Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет): 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрокредиттик компанияларын, микрокредиттик агенттиктерин, турак жай-сактык кредиттик компанияларын, «Кепилдик фонд» ААКын, алмашуу бюролорун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө ыйгарылсын. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын «_____» _______ 

№ ________________________ токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө жобонун: 

- 17 пунктунун 3 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) МКК/МКАлардын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:  

- башкы бухгалтерди (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же келип иштеген бухгалтерди) (мындан ары текст боюнча башкы бухгалтер) дайындоо жөнүндө;  

- кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигин (эгерде болгон болсо), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин дайындоо тууралуу (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарынын сакталышына боюнча ички контролдук программасын ишке ашырууга жана ишке ашырууга жооптуу кызматкерди дайындоо жөнүндө

- МКК/МКАнын уюштуруу түзүмү тууралуу (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелерчөйрөсү, көз карандылык);   

- 42 пунктунун: 

биринчи абзацындагы «МКК/МКАнын филиалдары» деген сөздөр «МКК/МКА» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- түзүмдүк бөлүмдөр ишин МКК/МКА атынан жүзөгө ашырат.»; 

алтынчы абзацындагы «бар экендиги» деген сөздөр «ачкан экендиги» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 44 пунктунун: 

4 пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен көбөйтүлсө -кошумча капитал катары акча каражаттарын салуу жана мындай капиталдын кайтарылып алынгыстыгы жөнүндө келишим/макулдашуу (бир катышуучуда чечим) жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктагы эсептешүү эсебинен ошол акча каражаттардын салынгандыгы жөнүндө көчүрмө сунушталат (катышуучулар же акционерлер тарабынан мурда алынган насыянын эсебинен капитал көбөйгөн учурда, коммерциялык банктан көчүрмө берилбейт, жана насыя кошумча капиталга которулушу керек);»; 

- Жобонун 4 Тиркемесинде «жакырчылыкты кыскартуу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- Жобонун 8 Тиркемесинде «жакырчылыкты кыскартуу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү« деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- Жобонун 10 Тиркемесинде «жакырчылыкты кыскартуу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобонун: 

- 65 пунктунун 2 жана 3 пунктчалары төмөнкү редакцияларда берилсин: 

«1) жогорку билими тууралуу диплому жана экономика/финансы/банк иши жаатында кеминде 2 (эки) жылдык эмгек стажына (тажрыйбага) ээ болууга. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга, техникалык жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт; 

2) бул чөйрөлөрдө окутуудан өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталган банктык мыйзамдар жагында жана корпоративдик тескөө сферасында билиминин болушу;»; 

- 67 пунктунун: 

2 пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «экономика жана финансы» деген сөздөр «экономика/каржы/банк иши» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

3 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) банктардын жана ТСККлардын ишин жөнгө салган мыйзамдар жана тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу маселелер боюнча билими болууга жана алар бул багыттарда окутуудан өткөндүгү жөнүндө документтер менен тастыкталууга тийиш.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 11 пункту төмөнкү редакциядагы он биринчи абзацы менен толукталсын: 

«- кайра каржылоого берилген кепилдиктер боюнча лимити.»; 

- Эрежелер төмөнкү редакциядагы 23-1 пункту менен толукталсын: 

«23-1. Кепилдик фонддор кайра каржылоого берилген кепилдиктер боюнча лимитин аткарыш керек. Кайра каржылоого берилген кепилдиктердин суммасы уставдык капиталдын 10% чегинде чектелиши керек.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2011-жылдын  

27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө жобонун: 

- 9 пунктунун: 

«б» пунктчасындагы «жүгүртүү каражаттарынын» деген сөздөрдөн кийин «келип чыгуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

«д» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жана алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн уюштуруучунун каражаттарын 1 000 000 (бир миллион) сомго киргизүү жөнүндө чечими;»; 

«з» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«з) төмөнкү өлчөмдөрдө коммерциялык банкта жүгүртүү каражаттарынын бар экендигин тастыктаган маалымкат (маалымкат күбөлүк документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилиши керек):  

- кеминде 1000000 (бир миллион) сом;  

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500000 (беш жүз миң) сом;»; 

«и» пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

«м» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«м) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун / катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү уюштуруучунун /катышуучунун жана паспортторунун көчүрмөсү;»; 

пункт төмөнкү редакциядагы «н» пунктчасы менен толукталсын: 

«н) алмашуу бюросунун отчеттуулукту жөнгө салуучу ички тартиби жана кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби.»; 

