Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу системасын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 10-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүү саясатына киргизилген өзгөрүүлөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу системасын өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору жүргүзүлгөн баа берүүлөрдүн эл аралык стандарттарга шайкештигин эске алуу менен иштелип чыккан.  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелеринин (мындан ары - эрежелер) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны тексттин жарымынан көбүн түзгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда тариздөө сунушталат.  

Токтомдун долбоорунда төмөнкүлөр каралган: 

- Улуттук банк тарабынан төлөм системаларына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруунун конкреттүү шарттары жана отчеттуулуктун формалары көрсөтүлгөн толук тартиби; 

- Улуттук банктын оверсайт жаатындагы ишинин ачык-айкындуулугун сактоо принцибин камсыз кылуу үчүн төлөм системаларына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда Улуттук банк тарабынан колдонулуучу инструменттерди, оверсайт жаатындагы Улуттук банктын иш-аракеттерин деталдаштыруу; 

- маанилүү төлөм системаларына баа берүүнү жүргүзүү тартибин деталдаштыруу, ошондой эле маанилүү төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоо. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелеринин жаңы редакциясын бекитүү сунушталууда. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттерди болжолдоолор 

Ушул ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталда (koomtalkuu.gov.kg) Улуттук банк Башкармасынын маалымат жыйынынын жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Эрежелердин долбоору Улуттук банктын ишинин ачык-айкындуулугун сактоо принцибин камсыз кылуу, Улуттук банктын маанилүү төлөм системаларына баа берүү тартибин деталдаштыруу, ошондой эле маанилүү төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоо үчүн, төлөм системаларына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруусун деталдаштыруу максатында иштелип чыккан, , жана ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө методикасынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 токтому) 3-пунктчасына туура келбей тургандыгынан улам, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын __ - _________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелеринде (мындан ары  Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу тартиби, Улуттук банктын лицензиясына ээ же Улуттук банкта каттоодон өткөн төлөм системаларынын операторлорунун, ошондой эле төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн провайдерлеринин, жеке төлөм системалары бар жана эл аралык төлөм системаларынын катышуучуларыболуп саналган коммерциялык банктардын (мындан ары көзөмөлгө алынган уюмдар) отчет берүү тартиби, формалары жана эрежелери, ошондой эле төлөм системасындагы жаңы продукттар/системалар жана продуктуну/системаны ишке киргизүү баскычында системадагы өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка маалымат берүү тартиби аныкталат.  

2. Эл аралык төлөм системаларынын катышуучусу болуп саналган коммерциялык банктар регулятивдик банктык отчеттун алкагында отчет беришет. Электрондук акча менен эсептешүү системалары боюнча отчетту коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берет. 

3. Төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле өздүк төлөм системаларына ээ коммерциялык банктар, отчетторду ушул эрежелерге ылайык, электрондук цифралык кол тамга жок болгон учурда, коштомо кат менен электрондук жана кагаз түрүндө сунушташат же Улуттук банктын тастыктоочу борбору тарабынан берилген электрондук кол тамга бар учурда, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында берет. 

4. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда Улуттук банк көзөмөлдөнгөн уюмдардан мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун жана өз ара иш алып баруу, расмий сурамдар, баалоо жыйынтыгы боюнча отчеттор, түзүлгөн келишимдер жана эл аралык кызматташуу алкагында, ошондой эле ачык булактардан алынган маалыматтарды колдонот. 

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасында системалык тобокелдикти азайтуу максатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, жарым жылда кеминде бир жолу системалуу мааниге ээ, маанилүү, улуттук төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин тизмегин кайрадан карап чыгат. Системалуу мааниге ээ, маанилүү, улуттук төлөм системаларынын операторлоруна жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине алар системалуу мааниге ээ төлөм системасы, маанилүү төлөм системасы, улуттук төлөм системасы жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылгандыгы тууралуу тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт.  

6. Көзөмөлгө алынган уюмдар отчетторун төлөм системасынын маанилүүлүгүнүн жана төлөм инфраструктурасынын орчундуулугунун деңгээлине жараша түзөт жана Улуттук банкка сунуштайт, ал Улуттук банк тарабынан бекитилген маанилүүлүк критерийлерине ылайык аныкталат.  

7. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда, көзөмөлгө алынган жана башка уюмдардан алынган маалыматтардын купуялуулугун сактайт. Мындай маалыматты ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

2-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына  

мониторинг жүргүзүү тартиби 

8. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлору, электрондук акча эмитенттери, эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери тарабынан түзүлгөн, төлөм системасынын ишинин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү боюнча маалымат алууга мүмкүндүк берген туруктуу отчетторду чогултуу жана талдоо негизинде, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде: 

1) ай ичиндеги күндөлүк төлөмдөрдүн көлөмү жана саны;  

2) төлөм системасынын концентрациялануу коэффициенти;  

3) төлөм инструменттери боюнча төлөмдөр, төлөм системаларынын жана финансылык билдирүүлөрдү алмашуу каналдарынын түрлөрү;  

4) системанын ири катышуучулары боюнча төлөмдөр;  

5) инциденттер боюнча (өзгөчө кырдаалдар, уруксатсыз (санкцияланбаган) операциялар ж.б.);  

6) төлөмдөрдүн багыты боюнча;  

7) себептерин көрсөтүү менен аткарылбаган төлөмдөр;  

8) төлөм системаларынын өз ара байланыштары боюнча; 

9) башка маалыматтар. 

9. Улуттук банк төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда: 

- көзөмөлгө алынган уюмдарга төлөм системасынын абалы жана төлөм инфраструктурасы, инциденттер, даттануулар, төлөмдөр боюнча кайрылуулар жана кайтарып алуулар, төлөм кызматтары жана төлөм инфраструктурасы, төлөм системасында колдонулган башкаруу ыкмалары, төлөм системасынын катышуучуларынын курамы, тарифтер, колдонулган технологиялар жана инновациялар жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талаптарды жөнөтө алат;  

- мамлекеттик органдар, эл аралык төлөм системалары, эл аралык финансылык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен маалымат алмаша алат; 

- жумушчу топтордогу сүйлөшүүлөрдү жана комитеттерге/кеңештерге катышууну кошо алганда, талкууларды, жолугушууларды жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү, уюштурат жана аларга катышат; 

өз ара иш алып баруунун башка түрлөрүн жүзөгө ашырат. 

10. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторлору дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын төмөнкү маалыматтарды Улуттук банкка электрондук түрдө (Excel файлы) жөнөтөт:  

- ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, ар бир катышуучу боюнча төлөмдөрдүн саны жана көлөмү;  

- ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде белгиленген формага ылайык себебин көрсөтүү менен (ликвиддүүлүктүн жоктугу, система четке каккан, катышуучу тарабынан кайтарып алынган, системанын үзгүлтүккө учурашы ж.б.) аткарылбаган төлөм документтеринин саны жана көлөмү;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкары жагдайлар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм системасындагы инциденттер жөнүндө (системанын иш регламентинин бузулушу, иш үзгүлтүктөрү жана каталар, системанын токтоп туруусу, системага уруксатсыз кирүү, иштин үзгүлтүккө учурашы, форс-мажордук жагдайлар ж.б.). 

11. Маанилүү төлөм системаларынын, улуттук төлөм системаларынын операторлору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери «Төлөм системасындагы штаттан тышкары жагдайлар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, келип чыгышына жараша, Улуттук банкка төлөм системасындагы инциденттер тууралуу (системанын иш регламентинин бузулушу, иш үзгүлтүктөрү жана каталар, системанын токтоп туруусу, системанын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү, системага уруксатсыз кирүү, иштин үзгүлтүккө учурашы, форс-мажордук жагдайлар ж.б.) маалымат жөнөтөт.  

12. Маанилүү төлөм системаларынын операторлору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери ар айлык негизде, отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Улуттук банкка ушул Эрежелердин 3-6-тиркемелеринде белгиленген формага ылайык, төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө, анын ичинде ар бир катышуучу тууралуу  маалымат сунуштайт.  

13. Системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системасы болуп саналбаган төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле өздөрүнүн төлөм системалары бар жана/же эл аралык электрондук акча системаларынын агенти болуп эсептелген коммерциялык банктар, жана кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Улуттук банкка төмөнкү маалыматты сунуштайт:  

- ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө

- ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм системасы тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө;  

- «Төлөм системасындагы штаттан тышкары жагдайлар жөнүндө» жобонун  

1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм системасынын иши үзгүлтүккө учурагандыгына жана/же төлөм системасынын эрежелеринин бузулушуна байланыштуу инциденттер (системанын иш регламентинин бузулушу, иш үзгүлтүктөрү жана каталар, системанын токтоп туруусу, системага уруксатсыз кирүү, иштин үзгүлтүккө учурашы, форс-мажордук жагдайлар ж.б.) тууралуу;  

- ушул эрежеге карата 6-тиркемеде белгиленген формага ылайык, төлөм инструменттеринин пайдаланылышы жөнүндө.  

14. Көзөмөлгө алынган уюмдардын отчетторунда көзөмөлгө алынган уюм иштеген ар бир төлөм системасы боюнча жогоруда келтирилген маалыматтардын бардык формалары камтылууга тийиш. 

Регулятивдик банктык отчеттор жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор аркылуу берилген отчеттор Улуттук банкка тиешелүү электрондук кол тамга коюлган белгиленген форматтагы коштомо кат менен электрондук түрдө Excel файлы түрүндө жөнөтүлөт (файлдын ичинде ар бир отчеттун формасы жана төлөм системалары боюнча өзүнчө барактар болушу зарыл). 

Ал эми регулятивдик банктык отчеттор жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор аркылуу берилбеген отчеттор Улуттук банкка электрондук түрдө (Excel файлы (файлдын ичинде ар бир отчеттун формасы жана төлөм системалары боюнча өзүнчө барактар болушу зарыл) жана PDF-форматындагы коштомо кат) psoversight@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт, электрондук кол тамга жок болгон учурда, кагаз түрүндө жөнөтүлөт. Электрондук түрдө жөнөтүлгөн маалымат кагаз жүзүндө берилген маалымат менен бирдей болууга тийиш. Отчеттун кагаз жүзүндө тапшырылган күнү катары анын Улуттук банкта катталган күнү саналат. 

15. Кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар орун алган, отчет толук берилбеген же формалары туура эмес толтурулган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү көзөмөлдөнгөн уюмдун аткаруучусуна электрондук почта же телефон аркылуу отчетту оңдоо зарылдыгы жөнүндө кабарлайт. Оңдолгон отчеттор коштомо кат менен бирге Улуттук банкка күнүмдүк жана жумалык отчеттор 2 жумуш күнү ичинде, ал эми калган отчеттор Улуттук банктан тиешелүү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде берилиши зарыл. 

16. Төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери системага жаңы сервистерди, продукттарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү баскычында, анын ичинде система жабылгандыгы тууралуу Улуттук банкка иштелип чыгып жаткан сервис/продукт, системага сунушталган өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду чагылдырган маалымат тиркелген билдирүү жөнөтүү аркылуу алдын ала маалымдоого тийиш. Улуттук банк келип түшкөн маалыматтарды талдап-иликтейт жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасы, төлөөчүлөр же башка төлөм системалары үчүн тобокелдиктер аныкталган учурда, кемчиликтерди четтетүү үчүн, бул тууралуу билдирүү Улуттук банкта катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде төлөм системасынын операторуна/катышуучусуна, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерине маалымдоого тийиш.  

17. Көзөмөлгө алынган уюм маалыматты бербегендиги, өз убагында бербегендиги жана/же анык эмес маалымат бергендиги үчүн, ошондой эле отчетторду туура эмес толтургандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет. 

18. Мониторинг жүргүзүү процессинде Улуттук банк төмөнкүлөрдү талдап-иликтейт: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген ар бир төлөм системасынын жеке сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген ар бир төлөм системасынын жеке мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүү динамикасын; 

- төлөм системаларынын түрлөрү боюнча рынок үлүшүн бөлүштүрүү

- төлөм системасындагы системалуу тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгын. 

19. Мониторингдин натыйжалары ай сайын системага салынат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуунун жана өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максатында колдонулат. 

20. Улуттук банк кеминде чейректе бир жолу Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу натыйжалары жөнүндө маалыматты Улуттук банктын веб-сайтына жайгаштырат. 

21. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу натыйжалары жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтышы зарыл: 

- төлөм системасынын ишиндеги типтүү кемчиликтер жана проблемалар жөнүндө маалымат; 

- ар башка типтеги төлөм системаларынын иштешине, тобокелдик деңгээлине жана улуттук төлөм системаларынын жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары; 

- ар башка төлөм системаларына баа берүү жана талдоо натыйжалары жөнүндө маалымат ж.б. 

 

3-глава. Төлөм системаларынын жана төлөм инфраструктурасынын ишине баа берүү тартиби 

22. Төлөм системасынын жана төлөм инфраструктурасынын ишине Улуттук банктын талаптарына жана белгиленген эл аралык стандарттарга, анын ичинде Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге ылайык келүүсүнө баа берүү Улуттук банк тарабынан системалуу мааниге ээ төлөм системасына, маанилүү төлөм системаларына, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине карата кеминде үч жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү натыйжасында алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, системанын операторунун өзүн-өзү баалоо натыйжаларынын жана баалоо алкагында берилген башка документтердин негизинде жүргүзүлөт.  

