Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-июнундагы №2020-П-14/38-6-(ПС) токтому  

 

 

 

СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына  

байланыштуу төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна  

инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө алдын ала текшерүүлөрдү  

жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө  

 

 

Төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө жеринде барып алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери арасында СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү жана жугузуу тобокелдигин азайтууга багытталган чараларды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) 21-пунктун аткаруу, анын ичинде төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча маселелерди кароонун алкагында жеринде барып текшерүүгө байланышкан аталган Жобонун 19-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келишине алдын-ала текшерүү жүргүзүү бөлүгү убактылуу токтотулсун. 

2. 2020-жылдын 1-июлунан тартып, төлөм системасында күтүүсүз чара көрүүнү талап кылган учурлардан тышкары, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү убактылуу токтотулсун.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.  

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын, төлөм системаларынын операторлорун жана «KG (КЕЙ ДЖИ) төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов