Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) коммерциялык банктардын кепилдик фондунун кепилдиктерин кабыл алуусуна түрткү берүү, ошондой эле кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган кредиттердин бөлүгүн классификациялоого карата талаптарды жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бүгүнкү күндө коммерциялык банктардан кредит алууда чакан жана орто ишкерлер туш болгон эң курч көйгөйлөрдүн бири - күрөөнүн жоктугу болуп саналат. Ушуга байланыштуу аталган көйгөйдү чечүү максатында жана коммерциялык банктардан кредит алуунун жеткиликтүүлүгүнө шарт түзүүгө, анын менен бирге Кыргыз Республикасынын аймактарында каржылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, кепилдик фондунун эсебинен кепилдиктер берилет. Чакан жана орто бизнеске берилген кепилдиктердин максаты алган кредиттерин бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды киргизүүгө, инновациялык иш жүргүзүүгө жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган банктык кредиттердин чакан жана орто ишкер субъектилерине жеткиликтүү болушун кепилдиктерди берүү менен арттыруу жана өнүктүрүү, бул Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1 токтому менен ченемдер кабыл алынган, ал ченемдерге ылайык коммерциялык банктар кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдин бөлүгүн «нормалдуу актив» катарына классификациялап, 0% өлчөмүндө камдарды түзүшкөн. Бирок, бул ченем Бишкек шаарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймактарында берилген кредиттерге гана тиешелүү болгон. Ошентип, Улуттук банк республикада чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн банктардын кепилдик фонддор менен андан ары кызматташуусун өнүктүрүү максатында шарттарды түзгөн. Бул ченемдин мөөнөтү убактылуу болуп, 2019-жылдын 1-июлунда күчүн жоготкон. 

COVID-19 коронавирус инфекциясынын дүйнө жүзү боюнча жайылышынан улам, анын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык иш-аракеттерине да таасирин тийгизип жаткандыгына жана андан кийинки кесепеттердин орун алышы божомолдонуп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) токтому менен «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» кабыл алынган. Бул ченемдик актыда коммерциялык банктар кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыз болгон активдердин бөлүгүн «нормалдуу актив» катары классификациялай тургандыгы тууралуу ченем камтылган. Бирок жогоруда аталган ченемдик укуктук акт COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кабыл алынып, убактылуу мүнөзгө ээ болгон.  

Ошентип, бул долбоорду иштеп чыгуунун негизги себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- коммерциялык банктарды кредиттерди камсыздоо боюнча кепилдик фондунун кепилдиктерин кабыл алууга түрткү берүү

- кепилдик фондунун өз активдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Ошол эле учурда, өзгөртүүлөр төмөнкү шарттардын бардыгы бир мезгилде аткарылган учурда, коммерциялык банктар тарабынан кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыз болгон активдин бөлүгүн «нормалдуу актив» катары классификациялоого багытталган: 

- кепилдик фондунун активдеринин 50 пайыздан ашыгы кепилдик берүү күнүнө карата тобокелдиксиз активдер болууга тийиш; 

- кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдердин көлөмү кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпоого тийиш. 

Ушул пунктунун максаттары үчүн «тобокелдиксиз активдер» деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын баалуу кагаздарын, ошондой эле төмөнкү шарттарга жооп берген банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттерди түшүнүү зарыл: 

- мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнүн жана/же башка мамлекеттик органдардын катышуу үлүшүнүн болушу; 

- улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүлө турган банктык операциялардын уруксат берилген тизмесине чектөөлөрдүн жоктугу; 

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо; 

- киргизилген атайын режимдердин жоктугу

Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуу эрежелеринин 17-пунктуна ылайык, Улуттук банк кепилдик фонддор үчүн мультипликатор коэффициентин 2ден ашпаган деңгээлде белгилеген. Ушуга байланыштуу, коммерциялык банктардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыз болгон активдердин көлөмү, кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпашы керек. 

Ошондой эле, кепилдик фондунун активдеринин 50% дан ашыгы тобокелдиксиз активдер болушу керек деген талап, тобокелдиктерди азайтуу үчүн, ошондой эле кепилдик фонддордун активдерин жайгаштырууну (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары) жөнгө салуу үчүн зарыл. 