23. Төлөм системаларын баалоодо Улуттук банк эл аралык стандарттарга ылайык, кеминде үч жылда бир жолу борбордук банктардын, рынокту жөнгө салуучулардын жана башка компетенттүү органдардын финансылык рыноктун инфраструктурасы жаатындагы милдеттерине ылайык келүүсүнө баа берет (ушул Эрежелердин 10-тиркемеси). 

24. Улуттук банк баа берүү башталардан 3 ай мурда системалуу мааниге ээ төлөм системасынын, маанилүү төлөм системасынын операторлоруна жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине алардын системасын же ишин баалоо баштала турган күнү жөнүндө маалымдайт, ошондой эле Улуттук банкка ушул Эрежелердин 7, 9,  

11-тиркемелерине ылайык, баалоо күнүнө карата тиешелүү ички документтерин (келишимдер, операциялык эрежелер, ички ченемдик документтер, буйруктар ж.б.) жөнөтүү менен системасын өз алдынча баалоо натыйжаларын берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт. 

25. Өзүн-өзү баалоо системалардын маанилүүлүгүнүн (системалуу мааниге ээ төлөм системасы, маанилүү төлөм системасы) жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин категорияларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл, ошондой эле анкетанын ар бир пункту боюнча толук маалымат камтылууга тийиш. 

26. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын талдоо, төлөм системасынын оператору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери тарабынан жүргүзүлүүчү өз системасына баа берүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

27. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын жана маанилүү төлөм системасынын операторлору, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери баалоо күнүнө карата Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

- ушул Эрежелердин 7, 9, 11-тиркемелеринде белгиленген формага ылайык, өзүнүн төлөм системасынын иштешин өз алдынча баалоо; 

- расмий системалык документтер (системанын эрежелери, төлөм системасынын ишине байланыштуу келишимдер жана макулдашуулар, акыркы 3 (үч) жылдагы оператордун бизнес планы, бизнестин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо планы, колдонулуп жаткан тарифтер ж.б.); 

- тышкы жана ички аудиторлордун системанын операторунун ишине акыркы текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутундулары;  

-акыркы IT-аудиттин жыйынтыктары;  

- башка маалымат.  

28. Баалоо алкагында Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- төлөм системасынын/төлөм инфраструктурасынын учурдагы абалын талкуулоо, келип чыккан маселелерди тактоо үчүн иши бааланып жаткан төлөм системасынын оператору, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү жана/же тиешелүү суроолорду жөнөтүү

- жумушчу топтордогу сүйлөшүүлөрдү кошо алганда, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана комитеттерге/кеңештерге катышуу. 

29. Улуттук банк, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин иши мыйзам талаптарына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө жана финансылык рыноктун инфраструктурасына байланыштуу эл аралык стандарттарга шайкештигин талдап-иликтейт. 

30. Эгерде орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери көзөмөлгө алынган уюм болбосо, Улуттук банк орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери менен түздөн-түз өз ара иш алып барууда баа берет. 

31. Принциптерге шайкештигин талдап-иликтөө сапаттык негизде 5 баллдык шкала боюнча бааланат:  

Балл 

Критерийди сактоо деңгээли 

Чагылдырылышы  

Сакталууда 

Баа берүүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык кемчиликтер жана жетишпестиктер проблемалуу маселеге кирбейт жана алар олуттуу эмес, штаттык режимде жөнгө салууга мүмкүн болгон маселе катары саналат 

Негизинен сакталууда  

Баа берүүнүн жүрүшүндө бир же бир нече проблемалуу маселе аныкталган, алар белгиленген мөөнөттө чечилүүгө тийиш, аларды контролдоону улантуу зарыл 

Айрым бөлүктөрү сакталган  

Баа берүү учурунда бир же бир нече проблемалуу маселе аныкталган, алар тез арада чечилбесе олуттуу проблемага айланышы мүмкүн. Бул маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш 

Сакталган эмес  

Баа берүүдө тез арада чечүүнү талап кылган бир же бир нече кыйла проблемалуу маселелер аныкталган, демек алар биринчи кезекте чечилүүгө тийиш 

 1 

Колдонулбайт   

Бул принцип төлөм системасынын юридикалык, институционалдык, түзүмдүк себептери же башка мүнөздөмөлөрү боюнча баа берилип жаткан төлөм системасынын бул түрүнө карата колдонулбайт 

32. Улуттук банк баалоонун жыйынтыгын белгилүү бир баа берүү негиздемесин кошо тиркөө менен отчетто чагылдырат. Талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык төмөнкүлөр боюнча системанын иши тууралуу корутунду даярдалат жана чечим кабыл алынат:   

- системанын ишинин кабыл алынган стандарттарга жана Улуттук банктын талаптарына жооп бериши жана системанын ишинин колдонуудагы деңгээлинин сакталышы жөнүндө (4төн жогору баалоо);  

- иш натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, баалоо критерийлерин толугу менен аткарууга жетишүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү кошуу жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен баа берилип жаткан системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө (3 деген баа берүү);  

- аларды аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен баа берилип жаткан системага карата чараларды колдонуу же системанын мындан ары иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу тууралуу (2 деген баа берүү).  

33. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна, же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерине талдап-иликтөөлөрдүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча корутундуну, ошондой эле кандайдыр бир тобокелдиктер/бузуулар/процесстерди жана/же жол-жоболорду жакшыртуу зарылчылыгы аныкталганда, же андан ары аткаруу үчүн системаны өркүндөтүү же карама-каршылыктарды четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды жөнөтөт. Ошол эле учурда талдап-иликтөө жана баалоо натыйжалары боюнча корутундуга даттанууга болбойт. 

34. Төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери талдап-иликтөө жана баалоо натыйжалары боюнча корутундуну, ошондой эле системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды алган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин 13-тиркемесине ылайык, системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды аткаруу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Улуттук банкка макулдашууга жөнөтөт (мындан ары Иш-чаралар планы), бул төлөм системасынын оператору менен орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери талдап-иликтөө жана баалоо натыйжаларына макулдугун билдирет. 

35. Иш-чаралар планын Улуттук банк менен макулдашкандан кийин, төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери 5 (беш) жумуш күнү ичинде бекитилген күнүн жана аны бекиткен органдын аталышын көрсөтүү менен бекитилген планды Улуттук банкка жөнөтөт. 

36. Төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөргө/жазма буйруктарга/талаптарга макул болбосо, ар бир документ боюнча келишпестиктин себептерин көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

37. Улуттук банк төлөм системасынын операторунан же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринен тиешелүү кат келип түшкөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күнү ичинде, системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөргө/жазма буйруктарга/талаптарга макул эместиги тууралуу позициясын карайт, жана зарылчылыгына жараша, төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери менен талаш маселелерди чечүү үчүн жолугушууларды жана телеконференцияны өткөрөт. 

38.  Төлөм системасынын операторунун жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин позициясын талкуулоо жана кароо натыйжасында, зарыл болгон учурда, Улуттук банк системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды корректировкалоого укуктуу. Төлөм системасынын оператору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери иш-чаралар планын ушул Эрежелердин 33 жана 34-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык берет. 

39. Иш-чаралар планын ишке ашыруунун абалы жөнүндө отчет бааланган системанын оператору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери тарабынан чейрек сайын отчеттук чейректен кийинки айдын 10уна чейин, ушул Эрежелердин 14-тиркемесине ылайык формада берилиши зарыл. 

40. Улуттук банк үзгүлтүксүз аналитикалык отчеттордогу көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу, төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин ишинин натыйжалуулугун талдап-иликтөө жана баалоо натыйжалары тууралуу маалыматты купуялуулуктун талап кылынган деңгээлин сактоо менен расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

 

4-глава. Төлөм системаларына өзгөрүүлөрдү демилгелөө жана аны өркүндөтүү боюнча чаралар 

 

41. Системанын керектөөчүлөрүнүн укуктарынын бузулушуна же Кыргыз Республикасынын төлөм системасында системалык тобокелдикке алып келиши мүмкүн болгон мониторинг же баалоо натыйжалары боюнча өзүнчө төлөм системасынын ишинде кемчиликтер аныкталган учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторуна ушул кемчиликтер жана төмөнкү иш-чараларды аткаруу зарылдыгы жөнүндө билдирет: 

- төлөм системасынын, төлөм инфраструктурасынын иштешине байланыштуу эрежелерге, келишимдерге жана ички документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү

- тобокелдиктерди тескөө системасына, анын ичинде төлөм системасынын/төлөм инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү

- маалыматтын корголушун камсыз кылуу жана төлөм системасында/төлөм инфраструктурасында коопсуздукту жогорулатуу жаатында маалымат-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүү

- төлөм системасынын/төлөм инфраструктурасынын ичинде механизмдерди өзгөртүү;  

- системанын ишиндеги кемчиликтерди жоюу;  

- системалуу мааниге ээ төлөм системасынын, маанилүү төлөм системасынын, жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин финансылык абалын жакшыртуу;  

- башка иш-чаралар. 

42. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерине тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды жөнөтөт. 

43. Аныкталган тобокелдиктерге жана алардын Кыргыз Республикасынын жалпы төлөм системасына тийгизген таасиринин деңгээлине жараша, ошондой эле системаны баалоо натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер аткарылбай калган учурларда, Улуттук банк башка көзөмөл органдары менен макулдашып, системанын операторуна жана көзөмөлгө алынган уюмга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды колдонууга укуктуу. 

44. Талдап-иликтөөнүн жана баалоонун негизинде даярдалган таасир этүү чараларына Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 чечими менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот.  

45. Улуттук банк өз чечимин мажбурлап аткартуу үчүн көзөмөлгө алынган уюмдар боюнча сотко кайрыла алат. 

1.  

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

1-тиркеме 

 

МААЛЫМАТ 

төлөмдөр жөнүндө_____________________катышуучулар боюнча (системалуу мааниге ээ төлөм системанын аталышы) 

20__-жылдын____- _______ үчүн  

 

Катышуучунун аталышы  

Чыгыш төлөмдөр 

Кириш төлөмдөр 

Төлөмдөр саны 

Төлөмдөр көлөмү (миң сом)  

Төлөмдөр саны 

Төлөмдөр көлөмү (миң сом)  

1-катышуучу 

 

 

 

 

1-катышуучу 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

n-катышуучу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы 

  

  

  

  

  

Жетекчи 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел., e-mail) 

 

 

 

 

  

 

 

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу боюнча  

эрежелерге карата 

2-тиркеме 

 

20__-ж. «__» _______  

_________________________________ 

(системалуу мааниге ээ төлөм системанын аталышы)  

аткарылбаган төлөм документтери 

 

Катышуучунун аталышы 

Аткарылбаган төлөмдөр  

Бардыгы болуп аткарылбаган төлөмдөр  

Ликвиддүүлүктүн жетишсиздиги  

төлөм реквизиттеринин туура эмес көрсөтүлүшү/жоктугу   

Катышуучу тарабындагы техникалык маселелер 

Башкалар 

Төлөмдөр саны  

Төлөмдөр көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөр саны  

Төлөмдөр көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөр саны  

Төлөмдөр көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөр саны  

Төлөмдөр көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөр саны  

Төлөмдөр көлөмү  (миң сом)  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

Бардыгы 

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

Жетекчи 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу   

эрежелерине карата  

3-тиркеме 

 

________ төлөм системасындагы төлөмдөрдүн  

саны жана көлөмү жөнүндө отчет  

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы_______________________ 

Күнү: (айы, жылы) 

_____________________________ 

Төлөм системасынын аталышы 

________________________ 

Төлөм системасынын түрү 

_____________________________ 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________________ 

Валюта  

________________________ 

 

Күнү  (күнү/айы/жылы) 

Валютанын курсу  

Төлөмдөрдүн саны (которуулар)  

Төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү, миң валюта бирдигинде 

  

 

 

 

  

 

 

 

Айына бардыгы болуп:  

чет өлкө валютасында  

 

 

 

улуттук валютада 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Валюта  

 

 

 

  

 

 

 

  

 

 

 

Айына бардыгы болуп:  

чет өлкө валютасында  

 

 

 

улуттук валютада 

 

 

 

 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

4-тиркеме 

 

Системанын ири катышуучулары боюнча төлөмдөр тууралуу 

МААЛЫМАТ 

_____________________________ 

 

Күнү: (айы, жылы) 

_____________________________ 

Төлөм системасынын аталышы 

________________________ 

Төлөм системасынын түрү 

_____________________________ 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________________ 

Валюта  

________________________ 

 

 

Катышуучунун аталышы  

Кириш/Чыгыш 

Төлөмдөрдүн саны (которуулар)  даана 

Төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү, миң валюта бирдигинде 

1-катышуучу 

кириш 

 

 

 

чыгыш 

 

 

2-катышуучу 

кириш 

 

 

 

чыгыш 

 

 

… 

 

 

 

N катышуучу 

кириш 

 

 

чыгыш 

 

 

Калган катышуучулар 

кириш 

 

 

чыгыш 

 

 

Система боюнча бардыгы 

кириш 

  

  

чыгыш 

 

 

  

Жетекчи 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел., e-mail) 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу   

эрежелерине карата  

5-тиркеме 

 

Иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө 

ОТЧЕТ 

______________________ төлөм системасы 

Төлөм системасынын аталышы _____________________________ 

Күнү: (айы, жылы) ________________________ 

Төлөм системасынын түрү _____________________________ 

Төлөм системасынын операторунун аталышы _____________________________ 

Валюта __________________  

 

Күнү (күнү/айы/жылы) 

Валютанын курсу  

Төлөм (которуу) кабыл алынбагандыгынын себеби 

Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны 

Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү, миң даана 

чет өлкө валютасында  

улуттук валютада 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

Бардыгы болуп валюта боюнча, анын ичинде бир айдагы төлөм кабыл алынбагандыгыные себеби боюнча: 

  

  

  

 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

   

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

6-тиркеме 

 

 

төлөмдөрдү иштеп чыгууга байланыштуу иш-чаралар жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Күнү: (айы, жылы) 

_____________________________ 

  

Төлөм системасынын аталышы 

_____________________________ 

  

Төлөм системасынын түрү 

_____________________________ 

  

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________________ 

  

 

 

№ 

Катышуучунун аталышы  

Транзакциялардын саны (даана) 

Транзакциялардын көлөмү (миң сом) 

Бардыгы болуп 

Анын ичинен электрондук акча менен 

Карталарды колдонуу менен 

Бардыгы 

Анын ичинде электрондук акча менен 

Карталарды колдонуу менен 

1-банк  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-банк  

 

 

 

 

 

 

3-банк  

 

 

 

 

 

 

… 

… 

 

 

 

 

 

 

n-1 

Төлөм системанын  

1-оператору 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системанын  

2-оператору 

 

 

 

 

 

 

… 

… 

 

 

 

 

 

 

n+1 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

7-тиркеме 

_________-жылга карата системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын өзүнө-өзү баа берүүсү боюнча 

АНКЕТА  

 

Төлөм системасынын аталышы 

___________________ 

 

 

Төлөм системасынын түрү 

___________________ 

 

 

Төлөм системасынын оператору 

___________________ 

 

 

  

Кыскартуулар:  

- Финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн принциптер; 

- Төлөм системасы; 

- Төлөм системасынын оператору (ТСО); 

- Эл аралык эсептешүүлөр банкына караштуу төлөмдөр жана эсептешүү системалары боюнча комитет; 

- Финансы рыногунун инфраструктурасы; 

- төлөмгө каршы төлөм; 

- Кайтарым сатып алуу жөнүндө репо-макулдашуу. 

1-принцип. Укуктук негиз. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы ишинде бардык тиешелүү юрисдикциялардагы ар бир олуттуу аспект үчүн ынандыра турган, так берилген, айкын укуктук базага ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

1.1-негизги түшүнүк. 

Укуктук негиз бардык тиешелүү юрисдикцияларда төлөм системасынын ишинин олуттуу аспектилеринин толук аныкталышын камсыз кылууга тийиш 

Олуттуу аспектилер жана тиешелүү юрисдикция 

  

1.1.1. Укуктук жактан толук аныкталууну талап кылган төлөм системасы ишинин олуттуу аспектилери канчалык (мисалы, эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышы; неттинг; операциялык айкалыштыруу; төлөмгө каршы төлөм сунуштоо; күрөөлүк камсыздоо механизмдери (маржиналдык келишимдерди кошо алганда); жана милдеттемелери аткарылбаган шарттагы анын жол-жоболору)? 

  

  

  

1.1.2. Төлөм системасынын ишинин ар бир олуттуу аспектилери үчүн тиешелүү юрисдикциялар кайсылар? 

  

  

Ар бир олуттуу аспекти үчүн укуктук негиз 

  

1.1.3. Төлөм системасынын укуктук негизи бардык тиешелүү юрисдикцияларда төлөм системасынын ишинин ар бир олуттуу аспектинин (башкача айтканда, анын мыйзамдык базасы, эрежелери, жол-жоболору жана келишимдер) укуктук жактан толук аныкталышын кандайча камсыз кылат?  

- Эгерде төлөм системасы неттинг жөнүндө макулдашууга ээ болсо, анын укуктук негизи мындай макулдашуулардын мажбурлоо тартибинде аткарылышын кандайча камсыз кылат? 

- Эгерде жыйынтыкталган эсептешүүлөр төлөм системасында жүргүзүлсө, анда анын укуктук негизи операциялардын жыйынтыкталышын, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүз катышуучуну колдоосун төлөм системасы кантип камсыз кылат? Ошондой эле анын укуктук негизи каражаттарды которуу системалары сыяктуу тышкы эсептешүүлөр механизмдерин, операциялардын жыйынтыкталышын колдой алабы? 

  

  

1.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы так аныкталган, түшүнүктүү жана колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик документтерге туура келген эрежелерге, жол-жоболорго жана контракттарга ээ болушу зарыл. 

  

1.2.1. Төлөм системасы, анын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары так жана түшүнүктүү экендигин кантип аныктайт? 

  

  

  

1.2.2. Төлөм системасы эрежелерин, жол-жоболорун жана контракттарын колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик документтерге кантип ылайык келтирет? (мисалы юридикалык экспертизалар жана корутундулар аркылуу)? Кандайдыр бир дал келбестиктер аныкталып же четтетилгенби? Төлөм системасынын эрежелери, жол-жоболору жана келишимдер тышкы компетенттүү органдар жана уюмдар тарабынан каралабы же бааланабы? 

  

  

  

1.2.3. Төлөм системасынын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары күчүнө кирүү алдында бекитилеби? Эгерде бекитилсе, анда ким тарабынан жана кандайча? 

  

  

1.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы компетенттүү органдар, катышуучулар жана зарылчылык келип чыккан шартта кардар катышуучулар үчүн өз ишинин укуктук негизин так жана түшүнүктүү аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. 

  

1.3.1. Төлөм системасы тиешелүү компетенттүү органдар, катышуучулар жана зарылчылык келип чыккан шартта кардар катышуучулар үчүн өз ишинин укуктук негизин кантип аныктайт? 

  

  

1.4-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда доо күчүнө ээ эрежелерге, жол-жоболорго жана контракттарга ээ болушу зарыл. Муну менен бирге төлөм системасы тарабынан жасалган аракеттер бул сыяктуу эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык токтотулбайт, юридикалык күчкө ээ болбойт же жокко чыгарылбайт деген ишеним болууга тийиш. 

Эрежелер, жол-жоболор жана контракттардын укуктук жактан санкция менен камсыз болушу. 

  

1.4.1. Төлөм системасы эрежелери, жол-жоболору жана анын операциялары менен байланышы бар контракттары 1-негизги түшүнүктө көрсөтүлгөн бардык тиешелүү юрисдикцияларда укуктук санкциялар менен камсыз кылынгандыгына жогорку деңгээлдеги ишенимин кандайча камсыз кылат? (мисалы, юридикалык экспертизаларды жана корутундуларды алуу аркылуу) 

  

  

Эрежелердин жана жол-жоболордун аныкталуу деңгээли 

  

1.4.2. Төлөм системасы эрежелери, жол-жоболору жана контракттары жараксыз катары таанылбай, кайтарым күчкө ээ болуусу жана алардын таасири токтотулбай тургандыгына толук ишенимин кандайча камсыз кылат? Анын эрежелеринин, жол-жоболорунун жана контракттарынын негизинде көрүлгөн аракеттер жараксыз деп таанылышы, кайтарым күчкө ээ болуусу мүмкүн болгон жана алардын таасири токтотула турган кырдаалдар түзүлөбү? Эгерде андай болсо, анда бул жагдайлар кайсылар? 

  

  

  

1.4.3. Тиешелүү юрисдикциядагы сот качандыр бир убакта төлөм системасынын ишин же анын эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык келген механизмдерин укуктук санкция менен камсыз кылынбаган катары тааныды беле? 

  

  

1.5-негизги түшүнук 

Бир канча юрисдикцияларда иш алып баруучу төлөм системасы мындай юрисдикциялардын укуктук нормаларынын потенциалдуу конфликтинен улам келип чыгуучу тобокелдиктерди аныктоого жана азайтууга тийиш. 

  

1.5.1. Эгерде төлөм системасы бир канча юрисдикцияларда иш алып барса, укуктук ченемдердин кайсы бир потенциалдуу конфликттерин кандайча аныктайт жана талдап-иликтейт? Тиешелүү юрисдикцияларда төлөм системасы тарабынан тандалып алынган укуктарды укуктук санкция менен камсыз кылууга карата белгисиздик келип чыкса, төлөм системасы укуктук нормалардын потенциалдуу конфликттерин кез карандысыз юридикалык экспертиза менен камсыз кылдыбы? Төлөм системасы укуктук нормалардын кандай потенциалдуу конфликттерин аныктады жана талдап-иликтеди? Төлөм системасы укуктук нормалардын потенциалдуу конфликттерин кандайча жөнгө салган? 

  

  

  

Жыйынтыктоочу баа: 

  

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

2-принцип. Башкаруу 

 

Финансы рыногунун инфраструктурасы анын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоочу так аныкталган жана ачык-айкын башкаруу системасына, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды белгилөөчү жалпы финансы системасынын туруктуулугуна жана таламдаш тараптардын максаттарына жетишүүчү башка аспектилерге ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

2.1-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы анын коопсуздугу жана натыйжалуулугу биринчи кезекте камсыз кылынышы каралган жана финансы туруктуулугун түздөн-түз колдоого алган жана коомдук кызыкчылыктарды көздөгөн аспекттерди колдогон максаттарга ээ болууга тийиш.  

  

2.1.1. Төлөм системасынын максаттары кандай жана алар так чагылдырылганбы? Коюлган милдеттерди аткаруу боюнча төлөм системасы өз ишин кандайча баалайт? 

  

  

  

2.1.2. Төлөм системасынын милдеттеринде коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна биринчи кезекте кандайча маани берилет? Аталган рыноктун милдеттеринде финансы туруктуулугу жана башка релеванттык коомдук таламдар кандайча так формада колдоого алынат? 

  

  

2.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системалары жоопкерчиликти жана милдеттерди так аныктаган, документтештирген башкаруу жөнүндө келишимдерге ээ болушу зарыл. Бул келишимдер ээлерине, компетенттүү органдарга, катышуучуларга жана көбүнчө коомчулукка жеткирилиши керек. 

Башкаруу механизмдери 

  

2.2.1. Төлөм системасынын директорлор кеңеши (же ушул сыяктуу орган) жана жетекчилиги таянуу менен иш алып барган башкаруу келишимдери же механизмдери кандай? Төлөм системасынын ичинде милдеттер жана жоопкерчиликтер кандайча бөлүштүрүлгөн? Бул механизмдер кандайча жана кайсы документтерде (пландар) бекитилген? 

  

  

  

2.2.2. Системалар борбордук банктар аркылуу башкарылган учурда, башкаруу механизмдери мүмкүн болуучу же орун алган кызыкчылыктар конфликтин кандайча жөнгө салат? Башкаруу механизмдери оператордун жана байкоочунун иш милдеттери бөлүштүрүлүшүнө канчалык деңгээлде жол берет? 

  

  

  

2.2.3. Төлөм системасы ээлик кылуучуларга жана катышуучуларга, жана башка кызыкдар болгондорго кандайча отчет берет? 

  

  

Башкаруу механизмдери тууралуу маалыматты ачуу 

  

2.2.4. Башкаруу механизмдери тууралуу маалымат ээлик кылуучуларга, компетенттүү органдарга, катышуучуларга жана коомчулуктун кеңири деңгээлине кандайча сунушталат? 

  

  

  

2.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасынын (же башка ушул сыяктуу орган) директорлор кеңешинин ролу (же башка ушул сыяктуу орган) жана милдеттери так аныкталышы керек; анын ишинин жол-жобосун чагылдыруучу документтер, анын ичинде кызыкчылыктар конфликтин аныктоо, изилдөө, кароо жана чечүү жол-жоболору болушу зарыл? Директорлор кеңеши, кеңештин жана анын айрым мүчөлөрүнүн ишин толугу менен тынымсыз талдап-иликтеп турууга тийиш? 

Кеңештин ролу жана милдеттери 

  

2.3.1. Төлөм системасынын Директорлор кеңешинин (же ушул сыяктуу органдын) ролу жана милдеттери кандай жана алар так аныкталганбы? 

  

  

  

2.3.2. Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышын аныктоо, аларды карап чыгуу жана чечүү жол-жоболорун кошо алганда, анын ишин жөнгө салуунун кандай жол-жоболору бар? Бул документтер кайсы документтерде бекитилген жана алар кимге берилет? Алар канчалык үзгүлтүксүз каралып турат? 

  

  

  

2.3.3. Директорлор кеңешинин ишин камсыз кылуучу кандай комитеттер түзүлгөндүгүн баяндап бергиле. Комитеттердин ролу, милдеттери жана курамы кандай? 

  

  

Ишти текшерүү 

  

2.3.4. Кеңештин ишин жана анын айрым мүчөлөрүнүн ишин текшерүү үчүн бекитилген жол-жоболор кайсылар? 

  

  

2.4-негизги түшүнүк. 

Директорлор кеңешинин курамына көптөгөн милдеттерин аткаруу үчүн билимге жана мотивацияга ээ мүчөлөр кириши зарыл. Эреже катары, бул кеңештин көз карандысыз мүчөлөрүнүн болушун талап кылат. 

  

2.4.1. Төлөм системасы өзүнүн көптөгөн ролун аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйба жана мотивацияга канчалык деңгээлде ээ? Төлөм системасы бул талаптардын аткарылышын кантип камсыз кылат? 

  

  

  

2.4.2. Төлөм системасы керектүү көндүмдөргө ээ кеңештин мүчөлөрүн тартуу жана кармап калуу үчүн кандай өбөлгөлөрдү түзөт? Мындай өбөлгөлөр төлөм системасынын узак мөөнөттүү милдеттеринин аткарылышына кандайча таасирин тийгизет? 

  

  

  

2.4.3. Кеңешке аткарбоочу же көз карандысыз мүчөлөр киреби? Эгер кирсе, анда канчоо? 

  

  

  

2.4.4. Эгерде кеңешке көз каранды эмес мүчөлөр кирсе, анда төлөм системасы кеңештин көз карандысыздыгын кандайча аныктайт? Төлөм системасы кеңештин мүчөлөрүнүн кайсынысы көз карандысыз экендиги тууралуу маалыматты ачыкка чыгарабы? 

  

  

2.5-негизги түшүнүк. 

Башкарманын ролу жана милдеттери так аныкталууга тийиш. Төлөм системасынын башкармасы тажрыйбага, ар башка жөндөмдүүлүккө жана анын ишин алып барууда жана андагы тобокелдиктерди тескөөдө өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана ак ниеттүүлүккө ээ болушу зарыл. 

Башкарманын ролу жана милдеттери 

  

2.5.1. Башкарманын ролу жана милдеттери кандай жана алар так аныкталганбы? 

  

  

  

2.5.2. Башкарманын ролу жана милдеттери кандайча аныкталат жана бааланат? 

  

  

Тажрыйба, жөндөмдүүлүк жана кесипкөйлүк ак ниеттик 

  

2.5.3. Төлөм системасы анын ишин алып барууда жана тобокелдиктерин тескөөгө алууда зарыл болгон тажрыйбага, жөндөмдүүлүккө жана кесипкөйлүк ак ниеттикке канчалык деңгээлде ээ? 

  

  

  

2.5.4. Жетекчилерди бошотуунун жол-жобосу кандай (зарылчылык келип чыккан учурда)? 

  

  

2.6-негизги түшүнүк. 

Директорлор кеңеши чукул жана өзгөчө кырдаалдарда чечим кабыл алуу тартибин жана тобокелдиктер жагында чечимдерди аткаруу үчүн милдеттерди жана жоопкерчиликти аныктаган толеранттуулук жаатындагы төлөм системасынын саясатын өзүндө камтыган так, документалдык жактан таризделген тобокелдиктерди тескөө системасын жана түзүшү керек. Башкаруу түзүмү тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо бөлүмдөрү жетишерлик деңгээлде ыйгарым укуктарга, көз карандысыздыкка, ресурстарга жана директорлор кеңешине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусун камсыз кылышы зарыл. 

Тобокелдиктерди тескөө системасы 

  

2.6.1. Кеңеш тарабынан бекитилген тобокелдиктерди тескөө системасы кандай? Ал документ менен бекитилгенби жана кандай түрдө

  

  

  

2.6.2. Тескөө системасы төлөм системасын тобокелдикке карата толеранттуулук жаатындагы саясатын жана тобокелдиктер чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууга милдеттерди жана жоопкерчиликтерди белгилейт жана чукул кырдаалда жана күтүлбөгөн жагдай учурунда чечимдерди кабыл алуу процессин кандайча жөнгө салат? 

  

  

  

2.6.3. Тобокелдиктерди тескөө системасын кабыл алуу, өзгөртүү жана кайра карап чыгуу жол-жобосу кандай? 

  

  

Компетенттүү орган жана тобокелдиктерди жана ички көзөмөлдүктү тескөө бөлүмдөрүнүн көз карандысыздыгы 

  

2.6.4. Тобокелдиктерди жана ички көзөмөлдүктү тескөө бөлүмдөрүнүн ролу, милдеттери, ыйгарым укуктары, отчеттору жана ресурстары кандай? 

  

  

  

2.6.5. Кеңеш тобокелдиктерди тескөөнүн үлгүлөрүн кабыл алууда жана колдонууда шайкеш тескөөнү кандайча колдоно алат? Мындай үлгүлөр жана аны менен бирге колдонулуучу методология кантип бекитилет? 

  

  

2.7-негизги түшүнүк 

Төлөм системасынын Директорлор кеңеши анын түзүлүшү, эрежелери, жалпы стратегиясы жана негизги чечимдери тике жана кыйыр катышуучуларынын жана башка катышуучуларынын мыйзамдуу таламдарын тиешелүү түрдө чагылдырсын. Негизги чечимдерди таламдаш тараптарга так формада, ал эми бул чечимдер толугу менен рынокко таасирин тийгизген учурда коомчулукка жеткирүү зарыл. 

Таламдаш тараптардын кызыкчылыктарын аныктоо жана кароо 

  

2.7.1. Төлөм системасы анын түзүлүшү, эрежелери, жалпы стратегиясы жана негизги чечимдери менен байланышкан чечимдерди кабыл алууда катышуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын кантип аныктайт жана эсепке алат? 

  

  

  

2.7.2. Кеңеш бул чечимдер жөнүндө кызыкдар тараптардын тике жана кыйыр катышуучуларынын пикирлерин кантип эске алат? Мисалы, катышуучулар тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетке, дефолтту башкаруу тобу сыяктуу комитетке киреби же бул коомдук кеңеш берүү аркылуу гана ишке ашырылабы? Кызыкдар тараптар жана төлөм системасы ортосунда кызыкчылыктар кагылышы кандайча байкалат жана жөнгө салынат? 

  

  

Маалыматты ачуу 

  

2.7.3. Төлөм системасы Директорлор кеңеши, кызыкдар тараптар тарабынан кабыл алынган негизги чечимдер жөнүндө маалыматты, зарылчылык келип чыккан учурда коомчулукка канчалык деңгээлде ачат? 

  

  

  

Жыйынтыктоочу баа: 

  

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

3-принцип. Тобокелдиктерди тескөөнүн комплекстүү системасы.  

Финансы рыногунун инфраструктурасынын жоюучулук, укуктук, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди комплекстүү тескөө үчүн тобокелдик менеджментинин туруктуу системасына ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

3.1-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы анда келип чыгуучу же түзүлүүчү тобокелдиктерди аныктоого, сандык жагынан баа берүүгө, контролдоого жана тескөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн тобокелдик менеджментине, тобокелдиктерди тескөө саясатына ээ болууга тийиш. 

Төлөм системасында келип чыгуучу же анда түзүлүүчү тобокелдиктер 

  

3.1.1. Тобокелдиктердин кайсы түрүн төлөм системалары түзүшөт жана алар тобокелдиктердин кайсы түрүнө кабылат? 

  

  

Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жобосу жана системасы 

  

3.1.2. Төлөм системасында келип чыгуучу жана түзүлүүчү тобокелдиктерди аныктоого, өлчөөгө, контролдоого жана тескөөгө мүмкүнчүлүк түзүүчү анын саясаты, жол-жобосу жана контролдоо системасы кандай? 

  

  

  

3.1.3. Тобокелдик менеджментинин кайсы системалары тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана бардык спектрин тескөө үчүн төлөм системасын колдонушат? 

  

  

  

3.1.4. Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системалары иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу процесси кандай? 

  

  

Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системалары 

  

3.1.5. Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системаларынын натыйжалуулугун төлөм системасы кандайча баалайт? 

  

  

  

3.1.6. Төлөм системасы тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системаларынын кайрадан каралышын жана жаңылануучулугун канчалык көп ишке ашырып турат? 

  

  

  

3.1.7. Төлөм системасы өзүнүн тобокелдиктерди тескөө саясаттарын, системаларын жана жол-жоболорун канчалык бат карап чыгат жана алмаштырат? Кайра карап чыгууда тобокелдиктин интенсивдүүлүгүнүн өзгөрүшү, базар конъюнктурасынын өзгөрүшү жана базар практикасы кандайча эске алынат? 

  

  

3.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы өз катышуучулары үчүн, зарылчылык келип чыккан шартта алардын кардарларын дагы тобокелдиктерди тескөө жана басаңдатуу үчүн стимул түзүүгө тийиш. 

  

3.2.1. Төлөм системасы өз катышуучуларына жана тиешелүү учурларда төлөм системасы кириптер болуучу тобокелдиктерди тескөөгө жана кармап турууга мүмкүнчүлүк түзүүчү өзүнүн кардарларына хандай маалымат берет? 

  

  

  

3.2.2. Төлөм системасы кандайча катышуучуларына жана тиешелүү учурларда өз кардарларына төлөм системасында кириптер болгон тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди тескөөгө стимулдаштырат? 

  

  

  

3.2.3. Төлөм системасы катышуучуларын жана тиешелүү учурларда өз кардарларына тобокелдиктерди тескөөгө жана аларга каршы турууга натыйжалуу өбөлгө түзүүчү өз саясатын жана системасын кандайча иштеп чыгат? 

  

  

3.3-негизги түшүнүк 

Төлөм системасы олуттуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз текшерүүгө алышы зарыл, ал аркылуу сырттан кабылуучу жана башка уюмдар (башка төлөм системалары, эсептешүү банктары, жоюу провайдерлери) кабылуучу жана анын жыйынтыгында өз ара көз карандылык келип чыга турган, бул тобокелдиктерди тиешелүү тескөөгө алган механизмдер 

Олуттуу тобокелдиктер 

 

3.3.1. Төлөм системасы сырттан кабылуучу жана башка уюмдарды кириптер кылуучу өз ара көз карандылыктан улам келип чыга турган олуттуу тобокелдиктерди кандайча таап чыгат? 

 

 

 

3.3.2. Тобокелдиктерди өлчөө жана мониторинг жүргүзүү кандайча жүргүзүлөт? Төлөм системасы тобокелдиктер баяндамасын канчалык көп жүргүзүп турат? 

 

 

Тобокелдиктерди тескөө каражаттары 

 

3.3.3. Анын башка уюмдар менен өз ара байланышынан улам келип чыгуучу тобокелдиктерге каршы аракеттенүү үчүн төлөм системасы тобокелдиктерди тескөөнүн кандай каражаттарын колдонот? 

 

 

 

3.3.4. Төлөм системасы тобокелдиктерди тескөөнүн бул каражаттарынын натыйжалуулугун кантип баалайт? Төлөм системасы тобокелдиктерге каршы аракеттенүү үчүн колдонулуучу тобокелдиктерди тескөө каражаттарын кандайча карап чыгууну ишке ашырат? Канча убакта кайрадан кароого алынат? 

 

 

4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы иштеп жаткан ишкана катары анын оор операцияларды жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруусуна олуттуу жолтоо болуучу сценарийлерди таап чыгуусу жана иш алып барууну калыбына келтирүүнү пландаштыруу же ырааттуу түрдө токтотуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугун баалоого тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, төлөм системасы тиешелүү компетенттүү органдар үчүн чечимдерди пландаштыруу үчүн керектүү маалыматты дагы бериши зарыл. 

Төлөм системасынын маанилүү операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга жолтоо кылуучу сценарийлер. 

 

3.4.1. Төлөм системасы анын олуттуу операцияларды жана тейлөөлөрдү ишке ашырышына жолтоо болуучу сценарийлерди кантип аныктайт? Мындай процесстердин жыйынтыгында кандай сценарийлер аныкталган? 

 

 

 

3.4.2. Бул сценарийлер төлөм системасы дуушар болгон өзүнчө жана байланыштуу тобокелдиктерди кандайча эсепке алынат? 

 

 

Ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө токтотуу боюнча пландар 

 

3.4.3. Ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө жоюу боюнча төлөм системасынын кандай пландары бар? 

 

 

 

3.4.4. Төлөм системасынын ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө жоюу боюнча негизги стратегиялары анын орчундуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү улантуусуна кандайча мүмкүнчүлүк берет? 

 

 

 

3.4.5. Төлөм системасынын ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө жоюу боюнча пландары канча убакыт аралыгында кайра каралат жана жаңыланат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/Сунуш-көрсөтмөлөр 

4-принцип. Кредиттик тобокелдик. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын иш-аракеттеринен улам келип чыккан кредиттик тобокелдиктерди, ошондой эле төлөм, клиринг жана эсептешүү процесстеринен келип чыккан тобокелдиктерди натыйжалуу өлчөп, контролдукка алууга жана аларды тескөөнү камсыз кылууга тийиш.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы ар бир катышуучунун кредиттик тобокелдигинин ордун ишенимдүү жана толук жабуу үчүн жетиштүү финансы ресурсту колдоп турууга тийиш. Мындан тышкары, ишин олуттуу тобокелдиктер коштогон жана/же бир нече юрисдикцияда системалуу мааниге ээ борбордук контрагенттер, келип чыгышы ыктымал болгон кооптуу жагдайлардын кеңири түрмөгүнүн ордун жабууга жетиштүү кошумча финансылык ресурстарга ээ болушу зарыл. Буларга эки катышуучу жана алардын аффилирленген компаниялары тарабынан өзүнө алган мнлдеттенмелеринин аткарылбай калышы сыяктуу жагдайлар камтылууга жана муну менен эле чектелип калбастан, өзгөчө кырдаалда, бирок болжолдоого болгон рыноктук жагдайларда борбордук контрагенттер үчүн кредиттик тобокелдиктин жыйындысы келип чыгышынан улам түптөлгөн жагдайлар да камтылууга тийиш. Башка бардык борбордук контрагенттер да кооптуу жагдайлардын ордун жабууга жетиштүү кошумча финансылык ресурстарга ээ болууга тийиш. 

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

  

4.1-негизги түшүнүк. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучулар тарабынан кредиттик тобокелдиктерди тескөө башкармалыгынын ишенимдүү түзүмүн, ошондой эле анын төлөм, клирингдик жана эсептешүү процесстеринен улам келип чыккан кредиттик тобокелдиктер. Кредиттик тобокелдик күндөлүк тобокелдиктерден жана/же потенциалдуу келечектеги тобокелдиктерден улам келип чыгышы мүмкүн. 

