Кайта келүү

 Конъюнктура: 03 - 06 сентябрь



Улуттук банктын коллекциялык монеталары: идея сунуш кылынып жасалып чыгарылганга чейин  

 Коллекциялык монеталарга болгон кызыгуу жыл сайын артып келет. Бүгүнкү күндө аларды нумизматика хоббиси болуп саналган бир гана профессионал-коллекционерлер эмес, инвестициялар катары кызыккан көптөгөн башка жарандар да сатып алышууда. Кыскасы, ооматтуу нумизматтар айрым сейрек монеталардын эсебинен зор байлыкка ээ болушу мүмкүн. Мисалы, 1794-жылда чыгарылган күмүш долларды алсак, анын наркы дээрлик 8 миллион АКШ долларын түзөт жана азыркы учурда дүйнөнүн эң кымбат монетасы болуп эсептелет. Качандыр-бир кездерде АКШнын Борбордук банкы аны кадимки төлөм каражаты катары чыгарганына ишенүү кыйын. Коллекциялык монеталар бир аз кийинчерээк чыгарыла баштаган. Эрежедегидей эле, алар аз тираж менен чыгарылган жана ар башка тематиканы: белгилүү окуялардан тартып, флора жана фаунанын, архитектуралык курулмалардын өкүлдөрүнөн атактуу адамдарга чейин камтыган. Мында, коллекциялык монеталар атайын көрсөтүлгөн номиналы менен төлөм каражаты болуп саналган.  

Кыргызстанда бардык коллекцияларды Улуттук банк чыгарат. Бүгүнкү күндө 44 коллекциялык монеталар чыгарылган. Биринчи алтын жана күмүш монеталар 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган.   

Монетанын жаралышы   

 Бир коллекциялык монетаны даярдоого бир жылдан төрт жылга чейинки убакыт талап кылынат. Монетаны чыгаруу Улуттук банктын адистеринин жамааттык эмгеги болуп саналат. Бардыгы Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп чыккан идеялардан, концепциялардан башталат. Андан кийин монеталарды чыгаруу боюнча иш планы түзүлөт. Чыгарыла турган ар бир монетанын тематикасына байланышкан материалдар иликтенип, кылдат иштелип чыгат. Улуттук банктын кызматкерлери Улуттук Илимдер Академиясы, Кино жана фото документтердин борбордук архиви, ЖОЖдор жана көптөгөн башка мекемелер менен жигердүү кызматташышат. Ошондой эле маалыматтар кылдат чогултулуп жана талдап-иликтөөгө алынат. Андан кийин гана техникалык тапшырма даярдалып, штаттагы сүрөтчү-дизайнерлер биринчи эскиздерди иштеп чыгышат. Эскиздердин варианттары атайын жумушчу комиссия аркылуу кароого алынып, ага Улуттук банктын ар башка башкармалыктарынан кызматкерлер катышат. Кээде баштапкы сунушталган сүрөттөр таанылгыс болуп өзгөртүлөт, көбүнчө ага ар түрдүү сүрөтчүлөр, ошондой эле Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын адистери, Банк Башкармасынын, Жумушчу комитетинин мүчөлөрү тарабынан сунуш кылынган элементтер кирет. Коллекциялык монетанын акыркы варианты Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет. Андан тышкары, Улуттук банктын адистери талдап-иликтөөлөргө таянуу менен колдонулган материал жана монетаны даярдоо технологиялары боюнча сунуштарын иштеп чыгышат. Андан соң тендер өткөрүлүп, тиешелүү зээркана тандалат. Мисалы, жакында эле жүгүртүүгө чыккан «Саймалуу-Таш» жана «Жейрен» монеталары Казакстан и Литва өлкөлөрүнүн зээрканаларында жасалган. Акыркы жылдары ошондой эле Россия Федерациясынын жана Польшанын зээрканалары тендерди утуп алышкан. Фабрикаларды тандоодо монеталарды даярдоо баасы, ага кошо акрил капсуласынын, кутучанын, сертификаттын, ташып келүүнүн, салыктардын наркы, ошондой эле берүү мөөнөтү, төлөө шарттары жана башка кошумча кызмат көрсөтүүлөр эске алынат. Негизинен, зээркана тарабынан коллекциялык монеталарды чыгарууга төрт айдан алты айга чейинки убакыт талап кылынат. Кыргызстанда акча белгилерин чыгаруу боюнча жеке өндүрүштү ишке киргизүү максатка ылайык эмес. Анткени, адистештирилген станокторго жана курулушка баштапкы капиталдык салымдардын наркы олуттуу экенинен гана эмес, кийинкиде өндүрүшкө пайдаланууда да үзгүлтүксүз сарптоолорго байланыштуу жана ошондой эле акчаларды даярдоо үчүн атайын кымбат материалдарды сатып алуу зарылчылыгынан улам, Кыргызстанда зээркананы/жеке монета чыгаруучу фабриканы иштетүү кыйла чыгымга дуушар кыла тургандыгын экономикалык эсептөөлөр көрсөткөн. Мындай өндүрүш өлкөдө калктын саны 20 млн. кишиден кем эмес болгон шартта гана кирешелүү болушу мүмкүн.  

