Кайта келүү

 Конъюнктура: 23 - 27 март 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюта рыногундагы жагдайды байкоого алып турат. 

"Кабар" маалымат агенттигинде 2015-жылдын 26-мартында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш менен Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемовдун катышуусунда пресс-конференция болуп өттү. Улуттук банктын жетекчилиги менен журналисттердин аталган жолугушуусунда өлкөнүн валюта рыногундагы жагдай талкууга алынды. Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш чет өлкө (америка) валютасына карата ашкере суроо-талапты жаратпоого жарандарды чакырды. 

"Мен барыңыздарды ызы-чууга алдырбай, андан алыс болууга чакырам. Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайга үзгүлтүксүз талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турат жана зарылчылык келип чыккан шартта, тартыштыктын ордун жабуу үчүн интервенцияларды жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет жана валюта рыногундагы жагдайды байкоого алып турат", - деп Н.Жеңиш билдирди.  

Төраганын орун басары белгилегендей, 2015-жыл башынан бери Улуттук банк 153,3 миллион АКШ доллар суммасында 9 интервенцияны ишке ашырган. Алсак, 25-мартта Улуттук банк 11,4 миллионго жакын долларды, ал эми 24-мартта 8,4 миллион долларды саткан. Өлкөнүн алтын валюталык камы бүгүнкү күндө 1,76 млрд. долларды түзөт. 

Улуттук валютанын алмашуу курсунун начарлашынын себептери жөнүндө суроолорго жооп берип жатып, Нурбек Жеңиш 2015-жыл башынан бери 25-мартка чейин АКШ долларынын курсу сомго карата 1 АКШ доллары үчүн 58,8956 сомдон 62,8291 сомго чейин 6,68 пайызга өскөндүгүн журналисттерге маалымдады. Америка валютасынын өсүшүн бир жагынан сезондук фактордон улам ага карата жогорку суроо-талаптын сакталып турушу, экинчи жагынан валюта рыногунда чет өлкө валютасынын сунушунун азайышы менен түшүндүрүүгө болот. Ал эми суроо-талап негизинен импортко, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарга, электр энергиясына жана эл керектеген товарларга төлөмдү ишке ашыруу зарылчылыгы менен шартталган. Мындан тышкары, Кыргызстандын соода-өнөктөш өлкөлөрүндө АКШ долларын бекемдөө боюнча жалпы дүйнөлүк тенденцияны калыптандырган АКШ Федералдык резерв системасынын саясатынын өзгөрүшү, Россияга карата Батыш өлкөлөрү менен АКШ тарабынан санкциялардын киргизилиши, мунайга баалардын кыйла төмөндөшү, Украинада саясий жагдайдын орун алышы, ошондой эле АКШ Федералдык резерв системасынын эсептик ченди жогорулатууга карата рыноктогу күтүүлөр жана Европа борбордук банкынын сандык жеңилдетүүнү ишке киргизиши сыяктуу тышкы факторлор валюта курсунун өзгөрүүсүнө таасир эткен.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары маалымдагандай, 2015-жыл башынан бери 25-мартка чейин АКШ доллары еврого карата 8,9%, британ фунтуна карата 2,9%, австралия долларына карата 2,5%, белорусь рублине карата 22,4%, молдова лейине карата 19,8%, тажик сомонисине карата 7,9%, түркмөн манатына карата 22,8%, түрк лирине карата 8,4%, армян драмына карата 0,04%, азербайжан манатына карата 33,7% бекемделип, швейцария франкына карата 4,3 пайызга жана япон йенине карата 0,7 пайызга нарксызданган. 

Нурбек Жеңиш белгилеп кеткендей, банк сектору бүгүнкү күндө 307 миллион АКШ долларына ээ, анын 75 миллион доллары нак түрүндө сакталган. "Жакынкы эле убакыт ичинде коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушууда учурда орун алып жаткан валюта рыногундагы жагдай жана аларды чечүү жолдору талкууга алынды", - деп белгиледи.  

Толук маалымат берилгенден кийин пресс-конференциянын катышуучуларына Улуттук банктын өкүлдөрүнө суроо бергенге мүмкүнчүлүк берилип, журналисттер айрыкча, валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу үчүн Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу, коммерциялык банктар тарабынан калкка чет өлкө валютасында кредит берүүнү чектөө боюнча, ошондой эле алмашуу бюролорун жабууну караган мыйзам долбоору ж.б. жөнүндө суроолорду беришти.  

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесинин 26-пунктчасына ылайык, нак чет өлкө валютасында операцияларды ишке ашыруу лицензияланууга тийиш экендигин Улуттук банк маалымдайт 

Кыргыз Республикасынын "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Улуттук банк белгиленген тартипте жана шартта алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна алмашуу бюролоруна лицензияларды берет.  

