Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

1. Максаты жана милдеттери  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) айрым талаптарын кыйла так чечмелөө, колдонуу жана аткаруу максатында, ошондой эле төлөм уюмдары үчүн мамлекеттик органдар менен келишимдерди түзүүдө кошумча камсыздандыруу инструменттерин киргизүү аркылуу Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.  

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүгү 

Токтом долбоорунун негизги сунуштары төмөнкүлөр. 

1-пунктту Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы №2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого шилтеме нормаларын камтыган абзац менен толуктоо сунушталат.  

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан башка аларга мүнөздүү болбогон иш түрлөрүн жүзөгө ашырууга жол бербөө максатында, 7 жана 29-пункттарды кайсы иш коштоп жүрүүчү катары таанылат экендигин түшүндүргөн абзацтар менен толуктоо сунушталат. Төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна карата алар тарабынан кызмат адамдарына карата талаптардын сакталышын камсыз кылуу бөлүгүндө талаптарды күчөтүү максатында, Жобону 8-1, 31-1 жана 32-1-пункттар менен толуктоо сунушталат. Улуттук банкка тарифтерди берүү максатында, 12-пункт талап менен толукталган, ага ылайык төлөм системасынын оператору өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркынын тарифтик саясатын жана баа түзүү принциптерин иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш. 

Ошондой эле көптөгөн мамлекеттик мекемелер төлөм уюмдары тарабынан алдын ала төлөө шарттарында келишим түзүүдөн белгилүү бир себептерден улам баш тартышууда автоматташтырылган система алдын ала төлөөнү эске алууга мүмкүндүк бербейт, мамлекеттик органдар тарабынан келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси кыйынга турат, келишимдер типтүү, эсепке алууга байланыштуу кыйынчылыктар, алдын ала төлөм дароо казыналык эсептерге түшүп, аларды кайтаруу абдан оорчулук жаратат ж.б.у.с. Ушуга байланыштуу, төлөм уюмдары үчүн Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында, 33-пункттун 1-пунктчасын «банктык гарантия» сыяктуу кошумча инструмент менен толуктоо, «депозитти» эсепке албаганда, сунушталат. Башка учурларда да төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга банктык гарантия берүү сунушталат. 

34-1-пункт төлөм терминалдарынын инкассациялоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн киргизилүүдө. Бул талап иш тажрыйбасынын жыйынтыгы боюнча киргизилип жатат, ал төлөм уюмунун кызматкерлеринин COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам жүрүү боюнча чектөөлөр киргизилишине байланыштуу шаарлар жана калктуу пункттар боюнча жүрүүдө белгилүү бир кыйынчылыктардын орун алышын көрсөттү. Инкассатордук кызмат менен резервдик келишимдин болушу төлөм уюмдарына инкассатордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн башка штаттан тышкаркы жагдайларда да пайдаланууга өбөлгө түзөт.  

38-1-пункт менен төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине карата талаптар аныкталган. 

Ошондой эле 49-пунктунун төлөм уюмдары тарабынан агенттерди талаптагыдай окутууну камсыз кылуу жана аларды Улуттук банктын талаптары жана ПФТД/ЛПД менен тааныштыруу бөлүгүндө талаптар кеңейтилген.  

82-пункт менен 1-тиркемени кыйла кеңири талдап-иликтөө жүргүзүү максаттары үчүн категориялар боюнча төлөмдөрдү бөлүү менен отчет формалар менен толуктоо сунушталат. Ошондой эле талап кылынган маалыматты кеңейтүүнүн эсебинен 1-тиркемеде отчет формалары өркүндөтүлгөн.  

83-пунктка ылайык төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору уюм жөнүндө маалыматтар өзгөргөн учурда Улуттук банкка сунуштоого тийиш болгон зарыл маалыматтын тизмеги кеңейтилген жана такталган. 85-пункт төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өз учурунда жана анык маалыматтын берилиши үчүн жоопкерчилик жөнүндө талап менен толукталган. 

88-пунктка ылайык, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн, кайрадан түзүлгөн жана жокко чыгарылган келишимдер жөнүндө маалыматтарды ай сайын берүү процессин келишимдердин толук тизмесин берүүнү алып салуу аркылуу оптималдаштыруу сунушталат. 

89-пункт талаптар менен толукталган, ага ылайык төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талап кылынган маалыматты белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка сунушталышын камсыз кылууга жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Ошондой эле 92-пункттун маалымат системаларына көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөттөрү жөнүндө талаптар менен толуктоо, ал эми 95-пунктту маалымат системаларынын аудит жүргүзүүдө тышкы аудиторго карата коюлуучу талаптар менен кеңейтүү жана тактоо сунушталат. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларга ээ болот, анткени долбоордун талаптары эң башкысы, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүүгө, төлөм инфраструктурасын кеңейтүүгө жана керектөөчүлөр үчүн банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүүгө багытталган.  

Бул долбоордун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, анткени токтом долбоорунун нормалары Кыргыз Республикасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм системасын камсыз кылуу максатында, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салууну тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт. 

4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалыматтык отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкуулоо үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылат. 

5.  Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Кошумча чыгашалар төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келтирүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык токтомдун сунушталып жаткан долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын  

жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын  

26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты жана коммерциялык банктарды тааныштырсын

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын ____________  

№__________________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС)  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин 

жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле алардын агенттери/субагенттери бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоого тийиш.»; 

- пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, төлөм уюмдары жана алардын агенттери/субагенттери Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы №2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чөйрөдө мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.»; 

- 3-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун жана алардын агенттеринин ишине карата негизги талаптар»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын операторунун негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иш төмөнкү кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш: 

- маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү/маалыматтарды жайылтуу/берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (жарнамаларды өзүнүн сайтына, мобилдик тиркемелерге жана төлөм системасынын операторуна тиешелүү имараттарга жайгаштыруу); 

- төлөм системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана андан ары тейлөө/техникалык колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык камсыздоону (лицензиялар же интеллектуалдык менчик продуктылар) /банктык жабдууларды/жабдууларды сатып өткөрүү

- эсептөө кубаттуулугун, сервердик жана тармактык жабдууларды, сервердик жабдуулар үчүн ижаралык аянтчаны сунуштоо. 

Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат. Лицензияланууга тийиш ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып 12 айдын ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим/келишимдерди түзүүгө жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун, төлөм системасынын катышуучуларына берүү ишин баштоого тийиш, болбосо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынат.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: 

«8-1. Төлөм системаларынын операторлору Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдарына карата талаптардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн талапкерлерди дайындоо 3 (үч) айдан ашпаган мөөнөткө мүмкүн.  

Эгерде талапкер башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса, башкаруунун байкоо органына (эгерде бар болсо)/катышуучуга/катышуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

Эгерде талапкер техникалык директордун же башкы бухгалтердин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса (же өз функционалдык милдеттери боюнча ушул кызматтарга барабар болсо), башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн.»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Төлөм системасынын оператору тарифтик саясатты жана өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына баа түзүү принциптерин иштеп чыгууга, бекитүүгө жана лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалыматты берип турууга тийиш. Андан кийин, төлөм системасынын оператору Улуттук банкка тарифтик саясат жөнүндө маалыматты учурдагы календардык жылдын I (биринчи) чейрегинин акырына чейинки мөөнөттө жылына кеминде 1 (бир) жолу сунуштайт.  

 Төлөм системасынын оператору тарифтик саясат жана/же тарифтер өзгөрүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде бардык өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш.»; 

- 20-пунктундагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм системасынын операторунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу»: 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын: 

«20-1. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын талаптарына ылайык келген бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш. »; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.»: 

Төлөм уюмунун негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иш төмөнкү кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш: 

- төлөм системалары чөйрөсүндө интеллектуалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү/маалыматтарды жайылтуу/берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (жарнамаларды төлөм терминалдарына, өзүнүн сайтына, мобилдик тиркемелерге жана төлөм уюмуна тиешелүү имараттарга жайгаштыруу); 

- төлөм системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана андан ары тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

өз агенттери/субагенттери үчүн инкассатордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- агенттердин/субагенттердин аралыкта орнотулган жабдууларын (терминалдарын) техникалык тейлөө

төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык камсыздоону (лицензиялар же интеллектуалдык менчик продуктылар) /жабдууларды сатып өткөрүү

- эсептөө кубаттуулугун, сервердик жана тармактык жабдууларды, сервердик жабдуулар үчүн ижаралык аянтчаны сунуштоо. 

Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат.  

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Лицензияланууга тийиш ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын: 

«31-1. Төлөм уюмдары Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына карата талаптардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн талапкерлерди дайындоо 3 (үч) айдан ашпаган мөөнөткө мүмкүн.  

Эгерде талапкер башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса, башкаруунун байкоо органына (эгерде бар болсо)/катышуучуга/катышуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

Эгерде талапкер техникалык директордун же башкы бухгалтердин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса (же өз функционалдык милдеттери боюнча ушул кызматтарга барабар болсо), башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 32-1-пункт менен толукталсын: 

«32-1. Төлөм уюмунда жок эле дегенде, аппараттык-программалык комплекстин иштеши жана анын коопсуздугу үчүн жооптуу техникалык персонал (штаттык кызматтар), башкы бухгалтер (штаттык кызмат), ошондой эле уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персонал болууга тийиш. Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм уюмунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу»: 

- маалымат системасынын контролдоо системасынын шайкештигин баалоо - башкаруу звенолорун текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча аткаруу органына негизделген сунуштарды жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- коопсуздукту камсыз кылууну баалоо - маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кылмышкердин иш-аракеттеринен, авариялык үзгүлтүктөрдөн жана персоналдын каталарынан келип чыгуучу мүмкүн болгон жоготууларды минималдаштыруу; 

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерүү

- иштин натыйжалуулугун баалоо - уюмдун иштешинин ар кандай тарабын эксперттик баалоо жана аларды өркүндөтүү боюнча негиздүү сунуштарды берүү

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетту түзүү үчүн колдонулган финансылык маалыматтын ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз убагында берилишин камсыз кылуу; 

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарылчылыкка жараша атайын аудитордук текшерүүлөрдү баштоо; 

- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү

Төлөм уюму персоналдын аткарып жаткан функцияларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга, зарылчылыкка жараша, төлөм уюмунун негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функцияларын кайталоону камсыз кылууга тийиш. Персоналды иштен бошотууда/алмаштырууда, функционалдык милдеттерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылуу тартиби жана талаптагыдай тариздөө менен документтер (акт, протокол) аныкталууга тийиш.»

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү башкаруучу мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишимдерди түзүүдө) ушул талапты белгилөө, жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн тобокелдиктерди тескөөнүн жана контролдоонун зарыл механизмдерин ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерине кабыл алынган төлөмдөрдүн бардык суммасынын кеминде 100 (жүз) пайызы өлчөмүндө алдын ала төлөө же банктык гарантияны берүү. Мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму тарабынан кабыл алынган төлөмдөрдү Бирдиктүү казына эсебине чегерүү боюнча милдеттенмелер аткарылбаган/бузулган учурларда, банктык гарантия колдонула тургандыгы каралган. Төлөмдөр суммасы банктык гарантия же алдын ала төлөм өлчөмүнөн арткан учурда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызматтары автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш; 

2) төлөм уюму тарабынан чейрек сайын мамлекеттик менчикке, коммуналдык ишканаларга жана бюджеттик уюмдарга жарым-жартылай таандык болгон товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир сунуштоочусу боюнча акыркы чейректеги орточо күндүк жүгүртүүнүн 50 (элүү) пайызы өлчөмүндө банктык гарантияны берүү. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, депозит төлөм уюму тарабынан кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү боюнча милдеттенмелер аткарылбай калган/бузулган учурда колдонулат;  

3) төлөм уюму тарабынан товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштоочусунун пайдасына чейректик негизде банктык гарантиянын берилиши. Банктык гарантиянын өлчөмү товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир сунуштоочусу үчүн акыркы чейректе төлөм уюмунун орточо күндүк жүгүртүү суммасынан кеминде 10 (он) пайыз болууга тийиш; 

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга каралган акча каражаттары, төлөм уюмунун чарбалык ишине байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн каралган төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтолбоого тийиш»;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын: 

«33-1. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардан төлөм уюму тарабынан кабыл алынган акча каражаттар товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын эсептешүү эсептерине төлөм кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) банктык күндөн кечиктирилбестен чегерилүүгө тийиш.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын: 

«34-1. Төлөм уюму штаттан тышкаркы жагдайлардын натыйжасында (өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал ж.б. режимдерин киргизүү) шаарларда жана калктуу пункттарда жүрүү боюнча чектөөлөр киргизилген учурда, өз төлөм терминалдарын жана/же өз агенттеринин төлөм терминалдарын инкассациялоо үчүн инкассатордук кызматы (мамлекеттик же жеке) менен келишим түзүүгө укуктуу.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 34-2-пункт менен толукталсын: 

«34-2. Төлөм уюму Улуттук банктын талаптарына ылайык келген бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын:  

«38-1. Төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин аппараттык бөлүгү өнөр жай классынын жабдууларынан турат. Төлөм уюмунда төмөнкүлөр болууга тийиш: 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда); 

- кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерге же эмгек макулдашууларына ылайык, иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган жактар менен техникалык колдоону камсыз кылуу боюнча келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар; 

- программалык камсыздоонун баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер; 

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы; 

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы; 

- төлөм уюму жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.»; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «40. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу аппараттык-программалык комплекстин коопсуздугунун ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш. 

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 43-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы (анын ичинде агенттер менен келишимдердин электрондук реестри) болууга тийиш:»; 

- 49-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«49. Төлөм уюму агенттерди/субагенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Агенттер менен келишим түзүүдө төлөм уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү

- колдо болгон ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү берүү

- агентти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, анын ичинде Улуттук банктын агенттерге тиешелүү бөлүгүндө ченемдик укуктук актылар жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тааныштыруу (кат түрүндө/электрондук). 

Төлөм уюму көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттердин/субагенттердин ишине андан аркы мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылат.»; 

- 64-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 69-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жабдуунун жана бирдей системалардын тармактык өз ара иштөө схемасы (топологиясы). »; 

- 73-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 79-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«79. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн  

товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын гана кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 33-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 (он эки) ай ичинде келишим/келишимдерди түзүүгө жана төлөмдөрдү кабыл алууну жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү баштоого тийиш, болбосо, төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат.»; 

- 82-пунктта «отчеттун 1-5» сөздөрү жана сандары «отчеттун 1-7» сөздөрүнө жана сандарына алмаштырылсын; 

- 83-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«83. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер келип чыккан шартта же төмөнкү маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынгандан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

- уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө

- башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар же алардын анкеталык маалыматтары жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана үлүштөрдү өткөрүп берүү боюнча макулдашуунун суммасы жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүнүн өзгөрүүлөрү жана үлүштөрдү берүү жөнүндө макулдашуунун суммасы жөнүндө

- кызмат адамдарынын жана катышуучулардын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө

- акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө

- айкын жана юридикалык даректери жөнүндө

- туунду уюмдарынын/филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн болушу жөнүндө

- коммерциялык пайдаланууга киргизилип жаткан жаңы продукттар/кызмат көрсөтүүлөр, төлөм системасынын жана башка автоматташтырылган системаларынын, анын ичинде агенттин мобилдик тиркемесинин элементтери жана компоненттери жөнүндө

- уюмдун кызматкерлеринин чыгымга алып келген укукка каршы иш-аракеттери жана окуялар жөнүндө

- уюмдун маалыматтык системаларынын паспортундагы өзгөрүүлөр жөнүндө

- уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштеп бошонуп кетүүсү жөнүндө.»;

- 85-пунктунун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «отчеттун 1-5» сөздөрү жана сандары “отчеттун 1-7” сөздөрүнө жана сандарына алмаштырылсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана алардын кызмат адамдары өз убагында, туура жана анык маалыматтарды берүүгө жооптуу.»; 

- 88-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«88. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн, кайрадан түзүлгөн жана токтотулган келишимдер жөнүндө маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он беш) күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө ушул Жобого карата 1-тиркеменин 2-отчеттук формасына ылайык, ай сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.»; 

- 89-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талап кылынган маалыматтарды жана документтерди суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, Улуттук банктын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

Белгиленген мөөнөт ичинде төлөм системасынын оператору/төлөм уюму инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жөнөтүлгөн Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- 92-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«92. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Маалымат системаларына көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөтү маалымат системаларына акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн күндөн тартып катары менен 3 (үч) жылды эсептөөнүн негизинде аныкталат. 

Эгерде төлөм системасынын операторуна лицензия алынган учурдан тартып маалымат системаларына аудит жүргүзүлбөсө, анда төлөм системасынын операторуна ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып жыл ичинде маалымат системаларына аудит жүргүзүлүүгө тийиш. »; 

- 95-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«95. Маалымат системаларына аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө жана анын максаттары үчүн тышкы аудитор төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын төмөнкү талаптарга дал келишине талдоо жүргүзүүгө жана баа берүүгө тийиш: 

а) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын маалымат системаларындагы тобокелдиктерди тескөө, маалыматтык коопсуздук жана штаттан тышкаркы жагдайлар бөлүгүндө

б) төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын ички саясаттарынын/жол-жоболорунун. 

Маалымат системаларына тышкы аудитти жүргүзүүдө, эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) алардын жетиштүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүү көз карашынан маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди өздөштүрүү;  

б) алардын шайкештигине, жетиштүүлүгүнө жана актуалдуулугуна баа берүү максатында маалымат системаларында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча бизнес-пландарды, саясаттарды жана жол-жоболорду өздөштүрүү

в) маалымат системаларынын сапатын жөнгө салуу системасына жана операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системаларын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун жана физикалык коопсуздуктун камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) автоматташтырылган системаларда жеткиликтүүлүктү тескөө жана ролдорду бөлүштүрүү системасына баа берүү

ж) төлөм системасынын операторунун персоналынын маалыматтык коопсуздук жагында маалыматынын болушу деңгээлине баа берүү;  

з) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы жана лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу.»; 

- 98-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«98. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сash-in функциясы менен):»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 98-1-пункт менен толукталсын: 

- «98-1. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарды берүү үчүн сash-out функциясы менен):»; 

1) акча каражаттарды берүү үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш; 

2) ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен акча каражаттарын алуучу кардарды идентификациялоого жана верификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш; 

4) операция ишке ашырылганга чейин акча каражаттарды берүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча маалымат берүүгө тийиш; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылууга тийиш.»; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 98-2-пункт менен толукталсын: 

- «98-2. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарды берүү үчүн сash-out функциясы менен) коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон учурда банктын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо гана төлөм уюму тарабынан колдонулушу зарыл. Банк менен келишим болбогон учурда, төлөм уюмуна акча каражаттарын берүү кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат:»; 

- Жобонун 1-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун  

титулдук барагы 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _______ лицензиясынын негизинде иш алып барган ___________________________________________________________________  

(ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

20__-жылдын «__» ___________ үчүн төлөм системасы боюнча регулятивдик отчетту сунуштайт. 

