Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору), жүргүзүлүп жаткан банк жана төлөм системаларын санариптештирүү иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү, ошондой эле банктар жана төлөм системасынын башка катышуучулары тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда колдонулган төлөм документтеринин формаларын жана талаптарын аныктоо максатында иштелип чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

«Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобонун долбоорунда (мындан ары - Жобо) накталай эмес эсептешүүлөрдүн төмөнкү формаларын жана төлөм инструменттерин колдонуунун тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктоо каралган: 

- төлөм тапшырмасы; 

- төлөө талабы; 

- аккредитив; 

- тике дебеттөө (кайра авторизацияланган); 

- инкассалык тапшырма; 

- эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

- банктык төлөм карты; 

- электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр. 

Акыркы жылдары төлөм системасын жана финансы секторун санариптештирүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында, бир катар мыйзамдар жана мыйзам актылары кабыл алынган. Ошол эле учурда, колдонуудагы Жобонун редакциясынын айрым ченемдери өзүнүн актуалдуулугун жоготкон же башка ченемдик укуктук актыларга каршы келип калган. 

Жобонун колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны тексттин жарымынан көбүн түзгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ченемдик укуктук актыны «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясында тариздөө сунушталат. 

Ушуга байланыштуу, накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнгө салган ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү максатында, банк жана төлөм системасын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларды эске алуу менен Жобонун долбоорунун жаңы редакциясын бекитүү сунушталат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Ушул ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик, социалдык, укук коргоо, укуктук терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтом долбоору коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорунун ченемдерин жүзөгө ашыруу республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен кошумча финансылык чыгым тартууга алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт, себеби бул токтом долбоору юридикалык күчкө ээ болуу даражасы боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган. 

 

 

Токтом  

 

2021-жылдын ___ __________ № ______ 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө 

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 20 жана 46-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 «Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 642/44/12 токтому. 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. 

 

  

  

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

жана Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

_____- жылдын ___ ______________ 

№ ________________________ токтомуна карата тиркеме 

«Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин, анын катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди, ошондой эле накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда коммерциялык банктар тарабынан колдонулган төлөм документтеринин таризделишинин формаларын жана талаптарын аныктайт.  

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.  

3. Бул Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таркатылат. Чет өлкө валютасында нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби мыйзамдарга жана эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган ишкердикти жүргүзүү эрежелерине ылайык, кардарлар менен банктардын ортосундагы келишимдерде белгиленет. 

4. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер ушул Жободо каралгандан башка эрежелерди белгилесе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. 

 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

 

5. Ушул Жобонун максатында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

Акцепт төлөөчүнүн акчалай жана товардык документтерди төлөөгө макулдугу. Акцепт товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн эсептешүүлөрдө колдонулат, мында төлөм, сунуштоочу тарабынан жазылган эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен жүргүзүлөт. 

Накталай эмес төлөм төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада банктык эсептен акча каражаттарын которуу аркылуу акча милдеттенмесинин аткарылышы. 

Накталай эмес эсептешүү акча каражаттарын төлөөчүнүн банктык эсебинен чыгаруу жана алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчаларды колдонбостон акча каражаттарынын жылышын билдирген акча жүгүртүлүшүнүн формасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр. Эсептешүү төлөмдүн аяктоосу болуп саналат. 

Кардар банк менен банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак. 

Корреспонденттик эсеп банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктар тарабынан Улуттук банкта ачылган эсеп. 

Акыркы эсептешүү коммерциялык банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөр. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылып алынгыс болуп саналат.  

Төлөм накталай акча каражаттарын колдонуу менен акча милдеттенмесин аткаруу же накталай эмес акча каражаттарынын төлөөчү тарабынан которуу процесси. 

Электрондук төлөм документи эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматты камтыган жана электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн, электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү.  

Төлөөчү акча каражаттардын эсебинен эсептешүү жүргүзүлүп жаткан, төлөмдүн демилгечиси болуп саналган жеке адам же юридикалык жак.  

Алуучу төлөмдүн жана эсептешүүнүн натыйжасында анын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн банк же кардар. 

Эсептешүү берилген төлөм документтерине ылайык, акча каражаттарын төлөөчүнүн банктык эсебинен алып салуу жана алуучунун банктык эсебине чегерүү жүргүзүлгөн акыркы жол-жобо.  

Эсептешүү эсеби акча каражаттарын сактоого каралган жана анда кардар тарабынан жүргүзүлгөн бардык күндөлүк эсептешүүлөр (келип түшүүлөр, төлөөлөр, башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара эсептешүүлөр) эске алынган, келишимдин негизинде банк тарабынан кардарга (жеке адам же юридикалык жак) ачылган эсеп; 

 

3-глава. Накталай эсептешүүлөрдү уюштуруу боюнча негизги жоболор 

 

6. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде мыйзамдарда башкасы белгиленбесе жана төлөм инструменттеринин колдонулуучу формасы менен шартталган болсо, банктык эсептерди ачууга жана тейлөөгө келишимдин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар банктар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

7. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен төлөөчү кардардын накталай акча каражаттарын жөнөтүүчү банкка салган учурда жүзөгө ашырылат. Бул эсептешүүлөр ишкердик ишине байланыштуу болбоого тийиш. 

8. Банктык эсепти ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.  

9. Накталай эмес эсептешүүлөр электрондук же кагаз формасында сунушталуучу төлөм документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат.  

10. Төлөм документи кагаз жүзүндө толтурулган документ түрүндө же электрондук  

төлөм документи түрүндө болот жана төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) төлөөчүнүн (кардардын же банктын) акча каражаттарын өз эсебинен алып салуу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине которууга буйруусу; 

2) акча каражаттарын алуучунун (өндүрүп алуучунун) акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен алып салуу жана алуучу көрсөткөн эсепке, эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу боюнча гана же банк менен анын кардарынын ортосундагы келишимдин негизинде которууга буйруусу; 

3) накталай акча каражаттарын салууга буйруу (жарыя) же акча каражаттарын берүүгө арыз. 

11. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана төлөм инструменттеринин төмөнкүдөй формалары колдонулат: 

- төлөм тапшырмасы; 

- төлөм талабы (мыйзамдарда белгиленген учурларда); 

- аккредитив; 

- тике дебеттөө (кайра авторизацияланган);  

- инкассалык тапшырма; 

- эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

- банктык төлөм карты; 

- электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр. 

12. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө буйруу төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: 

- кагаз жүзүндө толтурулган төлөм документинин түп нускасын көрсөтүү аркылуу; 

- байланыштын тиешелүү электрондук каналдарын пайдалануу менен буйрууну электрондук ыкмада жөнөтүү аркылуу. 

13. Нак эмес эсептешүүлөр эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилерин жана төлөм шилтемелерин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.  

14. Кардардын анын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банкка буйрууларын өткөрүп берүү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг аркылуу айкын убакыт режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн.  

15. Нак эмес эсептешүүлөр төмөнкүлөр аркылуу банктык эсептер боюнча жүзөгө ашырылат: 

- төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен акча каражаттарды алып салуу жана алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын чегерүү

- төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен акча каражаттарды алып салуу жана акча каражаттарын алуучулардын электрондук акчасынын калдыгын көбөйтүү

- электрондук акча ээсинин эсебинен акча каражаттарды алып салуу жана алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын чегерүү

16. Эгерде банк менен алардын кардарларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде же мыйзамдарда башкасы каралбаса, эсептерден акча каражаттарын алып салуу эсеп ээси тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык эсептеги акча каражаттарынын чегинде түзүлгөн төлөм документтеринин негизинде банк аркылуу жүзөгө ашырылат. 

17. Накталай эмес эсептешүү, төлөм документин банк төлөөчүдөн аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоону алган учурда төлөөчү кардар үчүн кайтарымсыз болуп саналат, төлөөчүнүн эсебинен акча каражатын алып салууда акыркы болот. 

18. Накталай эмес эсептешүү, акча каражатын алуучунун эсебине банк алуучу чегерген учурда же башка (ички) банк эсебинен ушул банкта эсеби жок алуучу кардарга акча каражаты берилген учурда алуучу үчүн акыркы болот.  

19. Накталай эмес эсептешүү банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылдын  

11-мартындагы № 144/1/6 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын өтүү мөөнөттөрүн бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө» токтомунда белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.  

20. Коюлган талаптардын бардыгын канааттандыруу үчүн эсептеги акча каражаттары жетишсиз болсо, акча каражаттарын алып салуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 771-беренесинде белгиленген кезегине жараша алардын келип түшүшү боюнча жүзөгө ашырылат. 

21. Банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамында каралган учурларда жана тартипте, кардарга нак эмес төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү боюнча буйрууну аткаруудан баш тартууга укуктуу. 

22. Улуттук валютадагы бардык банктар аралык төлөмдөр төлөм системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери аркылуу гана ишке ашырылат. Төлөм системасынын катышуучулары тарабынан бири-биринде улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тике корреспонденттик эсептерди ачуусуна жол берилбейт. 

23. Эл аралык төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүдө коммерциялык банктар ISO 13616 стандартына ылайык келген эл аралык банк эсебинин номерин колдонушу зарыл. 

24. Банктар төмөнкүлөрдү камтыган ички документтерди бекитүүгө тийиш: 

- буйрууну түзүү тартибин; 

- буйрууларды аткарууга кабыл алуу, кайтарып алуу жана аткарууну токтотуп туруу тартибин; 

- буйрууларды аткаруу тартибин; 

- накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу тууралуу башка жоболор. 

25. Ички документтер мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарына дал келүүгө тийиш. 

26. Банктардын ички инфраструктурасы ири төлөмдөр системасында жана банктар аралык чекене төлөмдөр системасында өз кардарларынын төлөмдөрүнүн түздөн-түз иштелип чыгуусуна (STP) гарантия берүүгө тийиш. 

 

4-глава. Төлөм документтерин тариздөө тартиби 

 

27. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтери Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө нускоодо белгиленген форма боюнча милдеттүү реквизиттерди көрсөтүү менен бланктарда таризделет. 

28. Төлөм документин электрондук ыкмада сунуш кылуу, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларын пайдалануу жана кардар менен анын банкынын же банктар менен төлөм системаларынын операторлору ортосунда программалык-криптографиялык коргонуу системасын жана электрондук кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттүү каражаттарын пайдалануу тууралуу келишимдин (макулдашуунун) негизинде жүзөгө ашырылат. 

29. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документин мыйзамдуу тариздөө фактысын тастыктаган жана аны өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөрүлбөстүгүн гарантиялаган (электрондук кол тамга, коргоонун башка эквиваленттүү каражаттары) маалымат коопсуздугунун каражаттарын колдонуу менен түзүлгөн учурда гана иштетүүгө кабыл алынат.  

30. Накталай эмес формада товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө фактысы боюнча түзүлгөн электрондук төлөм документи (карт-чек, смс-билдирүү, электрондук билдирүү) алуучунун пайдасына накталай эмес төлөм жүргүзүлгөндүгү фактысын тастыктайт, соттук жана талаш маселелерди кароодо ал далил катары кабыл алынууга тийиш. 

31. Төлөм документи мамлекеттик жана (же) расмий тилде түзүлөт. Банк менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленген учурларда төлөм документтерин башка тилдерде кошумча түзүүгө жол берилет. 

32. Банк төлөм документтерин кабыл алганда, алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келиши текшерилет. 

33. Белгиленген талаптарды бузуу менен таризделген төлөм документтери, банк тарабынан аткарууга кабыл алынбайт жана бир операциялык күндөн кечиктирбестен жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.  

Банк кабыл алынган, бирок тигил же бул себептерден улам аткарылбаган кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин кайтарып берген учурда, биринчи нускасынын арткы бетинде кайтаруунун себеби, кайтаруунун күнү жөнүндө белги, банктын штампы, ошондой эле аты-жөнүн көрсөтүү менен жооптуу аткаруучунун жана банктын контролдоочу кызматкеринин кол тамгасы коюлат. 

Банк аткарылбаган электрондук төлөм документтерин кайтарып берген учурда, электрондук төлөм документтеринин форматтарын пайдалануу жөнүндө келишимде (макулдашууда) аныкталган тартипте кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен электрондук билдирүү жөнөтүүчүгө жөнөтүлөт. 

 

5-глава. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

34. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда төлөөчү өз эсебинен акча каражаттардын белгилүү бир суммасын ошол же башка банкта ачылган алуучунун эсебине чегерүү (которуу) жөнүндө буйрууну тейлөөчү банкка берет. Төлөм тапшырмасы жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютадагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өткөрүү учурунда колдонулат. 

35. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан документте көрсөтүлгөн күнгө ылайык же болбосо банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөттө аткарылат. 

36. Төлөм тапшырмасы кагаз түрүндө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө нускоодо белгиленген форма боюнча бланктарда таризделет. 

37. Юридикалык жактар жана жеке адамдар сатып алган товарлары, аларга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн байланыш ишканалары аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле финансы органдары тарабынан кирешелерди бюджетке кайтарууда, мыйзамдарда аныкталган акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалануунун эрежелерине жана тартибине ылайык, акцепттелген төлөм тапшырмалары пайдаланылышы мүмкүн. 

 

6-глава. Камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык төлөм талаптары боюнча төлөм талаптарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

 

38. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы жана салыктык төлөм талабы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети алдында карыздын ордун жабуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын салык органдары тарабынан төлөөчү карызгердин банктык эсебине же болбосо төлөөчү карызгердин алдында карызы бар үчүнчү жактын эсебине карата берилет.  

39. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы жана салыктык төлөм талабы төлөөчү эсеп ээсинин акцепти же болбосо төлөөчүнүн карызынын бар экендигин тастыктаган документтерди тиркөө менен соттун чечими менен, же болбосо үчүнчү жак тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча гана банк тарабынан төлөөгө кабыл алынат.  

40. Төлөөчү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабынын жана салыктык төлөм талабынын акцептин эсепти тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары жана бардык нускаларда мөөрдүн оттискасы менен тариздейт. 

41. Төлөөчүнүн эсебинде сумманы төлөө үчүн каражаттар жок болгон учурда, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы же салыктык төлөм талабы банк тарабынан анын ээсине кайтарылып берилет. 

42. Кардардын эсебинде сумманы төлөө үчүн каражаттар жетишсиз болгон учурда, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы же салыктык төлөм талабы, банк аны аткарууга кабыл алган учурда, кардардын эсебиндеги калдыктын суммасынын чегинде аткарылат жана аткарылган сумманын өлчөмү жөнүндө белги менен берүүчүгө кайтарылат. 

  

7-глава. Тике (кайра авторизацияланган) дебеттөөгө төлөм тапшырмасын колдонуу менен эсептешүүлөр  

 

43. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу нак эмес эсептешүүлөр утурумдук төлөмдөрдү (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана (же) белгиленген сумма (камсыздандыруу төгүмдөрү, ипотека ж.б.) менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк кардарлары тарабынан колдонулат.  

44. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу жүзөгө ашырылган төлөм кардар жана анын банкы ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар жогоруда көрсөтүлгөн келишимге тиешелүү документтерди тиркөө менен, аткарылган иштерге, же болбосо көрсөтүлгөн кызматтарга, сунушталган товарларга төлөө үчүн кардардын банктык эсебине карата алуучунун чыгарылган буйруулардын негизинде анын эсебинен акча каражаттарын алып салууга алдын ала уруксат берет.  

45. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда кардардын жана банктын укуктары жана милдеттери төлөөчү менен банк ортосунда келишилген тиешелүү келишимди түзгөндөн тарта келип чыгат. 

46. Төлөөчү, төлөөчүнүн банкында төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен тике дебеттөө жөнүндө тапшырма алуучунун банкы аркылуу алуучу тарабынан демилгелөөсүнө буйрууну (макулдук берүүнү) жазуу формасында алуучуга сунуштоого тийиш.   

47. Төлөм алуучу эсепти кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөнгө чейинки мезгил аралыгында белгиленген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жөнүндө эсеп-квитанцияны төлөөчүгө жөнөтүүгө тийиш.  

48. Алуучу өз банкына төлөөчүнүн эсебин тике дебеттөө жөнүндө буйрууну сунуштайт. Алуучунун банкы эсепти тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы белгиленген күнү эсептешүү жүргүзүү үчүн төлөөчүнүн банк эсебине жөнөтөт. 

49. Төлөөчүнүн банкы алуучу банктын анын кардарынын эсептешүү эсебине коюлган тапшырмасын кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынын чегинде жана (же) кардар менен келишилген келишимде каралган мезгил аралыгында аткарууга тийиш.  

50. Төлөөчү өзүнүн кайра авторизацияланган тике дебеттөө жана башка операциялар боюнча коюлган тапшырмалар боюнча төлөмдөрдү төлөөнү камсыздоо үчүн банкындагы өз эсептеринде акча каражаттарынын жетиштүү калдыгын колдоого тийиш.  

51. Алуучунун тике дебеттөө эсептешүү эсебинин тапшырмасында көрсөткөн төлөмдүн суммасы (төлөнүп берилүүчү)) төлөөчү күткөн суммадан айырмаланса, анда төлөөчү мыйзамдарга ылайык кайра авторизациялоону жокко чыгарууга укуктуу.  

52. Төлөөчүнүн банкы алуучунун банкына көрсөтүлгөн сумманы төлөөнү камсыздоо үчүн төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар жок болгон учурда, тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайтаруу аркылуу төлөмдүн аткарылбагандыгы жөнүндө кардар тарабынан кайра авторизациялоону жокко чыгаруу жөнүндө же кардар менен түзүлгөн келишимде каралган башка себептерди билдирет.  

 

8-глава. Аккредитивди колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

53. Аккредитив кардардын келишим боюнча анын контрагентинин пайдасына берилүүчү банктын шарттуу акчалай милдеттенмесин билдирет. Ал боюнча аккредитив (банк-эмитент) ачкан банк, сунуштоочуга төлөм аткарат же башка банкка аккредитивде каралган документтерди ага берген шартта, жана аккредитивдин башка шарттарын аткаруусунда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берет. 

54. Аккредитив менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Аккредитивдер жөнүндө” мыйзамы жана Эл аралык соода палатасы (ICC Publication № 500) тарабынан даярдалган “Документардык аккредитивдер үчүн бир түргө келтирилген эрежелер жана адаттар” менен дагы жөнгө салынат. 

55. Банктын ички документтеринде аккредитивдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралууга тийиш. 

56. Аккредитив кайтарылып алынуучу же кайтарылып алынгыс болушу мүмкүн. Түрү көрсөтүлбөгөн учурда аккредитив кайтарылып алынгыс катары эсептелет. 

57. Каражаттарды алуучуну алдын ала билдирүүсүз банк-эмитент тарабынан өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн болгон аккредитив кайтарылып алынуучу аккредитив болуп таанылат. 

58. Каражаттарды алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же жокко чыгарууга жатпай турган кайтарылып алынгыс аккредитив болуп таанылат.  

59. Аккредитив ачуу жөнүндө төлөөчүнүн буйруусу боюнча жана анын (банк-эмитенттин) көрсөтүүсү менен иш алып барган банк, аккредитив боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө каражаттарды алуучунун аккредитивинде каралган жана анын башка шарттарын аткарылышын тастыктоочу (аккредитивди аткарууну) документтерди сунуштоо шартында, каражаттарды алуучуга акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырууга милдеттенет, же болбосо аккредитивди аткарууга башка банкка (аткаруучу банкка) ыйгарым укук берет. 

60. Аткаруучу банк катары банк-эмитент, каражат алуучунун банкы же башка банк болушу мүмкүн. Банк-эмитент өзүнүн атынан өзүнүн эсебине аккредитив ачууга укуктуу. Бул учурда банк-эмитент төлөөчү болуп саналат. 

61. Аккредитив обочолонгон жана негизги келишимден көз каранды болбойт. Аккредитив ачуу банк бекиткен тартипте түзүлгөн төлөөчүнүн арызынын негизинде банк-эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Аткаруучу банктын аккредитивди аткарууга макулдугу банк-эмитенттин аны аткаруусуна тоскоолдук жаратпайт. 

62. Аккредитивдин реквизиттери жана формасы банк тарабынан белгиленет. Аккредитивде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аккредитивдин номери жана күнү

- аккредитивдин суммасы; 

- төлөөчүнүн реквизиттери; 

- банк-эмитенттин реквизиттери; 

- каражат алуучунун реквизиттери; 

- банк аткаруучусунун реквизиттери; 

- аккредитив түрү

- аккредитивдин колдонуу мөөнөтү

- аккредитивди аткаруу ыкмасы; 

- каражат алуучу тарабынан сунушталуучу документтердин тизмеги, аларга карата талаптар; 

- төлөм багыты; 

- документтерди сунуштоо мөөнөтү

- тастыктоо зарылчылыгы (эгер болсо); 

- банктардын комиссиялык сый акысын төлөө тартиби. 

Аккредитивде башка маалымат көрсөтүлүшү мүмкүн. 

63. Банк-эмитенттен аккредитивди аткаруу ыйгарым укугу менен аккредитив алган учурда аткаруучу банк аккредитивди аткарууга ыйгарым укукту кабыл алууга макул болбогон учурда, банк-эмитент бул тууралуу баш тартуу себептерин көрсөтүү менен тезинен билдирүүгө милдеттүү

64. Аткаруучу банк, банк-эмитенттен келип түшкөн аккредитивдин шарттарын каражаттарды алуучуга маалымдайт. Банк-эмитент тарабынан сунушталган ыйгарым укуктарга ылайык, аткаруучу банк аккредитивдин шарттарын билдирүү үчүн башка банкты, анын ичинде каражаттарды алуучунун аккредитивдеринин шарттарын билдирүү күнү тууралуу аткаруучу банк маалымдаган каражаттарды алуучунун банкты ишке тартышы мүмкүн.  

65. Шарттар өзгөрүлгөн же аккредитив жокко чыгарылган учурда, төлөөчү банк-эмитентке тиешелүү арыз берет. Алынган тиешелүү арызга ылайык, банк-эмитент аткаруучу банкка шарттардын өзгөргөндүгү же аккредитивди жокко чыгаруу жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Аткаруучу банк банк-эмитенттен келип түшкөн билдирүүнүн негизинде каражаттарды алуучуга аккредитивдин шарттарды өзгөргөндүгү же жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Каражаттарды алуучуга аккредитивдин шарттарынын өзгөрүүсүн жарым-жартылай кабыл алууга жол берилбейт. 

66. Аккредитивди аткаруу үчүн каражаттарды алуучу аткаруучу банкка аккредитивдин шарттарында каралган документтерди аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аралыгында жана документтерди сунуштоо үчүн аккредитив шарттарында каралган мөөнөттүн чегинде сунуштайт. Эгерде документтерди сунуштоо үчүн аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктоо күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, каражаттарды алуучу тиешелүү мөөнөт аяктаган күндөн кийинки биринчи жумуш күнү документтерди бере алат. Каражаттарды алуучу документтерди түздөн-түз банк-эмитентке документтерди сунуштай алат. 

67. Банк (аткаруучу банк, банк-эмитент) сунушталган документтердин тышкы белгилери боюнча жана алардын аккредитивдин шарттарында каралган талаптарга реквизиттердин шайкештигин, ошондой эле документтер ортосундагы карама-каршылыктардын жоктугун текшерет. 

68. Сунушталган документтердин аккредитив шарттарына шайкештигин тапкан учурда, аткаруучу банк аккредитивдин аткарылышын жүзөгө ашырат. 

69. Аккредитивдин аткарылышы банктын аткаруучусунун төлөм тапшырмасы менен каражаттардын алуучунун банк эсебине акча каражаттарынын которулушу же аткаруучу банкта каражаттарды алуучунун банктык эсебине тиешелүү сумманы чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

70. Аккредитивди аткаруудан кийин аткаруучу банк банк-эмитентке аткаруу суммасын көрсөтүү жана сунушталган документтерди тиркөө менен аккредитивдин аткарылышы жөнүндө билдирмени банк-эмитентке жөнөтөт.  

71. Эгерде банк-эмитент, аткаруучу банк тарабынан кабыл алган документтерди алып, алардын тышкы белгилери боюнча аккредитивдин шарттарына туура келбейт деп эсептесе, ал аларды кабыл алуудан баш тартууга жана аткаруучу банктан аккредитив шарттарынын бузулушу менен каражаттарды алуучуга төлөнгөн сумманы талап кылууга, ал эми орду жабылбаган аккредитив боюнча төлөнгөн суммалардын ордун жабуудан баш тартууга укуктуу. 

72. Аткаруучу банктагы аккредитив төмөнкү учурларда жабылат: 

- аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда; 

- каражаттарды алуучунун аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин пайдалануудан баш тартуу жөнүндө арызы боюнча, эгерде мындай баш тартуу аккредитив шарттарында каралган болсо; 

- төлөөчүнүн аккредитивди толук же бир бөлүгүн кайтарып алуу жөнүндө талабы боюнча, эгерде мындай кайтарып алуу аккредитив шарттарында мүмкүн болсо. 

73. Аккредитивдин жабылгандыгы жөнүндө аткаруучу банк банк-эмитентке билдирүүгө тийиш. Депондоштурулган аккредитивдин каражаттарынын колдонулбаган суммасы аккредитивдин жабылышы менен бир эле убакта банк-эмитентке кайтарууга жатат. Банк-эмитент каражаттар депондоштурулган төлөөчүнүн эсебине кайтарылган суммаларды чегерүүгө милдеттүү

 

9-глава. Инкассалык тапшырманы колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

74. Инкассалык тапшырма боюнча эсептешүүлөрдө кардар өз банкына (банк-эмитентке) төлөөчүдөн төлөм тапшырмасын алуу боюнча кардардын эсебинен аракеттерди жүзөгө ашыруу тууралуу тапшырма жөнөтөт. 

75. Инкассалык тапшырма боюнча эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана Эл аралык соода палатасы (ICC Publication № 522) тарабынан даярдалган Инкасса боюнча бирдейлештирилген эрежелер менен дагы жөнгө салынат (мындан ары Бирдейлештирилген эрежелер). 

76. Банктын ички документтеринде инкассалык тапшырма менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралууга тийиш. 