Токтом долбоорунда, ошондой эле «тобокелдиксиз активдердин» аныктамасы каралган, аныктамага ылайык «тобокелдиксиз активдер» белгиленген шарттарга жооп берген банктарда жайгаштырылган депозиттерди камтыйт, бул акча каражаттарын белгилүү банктарга жайгаштырууга мүмкүндүк берилет. 

Ушуга байланыштуу, иштин активдүүлүгүн калыбына келтирүү жана экономикалык көрсөткүчтөрдү турукташтыруу мезгилинде банк системасынын иштешине ийкемдүү шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты. Аталган долбоорго ылайык Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобого; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерге». 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын болушу мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын көздөгөн, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө   

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорунун кабыл алынышы кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт. 

  

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат   

Сунушталган токтом долбоору анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүнү талап кылбайт.  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын ___ _________ 

№_______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1.2. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланган жана жөнгө салынган кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдин бөлүгүн, төмөнкү шарттардын бардыгы бир мезгилде аткарылган учурда, «нормалдуу актив» катары классификациялашы мүмкүн: 

- кепилдик фондунун активдеринин 50 пайыздан ашыгы кепилдик берүү күнүнө карата тобокелдиксиз активдер болуп саналат; 

- кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдердин көлөмү кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпоого тийиш. 

Ушул пунктунун максаттары үчүн «тобокелдиксиз активдер» деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын баалуу кагаздарын, ошондой эле төмөнкү шарттарга жооп берген банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттерди түшүнүү зарыл: 

- мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнүн жана/же башка мамлекеттик органдардын катышуу үлүшүнүн болушу; 

- улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүлө турган банктык операциялардын уруксат берилген тизмесине чектөөлөрдүн жоктугу; 

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо; 

- киргизилген атайын режимдердин жоктугу.»; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин: 

- 4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ  

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

I. «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобо 

4.1. Нормалдуу активдер 

4.1.2 Эгерде банкта "Гарантиялык фонд" ААКсынын депозити жайгаштырылган болсо, банк "Гарантиялык фонд" ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдин бөлүгүн "нормалдуу" актив катары классификациялашы мүмкүн.  

Мында, "Гарантиялык фонд" ААКсы менен коммерциялык банк ортосунда түзүлгөн депозиттик жана гарантиялык келишимдер, кеминде төмөнкү шарттарды камтууга тийиш:  

- "Гарантиялык фонд" ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдер көлөмү депозиттин суммасынан эки эсе ашпоого тийиш;  

- "Гарантиялык фонд" ААКсы тарабынан камсыздалган активдердин орду толук жабылганга чейин аталган фонддун депозитинин болушу жана кайтарылып алынгыстыгы шарты. 

4.1.2. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланган жана жөнгө салынган кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдин бөлүгүн, төмөнкү шарттардын бардыгы бир мезгилде аткарылган учурда, «нормалдуу актив» катары классификациялашы мүмкүн: 

- кепилдик фондунун активдеринин 50 пайыздан ашыгы кепилдик берүү күнүнө карата тобокелдиксиз активдер болуп саналат; 

- кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдердин көлөмү кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпоого тийиш. 

Ушул пунктунун максаттары үчүн «тобокелдиксиз активдер» деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын баалуу кагаздарын, ошондой эле төмөнкү шарттарга жооп берген банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттерди түшүнүү зарыл: 

- мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнүн жана/же башка мамлекеттик органдардын катышуу үлүшүнүн болушу; 

- улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүлө турган банктык операциялардын уруксат берилген тизмесине чектөөлөрдүн жоктугу; 

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо; 

- киргизилген атайын режимдердин жоктугу. 

2. Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер 

4. Эгерде актив улуттук валютада туюндурулса жана ошол банкта "Кепилдик фонд" ААКтын депозити жайгаштырылса, банк "Кепилдик фонд" ААКтын гарантиясы менен камсыздалган активдин бөлүгүн "нормалдуу" актив катары классификациялашы мүмкүн.  

Күчүн жоготкон катары таанылсын.