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы): 

1) 

(кызматы

______________________________________________    

аты-жөнү  

2) 

(кызматы) 

______________________________________________    

аты-жөнү 

3) 

(кызматы) 

______________________________________________    

аты-жөнү 

Тиркеме: 

- Отчеттун № 1 формасы «Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун № 2 формасы «Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун № 3 формасы «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун № 4 формасы «Агрегаторлордун пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун № 5 формасы «Агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун № 6 формасы «Агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун № 7 формасы «Кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

Биринчи жетекчи (ал жок болгон мезгилде анын милдетин аткаруучу адам)  

___________________________ 

аты-жөнү  

_____________  

(кол тамгасы) 

Аткаруучу 

(кызматы) 

(телефон номери) 

__________________________ 

аты-жөнү  

_________________________  

(кол тамгасы) 

Отчетко кол койгон күн 20_____ -жылдын “___” ________________  

  Мөөр 

Отчеттун № 1 формасы  

_________________________  

Уюмдун аталышы 

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат 

№ 1-А отчет «Банктык эсептер» 

№ 

Банктын аталышы 

Эсептин түрү 

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттар калдыгы  

гарантиялык эсеп  

(эсептин №) 

эсептешүү эсеби (эсептин №) 

валюта 

Сумма (же сом түрүндө эквиваленти) 

Жыйынтыгында улуттук валютада

 сом 

Жыйынтыгында чет өлкө валютасында:  

№ 1-Б «Төлөм системасынын катышуучулары» 

Төлөм системасынын катышуучуларынын жалпы саны  

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде:  

- сунуштоочулар  

__________ 

- агенттер 

__________ 

- агрегаторлор (төлөм уюмдары, коммерциялык банктар) 

- субагенттер 

__________ 

Башка жактар (көрсөтүлсүн): 

__________ 

__________________ 

__________ 

__________________ 

__________ 

№ 1-С «Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары» 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын жалпы саны  

(саны көрсөтүлөт)  

Анын ичинде:  

өздүк төлөм терминалдар  

__________ 

агенттердин төлөм терминалдарыөлөм уюмдары, коммерциялык банктар)  

__________ 

агенттердин төлөм терминалдары (жеке ишкер, башка юридикалык жактар

__________  

башкалар (көрсөтүлсүн):  

__________  

веб-кассалар   

__________  

POS-терминалдар  

__________  

смс-агенттер 

__________ 

__________________ 

__________ 

Отчеттун № 2 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

Колдонуудагы келишимдердин жалпы саны: (саны көрсөтүлсүн) 

Отчеттук айда түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда кайра түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда токтотулган келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

№ 

Уюмдун аталышы/жеке адамдын аты-жөнү  

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары  

Келишимдин номери жана күнү  

Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишимдер: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча агенттер менен келишимдер: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Агрегаторлор менен келишимдер (төлөм уюмдары; үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган коммерциялык банктар): 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Отчеттун № 3 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

№ 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун уюмдун аталышы 

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны*, бирдик 

Сунуштоочуларга айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы  

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

Банктык гарантия, сом 

 ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

*агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт  

Эскертүү:  

1) Төлөмдөрдүн "Жалпы көлөмү" жана "Жалпы саны" жыйынтык мааниси №7 “Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн көлөмү жана саны” формасында көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

2) Агрегаторлор аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

3) Өз банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сунуштоочуларынын ролун аткарган коммерциялык банктардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр отчеттун ушул формасында көрсөтүлөт. 

Отчеттун № 4 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн агрегаторлордун пайдасына  

кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө

(мында, уюм башка төлөм уюмунун, коммерциялык банктын  

агенти катары иш алып барат

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөм уюмунун/банктын аталышы  

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны*, бирдик 

Агрегаторлорго айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы  

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

Банктык гарантия, сом 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

*автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт, б.а агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр. 

Эскертүү:  

1) Ушул отчеттун алкагында агрегаторлор дегенден улам, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган жана иштеп чыккан, жыйынтыгында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. сунуштоочулардын пайдасына келип түшкөн, коммерциялык банктарды жана төлөм уюмдарын (алардын агенттери) түшүнүүгө болот. 

2) Башка төлөм уюмдары, коммерциялык банктар аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына гана өткөн жана/же төлөмдөрдүн агрегатору катары иш алып барган төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын пайдасына өткөн автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

Отчеттун № 5 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

№ 

Агенттердин аталышы 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын саны:  

(өзүнчө көрсөтүлсүн: төлөм терминалдарынын, веб-кассалардын ж.б. саны). 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик. 

1) төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын төлөм терминалдары аркылуу: 

 ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

2) башка агенттердин төлөм терминалдары аркылуу (1-пунктка киргизилбеген): 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

3) веб кассалар: 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

4) агенттердин/субагенттердин башка кабыл алуу пункттары:  

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

Отчеттун № 6 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары/пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмдөрү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин аталышы: _________ 

Иштеп чыгуучу агенттин/агенттердин мобилдик тиркемелеринин тейлөө ээсинин атылышы: __________ 

Электрондук акча системаларынын аталышы, ага кирүү агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук капчыкты туташтыруу жолу менен, эмитент-банктардын/Эл аралык электрондук акча системасынын агенттеринин-банктардын аталышын көрсөтүү менен камсыз кылынат

1. ___________ 

2. ___________ 

3. ___________ 

----- 

Банктык төлөм карттары агенттердин мобилдик тиркемелерине (эквайринг) туташтырыла турган банктардын аталышы

1. ___________ 

2. ___________ 

3. ___________ 

----- 

№ 1-А отчет «Агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдүн көлөмү жана саны» 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин жигердүү пайдалануучулар саны  

Кайтарылган аванстык төлөмдөрдүн эсебинен (алдын ала төлөө

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар банктардын кардарларынын саны  

Туташтырылган банктык карттар аркылуу  

Туташтырылган электрондук капчыктар аркылуу  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

№ 1-Б отчет «Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар саны» 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар категориясы  

Отчеттук мезгилде  

(өсүш (+бирдик)) 

Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата (бирдик) 

Системада катталган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар саны  

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучулар саны

анын ичинен: 

2.1 

Төлөм уюму/агенттер тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулар саны

анын ичинен: 

а) сүрөттү салыштыруу аркылуу (автоматташтырылган режимде) 

б) видеобайланыш сеансы аркылуу (интервью жүргүзүү жолу менен) 

2.2 

Банк-өнөктөш тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулар саны 

Отчеттун № 7 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөмдүн түрү  

Төлөмдөрдүн саны, бирдик  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

Мобилдик байланыш 

Катталган телефон байланышы 

Интернет 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

Салыктык жыйымдар 

КР ИИМ ЖККга айыптык төлөмдөр  

Мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр  

Банктык эсепти толуктоо  

ФКМдин кредитин төлөө  

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр  

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

12 

Интернет-дүкөндөр 

13 

Социалдык тармактар 

14 

Интернет-оюндар 

15 

Башка интернет тиркемелеринде эсепти толуктоо  

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө 

17 

Жарнамалык кызмат көрсөтүүлөр  

18 

Кулактандыруулар 

19 

Кайрымдуулук  

20 

Билим берүү 

21 

Туристтик кыдыруулар 

22 

Башка төлөмдөр 

Эскертүү: Төлөмдөрдүн "Көлөмү" жана "Саны" жыйынтык мааниси №3 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат" формасында көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

». 

Долбоор 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС)  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого лицензиясына ээ төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар аныкталат: 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле алардын агенттери бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого тийиш

1. Бул "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого лицензиясына ээ төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар аныкталат: 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле алардын агенттери/субагенттери бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоого тийиш. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, төлөм уюмдары жана алардын агенттери/субагенттери Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы №2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чөйрөдө мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылат. 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун жана алардын агенттеринин ишине карата негизги талаптар 

7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Лицензия алууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат. 

7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын операторунун негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иш төмөнкү кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш: 

- маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү/маалыматтарды жайылтуу/берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (жарнамаларды өзүнүн сайтына, мобилдик тиркемелерге жана төлөм системасынын операторуна тиешелүү имараттарга жайгаштыруу); 

- төлөм системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана андан ары тейлөө/техникалык колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык камсыздоону (лицензиялар же интеллектуалдык менчик продуктылар) /банктык жабдууларды/жабдууларды сатып өткөрүү

- эсептөө кубаттуулугун, сервердик жана тармактык жабдууларды, сервердик жабдуулар үчүн ижаралык аянтчаны сунуштоо. 

Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат. Лицензияланууга тийиш ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат. 

Жок. 

7-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып 12 айдын ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим/келишимдерди түзүүгө жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун, төлөм системасынын катышуучуларына берүү ишин баштоого тийиш, болбосо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынат. 

Жок. 

8-1. Төлөм системаларынын операторлору Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген төлөм системаларынын операторлорунун кызмат адамдарына карата талаптардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн талапкерлерди дайындоо 3 (үч) айдан ашпаган мөөнөткө мүмкүн.  

Эгерде талапкер башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса, башкаруунун байкоо органына (эгерде бар болсо)/катышуучуга/катышуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

Эгерде талапкер техникалык директордун же башкы бухгалтердин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса (же өз функционалдык милдеттери боюнча ушул кызматтарга барабар болсо), башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

12. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат берип турушу зарыл. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу алар киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

12. Төлөм системасынын оператору тарифтик саясатты жана өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына баа түзүү принциптерин иштеп чыгууга, бекитүүгө жана лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалыматты берип турууга тийиш. Андан кийин, төлөм системасынын оператору Улуттук банкка тарифтик саясат жөнүндө маалыматты учурдагы календардык жылдын I (биринчи) чейрегинин акырына чейинки мөөнөттө жылына кеминде 1 (бир) жолу сунуштайт.  

 Төлөм системасынын оператору тарифтик саясат жана/же тарифтер өзгөрүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде бардык өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

20. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иши жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтери (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Персонал төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу болушат:..... 

20. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иши жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтери (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм системасынын операторунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу:.... 

Жок. 

20-1. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын талаптарына ылайык келген бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш. 

§ 3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

29. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Лицензия алууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат. 

29. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.»: 

Төлөм уюмунун негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка иш төмөнкү кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелүүгө тийиш: 

- төлөм системалары чөйрөсүндө интеллектуалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү/маалыматтарды жайылтуу/берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (жарнамаларды төлөм терминалдарына, өзүнүн сайтына, мобилдик тиркемелерге жана төлөм уюмуна тиешелүү имараттарга жайгаштыруу); 

- төлөм системалары үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана андан ары тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

өз агенттери/субагенттери үчүн инкассатордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- агенттердин/субагенттердин аралыкта орнотулган жабдууларын (терминалдарын) техникалык тейлөө

- төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык камсыздоону (лицензиялар же интеллектуалдык менчик продуктылар) /жабдууларды сатып өткөрүү

- эсептөө кубаттуулугун, сервердик жана тармактык жабдууларды, сервердик жабдуулар үчүн ижаралык аянтчаны сунуштоо. 

Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат.  

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Лицензияланууга тийиш ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат. 

Жок. 

31-1. Төлөм уюмдары Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына карата талаптардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнүн милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн талапкерлерди дайындоо 3 (үч) айдан ашпаган мөөнөткө мүмкүн.  

Эгерде талапкер башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса, башкаруунун байкоо органына (эгерде бар болсо)/катышуучуга/катышуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

Эгерде талапкер техникалык директордун же башкы бухгалтердин милдеттерин 3 (үч) айдан ашык убактылуу аткарса (же өз функционалдык милдеттери боюнча ушул кызматтарга барабар болсо), башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

Жок. 

