Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан финансы-кредит уюмдары үчүн бирдей укуктук чөйрө түзүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Улуттук банк тарабынан Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан финансы-кредит уюмдары үчүн бирдей укуктук чөйрө түзүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыккан. Бул токтом долбоорунун максаты болуп, Улуттук банктын ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын кадимки банктар үчүн ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү саналат

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоору менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

1. 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча» нускоого. Иштелип чыккан токтом долбооруна ылайык, банктардын капиталынын түзүмү жана капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги коэффициенттерин эсептөө кайра каралып, жаңы экономикалык ченем киргизилген.  

2. 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча ченемдик укуктук актыларга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу капитал жана капиталдын жетиштүүлүгү коэффициенттери боюнча 14 жана 15-бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык кесепеттердин келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул пункт боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» деп аталган 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жоболордо каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталган токтом долбоорунун кабыл алынышы кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 7-пунктчасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт, анткени сунушталган өзгөртүүлөр бирдей юридикалык күчкө ээ болгон Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы карама-каршылыктарды дал келтирүүгө жаначеттетүүгө багытталган. 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому. 

2. Токтом 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «Бакай Банк» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.   

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын «____» __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:  

- 5, 6, 7-пунктулары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Капиталдын минималдуу өлчөмү

а) Кыргыз Республикасында жаңы ачылган ислам банктары үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

б) өздүк (регулятивдик) капитал ушул Нускоонун 19-1-пунктунда каралган эсептен алып салууну эске алуу менен Биринчи деңгээлдеги капитал болуп саналат. 

6. Ислам банкынын капиталынын, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдердин (мындан ары активдердин) жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (мындан ары баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнүшүнө негизделген, жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти: 

а) ислам банкынын суммардык капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) 12% кем болбоого тийиш. Ал таза суммардык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн (чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен) баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата катышы катары аныкталат. Таза суммардык капитал биринчи деңгээлдеги капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталат; 

б) ислам банкынын биринчи деңгээлдеги капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) 6% кем болбоого тийиш. Ал биринчи деңгээлдеги капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн (чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен) баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата катышы катары аныкталат. Ушул Нускоонун 15-пунктуна ылайык аныкталган биринчи деңгээлдеги капитал; 

в) биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.3) 4,5% кем болбоого тийиш. Ал биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн (чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен) баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата катышы катары аныкталат. 

Улуттук банк тобокелдиктерди жана банктардын системалуу маанилүүлүгүн баалоонун негизинде капиталдын шайкештик коэффициенттеринин минималдуу өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу.  

7. «Ислам терезесине ээ» банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого (мындан ары Коммерциялык банктар үчүн нускоо) ылайык эсептелинет. Мында капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициентин эсептөөдө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер ушул Нускоого ылайык тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнөт.»; 

- 9-пунктундагы биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ислам банкынын леверажы (К2.4) 8% кем болбоого тийиш.»; 

- 3-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Капитал түзүмү 

10. Капиталдын өзөгүн банктын толук төлөнгөн уставдык капиталы түзөт. Базель комитетинин стандарттарына ылайык уставдык капитал бул, бардык өлкөлөрдө банк тутуму үчүн жалпы болгон капиталдын маанилүү элементи; ал банктар тарабынан жарыялануучу отчеттордо даана көрүнөт жана капиталдын шайкештигине рыноктук баа берүүгө негизденген база болуп саналат; ал банктын пайда алуусу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү көрсөткүчүн аныктоо үчүн чечүүчү мааниге ээ. 

11. Капиталдын курамына банктын акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер жок болгон уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) гана кирет. Акционерлер бул каражаттарды акцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алышы мүмкүн. 

12. Банк өздүк акцияларды күрөө катары кабыл алууга укугу жок. 

13. Банктык көзөмөл максаттарында банктын иш процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү капиталды түзүүчүлөрдүн айырмалоочу белгиси болуп саналат. Ушул себептен капитал жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүүдө капитал курамына айрым «капиталдык эмес» бухгалтердик эсептер камтылат (мисалы, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам же субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер). 

14. Банктык капитал, капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө максатында биринчи деңгээлдеги капиталга жана экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт. 

15. Биринчи деңгээлдеги капитал банктын күндөлүк ишинде чыгымдардын ордун жабууну камсыздоо үчүн зарыл.  

Биринчи деңгээлдеги капитал төмөнкү элементтерден турат: 

- биринчи деңгээлдеги базалык капиталдан; 

- биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдан. 

16. Биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын түзүмү төмөнкү элементтерден турат: 

1) жөнөкөй акциялар  мыйзамдарда белгиленген шарттарга жооп берген банк тарабынан чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялар; 

2) артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялары  мыйзамдарда белгиленген шарттарга жооп берген жана банктан дивиденддердин бөлүштүрүлүшүн талап кылбаган банк тарабынан чыгарылган жана банктын толугу менен төлөнгөн артыкчылыктуу акциялары. 

Дивиденддерди бөлүштүрүү милдеттүү болуп саналган жагдайлар/шарттар келип чыккан учурда мына ушундай артыкчылыктуу акциялар жана ошол акциялар боюнча номиналдан үстөк салынган капитал биринчи деңгээлдеги кошумча капиталда же экинчи деңгээлдеги капиталда эске алынууга тийиш; 

3) номиналдан үстөк салынган капитал  биринчи деңгээлдеги базалык капиталда камтылган жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын сатуу баасы менен алардын эмиссия жыйынтыгы боюнча номиналдык наркы ортосундагы айырма.  

Номиналдан үстөк салынган капитал банк акцияларын эмиссиялоодо аларды жайгаштырууга, каттоого жана басып чыгаруу үчүн типографиялык чыгашаларга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө пайдаланылышы мүмкүн. 

Номиналдан үстөк салынган капитал акционерлерге дивиденд түрүндө бөлүштүрүлбөйт жана ал банкта калат. 

Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча номиналдан үстөк салынган капитал уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талапты сактоо максатында гана уставдык капиталды көбөйтүүдө колдонулушу мүмкүн; 

4) банктын келечектеги керектөөсү үчүн кам  келечекте жана/же күтүүсүз жагдайларга каралган, салык төлөөдөн кийин пайданын эсебинен түзүлгөн кам; 

5) өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)  жарыяланган дивиденддер эсептен чыгарылып, башка капиталдык эсептерге бөлүштүрүлүп, салык төлөнгөндөн кийин калган таза пайда (чыгым). 

17. Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын түзүмүнө төмөнкү элементтер кирет: 

1) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал  бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк салынган каражаттар. Бул каражаттарды салуу зарылчылыгы Улуттук банктын өздүк (регулятивдик) капиталдын (биринчи денгээлдеги капиталдын) минималдуу өлчөмү жана/же экономикалык ченемдер боюнча белгиленген талаптарын банк аткарбай койгон учурда жана/же аларды аткарбай коюу тобокелдигинин орун алышы, анын ичинде Улуттук банктын талаптарынын аткарылбай калышы жана/же уставдык капиталды Улуттук банк белгиленген мөөнөттө көбөйтүү зарылчылыгы шартында келип чыгат. Бул каражаттар банк жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайда), мөөнөтү белгиленбеген шарттарда, ошондой эле банк банкроттук абалда калган учурда ошол каражаттар боюнча талаптар банктын акционерлеринин талаптарындай эле кезектүүлүктө канаттандырылып берилиши шартында сатылып алынышы эсебинен каражат салуу тууралуу келишим түзгөн шартта гана чегерилет. Кошумча капитал өлчөмү, банк ушул талаптар жана ченемдер боюнча минималдуу маанини аткаруусу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Кийинчерээк, жеке адамдар жана юридикалык жактар кошумча салган каражаттар жөнөкөй жана/же артыкчылыктуу акцияларга өзгөртүлүп, алардын ээлери сунушталган ошол каражат суммасына чыгарылган акцияларды талашсыз сатып алуу укугуна ээ болот; 

2) биринчи деңгээлдеги кошумча капитал критерийлерине ылайык келген, бирок биринчи деңгээлдеги базалык капитал үчүн алгылыксыз болгон артыкчылыктуу акциялар». Бул статьяда артыкчылыктуу акциялар алардын номиналдык наркынан жогору төгүлгөн сумманы эске алуу менен көрсөтүлөт; 

3) капиталдын башка инструменттери капиталдын сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелер белгилерине ээ инструменттер. Аларга мөөнөтсүз субординацияланган карыз кирет. 

Субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздалбаган, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш болбогон, банк жоюлуп кеткен шартта ал боюнча талаптар кредиторлордун жана аманатчылардын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин акыркы болуп орду жабылуучу милдеттенмелерди түшүнүүгө болот. 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын банк тарабынан эмитирленген инструменттери аларга карата белгиленген критерийлерге жооп берүүгө тийиш. 

18. Биринчи деңгээлдеги кошумча капитал элементтери боюнча төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

1) чыгарылган жана төлөнгөн болушу зарыл; 

2) субординацияланган болууга тийиш, башкача айтканда ушул инструменттер боюнча талаптар аманатчылардын, негизги кредиторлордун жана банктын субординацияланган карызы боюнча бардык кине коюулар канаттандырылгандан кийин акыркы болуп канаттандырылууга тийиш; 

3) инструмент банктын/банктын байланыштуу жактарынын милдеттенмелери боюнча камсыздоо же алардын гарантиясынан болууга тийиш эмес, ошондой эле укуктук же экономикалык мамилелерде талаптарды биринчи кезекте канааттандырууга банкты милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптарда/шарттарда камтылбоосу зарыл; 

4) мөөнөтсүз, б.а. төлөө күнү белгиленбеген болууга тийиш; 

5) эмитент тарабынан анын демилгеси боюнча кеминде 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана сатылып алынышы же төлөнүшү мүмкүн. Мында: 

а) банк инструментти чыгарууда анын кайра сатылып алынышын болжолдоо менен кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тийиш эмес; 

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууга/төлөөгө жол берилет: 

- көрсөтүлгөн ошол инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылган болсо, инструментти ошондой эле же болбосо андан алда канча сапаттуу башка инструментке алмаштырууга; 

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптарын бузууга жол берилбейт; 

- Улуттук банктын алдын ала макулдугун алуу; 

6) негизги сумманын ордун жабуу (мисалы, сатып алуу же төлөп берүү ыкмасында) Улуттук банктын алдын ала макулдугу негизинде гана ишке ашырылууга тийиш. Банктар бул учурда Улуттук банк тарабынан макулдук берилет деп болжолдоого же үмүт артып күтүүгө тийиш эмес; 

7) дивиденддердин/пайыздардын төлөнүшүнө карата тандоо укугу: 

а) банк кандай болбосун жагдайда дивиденддерди/пайыздарды төлөөнү жокко чыгаруу укугуна ээ болууга тийиш; 

б) дивиденддерди жана төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу чечиминин кабыл алынышы банктын милдеттенмелерди аткара албай калышы же төлөөгө жөндөмсүздүгү катары каралууга тийиш эмес; 

в) аткаруу мөөнөтүнүн келип жетишине жараша башка милдеттенмелерди төлөнбөгөн дивиденддер эсебинен аткаруу мүмкүнчүлүгү

г) дивиденддерди/төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу, банкка карата чектөөлөрдүн белгиленишине алып келбөөгө тийиш. Ошондой эле, жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө боюнча чектөөлөр белгилениши мүмкүн; 

8) эгерде милдеттенмелердин мындай жогорулоосу мыйзам талаптарына ылайык төлөөгө жөндөмсүздүк белгиси болуп саналса, инструменттин бир бөлүгү милдеттенмелерде камтылышы мүмкүн эмес; 

9) банктын биринчи деңгээлдеги базалык капиталынын коэффициенти 5,125% чейин төмөндөсө, анда банк ошол инструменттерди жөнөкөй акцияларга конвертациялоого же алар боюнча чыгымды бөлүштүрүү аркылуу ошол инструменттерди эсептен алып салуу укугуна ээ болууга тийиш. 

Эсептен алып салуу төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши мүмкүн: 

а) банкты жоюуда мындай инструменттер боюнча талаптарды кыскартуу; 

б) инструментти сатып алууда төлөнүүчү сумманы азайтуу; 

в) пайыздар/дивиденддер боюнча төлөмдөрдүн бөлүгүн же аларды толугу менен кыскартуу; 

10) банк да, банк ага контролдук кылган же олуттуу негизде таасир эткен байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт жана инструментти сатып алууга (анын ичинде каржылоо түрүндө акча каражатын бөлүү, алдын ала төлөө жана/же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө катышууга укугу жок. 

19. Экинчи деңгээлдеги капитал банк жоюлууга дуушар болгон жагдайда чыгым ордун жабууну камсыз кылуу үчүн зарыл. 

Экинчи деңгээлдеги капитал түзүмүн төмөнкү элементтер түзөт: 

1) өтүп жаткан жылдын пайдасы  өтүп жаткан жылы алынган, салыкты төлөгөндөн киийн калган пайда; 

2) жалпы камдар: 

а) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы камдар; 

б) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден тышкары, башка активдерден потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы камдар. 

Экинчи деңгээлдеги капиталда камтылууга тийиш болгон ушул камдар, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер наркынан максимум 1,25 пайыз чегинде чектелет; 

3) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар  сатууга боло турган баалуу кагаздарды кайра баалоонун натыйжасы боюнча бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым); 

4) консолидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайрадан эсептөө боюнча кам  банктын чет өлкө туунду финансылык мекемесинин отчетторунун көрсөткүчтөрүн эсептеп чыгууда валюта курсунун өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан катталган бойдон калган (реализацияланбаган) кирешелер (чыгымдар); 

5) пайданы теңдештирүүгө кам - бул, инвестициялык эсептердин ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктүн белгилүү бир деңгээлин колдоо максатында мударибдин үлүшүн бөлүштүрүүгө чейин дүң пайдадан бөлүнгөн суммалардын эсебинен ислам банкынын директорлор кеңешинин чечими боюнча түзүлгөн кам. Пайданы теңдештирүүгө камды эсептөө боюнча шарттар алдын ала аныкталып, инвестициялык эсеп ээси менен кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык колдонулууга тийиш; 

6) инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам (болгон болсо) - инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин басаңдатуу максатында, мударибдин пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма. Бул камды пайдалануу тартиби ислам банкынын директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш; 

7) капитал инструменттеринин жана банктын Директорлор кеңешинин өтүнүч катынын негизинде Улуттук банктын уруксаты менен экинчи деңгээлдеги капитал курамына киргизилиши мүмкүн болгон карыздык инструменттер бөлүгү

8) экинчи деңгээлдеги капиталда камтылган (биринчи деңгээлдеги капитал курамына камтылбаган) акциялардын сатуу баасы менен эмиссия жыйынтыгы боюнча алардын номиналдык наркы ортосундагы айырма. 

Экинчи деңгээлдеги капитал түзүмүндө камтылган инструменттер төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш: 

1) чыгарылган жана төлөнгөн болушу зарыл; 

2) субординацияланган болууга тийиш, башкача айтканда ушул инструменттер боюнча талаптар аманатчылардын, негизги кредиторлордун жана банктын субординацияланган карызы боюнча бардык кине коюулар канаттандырылгандан кийин акыркы болуп канаттандырылууга тийиш; 

3) инструмент банктын/банктын байланыштуу жактарынын милдеттенмелери боюнча камсыздоо же алардын гарантиясынан болууга тийиш эмес, ошондой эле укуктук же экономикалык мамилелерде талаптарды биринчи кезекте канааттандырууга банкты милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптарда/шарттарда камтылбоосу зарыл; 

4) төлөө мөөнөтү

а) минималдуу төлөө мөөнөтү кеминде 5 (беш) жылды түзүүгө тийиш; 

б) капитал инструменттерин амортизациялоо төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки калган 5 (беш) жыл ичинде бирдей ченемде чегерүү ыкмасында жүргүзүлөт; 

в) сатып алууга кандайдыр бир өбөлгөлөрдү караштырууга тийиш эмес; 

5) 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин жана Улуттук банктын алдын ала колдоосуна ээ болгон соң гана эмитент тарабынан сатылып алынышы же төлөнүшү мүмкүн. Мында: 

а) банк инструментти чыгарууда анын кайра сатылып алынышын болжолдоо менен кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тийиш эмес; 

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууга/ төлөөгө жол берилет: 

- көрсөтүлгөн ошол инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылган болсо, инструментти ошондой эле же болбосо андан алда канча сапаттуу башка инструментке алмаштырууга; 

- эгерде Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптары бузууга жол берилбесе; 

- Улуттук банктын алдын ала уруксатын алгандан кийин; 

6) инвестор/кредитор банкроттук жана жоюлган учурларды эске албаганда, келечекте пландаштырылган төлөмдөрдү (инструменттин пайыздык кирешесин же негизги суммасын) мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга кандайдыр-бир укукка ээ эмес; 

7) банк да, банк ага контролдук кылган же олуттуу негизде таасир эткен байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт жана инструментти сатып алууга (анын ичинде кредит түрүндө акча каражатын бөлүү, алдын ала төлөө жана/же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө катышууга укугу жок.  

19-1. Таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештигин), биринчи деңгээлдеги капиталдын, биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин жана “левераж” коэффициентин эсептөөгө чейин биринчи деңгээлдеги базалык капиталдан төмөнкү элементтер эсептен алынып салынат: 

өтүп жаткан жылдын чыгымы; 

- материалдык эмес активдер; 

- шарика/мушарака өнөктөштүгү келишимдери боюнча ишке ашырылган инвестицияларды (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө) эске албаганда, башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансылык эмес уюмдарга инвестициялар. Эгерде банк ушул уюмдарга биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды же экинчи деңгээлдеги капиталды инвестициялаган болсо, анда ал инвестициялар тиешелүү капиталдан алынып салынат; 

- убакыт аралыгы боюнча айырмадан улам, кийинкиге калтырылган салыктык активдерди эске албаганда, келечекте алынуучу кирешеден көз каранды болгон, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 12 негизинде эсептелген бардык кийинкиге калтырылган салыктык активдер. Кийинкиге калтырылган салыктык активдер эгерде ФОЭС-12 шарттары аткарылган болсо, кийинкиге калтырылган салыктык милдетенмелери менен эске алынууга тийиш; 

өздүк акцияларга түздөн-түз же кыйыр түрдө инвестициялар. Банк андан ары кыйла жогору баада сатуу үчүн өздүк акцияларды сатып алуу укугуна ээ. Буга акцияларды сатып алгандан кийин аларды андан ары сатып өткөрүү үчүн банк менен алдын ала келишим түзүлүп жана өздүк акцияларды сатып алуу чечими кабыл алынган күнгө чейинки 5 (беш) жыл ичинде банк чыгашасыз иштеген шартта гана жол берилет. Банк бул акцияларды сатылганга чейин кемитип олтурат. 

Банктар бирдей ыкманы колдонуу менен биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды эсептөөдө өздүк биринчи деңгээлдеги кошумча капиталга инвестицияларын алып салууга жана экинчи деңгээлдеги өздүк капиталды эсептөөдө экинчи деңгээлдеги өздүк капиталга инвестицияларды алып салууга тийиш. 

Банктын капиталдык позициясынын жасалма жогорулашына алып келген капиталга өз ара кайчылаш ээлик кылуу толук көлөмдө эсептен чыгарылууга тийиш. Банктар башка банктардын, башка финансылык жана камсыздандыруу уюмдарынын капиталына мындай инвестициялар үчүн алып салууга карата тиешелүү ыкманы колдонууга тийиш. Бул, ал үчүн капитал банк өзү чыгарган сыяктуу эле квалификацияланган ошол эле капитал компонентине карата колдонулууга тийиш дегенди билдирет. 

19-2. Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын отчеттук мезгилден кийинки айдын бирине карата абал боюнча мааниси капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди жана талаптарын эсептөө үчүн колдонулат. Мааниси отчеттук мезгил ичинде күндөлүк же ар жумалык негизде аныкталган экономикалык ченемдерди эсептөөдө отчеттук айдын бирине карата абал боюнча банктын таза суммардык капиталынын суммардык мааниси жана юридикалык жактар жана жеке адамдар белгиленген тартипте, отчет түзүү күнүнө карата салган шартта кошумча капитал колдонулат.»; 

- 21-пунктундагы экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Алсак, ислам банкынын кассасындагы нак акча ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо операциялары боюнча жайгаштырылган активдерге салыштырганда, активдердин тобокелдиксиз түрүнөн же негизги каражаттарга инвестициялар болуп саналат.»; 

- 24-пунктунун: 

«в» жана «е» пунктчалары «1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 0%)» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган ислам баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар жана башка талаптар);»; 

«е) Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү). 

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык;»; 

«1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 0%)» бөлүгү төмөнкү мазмундагы «з» пунктча менен толукталсын: 

«з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын.»; 

«а)» пунктчасы «2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 10%)» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча ислам баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү);»; 

«а)» жана «б)» пунктчалары «4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 50%)» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн сунушталган каржылоо. Бул категорияга ошол үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, башкача айтканда бул турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда пайдаланбаган (сатуу, ижарага берүү ж.б.) адамдарга берилген активдер гана кирет. 

мындай активдердин төлөө мөөнөтү 30 (отуз) күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе же реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт. 

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (AAOIFI) шариат стандарттарында тыюу салынбаган Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, алтын жана сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы башка баалуу металлдар;»; 

«з)» пунктчасынын «5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)» төмөнкү редакцияда берилсин: 

«з) ушул Нускоонун 19-1-пунктунун төртүнчү абзацында каралган алып салууларды минуска чыгаруу менен инвестициялар жана финансылык катышуу;»; 

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын: 

«30-1. Алтын менен бүтүмдөргө салыштырып караганда кредиттик конверсиянын факторлору валюта курстары менен байланыштуу контрактыларга карата колдонулуучу факторлорго окшош.»; 

-  39-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: Финансылык жыл катары 1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы мезгил саналат.»; 

- 40-пунктундагы экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын туруктуулугуна, ошондой эле кредиторлордун жана аманатчылардын таламдарына коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон учурда, Улуттук банк дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же болбосо чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн:». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү туралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 1-тиркеменин 18-пунктундагы: 

биринчи сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

18 

14-бөлүк 

Банктын экономикалык ченемдерди сактоосу жана капиталынын кошумча запасын колдоосу жөнүндө маалымат («капитал буфери» индекси) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

»; 

үчүнчү сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

  

  

Б. Капиталдын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) экономикалык ченемдеринин жана ликвиддүүлүк (көрсөткүчү) ченеминин жана банк капиталынын кошумча запасын («капитал буфери» индекси») колдоого алуу жөнүндө талабынын сакталышы жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 календардык күн ичинде 

  

»; 

- 2-тиркеменин: 

14-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын («капитал буфери» көрсөткүчүн) колдоого алуу талабынын сакталышы тууралуу маалыматтар»; 

Б бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Б. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) экономикалык ченемдеринин жана ликвиддүүлүк (көрсөткүчү)  

ченеминин жана банк капиталынын кошумча запасын («капитал буфери» индекси«) колдоого алуу  

жөнүндө талабынын сакталышы жөнүндө  

ОТЧЕТ  

 

Экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын кошумча запасын колдоо («капитал буфери» индекси) талабынын аталышы 

Белгилениши 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси, % 

Белгиленген ченемден четтөө 

Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) ченеми  

К2.1 

ЧСК  

ЧРА 

___ 

12 кем эмес  

К2.2 

КПУ 

ЧРА 

___ 

6 кем эмес  

К2.3 

БКПУ  

ЧРА 

___  

4,5 кем эмес  

К2.4 

ЧСК 

СА 

___ 

8 кем эмес  

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү

 

К3.1 

ЛА 

ОБ 

___ 

45 кем эмес  

Банктын капиталынын кошумча запасы (капитал «буфери» индекси) 

 

ЧСК 

ЧРА 

___ 

__% кем эмес (маанисин көрсөтүңүз) 

Эскертүү

КПУ Биринчи деңгээлдеги капитал; 

БКПУ Биринчи деңгээлдеги базалык капитал  

 

 

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

6-жума 

Бардыгы болуп 

ЛА Ликвиддүү активдер 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОБ Банктын милдеттенмелери 