- 9-1 пунктунун: 

биринчи абзацындагы «1 айдан» деген сөздөр «30 (отуз) календардык күндөн» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2 пунктчасындагы: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«төмөнкү өлчөмдөрдө (документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилген) жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган документтерди:»; 

3 пунктчасындагы «жүгүртүү каражаттарынын» деген сөздөрдөн кийин «келип чыгуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

5 пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

8 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) юридикалык жак-өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун / катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү уюштуруучунун /катышуучунун жана паспортторунун көчүрмөлөрү

Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөттөн 30 календардык күндөн ашып кетсе, анда юридикалык жак жаңы лицензияны алуу үчүн документтерди ушул жобонун 9-пунктуна ылайык сунуштайт.»; 

- 20 пункттагы «үч жылдык» деген сөздөр «беш жылдык» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 25 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Юридикалык жактын уюштуруучусу же катышуучусу өзгөргөн учурда, лицензиат кайра каттоодон өткөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш: 

1) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү

2) катышуучунун чечиминин (бир катышуучу болсо) же катышуучулардын (бирден ашык катышуучу болсо) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу чогулушунан толтурулган протоколдун лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

3) төмөнкү суммалардагы улуттук валютадагы жүгүртүү каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтер берилген күндөн 14 календардык күндөн эрте эмес берилген документтер: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500000 (беш жүз миң) сом; 

4) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат (эгерде мурун, мурунку лицензияны алууда алар берилбесе) (8-1-тиркеме); 

5) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим (жетекчиси алмашкан учурда); 

6) алмашуу бюросунун имаратын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган ижара келишиминин көчүрмөсү же өтүнмө ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросунун жайына менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

7) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдун эрежелерин сактоого жооптуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук; 

8) юридикалык жак-арыз берүүчүнүн уюштуруучунун / катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортторунун көчүрмөлөрү

9) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, толуктоолор киргизилген, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн; 

10) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү»; 

- 32 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кошумча алмашуу бюросун каттоо үчүн лицензиат Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

- кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын;  

- ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;  

- кошумча алмашуу бюросун ачуу тууралуу жана кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди же буйрукту; 

- төмөнкү өлчөмдөрдө коммерциялык банкта жүгүртүү каражаттарынын бар экендигин тастыктаган маалымкат (маалымкат күбөлүк документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилиши керек):  

- кеминде 1000000 (бир миллион) сом;  

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500000 (беш жүз миң) сом. 

- алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат (эгерде мурун, мурунку лицензияны алууда алар берилбесе) (8-1-тиркеме); 

- юридикалык жак-арыз берүүчүнүн уюштуруучунун / катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин паспортторунун көчүрмөлөрү.»; 

- Жобо төмөнкү редакциядагы 32-1 пункту менен толукталсын: 

«32-1. Эгерде юридикалык жактын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөтү аяктап жатса же 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөт мурда аяктаса, анда юридикалык жак жаңы каттоо жөнүндө кат алуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштайт: 

- 6-Тиркеменин формасы боюнча кошумча алмашуу бюросун каттоого арыз; 

- алмашуу бюросунун жайын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган ижара келишиминин же алмашуу бюросунун жайына менчик укугун тастыктаган, өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн укук белгилөөчү документтин көчүрмөсүн; 

- кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим же буйрук; 

- төмөнкү суммалардагы улуттук валютадагы жүгүртүү каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтер берилген күндөн 14 календардык күндөн эрте эмес берилген документтер: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 200000 (эки жүз миң) сом; 

- алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат (8-1-тиркеме).»; 

- 35-1 пунктунун: 

биринчи абзацындагы «үч күн ичинде» деген сөздөр «үч жумуш күн ичинде» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи абзацындагы «лицензиатка карата» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык» сөздөр менен толукталсын; 

- 44 пунктунун: 

8 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) акыркы 12 (он эки) айдын ичинде 2 (эки) же андан ашык тартип бузган учурда, кассалык тартипти системалуу түрдө бузуу (эгерде колдонуудагы лицензиянын мөөнөтү бүтө элек болсо);»; 

15 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15) юридикалык жак-арыз берүүчүнүн уюштуруучунун / катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алынып салынбаган жана жабылбаган соттуулугунун болушу;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-1 пункту менен толукталсын; 

«15-1) юридикалык жак-арыз берүүчүнүн уюштуруучунун / катышуучусунун жана алмашуу бюросунун жетекчисинин чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын накталай жүргүзүүгө байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн төлөнбөгөн карыздын (туумдун) болушу;»; 

- 1-Тиркемесинин «үч жыл» деген сөздөр «беш жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3-Тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2019-жылдын  

14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун: 

- 8 пунктунун: 

16 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16) жүзөгө ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчеттук маалыматтарды өз убагында Улуттук банкка сунуштап турууга. МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору отчеттук маалыматтарды жобонун 1-тиркемесине ылайык электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун, ал эми адистештирилген финансы мекемелери - Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунуштап туруусу зарыл. 

