Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 27-майындагы  

№ 2020-П-14\31-7-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын, «KG (КЕЙ ЖИ) төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 27 майындагы 

№ 2020-П-14/31-7-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС)  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 6-пункту төмөнкү мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«Агенттин мобилдик тиркемеси  бул, бир эле учурда товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу болуп саналган төлөм уюмунун агенти тарабынан сунушталган инструмент (программалык камсыздоо), пайдалануучулар аны мобилдик түзүлүштөр/тиркемелер аркылуу колдонот жана анын жардамы аркылуу төлөм уюму аталган товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдалануучусуна (кардарына)/ абонентине анын өздүк эсебине буга чейин салынган аванс акча каражаттары/алдын ала төлөм каражаттары же алардын бөлүгүнүн эсебинен кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча же агенти аркылуу сунуштайт. 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү жана башка операцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүү үчүн агенттин мобилдик тиркемесин колдонгон, бир эле учурда төлөм уюмунун кардары жана төлөм уюмунун агенти катары иш алып барган товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун абоненти болуп саналган жеке адам, юридикалык жак же жеке ишкер.»; 

- 45-пунктунда: 

«аванстарды/алдын ала төлөмдөрдү» деген сөздөр «аванс акча каражаттарын/ алдын ала төлөм каражаттарын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«жана төлөм системаларынын операторлорунун» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 46-пунктунда: 

«аванстарды/алдын ала төлөмдөрдү» деген сөздөр «аванс акча каражаттарын/ алдын ала төлөм каражаттарын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«жана төлөм системаларынын операторлорунун» деген сөздөр алынып салынсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 51-1-пункт менен толукталсын: 

«51-1. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдарды идентификациялоо жана верификациялоо Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) төлөм уюму жана/же агент тарабынан же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде банк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн (өнөктөш банк). 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде банк тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн (өнөктөш банк). 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо өнөктөш банк (ыйгарым укуктуу үчүнчү жак) тарабынан жүргүзүлгөн учурларда, төлөм уюму банктан кардар/пайдалануучу жана анын бенефициардык ээси жөнүндө керектүү маалыматтарды, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн алууга тийиш.»; 

- 52 жана 53-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«52. Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өткөн агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдарга карата төлөм уюму лимиттерди жана чектөөлөрдү аталган Тартипте каралган чектөөлөрдү жана лимиттердин чектүү өлчөмдөрүн эске алуу менен өз алдынча белгилөөгө тийиш. 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеги төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда, төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык кардарга тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен белгиленүүгө тийиш. 

53. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулары үчүн агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат. 

Агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу операциялар боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төлөм уюму Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга ушул пунктта белгиленген лимиттердин чектүү өлчөмдөрүн эске алуу менен лимиттерди өз алдынча белгилөөгө тийиш. 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеги төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда, төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык кардарга тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен белгиленүүгө тийиш. 

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга төмөнкүдөй лимиттердин чектүү өлчөмдөрү белгиленет: 

- пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө бир жолку төлөм (операция) жүргүзүүгө лимит; 

- пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 2 000 (эки миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө транзакциялардын ар айлык көлөмүнө лимит.»; 

- Жобонун «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби» деп аталган 2-тиркемесинин: 

Тартиптин аталышындагы «жана төлөм системаларынын операторлорунун» деген сөздөр алынып салынсын; 

Тартиптин 1, 2, 3 жана 4-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин; 

«1. Бул Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби (мындан ары Тартип) кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик тиркемелер аркылуу сунушташкан төлөм уюмдарынын агенттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар болуп саналган төлөм уюмдарынын кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо максатында иштелип чыккан. 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипте көрсөтүлгөн эрежелер жана жол-жоболор боюнча төлөм уюму жана/же төлөм уюмунун агенти тарабынан, же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде банк тарабынанан жүзөгө ашырылат (өнөктөш банк). 

Төлөм уюму кызмат көрсөтүү учурунда өз алдынча же агент аркылуу агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу кардардын маалыматтарын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаӊыртат. 