77. Кардар инкассалык тапшырманы жана банк-эмитент аркылуу төлөөчүнүн эсебине бардык документтерди көрсөтөт. Бардык документтер инкассалык тапшырма менен коштолууга тийиш, анда бул инкассалык тапшырма Бирдейлештирилген эрежелерге баш ийе тургандыгы жана так жана толук нускоону камтыгандыгы көрсөтүлөт. Инкассалык нускоолордо кайсы болбосун аракеттердин төлөөчү тарабынан жасала турган мезгили так көрсөтүлүшү зарыл. 

78. Инкассалык тапшырмада төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш: 

- инкассалык тапшырма алган банк (принципал инкассациялоо боюнча операцияны тапшырган банк-эмитент) тууралуу маалыматтар; 

- принципал (инкассациялоо боюнча операцияны банк-эмитентке тапшырган тарап) жөнүндө маалыматтар; 

- төлөөчү жөнүндө маалыматтар (инкассалык тапшырмага ылайык сунушталган адам); 

- эгерде аткаруучу банк болсо, ал тууралуу маалыматтар (төлөөчүгө сунуштоочу инкассациялоочу банк); 

- инкассациялана турган сумма (суммалар) жана валюта (валюталар); 

- ар бир документтин барагынын санын көрсөтүү менен тиркелген документтердин тизмеги; 

- төлөм жана/же акцептти алуу мөөнөтү жана шарттары; 

- инкассациялануучу документтерди өткөрүп берүү шарттары; 

- бир бөлүгүн төлөөнү кабыл алуу жөнүндө нускоо; 

- акцепт берилбеген же төлөнбөгөн учурда протест жасоо же башка юридикалык аракеттер жөнүндө нускоо. Мындай нускоолор болбогон учурда инкассага катышуучу банктар протест же башка юридикалык аракеттерди жасоого милдеттүү эмес; 

- инкасса менен байланышкан чыгымдардын ордун жабуу жана (же) сый акы төлөө тартиби жана эрежелер жөнүндө нускоолор. 

79. Банк-эмитент инкассалык тапшырманын туура жана толук таризделишин жана документтердин тиркелгендигин текшерет. 

80. Инкассалык тапшырма алган банк-эмитент, аны аткаруу үчүн башка банкты (аткаруучу банкты) ишке тартууга укуктуу. Аткаруучу банк, төлөөчүгө банк-эмитенттен алган инкасса боюнча документтерди акцепт алуу үчүн сунуштайт. Эгер акцепт, же болбосо төлөм алынбаган болсо, кардарга бул тууралуу дароо билдирип, мындан аркы аракеттер боюнча андан көрсөтмө сурап алуусу зарыл. 

81. Белгиленген мөөнөттө мындан аркы аракеттер жөнүндө кардардан көрсөтмө берилбеген учурда, аткаруучу банк банк-эмитентке документтерди кайтарып берүүгө укуктуу. 

82. Инкассалык тапшырманы аткаруу үчүн төлөөчү аны тейлеген банкка төлөм тапшырмасын сунуштайт. 

83. Келип түшкөн инкассацияланган сумманы, эгер башкасы каралбаса, аткаруучу банк, өз кезегинде аны принципалдын эсебине чегерген банк-эмитенттин пайдасына чегерет. Аткаруучу банк жана банк-эмитент ага тиешелүү сый акы суммасын жана чыгашалардын ордун толтурууну кармап калууга укуктуу. 

84. Инкассациялануучу сумманын бир бөлүгү, инкассациялык тапшырмада тиешелүү нускоолор камтылганда гана төлөнүшү мүмкүн. Мындай документтер көрсөтүлбөгөн учурда, документтер аткаруучу банк тарабынан толук төлөнгөндөн кийин гана төлөөчүгө өткөрүлүп берилет. 

 

10-глава. Эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чекти колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

85. Чектер менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

86. Чекте Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген реквизиттер берилүүгө тийиш, ошондой эле банк тарабынан аныкталуучу реквизиттер камтылышы мүмкүн. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби банк тарабынан аныкталат. 

 

11-глава. Банктык төлөм картын колдонуу менен эсептешүүлөр  

 

87. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөр товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү банкоматтар, электрондук терминалдар жана башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

88. Банктык картты колдонуу менен товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, салыктарды, жыйымдарды жана бюджетке башка төлөмдөрдү төлөө боюнча транзакция жүргүзүү учурунда терминал, банкомат жана башка аралыкта орнотулган түзүлүш аркылуу түзүлгөн кагаз же электрондук түрдөгү документ төлөө ишке ашырылгандыгын тастыктоо болуп саналат.  

89. Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды колдонуу менен жасалган бардык эсептешүүлөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

90. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

91. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүсү, системанын регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында банктар аралык эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат.  

 

12-глава. Электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

92. Электрондук акчаларды колдонуу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр  

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

13-глава. Банктык гарантиялар менен эсептешүүлөр 

 

93. Банктык гарантия кредит боюнча камсыздоонун формаларынын бири болуп саналат жана өз милдеттенмелерин тараптардын бири аткарбаган учурда мүмкүн болуучу жоготууларды азайтуу максатында колдонулат. 

94. Банктык гарантиялар банктар тарабынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна банктын лицензиясына карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмегинде аталган операция болгон учурда берилет. Банктын ички документтеринде банктык гарантиялар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилөөчү нормалар каралууга тийиш. 

95. Банктык гарантия үчүн мөөнөттүүлүк жана кайтарып алынбастык мүнөздүү, гарант бир тараптуу тартипте өзүнө кабыл алынган милдеттенмелерден, эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, баш тартууга укугу жок. 

96. Кредиторго акчалай сумманы төлөө шартына жараша гарантия биринчи эле талабы боюнча (шартсыз) жана шарттуу болушу мүмкүн. Шарттуу гарантия учурунда гарант, гарантия келишиминде айтылган шарттар келип чыккан учурда, кредитордун жазуу түрүндөгү талабы боюнча гарантия боюнча төлөм жүргүзүүгө тийиш.  

97. Дайындоого жараша гарантиялар төмөнкүдөй түрлөрдө болот: 

- тендердик; 

- аткаруу гарантиясы; 

- аванстык төлөмдү кайтаруу гарантиясы; 

- төлөм гарантиясы. 

98. Банктык гарантия менен каралган гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмеси обочолонгон жана аткарууну камсыздоого берилген негизги милдеттенмеден көз каранды эмес, эгерде гарантияда бул милдеттенмеге шилтеме берилсе дагы. 

99. Банктык гарантия келишиминде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

- принципал жөнүндө маалыматтар (милдеттенмелерди аткаруу гарантия менен камсыздалган тарап); 

- кредитор тууралуу маалымат (анын пайдасына гарантия берилген тарап); 

- гарант жөнүндө маалымат (гарантия берүүчү тарап); 

- гарантиялык учурдун келип чыгуу шарттары; 

- гарантия суммасы; 

- гарантия мөөнөтү

Маалыматтар тизмеги банктык гарантия келишимине тараптардын макулдашуусу боюнча толукталышы мүмкүн. 

100. Банктык гарантия берүү банкка банктык гарантия берүүгө принципалдын арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Аткарылышы банктык гарантия менен камсыздалуучу негизги милдеттенмени камтыган негизги келишимдин же болбосо башка документтин көчүрмөсү арызга тиркелет. 

101. Банктык гарантияны берүү, ошондой эле банктык гарантия боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптарды коюу жазуу түрүндө таризделет. 

102. Гарантиялык учур келип чыккан шартта кредитор банктык гарантия боюнча төлөмдүн жазуу түрүндөгү талабын жөнөтөт. Гарантия боюнча талапка кредитордун арызы жана гарантияда каралган башка документтер тиркелүүгө тийиш.  

103. Банктык гарантия боюнча төлөм талабын алган учурда гарант принципалга коюлган талап жөнүндө билдирет жана банктык гарантия боюнча төлөм талабынын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн өткөрүп берет. 

104. Эгерде банктык гарантия боюнча төлөм талабынын коюлган талабы талаптагыдай болсо жана гарантиянын шарттарына туура келсе, гарант кредитордун пайдасына төлөмдү жүзөгө ашырат. 

105. Гаранттын гарантия боюнча кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат: 

- гарантия берилген сумманы кредиторго төлөп берүү

- гарантияда аныкталган мөөнөттүн аякташы; 

- кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартуусу жана аны гарантка кайтарып берүүсү

- гарантты милдеттенмелеринен бошотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү арызы аркылуу кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартуусу. 

 

14-глава. Нак эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 

 

106. Банктын кардарлары, эгерде мыйзамдарда башкасы каралбаса, кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган шарттарда банктык эсептер боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөшөт.  

107. Банктар кардарлардын эсептеринен (эсептерине) акча каражаттарын өз убагында эмес алып салууга (чегерүүгө) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

108. Кыргыз Республикасынын банктары, банктык операциялардын өзүнчө түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдар, чет өлкө банктары (финансы институттары) ортосунда жүзөгө ашырылуучу төлөмдөр жана эсептешүүлөргө байланыштуу мамилелер алар ортосунда түзүлгөн келишимдер менен мыйзамдарга каршы келбеген бөлүгү боюнча жөнгө салынат.  

109.  Акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм ката же алдамчылык менен жасалды деп таанылган учурда, системанын эрежелери ката кеткен төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобону караштырат. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын иштөө тартибинде/эрежелеринде жана регламентинде белгиленет.  

110. Кардар төлөм инструменттерин колдонуу боюнча эрежелердин жана төлөм документтерин тариздөө тартибинин сакталышы үчүн ченемдик укуктук актыларга ылайык жоопкерчилик тартат. 

111. Эгер төлөм аякталбаган болуп саналса, анда буга чейин катышуучудан алган төлөмдү жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган катышуучу катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчилик тартат. Мында жөнөтүүчүнүн банкы кардардын талабы боюнча төлөм жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же болбосо талапка ылайык аткарбаган катышуучу жөнүндө, ошондой эле төлөмдүн аяктабагандыгынын себеби жөнүндө маалыматты берүүгө жана кардардын талабы боюнча төлөмдү аягына чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө же жөнөтүүчүгө акча каражаттарын кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде төлөм алуучунун күнөөсү боюнча аягына чыгарылбаса, жөнөтүүчү алуучу алдында жоопкерчилик тартпайт.  

 

“Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө” жобонун жаңы редакциясына салыштырма таблица 

“Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө” жобонун колдонуудагы редакциясы 

“Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө” жобонун сунушталган редакциясы  

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө Жобо 

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө Жобо 

I. Жалпы жоболор 

1.1. Киришүү 

1-глава. Жалпы жоболор 

1.1.1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөрү тууралуу", "Электрондук цифралык колтамга тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда катышуучулардын ортосунда болуучу мамилелерди жөнгө салат. 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин, анын катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди, ошондой эле накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда коммерциялык банктар тарабынан колдонулган төлөм документтеринин таризделишинин формаларын жана талаптарын аныктайт.  

 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.  

1.1.2. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин, накталай эмес төлөм каражаттарынын (инструменттеринин) формаларын, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасын жана анын катышуучуларынын өзара мамилелерин аныктайт. 

 

1.1.3. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда юридикалык жактарга жана жеке адамдарга карата колдонулат. 

 

3. Бул Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таркатылат. Чет өлкө валютасында нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби мыйзамдарга жана эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган ишкердикти жүргүзүү эрежелерине ылайык, кардарлар менен банктардын ортосундагы келишимдерде белгиленет. 

 

4. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер ушул Жободо каралгандан башка эрежелерди белгилесе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. 

 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

1.1.4. Жободо колдонулган терминдер: 

5. Ушул Жобонун максатында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

Акцепт (латын Ассерtus - кабыл алынган) - төлөөчүнүн акчалай жана товардык документтерди төлөөгө макулдугу. Акцепт сатылып алынган товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана бүткөрүлгөн иштер үчүн эсептешүүлөрдө колдонулат. Мында төлөө, товарды берүүчү жазып берген эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен жүргүзүлөт; 

Акцепт төлөөчүнүн акчалай жана товардык документтерди төлөөгө макулдугу. Акцепт товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн эсептешүүлөрдө колдонулат, мында төлөм, сунуштоочу тарабынан жазылган эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен жүргүзүлөт. 

Банктык эсеп - бул, банк менен кардардын ортосунда депозитти (банктагы аманатты) кабыл алуу боюнча келишимдик мамилелерди жана (же) банк тарабынан кардарды банктык тейлөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу банктык эсеп келишиминде, мыйзамдарда каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган кардарды банктык тейлөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу операциялардын банк тарабынан ишке ашырылышын чагылдыруу ыкмасы; 

 

 

Накталай эмес төлөм төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада банктык эсептен акча каражаттарын которуу аркылуу акча милдеттенмесинин аткарылышы. 

Накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарын төлөөчүнүн эсептик эсебинен чыгаруу жана алуучунун эсептик эсебине кириштөө жолу менен накталай акчаларды колдонбостон акча каражаттарынын жылышын билдирген акча жүгүртүлүшүнүн формасы; 

Накталай эмес эсептешүү акча каражаттарын төлөөчүнүн банктык эсебинен чыгаруу жана алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчаларды колдонбостон акча каражаттарынын жылышын билдирген акча жүгүртүлүшүнүн формасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр. Эсептешүү төлөмдүн аяктоосу болуп саналат. 

Идентификация - тиешелүү жактын аталган ысымга жана анын ыйгарым укуктарына ылайык келүүсүн текшерүү жол-жобосу; 

 

Кардар - банк менен банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак; 

Кардар банк менен банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак. 

Клиринг борбору - төлөмдөрдүн клиринг системасынын катышуучуларынын ортосунда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда ортомчулук кызматты көрсөткөн уюм. Клиринг борбору төлөм документтерин алмашууну, төлөмдөрдү топтоону жана иштеп чыгууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык өз ара талаптарды чегеришүү (зачет) жолу менен клиринг системасынын катышуучуларынын таза позицияларын эсептөөнү жүзөгө ашырат; 

 

Корреспонденттик (утурумдук) эсеп - финансы-кредиттик мекеме тарабынан банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банкта ачкан банк эсеби; 

Корреспонденттик эсеп банк тарабынан банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банкта ачылган банк эсеби. 

Жыйынтыктап эсептешүү - финансы-кредиттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөр. Жыйынтыктап эсептешүү сөзсүз кабыл алынат жана кайталап эсептөөгө жатпайт; 

Акыркы эсептешүү банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөр. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылып алынгыс болуп саналат.  

Төлөм - накталай акча каражаттарын колдонуу менен акча милдеттенмесин аткаруу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада накталай эмес акча каражаттарынын төлөөчү тарабынан которулуу процесси; 

Төлөм накталай акча каражаттарын колдонуу менен акча милдеттенмесин аткаруу же накталай эмес акча каражаттарынын төлөөчү тарабынан которуу процесси. 

 

Электрондук төлөм документи эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматты камтыган жана электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү.  

Төлөөчү - акча каражаттарынын эсебинен төлөө ишке ашырылган банк же кардар; 

Төлөөчү акча каражаттардын эсебинен эсептешүү жүргүзүлүп жаткан, төлөмдүн демилгечиси болуп саналган жеке адам же юридикалык жак.  

Алуучу - төлөмдөрдү ишке ашыруунун жана эсептешүүнүн натыйжасында анын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн банк же кардар; 

Алуучу төлөмдүн жана эсептешүүнүн натыйжасында анын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн банк же кардар. 

Алдын ала уруксат алуу (преавторизация) - кардардын банкка белгилүү убакыт аралыгында жана (же) белгилүү сумманын чегинде өзүнүн эсептешүү (утурумдук) эсебин аталган алуучудан төлөөгө эсепти алууда дебеттөөгө алдын ала уруксат берүүсү

 

Банктык эсепти түздөн-түз дебеттөө - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун формасы. Мында, банк кардардын эсебин дебеттөө жана белгилүү бир убакыт аралыгында аркеттенген жана (же) белгилүү бир сумманын чегинде алдын ала уруксат берүүнүн (преавторизациялоонун) негизинде төлөмдөрдүн алуучуга өткөрүлүп берилишин жүзөгө ашырат; 

 

Эсептешүү - берилген төлөө документтерине ылайык, акча каражаттарын төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен алып салуу жана алуучунун эсептешүү эсебине чегерүү. Эсептешүү төлөөнүн бүтүшү болуп саналат; 

Эсептешүү берилген төлөм документтерине ылайык, акча каражаттарын төлөөчүнүн банктык эсебинен чыгаруу жана алуучунун банктык эсебине чегерүү жүргүзүлгөн акыркы жол-жобо.  

Эсептешүү эсеби - акча каражаттарын сактоого арналган жана анда кардардын бүтүндөй эсептешүүлөрү (келип түшүүлөр, төлөөдөр, башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара эсептешүүлөр) эске алынган, келишимдин негизинде финансы-кредиттик мекеме тарабынан кардарга (жеке адам же юридикалык жак) ачылган эсеп; 

Эсептешүү эсеби акча каражаттарын сактоого каралган жана анда кардар тарабынан жүргүзүлгөн бардык күндөлүк эсептешүүлөр (келип түшүүлөр, төлөөлөр, башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара эсептешүүлөр) эске алынган, келишимдин негизинде финансы-кредит уюму тарабынан кардарга (жеке адам же юридикалык жак) ачылган эсеп; 

Чекене жана утурумдук төлөмдөр - тез арада жөнөтүүнү талап кылбаган жана (же) утурумдук мүнөздө болбогон орто жана майда суммадагы төлөмдөр; 

 

Таза позиция - ага, ушул эле убакытка чейин бардык башка катышуучулар тарабынан жөнөтүлгөн сумманын, бардык которууларды эсептен алып салуу менен бардык башка катышуучулар тарабынан белгилүү бир мөөнөткө чейин алынган эсептешүүнүн клиринг системасынын катышуучусунун бардык которууларынын суммасы. Эгерде айырмачылык оң болсо, катышуучу таза кредиттик позицияда болот; эгерде, айырмачылык терс болсо таза дебеттик позицияда болот. Таза кредиттик же таза дебеттик позиция белгилүү убакытта жыйынтыктоочу таза позиция деп аталат; 

 

Эквайер - карттардын эквайрингин жүзөгө ашырган финансы-кредиттик мекеме; 

 

Эквайринг - финансы-кредиттик мекеменин сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүнүн каражаты катары төлөм картын пайдалануу жөнүндө соода түйүндөрү менен келишимдик мамилелерин камтыган иши, ошондой эле соода түйүндөрү менен эсептешүүнү камсыздоо жана (же) карттын кармоочуларына накталай акча каражаттарды берүү

 

Карттардын эмиссиясы - карттарды даярдоо, персонификациялоо, берүү, эсептерди ачуу жана жүргүзүү, алар тарабынан транзакцияларды жүргүзүүдө картты кармоочуларды эсептешүү-кассалык тейлөө

 

fifo "first in - first out" - төлөмдөрү иштеп чыгуу принциби, мында төлөмдөр келип түшүү тартибине жараша ырааттуу иштелип чыгат. 

 

 

 

1.2. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу боюнча негизги жоболор 

 

3-глава. Накталай эсептешүүлөрдү уюштуруу боюнча негизги жоболор 

1.2.1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе жана төлөм каражатынын колдонулуучу формасы менен шартталбаган болсо, банктык эсептерди ачууга жана тейлөөгө келишимдин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар финансы-кредиттик мекемелер аркылуу жүзөгө ашырылат. 

 

6. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде мыйзамдарда башкасы белгиленбесе жана төлөм инструменттеринин колдонулуучу формасы менен шартталган болсо, банктык эсептерди ачууга жана тейлөөгө келишимдин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар банктар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

1.2.2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, банктар же банктардын кардарлары тарабынан мыйзамда каралган формаларда жана эсеп ээсинин буйрутмасынын негизинде төлөм каражаттарын колдонуу менен же болбосо эсеп ээсинин буйрутмасыз эле, бирок анын акцепти шартында же акцептсиз тартипте мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат. 

 

7. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен төлөөчү кардардын накталай акча каражаттарын жөнөтүүчү банкка салган учурда жүзөгө ашырылат. Бул эсептешүүлөр ишкердик ишине байланыштуу болбоого тийиш. 

1.2.3. Безналичные расчеты без открытия счета осуществляются за счет денежных средств, внесенных плательщиком в банк отправитель. В случае поступления в банк денежных средств клиенту, не имеющему счет в этом банке, денежные средства выдаются банком в наличном виде при условии полной идентификации клиента. Банки ведут учет с детальной информацией о клиентах по операциям без открытия счета (ведомость, журнал и т.п.) по каждому платежу. 

8. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен төлөөчү кардардын накталай акча каражаттарын жөнөтүүчү банкка салган учурда жүзөгө ашырылат. Бул эсептешүүлөр ишкердик ишине байланыштуу болбоого тийиш. 

1.2.4. Накталай эмес эсептешүүлөрдү почта байланышынын бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүүдө акча каражаттары накталай түрүндө төлөөчү тарабынан почта бөлүмүнүн кассасына төлөнөт, андан ары төлөм почта мекемесинин банктык эсебинен каражатты алуучунун пайдасына жүзөгө ашырылат. 

9. Накталай эмес эсептешүүлөр электрондук же кагаз формасында сунушталуучу төлөм документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат.  

1.2.5. Чет өлкө валютасында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби, формалары жана мөөнөтү мыйзамдарга, ошондой эле эл аралык банктык тажрыйбадагы колдонулган ишкердик карым-катнаш салттарына ылайык, кардарлар менен аларды тейлеген банктардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

10. Төлөм документи кагаз жүзүндө толтурулган документ түрүндө же электрондук  

төлөм документи түрүндө болот жана төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) төлөөчүнүн (кардардын же банктын) акча каражаттарын өз эсебинен алып салуу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине которууга буйруусу; 

2) акча каражаттарын алуучунун (өндүрүп алуучунун) акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен алып салуу жана алуучу көрсөткөн эсепке, эсеп ээсинин (төлөөчүнүн) макулдугу боюнча гана же банк менен анын кардарынын ортосундагы келишимдин негизинде которууга буйруусу; 

3) накталай акча каражаттарын салууга буйруу (жарыя) же акча каражаттарын берүүгө арыз. 

1.2.6. Акча каражатын акцептсиз алып салуу (эсеп ээсинин макулдугусуз) эсеп ээси менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде ушул операцияга укук бекемделген учурда же болбосо аткаруучу баракчаны көрсөтүү менен соттун чечиминин негизинде эсепте болгон акча каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат. 

11. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана төлөм инструменттеринин төмөнкүдөй формалары колдонулат: 

- төлөм тапшырмасы; 

- төлөм талабы (мыйзамдарда белгиленген учурларда); 

- аккредитив; 

- тике дебеттөө (кайра авторизацияланган);  

- инкассалык тапшырма; 

- эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чек; 

- банктык төлөм карты; 

- электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр. 

1.2.7. Коюлган талаптардын бардыгын канааттандыруу үчүн эсептеги акча каражаттар жетишсиз болсо, акча каражаттарын алып салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүккө жараша алардын келип түшүшү боюнча жүзөгө ашырылат. 

12. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө буйруу төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: 

- кагаз жүзүндө толтурулган төлөм документинин түп нускасын көрсөтүү аркылуу; 

- байланыштын тиешелүү электрондук каналдарын пайдалануу менен буйрууну электрондук ыкмада жөнөтүү аркылуу. 

1.2.8. Если международным договором, ратифицированным Кыргызской Республикой, установлены иные правила, чем те, которые предусмотрены настоящим Положением, применяются правила международного договора. 

13. Нак эмес эсептешүүлөр эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилерин жана төлөм шилтемелерин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.  

 

14. Кардардын анын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банкка буйрууларын өткөрүп берүү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг аркылуу айкын убакыт режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн.  

1.3. Накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө банктык эсептерди пайдалануунун тартиби 

15. Нак эмес эсептешүүлөр төмөнкүлөр аркылуу банктык эсептер боюнча жүзөгө ашырылат: 

- төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен акча каражаттарды алып салуу жана алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын чегерүү

- төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен акча каражаттарды алып салуу жана акча каражаттарын алуучулардын электрондук акчасынын калдыгын көбөйтүү

- электрондук акча ээсинин эсебинен акча каражаттарды алып салуу жана алуучулардын банктык эсептерине акча каражаттарын чегерүү

 

16. Эгерде банк менен алардын кардарларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде же мыйзамдарда башкасы каралбаса, эсептерден акча каражаттарын алып салуу эсеп ээси тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык эсептеги акча каражаттарынын чегинде түзүлгөн төлөм документтеринин негизинде банк аркылуу жүзөгө ашырылат. 

1.3.1. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын төлөмдөрү боюнча накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан кардар үчүн банктык эсеп келишиминин негизинде ачылган жана акча каражаттарынын сакталып турушу, утурумдук эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган банктык эсеп боюнча жүргүзүлөт. 

 

17. Накталай эмес эсептешүү, төлөм документин банк төлөөчүдөн аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктоону алган учурда төлөөчү кардар үчүн кайтарымсыз болуп саналат, төлөөчүнүн эсебинен акча каражатын алып салууда акыркы болот. 

1.3.2. Банктардын же алардын кардарларынын накталай эмес эсептешүүлөрү банк тарабынан төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен акча каражаттарын алып салуу жана алуучунун эсептешүү эсебине аларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. 

 

18. Накталай эмес эсептешүү, акча каражатын алуучунун эсебине банк алуучу чегерген учурда же башка (ички) банк эсебинен ушул банкта эсеби жок алуучу кардарга акча каражаты берилген учурда алуучу үчүн акыркы болот.  

1.3.3. Улуттук валютадагы банктар аралык төлөмдөрдүн бардыгы төлөө системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик (утурумдук) эсептери аркылуу гана ишке ашырылат. Төлөө системасынын катышуучулары тарабынан бири-биринде улуттук калютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тике корреспонденттик эсептерди ачуусуна жол берилбейт. 

 

19. Накталай эмес эсептешүү банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылдын  

11-мартындагы № 144/1/6 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын өтүү мөөнөттөрүн бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө» токтомунда белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.  

 

 

1.3.4. Эгерде, банк менен алардын кардарларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде же мыйзамдарда башкача каралбаса эсептерден акча каражаттарын алып салуу эсеп ээси тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык эсептеги акча каражаттарынын чегинде түзүлгөн төлөм документтеринин негизинде банк аркылуу жүзөгө ашырылат. 

 

20. Коюлган талаптардын бардыгын канааттандыруу үчүн эсептеги акча каражаттары жетишсиз болсо, акча каражаттарын алып салуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 771-беренесинде белгиленген кезегине жараша алардын келип түшүшү боюнча жүзөгө ашырылат. 

 

 

II. Накталай эмес эсептешүүлөрүнүн формалары жана төлөм каражаттарын колдонуу тартиби 

 

 

2.1. Накталай эмес эсептешүүлөрдүн формалары 

 

 

2.1.1. Банктар, тиешелүү төлөм каражаттарын пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которуулар аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды ишке ашырат. 

 

21. Банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамында каралган учурларда жана тартипте, кардарга нак эмес төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү боюнча буйрууну аткаруудан баш тартууга укуктуу. 

2.1.2. Төлөм каражаты кагаз жүзүндө толтурулган документ түрүндө же электрондук төлөм документи түрүндө болот: 

- төлөөчүнүн (кардардын) же банктын акча каражаттарын өз эсебинен алып салуу жана аларды акча каражаттарын алуучунун эсебине которууга буюруусу; 

- акча каражаттарын алуучунун (өндүрүп алуучунун) акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен алып салуу жана алуучу көрсөткөн эсепке, эсеп ээсинин макулдугу боюнча гана которууга буйруусу; 

- эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банкка акча каражаттарын берүү жөнүндөгү взнос тууралуу буйруу (арыз). 

 

22. Улуттук валютадагы бардык банктар аралык төлөмдөр төлөм системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери аркылуу гана ишке ашырылат. Төлөм системасынын катышуучулары тарабынан бири-биринде улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тике корреспонденттик эсептерди ачуусуна жол берилбейт. 

 

 

2.1.3. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда төмөнкүдөй накталай эмес эсептешүүлөрдүн кредиттик же дебеттик формалары жана төлөм каражаттары колдонулат: 

- төлөм тапшырмасы; 

- төлөм талабы (мыйзамдарда белгиленген учурда); 

- аккредитив; 

- тике дебеттөө

- инкассалык тапшырма; 

- эсептешүү жана эсептик-кассалык чек; 

- банктык төлөм карты. 

 

23. Эл аралык төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүдө коммерциялык банктар ISO 13616 стандартына ылайык келген эл аралык банк эсебинин номерин колдонушу зарыл. 

 

 

2.1.4. Келишим боюнча тараптар накталай эмес эсептешүүлөрдүн белгиленген формаларынын кайсынысын болбосун тандоого жана келишимде кароого укуктуу. 

 

24. Банктар төмөнкүлөрдү камтыган ички документтерди бекитүүгө тийиш: 

- буйрууну түзүү тартибин; 

- буйрууларды аткарууга кабыл алуу, кайтарып алуу жана аткарууну токтотуп туруу тартибин; 

- буйрууларды аткаруу тартибин; 

- накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу тууралуу башка жоболор. 

2.1.5. Мыйзамдарда каралган башка формаларда жана аларга ылайык банктык тажрыйбада колдонулган эрежелерде белгиленген ишкердик карым-катнаш салттары менен башка формаларда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилет. 

 

25. Ички документтер мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарына дал келүүгө тийиш. 

 

26. Банктардын ички инфраструктурасы ири төлөмдөр системасында жана банктар аралык чекене төлөмдөр системасында өз кардарларынын төлөмдөрүнүн түздөн-түз иштелип чыгуусуна (STP) гарантия берүүгө тийиш. 

Глава 1.  

 

4-глава. Төлөм документтерин тариздөө тартиби 

2.1.6. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык келүүчү белгиленген формалардагы жана банк эрежелери жана ишкердик карым-катнаш салттары менен белгиленген бланктарда таризделет. 

 

27. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтери Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө нускоодо белгиленген форма боюнча милдеттүү реквизиттерди көрсөтүү менен бланктарда таризделет. 

2.1.7. Электрондук төлөм документтери (мындан ары - ЭТД) мыйзамдарда белгиленген ЭТД форматтарына ылайык толтурулат. 

 

28. Төлөм документин электрондук ыкмада сунуш кылуу, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларын пайдалануу жана кардар менен анын банкынын же банктар менен төлөм системаларынын операторлору ортосунда программалык-криптографиялык коргонуу системасын жана электрондук кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттүү каражаттарын пайдалануу тууралуу келишимдин (макулдашуунун) негизинде жүзөгө ашырылат. 

2.1.8. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана акча каражаттарын которуу жөнүндөгү буйрууларды көрсөтүү төмөнкү ыкмаларда жүзөгө ашырылат: 

- мыйзамдарга ылайык кагаз жүзүндө толтурулган төлөм документинин түп нускасын көрсөтүү аркылуу; 

- кагаз толтуруусуз эле, байланыштын жана телекоммуникациянын тиешелүү электрондук каналдарын пайдалануу менен көрсөтмөлөрдү электрондук ыкмада жөнөтүү жолу менен. 

 

29. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документин мыйзамдуу тариздөө фактысын тастыктаган жана аны өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөрүлбөстүгүн гарантиялаган (электрондук кол тамга, коргоонун башка эквиваленттүү каражаттары) маалымат коопсуздугунун каражаттарын колдонуу менен түзүлгөн учурда гана иштетүүгө кабыл алынат.  

2.1.9. Төлөөчү тарабынан банк - төлөөчүгө акча каражаттарын которуу жөнүндөгү буйрууну жөнөтүүнүн ыкмалары, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү банк-жөнөтүүчүнүн кардары болуп саналбаса, анда буйрууну жөнөтүү ушул Жобонун нормалаарына жана мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат. 

 

30. Накталай эмес формада товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө фактысы боюнча түзүлгөн электрондук төлөм документи (карт-чек, смс-билдирүү, электрондук билдирүү) алуучунун пайдасына накталай эмес төлөм жүргүзүлгөндүгү фактысын тастыктайт, соттук жана талаш маселелерди кароодо ал далил катары кабыл алынууга тийиш. 

 

31. Төлөм документи мамлекеттик жана (же) расмий тилде түзүлөт. Банк менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленген учурларда төлөм документтерин башка тилдерде кошумча түзүүгө жол берилет. 

2.1.10. Төлөм документин банк-жөнөтүүчүгө берүү жана кардар-жөнөтүүчүнүн эсебин дебеттөө учурунан тартып же болбосо эсеп ачпаган төлөөчү банк-жөнөтүүчүгө накталай акча каражаттарын өткөрүп берген учурдан тартып төлөөчү үчүн төлөм ишке ашырылган болуп эсептелет. 

2.1.11. Алуучу үчүн төлөм банк-алуучу тарабынан алуучу-кардардын эсебин кредиттөө же болбосо, ошол банкта эсеби болбогон кардар-алуучунун башка эсебинен акча каражаттарын берүү учурунан тартып бүткөрүлгөн болуп эсептелет. 

 

32. Банк төлөм документтерин кабыл алганда, алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келиши текшерилет. 

2.1.12. Айрым министрликтер жана ведомстволор төлөм документтеринде каралбаган төлөм жөнүндө кошумча маалыматтарды чагылдыруу зарылчылыгы келип чыккан учурларда төлөм каражаттарынын атайын формаларын иштеп чыгышы мүмкүн. Мындай документтер тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик актыларында каралган талаптарга жараша иштелип чыгуусу жана Улуттук банкка макулдашылышы, мыйзамдарга ылайык бекитилиши керек. 

 

33. Белгиленген талаптарды бузуу менен таризделген төлөм документтери, банк тарабынан аткарууга кабыл алынбайт жана бир операциялык күндөн кечиктирбестен жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.  

Банк кабыл алынган, бирок тигил же бул себептерден улам аткарылбаган кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин кайтарып берген учурда, биринчи нускасынын арткы бетинде кайтаруунун себеби, кайтаруунун күнү жөнүндө белги, банктын штампы, ошондой эле аты-жөнүн көрсөтүү менен жооптуу аткаруучунун жана банктын контролдоочу кызматкеринин кол тамгасы коюлат. 

Банк аткарылбаган электрондук төлөм документтерин кайтарып берген учурда, электрондук төлөм документтеринин форматтарын пайдалануу жөнүндө келишимде (макулдашууда) аныкталган тартипте кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен электрондук билдирүү жөнөтүүчүгө жөнөтүлөт. 

2.1.13. Бул Жободо төлөм тапшырмаларын, төлөмдөрдү алдынала уруксат берүү (преавторизациялоо) менен тике дебеттөө жолу аркылуу накталай эсептешүүлөрдүн жана банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн формалары каралат. Төлөм каражаттарынын башка формаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат. 

 

 

 

 

 

 

2.2. Төлөм тапшырмаларын пандалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр 

 

5-глава. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

2.2.1. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда төлөөчү өз эсебинен акча каражаттардын белгилүү бир суммасын ошол же башка банкта ачылган алуучунун эсебине которуу жөнүндө буйрууну тейлөөчү-банкка берет. Төлөм тапшырмасы жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютадагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өткөрүү учурунда колдонулат. 

 

34. Төлөм тапшырмаларын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда төлөөчү өз эсебинен акча каражаттардын белгилүү бир суммасын ошол же башка банкта ачылган алуучунун эсебине чегерүү (которуу) жөнүндө буйрууну тейлөөчү банкка берет. Төлөм тапшырмасы жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютадагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өткөрүү учурунда колдонулат. 

2.2.2. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан мыйзамдарда же банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөттө аткарылат. 

35. Төлөм тапшырмасы банк тарабынан документте көрсөтүлгөн күнгө ылайык же болбосо банктык эсеп келишиминде каралган мөөнөттө аткарылат. 

2.2.3. Төлөм тапшырмасында төлөөчүдөн акча каражаттарын алуучуга мыйзамдарга ылайык которуу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык реквизиттер камтылууга тийиш. 

 

 

 

36. Төлөм тапшырмасы кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө нускоодо белгиленген формада бланктарда таризделет. 

2.2.4. Юридикалык жактар жана жеке адамдар сатып алган товарлары, аларга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн байланыш ишканалары аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле финансы органдары тарабынан кирешелерди бюджетке которуу учурунда мыйзамдарда аныкталган акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалануунун эрежелерине жана тартибине ылайык акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалана алышат. 

 

37. Юридикалык жактар жана жеке адамдар сатып алган товарлары, аларга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн байланыш ишканалары аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле финансы органдары тарабынан кирешелерди бюджетке которуу учурунда мыйзамдарда аныкталган акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалануунун эрежелерине жана тартибине ылайык акцепттелген төлөм тапшырмаларын пайдалана алышат. 

 

6-глава. Камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык төлөм талаптары боюнча төлөм талаптарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

 

38. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы жана салыктык төлөм талабы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети алдында карыздын ордун жабуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын салык органдары тарабынан төлөөчү карызгердин банктык эсебине же болбосо төлөөчү карызгердин алдында карызы бар үчүнчү жактын эсебине карата коюлат.  

 

39. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы жана салыктык төлөм талабы төлөөчү эсеп ээсинин акцепти же болбосо төлөөчүнүн карызынын бар экендигин тастыктаган документтерди тиркөө менен соттун чечими менен, же болбосо үчүнчү жак тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндө гана банк тарабынан төлөөгө кабыл алынат.  

 

40. Төлөөчү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабынын жана салыктык төлөм талабынын акцептин эсепти тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары жана бардык нускаларда мөөрдүн оттискасы менен тариздейт. 

 

41. Төлөөчүнүн эсебинде сумманы төлөө үчүн каражаттар жок болгон учурда, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы же салыктык төлөм талабы банк тарабынан анын ээсине кайтарылып берилет. 

 

42. Кардардын эсебинде сумманы төлөө үчүн каражаттар жетишсиз болгон учурда, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөм талабы же салыктык төлөм талабы, банк аны аткарууга кабыл алган учурда, кардардын эсебиндеги калдыктын суммасынын чегинде аткарылат жана аткарылган сумманын өлчөмү жөнүндө белги менен берүүчүгө кайтарылат. 

2.3. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү 

 

7-глава. Тике (кайра авторизацияланган) дебеттөөгө төлөм тапшырмасын колдонуу менен эсептешүүлөр  

2.3.1. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу накталай эмес эсептешүүлөр банктардын кардарлары тарабынан утурумдук төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөр) жана (же) катталган суммадагы төлөмдөрдү (камсыздандыруу төлөмдөрү, ипотека ж.б.) жүргүзүү учурунда колдонулат. 

 

43. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу нак эмес эсептешүүлөр утурумдук төлөмдөрдү (коммуналдык ишканалардын эсептери боюнча төлөмдөрдө) жана (же) белгиленген сумма (сактык төгүмдөр, ипотека ж.б.) менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк кардарлары тарабынан да колдонулат.  

2.3.2. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу төлөмдөр кардар менен анын банкынын ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар берилген товарлар, аткарылган иштер же болбосо көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөгө жогорку келишимге тиешелүү документтерди тиркөө менен кардардын банктык эсебине алуучунун берилген тапшыруусунун негизинде анын эсебинен ал жок учурда акча каражаттарын алууга алдынала макулдугун берет. 

 

44. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу жүзөгө ашырылган төлөм кардар жана анын банкы ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык кардар жогоруда көрсөтүлгөн келишимге тиешелүү документтерди тиркөө менен, аткарылган иштерге, же болбосо көрсөтүлгөн кызматтарга, сунушталган товарларга төлөө үчүн кардардын банктык эсебине карата алуучунун чыгарылган буйруулардын негизинде анын эсебинен акча каражаттарын алып салууга алдын ала уруксат берет.  

2.3.3. Алдынала уруксат берүү (преавторизацияланган) менен тике дебеттөө аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда кардар менен анын банкынын укуктары жана милдеттери төлөөчү менен анын банкынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып келип чыгат. 

 

45. Кайра авторизацияланган тике дебеттөө менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда кардардын жана банктын укуктары жана милдеттери төлөөчү менен банк ортосунда келишилген тиешелүү келишимди түзгөндөн тарта келип чыгат. 

2.3.4. Төлөөчү алуучуга банк алуучу аркылуу төлөөчүнүн банк-төлөөчүдөгү эсептешүү эсебин тике дебеттөө жөнүндөгү тапшырмасын алуучу тарабынан демилге кылынган кат жүзүндөгү буйрууну (макулдугун) берүүгө тийиш. 

 

46. Төлөөчү, төлөөчүнүн банкында төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен түздөн-түз дебеттөө жөнүндө тапшырма алуучунун банкы аркылуу алуучу тарабынан демилгелөөсүнө буйрууну (макулдук берүүнү) жазуу формасында алуучуга сунуштоого милдеттүү.   

2.3.5. Төлөмдү алуучу төлөөчүгө көрсөткөн кызмат үчүн төлөнгөндүгү жөнүндөгү квитанцияны белгиленген убакыт аралыгында алдынала төлөө менен эсепти тике дебеттөө аркылуу эсептешүүнү жүргүзүүгө чейин жөнөтүүгө тийиш. 

 

47. Төлөм алуучу эсепти кайра авторизацияланган тике дебеттөө аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөнгө чейинки мезгил аралыгында белгиленген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жөнүндө эсеп-квитанцияны төлөөчүгө жөнөтүүгө милдеттүү.  

2.3.6. Алуучу өз банкына төлөөчүнүн эсебин тике дебеттөө жөнүндөгү буйрууну берет. Алуучунун банкы эсепти тике дебеттөө жөнүндөгү тапшырманы белгиленген күндө эсептешүүнү жүргүзүү үчүн төлөөчү банкка жөнөтөт. 

 

48. Алуучу өз банкына төлөөчүнүн эсебин түздөн-түз дебеттөө жөнүндө буйрууну сунуштайт. Алуучунун банкы эсепти түздөн-түз дебеттөө жөнүндө тапшырманы белгиленген күнү эсептешүү жүргүзүү үчүн төлөөчүнүн банк эсебине жөнөтөт. 

2.3.7. Төлөөчүнүн банкы анын кардарынын эсептешүү эсебине карата коюлуучу банк алуучунун тапшыруусун, кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынын чегинде жана (же) кардар менен түзүлгөн келишимде каралган убакыт аралыгында аткарууга тийиш. 

 

49. Төлөөчүнүн банкы алуучу банктын анын кардарынын эсептешүү эсебине коюлган тапшырмасын кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасынын чегинде жана (же) кардар менен келишилген келишимде каралган мезгил аралыгында аткарууга тийиш.  

2.3.8. Төлөөчү алдынала төлөө менен тике дебеттөө боюнча тапшырманын жана башка операцияларга тиешелүү төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыз кылуу максатында банктагы өз эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгын жетиштүү деңгээлде колдоп турууга тийиш. 

 

50. Төлөөчү өзүнүн кайра авторизацияланган тике дебеттөө жана башка операциялар боюнча коюлган тапшырмалар боюнча төлөмдөрдү төлөөнү камсыздоо үчүн банкындагы өз эсептеринде акча каражаттарынын жетиштүү калдыгын колдоого тийиш.  

2.3.9. Эсептешүү эсебин тике дебеттөө тапшырмасында алуучу көрсөткөн төлөмдүн суммасы төлөөчү күтүп жаткан төлөөгө каралган суммадан айырмаланса, анда төлөөчү мыйзам талаптарына ылайык алдынала уруксат берүүнү (преваторизациялоону) токтотууга укуктуу. 

 

51. Алуучунун тике дебеттөө эсептешүү эсебинин тапшырмасында көрсөткөн төлөмдүн суммасы төлөөчү күткөн суммадан айырмаланса, анда төлөөчү мыйзамдарга ылайык кайра авторизациялоону жокко чыгарууга укуктуу.  

2.3.10. Төлөөчүнүн банкы төлөөгө сунушталган сумманын төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары жетишсиз болгон учурда тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайтаруу, кардар тарабынан алдынала уруксат берүүнү токтотуу же кардар менен болгон келишимде каралган башка себептер боюнча төлөмдүн аткарылбай калгандыгы жөнүндө алуучунун банкына билдирет. 

 

52. Төлөөчүнүн банкы алуучунун банкына коюлган сумманы төлөөнү камсыздоо үчүн төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар жок болгон учурда тике дебеттөө жөнүндө тапшырманы кайтаруу аркылуу төлөмдүн аткарылбагандыгы жөнүндө кардар тарабынан кайра авторизациялоону жокко чыгаруу же кардар менен түзүлгөн келишимде каралган башка себептер боюнча билдирет.  

 

8-глава. Аккредитивди колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

54. Аккредитив кардардын келишим боюнча анын контрагентинин пайдасына берилүүчү банктын шарттуу акчалай милдеттенмесин билдирет. Ал боюнча аккредитив (банк-эмитент) ачкан банк, сунуштоочуга төлөм аткарат же башка банкка аккредитивде каралган документтерди ага берген шартта, жана аккредитивдин башка шарттарын аткаруусунда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берет. 

 

55. Аккредитив менен эсептешүүлөр Эл аралык соода палатасы (ICC Publication № 500) тарабынан даярдалган «Документардык аккредитивдер үчүн бир түргө келтирилген эрежелер жана адаттар» менен дагы жөнгө салынат. 

 

56. Банктын ички документтеринде аккредитивдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралууга тийиш. 

 

57. Аккредитив кайтарылып алынуучу же кайтарылып алынгыс болушу мүмкүн. Түрү көрсөтүлбөгөн учурда аккредитив кайтарылып алынгыс катары эсептелет. 

 

58. Каражаттарды алдын ала билдирүүсүз банк-эмитент тарабынан өзгөртүлө же жокко чыгарыла турган аккредитив кайтарылып алынуучу аккредитив болуп таанылат. 

 

59. Кайтарылып алынгыс аккредитив, каражаттарды алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же жокко чыгарууга жатпайт.  

 

60. Аккредитив ачуу жөнүндө төлөөчүнүн буйруусу боюнча жана анын (банк-эмитенттин) көрсөтүүсү менен аракеттенген банк, каражаттарды алуучунун аккредитивде каралган жана анын башка шарттарын аткарылышын тастыктоочу (аккредитивди аткарууну) документтерди сунуштоо шартында каражаттарды алуучуга акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырууга милдеттенет, же болбосо аккредитивди аткарууга башка банкка (аткаруучу банкка) ыйгарым укук берет. 

 

61. Аткаруучу банк катары банк-эмитент, каражат алуучунун банкы же башка банк болушу мүмкүн. Банк-эмитент өзүнүн атынан өзүнүн эсебине аккредитив ачууга укуктуу. Бул учурда банк-эмитент төлөөчү болуп саналат. 

 

62. Аккредитив обочолонгон жана негизги келишимден көз каранды болбойт. Аккредитив ачуу банк бекиткен тартипте түзүлгөн төлөөчүнүн өтүнүч катынын негизинде банк-эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Аткаруучу банктын аккредитивди аткарууга макулдугу банк-эмитенттин аны аткаруусуна тоскоолдук жаратпайт. 

 

63. Аккредитивдин реквизиттери жана формасы банк тарабынан белгиленет. Аккредитивде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

- аккредитивдин номери жана күнү

- аккредитивдин суммасы; 

- төлөөчүнүн реквизиттери; 

- банк-эмитенттин реквизиттери; 

- каражат алуучунун реквизиттери; 

- банк аткаруучусунун реквизиттери; 

- аккредитив түрү

- аккредитивдин колдонуу мөөнөтү

- аккредитивди аткаруу ыкмасы; 

- каражат алуучу тарабынан сунушталуучу документтердин тизмеги, аларга карата талаптар; 

- төлөм багыты; 

- документтерди сунуштоо мөөнөтү

- тастыктоо зарылчылыгы (эгер болсо); 

- банктардын комиссиялык сый акысын төлөө тартиби. 

Аккредитивде башка маалымат көрсөтүлүшү мүмкүн. 

 

64. Банк-эмитенттен аккредитивди аткаруу ыйгарым укугу менен аккредитив алган учурда аткаруучу банк аккредитивди аткарууга ыйгарым укукту кабыл алууга макул болбогон учурда, банк-эмитент бул тууралуу баш тартуу себептерин көрсөтүү менен тезинен билдирүүгө милдеттүү

 

65. Аткаруучу банк, банк-эмитенттен келип түшкөн аккредитивдин шарттарын каражаттарды алуучуга маалымдайт. Банк-эмитент тарабынан сунушталган ыйгарым укуктарга ылайык, аткаруучу банк аккредитивдин шарттарын билдирүү үчүн башка банкты, анын ичинде каражаттарды алуучунун аккредитивдеринин шарттарын билдирүү күнү тууралуу аткаруучу банк маалымдаган каражаттарды алуучунун банкты ишке тартышы мүмкүн.  

 

66. Шарттар өзгөрүлгөн же аккредитив жокко чыгарылган учурда, төлөөчү банк-эмитентке тиешелүү өтүнүч катын берет. Алынган тиешелүү өтүнүч катка ылайык, банк-эмитент аткаруучу банкка шарттардын өзгөргөндүгү же аккредитивди жокко чыгаруу жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Каражаттарды алуучуга аккредитивдин шарттарынын өзгөрүүсүн жарым-жартылай кабыл алууга жол берилбейт. 

 

67. Аккредитивди аткаруу үчүн каражаттарды алуучу аткаруучу банкка аккредитивдин шарттарында каралган документтерди аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аралыгында жана документтерди сунуштоо үчүн аккредитив шарттарында каралган мөөнөттүн чегинде сунуштайт. Эгерде документтерди сунуштоо үчүн аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктоо күнү жумуш эмес күнгө туш келсе, каражаттарды алуучу тиешелүү мөөнөт аяктаган күндөн кийинки биринчи жумуш күнү документтерди бере алат. Каражаттарды алуучу документтерди түздөн-түз банк-эмитентке документтерди сунуштай алат. 

 

68. Банк (аткаруучу банк, банк-эмитент) сунушталган документтердин тышкы белгилери боюнча жана алардын аккредитивдин шарттарында каралган талаптарга реквизиттердин шайкештигин, ошондой эле документтер ортосундагы карама-каршылыктардын жоктугун текшерет. 

 

69. Сунушталган документтердин аккредитив шарттарына шайкештигин тапкан учурда, аткаруучу банк аккредитивдин аткарылышын жүзөгө ашырат. 

 

70. Аккредитивдин аткарылышы банктын аткаруучусунун төлөм тапшырмасы менен каражаттардын алуучунун банк эсебине акча каражаттарынын которулушу же аткаруучу банкта каражаттарды алуучунун банктык эсебине тиешелүү сумманы чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

 

71. Аккредитивди аткаруудан кийин аткаруучу банк банк-эмитентке аткаруу суммасын көрсөтүү жана сунушталган документтерди тиркөө менен аккредитивдин аткарылышы жөнүндө билдирмени банк-эмитентке жөнөтөт.  

 

72. Эгерде банк-эмитент, аткаруучу банк тарабынан кабыл алган документтерди алып, алардын тышкы белгилери боюнча аккредитивдин шарттарына туура келбейт деп эсептесе, ал аларды кабыл алуудан баш тартууга жана аткаруучу банктан аккредитив шарттарынын бузулушу менен каражаттарды алуучуга төлөнгөн сумманы талап кылууга, ал эми орду жабылбаган аккредитив боюнча төлөнгөн суммалардын ордун жабуудан баш тартууга укуктуу. 

 

Аткаруучу банктагы аккредитив төмөнкү учурларда жабылат: 

- аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда; 

- каражаттарды алуучунун аккредитивдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин пайдалануудан баш тартуу жөнүндө өтүнүч каты боюнча, эгерде мындай баш тартуу аккредитив шарттарында каралган болсо; 

- төлөөчүнүн аккредитивди толук же бир бөлүгүн кайтарып алуу жөнүндө талабы боюнча, эгерде мындай кайтарып алуу аккредитив шарттарында мүмкүн болсо. 

 

73. Аккредитивдин жабылгандыгы жөнүндө аткаруучу банк банк-эмитентке билдирүүгө тийиш. Депондоштурулган аккредитивдин каражаттарынын колдонулбаган суммасы аккредитивдин жабылышы менен бир эле убакта банк-эмитентке кайтарууга жатат. Банк-эмитент каражаттар депондоштурулган төлөөчүнүн эсебине кайтарылган суммаларды чегерүүгө милдеттүү

 

9-глава. Инкассалык тапшырманы колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

74. Инкассалык тапшырма боюнча эсептешүүлөрдө кардар өз банкына (банк-эмитентке) төлөөчүдөн төлөм тапшырмасын алуу боюнча кардардын эсебинен аракеттерди жүзөгө ашыруу тууралуу тапшырма жөнөтөт. 

