынын/кассеталардын жана пломбаларынын, клише оттискаларынын бүтүндүгүн жана тууралыгын, банкноттордун таңычактарында жана пломбада, клише оттискаларында зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен банкноттордун таңычактарынын үстүндөгү коштомо кагазда көрсөтүлгөн жазуулар боюнча, ал эми монеталар салынган баштыкчаларды жабыркабаган завод пломбасы менен ящиктерди ярлыктар боюнча көрсөтүлгөн сумманын тууралыгын, монеталар салынган каптардын жана пломбалардын бүтүндүгүн, монеталар салынган каптарга/ящиктерге карата пломбалар менен ярлыктардагы зарыл реквизиттердин болушун текшерүү менен кабыл алышат. Айрым корешоктор, банкноттор жана монеталар бирден, кайрадан бирден санап чыгуу менен кабыл алынат.»; 

- 9-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9-глава. Аралыкта орнотулган жабдууларды жайгаштыруу, жабдуу жана инкассациялоо боюнча минималдуу талаптар 

 

53. ФКУ, анын ичинде алардын агенттери аралыкта жабдууларды орнотууда жана туташтырууда аталган жабдуулардын бузулушуна, иштен чыгышына, аларды бузууга же уурдоого байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Банкоматтар жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдары техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келген жерлерде жайгаштырылууга тийиш (кеңсе ичинде, дубалга ж.б.). 

54. ФКУ, анын ичинде алардын агенттери, аралыкта жабдууларды орнотууда жана туташтырууда санкциясыз операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө тийиш. Санкциясыз операциялардын жүргүзүлүшү, ошондой эле аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик ФКУга жүктөлөт. 

55. Жабдуулардын бузулушуна, иштен чыгышына, аны бузууга же уурдоого жана санкциясыз операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө үчүн ФКУ төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- банкоматтарда, доо арызы менен иш алып барууда далилдерди берүү боюнча базанын болушун камсыз кылуу үчүн талаптагыдай сапаттагы видео сүрөттөр менен камсыздаган видео байкоо системалары болууга (видео жаздыруулар кеминде 30 (отуз) календардык күн сакталып турууга тийиш); 

- аралыкта орнотулган жабдуулардан санкциясыз пайдаланылышына жол бербөө үчүн коопсуздугун камсыз кылууга; 

- техникалык жактан бекемдөө талаптарына жооп берген жайларда орнотулган жана күзөтүү-белги берүү жана видео байкоо каражаттары менен жабдылган же күнүүнү коргоого алынган жайларда орнотулган банкоматтарды эске албаганда, банкоматтардагы акча каражаттарын камсыздандырууга же болбосо ушул Жобонун 56-пунктунда белгиленген сунуш-көрсөтмөлөрдү аткарууга; 

- лицензияланган программалык камсыздоолорду же болбосо документтер топтому бар учурда жеке иштеп чыккан программалык камсыздоолорду колдонууга; 

- аралыкта орнотулган жабдуунун тышкы абалын, анын ичинде бүтүндүгүн жана андан санкциясыз пайдаланылгандыгын, ошондой эле жабдууну ремонттоо, бузулууну алдын алуу боюнча кызматтарды сунуштаган инкассатордук кызматтардын жана уюмдардын ишин мезгил-мезгили менен контролдоо/мониторинг жүргүзүү

- аралыкта орнотулган жабдуулардын чабуулдарга (маалыматтык, техникалык жана физикалык) жана аларды ишке ашыруу аракеттерине дуушарлануу тобокелдиктерине мезгил-мезгили менен баа берүү, ошондой эле аныкталган чабал жактарын өз учурунда четтетүү

- чабуулдарды же аларды ишке ашыруу аракеттерин аныктоого, белгилөөгө, идентификациялоого жана алдын алууга багытталган ички ченемдик документтерди өркүндөтүү

56. Банк жабдууларынын коопсуздугун камсыз кылууну күчөтүү максатында төмөнкүлөрдү ишке ашыруу сунушталат: 

- коргоо жабдууларынын жана программалык камсыздоонун талаптагыдай иштешин контролдоону камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдууларга аралыктан туруп мониторинг жүргүзүү системасын колдонуу; 

- банкоматтын жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалынын корпусу жана панели бекем болууга тийиш; 

- скиммингге каршы түзүлүштөр менен жабдылууга; 

- күзөт уюмунун пультуна белги берүүчү күзөт сигнализациясы менен жабдылууга; 

-  жабдуу уурдалган учурда ал жайгашкан жерди аныктоого мүмкүндүк берген GPS-байкоо жүргүзүү системасы менен жабдылууга; 

- банкоматтар жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдары орнотулуучу жерге бекем бекитилүүгө

- акча купюраларын санкциясыз алууда аларды боёп коюучу сыя капсула менен кассетаны камсыз кылынууга (акчаны жараксыз кылуу үчүн) . 

57. Банкоматтан жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалынан акча каражаттарын алуу же аларга жүктөө ФКУлар жана алардын агенттери тарабынан өз алдынча же алар менен тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызмат тарабынан, ошондой эле ФКУлардын жана алардын агенттеринин ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. 