2. Төлөм уюмдары/агенттер агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоону, ошондой эле ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде сунушталган жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу кардарды верификациялоо жол-жобосу жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

3. Төлөм уюмдары жана/же төлөм уюмдарынын агенттери жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде пайдалануучунун актуалдуу идентификациялоо маалыматтарынын (аты-жөнү, ИНН/ПИН ж.б.) болушун жана бул маалыматтын 5 (беш) жыл бою сакталышын камсыз кылууга жана маалыматты төлөм уюмунун жана/же Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө тийиш. 

4. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн пайдалануучулардан тышкары, ушул Тартипке ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу жеке адамдарга карата төмөнкү чектөөлөр жана лимиттердин чектүү өлчөмдөрү белгиленет: 

- пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө бир жолку төлөм (операция) жүргүзүүгө лимит; 

- агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу үчүн пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/ алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 600 (алты жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө транзакциялардын ар айлык көлөмүнө лимит; 

- ушул Тартипке карата 2-тиркемеге ылайык агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон тобокелдиги төмөн операцияларды гана жүргүзүү.»; 

Тартиптин 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Тартиптин 6-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Тартиптин 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин; 

«10. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуну/кардарды идентификациялоо жана верификациялоо тартиби кайсы болбосун төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу жүргүзүлөт: 

1) кардар агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кызматтарды сунуштаган төлөм уюмунун жана/же төлөм уюмунун агентинин кызматкерлерине жана/же ыйгарым укуктуу адамдарына ушул Тартиптин 6-главасына ылайык өзүнүн катышуусу аркылуу кайрылганда; 

2) кардар төлөм уюмуна жана/же төлөм уюмунун агентине ушул Тартиптин  

7-главасына ылайык аралыктан (обочо туруп) тейлөө алкагында кайрылганда; 

3) агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардары өнөктөш банкка, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү, анын ичинде аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо режиминде кайрылганда. Бул учурда кардарларга карата ушул Жобонун 53-пунктунда белгиленген лимиттердин чектүү өлчөмдөрүнө ылайык лимиттер белгиленет; 

4) банк мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу мурда жүргүзүлбөсө, Кыргыз Республикасында сунушталуучу электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу сыяктуу жол-жоболорду сактоо менен техникалык каражаттар аркылуу маалыматтарды топтоодо жана жалпылоодо.»; 

Тартип төмөнкү мазмундагы 6 жана 7-главалар менен толукталсын: 

«6-глава. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдын өзүн катыштыруу менен идентификациялоо жана верификациялоо 

15. Төлөм уюму жана/же агент агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдын өзүн катыштыруу менен идентификациялоо максатында, ушул Тартипке карата 1-тиркемеде белгиленген «Өз кардарыңды бил» принцибине ылайык пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын топтоого, толтурулган анкетасын камсыз кылууга тийиш. 

16. Ушул главага ылайык агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо тартиби агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдарга гана караштуу жана алардын өзүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат. 

17. Төлөм уюму жана/же агент ишенимдүү булактардан алынган (жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде) маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде сунушталган жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын верификациялоого тийиш. 

18. Төлөм уюму жана/же агент агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо процессинде, пайдалануучунун санкциялык тизмелерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар катталган адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде жоктугун же бар экендигин текшерет. 

7-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу жеке адамды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо 

19. Төлөм уюмдары өз алдынча же өзүнүн агенттери аркылуу агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу жеке адамдарды аралыктан туруп идентификациялоону жана верификациялоону ушул Тартиптин шарттарына жана талаптарына ылайык аралыктан тейлөө жана программалык чечимдерди колдонуу аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуну аралыктан туруп идентификациялоо учурунда верификациялоо жол-жобосу пайдалануучунун өзүн катыштыруусуз өткөрүлөт. 

Аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо буга чейин пайдалануучунун өзүнүн катышуусу менен же аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өткөрүлгөн пайдалануучуларды аталган жол-жоболордон кайталоо түрүндө өткөрүү максатында кошумча колдонулушу мүмкүн. 

