Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри  2021-жылдын 19-февралындагы мурабаха операциясын эсепке алуу маселеси боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштарын кабыл алуу тууралуу билдирүү 

 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ  

(2021-жылдын 19-февралындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)  

 

Каттоо № 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

№1 

«Бакай Банк» ААК 

2021-жылдын 9-марты 

1. Көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган проблема болуп саналабы

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген мурабаха бүтүмүн эсепке алуу боюнча көйгөйлөр жана негиздемелер туура жана ченемдик-жөнгө салуу чечимдерин кабыл алууну талап кылат.  

2. Көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы. 

- Мурабаха бүтүмдөрүн эсепке алууну стандартташтыруу максаты негиздүү болуп саналат. 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуу ыкмасы проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы.  

- Ооба, айрым эскертмелерди эске алуу менен.  

4. Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн. 

- Банктардын маалыматты эсепке алуу жана ачык көрсөтүү боюнча бирдей иш алып баруусу. 

- Банк секторунун шариат стандарттарын сактоого байланыштуу аброй тобокелдигин төмөндөтүү.  

5. Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал. 

- Банктардын мурабаха боюнча белгиленген үстөк баада потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды туура эмес эсептөө жагдайынын келип чыгышы. 

- №28 AAOIFI стандартында көрсөтүлгөндөй бүтүмдүн предмети активдин баасы жана бүтүм боюнча үстөк баадан турган активди сатуу суммасын көрсөтүүдөн келип чыккан потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдардын жогорулашы.  

6. Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы. 

- Альтернативдүү чечүүнү сунуштайбыз. Активдин сатуу суммасын каржылоо эсебинде көрсөтүү учурунда алуу үчүн каралган үстөк баа каржылоо эсебине карата контр-эсеп катары көрсөтүлүүгө тийиш, мында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар контр-эсеп менен каржылоо эсебинин айырмасына ылайык чегерилүүгө тийиш.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

- Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам каржылоо принциптери, атап айтканда мурабаха бүтүмү боюнча бүтүмдөрдү эсепке алууну стандартташтыруу демилгесин колдойт.  

Банктын комментарийлери кабыл алынды, банктын №6 сунушу долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат.