Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри  2021-жылдын 19-февралындагы иджара/иджара мутахийя биттамлик типтүү келишимдерди стандартташтыруу маселеси боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштарын кабыл алуу тууралуу билдирүү 

 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ  

(2021-жылдын 19-февралындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)  

 

Каттоо № 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

№1 

«Бакай Банк» ААК 

2021-жылдын 9-марты 

1. Көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган проблема болуп саналабы

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген көйгөйлөр жана негиздемелер туура жана ченемдик-жөнгө салуу чечимдерин жөнгө салууну талап кылат. 

2. Көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы. 

- Иджара мунтахийя биттамлик типтүү келишимдерин стандартташтыруу максаты негиздүү болуп саналат.  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуу ыкмасы проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы. 

- Ооба, саналат. 

4. Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн. 

- Иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдерин түзүү эрежелерин жана нормаларын тартипке келтирүү.   

5. Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал. 

- Белгиленген ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы терс натыйжаларга алып келбейт. 

6. Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы. 

- Азырынча проблемалардын альтернативдүү ыкмаларын көргөн жокпуз.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

- Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иджара/иджара мунтахийя биттамлик типтүү келишимдерин стандартташтыруу маселеси боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу демилгесин колдойт.  

Банктын комментарийлери кабыл алынды.