Кайта келүү

 Конъюнктура: 7 - 11 сентябрь

 

Кытай Эл банкынын Үрүмчүдөгү филиалынан делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына иш сапары менен келди 

 

Кытай Эл банкынын Үрүмчүдөгү борбордук филиалынын президенти Гуо Жянвей баштап келген делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле республиканын коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Бишкек шаарына келген. 

Делегациянын курамында Кытай Эл банкынын Монетардык саясат боюнча II департаментинин башкы директорунун орун басары Жоу Ченгюн (Zhou Chengjun), Монетардык саясат департаментинин өкүлү Йин Ханг (Yin Hang), Үрүмчүдөгү борбордук филиалдын башкы административдик бөлүмдүн директору Ксинг Хюй (Xing Hui),ушул эле филиалдын Эсептешүүлөр бөлүмүнүн директору Жанг Гуоксин (Zhang Guoxin) болушкан.  

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын борбордук банктарынын ортосунда валюталык своп келишимин түзүү, эсептешүү, төлөм операцияларын жүргүзүү, сом-юань валюталарын тике алмашуу жана тиешелүү маалыматтар менен алмашып туруу маселелерин камтыган меморандумга кол коюуга даярдануу Кытай Эл банкынын өкүлдөрүнүн иш сапарынын негизги максатынан болгон. 

Кытай Эл Республикасынын Үрүмчүдөгү борбордук филиалынын өкүлдөрү маалымдагандай эле, алар мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын ортосунда 2003-жылы кол коюлган төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча түзүлгөн жана учурда колдонулуп жаткан келишимди, чек ара жанындагы соода операциялары боюнча эсептешүүлөрдөн өлкөлөр ортосунда соода жүргүзүү, ошондой эле инвестиция жагында кызматташууга багыттоо менен кеңейтүүгө ниеттенишүүдө

Үрүмчүдөгү борбордук филиалдын президенти Гуо Жянвей менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов кытай тараптын сунуштары учурда Улуттук банктын эксперттери тарабынан кылдат талдап иликтөөгө алынып жаткандыгын билдирип, бир катар маселелер, анын ичинде Улуттук банктын кытай валютасында инвестициялоо мүмкүнчүлүгү, Улуттук банктын кытайдын финансы рыногуна, ал эми республиканын коммерциялык банктарынын кытай рыногуна аралашуусу, ошондой эле алардын Кытай Эл Республикасында филиалдарды ачуусу сыяктуу маселелерди чечүү жагында олуттуу иштер алдыда тургандыгын баса белгилеген.  

Иш сапарынын жүрүшүндө Кытай Эл банкынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Т. Абдыгулов менен гана эмес, Төраганын орун басары Б. Жеенбаева, Н. Жениш, ошондой эле Улуттук банктын негизги башкармалыктарынын жетекчилери менен жолугушуп, өлкөнүн банк секторунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен республиканын коммерциялык банктарынын ортосунда юань валютасында бүтүмдөргө келишүү эрежелерин аныктоо, Улуттук банк менен Кытай Эл банкынын, кытай коммерциялык банктары менен Кыргызстандын коммерциялык банктарынын ортосунда юань жана сом менен эсептешүүлөрдү уюштуруу сыяктуу орчундуу маселелер жана бир катар башка маселелер мына ушул сүйлөшүүлөрдүн негизги темасынан болгон.  

 

 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензия/күбөлүктөр берилген: 

1. МФК «АИМ Кредит» ЖАКка 2015-жылдын 8-сентябрында улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна №008 лицензия берилген. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо атындагы көчө, 28-үй, 4-кеңсе. 

2. «Рахат плюс» ЖЧКсына 2015-жылдын 10-сентябрында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5369 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери №3350. Дареги: Бишкек шаары, Дэн Сяопин атындагы проспект, 2/1-үй. 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. МКК «АИМ Кредит» ЖАКка 2012-жылдын 19-апрелинде берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №449 күбөлүк, ал МФК «АИМ Кредит» ЖАКка өзгөртүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу жокко чыгарылган (2015-жылдын 8-сентябрындагы №008 лицензиясы). 

2. Жеке ишкер Абасов Расул Гаджиевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 5-сентябрында берилген №5047 лицензия колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 125-31-үй.