Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 03-апрелиндеги 

№ 2020-П-12\20-1-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө 

 

COVID-19 пандемиясынан улам түптөлгөн жагдайга байланыштуу өлкөнүн банк жана финансы системаларында туруктуулукту сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Коммерциялык банктар тарабынан Улуттук банкка ай сайын жана чейрек сайын берилүүчү отчеттордун төмөнкүдөй убактылуу мөөнөттөрү белгиленсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жободо каралган мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 1-18, 19, 29, 30, 31, 32, 33 жана 37-бөлүктөрү боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-күнүнөн кеч эмес; 

Мында ар күндүк жана ар жумалык отчетторду (26, 27, 28, 34, 35 жана 36-бөлүктөр) сунуштоо мөөнөтү өзгөрүүсүз калтырылды. 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жободо каралган мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет боюнча - отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнөн кеч эмес.  

 

2.  Төмөнкү отчетторду берүүнүн убактылуу мөөнөттөрү белгиленсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жободо каралган банктарды жоюучулар үчүн - отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кеч эмес; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жободо каралган убактылуу администраторлор үчүн - отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кеч эмес. 

 

3. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдары, ошондой эле башка юридикалык жактар үчүн төмөндөгү жоболордо каралган мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторду берүү мөөнөтү 2020-жылдын 10-майына чейин узартылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 токтому менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтому менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 57, «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 56, «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 55 жарлыктары менен өзгөчө абал киргизилген аймактардан тышкары иштеген алмашуу бюролору үчүн ар күндүк отчетторду берүү мөөнөттөрү өзгөрүүсүз калат жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык берилет. 

Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген жана ишти убактылуу токтотуу жөнүндө коменданттардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү чечимдери бар аймагында катталган алмашуу бюролору, киргизилген өзгөчө абал токтотулганга же ишти убактылуу токтотуу жөнүндө коменданттардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү чечимдери кабыл алынганга чейин порталда «иштебеген мезгилди» орнотуусу зарыл. 

 

4. Ушул токтомдун 1-3-пунктуларында көрсөтүлгөн Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын отчеттору Улуттук банкка электрондук форматта берилет.  

Кагаз бетине чыгарылган отчеттор Улуттук банкка өзгөчө абал режими токтотулгандан кийин берилет. Мында кагаз бетине чыгарылган отчеттор мурда электрондук форматта берилген отчеттор менен дал келүүгө тийиш. 

 

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.  

 

6. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Гарантиялык фонд» ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, Банктарды жоюу боюнча агенттикти, «Ак Банк» ААКтын жоюучусу К.Шаршекееваны, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов