Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474 токтомун жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2020-2021-жылдар ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө 

ОТЧЕТУ 

Коррупцияга каршы аракеттенүүчү субъекттин аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Отчет берүү мезгили (саны, айы, жылы): 2020-ж. 10.04 2020-ж. 31.09. 

Аты-жөнү, ыйгарым укуктуу адамдын кызматы: А.А. Кешикбаев, коррупцияны алдын алуу боюнча эксперт (ыйгарым укуктуу адам) 

Ыйгарым укуктуу адамдын байланыш маалыматтары: А.А. Кешикбаев; 

Жумуш тел: 61-10-43; e-mail: akeshikbaev@nbkr.kg. 

 

№ 

Милдеттер 

Чаралар/аракеттер 

Ишке ашыруу мөөнөтү 

Күтүлгөн натыйжалар/индикаторлор 

Аткаруу индикатору 

Жооптуу аткаруучу/ 

бирге аткаруучулар 

Аткарылган иштин мазмуну 

Коррупцияга каршы саясат 

Коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга багытталган жарандык демилгелерди ишке ашыруу 

Жарандык коомдун коррупцияга каршы саясат жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, стратегиялардын жана программалардын долбоорлорун иштеп чыгууга кеңири жана ачык катышуусун камсыз кылуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө

Туруктуу негизде 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча бизнес коомчулугунун институттары менен өз ара иштешүү механизминин ишке ашырылышы 

аткарылды 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, Юридика башкармалыгы  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан демилгеленген Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун талкуулоого жарандык коомдун, көзөмөлдөнүүчү субъектилердин ачык катышуусун камсыз кылуу боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Улуттук банктын расмий сайтында коомдук талкууга коюлган. 

Эл аралык стандарттарга ылайык маалыматтын жеткиликтүүлүгү боюнча мыйзамдарды реформалоо 

1. Жеткиликтүүлүгүнө чек коюлган документтерди (анын ичинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи барларын) инвентаризациялоону жүргүзүү жана документтерден мындай грифтерди алып салуу боюнча сунуштарды киргизүү, алар жеткиликсиз жана маанисин жоготкон. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Маалыматтын суроо-талабын каттоону жана иштелип чыккан суроо-талап боюнча аталган статистиканы жарыялоо жана алардын жыйынтыктарын Улуттук банктын расмий сайтында жарыялоону камсыз кылуу 

Туруктуу негизде  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Туруктуу негизде  

Калктын маалымат менен камсыз кылуу боюнча аткарылган суроо-талаптарынын, ошондой эле жеткиликтүүлүгүн чектөөчү грифтин алынышы, документтердин саны көбөйтүлүшү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Калктын суроо-талабы боюнча берилген маалыматтар жөнүндө статистикалык маалыматтардын Улуттук банк тарабынан жарыяланышы 

Аткарылууда 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аткарылды 

Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы, түзүмдүк бөлүмдөр 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү  

1. "С" жана "СС" грифи бар документтерди инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-декабрындагы № 619/35 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, административдик ведомстволорунда, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында купуялуулукту камсыз кылуу боюнча нускамага ылайык жылына бир жолу жүргүзүлөт. Грифти алып салуу боюнча сунуштар жок. 

 

 

2. Улуттук банкка келип түшкөн кайрылуулар жана суроо-талаптар боюнча отчет Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат 

 

 

Электрондук өкмөткө өтүү 

Мамлекеттик органдардын бардыгы толук кандуу ишке тартылышын камсыздоо менен, “Түндүк” ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун ишке киргизүүнү аяктоо. 

2021-ж. IV чейреги 

үндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна туташтырылган бардык автоматташтырылган маалыматтык базалар интеграцияланган жана жазуу жүзүндө суроо-талаптарды жөнөтпөстөн мамлекеттик кызматтарды алуучулардан ар кандай кошумча сертификаттарды талап кылбастан, керектүү маалыматтарды тез арада алууга мүмкүнчүлүк берилиши. 