 

75. Инкассалык тапшырма боюнча эсептешүүлөр Эл аралык соода палатасы (ICC Publication № 522) тарабынан даярдалган Инкасса боюнча бирдейлештирилген эрежелер менен дагы жөнгө салынат (мындан ары Бирдейлештирилген эрежелер). 

 

76. Банктын ички документтеринде инкассалык тапшырма менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилеген нормалар каралууга тийиш. 

 

77. Кардар инкассалык тапшырманы жана банк-эмитент аркылуу төлөөчүнүн эсебине бардык документтерди көрсөтөт. Бардык документтер инкассалык тапшырма менен коштолууга тийиш, анда бул инкассалык тапшырма Бирдейлештирилген эрежелерге баш ийе тургандыгы жана так жана толук нускоону камтыгандыгы көрсөтүлөт. Инкассалык нускоолордо кайсы болбосун аракеттердин төлөөчү тарабынан жасала турган мезгили так көрсөтүлүшү зарыл. 

 

78. Инкассалык тапшырмада төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш: 

- Инкассалык тапшырма алган банк (принципал инкассациялоо боюнча операцияны тапшырган банк-эмитент) тууралуу маалыматтар; 

- принципал (инкассациялоо боюнча операцияны банк-эмитентке тапшырган тарап) жөнүндө маалыматтар; 

- төлөөчү жөнүндө маалыматтар (инкассалык тапшырмага ылайык сунушталган адам); 

- эгерде аткаруучу банк болсо, ал тууралуу маалыматтар (төлөөчүгө сунуштоочу инкассациялоочу банк); 

- инкассациялана турган сумма (суммалар) жана валюта (валюталар); 

- ар бир документтин барагынын санын көрсөтүү менен тиркелген документтердин тизмеги; 

- төлөм жана/же акцептти алуу мөөнөтү жана шарттары; 

- инкассациялануучу документтердин өткөрүп берүү шарттары; 

- бир бөлүгүн төлөөнү кабыл алуу жөнүндө нускоо; 

- акцепт берилбеген же төлөнбөгөн учурда протест жасоо же башка юридикалык аракеттер жөнүндө нускоо. Мындай нускоолор болбогон учурда инкассага катышуучу банктар протест же башка юридикалык аракеттерди жасоого милдеттүү эмес; 

- инкасса менен байланышкан чыгымдардын ордун жабуу жана (же) сый акы төлөө тартиби жана эрежелер жөнүндө нускоолор. 

 

79. Банк-эмитент инкассалык тапшырманын туура жана толук таризделишин жана документтердин тиркелгендигин текшерет. 

 

80. Инкассалык тапшырма алган банк-эмитент, аны аткаруу үчүн башка банкты (аткаруучу банкты) ишке тартууга укуктуу. Аткаруучу банк, төлөөчүгө банк-эмитенттен алган инкасса боюнча документтерди акцепт алуу үчүн сунуштайт. Эгер акцепт, же болбосо төлөм алынбаган болсо, кардарга бул тууралуу дароо билдирип, мындан аркы аракеттер боюнча андан көрсөтмө сурап алуусу зарыл. 

 

81. Белгиленген мөөнөттө мындан аркы аракеттер жөнүндө кардардан көрсөтмө берилбеген учурда, аткаруучу банк банк-эмитентке документтерди кайтарып берүүгө укуктуу. 

 

82. Инкассалык тапшырманы аткаруу үчүн төлөөчү аны тейлеген банкка төлөм тапшырмасын сунуштайт. 

 

83. Келип түшкөн инкассацияланган сумманы, эгер башкасы каралбаса, аткаруучу банк, өз кезегинде аны принципалдын эсебине чегерген банк-эмитенттин пайдасына чегерет. Аткаруучу банк жана банк-эмитент ага тиешелүү сый акы суммасын жана чыгашалардын ордун толтурууну кармап калууга укуктуу. 

 

84. Инкассациялануучу сумманын бир бөлүгү, инкассациялык тапшырмада тиешелүү нускоолор камтылганда гана төлөнүшү мүмкүн. Мындайлар көрсөтүлбөгөн учурда, документтер аткаруучу банк тарабынан толук төлөнгөндөн кийин гана төлөөчүгө өткөрүлүп берилиши мүмкүн. 

 

10-глава. Эсептешүү жана эсептешүү-кассалык чекти колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

85. Чектер менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

86. Чекте Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген реквизиттер берилүүгө тийиш, ошондой эле банк тарабынан аныкталуучу реквизиттер камтылышы мүмкүн. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби банк тарабынан аныкталат. 

2.4. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

 

11-глава. Банктык төлөм картын колдонуу менен эсептешүүлөр  

2.4.1. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр товарларга, иштерге, көрсөтүлгөн кызматтарга акыларды, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү бюджетке банкоматтар, электрондук терминалдар жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

 

87. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөр товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү банкоматтар, электрондук терминалдар жана башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

Мында банктык картаны (карт-чек) пайдалануу менен транзакция жүргүзүүдөгү терминал, банкомат жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу түзүлгөн кагаз документ салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн бюджетке төлөнгөндүгүнүн далили боло алат. 

88. Банк картасын пайдалануу менен салыктарды, жыйымдарды жана бюджетке төлөнүүчү башка төлөмдөрдү кошо алганда, товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө операциясын жүргүзүүдө терминалда, банкоматта жана башка аралыктан иштөөчү жабдууда түзүлгөн кагаз жүзүндөгү же электрондук түрдөгү документ, төлөмдүн ырасталышы болуп эсептелет.  

2.4.2. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр локалдык системалар боюнча да, эларалык системалар боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

 

2.4.3. Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн бардык эсептешүүлөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

89. Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды колдонуу менен жасалган бардык эсептешүүлөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

 

90. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

 

91. Банктык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүсү, системанын регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында банктар аралык эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат. 

 

 

 

 

2.4.4. Банктык төлөм карттарынын (мындан ары карттардын) эмиссиясы жана (же) эквайринги банктар тарабынан Улуттук банктан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия болгон шартта гана жүзөгө ашырылат. 

 

2.4.5. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карттарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээси менен келишимди же болбосо башка банктык документти (мисалы, тейлөөнүн стандарттык шарттарына ылайык өтүнүч кат) түзгөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган бардык операцияларды чагылдыруу картты кармап туруучунун банктык эсеби боюнча жүргүзүлөт. 

 

2.4.6. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат, аны кармоочу келишимдин шарттарына ылайык картты пайдалангандык, карттын кодунун коопсуз сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

2.4.7. Эквайер товарлар, аткарылган иштер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө боюнча картты тейлөөгө алган соода түйүнүнө келишимде белгиленген шарттарга ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча сумманын ордун толтурат. 

 

2.4.8. Эмитент эквайерге карттар менен эсептешүүлөр системасында жана келишимдик мамилелерде белгиленген эрежелерге ылайык, ошол эмитент тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрү гарантиялайт. 

 

 

12-глава. Электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүүлөр 

 

92. Электрондук акчаларды колдонуу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

13-глава. Банктык гарантиялар менен эсептешүүлөр 

 

93. Банктык гарантия кредит боюнча камсыздоонун формаларынын бири болуп саналат жана өз милдеттенмелерин тараптардын бири аткарбаган учурда мүмкүн болуучу жоготууларды азайтуу максатында колдонулат. 

 

94. Банктык гарантиялар банктар тарабынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна банктын лицензиясына карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмегинде аталган операция болгон учурда берилет. Банктын ички документтеринде банктык гарантиялар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча так эрежелерди белгилөөчү нормалар каралууга тийиш. 

 

95. Банктык гарантия үчүн мөөнөттүүлүк жана кайтарып алынбастык мүнөздүү, гарант бир тараптуу тартипте өзүнө кабыл алынган милдеттенмелерден, эгерде башкасы көрсөтүлбөсө баш тартууга укугу жок. 

 

96. Кредиторго акчалай сумманы төлөө шартына жараша гарантия биринчи эле талабы боюнча (шартсыз) жана шарттуу болушу мүмкүн. Шарттуу гарантия учурунда гарант гарантия келишиминде айтылган шарттар келип чыккан учурда кредитордун жазуу түрүндөгү талабы боюнча гарантия боюнча төлөм жүргүзүүгө тийиш. 

 

97. Дайындоого жараша гарантиялар төмөнкүдөй түрлөрдө болот: 

- тендердик; 

- аткаруу гарантиясы; 

- аванстык төлөмдү кайтаруу гарантиясы; 

- төлөм гарантиясы. 

 

98. Банктык гарантия менен каралган гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмеси обочолонгон жана берилгендин аткарылышын камсыздоо, бул милдеттенмеге шилтеме гарантияда берилсе дагы негизги милдеттенмеден көз каранды болбойт. 

 

99. Банктык гарантия келишиминде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

- принципал жөнүндө маалыматтар (милдеттенмелерди аткаруу гарантия менен камсыздалган тарап); 

- кредитор тууралуу маалымат (анын пайдасына гарантия берилген тарап); 

- гарант жөнүндө маалымат (гарантия берүүчү тарап); 

- гарантиялык учурдун келип чыгуу шарттары; 

- гарантия суммасы; 

- гарантия мөөнөтү

Маалыматтар тизмеги банктык гарантия келишимине тараптар макулдашуусу боюнча толукталышы мүмкүн. 

 

100. Банктык гарантия берүү банкка банктык гарантия берүүгө принципалдын өтүнүч катынын негизинде жүзөгө ашырылат. Аткарылышы банктык гарантия менен камсыздалуучу негизги милдеттенмени камтыган негизги келишимдин же болбосо башка документтин көчүрмөсү өтүнүч катка тиркелет. 

 

101. Банктык гарантияны берүү, ошондой эле банктык гарантия боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптарды коюу жазуу формасында таризделет. 

 

102. Гарантиялык учур келип чыккан шартта кредитор банктык гарантия боюнча төлөмдүн жазуу түрүндөгү талабын жөнөтөт. Гарантия боюнча талап кредитордун өтүнүч каты жана гарантияда каралган башка документтер менен бекитилүүгө тийиш. 

 

103. Банктык гарантия боюнча төлөм талабын алган учурда гарант принципалга коюлган талап жөнүндө билдирет жана банктык гарантия боюнча төлөм талабынан жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн өткөрүп берет. 

 

104. Эгер банктык гарантия боюнча төлөм талабынын коюлган талабы талаптагыдай болсо жана гарантиянын шарттарына туура келсе, гарант кредитордун пайдасына төлөмдү жүзөгө ашырат. 

 

105. Гаранттын гарантия боюнча кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат: 

- гарантия берилген сумманы кредиторго төлөп берүү

- гарантияда аныкталган мөөнөттүн аякташы; 

- кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартуусу жана аны гарантка кайтарып берүүсү

- гаранттын анын милдеттенмелеринен бошонуусу жөнүндө жазуу түрүндөгү өтүнүч каты аркылуу гарантия боюнча өз укуктарынан кредитордун баш тартуусу. 

2.5. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтерин тариздөө тартиби 

 

2.5.1. Кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринде мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык бардык реквизиттер толтурулууга тийиш. 

Ал, ошондой эле жөнөтүүчүнүн ыйгарым укуктуу жактарынын колтамгаларын жана колтамгалардын үлгүлөрүнө, мөөрдүн оттискасына ылайык, анын мөөрүнүн оттискин камтууга тийиш. 

 

2.5.2. Банк тарабынан төлөм документтерин кабыл алуу учурунда мыйзамдарда жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык аларды текшерүү жүрүзүлөт. Белгиленген талаптарды бузуу менен тариздетилген төлөм документтери банк тарабынан аткарууга кабыл алынбайт. 

 

2.5.3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептерден улам аткарылбаган төлөм документтерин кайтарып берүү учурунда, алардын биринчи нускасынын арткы бетине кайтарылып берилишинин себептери, кайтарылып берилген күндүн датасы, банктын штампы, ошондой эле жооптуу аткаруучунун жана контролдоочу кызматкердин аты-жөнү көрсөтүлүп, белги коюлат. 

 

2.5.4. Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда банк, эгерде бул тууралуу мыйзамдарда түздөн-түз каралса, төлөм документтеринде кошумча реквизиттердин көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу. 

 

2.6. Электрондук төлөм документтерин тариздөө тартиби 

 

2.6.1. Төлөм документтерин электрондук ыкмада сунуш кылуу, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларын пайдалануу жана программалык-криптографиялык коргонуу, кардар менен анын банкынын ортосундагы электрондук цифралык колтамга системасын пайдалануу тууралуу макулдашуунун (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат. 

 

 

 

2.6.2. Электрондук цифралык колтамга жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документи мыйзамдуу таризделгенинин фактысын тастыктайт. 

 

2.6.3. Электрондук цифралык колтамга менен тастыкталбаган электрондук төлөм документи иштеп чыгууга кабыл алынбайт. 

 

III. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы 

 

Төлөө системасы - технологиялар, жол-жоболор, эрежелер, төлөм каражаттарынын өзара байланышкан системасы жана акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган акча каражаттарын которуу системасы. Төлөө системасынын иштеши жана анын катышуучуларынын өзара мамилеси мыйзамдар жана тиешелүү эки тараптуу келишимдер менен жөнгө салынат. 

