Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 8-июлундагы  

2020-П-12\39-2-(НПА)  

токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «БАКАЙ БАНК» ААКты, «Айыл Банк» ААКты, «РСК Банк» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 8-июлундагы  

2020-П-12\39-2-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

токтомдун аталышы, преамбуласы жана 1-пункту «ачык валюта позициясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициясынын» деген сөздөр менен толукталсын;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» нускоонун: 

аталышы «ачык валюта позициясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициясынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) чет өлкө валютасындагы операцияларды жүзөгө ашыруу жана баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алышкан ислам банктарынын жана «ислам терезесине» ээ банктардын (мындан ары банктар) ачык позициясын эсептөө тартибин аныктоо, ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позицияларынын (мындан ары ачык позиция) лимиттеринин сакталышын контролдоо ушул Нускоонун максаты болуп саналат. Улуттук банктын максаттарын ишке ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн, Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул Нускоодо белгиленген ачык позиция лимиттеринин маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн.»;  

- 1.3-пунктунун «валюта тобокелдигин» деген сөздөрдөн кийин «жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.4. Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат:  

Валюта тобокелдиги банк ошол валюта боюнча ачык валюта позициясына ээ болуп турган шартта, валюта курсу алгылыксыз өзгөргөн учурда, банктын чет өлкө валютасында туюндурулган талаптарынын (активдеринин)/милдеттенмелеринин наркы өзгөрүүсүнүн натыйжасында анын чыгымга учурап калуу тобокелдиги. Валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда валюталык позиция пайда болот жана ал банктын валюта тобокелдигине дуушарлануу даражасынын көрсөткүчү болуп саналат. 

Валюта операциялары бул чет өлкө валютасын сатып алууга/сатууга (конвертациялоо), алмаштырууга байланыштуу бүтүмдөр, ошондой эле алардын натыйжасында чет өлкө валютасында туюндурулган талаптардын (активдердин) же болбосо милдеттенмелердин көлөмү өзгөргөн башка операциялар. 

Таза позиция нумизматикалык (коллекциялык) монеталарды кошпогондо, банктын өзүнчө чет өлкө валютасында жана ар бир баалуу металл түрү боюнча (алтын, күмүш) өзүнчө баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптары (активдери) менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма. 

Ачык позиция бул, банктын чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө талаптарынын (активдеринин) жана банктын ошол эле чет өлкө валютасында/баалуу металлдын ошол эле түрүндө милдеттенмелеринин дал келбей калышы, ал эми барабар болгон учурда, позиция жабык болуп саналат. 

Ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык позиция өзүнчө эсептелет.  

Банктын ачык позициясы (банктын тиешелүү валютадагы/тиешелүү баалуу металл түрүндөгү талаптары (активдери) анын ошол эле валютадагы/баалуу металлдын ошол эле түрүндө милдеттенмелеринен ашкан болсо) узун же (милдеттенмелер талаптардан (активдерден) ашкан учурда) кыска болушу мүмкүн. Узун позициясы «+» белгиси, ал эми кыска позициясы «-» белгиси менен чагылдырылат. 

Суммардык позиция бул, ушул Нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасын пайдалануу менен эсептелген, банктын бардык чет өлкө валюталары же баалуу металл түрлөрү боюнча бардык таза позицияларынын суммасы.  

Ачык позиция лимиттери бул, банктын таза суммардык капиталына карата ачык позицияларынын пайыздык катышында туюндурулган, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөр (ар бир чет өлкө валютасы/баалуу металлдын ар бир түрү боюнча жана суммардык). Ачык позиция лимиттери үтүрдөн кийин эки ондук белгиге чейин тегеректөө аркылуу пайыздарда эсептелинет.  

Банктын таза суммардык капиталы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептелинет.  

Ушул Нускоонун максаттарында ачык позициялардын лимиттерин эсептөөдө ар бир айдын бирине карата банктын таза суммардык капиталынын мааниси пайдаланылат. 

Бүтүмгө келишүү күнү - бул, бүтүмдүн негизги шарттары боюнча (валюталардын түрлөрү, алмашуу курсу, каражаттардын суммасы, валюталоо күнү, баалуу металлдын түрү, салмагы ж.б.) тараптардын макулдашууга келишкен күнү.  

Валюталоо күнү бул, бүтүмдүн катышуучуларынын эсебине каражаттар которулган күн.»; 

- II бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«II. Ачык позицияларды эсептөө тартиби»; 

- 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:  

«- баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча таза позицияларды; 

- баалуу металл түрүндөгү суммардык позицияны.»; 

- 2.2 жана 2.3-пунктулары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Таза позициялар ар бир чет өлкө валютасы жана баалуу металл түрү боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары өзүнчө эсептелинет:  

- банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө таза спот-позиция. Бул өлчөм валюталоо күнү менен 2 күнгө чейинки бүткөрүлбөгөн «спот» контракттарды кошо алганда, баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелинет. Эсептөө активдердин жана милдеттенмелердин таза баланстык наркы боюнча жүргүзүлөт;  

ошол эле валютада/баалуу металлдын ошол эле түрүндө камсыз кылынган гарантияларды, аккредитивдерди жана ошол сыяктуу финансылык инструменттерди эске албаганда, банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө номинацияланган кайтарылып алынгыс гарантиялар, аккредитивдер жана ошол сыяктуу финансылык инструменттер. Ушул нускоонун максаттарында финансылык инструменттер дегенден улам, банктын векселдик тапшырмаларын (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган башка милдеттенмелерин түшүнүү зарыл. Финансылык инструменттерге кредиттик линиялар кирбейт. 

Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер жана ошол сыяктуу финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) милдеттенме боюнча акчалай сумманы төлөө талабын койгон же банк көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча төлөө талабынын коюлушу ыктымалдуулугу документ түрүндө тастыкталган маалыматтарды алган учурдан тартып, таза позицияны эсептөөгө кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы (аткарууну кечиктирип жаткандыгы) жөнүндөгү каты, таза позицияны эсептөөгө гарантияларды кошуу үчүн негиз болуп саналат;  

ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/тартылган жана өзүндө валюта тобокелдигин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди алып жүргөн чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү башка баланстык жана баланстан тышкаркы активдер/милдеттенмелер.  

2.3. Валюта операциялары жана баалуу металлдар менен операциялар, мудараба жана шарика/мушарака контракттарында негизделген операцияларды эске албаганда, бүтүмдөргө келишүү күнү таза позицияны эсептөөдө кошулат (анын ичинде бүтүмгө келишкен күн болуп саналбаган, келечектеги валюталоо күнүн камтыган операциялар). 

Мудараба жана шарика/мушарака келишимдерине негизделген чет өлкө валютасындагы бүтүмдөр, банк тарабынан чет өлкө валютасындагы суммалар алынган/берилген күнү таза позицияны эсептөөгө кошулат. Ушул бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган пайда же чыгым, алар айкын келип чыккан учурда таза позицияны эсептөөгө кошулат.»; 

- 2.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Баалуу металл түрүндөгү таза позицияларды эсептөөдө:  

- нак эмес формада баалуу металлдар сандык мааниде Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан белгиленген кечки фиксинг боюнча эсепке алуу күнүнөн мурдагы күнү Улуттук банктын отчеттук күнгө карата кросс-курс аркылуу белгиленген АКШ долларынын сомго карата расмий курсу менен эсептелинет;  

- айкын формадагы баалуу металлдар сандык мааниде банктын эсепке алуу саясатында белгиленген эсептик курс боюнча эсептелинет.»; 

- 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Суммардык позиция «short hand» ыкмасын колдонуу менен эсептелинет, башкача айтканда, ар бир валюта/баалуу металлдын ар бир түрү боюнча бардык узун таза позицияларды жана кыска таза позицияларды өз-өзүнчө суммасын чыгаруу аркылуу эсептелинет. Андан кийин алынган өлчөмдөр (абсолюттук өлчөмдө) өз ара салыштырылып, эки өлчөмдүн ичинен көбүрөөгү суммардык позициянын лимитин эсептөөдө пайдаланылат.»;  

- III бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«III. Ачык позициянын лимиттери»; 

- III бөлүк төмөнкү мазмундагы 3.1.3-пунктча менен толукталсын: 

«3.1.3. Баалуу металлдар менен жүргүзүлгөн сатуу-сатып алуу операцияларын жөнгө салуу максатында, Улуттук банк банктар үчүн баалуу металл түрүндөгү суммардык ачык позиция лимитин белгилейт: 

а) операциялык күндүн акырына карата баалуу металлдын ар бир түрү боюнча ачык узун/кыска позициялардын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15 пайызынан ашпоого тийиш;  

б) операциялык күндүн акырына карата баалуу металлдар түрүндө суммардык позициянын чогуу алгандагы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

- 3.2 жана 3.3-пунктуларындагы «валюта позицияларынын» деген сөздөр «позициялардын» деп берилсин; 

- 3.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.4. Ачык позициялардын өлчөмү операциялык күн ичинде валюта тобокелдигинин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктердин жол берилген деңгээлине жеке баа берүүгө жараша, банк тарабынан өз алдынча контролдонот. Мында банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдикти тескөө боюнча ички саясатына ылайык, тобокелдиктердин өлчөмүн күн ичинде кармап турууга тийиш.»; 

- 3.5-пунктундагы «валюта позицияларынын» деген сөздөр «позициялардын» деп берилсин; 

- 3.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6. Эгерде банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс же нөлгө барабар болсо, анда банк ар бир валюта/ металлдын ар бир түрү боюнча таза позицияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) келтирүүгө тийиш.»;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 3.7-пункт менен толукталсын: 

«3.7. Банкта жооптуу сактоодо жана күрөө катары турган баалуу металлдар банктын милдеттенмелери болуп саналбайт жана баалуу металлдар түрүндөгү ачык позицияны эсептөөгө кошулбайт.»; 

- 4.1-пунктундагы: 

«валюталык» деген сөз алынып салынсын; 

«1- жана 2-» деген сөздөрдөн кийин «, 3- жана 4-» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. Банк бардык филиалдары, туунду банктар жана алмашуу пункттары боюнча маалыматтарды эске алуу менен, ачык позициялар боюнча төмөнкү отчетторду берүүгө тийиш: 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча ачык валюта позициялары жөнүндө абал боюнча күндөлүк отчет (1-тиркеме); 

- абал боюнча ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу жыйынтыкталган күндөлүк отчет (2-тиркеме); 

ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялар жөнүндө абал боюнча күндөлүк отчет (3-тиркеме); 

- абал боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялары тууралуу жыйынтыкталган күндөлүк отчет (4-тиркеме).»; 

- V бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«V. Банктар тарабынан ачык позициянын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилгендиги үчүн таасир этүү чаралары»; 

- 5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. Банк тарабынан ачык позициянын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилген учурда, Улуттук банк бузууга жол берилген суммадан 5% өлчөмүндө, бирок банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү ченеминен 10% ашпаган чекте айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот.»; 

- 5.2-пунктундагы: 

«санкцияларды» деген сөз алынып салынсын; 

«башка» деген сөздөн кийин «таасир этүү чараларын,» деген сөздөр менен толукталсын; 

«нормативдик» деген сөз «ченемдик укуктук» деп берилсин; 

«айыптык санкциялардын» деген сөздөр «айыптык төлөмдүн» деп берилсин; 

- 5.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3. Банктын кандай болбосун жол менен отчеттордо реалдуу позицияларды чагылдыруудан качуусу, Улуттук банк тарабынан: 

- Улуттук банкты жаңылыштыкка алып келүүгө аракеттенүү

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба; 

- реалдуу өлчөмүн бурмалоо максатында, таза позицияны жаап жашыруу, б.а. алардын келип чыгышын жана жүргүзүлүшүн так идентификациялоого мүмкүн болбогон жана/же бул операциялар банктын финансылык отчетуна жана анын экономикалык ченемдерине таасирин тийгизген шектүү операцияларды ишке ашыруу катары каралат

- банк тарабынан туура эмес финансылык жана регулятивдик отчеттун берилиши. Мындай операциялар ачык позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт.»; 

- 5.5-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык позиция лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө таасир этүү чаралары банкка карата колдонулбайт.»;  

- 5.6 жана 5.7-пунктуларындагы: 

«акчалай» деген сөздөр алынып салынсын; 

«валюта позицияларынын» деген сөздөр «позициялардын» деп берилсин; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 6.3-пункту менен толукталсын: 

«6.3. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдоо «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жободо белгиленген ченемдерге ылайык уюштурулат.»;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-тиркеме менен толукталсын: 

 

«3-тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялар жөнүндө 20__-ж. ______ карата абал боюнча  

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

_____-жылдын 1- _____ карата абал боюнча таза  

суммардык капитал: _______________ миң сом 

  

Баалуу металл түрү  

Эсептик курс 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %) 

Лимиттин нормадан четтөөсү (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар  

  

  

  

баланс 

баланстан тышкары 

  

  

сатуу 

сатып алуу  

 Алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

Күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар: 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

 

4-тиркеме 

20__-ж. ______ карата абал боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялары тууралуу жыйынтыкталган 

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

_____-жылдын 1- _____ карата абал боюнча таза суммардык капитал: _______________ миң сом 

  

Баалуу металл түрү  

Эсептик курс 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %) 

Лимиттин нормадан четтөөсү (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар  

  

  

  

баланс 

баланстан тышкары 

  

  

сатуу 

сатып алуу  

 Алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

Күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар: 

  

  

  

  

  

  

  

  

».