Аткарылууда 

Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы, түзүмдүк бөлүмдөр 

Улуттук банк "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна катышуучу болуп саналат. Зарылчылыгына жараша, электрондук маалымкаттарды, "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун башка катышуучуларынан маалыматтарды алуу үчүн программалык адаптерлер иштелип чыгууда. Ошондой эле, Улуттук банк, маалымат булагы катары, азыркы учурда "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун эки катышуучусуна алмашуу курсу жөнүндө маалымат берет. Кошумча сервистер "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун башка катышуучуларынан түшкөн суроо-талаптарына жараша иштелип чыгат. 

Мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциянын деңгээлин билүү боюнча методологиялык негизин түзүү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методологиянын негизинде Улуттук банкта коррупциянын деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү 

чейрек ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методология боюнча 

Даярдалган методологиянын негизинде мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээлинин аныкталышы 

Аткарылууда 

коррупцияны алдын алуу боюнча эксперт (ыйгарым укуктуу адам) 

Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, методологиянын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында макулдашуу стадиясында. 

Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча колдонулуп жаткан механизмдерди жана коррупцияга каршы иштерди контролдоону өркүндөтүү  

1. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамды, анын ичинде анын милдетин аткаруучу жана туруктуу негизде окутуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамды кызматка кабыл алуу жана бошотуу боюнча атайын регламентти иштеп чыгып, ишке киргизүү

 

2. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын функцияларын жана милдеттерин карап чыгуу. 

 

 

 

 

3. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын ишмердүүлүгүн шыктандыруу механизмдерин киргизүү

2020-ж. III чейреги 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2020-ж. III чейреги  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2020-ж. III чейреги 

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын көз карандысыз статусунун бекемделиши. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын функцияларынын жана милдеттеринин унификацияланышы. 

 

 

 

Коррупцияны жана кадрлардын тез-тез алмашуусун алдын алуу чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу кадрларды ишке тартуу үчүн шарттардын түзүлүшү

аткарылды 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

аткарылды 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

аткарылды 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адам (эксперт), Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Юридика башкармалыгы. 

 

 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адам (эксперт), Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Юридика башкармалыгы. 

 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Финансы жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү  

Улуттук банкта анын 2016-жылдын 21-январындагы буйругу менен бекитилген “Коррупцияны алдын алуу боюнча эксперт (ыйгарым укуктуу адам) жөнүндө” жобо бар. Бул жобого ылайык, эксперттин кызматы штаттык болуп саналат, Эксперт түздөн-түз Улуттук банктын төрагасына баш ийет. Ошондой эле, эксперттин функцияларын аткарылышы үчүн минималдуу кызматтык маянага кошумча акы каралган. 

Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын функциялары жана милдеттери зарылчылыгына жараша каралат. Эксперттин милдетин аткарууга тийиштүү маселе иштелип жатат. 

Улуттук банкта жүргүзүлгөн иштер 

Улуттук банктын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу 

1. Улуттук банкка жумушка орношуу үчүн тестирлөө тутумун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүн, кызматкерлердин интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн аныктап, баалоого багыттоо. 

 

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жумушка орноштуруу жөнүндө" жобого бир түзүмдүк бөлүмдө бир эле кызматты 10 жылдан ашык ээлеген кызматкерлерди ротациялоонун милдеттүүлүгү жөнүндө ченемдерди киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө маселени карап чыгуу. 

2020-ж. IV чейреги 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2020-ж. IV чейреги 

Тестирлөө тутумуна талапкерлерди иш билгичтиги жана ой жүгүртүү деңгээли боюнча баалоого жол берүүчү суроолордун киргизилиши. 

 

 

 

 

Бир бөлүмдө 10 жылдан ашык бир кызматта отурган адамдардын ротацияланышы. 

Аткарылууда 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аткарылууда 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү  

 

 

 

 

 

 

 

 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү  

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Этиканы сактоо жана коррупцияга жол бербөө комиссиясынын кароосуна даярдалып жатат. 

