Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча  

сунуштардын жана жооптордун реестри  

 

Сунуштардын жана жооптордун   

РЕЕСТРИ  

(2021-жылдын 6-майындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында)  

 

 

Каттоо номери 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

№1 

ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» 

19.05.2021 

1.Банк ишин лицензиялоо жөнүндө жобонун (мындан ары Жобо) 98-пунктунун б) пунктчасындагы «улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү боюнча чектөөлөрдүн болбошу» деген жободо «ислам терезесин» ачууга лицензия берүү үчүн терс таасирин тийгизген чектөөлөрдүн түрлөрүн тактоону сунуш кылабыз, ошондой эле мында «чектөө» түшүнүгүнөн төмөнкүлөрдү алып салуу сунушталат: 

- Банк менен байланышкан жана аффилирленген адамдарга кредиттерди жана ага теңдеш активдерди берүүгө тыюу салуу; 

- Банк Башкармасынын төрагасына жана мүчөлөрүнө кредит берүүгө тыюу салуу; 

- K5.1 экономикалык ченеминин өлчөмүн белгилүү бир өлчөмдө белгилөө

Белгилүү бир чектөөлөр көзөмөлдөөөнгө салуу иш-чараларынын алкагында коюлушу мүмкүн деп эсептейбиз, алар бар болгон учурда да «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана / же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилиши мүмкүн деп эсептейбиз. 

2. «Ислам терезеси» аркылуу улуттук жана / же чет өлкө валютасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алгандан кийин, уруксат берилген банк операцияларынын тизмесинде көрсөтүлбөгөн бүтүмдөрдү жүргүзүүгө уруксат алуу жол-жобосу (мындан ары «лицензия») лицензияны алган жол-жобого окшош. 

Ислам банк ишин жана каржылоону өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн уруксат берилген банк операцияларынын тизмесине («Мудараба», «Шарика / Мушарак», «Мурабаха», «Ижара жана Ижара Мунтахия Биттамлик», «Кард Хасан», «Истиснаа жана катар Истисна», «Кепилдиктер», «Салам / катар салам», «Документтик аккредитив»; ишенимдүү жана кепилденген сактоо бүтүмдөрү) бүтүмдөрүнүн түрлөрүн киргизүүнү сунуштайбыз. 

3. Шариат кеңешинин мүчөсүнө ээ болуу үчүн талапкерлерге карата талаптарды алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнөбүз: 

жогорку билими жөнүндө дипломунун болушу; 

- Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жаатында билиминин болушу; 

Биздин пикирибиз боюнча Шариат кеңешинин миссиясы - ислам банкынын/«ислам терезесине» ээ банктын типтүү келишимдерин жана ички ченемдик документтерин бекитүү жолу менен шариат стандарттарынын сакталышына байкоо жүргүзүү, тактап айтканда: 

операциялар Шариат стандарттарына ылайык жүргүзүлгөнбү. Биз өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу үчүн Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө жогорку билими жөнүндө дипломдун болушу жана Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жаатында билиминин болушу талап кылынбайт деп болжолдойбуз. Биздин пикирибиз боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата негизги талап болуп, шариятты/шариат стандарттарын билүү эсептелет. Ислам банкынын/ ислам терезесине ээ банктын кызматкерлери Шариат кеңешинин мүчөлөрү менен тигил же бул маселени талкуулоодо зарыл болгон учурда, шариат корутундусун чыгарууда эске алына турган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерин жөнгө салган мыйзам ченемдеринин мазмунун айтып бере алышат.  

Ошондой эле, ислам билим берүү мекемелерин (медреселер, университеттер) аяктаган Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө талапкерлер ар дайым ислам банк иши жана каржылоону камтыган фикх муамалат илими жөнүндө билимге ээ экендигин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу, ислам банк иши жана каржылоо жаатында окууну аяктагандыгын тастыктаган сертификатка ээ болуу талаптарын медреселердин жана ислам университеттеринин дипломдору бар Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө талапкерлерге жайылтпоону сунуштайбыз. 

Биринчи пункт боюнча комментарийлер долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат, ал коомдук талкууга чыгарылат.  

Экинчи пункт боюнча тапшырыла турган документтердин тизмесин кыскартуу болжолдонууда. 

Бардык операцияларга уруксат берүү Жобонун колдонуудагы талаптарынын чегинде мүмкүн. 

Сунуштардын үчүнчү пункту боюнча бул өзгөртүүлөрдү долбоорго киргизүү каралган эмес.