20. Ушул Тартиптин талаптарына ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кардарлар жеке адамдарга гана өткөрүлөт. 

21. Төлөм уюмдары/агенттер агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо үчүн ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун сакталышын камсыз кылган өзүнүн программалык чечимдерин же үчүнчү жактар тарабынан сунушталган программалык чечимдерди пайдаланууга укуктуу. 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык чечим жок дегенде, сүрөттөрдү (видеожазууларды) жана видео байланыш сеансын өткөрүп берүү каналына өтмө шифр коюуну, ошондой эле аларды сунуштоо процессинде маалыматтарды алмаштырып коюудан, бөтөн адамдардын кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш. 

Төлөм уюмдары/агенттер үчүнчү тараптардын идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосуна жана жыйынтыктарына авторизацияланбаган түрдө кирүүсүнөн коргоону камсыз кылган маалымат системаларын пайдаланууга, жана агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун атынан санкциясыз пайдаланууга жол бербөө чараларын көрүүгө тийиш. 

22. Агентттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн төлөм уюмдары/агенттер төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- кардардын/пайдалануучунун жеке катышуусуз идентификациялоо каралган, жаңы технологияларды (программалык чечимдерди) колдонууга байланыштуу жол-жоболорду чагылдырууну кошо алганда, ички контролдоонун шайкеш системасын, тобокелдиктерди тескөө, анын ичинде операциялык тобокелдикти, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин, комплаенс-тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтердин болушун камсыз кылуу; 

- кардарларды/пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо үчүн жооптуу болгон персоналды, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин текшерүү, мониторинг жана тескөө процессин контролдоого, жогоруда аталган жол-жоболорду жана ушул Тартипти талаптагыдай колдонууга окутуу; 

- ушул Тартиптин талаптарына дал келген маалымат системаларын, программалык камсыздоону пайдалануу; 

- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өтүү шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты (өзүнүн расмий интернет-сайтында, ошондой эле агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу колдонулуп жаткан программалык камсыздоо менен) ачып көрсөтүү

- кардар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен верификациялоо; 

- ушул Тартипте каралган лимиттерге жана чектөөлөргө ылайык аралыктан идентификацияланган, агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучулар боюнча террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин чектөө чараларын көрүү

- кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жыйынтыктарынын, пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлгөн так күндүн, ошондой эле туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жол-жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган башка жол-жоболордун белгиленишин жана сакталышын камсыз кылуу; 

- аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлардын өзүнчө реестрин жүргүзүү

- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору башталганга чейин террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана документтештирүү. Төлөм уюмдары ушул Тартиптеги талаптарга таянуу менен тобокелдиктерди чектөөнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө укуктуу. 

23. Төлөм уюмдары/агенттер аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунун натыйжасында алынган, кардарлар тууралуу купуя маалыматтардын сакталышы боюнча талаптагыдай контролдоону ички контролдоо процесстерин өркүндөтүү, өзүнүн маалымат ресурстарынын маалыматтык коопсуздугу боюнча механизмдерди жана талаптарды жакшыртуу аркылуу камсыз кылуулары тийиш. 

24. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо максатында, төлөм уюму/агент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, «Кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын чогултуулары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жеке ишкерлер тууралуу маалыматтарды эске албаганда, кардардын-жеке адамдын аталган Жобого ылайык форма боюнча толтурулган анкетасынын болушун камсыз кылуулары тийиш. 

Анкета алынган маалыматтарды колдонуу менен автоматтык режимде түзүлүшү же кардар тарабынан өз алдынча толтурулушу мүмкүн. 

Анкета аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белги коюлуп, электрондлук формада сакталат (идентификациялоонун так ыкмасын көсөтүү менен). 

25. Агенттин мобилдик тикремесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо Тартиптин ушул главасынын 1 жана 2-параграфтарында каралган тартип жана жол-жоболор боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. 

