Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдети
Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары – токтом долбоору) колдонуудагы таасир этүүчү чаралары, анын ичинде тике банктык көзөмөл режими боюнча банктардын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча практиканын талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан. Ошондой эле долбоор лицензиялоо жана банктардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү караштырган.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Токтом долбоорунун алкагында Улуттук банктын колдонуудагы тассир этүүчү чаралар боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптары практикада Улуттук банктын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сунуштары боюнча жакшыртылууда.
Долбоорго ылайык:
1) айрым таасир этүүчү чаралар боюнча аныктамалар каралган;
2) кызмат адамынын орточо жылдык сый акысын эсебин чыгаруу боюнча формула каралган;
3) тике банктык көзөмөл режими боюнча талаптар актуалдаштырылды. Мында, контролерлордун ыйгарым укуктары жана милдеттери боюнча талаптар такталды, операцияларды токтотуп туруу боюнча талаптар берилди, ошондой эле тике банктык көзөмөлдү ишке ашырууга каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө акт боюнча талаптар берилди;
4) Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жана Юридикалык башкармалыгынын пикирин апеллянтка электрондук почта аркылуу жиберүү мүмкүнчүлүгү каралган;
5) банк ишин лицензиялоо жөнүндө Жобого айрым тактоолор киргизилди.
Ошентип, долбоор менен сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор таасир этүүчү чаралар боюнча талаптарды конкретизациялоого багытталган, бул келечекте жөнгө салуучу жана банктар ортосунда таасир этүүчү чаралар боюнча талаптарды түшүнүү жана колдонууда пикир келишпестиктерди жок кылууга шарт түзөт. Ошентип, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жөнгө салуучу тарабынан сапаттуу жана эффективдүү көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан кенетмелерди жок кылууга багытталган.
Тике банктык көзөмөл боюнча талаптар ошондой эле практиканын талаптарын эске алуу менен актуалдаштырылган. Мындан тышкары, Тике банктык көзөмөл режиминин нормалары анын ичинде Дүйнөлүк банктын консультанттарынын комментарийлерин эске алуу менен жакшыртылууда. Тактап айтканда, SECO максаттык фондунун эсебинен каржыланган финансылык секторду өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтыктыктын алкагында, Дүйнөлүк банктын консультанттары борбордук банк үчүн каралып жаткан режимди ишке ашырууда ар кандай тобокелдиктерди жок кылуу максатында тике банктык режиминин талаптарындагы кенетмелерди жок кылуу максатында жакшыртуу керек экендиги тууралуу позициясын билдиришкен.
Токтом долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө жобо» тууралуу»;
- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 токтому менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П12/24-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өткөрүлүүгө жана жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.
Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Улуттук банктын расмий-интернет сайтына жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо
Сунуш кылынган долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Долбоордун кабыл алынышы кошумча каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикага ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2021-жылдын ___ ____________
№ _________________________ токтомуна карата
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун:
- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«19. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдору, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниктеринин жазма буйруктары, каттары менен тариздетилиши мүмкүн. Мында бул документтер аткарууга милдеттүү деп саналат.
Улуттук банк, Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорундагы же көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктарында же каттарында камтылган талаптарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн катуураак таасир этүүчү чараларды колдонууга укуктуу.»;
- 21-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«21. Белгиленген убакытта аткарылышы милдеттүү болгон жазма түрүндөгү көрсөтмөнү камтыган Улуттук банктын таасир этүүчү чарасы жазма буйрук деп аталат.»;
пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Жазма буйрук банктын ишинде орун алган кемчиликтерди четтетүү үчүн жана аларды өз убагында четтетүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөгөн учурда келип чыгышы ыктымал болгон көйгөйлөрдү алдын алуу, корректировкалоо жана эскертүү максатында колдонулат.»;
- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«23. Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын бул жазма буйрукту демилгелеген жооптуу түзүмдүк бөлүмү белгиленген мөөнөт ичинде жазма буйруктун талаптарынын аткарылышын же туура эмес аткарылышын контролдойт, ал аткарылбаган учурда дароо тиешелүү чара, анын ичинде катуураак таасир этүүчү чараларды колдонуусу көрүлөт.»;
- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«24. Банк, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берген шартта, анын ичинде Улуттук банктын башка таасир этүү чараларын аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Улуттук банктын акчалай жаза түрүндө колдонулуучу таасир этүүчү чарасы айыптык төлөм деп аталат.
Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети төмөнкү өлчөмдө айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу:
1) банкка карата – уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн он пайыздан ашпаган өлчөмдө;
2) банктын кызмат адамына карата – төлөөнүн бардык түрлөрүн кошо алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө (эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.).
Орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
B/3/29,6*365,
мында:
В – банктын кызмат адамына карата төлөөнүн бардык түрлөрүн (эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда үч айдын сый акысы;
3 – айлардын саны;
29,6 – календардык күндөрдүн орточо айлык саны;
365 – бир жылдын ичиндеги күндөрдүн саны.»;
- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«32. Талап коюу – Улуттук банктын банкты төмөнкү иш-аракеттерди же чараларды аткарууга милдеттендирген таасир этүү чарасы:
- банкты финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;
- банкта кайталап/атайы тышкы аудит жүргүзүү;
- банктын акцияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде сатуу;
- администрациялык чыгашаларды кыскартуу;
- банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү;
- банктын саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун:
- 2.2.-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Банкта тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерди дайындаган Көзөмөл боюнча комитетинин токтомунда
контролердун(-дордун) кол тамгасынын(-ларынын) үлгүлөрү көрсөтүлөт.»;
- 2.2.2. -пункту төмөнкү редакцияда көрсөтүлсүн:
«2.2.2. Тике банктык көзөмөлдү ишке ашырууда банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм операцияларын жүргүзүүсүн контролдоо үчүн зарыл учурларда Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жана банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында ишке ашырылган операциялар боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызматкерлерин ишке тартышы мүмкүн.»;
- 2.3. пунктунда:
төртүнчү абзацта «контролерлор тобунун жетекчиси» деген сөздөр «контролердун/ контролерлор тобу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацта «контролерлор тобунун» деген сөздөр «контролердун/ контролерлор тобунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзацта «контролерлор тобуна» деген сөздөр «контролерго/ контролерлор тобуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.5. пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 2.6. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2.6. Банктын эсептешүү жана кассалык операцияларына контролдукту болжолдогон тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууда Көзөмөл боюнча комитет төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:
- банк эсептешүү жана кассалык операцияларын (бардыгын же айрымдарын) текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси менен макулдашкандан жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунда белгиленген колунун үлгүсү жана ошол эле колу коюлгандан кийин гана жүргүзүүгө тийиш экендиги талабын;
- банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын убактылуу токтотуу боюнча контролерлор тобунун/контролердун ыйгарым укуктарын жана ал боюнча чечимдерди Улуттук банктын жетекчилиги менен макулдашуу тартибин;
- эсептешүү жана кассалык операциялары боюнча суммалардын максималдуу өлчөмүн, банк көрсөтүлгөн суммадан жогору өлчөмдө операцияларды контролер/контролерлор тобунун жетекчиси макулдашуусуз жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунда белгиленген колунун үлгүсү жана ошол эле колу коюусуз жүргүзүүгө укугу жок;
- тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу контролерго макулдашуу жана/же ага маалымдоо тартибин көрсөтүү менен банктын анда текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси дайындалбаган филиалдары (сактык жана көчмө кассалары) тарабынан эсептешүү жана кассалык операцияларын жүргүзүү режимин.»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.6-1. пункту менен толукталсын:
«2.6-1. Контролер/контролерлор тобу Улуттук банк менен айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде макулдашат. Көрсөтүлгөн мөөнөт, эгерде зарыл болсо, кошумча 3 (үч) жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.
Бул талап террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик актыларына ылайык токтотулган операцияларга таркатылбайт.
Операция кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу деп шектелип, операция убактылуу токтотулган учурда, мындай операцияны токтото туруу террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Банк эсептешүү жана кассалык операцияларды жүргүзүү боюнча ыкчам жана туура чечимдерди кабыл алуу үчүн контролерго/контролерлор тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Контролер/контролерлор тобу банктын айрым эсептешүү жана кассалык операцияларын токтотуу учурда, банк мындай токтотууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды өзүнө алат.»;
- 2.7. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2.7. Тике банктык көзөмөл киргизилген күндөн жана банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын жеринде контролго ала турган контролер/контролёрлор тобу дайындалган күндөн кечиктирбестен, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тике банктык көзөмөл киргизилген уюмга Көзөмөл боюнча комитетинин токтомунда контролерлодун кол тамгаларынын үлгүлөрүн сунуштайт. Аралыктан тейлөө системасы аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм уюму аралыктан тейлөө системасында жүргүзүлүүчү эсептешүүлөр боюнча макулдашуу функциясын контролерго/контролёрлор тобунун жетекчисине берүүгө тийиш. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда төлөм уюмун тейлеген коммерциялык банк тике банктык көзөмөл киргизилген мезгил ичинде аралыктан тейлөө системасы аркылуу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө контролерго/контролёрлор тобунун жетекчисине маалымдоого тийиш (бул пункт коммерциялык банк менен төлөм уюму ортосунда кол коюлган келишимде камтылууга тийиш). Банктын/ төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдардын кызматкерлеринин Көзөмөл боюнча комитетинин токтомунда контролердун кол тамгасынын үлгүсү белгиленген жана ошол эле кол тамга жок болсо, кол тамга жараксыз деп эсептелет.
Макулдашылган бүтүм жөнүндө документке контролердун колунун болушу, экинчисинин банктын бүтүмдү жүзөгө ашыруу ниети менен тааныш экендигин жана ага тиешелүү Көзөмөл боюнча комитетинин токтомунда белгиленген талаптарга ылайык ага макулдугун билдирет.
Банк, жүргүзүлүп жаткан операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келиши үчүн толугу менен жооп берет.»;
- 2.8. - пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2.8. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында тике банктык көзөмөл жүргүзүлө турган мөөнөттү белгилейт, ошондой эле банк Башкармасы/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилери жана контролёрлор тобунун жетекчиси тарабынан Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Көзөмөл боюнча комитетке/Төлөм системасы боюнча комитетке сунушталуучу отчеттордун мезгилдүүлүгүн аныктайт. Көзөмөл боюнча комитет/Төлөм системасы боюнча комитет отчетторду же/жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн маалыматтарды кароонун жыйынтыгы боюнча тике банктык көзөмөлдү узартууга же токтотууга (мөөнөтүнөн мурда) укуктуу.»;
- 2.10 - пунктунун биринчи сүйлөмүндө «контролерлор тобуна» деген сөздөр «контролерлорго/контролерлор тобуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.2. - пунктунун:
биринчи абзацындагы «жетекчисинин» деген сөз «контролердун/жетекчисинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- банктын финансылык абалын жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүн изилдөө, башкаруу ишинин сапатын, эсепке алуу жана отчеттуулукту, абалдын начарлап кетүүсүн шарттаган потенциалдуу тобокелдикти камтыган кайсы гана болбосун иш багытын кылдат иликтөөгө алуу, каржылык абалын изилдөө жана анализдөө жүргүзүү;»;
төртүнчү абзацындагы «акчалай эсептешүү» деген сөздөр «эсептешүү жана кассалык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.4. -пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«Тике банктык көзөмөл шартында банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын иши, анын ичинде банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы, операциялар/бүтүмдөр боюнча эсептөөлөрдүн тууралыгы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди төмөндөтүү, алардын ишиндеги бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролёрлор тобунун жетекчисине банкты/төлөм системаларынын операторлорун/төлөм уюмдарын түптөлгөн жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, туруктуу негизде берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат.»;
- 4.5. -пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«Банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги контролерго/контролёрлор тобуна көмөк көрсөтүүгө жана банктын Директорлор кеңешинин (болгон учурда) жана банк Башкармасынын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын аткаруу органынын отурумдарына даярдалган отурум өткөрүлгөнгө чейин бардык материалдарды кошо алганда, так жана туура маалыматтар менен документтерди берүүгө милдеттүү.
Тике банктык көзөмөлдөө максатында контроллерлор тобунун жетекчиси/ мүчөлөрү, зарыл болгон учурда, банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнөн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укуктуу. Маалымат берүүдөн баш тарткан/бербеген учурда же толук эмес/так эмес маалыматтарды берген учурда, ошондой эле маалыматты өз убагында бербеген учурда, контролерлор тобунун жетекчиси/мүчөлөрү банктан же ага катышкан кызматкерден/катышычуу адамдардан жана алардын жетекчилеринен түшүндүрмөлөрдү талап кылууга укуктуу.
Толук эмес/так эмес маалыматтарды берүүдөн/бербөөдөн же берүүдөн баш тартуу, ошондой эле маалыматты өз убагында бербөө, тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы чыгууга барабар жана Улуттук банк тарабынан тиешелүү таасир этүү чараларды колдонууга негиз болуп саналат.
Ошондой эле банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдарын тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды (жай, компьютер, байланыш каражаттары ж.б.) камсыз кылууга милдеттүү.
Банктын жетекчилиги/төлөм системаларынын операторлор/төлөм уюмдар (төлөм системаларынын операторлорунын/төлөм уюмдарынын банктын башкармалыгынын/аткаруучу органынын мүчөлөрү):
- контролерго/контролёрлор тобуна банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында аудио/видео жазууларды жүзөгө ашыра турган, аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай бөлүп берүүгө;
- үчүнчү жактардын контролерго/контролёрлор тобуна берилген жайга аудио/видео жабдууларды орнотууга тиешелүү кандай болбосун аракеттерине тыюу салууга;
- банктын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана контролердун/контролёрлор тобунун документтерин сактоо коопсуздугун камсыз кылууга;
- тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга;
- тышкы электрондук почтадан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
- банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана/же анын кызматкерлери тарабынан контролердун/контролёрлор тобунун компьютердик жумушчу станцияларында толук купуялуулук режиминин сакталышын камсыз кылууга.»;
- 4.6. -пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«4.6. Банк ишине тике банктык көзөмөл банктын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын, ошондой эле контролердун/контролёрлор тобунун төмөнкүлөрдү камтыган отчетторун жана маалыматтарын кошо алганда, банктык отчеттордун (мезгил аралыгы Комитет тарабынан аныкталат) негизинде жүзөгө ашырылат:
- көйгөйлүү (мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген, классификацияланган, пролонгацияланган, реструктуризацияланган) активдерди (активдин сапатынын начарлап кетүү себептерин иликтөө, активдерди/кредиттерди, анын ичинде банктын системадан тышкары эсепке алуусундагы суммаларды кайтарып алуу боюнча көрүлгөн чаралар, ликвиддүүлүк жана күрөө менен камсыз кылуу абалы ж.б. жөнүндө маалыматтар.);
- тобокелдиктүү активдерди жана күрөө менен камсыз болбогон активдерди бөлүп көрсөтүү менен бардык активдерди классификациялоо (анын ичинде жакынкы аралыкта (бир жумадан ашпаган мөөнөттө) активдердин сапатындагы өзгөрүүлөргө жана классификациялануусуна баа берүү/болжолдоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга түптөлгөн камдардын өлчөмү тууралуу (мындан ары – РППУ).
Мында активдерди классификациялоо контролерлор тобу тарабынан банктын тобокелдик профилин жана ошондой эле зарылчылыкка жараша деталдуу изилдөөгө тийиш болгон тобокелдикти башкаруу сапатын эске алуу менен тандалма түрүндө каралат.
- ликвиддүүлүктүн учурдагы абалы (банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин түзүмү; күндөлүк милдеттенмелердин аткарылышына болжолдоолор, каржылоо булактары боюнча маалыматтар, активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүндөгү айырмачылыктар тууралуу маалымат, ж.б.);
- банк жетекчилигинин кызматтык милдеттерин аткаруусу учурунда, мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык иш коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга жөндөмдүүлүгү (жөндөмсүздүгү).»;
- 4.8. -пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«4.8. Банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана/же анын кызмат адамдары Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдү киргизүү жөнүндө токтомун аткаруудан баш тарткан же тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан учурда, ошондой эле Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун ченемдерин, анын ичинде Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомунун айрым пункттарын бузууга жол берген учурда, контролёрлор тобу тарабынан тике банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү тууралуу акт түзүлүп (мындан ары-каршы аракеттенүү тууралуу акт), ага контролёрлор тобунун жетекчисинин жана бардык мүчөлөрүнүн, тике банктык көзөмөл режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарды жараткан банктын, кызматкерлеринин колу коюлат (1 жана 2-тиркеме).
Банк тарабынан каршы аракеттенүү актысына кол коюудан баш тартылган учурда, банктын өкүлү кол коюудан баш тартуу белгиси менен, түзүлгөн актынын бир нускасы Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн коштомо каты менен банкка жөнөтүлөт.
Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу актысы датаны, кириш номерин жана ушул документти каттаган адам жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, корреспонденция катары банкта/төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарда катталууга тийиш.
Банк тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу актысын кабыл алуудан жана каттодон баш тарткан учурда, акт контролерлор тобу тарабынан Улуттук банкка тике банктык көзөмөлдү ашырууга тоскоолдук жараткан жактарга чараларды көрүү үчүн жиберилет.
Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу акт Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн расмий документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка же анын кызмат адамдарына карата чараларды колдонуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн.
Банк/төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан ушул жобонун, Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Көзөмөл боюнча комитеттин/Төлөм системасы боюнча комитеттин токтомдорунда белгиленген тике банктык көзөмөл режиминин талаптарын (тапшырмаларды, чектөөлөрдү) бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк банк жана төлөм мыйзамдарына ылайык, банкка/төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана анын жетекчилигине карата, банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын
20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» жобонун:
24-пунктунда:
биринчи абзацта «билдирилет» деген сөз «билдирет» дегенге алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Тике банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү тууралуу акт Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн расмий документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банкка же анын кызмат адамдарына карата чараларды колдонуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун:
- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«4. Улуттук банк ага карата чечим кабыл алган кайсыл болбосун адам ушул жободо белгиленген тартипте териштирүү ишин жүргүзгөн адамга же органга ошол чечимди даттанууга укуктуу.»;
- 11-пунктунда:
1-подпунктунда «дареги деген сөз «анын ичинде электрондук дареги» деген сөздөр менен толукталсын;
2-подпунктунда «дареги деген сөз «, электрондук дареги» деген сөздөр менен толукталсын;
3-подпунктунда «дареги деген сөз «, электрондук дареги» деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Жогоруда көрсөтүлгөн пикир апеллянтка электрондук почта аркылуу жиберилиши мүмкүн. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жана Юридика башкармалыгынын пикири ушул пунктта каралган мөөнөттөрдө апеллянт тарабынан апелляциялык арызда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жиберилиши, апеллянтка маалыматты тиешелүү түрдө жеткирилген болуп саналат.».
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«3. Жоюучу катары иш алып барыш квалификациялык жана башка талаптарга жооп берүүгө тийиш.».
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын
8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:
- 151-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Эгерде талапкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банктын башка расмий документтеринде камтылса, анда мыйзам бузуу аныкталган күндөн тартып 1 (бир) жыл болот;».