 

3.1. Банк ичиндеги төлөө системасы 

 

3.1.1. Банк ичиндеги төлөө системасы бир эле банкта эсептери ачылган кардарлардын ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө арналган. Банк ичиндеги система боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде, ошондой эле банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

3.1.2. Банк ичиндеги система боюнча жүргүзүлгөн накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө бирдиктүү реестр түзүлөт. Андагы маалыматтар отчеттордун белгиленген формаларына ылайык дайыма Улуттук банкка берилип турат. 

 

3.2. Банктар аралык төлөө системасы 

 

3.2.1. Банктар аралык клиринг системасы 

 

3.2.1.1. Төлөмдөрдүн банктар аралык клиринг системасы (мындан ары - клиринг системасы) банктардын жана алардын кардарларынын алар боюнча жыйынтыктоочу эсептөөлөрдү дароо жүргүзүү тапап кылынбаган чекене жана утурумдук төлөмдөрдү өткөрүү үчүн арналган. 

 

3.2.1.2. Төлөө системасында операциялардын көлөмүн арттыруунун жана системага катышуучу банктардын корреспонденттик (утурумдук) эсептери боюнча операциялардын санын азайтуунун, ошондой эле эсептешүүлөр үчүн ликвиддүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен төлөө системасынын натыйжалуулугун арттыруу бул системанын максаты болуп саналат. 

 

3.2.1.3. Банктар аралык клиринг системасынын негизги милдети, банктар аралык клиринг системанын бардык катышуучуларынын ортосунда төлөм документтерин ишенимдүү жана коопсуз алмашууну камсыз кылуу, таза позицияларды эсептөөнү өз учурунда жүргүзүүнү камсыз кылуу болуп саналат. 

 

3.2.1.4. Катышуучулардын төлөмдөрүн клиринг системасы аркылуу өткөрүүнүн эрежелери жана жол-жобосу тиешелүү мыйзамдарда белгиленет. 

 

3.2.1.5. Улуттук банк же болбосо Улуттук банктын лицензиясынын жана уставдын негизинде иш алып барган, акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак клиринг системасынын оператору болушу мүмкүн. Оператор, клиринг системасынын ишин камсыз кылат, клиринг системасынын катышуучуларынын көп тараптуу таза позицияларын эсептөөнүн негизинде төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтөт. Төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөр төлөмдөрдү кабыл алууну жана иштетүүнү, таза позицияларды аныктоону, ошондой эле төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды топтоону жана катышуучуларга берүүнү камтыйт. 

 

3.2.1.6. Клиринг системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү клиринг борбору аркылуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

 

3.2.1.7. Клиринг системасынын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позициялары банк-катышуучу аныктаган төлөмдөрдүн артыкчылыктарына ылайык эсептелинет. 

 

3.2.1.8. Клиринг системасында тобокелдиктерди тескөө максатында төмөнкүлөр каралат: 

- банк-катышуучунун таза позицияларына лимиттерди белгилөө

- бир төлөмдүн суммасына лимит белгилөө

- системага катышуу жана анын талаптарын сактоо боюнча критерийлердин болушу. 

 

3.2.1.9. Банк-катышуучунун таза дебеттик позициясына белгиленген лимиттен ашкан төлөмдөр клиринг системасы тарабынан четке кагалат. Мында, банк-катышуучунун корреспонденттик эсебинде жетиштүү акча каражаттары болгон шартта мындай төлөмдөр эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу төлөнүшү мүмкүн. 

 

3.2.1.10. Клиринг системасында аныкталган жыйынтыктоочу таза позициялар боюнча акыркы эсептөөлөр банк-катышуучунун корреспонденттик (утурумдук) эсептериндеги кредиттик калдыктардын чегинде жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

 

3.2.2. Гросстук эсептешүүлөрдүн банктар арылык системасы 

 

3.2.2.1. Гросстук эсептешүүлөрдүн банктар аралык системасы (мындан ары - гросстук система), банктар аралык финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча тез жана жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ири жана тез жөнөтүлүүчү төлөмдөрдү өткөрүү, эларалык төлөө системасына интеграцияланууга багыт алуу үчүн арналган. 

 

3.2.2.2. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн, эсептешүүлөргө катышуучуларга ликвиддүүлүктү тескөөнүн натыйжалуу механизмин сунуш кылуунун жана төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөр учурунда коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуунун эсебинен төлөө системасынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, ишенимдүүлүгүн бекемдөө банктар аралык гросстук системанын максаты. 

 

3.2.2.3. Банк-катышуучулардын Улуттук банктагы корреспонденттик (утурумдук) эсептери боюнча ар бир жеке төлөмгө тиешелүү ишенимдүү жана жыйынтыктоочу эсептөөлөрдү дароо жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, системанын катышуучуларына ликвиддүү тескөө механизмдерин берүү жолу менен төлөмдү жөнөтүү жана аны жыйынтыктоочу эсептөөнүн ортосундагы убакытты азайтуу эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасынын негизги милдети. 

 

3.2.2.4. Катышуучулардын гросстук система аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору тиешелүү мыйзамдарда белгиленет. 

 

3.2.2.5. Гросстук системанын оператору болуп Улуттук банк саналат. Оператор системанын ишин камсыз кылат жана жекече негизде катышуучулардын төлөмдөр боюнча жыйынтыктоочу эсептөөлөрдү дароо жүргүзүүгө тиешелүү кызматтарды көрсөтөт. Оператордун төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөрүнө банктар аралык төлөм документтерин кабыл алуу, иштеп чыгуу жана алар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүлөр, клиринг системасынын банк-катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептөөлөрдү жүргүзүү жана финансы рыногундагы операциялар боюнча эсептөөлөр кирет. 

 

3.2.2.6. Гросстук системада ар бир төлөм боюнча эсептөөлөр банк-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебиндеги кредиттик калдыктардын чегинде fifo "first in - first out" принцибине ылайык жүргүзүлөт. 

 

3.2.2.7. Улуттук банктын гросстук эсептешүүлөрүнүн банктар аралык системасы кезектеги төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн операциялар күндүн акырына карата банктар аралык эсептешүү мүмкүнчүлүгүн жана банктар аралык рыногунда акча каражаттарын алуу жолу менен же Улуттук банктан кайры каржылоо кредитин аркылуу бир күн ичиндеги кредиттерди кайтаруу же кредит алуунун эсебинен күн ичинде алынган кредиттерди кайтаруу мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш. Алар боюнча эсептөө эсептешүү терезечеси жабылган учурга карата бүткөрүлбөгөн кезекте турган төлөмдөр кийинкиге калтырылууга (четке кагылууга) тийиш. 

 

3.2.3. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр системасы 

 

3.2.3.1. Карттарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр системасы (мындан ары - Система) мекемелердин нормаларынын, эрежелеринин жана программалык-техникалык каражаттарынын жыйындысын түшүндүрөт жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды пайдалануу менен чекене, утурумдук төлөмдөрдү өз учурунда жана коопсуз өткөрүү үчүн арналган. 

 

3.2.3.2. Карттарда пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр ички банктык жана банктар аралык системалар боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ички банктык система боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү банктын ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат. Банктар аралык система боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү мыйзамдарда жана (же) эларалык төлөө системаларынын эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

3.2.3.3. Операторлор (процессинг борборлору) Системанын катышуучуларынын ортосунда карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр боюнча маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана алмашууну жүзөгө ашырат. 

 

3.2.3.4. Системанын катышуучуларынын карттарды пайдалануу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча жыйынтыктоочу эсептөөлөрү гросстук системада клиринг системасынын жыйынтыктоочу таза позицияларына тиешелүү акыркы эсептөөлөрдү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүү учурунда ишке ашырылат. 

 

IV. Накталай эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын өзара мамилеси 

 

4.1. Накталай эмес эсептешүүлөрдүн катышуучулары 

 

4.1.1. Төлөмдөрдү жөнөтүшкөн жана алышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар, банктар жана төлөө системасынын операторлору накталай эмес эсептешүүлөрдүн катышуучулары болуп саналат. 

 

4.1.2. Улуттук банкта корреспонденттик (утурумдук) эсеби ачылган, системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн финансы-кредиттик мекемелер да банктар аралык төлөө системасынын катышуучулары болуп саналат. Келишимди бузуу банктар аралык төлөө системасынын катышуучусунун статусун жоготууга алып келет. Катышуучу мыйзамдарда каралган учурларда келишимди бузбастан эле банктар аралык төлөө системасына катышуу укугунан убактылуу айрылышы мүмкүн. 

 

4.1.3. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби бар жана банктар аралык төлөө системасына түздөн-түз кошулган катышуучу банктар аралык төлөө системасынын тике катышуучусу болуп калат. 

 

4.1.4. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби бар, бирок банктар аралык төлөө системасына түздөн-түз кошулбаган катышуучу банктар аралык төлөө системасынын тикелей эмес катышуучусу болуп калат. Тикелей эмес катышуучу банктар аралык төлөө системасына тике катышуучуларынын бирине кошулуу мүмкүнчүлүгүн ала алат. 

 

4.1.5. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеби болбогон жана банктар аралык төлөө системасына түздөн-түз кошулбаган катышуучу банктар аралык төлөө системасынын суб-катышуучусу болуп саналат. Төлөмдөрдүн олуттуу агымын жүзөгө ашыруу зарылчылыгы келип чыккан банк-катышуучулардын ири кардарлары (калкка утурумдук кызматтарды көрсөтүшкөн компаниялар, уюмдар ж.б.) банктар аралык төлөө системасынын суб-катышуучуларынан болушат. Банктар аралык төлөө системасынын суб-катышуучулары система тарабынан банктар аралык төлөө системасынын түздөн-түз катышуучулары аркылуу идентификацияланышат. 

 

4.1.6. Төлөө системасынын ишин камсыз кылган жана төлөө кызматтарын көрсөтүшкөн (төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштетүү, жүргүзүлгөн жана алынган төлөмдөр жөнүндө төлөмдөрдүн катышуучуларына маалымат берүү, төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.) юридикалык жактар - төлөө системаларынын оператору болуп саналышат. Төлөө системасынын түрүнө жараша алар банк ичиндеги төлөө системасынын операторлору, банктар аралык төлөө системасынын операторлору болушу мүмкүн. 

 

4.1.7. Банктар аралык төлөө системасынын операторлору өз ишин мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырышат. 

 

4.1.8. Банк ичиндеги төлөө системасынын операторлору өз ишин банк ичинде иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырат. 

 

4.2. Накталай эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 

14-глава. Нак эмес төлөмдөрдүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 

4.2.1. Банктын кардарлары, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, банктык эсептер боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга байланыштуу банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган шарттарда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп беришет. 

106. Банктын кардарлары, эгерде башкасы каралбаса, кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган шарттарда банктык эсептер боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөшөт. 

4.2.2. Банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык кардарлардын эсебинен (эсебине) өз учурунда акча каражаттарын алып салуу (чегерүү) үчүн жоопкерчилик тартышат. 

107. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарлардын эсептеринен (эсептерине) акча каражаттарынан өз убагында алып салууга (чегерүүгө) жоопкерчилик алышат. 

4.2.3. Кыргыз Республикасынын банктарынын, айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана четөлкө банктарынын (финансылык институттар) ортосунда жүргүзүлгөн төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө байланыштуу мамилелер алардын ортосунда түзүлгөн келишимдер жана банктык тажрыйбада колдонулган ишкердик мамиленин жол-жоболору менен жөнгө салынат. Эгерде, көрсөтүлгөн төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча аракеттер Кыргыз Республикасында ишке ашырылса, анда бул мамилелер аталган келишимдер жана мыйзамдарга каршы келбеген бөлүгүндө банктык тажрыйбада колдонулган ишкердик жол-жоболор аркылуу жөнгө салынат. 

108. Кыргыз Республикасынын банктары, банктык операциялардын өзүнчө түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдар, жана чет өлкө банктары (финансы институттары) ортосунда жүзөгө ашырылуучу төлөмдөр жана эсептешүүлөргө байланыштуу мамилелер мыйзамдарга каршы келбеген бөлүгүндө алар ортосунда түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат. 

 

109. Төлөм ката же алдамчылык менен жасалды деп таанылган учурда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин системанын эрежелери ката кеткен төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобону караштырат. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын иштөө тартибинде/эрежелеринде жана регламентинде белгиленет.  

 

110. Кардар төлөм инструменттерин колдонуу боюнча эрежелерди жана ченемдик укуктук актыларга ылайык төлөм документтерин тариздөө тартиби үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

111. Эгер төлөм аякталбаган болуп саналса, анда ага чейинки катышуучудан алынган төлөмдү жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган катышуучу, катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчилик тартат. Мында жөнөтүүчүнүн банкы кардардын талабы боюнча төлөм жүргүзүү боюнча көрсөтмөнү аткарбаган же болбосо талапка ылайык аткарбаган катышуучу жөнүндө, ошондой эле төлөмдүн аяктабагандыгынын себеби жөнүндө жана төлөмдү аяктагандыгы боюнча чара көрүү же жөнөтүүчүгө акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Эгерде алуучунун күнөөсү боюнча төлөм аяктабаса, жөнөтүүчү алуучу алдында жоопкерчилик тартпайт.