Кайта келүү

Эскертме калктын чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүсү үчүн. 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясына ээ коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлардын гана кызматынан колдонуңуз. 

2. Коммерциялык банктан же акча алмаштыруучу жайдан чет өлкө валютасын алууда детекторлордо жана аныктыгын көзөмөлдөөчү жабдууларда банкноттордун аныктыгын текшерүүнү талап кылыңыз. 

3. Коммерциялык банкта акча которууну алуу, коммерциялык банктан же акча алмаштыуу жайынан чет өлкө валютасын сатып алуу операцияларын жүргүзүүдө, операцияны тастыктаган тиешелүү документти (кассалык чек, маалымат-сертификат, квитанция ж.б.) берүүнү талап кылыңыз. 

4. Ошондой эле алынган банкноттордун аныктыгын өз алдынча текшерип алыңыз: 

 

- Чыныгы банкноттун кагазы ультра кызгылт көк нурунда катуу өтө жарык болуп көрүнбөйт. 

- Жазуулар, номинал жана портрет түшүрүлгөн жеринин одуракай болушун кол менен сыйпап текшерип көрүңүз. 

- Портреттин так көрүнүшүн камсыз кылган күңүрт жана ачык жерлеринин айкалышына көңүл буруу менен суу белгисин жарык нурга кармап караңыз. 

- Жазуусу бар тигинен түшүрүлгөн коргоо тилкесинин бар экендигин текшерип алыңыз. 

Улуттук банк банкноттордун аныктыгын так аныктоо үчүн, жок дегенде, үч коргоо белгисин текшерүү керектигин эскертет. 

Чет өлкө жана улуттук валютадагы банкноттордун аныктыгына күмөн саналган учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына төмөнкү телефон аркылуу: 30-02-74, жана улуттук валюта боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 66-92-25, 66-92-26 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.