 

 

 

 

 

 

 

 

К3 ченеми =ЛА/ОБ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

кызмат орду: ______ аты-жөнү:_____________ кол тамгасы:___________ 

»; 

 

15.7-бөлүк. «Капитал жана капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери» төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«15.7-БӨЛҮК. КАПИТАЛ ЖАНА КАПИТАЛ ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮ (ШАЙКЕШТИГИ) КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ  

 

№ 

Статьялар 

Сумма 

 

Биринчи деңгээлдеги капитал (өздүк капитал) 

 

 

Биринчи деңгээлдеги базалык капитал 

 

730 

Жөнөкөй акциялар 

 

740 

Артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялар (Биринчи деңгээлдеги базалык капиталга киргизүү үчүн алгылыктуу болгон акциялар) 

 

750 

Номиналдан үстөк салынган капитал 

 

760 

Банктын келечектеги керектөөсү үчүн кам  

770 

Өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)  

780 

(-) Өтүп жаткан жылдын чыгымы 

790 

(-) Материалдык эмес активдер (ст. 440.1) 

800 

(-) башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансылык эмес уюмдарга инвестициялар (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө) (ст.200.1, ст.210.1, ст.220.1, ст.230.1, ст.400, ст.410) 

810 

(-) Кийинкиге калтырылган салыктык активдер  

820 

(-) Банктын өздүк акцияларына тике же кыйыр инвестициялар  

830 

Бардыгы болуп биринчи деңгээлдеги базалык капитал (ст.730-820 суммасы) 

 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капитал  

840 

Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал  

850 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капитал критерийлерине ылайык келген, бирок биринчи деңгээлдеги базалык капитал үчүн алгылыксыз болгон артыкчылыктуу акциялар 

860 

Капиталдын башка инструменттери: мөөнөтсүз субординацияланган карыз (ст.650) 

870 

(-) Биринчи деңгээлдеги менчик кошумча капиталына тике же кыйыр инвестициялар 

880 

(-) Башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансылык эмес уюмдарга инвестициялар (эгер колдонулган болсо) 

890 

Бардыгы болуп биринчи деңгээлдеги кошумча капитал (ст. 840-880 суммасы) 

900 

Бардыгы болуп биринчи деңгээлдеги капитал (ст.830 жана ст. 890 суммасы) 

 

Экинчи деңгээлдеги капитал  

910 

Өтүп жаткан жылдын пайдасы 

920 

Жалпы камдар (кошуу үчүн алгылыктуу): 

а) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга «жалпы» кам 

б) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден тышкары, башка активдерден потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга «жалпы» камдар  

930 

Баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам  

940 

Консолидациялоо учурунда чет өлкө валюталарын кайрадан эсептөө боюнча кам  

950 

Пайданы теңдештирүү боюнча кам 

960 

Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам  

970 

Улуттук банк тарабынан экинчи деңгээлдеги капиталга кошуу үчүн колдоого алынган капиталдын жана карыздык инструменттер бөлүгү  

980 

Экинчи деңгээлдеги капиталга кошулган (биринчи деңгээлдеги капиталга кирбеген) акциянын сатуу баасы менен эмиссия жыйынтыгы боюнча анын номиналдык наркы ортосундагы айырма 

990 

(-) Экинчи деңгээлдеги менчик кошумча капиталына тике же кыйыр инвестициялар 

1000 

(-) Консолидацияланбаган банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын, ошондой эле финансылык эмес уюмдардын экинчи деңгээлдеги капиталына инвестициялар (эгер колдонулган болсо) 

1010 

Бардыгы болуп экинчи деңгээлдеги капитал (ст.910-1000 суммасы)  

1020 

Бардыгы болуп таза суммардык капитал (ст.900 жана ст. 1010 суммасы) 

1030 

Суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (ст. 1020/ст.640-cт.1060) 

1040 

Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (ст.900/ст.640-ст.1060)  

 

1050 

Биринчи деңгээлдеги базалык капиталга кирген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (ст.830/ст.640-ст.1060) 

 

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН 

 

1060 

Чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдер  

 

 

кызмат орду : ____          аты-жөнү : ____          кол тамгасы : _________ 

».