  

  

 

4.1.1. Кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча төлөм системасынын, анын катышуучулар жана анын төлөм, клирингдик жана эсептешүүлөр процесстери менен түзүлүүчү күндөлүк жана потенциалдуу тобокелдиктерди кошо алганда механизмдери кандай? 

 

 

 

4.1.2. Конъюнктуралардын, рыноктук практикалардын жана жаңы продуктулардын өзгөрүүсүн чагылдырууну эсепке алуу менен механизмдер канча убакта кайра каралат? 

 

 

4.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы кредиттик тобокелдиктердин булагын аныктоого тийиш, ар дайым кредиттик тобокелдиктерди сандык баалоону жана мониторинг жүргүзүүнү жана бул тобокелдиктерди контролдоо үчүн тиешелүү механизмдерди колдонууну өткөрүп туруусу зарыл. 

 

4.2.1. Төлөм системасы кандайча кредиттик тобокелдиктин булактарын аныктайт? Төлөм системасы тарабынан аныкталган кредиттик тобокелдиктердин булагы кандай? 

 

 

 

4.2.2. Төлөм системасы кредиттик тобокелдиктерди кандайча өлчөйт жана мониторинг жүргүзөт? Төлөм системасы тобокелдиктерди кайра баалоо канча убакыт сайын жүргүзүлөт? Маалымат канчалык деңгээлде актуалдуу? 

 

 

 

4.2.3. Төлөм системасынын кайсы механизмдери кредиттик тобокелдиктеги булактарды контролдоо үчүн колдонулат (мисалы, айкын убакытта дүң эсептешүүлөр механизмдеринин сунушу же «төлөмгө каршы тапшыруу» эсептешүүлөрү, таза дебетти чектөө же бир күндүк кредит, концентрация чектөөлөрүн же күн сайын же орточо суткалык негизде күндөлүк рыноктук баалардын негизинде позицияларды кайра баалоо)? Бул инструменттердин натыйжалуулугун төлөм системасы кандайча өлчөйт? 

 

 

4.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы аныктоонун жогорку деңгээли менен өзүнүн күндөлүк жана ар бир катышуучу тарабынан потенциалдуу келечек тобокелдиктери болсо, күрөөлүк камсыздоону колдонуу менен жана башка ушул сыяктуу финансылык ресурстарды жабышы зарыл (Күрөөлүк камсыздоо жөнүндө 5-принципти карагыла). Кийинкиге калтырылган нетто-эсептөө системаларынын (DNS системалары) негизинде эсептешүү кепилдиги жок, бирок эгерде алардын катышуучулары төлөм, клирингдик жана эсептешүүлөрдөн улам келип чыгуучу кредиттик тобокелдиктер менен кез келгенде, мындай төлөм системалары системада олуттуу кредиттик тобокелдикти жарата алуучу эки катышуучу же алардын аффилирленген компаниялары тарабынан жаралган тобокелдиктерди жабуу үчүн кеминде жетишерлик ресурстарга ээ болушу зарыл. 

Ар бир катышуучунун тобокелдигинин ордун жабуу 

 

4.3.1. Төлөм системасынын өзүнүн күндөлүк тобокелдиктерин жана алар болгон учурда потенциалдуу келечектеги тобокелдиктеринин ордун кантип жабат? Мындай тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн төлөм системасы тарабынан колдонулуучу финансы ресурстарынын курамы кандай? Финансы ресурстары баалоонун кандай деңгээлин түзөт? 

 

 

 

4.3.2. Финансы ресурстары канчалык деңгээлде төлөм системасынын күндөлүк жана потенциалдуу келечек тобокелдиктерин толук көлөмдө жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктүн ордун жабышат? Өзүнүн финансы ресурстарынын жетишээрлигин төлөм системасы канчалык деңгээлде баалайт? 

 

 

Эсептешүүлөрдүн кепилдиги жок мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар төлөм системалары үчүн эсептешүүлөрдүн кепилдиги жок. 

 

4.3.3.Эгер төлөм системасы эсептешүү кепилдиги жок мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар система болсо, анын катышуучулары, алардын төлөм, клирингдик жана эсептешүү процесстеринен келип чыккан кредиттик тобокелдиктерге дуушар болушабы? Эгер системада кредиттик тобокелдиктер болсо, анда система кандайча мониторинг жүргүзөт жана бул тобокелдиктерди өлчөйт? 

 

 

 

4.3.4. Эгер төлөм системасы эсептешүү кепилдиги жок мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар система болуп, бирок катышуучулардын арасында кредиттик тобокелдиктер бар болсо, төлөм системасынын финансылык ресурстары системада олуттуу кредиттик тобокелдиктерге алып келе турган эки катышуучунун жана алардын аффилирленген компаниялардын кайсы деңгээлде аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабат? 

 

 

4.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы милдеттенмелерди өз алдынча аткарбагандыгынын же төлөм системасы алдында милдеттенмелерди анын катышуучулары тарабынан аткарбай коюуну айкалыштыруунун жыйынтыгында милдетин ала турган кредиттик жоготуулардын толук ордун жабуунун так эрежелерин жана жол-жоболорун аныкташы зарыл. Бул эрежелер жана жол-жоболор төлөм системасынын ликвиддүүлук провайдерлеринен алынган каражаттарды кайтарып алууну кошо алганда орду жабылбаган кредиттик жоготуулар кандайча бөлүштүрүлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, бул эрежелер жана жол-жоболор, төлөм системасы коопсуз жана ишенимдүү иш алып баруусун улантуу үчүн стресстик абалды жараткан жагдайларда төлөм системасы колдой турган анын төлөм системасын толтуруу процессин сүрөттөп бериши зарыл. 

 

Кредиттик жоготуулардын бөлүштүрүлүшү 

 

 

4.4.1. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору айкын формада кредит боюнча анын катышуучуларынын төлөм системасы алдындагы милдеттенмелерин өз алдынча аткарбоосунун жана айкалыштыруусунун натыйжасында милдетин ала турган кайсы болбосун жоготууларды кандайча жөнгө салат? Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кредит боюнча потенциалдуу орду жабылбаган жоготуулардын бөлүштүрүлүшүн жана төлөм системасынын ликвиддүүлүк провайдерлеринен алган каражаттардын ордун жабууну кошо алганда кайсы тартипте жана кандайча жөнгө салат? 

 

 

Финансы ресурстарын толуктоо 

 

4.4.2. Төлөм системасынын стресстик жагдайдан улам азайып кеткен финансы ресурстарын толуктоону жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор кайсылар? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/Сунуш-көрсөтмөлөр: 

5-принцип: Күрөөлүк камсыздоо. 

Өзүнүн кредиттик тобокелдиктерин жана катышуучуларынын кредиттик тобокелдиктерин тескөө үчүн күрөөлүк камсыздоого муктаж болгон Финансы рыногунун инфраструктурасы төмөнкү ликвиддүүлүк тобокелдиктери, кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерге ээ күрөөлүк камсыздоону кабыл алууга тийиш. Мындан тышкары, Финансы рыногунун инфраструктурасы концентрациянын жетишерлик консервативдүү тескөө чарасын жана лимиттерди белгилеши жана колдонушу зарыл. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

  5.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, эреже катары төмөнкү кредиттик жана рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги камтылган активдерди күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алган активдерди чектөөгө тийиш.  

 

5.1.1. Өзгөчө негизде кабыл алынуучу күрөөлүк камсыздоону кошо алгандагы күрөөлүк камсыздоо катары белгилүү бир актив алгылыктуу экендигин төлөм системасы кандайча аныктайт? Төлөм системасы өзгөчө негиз болуучу эмне экендигин кантип аныктайт? Төлөм системасы бул аныктамаларды канчалык көп колдонот? Төлөм системасы өзгөчө негизде күрөөлүк камсыздоону канчалык көп кабыл алат, жана мындай күрөөлүк камсыздоону кабыл алууда ал лимиттерди колдонобу? 

 

 

 

5.1.2. Төлөм системасы күрөөлүк камсыздоону критерийлерге карата колдонулуучу критерийлерге туура келерин камсыздоо үчүн ал тарабынан катталган күрөөлүк камсыздоого кандайча мониторинг жүргүзөт? 

 

 

 

5.1.3. Төлөм системасы кандайча кайтарым корреляциянын мүмкүн болуучу атайы тобокелдигин кантип аныктайт жана абалын жеңилдетет, мисалы, ал тарабынан күрөөлүк камсыздоого карата лимиттерди колдонуу жолу аркылуу (күрөөлүк камсыздоонун концентрациясынын лимиттерин кошо алганда)? 

 

 

5.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы баа берүүнүн пруденциалдык белгилерин белгилөөгө жана дайыма текшерүүгө алынып, рыноктук кооптуу жагдайларды эске алган тобокелдиктерди тескөө чарасы системасын аныктоого тийиш. 

Баа берүү тажрыйбасы 

 

5.2.1. Төлөм системасы күрөөлүк камсыздоонун наркын рыноктук наркка салыштырып кайрадан баа берүүнү кайсыл учурда жүргүзүп турат жана бул күн сайын аткарылабы? 

 

 

 

5.2.2. Төлөм системасы, эгерде рыноктук баалар айкын наркты чагылдыра албаса, активдерге өз алдынча баа берүүгө ыйгарым укуктуубу? 

 

 

Тобокелдиктерди тескөө системасын колдонуу тажрыйбасы 

 

5.2.3. Төлөм системасы муну кандайча аныктайт? 

 

 

 

5.2.4. Төлөм системасы тобокелдикти тескөө системасынын талаптагыдай экендигин кандайча тесттен өткөрөт, анын ичинде күрөөлүк камсыздоонун жок кылынышы каралган стресстик рыноктук жагдайлар шартында активдердин наркынын төмөндөп кетишин кантип аныктайт? Төлөм системасы бул тестти кайсыл учурда өткөрүп турат. 

 

 

5.3-негизги түшүнүк.  

Корректировкалоого болгон керектөөнү басаңдатуу үчүн төлөм системасы мезгил-мезгили менен орун алып турган кооптуу рыноктук жагдайлар эске алынган тобокелдиктерди тескөөнүн туруктуу жана консервативдүү системасын жөнгө салууга тийиш. 

 

5.3.1. Төлөм системасы тобокелдиктерди тескөө системасынын жөнгө салынгандыгын кантип аныктап, ага баа берет? Бул системага корректировкалоолор кандайча эске алынат? 

 

 

5.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, бул баа үчүн олутсуз жагымсыз натыйжалуу активдердин тез эле жоюу мүмкүнчүлүгүн олуттуу төмөндөтүүгө алып келүүчү белгилүү бир активдердин концентрациясынан качышы зарыл. 

 

5.4.1. Жоюу учурунда баага потенциалдуу жагымсыз таасир этүүнү чектөө максатында белгилүү бир активдерди аныктоо жана анын концентрацияланышына бөгөт коюу боюнча төлөм системасынын саясаты кандай? Бул саясатты аныктоо учурунда кайсы факторлор таасир этет (мисалы, баага же рыноктук шарттарга жагымсыз таасир этүү)? 

 

 

 

5.4.2. Төлөм системасы концентрациянын кайра кароо жана баа саясатын жана шайкештүүлүктү аныктоо боюнча практиканы кандайча жүргүзөт? Төлөм системасы бул саясаттын жана практиканы кайра кароону жана баа берүүнү канчалык көп жүргүзөт? 

 

 

5.5-негизги түшүнүк. 

Чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону кабыл алуучу төлөм системасы анын колдонулушу менен байланыштуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө жана аны убагында колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш. 

 

5.5.1. Чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону кабыл алуу менен төлөм системасы юридикалык, операциялык, рыноктук жана башка тобокелдиктерге кабылуучу тобокелдиктер кандай? Төлөм системасы бул тобокелдиктерди кантип жеңилдетет? 

 

 

 

5.5.2. Төлөм системасы өз убагында чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону колдонуу мүмкүнчүлүгүн кандайча камсыз кылат? 

 

 

5.6-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы мыкты уюштурулган жана операциялык жактан күрөөлүк камсыздоону башкаруучу ийкемдүү системаны колдонушу зарыл. 

Күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасы 

 

5.6.1. Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасынын негизги мүнөздөмөсү кайсылар? 

 

 

 

5.6.2. Төлөм системасы күрөөлүк камсыздоону кайталап колдонуу жана сунушталган күрөөлүк камсыздоого өз укуктарын кантип жана кандай деңгээлде байкоого алат? 

 

 

Операциялык ийкемдүүлүк 

 

5.6.3. Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасы күрөөлүк камсыздоого күндөлүк мониторинг жүргүзүү жана башкаруу учурунда өзгөрүүлөрдү кантип жана кандай деңгээлде эске алат? 

 

 

 

5.6.4. Күрөөлүк камсыздоону башкаруу системасы рыноктук стресс мезгилинде да иш үзгүлтүксүздүгүн кандай деңгээлде камсыз кылат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

6-принцип: Гарантиялык депозит өлөм системасына колдонулбайт) 

Борбордук контрагент өз катышуучулары тарабынан түзүлгөн кредиттик тобокелдиктерди бардык продукттар боюнча үзгүлтүксүз каралып туруучу тобокелдиктерди эске алган гарантиялык депозиттердин эффективдүү системасы аркылуу жабууга тийиш. 