Отчет сунушталбай калган учурда банктар, МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери отчеттун берилбей калышы себептерин көрсөтүү менен кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө ал тууралуу билдирүүгө милдеттүү

МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору/кошумча алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери иштебеген (дем алыш) күндөрдү порталда иштебеген (дем алыш) күндүн саат 9: 30га чейин көрсөтүүгө милдеттүү

Отчет сунушталбаган учурда МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери отчеттун берилбей калышы себептерин көрсөтүү менен кийинки жумуш күнү ичинде портал аркылуу ал тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 27-1 пунктчасы менен толукталсын: 

«27-1) күнүмдүк отчетту берүүгө жооптуу кызматкерди дайындоого»; 

- 18 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Алмашуу бюролору жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде накталай түрдө чет өлкөлүк валютаны сатып алууну жана сатууну милдеттүү түрдө документалдуу каттоодон өткөрүү менен, банкта жүргүзгөн иш-аракеттери үчүн жүгүртүү каражаттарынын өлчөмүндө чет өлкө валютасын накталай түрдө сатып алууга укуктуу. лицензиянын номерин, берилген күнүн жана жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн көрсөтүү

Коммерциялык банктар ишкер мамилелерди түзүүдө жана алмашуу бюролору менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдө акча алмаштыруу бюросунун кардарлары үчүн талаптарды жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү сферадагы мыйзамдарын сактоого тийиш. 

Коммерциялык банктар, алмашуу бюролору менен 1 миллион сомдон ашык суммадагы (сом эквивалентинде) чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча бүтүмдөрдү жүргүзгөнгө чейин, алмаштыруу бюросунун кассасынан чектин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алышы керек. (кассадан акыркы же алмаштыруучу отчет) жана жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн тастыктоо үчүн тиешелүү күнгө операциялардын журналы. Ошол эле учурда, кассалык текшерүүдө көрсөтүлгөн алмашуу бюросунун жүгүртүлүүчү активдеринен же сумманы бөлүү жолу менен жүргүзүлгөн операциялардын журналынын көчүрмөсүнөн ашкан суммага бир жолку алмашуу операциясын жүргүзүүгө жол берилбейт. 

Эгерде бүтүмдүн суммасы алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасынан ашып кетсе, алмашуу операцияларын жүргүзүү жөнүндө келишимде, банк бүтүм жасоого чейин, кошумча жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган тиешелүү документтерди алышы керек. алмашуу бюросу.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 40-1 пункту менен толукталсын: 

«40-1. Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын көлөмү 1 000 000 (бир миллион) сомго же андан көпкө көбөйгөндө жана / же азайганда, алмашуу бюросу 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, ал эми жүгүртүү каражаттарынын суммасы алмашуу бюросу 1 000 000 (бир миллион) сомдон кем болбошу керек. 

Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде жүргүзгөн (бир календардык жылда катары менен 4 айдан кем эмес) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы жалпысынан 500000 (беш жүз миңге) көбөйгөндө жана / же азайган учурда сом жана андан жогору болсо, алмашуу бюросу Улуттук банкка 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү, ал эми чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын сезондук негизде жүргүзгөн алмаштыруу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын көлөмү (катары менен 4 айдан кем эмес) бир календардык жылда) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем болбошу керек. 

Алмашуу бюросу Улуттук банкка алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү (8-1-тиркеме).»; 

- 57-пунктунун төртүнчү абзацындагы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- лицензиянын колдонуу мөөнөтүн 15 (он беш) календардык күнүнө чейинки мөөнөткө, ал эми аткарылбай калган учурда аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, кайрадан 30 (отуз) календардык күнгө чейинки мөөнөткө;»; 

- 1 тиркемесинде: 

«№ 1 маалымдама. Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр» таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«№ 1 маалымдама. Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр 

Жылы 

Операциянын аталышы 

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн өздүк каражаттарды тартуу 

Мурда берилген насыя (займ) боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсү 

Акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн башка түрлөрү 

».