Кайта келүү

 Конъюнктура: 25 - 29 май

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2015-жылдын январь-март айлары ичинде жеке адамдардын которуу системалары аркылуу акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү 199,2 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2014-жылдын биринчи чейрегиндеги ушул эле көрсөткүчкө караганда 37,3 пайызга төмөн. Келип түшкөн акча каражаттар көлөмүнүн азайышы эң башкысы, орус рублинин АКШ долларына карата девальвацияланышы менен шартталган, бул орус рублинде келип түшкөн каражаттардын таза көлөмүнүн алгылыктуу өсүш арымда сакталып турушу менен тастыкталууда. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Россия Борбордук банкынын жана Тажикстан Улуттук банкынын өкүлдөрү үчүн “Улуттук төлөм системасын модернизациялоо” темасында тажрыйба алмашуу ишин уюштурган 

  Евразия экономикалык коомуна кирген мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын персоналдын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларынын алкагында, 2015-жылдын 25-майынан 29-майына чейин Улуттук банк тарабынан Россия Борбордук банкынын, Тажикстан Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарынын өкүлдөрү үчүн “Улуттук төлөм системасын модернизациялоо” темасында тажрыйба алмашуу иши өткөрүлдү.  

Иштин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын төлөм системасына тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер кароого алынды. Улуттук банк катышуучуларга республиканын төлөм системасын модернизациялоо жагында өз тажрыйбасы тууралуу жана төлөм системасынын учурдагы абалы, аны өнүктүрүү боюнча баяндама берип, банктар аралык төлөм системасынын иши жөнүндө, ошондой эле улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга жана анда алдамчылык операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди. Программада теориялык маалыматтардан тышкары тажрыйбалык иш да камтылган эле, анын алкагында катышуучуларга банктар аралык төлөм системалары Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ) жана Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системаларынын (СПК) иши, ошондой эле мониторинг жана көзөмөлдүк (оверсайт) жүргүзүү процесси көрсөтүлдү. Мындан тышкары алар “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК жана “Мобильник” ЖЧКсы сыяктуу төлөм системаларынын операторлорунун иши менен таанышышты.  

Төлөм системасынын ченемдик укуктук жактан камсыздалышы маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Так айтканда, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу, инновациялык технологияларды жөнгө салуу тууралуу сөз болду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында 2012-2017жылдары нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын негизги максаттары, милдеттери жана жүзөгө ашыруу тууралуу, ошондой эле Улуттук банк тарабынан финансылык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында калктын төлөм кызматтарынан жана инструменттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.  

Бүтүндөй алганда, тажрыйба алмашуу иши борбордук (улуттук) банктардын өкүлдөрү катышуучулар ортосунда кесибине тиешелүү маселелер боюнча сүйлөшүү, жигердүү катышуу жана пикир алышуу менен коштолгон.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Б.Ж. Жеенбаева “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКка лицензия тапшырды 

Улуттук банк төлөм системалары операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензиары катары тиешелүү лицензияларды берүүнү жүзөгө ашыра баштады. Алсак, 2015-жылдын 28-майында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Б.Ж. Жеенбаева тарабынан “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын башкы директору У.Т.Жамалидиновго № 2001120515 лицензия тапшырылды.  

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК улуттук ЭЛКАРТ төлөм карттары менен эсептешүү системасынын оператору болуп саналат. Бул лицензия аталган коомго үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоого укук берет.  

Маалымат үчүн:  

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК, Нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында Улуттук банктын жана 11 коммерциялык банктардын катышуусунда 2004-жылдын август айында уюштурулган, анын негизги максаттарынын бири эл аралык төлөм системаларынан көз карандысыз, бүтүндөй өлкө ичинде колдонулган банктык төлөм карттары пайдаланылуучу Улуттук төлөм системасын түзүү.  

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК Кыргыз Республикасынын 24 коммерциялык банктарынын ичинен 23 банкка ЭЛКАРТ банктык карттарын чыгаруу жана тейлөө боюнча кызматтарды сунуштайт, ошондой эле ал эл аралык системалар картын, кредиттик карттарды чыгаруу, акча каражаттарын бир карттан экинчи картка которуу, коммуналдык кызматтар, салыктык төлөмдөр үчүн төлөө кызматтарын көрсөтөт.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн мыкты дил баян, мыкты ыр саптары жана мыкты сүрөттөр боюнча республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылгандыгын маалымдайт 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу иш-чарасынын алкагында мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн мыкты дил баян, мыкты ыр саптары жана мыкты сүрөт боюнча республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылгандыгын маалымдайт. Төмөндө үч номинация боюнча жеңүүчүлөр таблицасы келтирилген. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2015-жылдын 1-июнунда саат 15:00дө Улуттук банктын Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан имаратында өтөт (Бишкек шаардык Мэриясынын жанында). Имаратка кирүүгө уруксат берүүчү документтерди тариздөө жана бардык башка суроолор боюнча (0 312) 66 90 09, (0 312) 66 91 34 телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.  