Улуттук банкта кызмат учурунда кызыкчылыктардын кагылышуусун баалоо жана жөнгө салуунун укуктук жана институционалдык негиздерин ишке ашыруу 

Улуттук банктын кызматкерлерин кызыкчылыктардын кагылышуусунан алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу боюнча жана жеке кызыкчылыктары жөнүндө декларацияны толтуруу боюнча туруктуу негизде окутууларды өткөрүп туруу. 

Туруктуу негизде 

Улуттук банктын бардык кызматкерлери кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, жөнгө салуу жана башкаруу боюнча окутуудан өтүшкөн. 

Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан жеке кызыкчылыктары жөнүндө декларацияны милдеттүү түрдө жыл сайын тапшырылышы 

Аткарылуу да 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Улуттук банкта этика жана коррупцияны алдын алуу боюнча комиссия 

Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу Улуттук банктын кызматкерлерин окутууну уюштурууга мүмкүн болгон жок. Учурда кызматкерлерди онлайн режимде окутууну уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Улуттук банкта ак кызмат өтөөнү камсыз кылуу 

1. Улуттук банктын кызматкерлерин этикалык ченемдерди сактоо маселелери боюнча туруктуу негизде окутуу жүргүзүү

 

 

 

2. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдар менен этика боюнча комиссиянын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

 

 

 

 

 

 

 

 

Туруктуу негизде 

Улуттук банктын кеминде 30% кызматкерлеринин этикалык ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуунун өткөрүлүшү

 

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдар этика боюнча комиссиянын курамына киргизилиши 

Аткарылууда 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аткарылды 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү  

 

 

 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адам (эксперт) 

1. Ишке кабыл алууда жооптуу түзүмдүк бөлүм жаңыдан кабыл алынган кызматкерди Улуттук банктын кызматкерлеринин Этика кодексине кол коюу менен тааныштырат. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Этиканы сактоо жана коррупцияга жол бербөө комиссиясы туруктуу негизде иштейт, анын курамына Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адам (эксперт) дагы киргизилген. 

Улуттук банктын ишинин жана маалыматтык жагынан ачык-айкындуулугун камсыз кылуу 

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматтарын /туруктуу негизде берилүүчү отчетторун Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу. 

Улуттук банктын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалыматын/туруктуу негизде берилүүчү отчетторун Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу 

Туруктуу негизде 

Жарандардын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүнө дагы активдүү катышуусуна багытталган бизнес сектору жана коомчулук менен иштешүүнүн сапатынын жогорулатылышы. 

Аткаруунун үстүндө 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Юридика башкармалыгы, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү 

Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу, Улуттук банктын экинчи чейрек үчүн коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча отчетун жарыялоого мүмкүн болгон жок. Сайтта II-III чейрек үчүн маалымат III чейрек аяктагандан кийин жайгаштырылат. 

10 

Жалпыга маалымдоо каражаттарында иш-чараларды чагылдыруу, басылмалардын сериясын чыгаруу, Улуттук банктын иши жөнүндө борбордук коомдук-саясий, ишкердик басма сөз жана электрондук маалымат каражаттарындагы атайын маалымат аянтчаларында интервью берүү 

Улуттук банктын катышуусундагы иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, анын ичинде Улуттук банктын иши жөнүндө басылмалардын сериясын чыгаруу 

Туруктуу негизде 

Улуттук банктын иш-чараларын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, басылмалардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу, Улуттук банктын иши жөнүндө борбордук коомдук-саясий, ишкердик басылмаларынын жана электрондук маалымат каражаттарынын атайын маалымат аянтчаларына интервьюнун берилиши. 