§ 1. Сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

26. Агенттин мобилдик тикремесин пайдалануучунун аралыктан алуу ыкмасында алынган идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видеожазуусун), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документинин жанында турган сүрөтүн (видеожазуусун) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш. 

Кардардын сүрөтүндө анын бети менен далысы так көрүнүп, ал жеткиликтүү деңгээлде жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт, сүрөттө үчүнү жактардын болушуна да жол берилбейт. 

27. Кардардын инсандыгын тастыктаган документиндеги маалыматтардын аныктыгы документтеги маалыматтарды (реквизиттерди) Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан талап кылуу же текшерүүгө жөнөтүү аркылуу текшерилет. 

Төлөм уюмдары/агенттер кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик каттоо системалары жана жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын маалымдоолору жана анын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу үчүн кардардын макулдугун алуулары (кат формасында кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында), ошондой эле аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү

28. Төлөм уюмдары/агенттер ушул параграфка ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын кардар тууралуу маалыматтарды, анын сүрөттөрүн (видеожазуудагы сүрөттөрүн) жана агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук каналдар боюнча сунушталган кардардын инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар жана сүрөт менен салыштыруу аркылуу верификациялайт. 

Маалыматтар жана сүрөттөр автоматтык режимде салыштырылышы мүмкүн. 

29. Төлөм уюму ушул Тартиптин 30-пунктунун талаптарын эске алуу менен сунушталган сүрөттөрдү (видеожазуудагы сүрөттөрдү) талаптагыдай салыштыруу үчүн жетиштүү болгон колдонулуучу фото- жана видео жазуулардын сапатына карата минималдуу талаптарды белгилөөгө тийиш. 

30. Фото-, видео-/аудио жазуулар сапаттуу болууга, сапатын жоготуусуз сакталууга, ошондой эле бөтөн адамдардын маалыматтарды пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болбоого тийиш. Фото-, видео-/аудио жазуулар 5 (беш) жыл сакталышы керек. 

Фото жана видео жазуулар файлыда жазуу жүргүзүлгөн убакыт жана күнү тууралуу маалыматты, кардардын аты-жөнүн, ошондой эле башка метамаалыматтарды камтууга тийиш. Программалык камсыздоодо акырында видеого киргизилүүчү кайсы болбосун өзгөртүүлөр белгилениши зарыл. 

31. Эгерде кардар тууралуу алынган маалыматтар, ошондой эле анын сүрөттөрү (видеожазуулары) кардарды талапка ылайык идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн берсе, кардарды сүрөттөрдү салыштырма жолу менен аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон ийгиликтүү өттү деп эсептөөгө болот жана бул тууралуу кардарга милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл. 

32. Кардар тууралуу алынган маалыматтар ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кардардын анкетасында чагылдырылып, сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат. 

§ 2. Видеобайланыш сеансы аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

33. Ушул параграфка ылайык агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо кардар тууралуу идентификацияланган маалыматтарды чогултуу жана аларды верификациялоо максатында төлөм уюмунун же агенттин ыйгарым укуктуу кызматкери видеобайланыш сеансы аркылуу кардар менен интервью өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. 

34. Интервью жүргүзүү үчүн төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык иштелип чыккан суроолор колдонулат. Суроолор пайдалануучунун анкетасына киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу же текшерүү үчүн колдонулат, мында төлөм уюму жана/же агент кардар тууралуу маалыматтарды верификациялоого тийиш. 

35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документтин жанында турган сүрөтү өзүнчө кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видеожазуу менен чогуу сакталат. 

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

36. Кардардын инсандыгын тастыктаган документтин аныктыгы документтеги маалыматтарды (реквизиттерди) тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан талап кылуу же текшерүүгө жөнөтүү аркылуу текшерилет. 