58. Банкоматты нак акча белгилери менен толуктоо жана банкоматтан акча каражаттарын алуу ички жол-жоболорго ылайык же болбосо тиешелүү уюм менен инкассациялоо боюнча операцияларды аткаруу жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырылууга тийиш. Банкоматты нак акча белгилери менен толуктоо зарылчылыкка жараша банкомат үчүн белгиленген нак акча каражаттары лимитинин чегинде жүргүзүлөт. 

Аралыкта орнотулган жабдуулардан акча каражаттарын алуу же толуктоо өз убагында жана жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин гарантиялаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Аралыкта орнотулган жабдууларды өз учурунда инкассациялоо үчүн жоопкерчилик ФКУ жана алардын агенттерине жүктөлөт.  

59. Банкоматтан жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалынан акча каражаттарын алуу же аларга жүктөө ФКУнун кызматкерлери тарабынан жана кызматкерлердин коопсуздугун жана акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда же инкассатордук кызматкери тарабынан тиешелүү актыларды же отчетторду түзүү менен ишке ашырылат, ошондой эле агенттердин автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарын кошпогондо, кассетанын бүтүндүгү, ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгү же пломбалангандыгы (зарыл болгон учурда) текшерилет. Мында, аралыкта орнотулган жабдууну тейлеген жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассациялоого катышууга жол берилбейт. 

60. Кассетаны акча купюралары менен толуктоо ФКУнун кеминде эки (2) кызматкери тарабынан тиешелүү актыларды же отчетторду түзүү аркылуу, ошондой эле кассетаны ачкыч менен бекитүү же пломба басылгандыгын жана кассетанын бүтүндүгүн текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. 

61. Банкоматтан жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалынан акча каражаттарын инкасациялоо акча каражаттарын алуу операциясын тастыктаган тиешелүү отчетторду түзүү аркылуу ишке ашырылат. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда отчеттун электрондук формасы басылып чыгарылат. 

62. Аралыкта орнотулган жабдуунун ишине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле анын акча каражаттары менен толукталышын камсыздоо ФКУ жана алардын агенттери же тиешелүү келишим түзүлгөн инкассатордук кызматы тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Келишимде инкассация жүргүзүү шарттары жана тартиби каралууга тийиш. 

63. Банкоматты инкассациялоо жол-жобосунда милдеттүү түрдө банкоматтарды инкассациялоо үчүн ачкычтарды/паролдорду сактоо жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салган нормалар камтылууга, ошондой эле алардын сакталышы камсыз кылынууга тийиш. Мындан тышкары, банкоматты жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын инкассациялоо учурунда банкоматтагы жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалындагы акча каражаттарынын суммасы тууралуу отчетту жана банкоматка жаңы акча каражаттарын жүктөө операцияларын тастыктаган отчетту банкоматтан милдеттүү түрдө басып чыгаруусу зарыл. Бул отчетторго инкассация жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш.  

64. Кассеталарды ачуу алдында кассеталардын, андагы пломбанын же кассеталардын чапталгандыгынын бүтүндүгү алдын ала текшерилүүгө тийиш. Кассеталардагы акча белгилерин бирден барактап саноо тиешелүү актыларды же отчетторду түзүү менен кеминде 2 (эки) касса кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Аралыкта орнотулган жабдуулардан алынган нак акча белгилерин бирден барактап кайра эсептеп чыгууда андагы сумма ашыкча же кем чыккан шартта, кайра эсептеп чыгуу актысы түзүлөт.»;  

 

- 8-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарында  

жана банктык эмес финансы-кредит  

уюмдарында кассалык операцияларды  

ишке ашыруу боюнча минималдуу  

талаптар жөнүндө» жобого 

карата 8-тиркеме 

 

______________________________________________________________ 

(ФКУнун аталышы) 

 

20__-жыл үчүн кассалык жүгүртүү баалуулуктарын 

жана башка баалуулуктарды эсепке алуу 

 

к и т е б и 

 

Башталган 20__-ж. «__» __________ 

Аяктаган 20__-ж. «__»__________ 

 

Бул китептеги жазуулар аны толук пайдаланып бүткөнгө чейин жүргүзүлөт 

 

20__-ж. ____________ айы 

 

Улуттук валюта ______________ 

үнү

Күндүн башталышына карата банктын кассасындагы акча каражаттары 

Суммасы 

КИРИШТӨӨ 

 

ЧЫГЫШТОО 

 

Күн аягына карата калдык 

 

 

 

Жетекчи 

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________ 

Кол тамгасы 

__________________ 

Кол тамгасы 

Башкы бухгалтер 

Касса башчысы 

 

_____________________________ 

(ФКУнун аталышы) 

 

 

КҮБӨЛӨНДҮРГӨН ЖАЗУУ 

Жыйынтыгында бул китепте номерленген жана көктөлгөн барактар камтылган 

_____________________________________________________ 

_____________________________________________________ 

(саны жазуу менен көрсөтүлөт) 

 

№ _____ тартып № ______ чейин кошо алганда 

 

 

Жетекчи 

 

Башкы бухгалтер (бухгалтер) 

 

Касса башчысы 

 

20__-ж. «__» _________». 

 

- 13-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында  

жана банктык эмес финансы-кредит  

уюмдарында кассалык операцияларды  

ишке ашыруу боюнча минималдуу  

талаптар жөнүндө» жобого 

карата 13-тиркеме 

 

Улуттук валютаны иргөө, иштеп чыгуу жана таңгактоо эрежелери 

 

Бардык ФКУда улуттук валютаны иргөөнүн, иштеп чыгуунун жана таңгактоонун ушул жободо белгиленген бирдиктүү тартиби кабыл алынат. ФКУда жайгашкан нак акча каражаттары, улуттук валютаны иргөө, иштеп чыгуу жана таңгактоо талаптарына ылайык, ФКУнун сактоо жайларында/сейф бөлмөлөрүндө сакталат.  

Кассирлер кассага кабыл алынган банкнотторду наркы боюнча иргөөгө, андан кийин жүгүртүүгө жарактуу, эскилиги жеткен жана кемчилиги бар деп бөлүүгө тийиш.  

Наркы боюнча иргөөдөн өткөн жарактуу жана эскилиги жеткен банкнотторду кассир өзүнчө топтойт жана таңгактайт.  

Иш күнүнүн аягында иргелбеген түрдө келип түшкөн нак акчалар номиналдары көрсөтүлүп, акча каражаттарынын тизмесин тиркөө менен өзүнчө баштыкта сакталууга тийиш. Акча каражатын таңгактаган кассир баштыкка пломба коюуга тийиш. Ошондой эле баштыкка күнү, пломбанын номери жана кассирдин реквизиттери көрсөтүлгөн ярлык бекитилет. Мында банктын ички ченемдик документтеринде кассир иш күнүнүн акырында келип түшкөн нак акчаны канча убакыттын ичинде иргөөгө милдеттүү экендиги белгиленген убакыттын лимити жазылууга тийиш.  

Бирдей нарктагы иргелген банкноттордун ар бир 100 барагы ак тилке оң жагына келгидей абалда, сериялары жана номерлери сыртында жазылган тескери оролгон корешокторго топтолот жана стандарттуу кайчылаш же туурасынан айлантылып бандеролго таңгакталат. Банкнотторду таңгактоо үчүн резина пайдаланууга катуу тыюу салынат. Эскилиги жеткен банкноттордун корешокторунун бандеролдорунда «Эскилиги жеткен» деген жазуу менен штамп коюлат.  

Банкнотторду таңгактоо үчүн стандарттуу бандеролдордо төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш: 

- банк мекемесинин аталышы; 

- банкнотторду кайра эсептеген, иргеген жана таңгактаган кассирдин аты-жөнү көрсөтүлгөн штамп (код). 

Улуттук банкка тапшыруу, ошондой эле банктар ортосунда активдерди алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн каралган нак акчанын ар бир 10 корешогунан (1 корешокто 100 барак) таңгак түзүлөт (бир эле номиналдагы 1000 барак бир таңгак), анын үстүнкү бетине банк мекемесинин логотибин коюу менен белгиленген үлгүдө картондон жасалган коштомо кагаз (накладка) чапталат жана кендир жип менен кайчылаш таңгакталат же полиэтилен вакуум баштыгына салынат. 

Акча каражаттарынын тизмеси көрсөтүлгөн операциялык кассага/жооптуу сактоого тапшыруу үчүн каралган таңгактардагы/корешоктордогу нак акчага ярлык тиркелип, таңгакталат. Анда пломбанын номери, алган күнү, кассирдин реквизиттери жана кол тамгасы көрсөтүлөт. Акча каражатын таңгактаган кассир баштыкка пломба коюуга тийиш. 

Жүгүртүүгө жарактуу монеталар номиналы боюнча иргелип, касса кызматкерлери тарабынан сыртында тигиши жок, бүтүн каптарга таңгакталат. Ар бир каптын оозу үзүлбөгөн, түйүлбөгөн кендир жип менен бекем байланат. Жиптин аягы түйүлүп, пломба жана ярлык коюлат. Кап тигүүчү машинкалар бар болгон учурда, каптар ярлык менен бирге талаптагыдай тигилет. Банкноттордун таңычактарынын үстүнкү бетиндеги кагазда жана монеталар салынган каптардын ярлыгында кандай ыкмада таңгакталганына карабастан, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) банктын аталышы менен штамп же коддун номери;  

2) банкноттордун/монеталардын номиналы;  

3) банкноттордун/монеталардын суммасы;  

4) банкноттордун/монеталардын саны;  

5) таңгакталган күнү;  

6) касса кызматкеринин аты-жөнү менен штампы же коду;  

7) касса кызматкеринин кол тамгасы;  

8) кемчилиги бар монеталар салынган каптын ярлыгындагы «кемчилиги бар» деген жазуусу менен жана эскилиги жеткен акчалардын таңычактарындагы коштомо кагаздагы «эскилиги жеткен» деген жазуусу менен штамп;  

9) чыгарылган номери.».