“Эң мыкты дил баян” номинациясында жеңүүчүлөрдүн тизмеси  

6-10 жаш курак категориясы 

Ураимова Айтурган 

Баткен шаары 

II 

Замирбекова Элима 

Бишкек шаары, №63 орто мектеби, 2 «А», 

III 

Нурадинова Айпери 

Талас шаары, №2 орто мектеби, 2 «Г» 

Кызыктыруучу белектер 

 

Мамытова Медина 

Чолпон-Ата шаары SOS балдар айылы 

11-15 жаш курак категориясы, кыргыз тилинде жазылган дил баян 

Мамарасулова Жанылай 

7 «А», Баткен шаары 

II 

Асанова Мээрим 

Бишкек шаары № 81 орто мектеби, 9 «А» 

III 

Байматова Ай-Данек 

Жалал-Абад шаары 

Кызыктыруучу белектер 

 

Турсалыева Айдай 

Талас шаары 

Мавленова Бучур 

Талас шаары, 9 класс 

Мунира Жанкарач кызы 

Талас шаары, 9 класс 

Базарбаева Айпери 

Бакай-Ата району, 9 класс 

Абасканов Нурэл 

Талас шаары, №3 гимназия 5 «Н» 

11-16 жаш курак категориясы, орус тилинде жазылган дил баян  

Гирина Лилия 

Бишкек шаары, №39 орто мектеби, 11 «Б», 

II 

Пак Дмитрий 

Бишкек шаары, №67 орточ мектеби 11 «В», 

III 

Кушунова Айканыш 

Талас шаары, №2 орто мектеби 5 «Б», 

Кызыктыруучу белектер 

 

Насырова Чолпон 

Ново-Павловка №1 мектеп-лицей, 8 «А» 

Тукаев Асим 

7-класс, БКТЭЛ 

Саякбаева Уулжан 

Бишкек шаары, №17 УВК, 9 «Д», 

Зайнулина Эльвира 

Бишкек шаары, №67 орто мектеби, 11-класс 

Сапарбеков Чынгыз 

Бишкек шаары, №47 орто мектеби, 5 «Б» 

Раатбек кызы Нуриза 

Бишкек шаары, №29 мектеп-гимназия, 10 «А» 

10 

Саитова Дильфуза 

№ 26 орто мектеби, 14 жашта 

“Эң мыкты ыр саптары” номинациясында жеңүүчүлөр тизмеси  

11-16 жаш курак категориясы, кыргыз тилинде ыр саптары: 

Жанышбекова Тахмина 

Талас шаары, 5 «А», 

II 

Абдисаматов Мусурманбек 

Баткен шаары, 10 «А» 

III 

Жантору уулу Бекжигит 

Баткен шаары, 8 «Г»  

Кызыктыруучу белектер 

 

Акынали кызы Айчурок 

Баткен шаары, 8 «Г» 

Анарбаева Каратматхан 

Баткен шаары, 7 «Б» 

Нурланбек кызы Буажар 

Баткен шаары, 5 кл. 

Темиралиев Арлен 

Талас шаары 

Жаныбекова Айдана 

6 «А», SOS балдар үйү, № 14 

11-16 жаш курак категориясы, орус тилиндеги ыр саптары: 

Тагайбекова Раяна 

Бишкек шаары, №63 мектеп-гимназия, 11 «В» 

II 

Сибо Альбина 

Бишкек шаары, №29 мектеп-гимназия, 10 «В» 

III 

Шаршенбек кызы Адели 

Бишкек шаары №70 УВК, 9 «М1», 

Кызыктыруучу белектер 

 

Мурынбаев Адылкан 

Бишкек шаары, №29 орто мектеби, 8 «В», 

Улумбекова Элина 

ШК № 33, г. Бишкек шаары, №33 мектеби 

Саматов Залкарбек 

Бишкек шаары, № 70 УВК ГК, 9 «Б», 

Мамырбаева Зарина 

Бишкек шаары, №63 мектеп-гимназия, 11 «Б», 

Чекушкин Никита 

Бишкек шаары №29 мектеп-комплекси, 8 «В», 

Тазабек уулу Султанбек 

Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназия, 9 «Д» 

10 

Абдукеримова Асель 

5 «В», ШК № 1, г.Жалал-Абад шаары, №1 мектеп-комплекси 

“Эң мыкты сүрөт” номинациясында жеңүүчүлөр тизмеси  

6-10 жаш курак категориясы 

Чернявская Арина 

4 М1, УВК ГК № 70, г.Бишкек 

II 

Скляр Даниил 

«Балажан» республикалык эстетикалык тарбиялоо борбору 

III 

Абасканов Нурэл 

Талас шаары 

Кызыктыруучу белектер 

 

