Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырган финансы-кредит уюмдары үчүн бирдей укуктук чөйрө түзүү жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
токтом долбооруна
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Улуттук банк тарабынан Улуттук банк Башкармасынын «Операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырган финансы-кредит уюмдары үчүн бирдей укуктук чөйрө түзүү жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары – токтом долбоору) иштелип чыккан. Бул токтом долбоорунун максаты болуп, Улуттук банктын ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын салттуу ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү саналат.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Токтом долбоору менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого. Иштелип чыккан токтом долбооруна ылайык:
- Жобо баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар аныктамасы менен толукталды;
- активдерди классификациялоо боюнча жалпы талаптары, өзүндө кредиттик тобокелдикти алып жүргөн, активдерди төлөөнүн экинчи булактарына карата ченемдер менен толукталган.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 токтому менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого. Иштелип чыккан токтом долбооруна ылайык:
- Жобо бланктык активдер аныктамасы менен толукталды;
- Банктын Каржылоо стратегиясы боюнча жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинги системасы боюнча талаптар белгиленген;
- банк тарабынан комиссиялык жана башка төлөмдөр алынган кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаптар коюлган ж.б.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык кесепеттердин келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо
Токтом долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталат.
5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» деп аталган 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жоболордо каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат
Сунушталган токтом долбоорунун кабыл алынышы кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 7-пунктчасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт, себеби сунушталган өзгөртүүлөр бирдей юридикалык күчкө ээ болгон Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы карама-каршы келүүлөрдү жоюуга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2021-ж. ___________________
№___________________________
токтомуна тиркеме
Операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырган финансы-кредит уюмдары үчүн бирдей укуктук чөйрө түзүү жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:
- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«13. Банктын баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялары – бул, банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча чыгарылган баалуу кагаздарга инвестициялары жана/же иш максаты Шариат стандарттарына ылайык келген компаниялардын акцияларын сатып алуусу же капиталына финансылык инвестициялары.
Банктын башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына каражат салуусу жана биргелешкен долбоорлорго катышуусу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер болуп саналат.
Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар – бул, баалуу кагаздар рыногунда баалуулугу жок болуп саналган баалуу кагаздарга салынган инвестициялар, же бул баалуу кагаздар рыногу өнүккөн, натыйжалуу, транспаренттүү болуп саналбайт жана бул баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоого мүмкүндүк бербейт. Мында баалуу кагаздар менен бүтүмдөр айрым учурларда гана келишилет, ошондой эле баалуу кагаз тууралуу кеңири, анык жана бардык жактарга жеткиликтүү маалымат жок.
Баалуу кагаздарга салынган калган бардык инвестициялар рыноктук болуп саналат.»;
- 17-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 17-3, 17-4, 17-5, 17-6-пункттары менен толукталсын:
«17-3. Экинчи булакты колдонуу учурунда, күрөөнү сатып өткөрүү наркын аныктоодогу кыйынчылыктарга, соттук териштирүүлөргө жана мөөнөтүн узартууга кеткен чыгымдарга байланыштуу, төлөөнүн кечиктирилишине алып келишин эске алуу зарыл. Бул факторлор көп учурларда, экинчи булакты тартуу менен алынган карыз боюнча акыркы төлөнүүчү сумма күтүлгөндөй болбой калуусуна алып келет.
17-4. Эгерде банк, кепилдик берүүчү же гарант болуп саналган адамга төлөөнүн экинчи булагы катары толук ишенсе, анда банкта зарыл болгон учурда анын карыз төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн, аталган адамдын финансылык абалы тууралуу толук маалымат болууга тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адам карызды төлөөдө бирден-бир булак болуп эсептелсе, анда классификацияны жүргүзүү учурунда анын төлөө жөндөмдүүлүгү гана эмес, тиешелүү документтерде таризделүүсү зарыл болгон, ал тарабынан гарантияланган активди төлөө ниети да эске алынышы зарыл. Эгерде, гарант жөнүндө маалымат такталган эмес же такыр жок болсо, анда мындай гарантия, активди классификациялоо учурунда эске алынбоого тийиш.
17-5. Карызды төлөөнүн конкреттүү эмес талаптары же активдин мөөнөтүндө төлөнбөй калышы сыяктуу эле, карызды төлөөнүн биринчи булагынан бир топ четтеп кетүү классификацияга жетиштүү негиз боло алат. Бирок, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин бардыгы эле классификацияланууга тийиш эмес. Актив мөөнөтүндө төлөнбөшү мүмкүн, бирок, ошол эле учурда, төлөнө элек акча каражаттары же мамлекеттик баалуу кагаздар менен камсыз кылынган болсо, анда мындай актив классификацияланбаган катары таанылышы мүмкүн.
17-6. Келишимге ылайык, кардардын өз милдеттенмелерин аткаруу ниети жана мүмкүндүгү тууралуу кат жүзүндө билдирүүсү активдин тобокелдигине баа берүүнүн баштапкы критерийи болуп саналат. Бул, келишимге ылайык, кардар белгилүү жана болжолдуу мөөнөт ичинде банк алдындагы карызын азайтууга же төлөөгө жетиштүү болгон пайдага же ликвиддүү активдерге ээ болуусу зарыл дегенди түшүндүрөт.».
2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2-1. Бул Жобо кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат (анын ичинде корреспонденттик эсептер, баалуу кагаздар, банктар аралык жайгаштыруулар ж.б.).»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын:
«3-2. Бланктык активдер – бул, ал боюнча эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы төлөм карттары боюнча овердрафттарды кошпогондо, кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар же кепилдик жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер камсыздоо болуп саналбаган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер, жана төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө гана анын аброюнун жана киреше деңгээлин баалоонун негизинде берилет.»;
- 4-пунктунун:
биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын «Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө» Мыйзамында деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» дегенге алмаштырылсын;
пункт төмөнкү мазмындагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Контракттык каржылоо дегенде, контрагенттер менен түзүлгөн келишим боюнча кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелери аткарылышы үчүн, жүгүртүүдөгү капиталды кыска мөөнөттүү (бир жылга чейин) каржылоо түрүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди түшүнүүгө болот.»;
- 2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«2-глава. Банктын операцияларды ислам каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашыруу боюнча саясаты жана каржылоо стратегиясы»;
- 7-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Каржылоо стратегиясы банктын бизнес-планына өзүнчө/кошумча бөлүк катары киргизилиши мүмкүн.»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 7-1, 7-2, 7-3-пункттар менен толукталсын:
«7-1. Кредиттик стратегияда кеминде төмөнкүлөр камтылууга жана эске алынууга тийиш:
- банк аларга жетүүнү пландаштырган каржылоонун максаттуу рыноктору жана алардын жалпы өзгөчөлүктөрү (анын ичинде диверсификация деңгээли, каржылоонун кредит портфелинин сапатын баалоодо пландаштырылган көрсөткүчтөр);
- негизги каржылоо булактары (банк каржылоо булактарын, кайсы каражаттардын эсебинен каржылоону, каржылоо портфелин көбөйтүүнү пландаштырып жаткандыгын көрсөтүүсү зарыл);
- кыйыр-валюта тобокелдиктерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө талап;
- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин үлүшүнүн банк активдерине карата катышы;
- рыноктук шарттар жана банктын финансылык абалы, ошондой эле анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
- пайданын күтүлгөн нормасы жана банк капиталынын өлчөмү;
- кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерди кайтарууга байланыштуу чыгымдар;
- банктын кыска мөөнөткө/орто мөөнөткө/узак мөөнөткө каралган пландары;
- каржылоо портфелине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талабы, ал банктын учурда колдонулуп жаткан каржылоо портфелинин негизинде жүзөгө ашырылат. Буга кошумча банк кредиттик тобокелдикти жана кыйыр-валюта тобокелдигине баа берүүгө мүмкүндүк берген мындай талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методологиясына ээ болууга тийиш;
- банктын актуалдуу шайкеш экономикалык көрсөткүчтөрү;
- банктын уюштуруу түзүмү, банктын каржылоо ишине жооптуу персоналынын жана жетекчилигинин техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы (квалификациясы, штаттык тизими). Тиешелүү персоналга кредиттик стратегия жөнүндө маалымат берилүүгө жана ал банктын кредиттик стратегиясынын тактыгын камсыз кылууга тийиш.
7-2. Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу каржылоо стратегиясына таасирин тийгизген же анда каралган финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү кароого алып, зарылчылыкка жараша тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
7-3. Банктын Директорлор кеңеши дайындоолор жана сый акы төлөө саясаты кредиттик тобокелдикти тескөө стратегиясына каршы келбегендей болушун камсыз кылууга тийиш.»;
- 11-пунктунун биринчи абзацында «Банктын кредиттик саясатынын, кредиттик стратегиясынын» деген сөздөр «Банктын каржылоо саясатынын жана стратегиясынын» дегенге алмаштырылсын;
- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«12. Банктын Директорлор кеңеши саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кароого алып турууга милдеттүү. Мындан тышкары кредиттик саясат, зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу, банкта каржылоо процессине таасирин тийгизген тобокелдик профили, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, банктык операциялар, банктын уюштуруу түзүмү жана кадрлар курамы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле республика экономикасында жана банктын, анын кардарлары/өнөктөштөрү иш алып барган өлкөлөрдүн экономикасында өзгөрүүлөр болгон шартта кароого алынууга тийиш.
Кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди берүүгө тиешелүү маселелер банктын Каржылоо боюнча комитети тарабынан же болбосо ченемдик укуктук актыларга ылайык, банктын директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Комитет бул укукту ыйгарууга укуктуу адамдар тарабынан гана чечилүүгө тийиш.
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү укугу бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш жана ошол адамдар каржылоодо мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.
Банк менен байланыштуу жактарга/анын аффилирленген жактарына ири тобокелдикти камтыган активдерди жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө тийиш. Банктын Директорлор кеңеши банк менен байланыштуу жактарга/анын аффилирленген жактарына ири тобокелдикти камтыган активдерди жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди, чек ара аркылуу өтүүчү активдерди, ага кошо Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен берилген жана/же алар боюнча банк жоготууга дуушар болгон, Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган активдерди берүү жөнүндө чечимдерди жактыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасынын 20% ашыгыраак кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоо болуп саналган учурда банктын Директорлор Кеңешинин жактыруусу талап кылынат. Мында, күрөөнүн наркы дегенден улам, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, анын жоюу наркын түшүнүүгө болот.
Мындан тышкары, каржылоо саясатында Каржылоо боюнча комитеттин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен каржылоону эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш.
Банктын каржылоо саясатында кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикалары да камтылууга тийиш. Ушул максаттарда банк кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча алардын ички рейтинги системасын иштеп чыга алат. Ички тобокелдиктер рейтинги системасы банкта ишке ашырылып жаткан иштердин түрүнүн мүнөзүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш. Мындан тышкары, банк аларды берүүдө стандарттуу эмес чечимдер (индивидуалдуу үстөк баалар, күрөөнүн түзүмү жана башка) кабыл алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча маалымат базасын жана аларды каттоо журналын туруктуу жүргүзүүгө милдеттүү.
Кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинги системасында кардардын/өнөктөштүн келечекте төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүү камтылууга жана ушул Жобонун 1-§ жана 2-§ көрсөтүлгөн кардарлар/өнөктөштөр тууралуу ачык көрсөтүлгөн маалыматтар камтылууга тийиш.
Тобокелдиктердин кредиттик тобокелдик боюнча рейтинги – кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатынан негизги көрсөткүчү. Тобокелдик рейтинги кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнү жактыруунун баштапкы стадиясында ыйгарылуусу зарыл, ошондой эле активге андан ары мониторинг жүргүзүүдө, мөөнөтүн узартууда же болбосо каржылоо келишиминин шарттарын өзгөртүүдө же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди реструктуризациялоодо ыйгарылышы мүмкүн.
Тобокелдиктердин кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоочу, иштелип чыккан рейтингдери тамгалык, сандык же альфа-сандык символдор түрүндө белгиленет жана банктын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдөгү тобокелдиктерин көрсөтүп турат. Банк тобокелдиктер рейтингин кардарга/өнөктөшкө жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен ыйгарат.
Тобокелдиктер рейтингин аныктоодо кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө төмөнкүдөй ар кандай ыкмаларга негизделиши мүмкүн:
- сандык – тобокелдиктер рейтингин аныктоого мүмкүндүк берген тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтинг моделдери, скоринг моделдери);
- болжолдуу, ал өткөн жылдардын статистикасына таянат жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди колдонуу моделин түзүүгө, кардарга/өнөктөшкө жана анын төлөө жөндөмдүүлүгүнө багытталган;
- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.
Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө, кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, кардарларга/өнөктөштөргө баа берүү талаптарына жооп берген ыкмалардан турган өзүнүн моделин иштеп чыгышы мүмкүн. Негиз катары төмөнкүлөр алынышы мүмкүн:
- кардарлардын/өнөктөштөрдүн финансылык абалына жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин сапатына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк берген коэффициенттер методу;
- рейтинг модели – интегралдык көрсөткүчтү эсептеп чыгаруу жолу менен коэффициенттер методу аркылуу автоматтык түрдө баа берүү, бул ыкма колдонууда кыйла ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналат;
- скоринг модели – кардарды/өнөктөштү белгилүү топко киргизүү жолу менен төлөө жөндөмдүүлүгүн балл берүү эквивалентинде баалоо;
- кардардын/өнөктөштүн милдеттенмелери менен келечектеги акча агымына баа берүүгө негизделген модель;
- өткөн жылдардын статистикасы ж.б. колдонулган модель.
Тобокелдиктердин ички рейтинги системасы каржылоо берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; каржылоо наркын аныктоо; кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө банкка көмөк көрсөтүү; потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү; алынган жана зарыл маалыматтарды тескөө; кредиттик рейтинг шкаласына ылайык кредиттерди бөлүштүрүү, ошондой эле каржылоонун мурунку абалын жана келечектеги кыймылын рейтинг шкаласы боюнча аныктоо; жалпы тобокелдиктерге жана каржылоо портфелиндеги тенденцияларга баа берүү; банктын кредиттик стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу мурдагы маалыматтар менен маалымат базасын түзүүгө мүмкүндүк берет, ал убакыттын өтүшү менен кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин белгилүү бир түрлөрүнө баа берет, бул банктардын кредиттик тобокелдиктерине кыйла тагыраак баа берүүсүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Банкта тобокелдиктердин ички рейтинги системасы ыйгарым укуктардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш:
- карларга/өнөктөшкө баштапкы рейтингди ыйгаруу (каржылоого өтүнүч кат түшкөн учурда);
- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши боюнча бардык документтерди, анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, күрөөлүк камсыздоосун талдап-иликтөөдө);
- каржылоо берүүнү акыркы жактыруу.
Тобокелдиктер рейтингине ылайык кредит берүү чечими 100000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредит берүү боюнча кабыл алынат.
Андан кийин 100000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин төлөнүшүнө ушул жободо белгиленген мониторинг жүргүзүү аралыгына ылайык мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурларда, милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында, ыйгарылган тобокелдик рейтингдерин талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл.
Банктын ички саясатында соттон тышкаркы тартипте күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда, ал кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө сунушталган кыймылсыз мүлк кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп саналса, өндүрүү соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.»;
- 12.1-пункту пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«12-1. Кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинги системасына ички аудит банктын каржылоо стратегиясын каржылоо ишинин, банктын саясатына дал келишин аныктоо, кредиттик тобокелдикти тескөө процессинде, каржылоо саясатында жана каржылоо боюнча жол-жоболордо кемчиликтерди аныктоо үчүн жыл сайын жүргүзүлүүгө тийиш.
Мындан тышкары, банк ички аудиттин алкагында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти ички контролдоо системасына, анын ичинде Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин/активдердин классификацияланышына баа берүүсү зарыл.
Кредиттик тобокелдикти ички контролдоо системасына ички аудит жүргүзүү натыйжасында аныкталган кемчиликтер боюнча түзөтүү чараларын андан ары аткаруу боюнча маалымат мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана чейрек ичинде кеминде бир жолу Аудит боюнча комитетке сунушталууга тийиш.»;
- 28-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 29-пунктунун:
алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында каржылоо берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патентти сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патентти алгандыгын тастыктоо үчүн анын көчүрмөсүн кагаз бетине чыгарып, банкка сунуштай алат. Мында банктын жооптуу кызматкери тиешелүү программалык камсыздоого ээ уюлдук же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентте чагылдырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патенттин кагаз бетине чыгарылган көчүрмөсүнүн аныктыгын текшерүүгө тийиш.
Эскертүү: QR-код – уюлдук түзүлүштөр аркылуу таануу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалымат камтылган матрицалык код (эки ченемдүү штрих код);»;
- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«30. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда банк, төмөнкү укуктарды кошо алганда, кардарлардын/өнөктөштөрдүн укугунун сакталышын камсыз кылууга тийиш:
- кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кардардын/өнөктөштүн актив алуудан акысыз негизде (банктын каржылоо алкагында активдерди сатып алган учурун кошпогондо) баш тартуу укугу. Көрсөтүлгөн учурда банк кардардан билдирмени кароо үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу;
- кардардын/өнөктөштүн келишим долбоорун ага тиркелген документтер менен бирге келишимге кол коюлган учурга чейин алуу жана банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу укугу, мында кардарга/өнөктөшкө келишим менен таанышуу үчүн берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок үч күндөн ашпоого тийиш;
- кредиттик тобокелдикти камтыган активди пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кардардын/өнөктөштүн банкка кайрылууга укугу;
- эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасынын 50% ашыгыраагы төлөнгөн шартта, кардардын/өнөктөштүн банктын ички документтерине ылайык, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, мурдагы күрөөнү наркы кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча карыздын калган суммасынын ордун жапкан, эки тарапка тең алгылыктуу башка күрөөгө алмаштыруу укугу;
Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар/өнөктөш менен каржылоо боюнча келишим түзүүдө банк мындай кардарларга/өнөктөштөргө каржылоо алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет:
- акча каражаттарын нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз нак формада алуу;
- акча каражаттарын эсептешүү (күндөлүк) эсептеринен/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерден алуу, аны тейлөө шарттары тиешелүү келишимде аныкталат.
Мында жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарлар/өнөктөштөр каржылоону нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ.
Акча каражаттарын нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз алуу укугу ипотекалык каржылоодо, ошондой эле жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга/өнөктөштөргө экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында каржылоодо банк тарабынан берилет.»;
- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«33. Банк ушул жобонун 68-1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен, кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди өзүнө алуу менен, активди берүү учуруна чейин сыяктуу эле, андан кийин – банктын каражаттары толук кайтарылганга чейин кеминде жылына бир жолу кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн документ менен тастыкталбаган кирешеси боюнча маалыматтын толуктугун жана тактыгын текшерүүгө тийиш.»;
- 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«34. Бүтүндөй алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмеге талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:
- каржылоо алуу укугу. Банк кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;
- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кредит кандайча кайтарылгандыгын, кредитти төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү. Мындан тышкары, кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде, мыйзам талаптарына ылайык бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.
Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.
Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик тартат:
- акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: кардар/өнөктөш киреше жана нак акча агымы формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы? Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш.
Мындан тышкары, банк кардар/өнөктөш активди өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен кардардын/өнөктөштүн кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш.
Эгерде кардардын/өнөктөштүн келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен кардар/өнөктөш үчүн алмашуу курсунун терс жакка өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, мында кардарга/өнөктөшкө чет өлкө валютасында каржылоо сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш;
- камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банктын каржылоо боюнча кызматкери кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш.
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн.
Кардарлардын/өнөктөштөрдүн милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилери боюнча классификацияланат:
- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, кардар/өнөктөш кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттарынын эсебинен активди төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз.
Мүлктүк формага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн:
- кыймылсыз мүлк күрөөсү;
- кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, кардардын/өнөктөштүн пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.);
- күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит ж.б.).
- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы - бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы.
кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасына активдерди камсыздоонун төмөнкүдөй формалары кириши мүмкүн:
- гарантия;
- кепилдик.
Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт:
- негизги камсыздоо;
- кошумча камсыздоо.
Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин ордун толугу менен жабуучу камсыздоо;
- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жабуучу камсыздоо.
Банктын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдикти камсыздандыруу саналышы мүмкүн.
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары:
- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугу жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет.
Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана барууга кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк кардардын/өнөктөштүн мал-жандыгы бар экендигине, анын малканасынын, кой короосунун аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу ынанат. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле эгерде бар болсо малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди сунуштоого тийиш;
- банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;
- банк мыйзам талаптарына ылайык, өз алдынча же тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди ишке тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен каржылоо суммасынан жана ал боюнча тиешелүү төлөөлөрдөн жогору болушу кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин кайтарылбай калуу тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат;
- банк кардар/өнөктөш тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш;
- банк камсыздоо катары мүлктү кеминде кардар/өнөктөш каржылоону пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш. Мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал.
Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк кардардын/өнөктөштүн гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул каржылоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана каржылоо кайтарылбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш;
- гарантия/кепилдик. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо, мындай каржылоону сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк кардардын/өнөктөштүн өзүнө жүргүзүлгөндөй эле көлөмдө гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн документтерди сурап алууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгү бланктык катары таанылышына алып келет. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын каржылоо алууга билдирмесин кароодо, каржылоо боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.
- кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот. Мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана кандай болбосун жагдайларда алынган каражаттардын толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат.
Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмесин кароодо, банк бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.
Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосун, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл.
Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат.»;
- 36-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«банктын тобокелдиктеринин ички рейтинги тарабынан берилген, кардарга/өнөктөшкө каржылоо сунуштоонун максатка ылайыктуулугу/ылайыксыздыгы жөнүндө рейтингдин маанисин камтыган натыйжа каржылоо боюнча корутунду катары каралышы мүмкүн.»;
- 43-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«Мында банк келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укугу жок, эгерде бул кардардын/өнөктөштүн укуктарын жана/же милдеттерин начарлатса.»;
- 44-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- кардардын банкка активди толугу менен же анын бир бөлүгүн төлөө күнүнөн отуз күн мурда бул тууралуу алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, айыптык санкцияларды (комиссиялык төлөм жана башка төлөөлөр) төлөөсүз кайсы болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабууга укугу. Мындай учурда көрсөтүлгөн шартта мөөнөт белгиленет жана ал мөөнөт (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) аяктаганга чейин кардар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн, мында банкка кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда билдирүү жиберилиши зарыл. Кошо жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусунун мөөнөтүнөн мурда төлөөсүнө анын катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана жол берилет;»;
- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«45. Банк тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- кардар/өнөктөш үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө;
- каржылоо берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга;
- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө.
Банкка бир эле операцияны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.
Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн.
Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашалар (төлөмдөр) жана айыптык санкциялар тизмеги банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт.
Каржылоо боюнча келишимде ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык, жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары, кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар/өнөктөш менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.
Банк кардарды тизмек менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активди, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен активди алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан/өнөктөштөн кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш.
Каржылоонун негизги суммасы боюнча үстөк баа төлөө жана/же каржылоонун негизги суммасын төлөө мөөнөтү кечиктирилсе, кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасына жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелет.
Банк келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын/өнөктөшүнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга/өнөктөшкө маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат.
Мындан тышкары, келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- банктардын кардардын/өнөктөштүн сурамы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандыгы тууралуу маалыматты сунуштоо, жана кардар/өнөктөш тарабынан бул актив боюнча келишим шарттарынын сакталышы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмга берүү үчүн сунуштоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн эсеби (эсептен, чектен көчүрмөлөр, баланстын абалы, каржылоо боюнча төлөмдү жана башка зарыл маалыматты тастыктоо) жөнүндө так жана анык маалыматты берүү милдети;
- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамдын менчик укугуна таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү;
- кардар/өнөктөш-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн учурдан тартып, 15 күн өткөнгө чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети. Айыптык төлөмдөр жана туумдар шариат стандарттарында каралган учурларда колдонулушу мүмкүн. Каржылоонун бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген каржылоонун суммасынын 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш. Мында кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит уюму менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максатына багытталууга тийиш;
- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдери, ошондой эле бул кредиттер жана активдер боюнча кредиттик тартиптин сакталышы тууралуу маалыматты жарым жылда кеминде 1 жолу сунуштоо милдети.»;
- 47-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Эскертүү: Кардар/өнөктөш каржылоону максатсыз багытта пайдалануусу боюнча фактылар аныкталган учурда, банк каржылоо боюнча айыптык төлөмдөрдү колдонууга укуктуу. Мында банктын ички документтеринде кардардын/өнөктөштүн жоопкерчилик чаралары боюнча так эрежелерди белгилөөчү нормалар, анын ичинде каржылоо боюнча айыптык төлөмдөрдү колдонуу да каралуусу зарыл. Бул учурда айыптык төлөм түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит уюму менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максатына багытталууга тийиш.»;
- 49-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«49. Кардар/өнөктөш бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыктоого тийиш.»;
- 57-пунктунун:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- күрөө предмети жана анын рыноктук наркы (зарылчылыгына жараша, белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);»;
пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Күрөө токтотулган учурда, күрөө кармоочу ал тууралуу билдирүү түзүп, эгерде күрөө предмети катталууга тийиш болсо, бул билдирүүнү күрөөнү мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органда/органдарда каттоосу зарыл.»;
- 62-пунктунун:
экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү алып салынсын;
үчүнчү абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Эскертүү: Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө күрөө менен камсыздалбаган, Улуттук банк Башкармасынын 20_жылдын «___» _______ № ___________ токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген жана Улуттук банк Башкармасынын ушул токтомунун талаптарына ылайык келбеген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер да камтылууга тийиш.»;
- 65-пунктунун:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Банк кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин, ушул Жобонун 66-пунктуна ылайык, төмөнкү шарттардын бардыгын сактоо менен топтук каржылоо боюнча эсептөөгө укуктуу:»;
пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Бул пункттун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин критерийлерине дал келген, Улуттук банк Башкармасынын 20_жылдын «___» _______ № ___________ токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн колдонулат.»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 65-1-пункт менен толукталсын:
«65-1. Бул жобонун 65-пунктунун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин үлүшү жалпы каржылоо портфелинин 5 пайызын жана андан азыраагын түзгөн банктарга, ошондой эле топтук активдер портфелин 2020-жылдын
31-декабрына чейинки мөөнөттө 5 пайызга жана андан азыраак деңгээлге чейин төмөндөтүү стратегиясын (планын) бекиткен банктарга бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөгө таркатылбайт.»;
- 66-пунктунун:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«66. Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчилиги астында берилген, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер алынып салынат:»;
экинчи абзацындагы «2500000 сомдон ашпаган» деген сөздөр «1500000 сомдон ашпаган» дегенге алмаштырылсын;
пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Бул пунттун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин критерийлерине дал келген, Улуттук банк Башкармасынын 20_жылдын «___» _______ № ___________ токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн колдонулат.»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 66-1-пункт менен толукталсын:
«66-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген контракттык каржылоо формасындагы активдер алынып салынат:
- контракттык каржылоо формасындагы актив боюнча карыздын калдыгы банкты каржылоо портфелинин жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдү түзөт;
- контракттык каржылоо формасында берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин үлүшү акыркы 6 ай ичинде каржылоо портфелинин жалпы көлөмүнүн 1 пайыздан ашпаган өлчөмүн түзөт, ал эми кредиттик тобокелдикти камтыган бул активдердин жалпы көлөмүндө акыркы 12 ай ичинде 2 пайыздан ашпайт;
- кардар/өнөктөш менен анын контрагенттери ортосунда контракттык каржылоо боюнча эсептешүүлөр кардардын/өнөктөштүн ошол банктагы эсеби аркылуу гана ишке ашырылат;
- кредиттик тобокелдикти камтыган актив алган кардар/өнөктөш, анын гаранты/кепилдик берүүчүсү (эгерде болгон болсо), ошондой эле ошол кардардын/өнөктөштүн контрагенти банктын банк менен байланыштуу жак же аффилирленген жагы болуп саналбайт.
Бул пункттун талаптары кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин критерийлерине дал келген, Улуттук банк Башкармасынын 20_жылдын «___» _______ № ___________ токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн колдонулат.»;
- 68-1-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- 100000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн кеминде жылына бир жолу. 100000 сомго чейинки активдер боюнча төлөм мониторинги жүргүзүлөт, бул актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөгө таянат.»;
пункттун үчүнчү абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Ошондой эле банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосунун пайдаланылышын жана абалын контролдоонун тиешелүү деңгээлин белгилөөсү зарыл, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлабагандыгын, жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана банк кардар/өнөктөш милдеттенмесин аткарбаган учурда, камсыздоону сатууга жана кардардан/өнөктөштөн карызды өндүрүүгө жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш.»;
- 74-пунктунун бешинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 80-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«80. Банктын проблемалуу кардарга уюштуруу, финансылык жана башка жардамы боюнча кризистен чыгуусуна жана банк алдындагы карызын төлөөсүнө өбөлгө түзүүчү иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
- кардар (анын жетекчиси) менен проблемаларды аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө боюнча иштерди;
- кардардын/өнөктөштүн макулдугу менен банктын атынан кардардын/өнөктөштүн ишкана менен иштөөсү үчүн башкармалардын, консультанттардын дайындалышын;
- компаниянын өздүк капиталын ээлик кылуучулардын жана башка тараптардын эсебинен көбөйтүүгө көмөктөшүүнү;
- зарылчылыкка жараша, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгууну (кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу, жана ал боюнча үстөк баа/киреше төлөө боюнча төлөмдөрдүн графигин карап чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү, ж.б.).
- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алууну.
Кредиттик тобокелдикти камтыган активди реструктуризациялоодо, банк кардардын/өнөктөштүн учурдагы финансылык абалын, банктын кардарга/өнөктөшкө көрсөткөн ишеним деңгээлин карап чыгуусу зарыл. Банк активди кардар/өнөктөш өз активинин өзгөртүлгөн шарттары боюнча милдеттенмелерин аткарууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш.
Активи реструктуризацияланган кардардын/өнөктөштүн кредиттик таржымалында кардардын/өнөктөштүн учурдагы финансылык абалы, анын кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө бардык маалымат, ошондой эле жүргүзүлгөн реструктуризация тууралуу тиешелүү документ камтылууга тийиш.»;
- 81-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«81. Ушул иш-чаралар менен бирдикте, кардардын өзү менен төмөндөгүдөй шарттарда жүзөгө ашырылуучу ишти дайыма жүргүзүү зарыл:
- кардарга келишим шарттарын бузгандыгы, активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө билдирүү;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- банкка кардарды чакыруу;
- эгерде бул каржылоо келишиминде каралган болсо, зарылчылыкка жараша, ишенимсиз кардар/өнөктөш жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөзгө жарыялоо ж.б.»;
- 85-пунктундагы «ар айлык» деген сөз «чейрек сайын» дегенге алмаштырылсын;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 86-1-пункт менен толукталсын:
«86-1. Банк, соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө мурда билдирүү жөнөткөн күнгө карата кардар/өнөктөш кезеги менен үч айдан ашык (кредитти төлөө боюнча кардардын/өнөктөштүн колдонуудагы графигине ылайык) системалуу түрдө милдеттенмелерин аткаруу тартибин бузган учурда, кредитти тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен өндүрүү жол-жобосун баштоону демилгелей алат.»;
- Жобонун 1-тиркемесинин:
2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген жеке адамдарды эске албаганда, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгилүү бир формадагы документтин көчүрмөсүн жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш.»;
9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«9. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам болсо). Электрондук патентти сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патентти алгандыгын тастыктоо үчүн анын көчүрмөсүн кагаз бетине чыгарып, банкка сунуштай алат. Мында банктын жооптуу кызматкери тиешелүү программалык камсыздоого ээ уюлдук же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентте чагылдырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патенттин кагаз бетине чыгарылган көчүрмөсүнүн аныктыгын текшерүүгө тийиш.»;
25-пунктундагы «күрөөнүн баалануучу наркы» деген сөздөр «күрөөнүн рыноктук наркы (зарылчылыгына жараша, белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
28-пунктундагы «күрөөнүн баалануучу наркы» деген сөздөр «күрөөнүн рыноктук наркы (зарылчылыгына жараша, белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобонун 2-тиркемесинин:
7-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 5-тиркемеси күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 6-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин:
«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 6-тиркеме
Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын
ТИЗМЕГИ
Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кардар/өнөктөштүн чыгашалары (төлөмдөрү) |
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы |
Келишимге ылайык белгиленет |
Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кошуп эсептелинген баа/киреше |
|
Билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө) каржылоо келишимине кол коюлган учурдан тартып акча каражаттарын алаган учурга чейин активди алуудан же болбосо лизинг алкагында мүлккө төлөөдөн баш тарткан учурда |
Комиссия төлөнө турган болсо, алардын өлчөмү банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет |
Эсептешүү (күндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм |
|
Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын/өнөктөштүн нак акчаларды банкомат аркылуу салуусу жана алуусу) |
|
Кардардын/өнөктөштүн өтүнүч каты боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, активдерди реструктуризациялоо учурларын кошпогондо) |
|
Эгерде келишимде банктын акча каражаттарын сунуштоо боюнча шартсыз милдеттенмеси каралса, акча каражаттары боюнча кам түзүү үчүн (каржылоонун пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) комиссиялык төлөм |
|
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө) |
Келечекте мындай чыгашалардын өзгөртүлүшү ыктымалдыгын көрсөтүү менен чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат |
Банктын айыптык төлөмдөрү жана туумдары |
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана банктын кошуп эсептелинген баасы/кирешеси боюнча төлөмдөрдү мөөнөтүнөн кечиктиргендиги үчүн |
Келишимдин негизинде, банкта пайыздык же нарктык туюндуруу менен алынган айыптык санциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. |
Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөгө сунушталган депозитти толуктоо 30 календарлык күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилгендиги үчүн |
|
Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомунун өз учурунда кайтарып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга тийиш болгон объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылбай калган учурларды кошпогондо) |
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары |
|
Башка чыгашалар |
».