Кайта келүү

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын монеталары   

 

«Ат чабыш» монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары таканын элеси түшүрүлгөн ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Монетанын алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын аталышы «Ат чабыш / At Chabysh» деген жазуу, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, монетанын жогору жана төмөн жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген. 

 

  «Кыргыз күрөш» монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген.    

Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган. Ал эми оюу-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» жазуусу түшүрүлгөн.    

1 сом номиналындагы «Кыргыз күрөш» жез-никель монетасынын дизайны бирдей аталыштагы 10 сом номиналындагы күмүш монетасынын дизайны менен туура келет.    

   

«Улак тартыш» монетанын алдыңкы бетинде улакты эңип алып чаап бара жаткан атчандын сүрөтү негизги сюжетин түзөт. Тоонун элесин чагылдырган толкун сызыктар оюндун жүрүшүн чагылдырат. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюунунун логотиби түстүү ыкмада түшүрүлүп, монетанын "Улак тартыш" деген аталышы рун жазуулары менен бастырылган. Ал эми монетанын сол жагында улакты эңип алып, чаап бара жаткан атчандын жана башка оюнчулардын элестери берилген. Күмүш монетанын оң жагында анын салмагы (31,10г) жана сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. 10 сом номиналы монетанын төмөн жагында берилген.   

Монетанын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетин тегерете "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games" жазуусун көрүүгө болот. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).   

1 сом номиналындагы «Улак тартыш» жез-никель монетасынын дизайны бирдей аталыштагы 10 сом номиналындагы күмүш монетасынын дизайны менен туура келет.    

  

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» монетанын алдыңкы бетинде көчмөндөр оюндарынан сюжеттер чагылдырылган. Монетанын чок ортосунда тампондук ыкмада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөн. Монетанын кырын тегерете "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/ World Nomad Games" жазуусу, ал эми төмөн жагында  монетанын номиналы (10 сом), монетанын салмагы (31,10) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жана көчмөндөрдүн ыйык турагы  боз үйдүн элеси чагылдырылган. Монетанын чыгарылган жылы төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлгөн (2016).    

Монеталардын мүнөздөмөлөрү:  

   

Монетанын аталышы  

Номиналы  

Металлы   

(сапат белгиси)  

Салмагы  

(г)  

Өлчөмү   

(мм)  

Сапаты  

Нускасы  

(даана)  

Сатуу баасы   

(сом)  

Ат чабыш  

10 сом  

күмүш 925 

31,10   

38,61*38,61 

Proof 

1 000  

5 580 

Кыргыз күрөш    

10 сом      

күмүш 925°   

31,10   

38,61*38,61   

proof    

1 000   

2 965    

Кыргыз күрөш    

1 сом      

жез-никель    

12,00   

30,00*30,00   

proof-like    

5 000   

620    

Улак тартыш      

10 сом    

күмүш 925°   

31,10   

38,61*38,61   

proof    

1 000     

Сатуу аяктаган    

Улак тартыш

1 сом    

жез-никель    

12,00   

30,00*30,00   

proof-like    

5 000    

700    

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  

10 сом    

күмүш 925°   

31,10   

38,61*38,61   

proof    

1 000     

Сатуу аяктаган