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алуучу болуп юридикалык жактар эсептелет. Мында көрсөтүлгөн иштин түрүн ишке ашыруу үчүн юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинин 8-пунктунун талаптарын - Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана (же) жөнгө салынуучу финансы-кредит мекемелеринин жана башка мекемелердин уюштуруу документтерин кошпогондо, устав, уюштуруу келишими жана жобо каттоочу органга тапшырылууга жатпайт деген талаптарын сактоого тийиш. 

Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 10-беренесине ылайык, алмашуу бюролору жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясын алууну каалаган жактар юстиция органдарында каттоо (кайра каттоо) жол-жобосунан өткөнгө чейин Улуттук банктын же анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун алууга тийиш.  

 

 

Маалыматтык билдирүү 

Улуттук валюталарды айырмалап билүү үчүн атайы белгилерди колдонуу тажрыйбасы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөсүндө колдонулуп келүүдө. Валюта белгилери ыңгайлуулук үчүн аныкталган. Көпчүлүк өлкөлөрдүн валюталарынын аталышы бири-биринен кандайдыр бир өзгөчөлүгү менен деле айырмаланбайт (мисалы, "доллар" 24 өлкөдө, "песо" 8 өлкөдө төлөм каражаты катары жүгүртүлүп келүүдө).  

Валюта белгилери аталыштарынын кыскартылып берилишинде адашып калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана алардын жазылышын алда канча жеңилдетет. Мында, акча белгилеринин тарыхый басып өткөн жолуна баа берүү ыкмасын ($, Ј, Ґ) жана учурда атайы иштелип чыккан белгилерди айырмалап алуу зарыл. Так, кыскача түшүнүктү камтуу, колдонууда ыңгайлуулук, өзгөчөлүк, уникалдуулук - валюта белгисин аныктоодо жалпы кабыл алынган мүнөздүү критерийден.  

Кыргыз Республикасынын валютасынын аталышы "сом" башка бир да өлкөдө колдонулбагандыктан, кошумча тактап чечмелөөнү талап кылбайт. Акча бирдигинин аталышы кыска(болгону уч кана тамгадан турат), так берилгендиктен, кириллица тамгасы менен (сом) сыяктуу эле, латынча (som) жазууда да эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кыргыз сомунун айырмалоочу белгисин иштеп чыгуу максатка ылайыксыз деп эсептейт жана учурда улуттук валютанын графикалык белгиленишин (белги/символ) тандоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү белгилебегендигин маалымдайт.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "София тревл" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 23-мартында № 5223 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3219 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Суеркулов көчөсү 20/1 дареги боюнча жайгашкан. 

2. "Жузбаев" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 25-мартында № 5224 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3220 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Чимкент көчөсү 1 (Батыш автобекети) дареги боюнча жайгашкан. 

3. "Обмен Кей Джи" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 25-мартында № 5225 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3221 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө, үй №150 дареги боюнча жайгашкан. 

4. "Три семерки плюс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 25-мартында № 5226 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3222 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 172 дареги боюнча жайгашкан. 

5. "Улан-Береке" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 25-мартында № 5227 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3223 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ден Сяопин пр., үй №2, №3 батир дареги боюнча жайгашкан. 

6. "Заман-Нурдин" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 25-мартында № 5228 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3224 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө, үй №146, №14 батир дареги боюнча жайгашкан. 

7. "БарСан" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 27-мартында № 5229 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3225 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, "Манас" аэропорту, "Манас" аэровокзал комплекси, 1-кабатта жайгашкан. 

 

Төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары жокко чыгарылды: 

1. Жеке ишкер Какеев Зарылбек Медеркуловичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-апрелинде берилген № 4903 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ош базары, Киев көчөсү, 233. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2015-жылдын 23-марттан тартып 27-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

35 512 804 783,15 

58 570 

1 390 682 566,42 

53 846 

34 122 122 216,73 

4 724 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

3,9 

91,9 

96,1 

8,1 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,04 

1,4 

1,0 

1,5 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

4,6 

6,9 

20,3 

7,5 

4,0 

0,5 

БКга түшкөндөр 

6,3 

57,1 

19,4 

61,9 

5,8 

3,1 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,2 

0,2 

0,2 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

3,1 

1,6 

3,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

29 583 587 846,61 

53 582 

1 466 425 876,00 

49 078 

28 117 161 970,61 

4 503 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

5 929 216 936,54 

4 988 

-75 743 309,58 

4 768 

6 004 960 246,12 

221 

20,0 

9,3 

-5,2 

9,7 

21,4 

4,9 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

20.03.2015 

27.03.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

392 984 

395 385 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1498 

794 

704 

1498 

794 

705 

Банкоматтардын саны  

433 

433