32-1. Төлөм уюмунда жок эле дегенде, аппараттык-программалык комплекстин иштеши жана анын коопсуздугу үчүн жооптуу техникалык персонал (штаттык кызматтар), башкы бухгалтер (штаттык кызмат), ошондой эле уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персонал болууга тийиш. Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм уюмунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу»: 

- маалымат системасынын контролдоо системасынын шайкештигин баалоо - башкаруу звенолорун текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча аткаруу органына негизделген сунуштарды жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- коопсуздукту камсыз кылууну баалоо - маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кылмышкердин иш-аракеттеринен, авариялык үзгүлтүктөрдөн жана персоналдын каталарынан келип чыгуучу мүмкүн болгон жоготууларды минималдаштыруу; 

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерүү

- иштин натыйжалуулугун баалоо - уюмдун иштешинин ар кандай тарабын эксперттик баалоо жана аларды өркүндөтүү боюнча негиздүү сунуштарды берүү

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетту түзүү үчүн колдонулган финансылык маалыматтын ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз убагында берилишин камсыз кылуу; 

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарылчылыкка жараша атайын аудитордук текшерүүлөрдү баштоо; 

- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү

Төлөм уюму персоналдын аткарып жаткан функцияларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга, зарылчылыкка жараша, төлөм уюмунун негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функцияларын кайталоону камсыз кылууга тийиш. Персоналды иштен бошотууда/алмаштырууда, функционалдык милдеттерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылуу тартиби жана талаптагыдай тариздөө менен документтер (акт, протокол) аныкталууга тийиш. 

33. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу жана тобокелдиктерди контролдоо жана жөнгө салуунун зарыл механизмдерин ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишим түзүүдө) ушул талапты белгилөө менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетине кабыл алынуучу бүтүндөй төлөм суммасына 100 (жүз) пайыз алдын ала төлөм сунуштоо. Төлөмдөр суммасы алдын ала төлөм өлчөмүнөн арткан учурда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызматтары автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш. 

2) Мамлекеттин менчигинде толугу менен же бир бөлүгү турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана келишимдик мамилелерде алдын ала төлөм каралбаган бюджеттик уюмдар үчүн ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча акыркы чейрек ичинде орточо күндүк жүгүртүүнүн 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу. 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү милдеттенмелерин, ошондой эле камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттарын аткарбай койгон/бузууга жол берген учурлар келип чыккан учурларда камсыздандыруу депозити максаттуу багыты боюнча гана пайдаланыла тургандыгы, жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу акча каражаттарын акцептсиз тартипте алуу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш. 

3) коммерциялык банкта аманат боюнча өзүнчө эсепте башка кайтаруу шарттарында камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу же болбосо төлөм уюмунун келишимдик мамилелерде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн анын пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны сунуштоосу. Камсыздандыруу депозитинин же банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ар бир сунуштоочу боюнча акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 10 (он) пайызынан кем болбоого тийиш. 

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга тиешелүү акча каражаттарды төлөм уюмунун чарба ишине байланыштуу операцияларын жүргүзүү үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. Камсыздандыруу депозиттери бардык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча бир банктык эсепте же болбосо бир нече банктык эсептерде жайгаштырылышы мүмкүн. 

33. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү башкаруучу мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү келишимдик мамилелерде үздөн-түз келишимдерди түзүүдө) ушул талапты белгилөө, жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн тобокелдиктерди тескөөнүн жана контролдоонун зарыл механизмдерин ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерине кабыл алынган төлөмдөрдүн бардык суммасынын кеминде 100 (жүз) пайызы өлчөмүндө алдын ала төлөө же банктык гарантияны берүү. Мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму тарабынан кабыл алынган төлөмдөрдү Бирдиктүү казына эсебине чегерүү боюнча милдеттенмелер аткарылбаган/бузулган учурларда, банктык гарантия колдонула тургандыгы каралган. Төлөмдөр суммасы банктык гарантия же алдын ала төлөм өлчөмүнөн арткан учурда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызматтары автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш; 

2) төлөм уюму тарабынан чейрек сайын мамлекеттик менчикке, коммуналдык ишканаларга жана бюджеттик уюмдарга жарым-жартылай таандык болгон товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир сунуштоочусу боюнча акыркы чейректеги орточо күндүк жүгүртүүнүн 50 (элүү) пайызы өлчөмүндө банктык гарантияны берүү. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, депозит төлөм уюму тарабынан кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү боюнча милдеттенмелер аткарылбай калган/бузулган учурда колдонулат;  

3) төлөм уюму тарабынан товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштоочусунун пайдасына чейректик негизде банктык гарантиянын берилиши. Банктык гарантиянын өлчөмү товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир сунуштоочусу үчүн акыркы чейректе төлөм уюмунун орточо күндүк жүгүртүү суммасынан кеминде 10 (он) пайыз болууга тийиш; 

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга каралган акча каражаттары, төлөм уюмунун чарбалык ишине байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн каралган төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтолбоого тийиш. 

Жок. 

33-1. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардан төлөм уюму тарабынан кабыл алынган акча каражаттар товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын эсептешүү эсептерине төлөм кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) банктык күндөн кечиктирилбестен чегерилүүгө тийиш. 

Жок. 

34-1. Төлөм уюму штаттан тышкаркы жагдайлардын натыйжасында (өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал ж.б. режимдерин киргизүү) шаарларда жана калктуу пункттарда жүрүү боюнча чектөөлөр киргизилген учурда, өз төлөм терминалдарын жана/же өз агенттеринин төлөм терминалдарын инкассациялоо үчүн инкассатордук кызматы (мамлекеттик же жеке) менен келишим түзүүгө укуктуу. 

Жок. 

34-2. Төлөм уюму Улуттук банктын талаптарына ылайык келген бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш. 

Жок. 

38-1. Төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин аппараттык бөлүгү өнөр жай классынын жабдууларынан турат. Төлөм уюмунда төмөнкүлөр болууга тийиш: 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда); 

- кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерге же эмгек макулдашууларына ылайык, иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган жактар менен техникалык колдоону камсыз кылуу боюнча келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар; 

- программалык камсыздоонун баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер; 

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы; 

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы; 

- төлөм уюму жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

40. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде бир жолу автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш. 

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө тариздетилип, ага текшерүүгө катышкандар кол коюусу зарыл. 

40. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу аппараттык-программалык комплекстин коопсуздугунун ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш

§ 4. Агенттерге коюлган талаптар 

49. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү берүү жана агентти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу жана агенттердин белгиленген талаптарды сактоосуна мониторинг жүргүзүү зарыл. 

49. Төлөм уюму агенттерди/субагенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Агенттер менен келишим түзүүдө төлөм уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү

- колдо болгон ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү берүү

- агентти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, анын ичинде Улуттук банктын агенттерге тиешелүү бөлүгүндө ченемдик укуктук актылар жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тааныштыруу (кат түрүндө/электрондук). 

Төлөм уюму көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттердин/субагенттердин ишине андан аркы мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылат. 

43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш: 

1) эгерде юридикалык жак болсо - уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса), уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси; 

2) жеке ишкер болсо - ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгерде иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы (анын ичинде агенттер менен келишимдердин электрондук реестри) болууга тийиш: 

1) эгерде юридикалык жак болсо - уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса), уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси; 

2) жеке ишкер болсо - ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгерде иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

64. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал (негизги жана кайталоочу) төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелер жана жол-жоболордо жөнгө салынган, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга; 

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалыматтар менен иштөөдө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга. 

64-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

69. Төлөм системасынын оператору колдонгон, анын ичинде төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн (процессинг/клиринг) каралган программалык камсыздоодо, программа боюнча кеңири маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, пайдаланууда зарыл болуучу коштомо документтер, системанын паспорту жана башка документтер болууга тийиш, булар системаны пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн. 

Бардык маалымат системаларында төмөнкүлөр камтылган маалымат (системанын паспорту) болууга тийиш: 

- жалпы мүнөздөмөлөр (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясы (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, прикладдык/маалымат базасын башкаруу системасы, диск бөлүктөрүнүн өлчөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.); 

- калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны эксплуатациялоодо колдонулган ченемдик документтер тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.); 

- жабдуунун жана бирдей системалардын өз ара иштөө схемасы (топология). 

Системанын паспорту мындай мазмун менен гана чектелип калбайт жана анда системаны натыйжалуу башкаруу, аларды пландаштыруу, модернизациялоо жана тейлөө үчүн маалымат камтылууга тийиш. 

- жабдуунун жана бирдей системалардын тармактык өз ара иштөө схемасы (топологиясы). 

Системанын паспорту мындай мазмун менен гана чектелип калбайт жана анда системаны натыйжалуу башкаруу, аларды пландаштыруу, модернизациялоо жана тейлөө үчүн маалымат камтылууга тийиш. 

73. Төлөм системасынын оператору 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүсү зарыл. 

Текшерүүнүн натыйжалары боюнча протокол түзүлүп, ага текшерүүгө катышуучулардын колу коюлууга тийиш. 

73. Төлөм системасынын оператору 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүсү зарыл. 

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

5-глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

79. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 33-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 ай ичинде келишим түзүүгө жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш, болбосо, төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат. 

79. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын гана кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 33-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 (он эки) ай ичинде келишим/келишимдерди түзүүгө жана төлөмдөрдү кабыл алууну жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү баштоого тийиш, болбосо, төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат. 

6-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун отчет сунуштоо тартиби 

82. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун 1-5-формалары боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап туруусу зарыл. 

82. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун 1-7-формалары боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап туруусу зарыл. 

83. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, уюштуруучулардын катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр, аффилирленген жана байланыштуу жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери, туунду уюмдарынын/филиалдарынын болушу тууралуу маалыматтарды өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

83. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер келип чыккан шартта же төмөнкү маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынгандан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

- уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө

- башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар же алардын анкеталык маалыматтары жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана үлүштөрдү өткөрүп берүү боюнча макулдашуунун суммасы жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүнүн өзгөрүүлөрү жана үлүштөрдү берүү жөнүндө макулдашуунун суммасы жөнүндө

- кызмат адамдарынын жана катышуучулардын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө

- акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө

- айкын жана юридикалык даректери жөнүндө

- туунду уюмдарынын/филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн болушу жөнүндө

- коммерциялык пайдаланууга киргизилип жаткан жаңы продукттар/кызмат көрсөтүүлөр, төлөм системасынын жана башка автоматташтырылган системаларынын, анын ичинде агенттин мобилдик тиркемесинин элементтери жана компоненттери жөнүндө

- уюмдун кызматкерлеринин чыгымга алып келген укукка каршы иш-аракеттери жана окуялар жөнүндө

- уюмдун маалыматтык системаларынын паспортундагы өзгөрүүлөр жөнүндө

- уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштеп бошонуп кетүүсү жөнүндө

85. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он бешинен) кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун 1-5-формаларына ылайык ай сайын Улуттук банкка сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

Зарылчылыкка жараша Улуттук банк берилген отчеттон улам кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору талап кылынган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

85. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он бешинен) кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун 1-7-формаларына ылайык ай сайын Улуттук банкка сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

Зарылчылыкка жараша Улуттук банк берилген отчеттон улам кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору талап кылынган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана алардын кызмат адамдары өз убагында, туура жана анык маалыматтарды берүүгө жооптуу. 

88. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө ушул Жобого карата 1-тиркеменин 2-отчеттук формасына ылайык, келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

Маалымат Улуттук банкка электрондук түрдө сунушталып (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы), кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

88. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн, кайрадан түзүлгөн жана токтотулган келишимдер жөнүндө маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он беш) күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө ушул Жобого карата 1-тиркеменин 2-отчеттук формасына ылайык, ай сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

89. Улуттук банк, төлөм системаларынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын жана алардын агенттеринин үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле агенттик келишимдердин алкагында текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талап кылынган маалыматтарды жана документтерди суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, Улуттук банктын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

Белгиленген мөөнөт ичинде төлөм системасынын оператору/төлөм уюму инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жөнөтүлгөн Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

92. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүп турууга тийиш. 

92. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Маалымат системаларына көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөтү маалымат системаларына акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн күндөн тартып катары менен 3 (үч) жылды эсептөөнүн негизинде аныкталат. 

Эгерде төлөм системасынын операторуна лицензия алынган учурдан тартып маалымат системаларына аудит жүргүзүлбөсө, анда төлөм системасынын операторуна ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып жыл ичинде маалымат системаларына аудит жүргүзүлүүгө тийиш. 

95. Төлөм системасынын операторунун маалымат системаларына аудит эн аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- колдонуудагы саясат жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

95. Маалымат системаларына аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө жана анын максаттары үчүн тышкы аудитор төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын төмөнкү талаптарга дал келишине талдоо жүргүзүүгө жана баа берүүгө тийиш: 

а) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын маалымат системаларындагы тобокелдиктерди тескөө, маалыматтык коопсуздук жана штаттан тышкаркы жагдайлар бөлүгүндө

б) төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын ички саясаттарынын/жол-жоболорунун. 

Маалымат системаларына тышкы аудитти жүргүзүүдө, эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) алардын жетиштүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүү көз карашынан маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди өздөштүрүү;  

б) алардын шайкештигине, жетиштүүлүгүнө жана актуалдуулугуна баа берүү максатында маалымат системаларында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча бизнес-пландарды, саясаттарды жана жол-жоболорду өздөштүрүү

в) маалымат системаларынын сапатын жөнгө салуу системасына жана операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системаларын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун жана физикалык коопсуздуктун камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) автоматташтырылган системаларда жеткиликтүүлүктү тескөө жана ролдорду бөлүштүрүү системасына баа берүү

ж) төлөм системасынын операторунун персоналынын маалыматтык коопсуздук жагында маалыматынын болушу деңгээлине баа берүү;  

з) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы жана лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу. 

7-глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына (cash-in) карата талаптар 

7-глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына (cash-in) карата талаптар 

98. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы: 

1) сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштырууга тийиш; 

2) Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 2-тиркемеге ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме), тобокелдиги төмөн операциялардын тизмесинде камтылбаган, операцияларды жүзөгө ашырууда ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардар-акча каражаттарын жөнөтүүчүнү идентификациялоого жана верификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш; 

4) кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнгө чейин төлөмдү өткөрүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча маалымат берүүгө тийиш; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылуусу зарыл. 

98. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы өлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сash-in функциясы менен)

98-1. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарды берүү үчүн сash-out функциясы менен):»; 

1) акча каражаттарды берүү үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш; 

2) ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен акча каражаттарын алуучу кардарды идентификациялоого жана верификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш; 

4) операция ишке ашырылганга чейин акча каражаттарды берүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча маалымат берүүгө тийиш; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылууга тийиш. 

Жок.  

98-2. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарды берүү үчүн сash-out функциясы менен) коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон учурда банктын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо гана төлөм уюму тарабынан колдонулушу зарыл. Банк менен келишим болбогон учурда, төлөм уюмуна акча каражаттарын берүү кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат. 

Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме 

Төлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата  

1-тиркеме 

Төлөм уюму жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан сунушталуучу отчеттун титулдук барагы 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _______ лицензиясынын негизинде иш алып барган _____________________________________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК ж.б.у.с.) (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы) 

201__-жылдын "__" ___________ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт. 

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК, ААК, ЖАК ж.б.у.с.) (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы) 

- Төрага - ___________ 

- Техникалык директор - __________________ 

- Башкы бухгалтер - _____________________ 

Тиркемелер: 

Отчеттун № 1 формасынын аталышы  

Отчеттун № 2 формасынын аталышы  

Отчеттун № 3 формасынын аталышы  

Отчеттун № 4 формасынын аталышы 

Жетекчи  

_____________________________ 

_____________________ 

(жетекчинин орун басары) 

(жеке кол тамгасы) 

(аты-жөнү

Аткаруучу 

_____________________________ 

_____________________ 

(жеке кол тамгасы) 

(аты-жөнү

Мөөрү 

Телефон номери 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун титулдук барагы 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _______ лицензиясынын негизинде иш алып барган ___________________________________________________________________  

(ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

20__-жылдын «__» ___________ үчүн төлөм системасы боюнча регулятивдик отчетту сунуштайт. 

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы): 

1) 

(кызматы

______________________________________________    

аты-жөнү  

2) 

(кызматы) 

______________________________________________    

аты-жөнү 

3) 

(кызматы) 

______________________________________________    

аты-жөнү 

Тиркеме: 

- Отчеттун № 1 формасы «Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун № 2 формасы «Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун № 3 формасы «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун № 4 формасы «Агрегаторлордун пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат» 

- Отчеттун № 5 формасы «Агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун № 6 формасы «Агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

- Отчеттун № 7 формасы «Кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат»  

Биринчи жетекчи (ал жок болгон мезгилде анын милдетин аткаруучу адам)  

___________________________ 

аты-жөнү  

_____________  

(кол тамгасы) 

Аткаруучу 

(кызматы) 

(телефон номери) 

__________________________ 

аты-жөнү  

_________________________  

(кол тамгасы) 

Отчеттун № 1 формасы 

Уюмдун аталышы 

______________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат 

№ 1-А отчет 

№ 

Банктын аталышы 

Эсептин түрү (+/-) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттар калдыгы 

Гарантиялык эсеп  

(+/-) 

Эсептешүү эсеби  

(+/-) 

валютасы 

суммасы 

№ 1-Б 

№ 

Төлөм системасынын катышуучуларынын жалпы саны 

___________________________ 

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде:  

- сунуштоочулар 

_______________________ 

- агенттер 

_______________________ 

- башка жактар (көрсөтүлүүгө тийиш) 

_______________________ 

№ 1-С 

№ 

Терминалдардын жалпы саны 

___________________________ 

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде: 

өздүк төлөм терминалдар 

_______________________ 

агенттердин төлөм терминалдары 

_______________________ 

веб-кассалар 

_______________________ 

төлөм уюмдарынын POS-терминалдары 

_______________________ 

- башкалар (көрсөтүлүүгө тийиш) 

_______________________ 

Аткаруучу 

___________________________________ 

____________________ 

(жеке кол тамга) 

(аты-жөнү

Отчеттун № 1 формасы  

_________________________  

Уюмдун аталышы 

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат 

№ 1-А отчет «Банктык эсептер» 

№ 

Банктын аталышы 

Эсептин түрү 

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттар калдыгы  

гарантиялык эсеп  

(эсептин №) 

эсептешүү эсеби (эсептин №) 

валюта 

Сумма (же сом түрүндө эквиваленти) 

Жыйынтыгында улуттук валютада

 сом 

Жыйынтыгында чет өлкө валютасында:  

№ 1-Б «Төлөм системасынын катышуучулары» 

Төлөм системасынын катышуучуларынын жалпы саны  

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде:  

- сунуштоочулар  

__________ 

- агенттер 

__________ 

- агрегаторлор (төлөм уюмдары, коммерциялык банктар) 

- субагенттер 

__________ 

Башка жактар (көрсөтүлсүн): 

__________ 

__________________ 

__________ 

__________________ 

__________ 

№ 1-С «Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары» 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын жалпы саны  

(саны көрсөтүлөт)  

Анын ичинде:  

өздүк төлөм терминалдар  

__________ 

агенттердин төлөм терминалдарыөлөм уюмдары, коммерциялык банктар)  

__________ 

агенттердин төлөм терминалдары (жеке ишкер, башка юридикалык жактар

__________  

башкалар (көрсөтүлсүн):  

__________  

веб-кассалар   

__________  

POS-терминалдар  

__________  

смс-агенттер 

__________ 

__________________ 

__________ 

Отчеттун № 2 формасы 

Уюмдун аталышы 

______________________________ 

20__-жылдын ______________ айы үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун колдонуудагы келишимдери жөнүндө маалымат 

№ 

Уюмдун аталышы 

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары 

Келишимдин номери жана күнү 

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү 

!/ 

Аткаруучу 

_______________________________ 

____________________ 

(жеке кол тамга) 

(аты-жөнү

Отчеттун № 2 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

Колдонуудагы келишимдердин жалпы саны: (саны көрсөтүлсүн) 

Отчеттук айда түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда кайра түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда токтотулган келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

№ 

Уюмдун аталышы/жеке адамдын аты-жөнү  

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары  

Келишимдин номери жана күнү  

Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишимдер: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча агенттер менен келишимдер: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Агрегаторлор менен келишимдер (төлөм уюмдары; үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган коммерциялык банктар): 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Отчеттун № 3 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________________ 

20__-жылдын _____________ айы үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга төлөөлөр жөнүндө маалымат(*) 

№ 

Уюм-товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы 

Алдын ала төлөмдүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздоо формасы 

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү(*), сом 

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

Банктык гарантия, сом 

(*) автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

Отчеттун № 3 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

№ 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун уюмдун аталышы 

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны*, бирдик 

Сунуштоочуларга айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы  

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

Банктык гарантия, сом 

 ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

*агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт  

Эскертүү:  

1) Төлөмдөрдүн "Жалпы көлөмү" жана "Жалпы саны" жыйынтык мааниси №7 “Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн көлөмү жана саны” формасында көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

2) Агрегаторлор аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

3) Өз банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сунуштоочуларынын ролун аткарган коммерциялык банктардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр отчеттун ушул формасында көрсөтүлөт. 