Коллекциялык монеталардын тиражы коллекционерлер арасында теманын популярдуулугунан көз каранды. Дүйнө жүзүндөгү нумизматтар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө арналган монеталарды сатып алууга кызыгышат. Монеталар канчалык аз чыгарылса, наркы ошончолук жогору болот. Мисалы, “Саймалуу-Таш” күмүш монеталары 2000 даана, сатыкка коюлган наркы 2500 сом, ал эми “Жейрен” күмүш монеталары 3000 даана чыгарылган, наркы 2300 сом. Монеталардын сатыкка коюлган наркы анын өздүк наркына дээрлик туура келет, анткени, мындан пайда алуу эмитенттин - Улуттук банктын максаттарына кирбейт.  

Монеталар даярдалып бүткөндөн кийин аларды Кыргыз Республикасына жеткиришет. Бул жерде Улуттук банктын кызматкерлери чыгарылган монеталардын сапатын кылдат текшерип чыгып, андан кийин гана жүгүртүүгө чыгарышат. Коомчулук кабардар болуш үчүн, Улуттук банк жаңы коллекциялык монеталардын чыгарылгандыгы жөнүндө расмий билдирүү жарыялайт. Жыйынтыгында, Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кызматкерлери профессионалдуу сүрөткө тартуу менен монеталардын техникалык мүнөздөмөсүн жана түшүрүлгөн сүрөттөрдү баяндап берет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105- беренесине ылайык, Улуттук банк акча белгилерин эмиссиялоо укугуна ээ. Кайсы гана коллекциялык монетага болбосун сатып алууга боло турган белгилүү бир номинал ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Улуттук банкка гана акча белгилерин эмиссиялоо укугу берилген. Чыгарылган монеталар эл аралык сынактарга катыша алат. Мында кайсы гана мамлекеттин коллекциялык монетасына болбосун, аны чыгарган орган тарабынан номинал берилет жана ал тигил же бул монетанын байгесин алууга укуктуу. Алсак, Чынгыз Айтматовго арналган монеталар сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн “Монеталар топтому - 2010” 4-эл аралык сынакта «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйүнүн ардак диплому менен сыйланган, ал эми “Улуу Жибек жолу” сериясынын коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause Publications» басмаканасы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты монетасы” сынагында “Өзгөчө тарыхый мааниге ээ монета” номинациясынын жеңүүчүсү деп табылган.  

Өзгөчө төлөм каражаты   

Кыргызстан эгемендүүлүк алган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 44 коллекциялык монета: алтын коллекциялык монетанын 3 түрүн, күмүш монеталарынын 32 түрүн, жез-никел монеталарынын 8 түрүн жана 1 мельхиор монета чыгарган.  

Акыркы жолу 2013-жылдын 26-августунда чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун урматына 2013-жылдын 26-августунан тартып, Улуттук банк коллекциялык монеталардын үч түрүн: тиешелүүлүгүнө жараша, 1 жана 10 сом номиналдары менен “Кыргызстандын тарых жана архитектурасынын эстеликтери” сериясына арналган «Саймалуу-Таш» күмүш жана жез-никель монеталарын жана “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясына арналган “Жейрен ” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарган.  

