Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри  

төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча колдонуудагы талаптарды өркүндөтүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу 2021-жылдын 2-мартындагы билдирүү 

 

Сунуштардын жана жооптордун 

РЕЕСТРИ 

(ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 2021-жылдын 2-мартындагы билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча) 

  

Каттоо номери 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

№1 

«АЙБИЭС МА» ЖЧК 

01.03.2021 

1. Көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган проблема болуп саналабы.   

- Ооба, туура болуп саналат. Талаптарды конкреттүү жана так берүү төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн зарыл. 

2. Көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы. 

- Ооба, өркүндөтүлгөн талаптар төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуу ыкмасы проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы: 

- Ооба, бирок көйгөйдү жана анын негиздүүлүгүн карап чыгуудан тышкары, жөнгө салуу долбоору катышуучуларга таанышууга берилген эмес. Кандай болгон күндө да, төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун катышуучуларынын укуктары боюнча калтырып кетүүлөр же дал келбестиктер, ошондой эле мындай дал келбестиктен келип чыккан көйгөйлөр объективдүү чечимдин жана ишкердик субъекттеринин абалын начарлатпаган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагында иш-аракеттердин так алгоритми менен чечилүүгө тийиш. 

4. Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн. 

- Пайда: Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү, жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, чекене тейлөө каналдарын өнүктүрүү

- Артыкчылыктар: керектөөчүлөр үчүн мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана колдонуучуларга жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү

5. Сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал. 

- Тобокелдик: ишкердик субъекттери үчүн төлөм системасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө бөгөт коюу. 

- Терс кесепеттер: коңшу өлкөлөрдүн жана эл аралык төлөм системаларынын алдыга өнүгүп жаткан төлөм системасынан артта калуу. 

6. Проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы. 

- Альтернатива: ишкердик субъекттери үчүн лицензиялардын түрлөрүн кеңейтүү

- Натыйжалуу ыкмалар: ишкердик субъекттерин коштогон иштерди тактоо жана деталдаштыруу. 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

Бул төлөм уюмдарынын бардык катышуучуларынын жана төлөм системалар операторлорунун, ошондой эле кызыкчылыктары жана иш-аракеттери өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен байланышкан башка ишкердик субъекттердин милдеттүү элементи. 

Комментарийлер долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат, ал коомдук талкууга чыгарылат. 

№2 

Т. Омуралиев, 

«МКК «АЙБИЭС МА» М Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директорунун орун басары 

04.03.2021 

Улуттук банктын веб-сайтында ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жарыяланган, бирок бул билдирүүдө документтерди иштеп чыгуу көйгөйү менен максаттары так сүрөттөлгөн эмес.  

Эгерде көйгөйлөр толук баяндалбаса, коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолорго жооп берүүгө мүмкүнчүлүк болбойт. 

Билдирүүдө көйгөйлөр жана негиздемелер көрсөтүлгөн: 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча колдонуудагы ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөргө багытталган: 

- аталган талаптардын төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан талаптагыдай аткарылышы максатында жөнгө салуу боюнча талаптарды тактоого; 

- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды өркүндөтүүгө

Бул текстте катышуучулардын пикири боюнча өркүндөтүү зарыл болгон талаптар боюнча сунуштарды киргизүү керек болчу.