> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы коллекциялык монеталары 

  

«Кыргыз күрөш» монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген.   

Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган. Ал эми оюу-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» жазуусу түшүрүлгөн.   

1 сом номиналындагы «Кыргыз күрөш» жез-никель монетасынын дизайны бирдей аталыштагы 10 сом номиналындагы күмүш монетасынын дизайны менен туура келет.   

  

«Улак тартыш» монетанын алдыңкы бетинде улакты эңип алып чаап бара жаткан атчандын сүрөтү негизги сюжетин түзөт. Тоонун элесин чагылдырган толкун сызыктар оюндун жүрүшүн чагылдырат. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюунунун логотиби түстүү ыкмада түшүрүлүп, монетанын "Улак тартыш" деген аталышы рун жазуулары менен бастырылган. Ал эми монетанын сол жагында улакты эңип алып, чаап бара жаткан атчандын жана башка оюнчулардын элестери берилген. Күмүш монетанын оң жагында анын салмагы (31,10г) жана сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. 10 сом номиналы монетанын төмөн жагында берилген.  

Монетанын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын арткы бетин тегерете "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games" жазуусун көрүүгө болот. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).  

1 сом номиналындагы «Улак тартыш» жез-никель монетасынын дизайны бирдей аталыштагы 10 сом номиналындагы күмүш монетасынын дизайны менен туура келет.   

 

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» монетанын алдыңкы бетинде көчмөндөр оюндарынан сюжеттер чагылдырылган. Монетанын чок ортосунда тампондук ыкмада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөн. Монетанын кырын тегерете "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/ World Nomad Games" жазуусу, ал эми төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом), монетанын салмагы (31,10) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жана көчмөндөрдүн ыйык турагы боз үйдүн элеси чагылдырылган. Монетанын чыгарылган жылы төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлгөн (2016).   

Монеталардын мүнөздөмөлөрү

  

Монетанын аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(сапат белгиси) 

Салмагы 

(г) 

Өлчөмү 

(мм) 

Сапаты 

Нускасы 

(даана) 

Сатуу 

баасы 

(сом) 

Кыргыз күрөш   

10 сом     

күмүш 925°  

31,10  

38,61*38,61  

proof   

1 000  

2 965   

Кыргыз күрөш   

1 сом     

жез-никель   

12,00  

30,00*30,00  

proof-like   

5 000  

620   

Улак тартыш    

10 сом   

күмүш 925°  

31,10  

38,61*38,61  

proof   

1 000    

Сатуу аяктаган   

Улак тартыш

1 сом   

жез-никель   

12,00  

30,00*30,00  

proof-like   

5 000   

700   

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 

10 сом   

күмүш 925°  

31,10  

38,61*38,61  

proof   

1 000    

Сатуу аяктаган   

  

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.  

Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.    

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.