Отчеттун № 4 формасы 

Уюмдун аталышы 

_________________________________ 

20__-жылдын ___________ айы үчүн агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат 

№ 

Агенттердин аталышы 

Терминалдардын саны:  

- төлөм терминалдары;  

- веб-кассалар 

Төлөмдөрдүн көлөмү,  

сом 

Төлөмдөрдүн саны,  

бирдикте 

Отчеттун № 4 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн агрегаторлордун пайдасына  

кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө

(мында, уюм башка төлөм уюмунун, коммерциялык банктын  

агенти катары иш алып барат

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөм уюмунун/банктын аталышы  

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны*, бирдик 

Агрегаторлорго айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы  

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

Банктык гарантия, сом 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

*автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт, б.а агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр. 

Эскертүү:  

1) Ушул отчеттун алкагында агрегаторлор дегенден улам, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган жана иштеп чыккан, жыйынтыгында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. сунуштоочулардын пайдасына келип түшкөн, коммерциялык банктарды жана төлөм уюмдарын (алардын агенттери) түшүнүүгө болот. 

2) Башка төлөм уюмдары, коммерциялык банктар аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына гана өткөн жана/же төлөмдөрдүн агрегатору катары иш алып барган төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын пайдасына өткөн автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

Отчеттун № 5 формасы  

Уюмдун аталышы 

_______________________________ 

20__-жылдын _____________ айы үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар/кардарлар, төлөмдөрдүн көлөмдөрү жана саны жөнүндө маалымат 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлардын жалпы саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү,  

сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте 

Тиешелүү идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн, агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлардын саны 

Төлөмдөрдүн  

Төлөмдөрдүн саны,  

бирдикте 

Банктык идентификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлардын саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү,  

сом 

Төлөмдөрдүн саны, 

бирдикте 

Отчеттун № 5 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

№ 

Агенттердин аталышы 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын саны:  

(өзүнчө көрсөтүлсүн: төлөм терминалдарынын, веб-кассалардын ж.б. саны). 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик. 

1) төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын төлөм терминалдары аркылуу: 

 ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

2) башка агенттердин төлөм терминалдары аркылуу (1-пунктка киргизилбеген): 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

3) веб кассалар: 

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

4) агенттердин/субагенттердин башка кабыл алуу пункттары:  

  ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

Отчеттун № 6 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары/пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмдөрү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин аталышы: _________ 

Иштеп чыгуучу агенттин/агенттердин мобилдик тиркемелеринин тейлөө ээсинин атылышы: __________ 

Электрондук акча системаларынын аталышы, ага кирүү агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук капчыкты туташтыруу жолу менен, эмитент-банктардын/Эл аралык электрондук акча системасынын агенттеринин-банктардын аталышын көрсөтүү менен камсыз кылынат

1. ___________ 

2. ___________ 

3. ___________ 

----- 

Банктык төлөм карттары агенттердин мобилдик тиркемелерине (эквайринг) туташтырыла турган банктардын аталышы

1. ___________ 

2. ___________ 

3. ___________ 

----- 

№ 1-А отчет «Агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдүн көлөмү жана саны» 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин жигердүү пайдалануучулар саны  

Кайтарылган аванстык төлөмдөрдүн эсебинен (алдын ала төлөө

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар банктардын кардарларынын саны  

Туташтырылган банктык карттар аркылуу  

Туташтырылган электрондук капчыктар аркылуу  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

№ 1-Б отчет «Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар саны» 

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар категориясы  

Отчеттук мезгилде  

(өсүш (+бирдик)) 

Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата (бирдик) 

Системада катталган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар саны  

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучулар саны

анын ичинен: 

2.1 

Төлөм уюму/агенттер тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулар саны

анын ичинен: 

а) сүрөттү салыштыруу аркылуу (автоматташтырылган режимде) 

б) видеобайланыш сеансы аркылуу (интервью жүргүзүү жолу менен) 

2.2 

Банк-өнөктөш тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулар саны 

Отчеттун № 7 формасы 

Уюмдун аталышы 

________________________ 

20__-жылдын _________ айы үчүн кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөмдүн түрү  

Төлөмдөрдүн саны, бирдик  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

Мобилдик байланыш 

Катталган телефон байланышы 

Интернет 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

Салыктык жыйымдар 

КР ИИМ ЖККга айыптык төлөмдөр  

Мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр  

Банктык эсепти толуктоо  

ФКМдин кредитин төлөө  

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр  

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

12 

Интернет-дүкөндөр 

13 

Социалдык тармактар 

14 

Интернет-оюндар 

15 

Башка интернет тиркемелеринде эсепти толуктоо  

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө 

17 

Жарнамалык кызмат көрсөтүүлөр  

18 

Кулактандыруулар 

19 

Кайрымдуулук  

20 

Билим берүү 

21 

Туристтик кыдыруулар 

22 

Башка төлөмдөр 

Эскертүү: Төлөмдөрдүн "Көлөмү" жана "Саны" жыйынтык мааниси №3 "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат" формасында көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланыштуу системасын түшүндүрөт. Коммерциялык банктардан, банк эмес финансы-кредит уюмдарынан тышкары, өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөткөн төлөм уюмдары жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын ошол процессинг/клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо (процессинг, клиринг), ошондой эле банк менен агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтуу боюнча кызмат көрсөткөн төлөм системаларынын операторлору да Кыргыз Республикасында төлөм системасынын катышуучусу болуп саналат.  

Мамлекет төлөм инфраструктурасын кеңейтүүнүн жана калкты тартуу деңгээлинин, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу калктан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз өткөрүлүшүнүн эсебинен экономикада нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн көбөйүшүнө кызыкдар. Азыркы учурда, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун белгилүү бир сегментин ээлеп, бүтүндөй өлкө боюнча иштеп жатат. Алардын системалары аркылуу жүзөгө ашырылып жаткан акча жүгүртүүнүн санынын жана көлөмүнүн өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалууда. 

Азыркы учурда, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу кызматтар 22 түрдөн ашык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ыңгайлуулугуна жана ылдамдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын калкынын арасында суроо-талапка ээ. Биринчиден, бул турак жай-коммуналдык кызматтарга, байланышка жана интернетке төлөө, салык жыйымдары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптык төлөмдөр, банк эсебин жана электрондук капчыкты толуктоо, ФКУ кредитин төлөө, бюджетке төлөмдөр жана башка төлөмдөр. 

2021-жылдын 1-январына карата 23 юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ, анын ичинен: төлөм системасынын операторунун ишин жүргүзүү укугуна 21 лицензия жана төлөм уюмунун ишин жүргүзүү укугуна 23 лицензия. Мында, жылдан жылга төлөм уюмдары тарабынан өткөрүлгөн акча жүгүртүүлөрдүн өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, төлөм уюмдары аркылуу 2019-жылы 32,8 млрд сом жалпы суммасында 168,3 млн төлөм, ал эми 2020-жылы тиешелүүлүгүнө жараша 46,5 млрд сом суммасында 148,9 млн төлөм өткөрүлгөн. 

Бүгүнкү күндө, 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) белгиленген айрым талаптардын нормаларын тобокелдиктерди минималдаштыруу жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо максатында бир мааниде түшүнүү жана туура колдонуу үчүн тактоо зарыл. 

Ушуга байланыштуу, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин натыйжалуу көзөмөлдөө максатында, жогоруда аталган Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. 

№1 проблема. Мамлекеттик мекемелердин төлөм уюмдары менен алдын ала төлөө шарттарында келишим түзүүдөн баш тартуусу  

Көптөгөн мамлекеттик мекемелер төлөм уюмдары тарабынан алдын ала төлөө шарттарында белгилүү бир себептерден улам келишим түзүүдөн баш тартышат. Мисалы, автоматташтырылган система алдын ала төлөөнү эске алууга мүмкүндүк бербейт, мамлекеттик органдар тарабынан келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси кыйынга турат, келишимдер типтүү, эсепке алууга байланыштуу кыйынчылыктар, чегерилген алдын ала төлөм дароо казыналык эсептерге түшүп калып, аларды кайтаруу абдан оорчулук жаратат ж.б.у.с. Ушуга байланыштуу, төлөм уюмдары үчүн Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында төлөм уюмунун милдеттенмелерин камсыздандыруу механизмин банктык гарантия менен толуктоо сунушталууда. Ошол эле учурда, божомолдоо жана бюджеттин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен келишим түзүүнү эске албаганда, мамлекеттик органдар жана/же салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү башкарган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түздөн-түз келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. 

Башка учурларда да төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга банктык гарантия берүү сунушталат. Банктык гарантияны колдонуу төлөм уюмдары тарабынан акча каражаттардын максатсыз пайдалануу же товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга калктан акча каражаттын түшпөй калуу тобокелдиктерин төмөндөтөт. Банктык гарантия ошондой эле, төлөм уюмдарына каражаттарды «камсыздандыруу депозитине» «тоңдурбай» жакшы башкарууга мүмкүнчүлүк берет. 

№2 проблема. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо 

2020-жылдын жаз айларында COVID-19 пандемиясынын жайылышына байланыштуу кыймылга чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу, айрым төлөм уюмдары шаарлардагы жана калктуу пункттардагы төлөм уюмунун инкассатор кызматкерлеринин кыймылында белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болгон. Ошондуктан, төлөм терминалдарын инкассациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталууда. Инкассатордук кызмат менен резервдик келишимдин болушу, төлөм уюмдарына башка штаттан тышкаркы жагдайларда инкассатордук кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. 

Төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын төлөм кызматтарынын баасын түзүүгө системалуу ыкманы камсыз кылуу максатында Жобону талап менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык, төлөм системасынын оператору тарифтик саясатты жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын баасын түзүү принциптерин иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.  

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан алар үчүн мүнөздүү болбогон иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууну жокко чыгаруу максатында, Жобону кайсы иш коштолгон иш катары таанылгандыгын түшүндүргөн талаптар менен толуктоо сунушталууда. Ошондой эле, Жобону кызмат адамдарына коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылуу бөлүгүндөгү пункттар менен толуктоо сунушталууда. 

Төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине талаптардын киргизилиши, программалык камсыздоонун иштешине байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга, жана тиешелүүлүгүнө жараша, төлөм уюму тарабынан эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

№3 проблема. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым талаптарын талаптагыдай аткарбагандыгы 

Инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, төлөм системаларынын операторлорунун/ төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатында анда эске алына турган маселелердин толук тизмеги камтылбагандыгы байкалган, мында, Жобону эсепке алуу саясаты боюнча нормалар менен толуктоо сунушталууда.  

Көзөмөлдөө тажрыйбасынын алкагында, көбүнчө төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору уюм жөнүндө бардык маалыматтарды талаптагыдай жана өз убагында берилишин камсыз кыла албай калышат. Ушуга байланыштуу, төлөм уюмдары/ төлөм системаларынын операторлору, уюм жөнүндө маалымат өзгөргөн учурда Улуттук банкка берүүгө зарыл болгон маалыматтардын тизмесин кеңейтүү жана тактоо, ошондой эле өз убагында жана анык маалыматты берүү үчүн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жоопкерчилиги тууралуу талап менен толуктоо сунушталат.  

Ошондой эле, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына келишимдердин толук тизмесинин берилишин жокко чыгаруу жолу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңы түзүлгөн, кайра түзүлгөн жана токтотулган келишимдер жөнүндө ай сайын маалымат берүү процессин оптималдаштыруу сунушталууда. Жобону да талаптар менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талап кылынган маалыматты белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берүүгө жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш. 

Көзөмөлдөө тажрыйбасы көрсөткөндөй, маалымат системаларынын аудитине коюлган талаптарды тактоо жана аудиттин минималдуу талаптарын толук ачып берүү, ошондой эле маалымат системаларына аудит жүргүзүүдө тышкы аудиторго карата талаптарды кеңейтүү жана конкреттештирүү зарыл. 

Мындан тышкары, Жобону Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы №2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата шилтеме нормасы менен толуктоо сунушталууда. Ошондой эле, төлөм уюмдарын көзөмөлдөө тажрыйбасы, төлөм уюмдары тарабынан Улуттук банктын жана ПФТД/ЛПД талаптары менен агенттерди тааныштырууну жана талаптагыдай окутууну камсыз кылуу жагында Жобонун талаптарын кеңейтүү зарылдыгын көрсөтүүдө

Улуттук банкка төлөмдөрдүн толук талдоосун даярдоо максатында, талап кылынган маалыматты кеңейтүү менен, Жобонун 1-тиркемесиндеги категориялар боюнча төлөмдөрдү бөлүштүрүп, отчеттун формаларын кайра карап чыгуу жана өркүндөтүү зарыл. 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, атап айтканда, төлөм уюмдарынын салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алууну жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жөнгө салуу нормаларын бирдей түшүнүүнү жана колдонууну камсыз кылуу максатында Жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. 

«ПРОБЛЕМАЛАР» ТАРАМЫ 

№ 1 проблема  

Кызыкдар тараптар: 

1) Жөнгө салуучу орган - Улуттук банк; 

2) Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору. 

Проблемалардын масштабы 

Каралып жаткан маселенин көлөмү анчалык деле чоң эмес, анткени Улуттук банктын ченемдик укуктук базасынын алкагында төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча бардык зарыл талаптар жөнгө салынган. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, алдын ала төлөмдүн же камсыздандыруу депозиттин ордуна банктык гарантияны кызмат көрсөтүүлөрдү/товарларды сунуштоочулардын алдында акчалай милдеттенмелерди камсыздандыруу инструменти катары берүү төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун калктан салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна карата жөнгө салуу нормаларынын бирдей түшүнүлүшүн жана колдонулушун камсыз кылуу үчүн, Жобонун айрым нормаларын тактоо зарыл. 

Эл аралык тажрыйба 

Өзбекстан Республикасы 

Төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуу максатында Өзбекстандын Борбордук банкы, 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзамына ылайык аларды ишин Өзбекстан Республикасынын аймагында жөнгө салат. 

Төлөм системаларын жөнгө салуу максатында Борбордук банк: 

- төлөм системаларынын операторлорунун ишине жана төлөм уюмдарынын ишине лицензия берүүнү жүзөгө ашырат; 

- Төлөм системаларынын операторлорунун реестрин жана төлөм уюмдарынын реестрин жүргүзөт; 

- төлөм системасынын эрежелерин жана төлөм уюмунун төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара иш алып баруу тартибин макулдашууну жүзөгө ашырат; 

- төлөм системаларына көзөмөл жүргүзөт; 

- ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата чараларды жана санкцияларды колдонот. 

Мыйзам Өзбекстандын Борбордук банкынын банк болуп саналбаган жана төлөм кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу юридикалык жактар - төлөм уюмдары менен өз ара мамилени толук жөнгө салат. 

Төлөм кызматтары ошондой эле, банктык эсептерге чегерүү, электрондук акчаларды жана банктык карттарды чыгаруу үчүн нак акча каражаттарын кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү эске албаганда, төлөм уюму тарабынан да көрсөтүлөт. 

18-беренеге ылайык, төлөм уюмдары төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн көрсөтүүгө байланышпаган, иштин түрлөрү менен алектенүүгө укуксуз. 

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган чектөөлөр иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө жайылтылбайт: 

- жарнамалык, маркетингдик, консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр; 

- программалык камсыздоону иштеп чыгуу, адаптациялоо, модификациялоо, техникалык колдоо; 

- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, анын ичинде маалыматтык-техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, маалымат базасын жана маалымат ресурстарын түзүү жана пайдалануу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр; 

- маалыматтык системаларды жана тармактарды түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу; 

- маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 

- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр. 

Эгерде ушул берененин экинчи бөлүгүндө каралган иш түрлөрү аларды жүзөгө ашырууга лицензия талап кылынган иш түрлөрүнүн тизмегине кирсе, анда төлөм уюму белгиленген тартипте иштин ушул түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензия алууга тийиш.  

Төлөм кызматтарын көрсөтүүдө төлөм уюму төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн башка сунуштоочулары сыяктуу эле кылмыштуу иштен алынган кирешелерди легалдаштырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аркеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн пайдалануучусун талаптагыдай текшерүүнү жана идентификациялоону камсыз кылат.  

Казакстан Республикасы 

2016-жылдын 26-июлунан тартып «Төлөмдөр жана төлөм системалары жөнүндө» мыйзамы менен рыноктун жаңы субъекттери төлөм уюму, төлөм агенттери жана банктын субагенттери аныкталган, алар үчүн Мыйзамда төлөм кызматтарын көрсөтүү үчүн укуктук негиз каралган. 

3-бөлүккө ылайык эгерде банк жана (же) банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюм менен түзүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүү боюнча агенттик келишим болсо, төлөм уюмуна бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн кардардын банк эсебин ачпастан төлөм кызматтарын көрсөтүүгө жол берилет.  

15-бөлүккө ылайык, иштин төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, төлөм уюмуна башка ишкердик ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат: 

1) кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу, мүлктүк жалдоо; 

2) жарнамалык, маркетингдик, консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр; 

3) программалык камсыздоону иштеп чыгуу, адаптациялоо, модификациялоо, техникалык колдоо; 

4) төлөмдөр боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү үчүн электрондук терминалдарды, башка түзүлүштөрдү жана жабдууларды сатып алуу, сатуу, мүлктүк жалдоо; 

5) эсептөө техникасын жана маалыматтык технологияларды, анын ичинде маалыматтык-техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөмдөр боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга, маалыматтар базасын жана маалымат ресурстарын түзүүгө жана пайдаланууга байланыштуу; 

6) ушул чөйрөлөрдө агенттик жана ортомчулук ишти аткарууну кошо алганда, логистика жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр жана курьердик иш; 

7) маалымат системаларын жана тармактарын түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу; 

8) маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 

9) электрондук санарип кол тамгасынын ачык ачкычынын электрондук санарип кол тамгасынын жабык ачкычына шайкештигин күбөлөндүрүү, ошондой эле каттоо күбөлүгүнүн аныктыгын тастыктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр. 

Ошондой эле, 19-беренеге ылайык төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчисине карата талаптар белгиленген: 

1. Төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси жогорку билимге ээ болууга тийиш. 

2. Төмөнкү адамды төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси катары шайлоого же дайындоого тыюу салынат: 

1) Финансылык уюмду консервациялоо же анын акцияларын мажбурлап сатып алуу, анын жоюлушуна жана (же) финансы рыногунда ишин токтотууга алып келген лицензиядан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынганга же Казакстан Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте финансылык уюмду мажбурлап жоюу же банкрот деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин бир жылдан ашпаган мезгил ичинде финансылык уюмдун жетекчиси, башкаруу органынын мүчөсү, жетекчиси, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтери болуп саналган; 

1-1) мурда ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктунун 1), 2), 3) жана 9)  

пунктчаларында каралган негиздер боюнча төлөм уюмдарынын реестринен чыгарылган төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси болуп саналган. 

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн негиздер төлөм уюму төлөм уюмдарынын реестринен чыгарылган күндөн тартып беш календардык жыл катары менен колдонулат; 

2) алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар. 

3. Казакстан Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчисин алмаштыруу жөнүндө жазма буйрук чыгарат, эгерде: 

1) адам ушул берененин талаптарына жооп бербесе; 

2) төлөм уюму төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси жөнүндө анык эмес маалыматтарды же жасалма документтерди тапшырса. 

Ошондой эле, 2020-жылдын 17-июлунда «Чет өлкө валютасындагы ипотекалык насыялар, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун субъекттерин жөнгө салууну өркүндөтүү, жалпы декларациялоо жана экономикалык өсүштү калыбына келтирүү маселери боюнча Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген, анда акчанын изин жашыруу, өлкөдөн капиталды чыгарып кетүү жана көмүскө экономикага каршы аракеттенүү тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган нормалар камтылган. 

