Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 8-июлундагы  

2020-П-33\39-3-(НФКУ)  

токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 8-июлундагы 

2020-П-33\39-3-(НФКУ) 

токтомуна тиркеме 

 

 

До 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча  

өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 24-пунктунун: 

экинчи пунктчасы «...отуз» деген сөздөн кийин «календардык» деген сөз менен толукталсын;  

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 24-1 пункту менен толукталсын: 

«24-1. Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө, МФУ аталган кардарларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо укугун сунуштайт: 

- кредиттик каражаттарды накталай алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу;  

- тейлөө шарттары коммерциялык банк менен жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар ортосундагы тиешелүү келишимде аныкталган жана кардардын коммерциялык банкта ачылган, эсептешүүүндөлүк) эсебине/банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу. 

Мында жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарлар комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредитти нак түрдө да, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу. 

МФУ экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө, жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга акча каражаттарын алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет.»; 

 

- 34-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи жана он экинчи пунктчалар менен толукталсын: 

«11) МФУнун карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты берүү милдети (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалымат); 

12) эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.»; 

 

- 36-пунктунда: 

экинчи абзацындагы «зарылчылыгына жараша» деген сөздөр алып салынсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«МФУ ал үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүү төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга; 

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

МФУ тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Кардар кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, МФУнун андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет. 

Эскертүү: МФУ тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле карыз алуучу үчүн мүлктүк пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер МФУнун карыз алуучунун алдындагы милдеттенмелери болуп саналбайт. Демек, МФУ тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү аларды жүргүзүүсүз кредиттик келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 39-1-пункту менен толукталсын: 

«39-1. МФУ кредиттик келишимде карыз алуучунун финансылык отчетту жана/же кредитти максатка ылайык пайдалангандыгын тастыктоочу башка финансылык документтерди мезгил-мезгили менен берип туруусун белгилеши мүмкүн. 

Эскертүү: Карыз алуучу кредитти максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, МФУ кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында МФУнун ички документтеринде карыз алуучунун жоопкерчилигине тиешелүү чаралар, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендерди көбөйтүү өлчөмдөрү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген чектеги өлчөмдөн ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишиминин шарттарын өзгөртүү үчүн ченем кредиттик келишимде каралышы керек, кредит алууда кредит алуучу кредиттик келишим менен таанышат.»; 

 

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Кредит боюнча камсыздоо катары кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөөгө коюлган мүлк эсептелген учурда, тараптардын колу коюлган жана кардар күрөөлүк мүлктүн наркынан дооматтарды канааттандырууга артыкчылык укугун алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунда МФУнун укугун тастыктаган күрөө жөнүндө келишим таризделет.  

МФУнун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:  

- МФУ карыз алуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигине ынануусу зарыл. Мүлккө менчик укугу жөнүндө документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укугу) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүү мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда МФУ карыз алуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу, анын малы бар экенине ынанат. Кардар кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл; 

- МФУ камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда тез сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; 

- МФУ өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат; 

- МФУ карыз алуучу сунуштаган мүлккө карата баа туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда МФУ камсыздоо наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш; 

- МФУ мүлктү эң аз дегенде карыз алуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу мөөнөтүнө камсыздоо катары пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынууга тийиш, бул кошумча чыгашаларга алып келет.»; 

 

- 1-тиркеменин II бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«II. Күрөө боюнча документтер 

14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (кардарга тилди тандоо укугун берүү менен). 

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөсү (эгер болсо). 

16. Күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш. 

17. Күрөө келишими каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсү (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болсо). 

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөө коюу жөнүндө чечими. Кол коюуга укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

19. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгер болсо) кепилдик берүүгө макулдугу. 

20. Күрөө баалангандыгын тастыктаган, төмөнкү маалыматты камтыган документтер: 

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылдыгына жараша белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен); 

- бааланган күнү

- ким тарабынан бааланды; 

- баалоо ыкмасы; 

- күрөө бааланган күн; 

- баалоо ыкмасы; 

- күрөө түрү

- күрөөнүн жайгашкан жери; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен изилдеп туруу графиги. 

21. МФУнун каалоосу боюнча башка маалыматтар.»; 

 

- 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган 

микрофинансылык уюмдарда кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу 

талаптар жөнүндө» жобого 

3-тиркеме 

 

МФУ кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги 

 

МФУ кардарынын укуктары 

МФУ кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттин суммасы 

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) 

Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар МФУ бекиткен тарифтерге ылайык кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Келишимде МФУнун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган учурда, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм 

Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, МФУнун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын нак акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө акысы, коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине нак эмес түрдө которууга байланыштуу МФУнун чыгашалары) 

МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

МФУнун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн 

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айыптык төлөм, туум) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөм, туум) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтому өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана башка МФУ тарабынан каралууга тийиш болгон объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо) 

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт  

 Башка чыгашалар  

  

_________ 

_________ 

_________ 

  

__________ 

_________ 

_________ 

(МФУнун кредит боюнча адисинин аты-жөнү

(кол тамгасы)  

үнү

  

(МФУ кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү)  

»; 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.2.3-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

«Эскертүү: Катышуучунун кредитти максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, кредиттик союз кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде катышуучунун жоопкерчилигине тиешелүү чаралар, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендерди көбөйтүү өлчөмдөрү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген чектеги өлчөмдөн ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишиминин шарттарын өзгөртүү үчүн ченем кредиттик келишимде каралышы керек, кредит алууда катышуучу кредиттик келишим менен таанышат.»;  

 

- 5.2.2- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.2. Кредиттик келишимге кол коюуда, аны кайтарып алуу жагында келип чыгышы ыктымал болгон проблемаларды алдын алуу максатында, кредитти берүү жана кредиттин ордун жабуу боюнча бардык шарттарды тактоо зарыл.   

Катышуучу менен кредиттик келишим түзүүдө, кредиттик союз катышуучуларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн берет:  

- кредиттик каражаттарды накталай алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу; 

- тейлөө шарттары коммерциялык банк менен катышуучу ортосундагы тиешелүү келишимде аныкталган жана катышуучунун коммерциялык банкта ачылган, эсептешүүүндөлүк) эсебине/банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу. 

Мында катышуучулар комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредитти нак түрдө да, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу. 

Кредиттик союз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө катышуучуларга акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет.»; 

 

- 5.2.6-пунктунун: 

тогузунчу абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

«Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союз билдирмени карагандыгы үчүн катышуучудан белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу.»; 

пункт төмөнкү мазмундагы он экинчи-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:  

«- катышуучунун кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда жаңы төлөө графигин алуу укугу;  

- катышуучунун кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредиттик союзга кайрылуу укугу. Катышуучу кредиттик союзга кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана өтүнүч ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү;  

- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, кардардын мурдагы күрөөнү башка күрөөгө алмаштыруу укугу. Мында анын наркы кредиттик союздун ички документтеринин талаптарына ылайык жана кредиттик союздун макулдугу боюнча кредит боюнча карыздын калган суммасын жабууга тийиш.  

- кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн, үч жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) сунуштоо милдети; 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.»;  

 

- 5.2.7-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «Зарыл учурларда кредиттик союз » деген сөздөр «Кредиттик союз» дегенге алмаштырылсын;  

пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы-он экинчи абзацтар менен толукталсын:  

«Кредиттик союз коммиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- катышуучу үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга; 

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

Кредиттик союз тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Катышуучу кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, кредиттик союздун андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет. 

Эскертүү: Кредиттик союз тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле карыз алуучу үчүн мүлктүк пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер кредиттик союздун карыз алуучунун алдындагы милдеттенмелери болуп саналбайт. Демек, кредиттик союз тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү аларды жүргүзүүсүз кредиттик келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл.»; 

 

- 6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.2. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын туруктуу контролдоо жана анын учурдагы наркында мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо максатында, кредиттик союз мезгил-мезгили менен (*) күрөө сакталып турган жайга жана жайгашкан жерине барып мониторинг жүргүзүп туруусу зарыл. Мониторинг жүргүзүүнүн мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан анын кредиттик саясатына ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттин сапатына жана башка факторлорго жараша белгиленет. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат:   

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүүсү;  

- акыркы текшерүү учурунан тартып күрөөнүн ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү кандайдыр бир факторлордун орун алышы;  

- күрөөнүн сакталып турушун камсыз кылуу.  

(*) Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген кредиттин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде кредиттин мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары: 

- Кредиттик союз катышуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу тууралуу документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда кредиттик союз катышуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу анын малы бар экенине ынанат. Катышуучу кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл; 

- Кредиттик союз камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда ыкчам сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; 

- Кредиттик союз өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат; 

- Кредиттик союз катышуучу тарабынан сунушталган мүлккө баанын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда Кредиттик союз бул камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алуусу зарыл; 

- Кредиттик союз мүлктү камсыздоо катары эң аз дегенде катышуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу мөөнөтүнө камсыздоо катары пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынууга тийиш, бул кошумча чыгашаларга алып келет.»;  

 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти  

тескөө боюнча минималдуу талаптар  

жөнүндө" жобого карата  

2-тиркеме 

 

Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги 

 

Кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары   

Кредиттик союздун катышуучусунун кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)   

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр  

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) 

Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар кредиттик союз бекиткен тарифтерге ылайык, кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. 

Келишимде кредиттик союздун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган учурда, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм 

Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, кредиттик союздун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын нак акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө акысы, кредиттик союздун коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине накталай эмес которууга байланыштуу чыгымдары) 

Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн 

Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айыптык төлөм, туум) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөм, туум) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын өз учурда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана кредититк союз тарабынан каралууга тийиш болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо)  

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. 

Кредиттик союздун катышуучусунун укугу 

   

_______________________________  

___________  

_________  

   

(Ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү)  

(кол тамгасы)  

үнү)  

   

   

_______________________________  

_____________  

_________  

(Кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү)  

(кол тамгасы)  

үнү)  

».