7-принцип. Ликвиддүүлүк тобокелдиги. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн ликвиддүүлүк тобокелдигин натыйжалуу баалоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы бир күндүк эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон валюталарда жетишерлик ликвиддүү ресурстарга, зарылчылык келип чыкса, операциялык күн ичинде жана мүмкүн болуучу стресстик сценарийлерди кеңири спектрдин алкагында ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги төлөм милдеттенмелери боюнча көп күндүк эсептешүүлөргө, буга Финансы рыногунун инфраструктурасынын экстремалдык, бирок катышуучу жана анын аффилирленген компанияларынын мүмкүн болуучу рыноктук жагдайлардын ликвиддүүлүк боюнча чогуу алгандагы милдеттенмелеринин көбүнүн пайда болуусуна алып келе турган милдеттенмелерин аткарбоосун кошо алганда, бирок муну менен чектелбестен ээ болушу зарыл. 

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

 7.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы катышуучулар, эсептешүү банктары, ностро агенттери, депозитарий банктары, ликвиддүүлүк булактары жана башка уюмдар тарабынан дуушарлануучу ликвиддүүлүк тобокелдиктерин тескөөнүн ишенимдүү системасына ээ болушу зарыл. 

 

7.1.1. Өзүнүн катышуучулары, эсептешүү банктары, ностро агенттери, депозитарий банктары, ликвиддүүлүк булактары жана башка уюмдар тарабынан дуушарлануучу бардык тиешелүү валюталарда тобокелдик ликвиддүүлүгүн тескөө үчүн төлөм системасынын колдонуучу механизмдери кандай? 

 

 

 

7.1.2. Бардык тиешелүү валюталарда төлөм системасында келип чыгуучу ликвиддүүлүк тобокелдигинин булактары менен байланышкан ликвиддүүлүктөгү төлөм системасынын керектөөлөрүнүн мүнөзү жана өлчөмү кандай? 

 

 

 

7.1.3. Төлөм системасы ага карата мамиле боюнча ар кандай ролдогу өзүнчө уюмдар жана анын аффилирленген компаниялар тарабынан түзүлгөн потенциалдуу чогуу алгандагы ликвиддүүлүк тобокелдигин төлөм системасы кантип эске алат? 

 

 

7.2-негизги түшүнүк.  

Операциялык күн ичинде ликвиддүүлүктү кошо алганда, төлөм системасы натыйжалуу операциялык жана туруктуу каражаттарга жана аналитикалык өз эсептешүүлөрүн жана финансылык агымдарды өз убагында аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүүгө ээ болушу зарыл. 

 

7.2.1. Төлөм системасы эсептешүү жана финансылык агымдарды аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн кандай операциялык жана аналитикалык каражаттарды колдонот? 

 

 

 

7.2.2. Төлөм системасы операциялык күн ичиндеги ликвиддүүлүктү кошо алганда, үзгүлтүксүз жана өз убагында өз эсептешүү жана финансылык агымдарын аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн бул каражаттарды кантип колдонот? 

 

 

7.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы, анын ичинде мөөнөтү узартылган нетто-эсептешүүлөрдүн колдонулуучу механизмдери, ар бир күнүндө эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү валюталарда жетишерлик ликвиддүү ресурстарды, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта ошондой эле бир күндүк же көп күндүк эсептешүүлөрдү мүмкүн болуучу стресс-сценарийлердин кеңири спектринин алкагында аныктоонун жогорку деңгээлиндеги төлөм милдеттенмелери боюнча колдоого алуусу зарыл. Алар өзүндө муну менен чектелбестен, экстремалдык, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда төлөм милдеттенмелерин көбүнүн келип чыгуусуна алып келүүчү катышуучулардын жана анын аффилирленген компанияларынын милдеттенмелерин камтууга тийиш. 

 

7.3.1. Төлөм системасы, ар бир күнү, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта бир күндүк же көп күндүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү бардык валюталарда ликвиддүү ресурстардын суммасын кантип аныктайт? Кайсы потенциалдуу стресстик сценарийлер (экстремалдуу, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда чогуу алгандагы төлөм милдеттенмелеринин көбүн түзүүгө жөндөмдүү катышуучунун жана анын аффилирленген катышуучусунун дефолту менен чектелбегендигин кошо алганда) бул түшүнүктү түзүү үчүн төлөм системасы колдонот? 

 

 

 

7.3.2. Төлөм системасы ордун жабуусун талап кылуучу ар бир валютада ликвиддүүлүктүн тартыштыгынын эсептешүү көлөмү кандай? 

 

 

7.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасынын ликвиддүүлүк ресурстарынын талаптарына жооп берүүчү ликвиддүүлүктүн эң аз ресурстары жөнүндө талаптарга жооп берүүчү талаптарды аткаруу максатында ар бир валютада кредиттик линияларда белгиленген, валюталык своптордо белгиленген жана РЕПО тастыкталган борбордук банкта - акча депозиттеринен эмитентте жана кредит берүүгө жөндөмдүү банктарда, ошондой эле жогорку ликвиддүү күрөөлүк камсыздоодо, депозитарийлерде жана инвестицияларда турат. Алар каржылоо жөнүндө алдын ала келишилген жана жогорку ишенимдүү бүтүмдөрдөн улам нак акча каражаттарына жеңил жеткиликтүү болуучу жана тез конвертацияланган катары эсептелүүчү, ал эмес экстремалдык, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда. Эгерде төлөм системасы борбордук банк-эмитентте кадимки кредитке карата пайдаланууга ээ болсо, төлөм системасы мындай пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (жана борбордук банк менен келишилген башка тиешелүү бүтүмдөрдү) тиешелүү борбордук банкта күрөө үчүн жарактуу боло турган талаптардын эң аз бөлүгү катары саноого тийиш. Мындай бардык ресурстар зарылчылыгына жараша жеткиликтүү болууга тийиш. 

Уруксат берилген ликвиддүү ресурстардын көлөмү жана курамы 

 

7.4.1 Төлөм системасындагы анын ар бир валютадагы квалификациялык ликвиддүү ресурстарынын көлөмү жана курамы кандай? Төлөм системасынын колдонуусуна бул ликвиддүү ресурстар кантип жана кайсы убакытка жеткиликтүү болот? 

 

 

Квалификациялык ликвиддүү ресурстардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана ордунун жабылышы 

 

7.4.2. Төлөм системасы дароо колдонуу мүмкүнчүлүгү бар күрөөлүк камсыздоону жана акча каражаттарына инвестицияларды которуу үчүн каржылоонун кандай макулдашылган механизмдерин колдонот? Бул механизмдер экстремалдуу, бирок болжолдуу рыноктук шарттарда жогорку ишенимдүү болорун төлөм системасы кантип аныктаган? Төлөм системасы өзүнүн ликвиддүү ресурстарына жеткиликтүү болушунан кандайдыр бир потенциалдуу тоскоолдуктарды таптыбы? 

 

 

 

7.4.3. Эгерде төлөм системасы үзгүлтүксүз негизде борбордук банк-эмитентте кредитке карата жеткиликтүүлүккө ээ болсо, анда анын бул валютада эң аз ликвиддүү ресурстары тууралуу талаптарга туура келүү максатында карыз алуу боюнча мүмкүнчүлүгү канчалык? 

 

 

 

7.4.4. Төлөм системасынын квалификациялуу ликвиддүү ресурстарынын өлчөмү жана жеткиликтүүлүгү канчалык деңгээлде төлөм милдеттенмелери боюнча өз убагында эсептешүүлөр жүргүзүү үчүн ар бир валютада эң аз ликвиддүү ресурстар тууралуу белгиленген талаптарга туура келет? 

 

 

 

7.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасынын өзүнүн талаптарына жооп берүүчү ликвиддүү ресурстарына ликвиддүү ресурстардын башка түрлөрү менен толукташы мүмкүн. Бул жагдайда бул ликвиддүү ресурстар болжол менен суроо-талап менен колдонулуучу же милдеттенмелерди аткарбоонун натыйжасында жекече негизде кредиттик линиялар, своптор же РЕПО үчүн күрөөлүк камсыздоо катары жол берилген активдер түрүндө болушу зарыл, ал эмес бул экстремалдуу рыноктук шарттарда алдын ала аныкталган же кепилденген зор ыктымалдыгы болушу мүмкүн. Эгерде төлөм системасынын Борбордук банктан жөнөкөй кредитти алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал кайсы күрөөлүк камсыздоо тиешелүү банк тарабынан кабыл алынарын билүүгө тийиш. Анткени, мындай активдер стресстик жагдайда ликвиддүү болуу ыктымалдыгына ээ. Ликвиддүүлүктү пландаштыруу үчүн төлөм системасы борбордук банкта шашылыш кредиттин жеткиликтүүлүгүнө ишенбөөгө тийиш. 

 

 

Кошумча ликвиддүү ресурстардын өлчөмү жана курамы 

 

7.5.1. Төлөм системасы үчүн жеткиликтүү болгон кошумча ликвиддүү ресурстардын өлчөмү жана курамы канчалык? 

 

 

Кошумча ликвиддүү ресурстардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү 

 

7.5.2. Төлөм системасы тиешелүү валютаны алган шартта ишенимдүү негизде экстремалдуу рыноктук шарттарда алдын ала болжолдонгон жана кепилденген болбосо да, күрөөлүк камсыздоо катарында активдер жеңил ишке ашырыла тургандыгы жана алгылыктуулугун кантип жана кандай негизде аныктайт? 

 

 

 

7.5.3. Бул кошумча активдердин кайсы бөлүгү тиешелүү борбордук банкта потенциалдуу күрөөлүк камсыздоо катары квалификацияланат? 

 

 

 

7.5.4. Төлөм системасы квалификациялык ликвиддүү ресурстарды колдонууга чейин же андан тышкары өзүнүн кошумча ликвиддүү ресурстарын кандай жагдайларда колдоно алат эле? 

 

 

 

7.5.5. Төлөм системасынын кошумча ликвиддүү ресурстарынын өлчөмү жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү квалификациялуу ликвиддүү ресурстар менен бирге ликвиддүү ресурстарды аныктоо үчүн стресс-тестирлөөнүн программасынан төлөм системасынын жүрүшүндө ликвиддүүлүктүн керектөөлөрүнө канчалык деңгээлде жооп берет (9-негизги түшүнүктү карагыла.)? 

 

 

 

7.6-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы алдын ала текшерүү жүргүзүүнүн эсебинен аныктоонун жогорку деңгээлин камсыздоосу зарыл, бул талаптарына жооп берүүгө керектүү ликвиддүү ресурстарды төлөм системасы катышуучусу же үчүнчү жак болсо, өзүнө кабыл алынган милдеттенмелерди жана аларды коштогон алардын ликвиддүүлүк тобокелдигин жана аларды тескөөнү түшүнүү үчүн зарыл жетиштүү маалыматка ээ болот. Белгилүү бир валютаны ликвиддүүлүк булагынын ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн борбордук банкта-эмитентте кредиттин ликвиддүүлүгүнүн булагын алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл. Төлөм системасынын ликвиддүүлүктүн булагында болгон ликвиддүүлүктүн ресурстарынын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн өзүнүн жол-жобосун туруктуу тестирлөөгө тийиш. 

 

 

Ликвиддүүлүк булагын тартуу 

 

7.6.1. Төлөм системасы ликвиддүүлүктүн талап кылынуучу эң аз квалификациялык ресурстарына туура келиши үчүн булактарды тартабы? Төлөм системасынын ликвиддүүлүк булагы болуп ким эсептелет? Үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде стресстик абалда ар бир тиешелүү валютада өзүнүн коштолгон ликвиддүүлүк тобокелдигин түшүнүү жана тескөө үчүн канткенде жетишерлик маалыматка ээ болот? 

 

 

Ликвиддүүлүк булагынын ишенимдүүлүгү 

 

7.6.2. Төлөм системасы ликвиддүүлүктүн ар бир булагы үзгүлтүксүз негизде бардык тиешелүү валюталарда каралган талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн кантип аныктайт? 

 

 

 

7.6.3. Төлөм системасы борбордук банкта-эмитентте кредитке карата ликвиддүүлүк булагынан потенциалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандайча эске алат? 

 

 

 

7.6.4. Төлөм системасы ликвиддүүлүк булагынан өзүнүн ликвиддүү ресурстарын өз убагында жана ишенимдүү түрдө туруктуу кандайча тест жүргүзөт? 

 

 

7.7-негизги түшүнүк:  

Борбордук банктагы эсептерден, анын төлөм кызмат көрсөтүүлөрү же баалуу кагаздар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар төлөм системасынын өзүнүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү мүмкүн болгон учурда бул кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланышы зарыл. 

 

 

7.7.1. Төлөм системасынын азыркы учурда ар бир борбордук банкта баалуу кагаздар менен байланышкан эсептерге, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна, ошондой эле ар бир тиешелүү ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн канчалык деңгээлде пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ? 

 

 

 

7.7.2. Төлөм системасынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана ар бир тиешелүү валютада ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн тиешелүү борбордук банкта ар бир саналган кызмат көрсөтүүлөрдөн кандай деңгээлде пайдаланат? 

 

 

 

7.7.3. Эгерде төлөм системасы тиешелүү борбордук банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн башкасын колдонсо, анда төлөм системасы анын борбордук банктын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууну кеңейтүү жолу аркылуу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн потенциалын канчалык деңгээлде талдап-иликтейт? 

 

 

 

7.7.4. Төлөм системасы тарабынан тиешелүү борбордук банктын кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүү боюнча кандай (эгер болсо) практикалык жана башка түшүнүктөр бар? 