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган серия бүгүнкү күндө нумизматтардын арасында кеңири белгилүү серия болуп калууда. Бул 925-пробалуу күмүштөн жасалган 6 монета, алар “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Гүлсарат” жана “Биринчи мугалим” повесттерине арналган.   

“Дүйнө балдардын көзү менен” монетасы Улуттук банктын коллекциялык монеталарынын ичинен дизайны боюнча эң кызыктууларынын бири болуп саналат. 2010-жылы Улуттук банк бул тема боюнча балдар арасында эң мыкты тартылган сүрөткө сынак жарыялаган. Натыйжада, сынакта жеңип чыккан баланын тарткан сүрөтү өзгөчө кооз, колуна алган кишиге жагымдуу маанай тартуулаган монетага негиз катары алынган. Сынакка 300дөн ашык кол менен тартылган сүрөттөр келип түшүп, анын ичинен Асеин кызы Айымдын тарткан сүрөтү тандалган. Ал коллекциялык монетаны жаратууга негизги сюжет болуп берген жана анда боёктордун кыйла ачык, даана берилиши үчүн биринчи жолу түстүү тампондук жазуу технологиясы колдонулгандыктан улам аталган монета уникалдуулукка ээ болгон. 

2012-жылы Улуттук банк монетанын төрт түрүн жүгүртүүгө чыгарган. Алсак, “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясы арасына эки Сваровски криссталдары чөгөрүлгөн, күмүштөн жасалган “Ак илбирс” он сомдук монетасынан башталган. Ошондой эле «Комуз» мельхиор беш сомдук монетасы “Улуттук музыкалык аспаптар” жаңы сериясын ачкан. Андан тышкары, “Курманжан Даткага 200 жыл” деп аталган күмүш жана алтын монеталары чыгарылган. Алар “Тарыхый окуялар” сериясына киргизилген.  

Албетте, бардык коллекциялык монеталар расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Анткен менен, бүгүнкү күндө мындай монеталар аркылуу алардын номиналы боюнча төлөөлөрдү жүргүзгөн кишини табуу мүмкүн эмес.   

Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатууну токтотоору менен алардын наркы өсө баштайт. Бирок, ага чейин монеталарды Улуттук банктын кассасынан белгиленген баа менен сатып алууга болот. Кийинчерээк монеталардын наркы экинчилик рынокто аныкталат, көбүнчө бул нумизматтардын тандоосуна жараша болот.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензия/күбөлүктөр берилди: 

 

2013-жылдын 3-сентябрынан 6-сентябрына чейин берилген лицензия/күбөлүктөр катталган эмес.  

 

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүк/лицензиялары жокко чыгарылган, кайтарып алынган: 

 

2013-жылдын 3-сентябрынан тартып, "Эви кредит" МКК ЖЧКсына 2010-жылдын 30-мартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген № 283- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк, 2013-жылдын 3-сентябрындагы жалпы чогулуштун протоколунун негизинде жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 240. 

 

 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 30-августунан 06-сентябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

16 191 155 729,16 

55 576 

1 949 496 905,11 

51 917 

14 241 658 824,05 

3 659 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

12,0 

93,4 

88,0 

6,6 

анын ичинде  (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,6 

1,1 

1,7 

0,0 

0,0 

БК чыгыш   

19,2 

10,4 

21,3 

11,1 

18,9 

1,0 

БК кириш 

13,9 

35,6 

13,2 

37,9 

13,9 

3,3 

СФ чыгыш 

1,0 

7,2 

8,6 

7,7 

0,0 

0,0 

СФ кириш   

0,5 

5,4 

4,5 

5,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

16 068 639 772,55 

51 994 

1 722 834 575,50 

48 756 

14 345 805 197,05 

3 238 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

122  515 956,61 

3 582 

226 662 329,61 

3 161 

-104 146 373,00 

422 

%  

0,8 

6,9 

13,2 

6,5 

-0,7 

13,0 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын  

29-августуна карата  

2013-жылдын   

06-сентябрына карата  

Жүгүртүүдөгү карттардын саны   

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

215 068 

215 855 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,   

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1165 

648 

517 

 

1165 

648 

517 

Банкоматтардын саны  

292 

292