Жумаева Элиза 

Бишкек шаары, №27 орто мектеби, 2 «Б», 

Балакбаева Айсулуу 

Бишкек шаары, 36 мектеп-гимназия, 4-класс 

Прасолов Артур 

№ 27 орто мектеби, 2 «Б» 

Абасканов Байэл 

Талас шаары, 2-класс 

Салтанат Болотбек кызы 

Бишкек шаары, №6 мектеп-гимназия, 4 «В», 

11-16 жаш курак категориясы 

 

Тоотаев Кубанычбек 

Бишкек шаары, № 63 мектеп-гимназия, 11 «Б», 

II 

Шаршенбек кызы Аделя 

9М1, УВК № 70, г.Бишкек шаары, 

III 

Шарапова Даяна 

Бишкек шаары, №70 мектеп, 15 жашта 

Кызыктыруучу белектер 

 

Бурканова Линара 

Бишкек шаары, №26 орто мектеби, 11 жашта 

Саякбаева Уулжан 

Бишкек шаары, №17 мектеби, 9 «Г», 

Мамарасулова Жанылай 

Баткен шаары, 7 «А» 

Асхат кызы Бегимай 

Бишкек шаары №47 орто мектеби, 6 «А» 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 9,50 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 25-майында эсептик чен өлчөмүн 150 базистик пунктка, 9,50 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. 

Инфляция арымынын басаңдоосу байкалууда. Ошол эле учурда экономикалык өсүш, мурдагыдай эле тышкы факторлордун таасиринен көз каранды. Соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык жагдайлардын белгисиздиги, тышкы соода жана акча которуу каналдары аркылуу өлкөбүздүн экономикалык өсүш арымына басаңдатуучу таасирин тийгизүүдө.  

Май айынын орто ченине карата абал боюнча инфляция жылдык мааниде алганда 2014-жылдын акырындагы 10,5 пайыздан 6,4 пайызга чейин төмөндөгөн. 2015-жылдын январь-апрель айларындагы жогорку экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү (7,0 пайыз), эң башкысы “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен шартталган. “Кумтөр” ишканасын эске албаганда, ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 3,7 пайыз чегинде катталган (2014-жылдын январь-апрель айларында 4,2 пайыз).  

Тышкы жана ички суроо талаптын басаңдашы тобокелдигин, ошондой эле инфляциялык процесстер динамикасын эске алуу менен Улуттук банк өлкө экономикасындагы жагдайларга мониторинг жүргүзүүнү жана мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде акча-кредит саясатында белгиленген, анын ичинде экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө багытталган зарыл чараларды көрүүнү улантат. Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүк келечекте инфляцияны 5-7 пайыз деңгээлине чейин жеткирүүгө жана аны колдоп турууга багытталат, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын орто мөөнөттүк мезгилге каралган негизги багыттарында белгиленген.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча маселе кароого алынуучу кийинки отурум 2015-жылдын 29-июнуна пландаштырылган.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов журналисттерге акча-кредит саясатынын жыйынтыгы жана эсептик чен өлчөмүнүн өзгөрүшүнүн себептери тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, 2015-жылдын 26-майында өткөн пресс-конференцияда Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Раушан Сейткасымова катышты.  

Пресс-конференция акырында журналисттер суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген: 

1. «Фортуна Капитал» ЖЧК (2015-жылдын 26-майындагы №5289 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3284. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 284. 

2. «Акура Норд» ЖЧК (2015-жылдын 26-майындагы № 5290 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3285. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 148/3 үй. 

3.  «Амина плюс» ЖЧК (2015-жылдын 26-майындагы № 5291 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3286. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 182 үй ("Рубин" ювелирдик борбору). 

4. Ломбард «Элайф» КЖК (2015-жылдын 26-майындагы № 5292 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3288. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кольбаев көчөсү, 68. 

5.  «Кудряшка Сью» ЖЧК (2015-жылдын 26-майындагы № 5293 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3289. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 122. 

6.  «Нарын-Ачакей» ЖЧК (2015-жылдын 26-майындагы № 5294 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3290. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 үй. 

7.  «Имин Салим» ЖЧК (2015-жылдын 26-майындагы № 5295 нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы). Алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөн номери № 3291. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 266. 

Кошумча алмашуу бюролорун каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө кат төмөнкү юридикалык жактарга берилгендигин белгилей кетүү зарыл: 

1)  «ЭДЭМ Компани» ЖЧК 2015-жылдын 29-майындагы № 3292 лицензиясы. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, аэропорт «Манас», 2-кабат (батыш бөлүгү). 

2)  «ДАТИ» ЖЧК 2015-жылдын 28-майындагы № 3287 лицензиясы. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Аэропорт Манас, 1-кабат (чыгыш бөлүгү). 

Төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары жокко чыгарылган: 

1. Жеке ишкер Муталипов Дильшат Раимжоновичтин нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 29-майындагы №4960 лицензиясы жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 182 ("Рубин" ювелирдик борбору).