 

 

 

7.8-негизги түшүнүк:  

Стресс-тесттердин жардамы менен өзүнүн ликвиддүү ресурстарынын жетиштүүлүгүн дайыма тесттен өткөрүүгө жана көлөмүн аныктоого тийиш. Төлөм системасы чечимди кабыл алуучу өзүнө тиешелүү органдар алдында отчет берүүнүн так жол-жоболоруна ээ болууга жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасынын шайкештүүлүгүнө жана корректировкалоосуна баа берүүдө жыйынтыктарды колдонууга тийиш. Стресс-тестирлөөнү жүргүзүү учурунда төлөм системасы стресс-сценарийлердин түрүн эске алуусу зарыл. Сценарийлер баанын волатилдүүлүгүнүн тиешелүү жогорку маанилерин, баа детерминанттар жана кыйыр кирешелер сыяктуу башка рыноктук факторлордун өзгөрүүсүн, ар кайсы мезгил ичинде дефолт учурларын, каржылоо жана активдер рынокторунда бир учурдагы басымды, ошондой эле ар түрдүү экстремалдуу, бирок мүмкүн болуучу рыноктук шарттарда бир катар стресс-сценарийлердин алдын алууга тийиш. Сценарийлер төлөм системасынын түзүмүн жана ишин эске алууга жана ал үчүн ликвиддүүлүктүн олуттуу тобокелдигин келтирген бардык уюмдарды (мисалы, эсептешүү банктары, ностро агенттери, банктар-депозитарийлер, ликвиддүүлүк провайдерлери жана байланыштуу төлөм системалар), ошондой эле тиешелүү учурларда көп күндүк мезгил камтылууга тийиш. Төлөм системасы бардык учурларда өлчөмүн жана ал тарабынан колдоого алынган жалпы ликвиддүү ресурстардын түрүн жөнгө салган башкаруунун тиешелүү механизмдерине ээ болууга жана мыйзам чегинде документ жүзүндө түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

 

 

Стресс-тестирлөө программасы 

 

7.8.1. Төлөм системасы ар бир валютадагы өзүнүн ликвиддүү ресурстарынын жетиштүүлүк көлөмүн аныктоо жана текшерүү үчүн стресс-тестирлөөнү кандайча колдонот? Төлөм системасы өзүнүн ликвиддүү ресурстарында канчалык көп стресс-тестирлөө жүргүзөт? 

 

 

 

7.8.2. Төлөм системасынын өз убагында баа берүү жана анын өлчөмүн коррекциялоо жана ликвиддүүлүк ресурстарынын курамы жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын камсыз кылуу максатында алардын чечим кабыл алуу жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын төлөм системасынын чечимин кабыл алуу органдары алдында ал боюнча стресс-тестирлөөнүн күндөлүк жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулук процесси кандай? 

 

 

Стресс-тестирлөөнүн сценарийлери 

 

7.8.3. Стресс-тестирлөөдө кандай сценарийлер колдонулат жана белгилүү бир мезгил ичинде баа өзгөрүлмөлүүлүгүнүн тарыхый маанисинин өсүп жеткен чегинин айкалышын, баа детерминанттары жана кыйыр кирешелүүлүк сыяктуу башка рыноктук факторлордун өзгөрүүлөрүн, мезгилдин көптөгөн ар кандай дефолт учурларына, финансы рыноктору жана активдерине бир эле убакта басым жасоо, ошондой эле ар кандай экстремалдуу, бирок болжолдуу рыноктук шарттардагы келечектүү стресс-сценарийлердин түрлөрүн кандай деңгээлде карашат? 

 

 

 

7.8.4. Сценарийлер жана стресс-тесттер төлөм системасынын так төлөм жана эсептешүү түзүмдөрүн (мисалы, айкын убактагы дүң төлөмдөр же нетто негизиндеги мөөнөтү узартылган төлөмдөр; эсептешүү кепилдиги же анысы жок; PvPмодели), ошондой эле төлөм системасынын, анын катышуучулары же биргеликте түздөн-түз тарта турган ликвиддүүлүк тобокелдиги кандай деңгээлде эске алышат? 

 

 

 

7.8.5. Төлөм системасына карата бир канча ролдордо чыга турган өзүнчө уюмдар жана алардын аффилирленген компанияларынын мүмкүнчүлүгүн кошо алганда төлөм системасында ал тарабынан төлөм милдеттенмелерин өз убагында аткаруусу үчүн анда пайда болгон ликвиддүүлүккө болгон керектөөсүн эске алуу жана өлчөмү жана ликвиддүүлүк тобокелдигин шарттаган булактарын сценарийлер жана стресс-тесттер канчалык деңгээлде эске алышат? 

 

 

Кайра карап чыгуу жана валидация 

 

7.8.6. Төлөм системасы стресс-тестирлөөнүн жыйынтыктуулугуна жана ката кетирүүчүлүккө жана параметрлерге канчалык көп баа берет? Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу стресс-тестирлөө программасы ар кандай жагдайларды, мисалы, баанын позицияларынын көтөрүлүп кетишин жана өзгөрүлмөлүүлүгүн, позициялардын концентрациясын, рыноктук ликвиддүүлүктөгү өзгөрүүлөрдү жана параметрлердин өзгөрүшүн кошо алганда тобокелдик үлгүсүн кандайча эске алат? 

 

 

 

7.8.7. Төлөм системасы өзүнүн тобокелдикти тескөө үлгүсүнүн өзгөрүлмөлүүлүгүн жүргүзөт? Өзгөрүлмөлүүлүктү канчалык көп жүргүзөт? 

 

 

 

7.8.8. Төлөм системасы тарабынан колдоого алынып жаткан жалпы ликвиддүү ресурстардын көптүгүн жана түрлөрүн жөнгө салуучу тескөөнүн рационалдуу негизи жана тиешелүү механизмдери анын кайсы документинде жана кандай көлөмдө ал тарабынан негизделген? 

 

 

 

7.9-негизги түшүнүк:  

Төлөм системасы бүтүм келишилген күнү төлөм милдеттенмелери боюнча өз убагында төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга шарт түзүүчү так эрежелерге жана жол-жоболорго, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта анын катышуучуларынын өзүнчө же биргеликте милдеттенмелерин аткарбаган шартта операциялык күн ичинде же көп күндүк эсептешүүлөргө ээ болушу зарыл. Бул эрежелер жана жол-жоболор каралбаган жана потенциалдуу түрдө ликвиддүүлүк тартыштыгы жабылбаганын эске алышы зарыл жана бүтүм келишилген күнү төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүү шарттары өзгөргөндөн, токтотулгандан же кечиктирилгенден баш тартууга тийиш. Мындан тышкары, бул эрежелер жана жол-жоболор стресс келип чыккан шартта коопсуз жана ишенимдүү иш алып барууну улантуу учун колдоно турган төлөм системасы ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоо процессин аныктоого тийиш. 

 

 

Бүтүм жасалган күнү эсептешүү 

 

7.9.1. Төлөм системасынын катышуучулары тарабынан өзүнчө же биргеликте төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөр өз убагында жүзөгө ашырууга ага кандайча эрежелер жана жол-жоболор кандайча жол берет? 

 

 

 

7.9.2. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору каралбаган жана потенциалдуу жабылбаган ликвиддүүлүк тартыштыгы, пикири же бүтүм ишке ашырылган күнү төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөрдүн кечиктирилгендиги? 

 

 

Ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоо 

 

7.9.3. Стресстик жагдайдын жүрүшүндө тартылган ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоону төлөм системасы эрежелерге жана жол-жоболорго кандайча жол берет? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр 

 

 

8-принцип. Эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышы.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы төлөмдү төлөө күнүнүн акырында эң аз дегенде эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын камтышы зарыл. Зарыл болгондо же артыкчылык берилген учурларда, операция жүргүзүү күн аралыгында же айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү камсыздоосу зарыл. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

8.1-негизги түшүнүк.  

Эсептешүүлөр жыйынтыкталган учурду төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору так аныктоого тийиш. 

Эсептешүүлөрдүн аягына чыккан учур 

 

8.1.1. Кайсы учурда төлөм, которуу тууралуу тапшырма же башка милдеттенме боюнча эсептешүүлөр жыйынтыкталган, башкача айтканда кайтарылып алынгыс жана шартсыз болуп эсептелинет? Эсептешүүлөрдүн аягына чыккан учур документ түрүндө аныкталып, бекитилгенби? Аталган маалымат кантип жана кимге ачылып көрсөтүлөт? 

 

 

 

8.1.2. Төлөөгө жөндөмсүздүк жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарды кошо алганда, төлөм системасынын укуктук негизи жана эрежелери төлөм системасы менен анын катышуучуларынын же катышуучулардын ортосундагы төлөмдүн, которуу жөнүндө тапшырманын же башка милдеттенменин аткарылышын кандай негизде белгилейт? 

 

 

 

8.1.3. Төлөм системасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда макулдашууга жетишилгендигинин укуктук аныктамасын кандайча тастыктай алат (мисалы, негиздүү юридикалык корутунду алуу аркылуу? 

 

 

Байланыш болгон шартта аягына чыгуусу 

 

8.1.4. Төлөм системасы башка төлөм системасы менен байланыш болгон шартта эсептешүүлөрдүн аягына чыгуусун кантип камсыз кылат? 

 

 

8.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы жыйынтыкталган эсептешүүнү төлөмдөрдү чегерилген күн аяктаганга чейин кечиктирилбестен, артыкчылык берилген учурларда - эсептешүү тобокелдигин төмөндөтүү үчүн операциялык күн ичинде же айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзүүгө тийиш. Ири төлөмдөр системасы дүң эсептешүүлөр системасын айкын убакыт ыргагында же эсептешүү күн ичинде мультипакеттик иштеп чыгууда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароого алууга тийиш. 

Валюталоо күнүнө жыйынтыкталган эсептешүү 

 

8.2.1. Төлөм системасы түзүмү валюталоо күнүнө жыйынтыкталган эсептешүүнү (же бүтүм келишилген күнү эсептешүүнү) жүргүзүүгө мүмкүн кылабы? Төлөм системасы жыйынтыкталган эсептешүүнү пландаштырылып жаткан валюталоо күнү аяктаганга чейин кечиктирбестен жүргүзүүнү кантип камсыз кылат? 

 

 

 

8.2.2. Төлөм системасында жыйынтыкталган эсептешүүнү анын эрежелеринде, жол-жоболорунда жана келишимдеринде каралбаган кийинки жумуш күнүнө жылдыруу учурлары орун алды беле? Эгер жылдыруу төлөм системасынын аракеттеринин натыйжасынан болгон болсо, келечекте ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн кандай чаралар көрүлгөн? 

 

 

Күн ичинде жана айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүү 

 

8.2.3. Төлөм системасы күн ичинде жана айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү камсыз кылып жатабы? Эгерде кылып жатса, кандай негизде? Катышуучулар жыйынтыкталган эсептешүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу кантип маалымдалып жатат? 

 

 

 

8.2.4. Эгерде эсептешүү мультипакеттик иштеп чыгуу аркылуу аткарылса, топтомдорду өткөрүү интервалы кандай жана кайсы убакыт аралыгында алар иштелип чыгат? Эгерде катышуучу эсептешүү учуруна жетиштүү каражаттарга же баалуу кагаздарга ээ болбосо эмне болот? Транзакциялар кийинки топтомго кошулабы? Эгер кошулса, мындай транзакциялардын статусу кандай жана кайсы учурда алардын аягына чыгышы келип жетет? 

 

 

 

8.2.5. Эгерде эсептешүүлөр күн ичинде же айкын убакыт ыргагында жүргүзүлбөсө, ири төлөмдөр системасы же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы ушул режимдердин бирин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого алды беле? 

 

 

8.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өткөрүлбөгөн төлөмдөр, аткарылбай калган төлөм тапшырмалар же башка милдеттенмелер катышуучу тарабынан кайтарып алууга болбой турган учурду так аныктоого тийиш. 

 

8.3.1. Төлөм системасы өткөрүлбөгөн төлөмдөр, аткарылбай калган төлөм тапшырмалар же башка милдеттенмелер катышуучу тарабынан кайтарылып алынбай турган учурда кантип аныктайт? Төлөм системасы ушул учурдан кийин акцептелген, бирок аткарылбай калган төлөмдөрдү, которуу жөнүндө буйрууларды жана милдеттенмелерди бир тараптуу кайтарып алууга тыюу салат? 

 

 

 

8.3.2. Кандай жагдайларда эсептешүүгө система тарабынан акцепттелген тапшырма же милдеттенме баары бир кайтарылып алынышы мүмкүн (мисалы, кезекке коюлган буйруулар)? Өткөрүлбөй калган төлөмдү же аткарылбай калган төлөм тапшырмасын ким кайтарып алууга укуктуу? 

 

 

 

8.3.3. Кандай шарттарда төлөм системасы кайтарып алуунун чектүү мөөнөтүн алып салууга жана узартууга жол берет? 

 

 

 

8.3.4. Кайсы документтерде төлөм системасы ушул маалыматты аныктайт? Аталган маалымат кантип жана кимге ачып көрсөтүлөт? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

9-принцип. Акчалай эсептешүүлөр.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы, эгерде мындай мүмкүнчүлүк жана каражаттар бар болсо, борбордук банктын каражаттарында акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш. Эгерде борбордук банктын каражаттары пайдаланылбаса, Финансы рыногунун инфраструктурасы коммерциялык банктардын каражаттарын пайдалануу менен келип чыккан кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтууга жана катуу контролдукка алууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

9.1-негизги түшүнүк.  