Төлөм уюмдары/агенттер кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик каттоо системалары же жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын маалымдоолору жана анын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу үчүн кардардын макулдугун алуулары (кат формасында кагаз жүзүндө зже электрондук кол атмга коюлган электрондук документ формасында), ошондой эле аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү

37. Эгерде видеосүрөттөрдүн же үндүн сапатынан улам талаптагыдай идентификациялоого мүмкүн болбосо жана тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугу байкалса же кардардын инсандыгын тастыктаган документке карата кандайдыр бир шектенүүлөр жаралса, төлөм уюму/агент тоскоолдуктарды четтетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө же себебин көрсөтүү менен видеобайланыш сеансын токтотууга тийиш. 

38. Видеобайланыш сеансы аркылуу аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону төмөнкү талаптар аткарылган шартта жүргүзүүгө болот: 

- видеобайланыш сеансы айкын убакыт режиминде үзгүлтүксүз аткарылууга тийиш. Видео- жана аудиоагымдар синхрондоштурулуусу зарыл. Сүрөттөр түстүү болууга тийиш, видеобайланыш ушул Тартиптин 30-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши зарыл; 

- сеанстын жүрүшүндө кардардын бети менен далысы так көрүнүп, ал жеткиликтүү деңгээлде жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт; 

- төлөм уюмунун/агенттин кызматкери кардарга төлөм уюмунун/агенттин жана ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген сапаттагы сүрөттү кантип камсыз кылса боло тургандыгы тууралуу көрсөтмө бере алат; 

- ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, идентификациялоо процессине үчүнчү жактардын катышуусуна жол берилбейт. 

39. Төлөм уюмдары/агенттер ушул параграфка ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын верификациялоону кардар менен интервью жүргүзүү аркылуу, кардар тарабынан сунушталган маалыматтарды жана сүрөттөрдү агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук байланыш каналдары боюнча инсандыгын тастыктаган документиндеги маалыматтар жана сүрөт менен салыштыруу аркылуу жүргүзүшөт. 

40. Эгерде кардар тууралуу маалыматтардан, ошондой эле анын сүрөттөрүнөн жана видеобайланыш сеансынан улам кардарды талаптагыдай идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүн болсо, кардар видеобайланыш сеансын өткөрүү аркылуу аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон ийгиликтүү өттү деп эсептөөгө болот жана бул тууралуу ага милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл. 

41. Кардар тууралуу алынган маалыматтар ушул Тартиптин 24-пунктунун талаптарына ылайык кардардын анкетасында чагылдырылып, видеобайланыш сеансын өткөрүү аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат. 

§ 3. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону ийгиликсиз катары таануу 

42. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипке ылайык төмөнкү учурларда ийгиликсиз деп таанылат: 

- кардар тарабынан берилген маалыматты текшерүүгө мүмкүн эмес болсо же текшерүүнүн жыйынтыктары терс болуп чыкса; 

- кардар кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу шарттарына өз макулдугун тастыктоодон, жеке маалыматтарын берүүдөн жана башка шарттардан баш тартса; 

- эгерде фото- жана/же видео-/аудио жазуулардын сапаты ушул Тартиптин талаптарына жана төлөм уюмунун ички контролдоо эрежелерине дал келбесе; 

- зарыл документтер берилбесе; 

- төлөм уюмунун/агенттин ички ченемдик документтерде белгиленген талаптары жана көрсөтмөлөрү сакталбаса; 

- эгерде ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, кардар видео байланыш аркылуу идентификациялоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө үчүнчү жактын жардамын пайдаланса; 

- эгерде кардар өз эрки боюнча эмес жана/же башка адамдарын кысымы астында иш алып баргандыгы тууралуу шек жаралса. 

43. Агенттин мобилдик тиркемесинин кардарларын-пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоодо жана верификациялоодо агент тарабынан ушул Тартиптин талаптарынын сактылышы үчүн төлөм уюму жоопкерчиликтүү болуп саналат.»; 

- «Төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелерин жана/же электрондук капчыктарды пайдалануучулар жөнүндө милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтардын тизмеги» деп аталган Тартиптин 1-тиркемесинде: 

«ушул Жобого» деген сөз «Тартиптин 6-главасына» дегенге алмаштырылсын; 

«паспортунун» деген сөз «жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар алынып салынсын.