Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Министрлер Кабинети 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

Токтом  

2021-жылдын ___ __________ № ______ 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы №166/51-6  

«Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

-  6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.»; 

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин (кошо тиркелет). 

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер кабинетинин Төрагасы 

___________________У.А. Марипов 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

төрагасы 

________________Т.С. Абдыгулов 

Долбоор 

«2-тиркеме 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана  

эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга  

мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) ишке ашырууга карата 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөтү 

Жооптуу аткаруучу 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн системасынын уюштуруу-укуктук жактан өнүгүшүн камсыз кылуу/өркүндөтүү 

1.1 

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу боюнча мамлекеттик катышуу үлүшү менен коммерциялык банктар үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн турак жай болуп саналбаган жайларды ижарага алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ЭФМ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча) 

1.2 

«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жеке ишкерлердин милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөсү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ММКФ, СССӨМ, КБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд 

1.3 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жаңы инновациялык банктык продукттарды атайын режимде (тесттен өткөрүү) чыгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2020-жылдар 

УБ, ЭФМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО (макулдашуу боюнча), БОА (макулдашуу боюнча) 

1.4 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине банктык жабдууларды импорттоодо коммерциялык банктарды КНС төлөөдөн бошотууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

УБ, ЭФМ, КБ (макулдашуу боюнча), «КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) 

1.5 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу-эсеп келишимин пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

ЭФМ, УБ, Мамкаттоо 

1.6 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын орнотулбагандыгы же алардын иштебегендиги үчүн жоопкерчиликке тартууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2019-2022-жылдар 

ЭФМ, Монополияга каршы агенттик, МСК, УБ 

1.7 

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларын банктык төлөм карттарына которуу боюнча бизнес-ассоциациялар менен бирге иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана айрым мыйзам актыларына чарба жүргүзүүчү субъекттерге эмгек акыларды накталай эмес формада төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ЭФМ, ММБФ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана башка мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) 

2. Калк арасында накталай эмес формада  

төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жайылтуу 

2.1 

Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын пайдаланууга карата жарандарга өбөлгө түзүүчү иш-чараларды өткөрүү 

2018-2022-жылдар 

«КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.2 

16 жашка толгон өспүрүмдөр үчүн паспорт (ID-карт) алууда банктык төлөм карттарын жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-2022-жылдар 

Мамкаттоо, УБ, КБ  

2.3 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системасын пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымат берүү (видеороликтер, аудиороликтер жана жарыялар) 

2018-2022-жылдар 

УБ, «КБС» ЮЖБ, КБ, ТУ 

2.4 

Атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымдоо 

2018-2022-жылдар 

БИМ, «КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.5 

Калкка банктык төлөм карттарын/электрондук капчыктарды пайдалануу жана тейлөө эрежелери, банктык жабдууларды орнотуу пункттары тууралуу маалымат берүү 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), «КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.6 

Товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатууда сатуудан салыктын төмөндөшү тууралуу калкка маалымат берүү 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЭФМ 

2.7 

Калкка соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөөгө түрткү берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЖИ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) 

3. Накталай эмес формада төлөмдөр 

3.1 

Салыктарды накталай эмес формада төлөө жана алыскы региондорду төлөм терминалдары менен жабдуу долбоорлорунун иштөө чөйрөсүн кеңейтүү 

2018-2022-жылдар 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.2 

Калктын товарлар (иштер, кызматтар) үчүн накталай эмес формада төлөөсүн камсыздоого карата соода уюмдарына (тейлөө) дем берүүнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү 

2018-2022-жылдар 

ЭФМ, КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.3 

Борборлоштуруп кайра бөлүштүрүү аркылуу соода түйүндөрүндө банктык жабдууларды бирдей орнотууну камсыздоо 

2018-2022-жылдар 

КБ, УБ, ББА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.4 

Калк алуучу социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды «Элкарт» улуттук төлөм картына которуу 

2019-2022-жылдар 

СССӨМ, Соцфонд, КБ 

3.5 

Пенсиялык эсептердеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү базаны түзүү 

2019-2022-жылдар 

Соцфонд, Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) 

3.6 

Белгилүү бир категориядагы кардарларды (мектеп окуучулары, студенттер, мигранттар карты ж.б.) кошо алганда, алдын ала төлөнгөн, кредиттик жана дебеттик карттардын түрлөрүн кеңейтүү 

2019-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), БИМ, ММК 

3.7 

Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларынын орнотулушун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, банктардын агенттик түйүндөрүн өнүктүрүү 

Туруктуу негизде 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызпочтасы» МИ, ЮЖ, ЖИ, СТИ (макулдашуу боюнча) 

3.8 

«Smart city» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 20 шаарын банктык жабдуулар менен камсыз кылуу/орнотуу 

2018-2019-жылдар 

ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.9 

Транспорттук/жүргүнчүөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдү накталай эмес/электрондук жана байланышсыз формада кабыл алууну камсыз кылуу (TRANS - PAY, алдын ала төлөнгөн карттар, НСЕ жана QR-код, NFC-технологиялары) 

2018-2022-жылдар 

ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ЮЖ (макулдашуу боюнча), СӨМ 

3.10 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, айып пул үчүн банктык карт, интернет-банкинг, электрондук капчык ж.б. аркылуу накталай эмес формада төлөмдү жайылтуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, МСК, СӨМ, БП (макулдашуу боюнча), ИИМ ЖКККББ, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), УБ жана башка мамлекеттик органдар 

4. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү 

4.1 

Банктык төлөм карттарын жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар чөйрөсүндө банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Чекене банктык кызматтар боюнча тарифтерди калктын анча жогору эмес эмгек акы алган категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды алган адамдарды эске алуу менен белгилөө 

2018-2022-жылдар 

КБ, ТСО/ТУ, «БПБ» ЖАК, УБ  

4.2 

Жашы улгайып калган жарандарды (65 жаштан жогору), жаштарды, ошондой эле буга чейин банктык кызматтардан пайдаланбаган жарандарды накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тартуу максатында бонустук программаларды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-жыл 

КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), СССӨМ, Соцфонд 

4.3 

Региондордо салык төлөмдөрүн накталай эмес формада кабыл алуу (терминалдар, банкоматтар, башка аралыктан банктык тейлөө ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

Туруктуу негизде 

МСК, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун, карта ээлери үчүн өз алдынча тейлөө жабдууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо 

5.1 

Өз алдынча тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн документтерди макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, аларда төмөнкүлөр каралат: 

2018-2022-жылдар 

ББА, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

5.1.1 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, ичтен пайдаланылуучу банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.2 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, имараттын негизги конструкциясына таасирин тийгизбеген тыштан пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.3 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, тыштан пайдаланууга өз алдынча тейлөө жабдуулары боюнча маалымат көрсөткүчтөрүн жана (же) коргоо түзүлүштөрүн (козырёк, ширмалар ж.б.) орнотуу 

5.2 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөө программасын иштеп чыгуу жагында модификациялоо 

2020-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

6. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын жайылтуу 

6.1 

Калктын эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүсүндө (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б) байланышсыз төлөм технологияларын жайылтуу маселесин иштеп чыгуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), УБ, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

6.2 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өз алдынча тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыңгайлуу технологияларды жайылтуу 

6.3 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү (интероперабелдүүлүк) төлөм жана эсептешүү системасын түзүү 

2018-2022-жылдар 

УБ, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), СӨМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

7. Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу жагында квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

7.1 

Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин IT-коопсуздук, киберкоопсуздук, IT-аудит жагында квалификациясын жогорулатуу 

2019-2022-жылдар 

БИМ, УБ, УКМК, ФЧМК 

7.2 

Киберчабуулга чара көрүү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, төлөм системасы жагында киберкылмыштуулук тобокелдиктерин төмөндөтүүнү аныктоо 

2018-2022-жылдар 

УБ, УКМК, ФЧМК, ИИМ 

7.3 

Финансы-кредит жана банк эмес уюмдардын киберчабуулдарын, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы алдамчылыкты маалымдоо жана ыкчам чара көрүү 

2019-2022-жылдар 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), УКМК, ФЧМК, ИИМ 

Кыскартуулардын тизмеси 

ЭФК 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 

ТКМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 

СССӨМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

СӨМ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 

МСК 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

Мамкаттоо 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына 

Монополияга каршы агенттик 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 

ММКФ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 

ММБФ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

Соцфонд 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонду 

ММК 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 

УКМК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 

БП 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

ЖКККББ  

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  

«Кыргызпочтасы» МИ 

Кыргыз Республикасынын  

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы 

ББА 

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек башкы архитектурасы» муниципалдык ишканасы 

ЖӨБО 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

УБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

КБ 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

ТСО/ТУ 

төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

«БПБ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

«КБС» ЮЖБ 

«Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактардын бирикмеси 

БОА 

Байланыш операторлорунун ассоциациясы 

ЮЖ 

юридикалык жактар 

ЖИ 

жеке ишкерлер 

СТИ 

соода-тейлөө ишканалары 

». 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын  

Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын  

28-мартындагы №166/51-6 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы №38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №71 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө» токтомдоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» жарлыгына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору иштелип чыкты (мындан ары токтом долбоору). 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык, жаңы министрликтерди түзүү жана айрым министрликтер менен ведомстволорду кайра өзгөртүп түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилген жана анын чегинде функциялар министрликтер менен ведомстволор ортосунда кайрадан бөлүштүрүлгөн.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын  

5-мартындагы №71 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жоюлган. 

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  

5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлүп анын түзүмү аныкталган. 

Ушуга байланыштуу, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына (мындан ары иш-чаралар планы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү түзүлгөндүгүнүн алкагында, министрликтер жана ведомстволор тарабынан иш-чаралар планынын натыйжалуу аткарылышы үчүн жооптуу аткаруучулардын аталыштары жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. 

2021-жылдын 1-январынан тартып «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (мындан ары ИИМ ЖКККББ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумча билдиребиз. Ушуга байланыштуу жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулду накталай эмес түрдө алуу үчүн токтомдун долбоору менен иш-чаралар планына аткаруучулар катары Башкы прокуратураны жана ИИМ ЖКККББ органын киргизүү сунушталат. 

Ошол эле учурда, саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык кассалары медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө алуу үчүн POS-терминалдар менен жабдылбагандыгын эске алуу менен, токтомдун 6-пунктунда мөөнөттү «2022-жылдын 31-декабрына чейин» белгилөө сунушталат.  

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик, социалдык, укук коргоо, укуктук терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтом долбоору коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

2021-2022-жылдарга Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын ишке ашыруу уюмдардын өздүк каражаттарынан, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жана башка кызыкдар уюмдардын, анын ичинде эл аралык донорлордун инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылат. 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт, анткени Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер планын жана башка ушул сыяктуу документтерди кабыл алууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралып жаткан учурда жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

төрагасы Т.С. Абдыгулов 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын  

Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын  

28-мартындагы №166/51-6 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн  

жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарын орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн. 

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн. 

2-тиркеме 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) ишке ашырууга карата 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

2-тиркеме 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) ишке ашырууга карата 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөтү 

Жооптуу аткаруучулар 

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөтү 

Жооптуу аткаруучулар 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн системасынын уюштуруу-укуктук жактан өнүгүшүн камсыз кылуу/өркүндөтүү 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн системасынын уюштуруу-укуктук жактан өнүгүшүн камсыз кылуу/өркүндөтүү 

1.1 

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу боюнча мамлекет үлүш кошуп катышкан коммерциялык банктар үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн турак-жай болуп саналбаган жайларды ижарага алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ФМ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча) 

1.1 

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу боюнча мамлекеттик катышуу үлүшү менен коммерциялык банктар үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн турак жай болуп саналбаган жайларды ижарага алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ЭФМ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча) 

1.2 

«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жеке ишкерлердин милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөсү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ММКФ, ССМ, КБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд 

1.2 

«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жеке ишкерлердин милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөсү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ММКФ, СССӨМ, КБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд 

1.3 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жаңы инновациялык банктык продукттарды атайын режимде (тесттен өткөрүү) чыгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2020-жылдар 

УБ, ЭМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО (макулдашуу боюнча), БАО (макулдашуу боюнча) 

1.3 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жаңы инновациялык банктык продукттарды атайын режимде (тесттен өткөрүү) чыгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2020-жылдар 

УБ, ЭФМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО (макулдашуу боюнча), БОА (макулдашуу боюнча) 

1.4 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине банктык жабдууларды импорттоодо коммерциялык банктарды КНС төлөөдөн бошотууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

УБ, ЭМ, КБ (макулдашуу боюнча), «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) 

1.4 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине банктык жабдууларды импорттоодо коммерциялык банктарды КНС төлөөдөн бошотууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

УБ, ЭФМ, КБ (макулдашуу боюнча), «КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) 

1.5 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу-эсеп келишимин пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

ЭМ, УБ, Мамкаттоо 

1.5 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу-эсеп келишимин пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

ЭФМ, УБ, Мамкаттоо 

1.6 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын орнотулбагандыгы же алардын иштебегендиги үчүн жоопкерчиликке тартууну караштыруучу өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2019-2020-жылдар 

ЭМ, Монополияга каршы агенттик, МСК, УБ 

1.6 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын орнотулбагандыгы же алардын иштебегендиги үчүн жоопкерчиликке тартууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2019-2022-жылдар 

ЭФМ, Монополияга каршы агенттик, МСК, УБ 

1.7 

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларын банктык төлөм карттарына которуу боюнча бизнес-ассоциациялар менен бирге иш-чаралар планын түзүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге эмгек акыларды накталай эмес формада төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ЭСӨМ, ЭМ, БИМ, ММБФ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана башка мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) 

1.7 

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларын банктык төлөм карттарына которуу боюнча бизнес-ассоциациялар менен бирге иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана айрым мыйзам актыларына чарба жүргүзүүчү субъекттерге эмгек акыларды накталай эмес формада төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ЭФМ, ММБФ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана башка мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) 

2. Калк арасында накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жайылтуу 

Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын пайдаланууга карата жарандарга түрткү берүүчү иш-чараларды өткөрүү 

2018-2022-жылдар 

«КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.1 

Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын пайдаланууга карата жарандарга түрткү берүүчү иш-чараларды өткөрүү 

2018-2022-жылдар 

«КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.2 

16 жашка толгон өспүрүмдөр үчүн паспорт (ID-карт) алууда банктык төлөм карттарын жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-2019-жылдар 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо 

2.2 

16 жашка толгон өспүрүмдөр үчүн паспорт (ID-карт) алууда банктык төлөм карттарын жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-2022-жылдар 

Мамкаттоо, УБ, КБ  

2.3 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системасын пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымат берүү (видеороликтер, аудиороликтер жана жарыялоолор) 

2018-2022-жылдар 

УБ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) 

2.3 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системасын пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымат берүү (видеороликтер, аудиороликтер жана жарыялар) 

2018-2022-жылдар 

УБ, «КБС» ЮЖБ, КБ, ТУ 

2.4 

Атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымдоо 

2018-2022-жылдар 

БИМ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.4 

Атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымдоо 

2018-2022-жылдар 

БИМ, «КБС» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.5 

Калкка банктык төлөм карттарын/электрондук капчыктарды пайдалануунун жана тейлөөнүн эрежелери, банктык жабдууларды орнотуу пункттары тууралуу маалымат берүү 

2018-2019-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), «КББ» ЮЖБ, ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.5 

Калкка банктык төлөм карттарын/электрондук капчыктарды пайдалануу жана тейлөө эрежелери, банктык жабдууларды орнотуу пункттары тууралуу маалымат берүү 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), «КБС» ЮЖБ, ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.6 

Товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатууда сатуудан салыктын төмөндөшү тууралуу калкка маалымат берүү 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЭМ 

2.6 

Товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатууда сатуудан салыктын төмөндөшү тууралуу калкка маалымат берүү 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЭФМ 

2.7 

Жарандарга соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөөгө түрткү берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), жеке ишкерлер (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) 

2.7 

Калкка соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөөгө түрткү берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЖИ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) 

3. Накталай эмес формада төлөмдөр 

3. Накталай эмес формада төлөмдөр 

3.1 

Салыктарды накталай эмес формада төлөө жана алыскы региондорду төлөм терминалдары менен жабдуу долбоорлорунун иштөө чөйрөсүн кеңейтүү 

2018-2022-жылдар 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.1 

Салыктарды накталай эмес формада төлөө жана алыскы региондорду төлөм терминалдары менен жабдуу долбоорлорунун иштөө чөйрөсүн кеңейтүү 

2018-2022-жылдар 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.2 

Калктын товарлар (иштер, кызматтар) үчүн накталай эмес формада төлөөсүн камсыздоого карата соода уюмдарын (тейлөө) демилгелөөнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү 

2018-2020-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.2 

Калктын товарлар (иштер, кызматтар) үчүн накталай эмес формада төлөөсүн камсыздоого карата соода уюмдарына (тейлөө) дем берүүнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү 

2018-2022-жылдар 

ЭФМ, КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.3 

Борборлоштуруп кайра бөлүштүрүү аркылуу соода түйүндөрүндө банктык жабдууларды бирдей орнотууну камсыздоо 

2018-2022-жылдар 

КБ, УБ, ББА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.3 

Борборлоштуруп кайра бөлүштүрүү аркылуу соода түйүндөрүндө банктык жабдууларды бирдей орнотууну камсыздоо 

2018-2022-жылдар 

КБ, УБ, ББА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.4 

Калк алуучу социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды «Элкарт» улуттук төлөм картына которуу 

2019-2020-жылдар 

Соцфонд, КБ, ЭСӨМ 

3.4 

Калк алуучу социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды «Элкарт» улуттук төлөм картына которуу 

2019-2022-жылдар 

СССӨМ, Соцфонд, КБ 

3.5 

Пенсиялык эсептердеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү базаны түзүү 

2019-2022-жылдар 

Соцфонд, Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) 

3.5 

Пенсиялык эсептердеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү базаны түзүү 

2019-2022-жылдар 

Соцфонд, Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) 

3.6 

Белгилүү бир категориядагы кардарларды (мектеп окуучулары, студенттер, жактар, мигранттар картасы ж.б.) кошо алганда алдын ала төлөнгөн, кредиттик жана дебеттик карталардын түрлөрүн кеңейтүү 

2019-2020-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча) 

3.6 

Белгилүү бир категориядагы кардарларды (мектеп окуучулары, студенттер, мигранттар карты ж.б.) кошо алганда, алдын ала төлөнгөн, кредиттик жана дебеттик карттардын түрлөрүн кеңейтүү 

2019-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), БИМ, ММК 

3.7 

Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларынын орнотулушун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, банктардын агенттик түйүндөрүн өнүктүрүү 

Туруктуу негизде 

КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызпочтасы» МИ, ЮЖ, ЖИ, ОССИ (макулдашуу боюнча) 

3.7 

Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларынын орнотулушун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, банктардын агенттик түйүндөрүн өнүктүрүү 

Туруктуу негизде 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызпочтасы» МИ, ЮЖ, ЖИ, СТИ (макулдашуу боюнча) 

3.8 

«Smart city» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 20 шаарын банктык жабдуулар менен камсыз кылуу/орнотуу 

2018-2019-жылдар 

ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.8 

«Smart city» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 20 шаарын банктык жабдуулар менен камсыз кылуу/орнотуу 

2018-2019-жылдар 

ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.9 

Транспорттук/ жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдү накталай эмес/электрондук жана аралыктан кабыл алууну камсыз кылуу (TRANS - PAY, алдын ала төлөнгөн карттар, НСЕ жана QR-код, NFC-технологиялар) 

2018-2022-жылдар 

ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК, ЮЖ (макулдашуу боюнча), МТБМК 

3.9 

Транспорттук/ жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдү накталай эмес/электрондук жана байланышсыз кабыл алууну камсыз кылуу (TRANS - PAY, алдын ала төлөнгөн карттар, НСЕ жана QR-код, NFC-технологиялары) 

2018-2022-жылдар 

ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ЮЖ (макулдашуу боюнча), СӨМ 

3.10 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктык карт, интернет-банкинг, электрондук капчык ж.б. аркылуу накталай эмес формада төлөмдү жайылтуу 

2018-жыл 

КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, МСК, МТБМК, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), УБ жана башка мамлекеттик органдар 

3.10 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, айып пул үчүн банктык карт, интернет-банкинг, электрондук капчык ж.б. аркылуу накталай эмес формада төлөмдү жайылтуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, МСК, СӨМ, БП, ИИМ ЖКККББ, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), УБ жана башка мамлекеттик органдар 

4. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү 

4. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү 

4.1 

Банктык төлөм карттарын жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар чөйрөсүндө банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Чекене банктык кызматтар боюнча тарифтерди калктын анча жогору эмес эмгек акы алган категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алган адамдарды эске алуу менен белгилөө 

2018-2020-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, УБ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

4.1 

Банктык төлөм карттарын жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар чөйрөсүндө банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Чекене банктык кызматтар боюнча тарифтерди калктын анча жогору эмес эмгек акы алган категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды алган адамдарды эске алуу менен белгилөө 

2018-2022-жылдар 

КБ, ТСО/ТУ, «БПБ» ЖАК, УБ  

4.2 

Жашы улгайып калган жарандарды (65 жаштан жогору), жаштарды, ошондой эле буга чейин банктык кызматтардан пайдаланбаган жарандарды накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тартуу максатында бонустук программаларды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-жыл 

КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, Соцфонд 

4.2 

Жашы улгайып калган жарандарды (65 жаштан жогору), жаштарды, ошондой эле буга чейин банктык кызматтардан пайдаланбаган жарандарды накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тартуу максатында бонустук программаларды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-жыл 

КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), СССӨМ, Соцфонд 

4.3 

Региондордо салык төлөмдөрүн накталай эмес формада кабыл алуу (терминалдар, банкоматтар, башка аралыктан банктык тейлөө ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

Туруктуу негизде 

МСК, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

4.3 

Региондордо салык төлөмдөрүн накталай эмес формада кабыл алуу (терминалдар, банкоматтар, башка аралыктан банктык тейлөө ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

Туруктуу негизде 

МСК, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун, карта ээлери үчүн өз алдынча тейлөө жабдууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо 

5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун, карта ээлери үчүн өз алдынча тейлөө жабдууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо 

5.1 

Өз алдынча тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн документтерди макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, аларда төмөнкүлөр каралат: 

2018-2022-жылдар 

ББА, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

5.1 

Өз алдынча тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн документтерди макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, аларда төмөнкүлөр каралат: 

2018-2022-жылдар 

ББА, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

5.1.1 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан ичтен пайдаланылуучу банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.1 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, ичтен пайдаланылуучу банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.2 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, имараттын негизги конструкциясына таасирин тийгизбеген тыштан пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.2 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, имараттын негизги конструкциясына таасирин тийгизбеген тыштан пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.3 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, тыштан пайдаланууга өз алдынча тейлөө жабдуулары боюнча маалымат көрсөткүчтөрүн жана (же) коргоо түзүлүштөрүн (козырёк, ширмалар ж.б.) орнотуу 

5.1.3 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, тыштан пайдаланууга өз алдынча тейлөө жабдуулары боюнча маалымат көрсөткүчтөрүн жана (же) коргоо түзүлүштөрүн (козырёк, ширмалар ж.б.) орнотуу 

5.2 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөө программасын иштеп чыгуу жагында модификациялоо 

2020-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

5.2 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөө программасын иштеп чыгуу жагында модификациялоо 

2020-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

6. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын жайылтуу 

6. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын жайылтуу 

6.1 

Калктын эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүсүндө (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б) аралыктан башкарылуучу технологияларды жайылтуу маселесин иштеп чыгуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), УБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МТБМК (макулдашуу боюнча) 

6.1 

Калктын эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүсүндө (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б) байланышсыз төлөм технологияларын жайылтуу маселесин иштеп чыгуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), УБ, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

6.2 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өз алдынча тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыңгайлуу технологияларды жайылтуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

6.2 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өз алдынча тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыңгайлуу технологияларды жайылтуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

6.3 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү төлөм жана эсептешүү системасын түзүү 

2018-2020-жылдар 

УБ, «БПБ» ЖАК, МТБМК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

6.3 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү (интероперабелдүүлүк) төлөм жана эсептешүү системасын түзүү 

2018-2022-жылдар 

УБ, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), СӨМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

7. Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу жагында квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

7. Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу жагында квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

7.1 

Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин IT-коопсуздук, киберкоопсуздук, IT-аудит жагында квалификациясын жогорулатуу 

2019-2020-жылдар 

БИМ, УБ, ЭККМК, УКМК, ФЧМК 

7.1 

Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин IT-коопсуздук, киберкоопсуздук, IT-аудит жагында квалификациясын жогорулатуу 

2019-2022-жылдар 

БИМ, УБ, УКМК, ФЧМК 

7.2 

Кибер чабуулга чара көрүү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, төлөм системасы жагында кибер кылмыштуулуктун коркунучунун төмөндөшүн аныктоо 

2018-2019-жылдар 

УБ, ЭККМК, УКМК, ФЧМК 

7.2 

Киберчабуулга чара көрүү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, төлөм системасы жагында киберкылмыштуулук тобокелдиктерин төмөндөтүүнү аныктоо 

2018-2022-жылдар 

УБ, УКМК, ФЧМК, ИИМ 

7.3 

Финансы-кредиттик жана банктык эмес уюмдардын кибер чабуулдарын, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы алдамчылыкты маалымдоо жана ыкчам чара көрүү 

2019-2022-жылдар 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЭККМК, УКМК, ФЧМК 

7.3 

Финансы-кредит жана банк эмес уюмдардын киберчабуулдарын, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы алдамчылыкты маалымдоо жана ыкчам чара көрүү 

2019-2022-жылдар 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), УКМК, ФЧМК, ИИМ 

**** 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

Кыскартуулардын тизмеси 

Кыскартуулардын тизмеси 

ЭМ 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 

ЭФМ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 

ФМ 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

ТЖМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 

ТКМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 

ССМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

СССӨМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

ЭСӨМ 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 

СӨМ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 

МСК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

МСК 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

Мамкаттоо 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 

Мамкаттоо 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

МТБМК 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 

Монополияга каршы агенттик 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 

Монополияга каршы агенттик 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 

ММКФ 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 

ММКФ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 

ММБФ 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

ММБФ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

Соцфонд 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 

Соцфонд 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонду 

ММК 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 

УКМК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 

БП 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

ИИМ ЖКККББ  

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 

«Кыргызпочтасы» МИ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы 

ББА 

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек башкы архитектурасы» муниципалдык ишканасы 

ББА 

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек башкы архитектурасы» муниципалдык ишканасы 

ЖӨБО 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

ЖӨБО 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

УБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

УБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

КБ 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

КБ 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

ТСО/ТУ 

төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары 

ТСО/ТУ 

төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

«БПБ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

«БПБ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

«КББ» ЮЖБ 

«Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактарынын бирикмеси 

«КБС» ЮЖБ 

«Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактардын бирикмеси 

БОА 

байланыш операторлорунун ассоциациясы 

БОА 

Байланыш операторлорунун ассоциациясы 

ЮЖ 

юридикалык жактар 

ЮЖ 

юридикалык жактар 

ЖИ 

жеке ишкерлер 

ЖИ 

жеке ишкерлер 

ССИ 

соода-сервистик ишканалар 

ССИ 

соода-тейлөө ишканалары 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы Т.Абдыгулов