Аткарылды 

Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, түзүмдүк бөлүмдөр, Юридика башкармалыгы  

Улуттук банктын ар кандай деңгээлдеги өкүлдөрүнүн катышуусу менен 7 басма сөз-конференция өткөрүлдү

- Биринчи Улуттук радионун эфиринде “Улуттук банк маалымдайт” радиоберүүсүнүн 27 чыгарылышы чыкты; 

- "Санжыра" радиосунда Улуттук банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Жаргылчак" программасынын 5 түз эфири болуп өттү

Улуттук банктын өкүлдөрү ошондой эле телерадиоберүүлөргө/ программаларга үзгүлтүксүз катышып турушат: 

- «КТРК» (Ала Тоо 24/ Иш илгери/  

Кеч эмес) теле берүүлөрүндө;  

- «Биринчи радио» (Актуалдуу маек/ Шакжүрүш/ Күндүн темасы); 

- «Пирамида» («Акцент» программасы).  

Улуттук банктын иши жөнүндө материалдар республикалык жана аймактык гезиттерде туруктуу негизде жарыяланып турат: «Эркин Тоо», «Кечки Бишкек», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Теңир Тоо», «Ысык-Көл баяны»; «Аймак» ж.б. 

11 

Коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, калкка, жарандарга жана уюмдарга коррупция фактылары, аларга өбөлгө болуучу себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү 

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун ишин камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жарандардын жигердүү катышуусуна багытталган коомдук мамилелердин сапатынын жогорулатылышы. 

Аткарылды 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адам (эксперт), Юридика башкармалыгы, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү  

Улуттук банктын расмий сайтында "Байланыш маалыматтары" бөлүмүндө коомдук кабылдаманын телефон номерлери, "коррупция жөнүндө маалымда" бөлүмүндө факс номери, электрондук почта көрсөтүлгөн. 

Улуттук банкка келип түшкөн кайрылуулар жана суроо-талаптар боюнча отчет Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат. 

Коррупцияны алдын алуу/бөгөт коюу. Административдик жол-жоболор 

12 

Бизнестин ак ниеттүү жүргүзүлүшүн камсыз кылуу 

КМС ISO 37001: 2016 “Паракорчулук менен күрөшүү менеджмент системасы. Пайдалануу боюнча талаптар жана көрсөтмө" улуттук стандартын киргизүүнү ишке ашыруу 

2020-ж. IV чейреги 

ISO 37001: 2016 “Паракорчулук менен күрөшүү менеджмент системасы. Пайдалануу боюнча талаптар жана көрсөтмө" эл аралык стандартынын ишке киргизилиши 

Аткарылууда 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Ички аудит кызматы, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгынын Операциялык тобокелдиктерди, иштеги кемчиликтерди аныктоо жана бизнеске талдоо жүргүзүү бөлүмү, Юридика башкармалыгы, Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адам (эксперт) 

Аталган пункт боюнча, “Паракорчулук менен күрөшүү менеджмент системасы. Пайдалануу боюнча талаптар жана көрсөтмө" курсу боюнча окуу семинарын өткөрүү жөнүндө маселе иштелип жатат. 

13 

Лицензиялоо тутумун өркүндөтүү 

Талдоо жүргүзүп, лицензиялардын жана уруксаттын санын кыскартуу, ошондой эле аларды алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү (лицензиялоо муктаждыгын адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген же улуттук коопсуздук маселелерине таасир этүүчү жерлерде гана калтыруу) 

2020-ж. IV чейреги 

Лицензиялардын жана уруксаттардын санынын кыскартылышы, аларды алуу боюнча жол-жоболордун жөнөкөйлөштүрүлүшү 

Аткарылуу да 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы  

Банктардын ишин лицензиялоонун зарылдыгы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында, анын ичинде банкка лицензия алууну көздөгөн адамдардын документтерин кароонун талаптары жана мөөнөттөрү жагында каралгандыгын, ошондой эле адамдардын кеңири чөйрөсүн жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоону караган банктын статусун эске алуу менен, банктык лицензиялардын кыскартылышы күтүлбөйт. 

Банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарга берилген лицензиялар жана күбөлүктөргө байланыштуу маселе иштелип жатат. 

 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу А. Кешикбаев