Россия Федерациясы 

«Төлөм агенттери тарабынан жүзөгө ашырылган жеке адамдардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча иши жөнүндө» мыйзамда төлөм агенти - бул жеке адамдардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашырган кредиттик уюмду же жеке ишкерди кошпогондо, юридикалык жак каралган. Төлөм агенти болуп төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператор же болбосо төлөм субагенти саналат; 

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператор, төлөмдөрдү кабыл алууга жеке адамдардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу тууралуу келишимди сунуштоочу менен түзүүгө тийиш, анын шарттары боюнча, төлөмдөрдү кабыл алуу оператору өзүнүн атынан же сунуштоочунун атынан жана анын эсебинен, жеке адамдын сунуштоочу алдындагы акчалай милдеттенмелерин аткаруу максатында төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алууга укуктуу, ошондой эле юридикалык жактын кассасына же жеке ишкердин кассасына келип түшкөн нак акчаны сарптоо талаптарын кошо алганда, көрсөтүлгөн келишимде белгиленген тартипте жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен кийинки эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү. Төлөм агенти кредиттик уюмдардын пайдасына акча каражаттарын кабыл алууга укугу жок. 

Ошондой эле, 4-берененин 4-бөлүгүндө, оператордун тиешелүү эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн сунуштоочу алдындагы төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча милдеттенмени аткарбагандыгы үчүн үстөкн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча милдеттенмени аткарбагандыгы үчүн жүргүзалдын ала бир бөлүгүн төлөө, жарандык жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу же жеке адамдардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу тууралуу келишимде каралган башка ыкмалар менен камсыздалууга тийиш. 

2. Каралып жаткан жөнгө салуу варианттарын чагылдыруу жана баалоо 

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты: 

- төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан калктан салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды өркүндөтүү

- төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан ушул талаптарды талаптагыдай аткаруу максатында жөнгө салуу талаптарын тактоо. 

Максатка жетүү индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет:  

үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү/товарларды сунуштоочулар менен келишимдерди көбүрөөк түзүү аркылуу төлөмдөрдү көбөйтүү;  

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо; 

- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин натыйжалуу көзөмөлдөө

3. Жөнгө салуу варианттары 

3.1. Өзгөртүүсүз калтыруу. 

3.2. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү

3.3. Жөнгө салууга либералдык мамиле 

3.1. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианттары  

№ 1 проблема. Мамлекеттик мекемелер тарабынан төлөм уюмдары менен алдын ала төлөө шарттарында келишим түзүүдөн баш тартуу 

№ 2 проблема. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо; 

№ 3 проблема. Улуттук банктын айрым талаптарын талаптагыдай аткарбоо 

3.1.1. Жөнгө салуу ыкмасы 

Учурда көптөгөн мамлекеттик мекемелер, төлөм уюмдарынын өлкө бюджетинин пайдасына салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алууну каалагандыгына карабастан, төлөм уюмдары менен алдын ала төлөө шарттарында келишимдерди түзүүдөн баш тартууда. Автоматташтырылган система алдын ала төлөөнү эске алууга мүмкүндүк бербейт, мамлекеттик органдар менен түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси татаал, келишимдер типтүү, эсепке алууга байланыштуу кыйынчылыктар, алдын ала төлөм дароо казыналык эсептерге түшүп, аларды кайтаруу абдан оорчулук жаратат ж.б.у.с.  

Мындан тышкары, төлөм системаларынын операторлорунун тарифтик саясатынын; төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун эсепке алуу саясатынын; ошондой эле төлөм терминалдарын инкассациялоо мүмкүнчүлүгүн чектеген инкассация кызматы менен төлөм уюмунун резервдик келишиминин жоктугу сыяктуу факторлор керектөөчүлөрдүн укугун коргоого байланыштуу маселелерге терс таасирин тийгизет. 

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан алардын ишин көзөмөлдөө учурунда аныкталган Улуттук банктын талаптарынын талаптагыдай эмес аткарылышы, алардын ишин жөнгө салуу боюнча нормаларды колдонууда жана түшүнүүдө пикир келишпестиктерге байланыштуу. Жөнгө салуунун айрым талаптары боюнча деталдаштырылган талаптардын жоктугу төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин көзөмөлдөө сапатына таасирин тийгизет. Мындан тышкары, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тарабынан туура эмес маалыматтын сунушталышы, кээ бир статистикалык маалыматтардын жоктугу Улуттук банк тарабынан төлөмдөр жөнүндө толук жана анык маалыматтарды даярдоо мүмкүн болбой тургандыгына алып келет.  

Бул чечим учурдагы проблемаларды чече албагандыктан, 1-3-проблема үчүн «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты колдонулбайт. 

3.1.2. Келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер 

Мамлекеттик мекемелердин баш тартуусунан улам, төлөм уюмдары тарабынан Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүн эместиги, жалпысынан өлкөдө нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн өсүшүнө жол бербейт, ошондой эле товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын алдындагы акчалай милдеттенмелердин гарантиясы катары камсыздандыруу депозиттерин сунуштоону эске алганда, төлөм уюмдарына каражаттарды кыйла натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындан тышкары, төлөм уюмдары тарабынан камсыздандыруу депозиттериндеги каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар. 

Улуттук банктын талаптарынын талаптагыдай эмес аткарылышы төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишине натыйжалуу көзөмөлдүн төмөндөшүнө, төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ишинде ар кандай проблемалардын пайда болушуна, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна терс таасирин тийгизүүгө жана төлөм системасынын натыйжалуу иштешинин төмөндөшүнө алып келет. Жөнгө салуу боюнча айрым талаптардын так белгиленбегендиги жөнгө салуучу менен төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ортосунда пикир келишпестиктерге, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелеринин алкагында келечекте талаш-тартыштардын келип чыгышына алып келиши ыктымал.  

3.1.3. Укуктук талдап-иликтөө 

Жогоруда келтирилген 1-3 проблемалардын бардыгы үчүн, бул жөнгө салуу вариантын аткаруу техникасын талдап-иликтөөдөн улам аталган вариантты техникалык көз караштан алганда кыйла оӊой катары баалоого болот, бирок жогоруда белгиленген проблемаларды чечпейт. 

3.2. «Жөнгө салуу боюнча талаптарды деталдаштыруу жолу менен «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты» 

№ 1 проблема. Мамлекеттик мекемелердин төлөм уюмдары менен алдын ала төлөө шарттарында келишим түзүүдөн баш тартуусу 

№ 2 проблема. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо 

№ 3 проблема. Улуттук банктын айрым талаптарынын талаптагыдай эмес аткарылышы 

3.2.1. Жөнгө салуу ыкмасы 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды өркүндөтүү максатында жогоруда аталган Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү/товарларды сунуштоочулар менен келишимдерди түзүүнү жөнөкөйлөтүү, алдын ала төлөөдөн тышкары, банктык гарантияны берүү, төлөм уюмдарына мамлекеттик мекемелер жана кызмат көрсөтүүлөрдүн/товарлардын башка сунуштоочулары менен түзүлгөн келишимдердин санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт, бул жалпысынан нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн көбөйүшүнө таасир этет.  

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине сапаттуу көзөмөл жүргүзүү максатында, талаптарды бирдей түшүнүү жана колдонуу менен иш жүзүндө көйгөйлөрдү болтурбоо максатында ченемдик укуктук базада талаптарды деталдаштыруу сунуш кылынат.  

3.2.2. Жөнгө салуу таасири 

Жогоруда көрсөтүлгөндөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жалпысынан нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө таасирин тийгизет. 

Жөнгө салуу боюнча деталдаштырылган талаптарды белгилөө, учурда төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн көлөмү жана саны көбөйүү тенденциясына ээ экендигин эске алуу менен, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин көзөмөлдөө жагында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. 

Өркүндөтүлгөн ченемдик-укуктук база төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине натыйжалуу жана сапаттуу көзөмөлдү жүзөгө ашырууга түздөн-түз таасирин тийгизет. 

3.2.3. Келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер 

1-3-проблемаларды чечүү максатында сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун калктан салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Ченемдик укуктук базанын кемчиликтери жагымсыз кесепеттерге, төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө, натыйжасыз көзөмөлгө ж.б. алып келиши ыктымал. Ошондой эле, өзгөртүүлөрежөнгө салуу боюнча айрым колдонуудагы талаптарды өркүндөтүүгө оюнча айрым емчиликтери жагымсыз кесепеттерге, төлөм системасынын көрсөткүчпикир келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга тийиш. 

3.2.4. Укуктук талдап-иликтөө 

Ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу терс натыйжаларга алып келбейт, анткени ал жөнгө салуу боюнча талаптарды тактоо максатында, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуунун колдонуудагы талаптарын өркүндөтүүгө багытталган. 

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт. 

3.2.5. Күтүлүүчү экономикалык натыйжаларды баалоо  

Сунуш кылынып жаткан жөнгө салуунун субъектилери, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптардын өркүндөтүлүшүнө байланыштуу кошумча сарптоолорду талап кылбайт. Ошондой эле, Жобого өзгөртүү киргизүү керектөөчүлөр алдында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга оң таасирин тийгизет.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

3.3. Жөнгө салууга либералдык мамиле 

3.3.1. Жөнгө салуу ыкмасы 

Улуттук банк, өз кезегинде, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун аткаруу органынын, агентинин жана субагенттик тармагынын кошумча кийлигишүүсүз жана контролдоо/мониторинг жүргүзүүсүз, төлөм системаларынын иштешинин жалпы эрежелерин белгилейт. 

3.1.2. Жөнгө салуу таасири 

Өзүн-өзү жөнгө салуу принцибине негизинденген төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорун жөнгө салууга либералдык мамиледен улам, төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу максатында мамлекеттик органдар менен келишимдерди түзүү боюнча мүмкүнчүлүгүн чектөөгө байланыштуу учурдагы көйгөйлөр сакталууда. Мындай мамиле төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун жөнгө салуу боюнча талаптарды талаптагыдай аткаруусуна алып келбейт, анткени алардын ишин жөнгө салган нормаларды бирдей түшүнүүдө жана колдонууда пикир келишпестиктер учурлары келип чыга берет. Мындан тышкары, келип чыккан кесепеттер төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарына таасир этиши мүмкүн. 

3.1.3. Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариант Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. 

4. Сунушталуучу жөнгө салуу 

«Жөнгө салуу боюнча талаптарды деталдаштыруу жолу менен «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» 3.2-варианты боюнча токтомдун долбоору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш: 

үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү/товарларды сунуштоочулар менен келишимдерди түзүүнү жөнөкөйлөштүрөт, аны менен нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр көбөйөт; 

- төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууга өбөлгө түзөт; 

- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине көзөмөлдүктү жөнгө салуучу тарабынан жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.