Кредиттик тобокелдикке жана ликвиддүүлүк тобокелдигине жол бербөө максатында, төлөм системасы эгерде мүмкүнчүлүк жана мындай каражаттар бар болсо, борбордук банктын акчаларында акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

 

9.1.1. Төлөм системасы акчалай эсептешүүлөрдү кантип жүргүзүүсү зарыл? Эгерде төлөм системасы мультивалюталык эсептешүүлөрдү жүргүзсө, ал ар бир валютада акчалай эсептешүүлөрдү кантип жүзөгө ашырып жатат? 

 

 

 

9.1.2. Эгерде төлөм системасы борбордук банктын акчаларында эсептешүүлөрдү жүргүзбөсө, анда эмнеге? 

 

 

9.2-негизги түшүнүк.  

Эгерде борбордук банктын акчалары пайдаланылбаса, төлөм системасы төмөн кредиттик тобокелдик же ликвиддүүлүк тобокелдиги менен айырмаланган же ага ээ болбогон эсептешүү активди пайдалануу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

 

9.2.1. Эгерде борбордук банктын акчалары пайдаланылбаса, төлөм системасы акчалай эсептешүүлөр үчүн колдонулуучу эсептешүү активдеринин кредиттик тобокелдиктерин жана ликвиддүүлүк тобокелдигине кандай негизде баа бере алат? 

 

 

 

9.2.2. Эгерде төлөм системасы коммерциялык банктын акчаларында эсептешүүнү жүргүзсө, төлөм системасы эсептешүү банктарын кантип тандап алат? Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу тандоонун өзгөчө критерийлери кандай? 

 

 

9.3-негизги түшүнүк.  

Эгерде төлөм системасы эсептешүүлөрдү коммерциялык банктын акчаларында жүргүзсө, анда ал коммерциялык эсептешүү банктар тарабынан келип чыккан кредиттик тобокелдиктерди жана ликвиддүүлүк тобокелдиктерин контролдоого, тескөөгө жана чектөөгө тийиш. Атап айтканда, төлөм системасы өз эсептешүү банктары үчүн алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тартибин, кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн, капиталдаштырууну, ликвиддүүлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүн жана операциялык ишенимдүүлүктү эске алган катуу критерийлерди белгилөөгө жана ушул критерийлердин сакталышына контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Төлөм системасы коммерциялык эсептешүү банктарынын кредиттик тобокелдиктеринин жана ликвиддүүлүк тобокелдиктеринин концентрацияланышына мониторинг жана тескөөнү жүзөгө ашырууга да тийиш. 

 

9.3.1. Төлөм системасы эсептешүү банктарына карата колдонулуучу жана алардын тандоосуна тиешелүү критерийлердин сакталышына мониторингди кантип жүргүзөт? Мисалы, төлөм системасы алардын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү, алардын кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө, капиталдаштыруусуна, ликвиддүүлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүнө жана операциялык ишенимдүүлүгүнө кантип баа берет? 

 

 

 

9.3.2. Төлөм системасы кантип коммерциялык эсептешүү банктары тарабынан түзүлүүчү өз кредиттик тобокелдигине жана ликвиддүүлүк тобокелдигине мониторингди жүргүзөт, тескөөгө алат жана чектейт? Төлөм системасы ушул банктар менен байланышкан кредиттик тобокелдиктин жана ликвиддүүлүк тобокелдигинин концентрацияланышына кантип мониторинг жүргүзөт жана аны тескөөгө алат? 

 

 

 

9.3.3. Төлөм системасы өз потенциалдык чыгым тартууларын жана ликвиддүүлүк тартыштыгын, ошондой эле ири эсептешүү банкынын төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда, өз катышуучуларынын потенциалдык чыгым тартууларына жана ликвиддүүлүк тартыштыгына кандай негизде баа берет? 

 

 

9.4-негизги түшүнүк.  

Эгерде төлөм системасы өздүк китептер боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзөт, ал өз кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдикти азайтууга жана так контролдоого тийиш. 

 

9.4.1. Эгерде төлөм системасы өз китептери боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүп жатса, ал өз кредиттик тобокелдигин жана ликвиддүүлүк тобокелдигин кантип азайтып, катуу контролдукка алат? 

 

 

9.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы эсептешүү банктар менен юридикалык макулдашуусу айрым эсептешүү банктарынын китептери боюнча которуулар качан жүргүзүлөөрү, которуулар аткаргандан кийин жыйынтыкталган болуп саналары, ошондой эле алынган каражаттар мүмкүнчүлүккө жараша болушунча тезирээк чегеришүүгө тийиш экендигин, ал эми идеалдуу учурда төлөм системасына жана анын катышуучуларына кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн операциялык күн ичинде так белгилөөгө тийиш. 

 

9.5.1. Төлөм системасы эсептешүү банктар менен юридикалык макулдашууларды которууларды жүзөгө ашырууда которуулар аларды өткөрүүдө акыркы болушун жана алынган каражаттар чегерилишин белгилейби? 

 

 

 

9.5.2. Алынган каражаттар күн аяктаганга чейин кечиктирилбестен которулуп жатабы? Эгер которулбаса, эмнеге? Алар күн ичинде которулуп жатабы? Эгер которулбаса, эмнеге? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

10-принцип. Иш жүзүндө сунуштоо өлөм системаларына колдонулбайт).  

Финансы рыногунун инфраструктурасы айкын инструменттерди же товарларды сунуштоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин так аныктоого, иш жүзүндө сунуштоого байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш. 

11-принцип. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи өлөм системаларына колдонулбайт). 

Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздардын чыгарылышын камсыз кылууга, баалуу кагаздарды сактоого жана берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартууга жана тескөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген эрежелерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи аларды документ тариздөөсүз өткөрүп берүү үчүн иммобизацияланган же дематериализацияланган формада сактоого тийиш. 

12-принцип. Наркка алмаштыруунун эсептешүү системалары. 

Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы өз ара байланышкан эки милдеттенме боюнча эсептешүүлөрдү камтыган бүтүмдөр боюнча (мисалы, баалуу кагаздар менен транзакциялар же валюталык бүтүмдөр) эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырса, анда ал бир милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдү башка милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдөн кийин жүргүзүү менен принципалдын тобокелдигин алып салууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

12.1-негизги түшүнүк.  

Наркка алмаштыруунун эсептешүү системасынан болуп саналган төлөм системасы, эгер төлөм системасы эсептешүүлөрдү брутто же нетто негизинде, ошондой эле аягына чыгуу учурунан жүргүзүп жаткандыгына карабастан, ал менен өз ара байланыштуу милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзүлгөн күндө гана бир милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу менен принципал тобокелдигин болтурбоого тийиш. 

 

12.1.1. Төлөм системасынын юридикалык, келишимдик, техникалык базасы жана анын тобокелдиктерди тескөө системасы, тиешелүү финансылык инструменттер боюнча жыйынтыкталган эсептешүү принципал тобокелдигин болтурбоону кандай негизде камсыз кылат? Кайсы жол-жоболор бир милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүү өз ара байланыштуу милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзгөн учурда гана жүзөгө ашырылышын камсыз кылат? 

 

 

 

12.1.2. Өз ара байланыштуу милдеттенмелер дүңүнөн алганда (бүтүм үчүн бүтүм) же нетто негизинде кандайча эсептелинет? 

 

 

 

12.1.3. Өз ара байланыштуу милдеттенмелер боюнча эсептешүүнүн аягына чыгышы бир убакта болуп саналабы? Эгерде саналбаса, эки милдеттенме боюнча аягына чыгуу учуру кандай? Эки милдеттенме боюнча блокко коюу менен жыйынтыкталган эсептешүүнүн ортосунда убакыттын интервалы азайтылганбы? Блокировкаланган активдер үчүнчү жактардын талаптарынан корголгонбу? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

  

  

13-принцип. Катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбоого тиешелүү эрежелер жана жол-жоболор. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбаган учурда башкаруунун натыйжалуу жана так аныкталган эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Бул эрежелер жана жол-жоболор Финансы рыногунун инфраструктурасы чыгымдарды жана ликвиддүүлүк тартыштыгын азайтуу жана өз милдеттенмелерин аткарылышын улантуу үчүн өз убагында чараларды кабыл алынышын кепилдик берүү үчүн иштелип чыгууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

13.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, ага катышуучу тарабынан милдеттенмелерин аткарбаган учурда, өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүн кылган жана милдеттенмелерди аткаргандан кийин ресурстарды толтуруу тартибин аныктаган милдеттенмелерди аткарбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. 

Милдеттенмелерди аткарбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелери жана жол-жоболору 

 

13.1.1. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору дефолттун окуясына (катышуучунун финансылык сыяктуу эле, операциялык дефолтунун да) жана дефолтту аныктоо ыкмасына так аныктама бере алабы? Бул окуялар кантип аныкталат? 

 

 

 

13.1.2. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кандай негизде катышуучунун дефолтунун төмөнкү негизги аспектилерин жөнгө салат: 

1) дефолт жарыялаган шартта төлөм системасы көрүшү мүмкүн болгон иш-аракеттер; 

2) иш-аракеттер канчалык деңгээлде автоматташтырылган же ашыкча болуп саналат; 

3) кадимки эсептешүү тажрыйбасындагы өзгөрүүлөр; 

4) иштеп чыгуунун ар кандай баскычтарындагы транзакцияларды тескөө

5) жеке транзакцияларга, кардарлардын транзакцияларына жана эсептерине карата күтүлүүчү режим; 

6) иш-аракеттердин ыктымал болгон ырааттуулугу; 

7) өз милдеттенмелерин аткарып жаткан катышуучуларды кошо алганда, ар кандай тараптардын ролдору, милдеттенмелери жана милдеттери; 

8) дефолттун таасирин жеңилдетүү үчүн жигердештирилиши мүмкүн болгон башка механизмдердин болушу? 

 

 

Финансылык ресурстарды пайдалануу 

 

13.1.3. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору келип чыккан чыгымдардын ордун жабуу жана ликвиддүүлүктү камсыздоо боюнча мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, дефолттон улам келип чыккан ликвиддүүлүк тартыштыгын четтетүү максатында бөлүнгөн финансылык ресурстарды кандайча дароо өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт? 

 

 

 

13.1.4. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кандай негизде финансылык ресурстарды пайдалануу тартибин жөнгө салат? 

 

 

 

13.1.5. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору дефолттон кийин ресурстардын толтурулушун кандай негизде жөнгө салат? 

 

 

13.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы анын эрежелеринде каралган тиешелүү дискрециондук жол-жоболорду кошо аяганда, милдеттенмелердин аткарылбай калышы кесепеттерин жоюу эрежелерин жана жол-жоболорун колдонууга жакшы даярдык көрүүгө тийиш. 

 

13.2.1. Төлөм системасынын жетекчиси милдеттенмелердин аткарбай калышы кесепеттерин жоюу боюнча ички пландары, так аныкталган ролу жана милдеттери барбы? Бул пландар кандай? 

 

 

 

13.2.2. Төлөм системасынын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана байкоо органдарын кошо алганда, бардык кызыкдар тараптарды өз убагында маалымдоо үчүн кайсы коммуникациялык жол-жоболорду пайдаланат? 

 

 

 

13.2.3. Дефолт болгон учурда башкаруу боюнча ички пландар канча убакытта бир жолу кайра кароого алынат? Ушул пландарда каралган башкаруу таасирлери (чаралары) кандай? 

 

 

13.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы милдеттенмелердин аткарылбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизги аспектилерин ачыкка чыгарууга тийиш. 

 

13.3.1. Катышуучулар дефолт болгон учурда башкаруу боюнча төлөм системасынын эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизги аспектилери кандай негизде ачыкка чыгарылат? Кандай негизде алар жөнгө салат: 

а) ушул аракеттер көрүлүшү мүмкүн болгон жагдайлар; 

б) ушул аракеттерди ким көрүүгө укуктуу; 

в) өздүк сыяктуу эле, кардардык позицияларга, каражаттарга жана активдерге да карата режимди кошо алганда, көрүлүүчү иш-аракеттердин көлөмү

г) өз милдеттенмелерин аткарган катышуучулардын алдында төлөм системасынын милдеттенмелерин жөнгө салуу боюнча механизмдер; 

д) эгерде катышуучу менен кардарлардын ортосунда тике мамилелер дефолтто турган катышуучулардын алардын кардарларынын алдында милдеттенмелерин жөнгө салууга өбөлгө түзгөн механизмдер болсо? 

 

 

13.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өз катышуучуларын, компетенттүү органдарды жана башка кызыкдар тараптарды жоюу жол-жобосун кошо алганда, милдеттенмелерди аткарбаган шартта, төлөм системасынын жол-жоболорун тестирлөөгө жана талдап-иликтөөгө тартууга тийиш. Мындай тестирлөө жана талдап-иликтөөлөр жок дегенде жылына бир жолу же аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана натыйжалуулугуна ишенүү үчүн эрежелердин жана жол-жоболордун олуттуу өзгөрүшүнөн кийин жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

13.4.1. Кандай негизде төлөм системасы катышуучуларды жана башка кызыкдар тараптарды дефолт болгон учурда башкаруу боюнча төлөм системасынын жол-жоболорун тестирлөөгө жана кайра карап чыгууга тартат? Кандай мезгилдүүлүк менен тесттер жана кайра кароолор өткөрүлүүдө? Тесттердин жыйынтыктары кандай негизде пайдаланылууда? Директорлор кенешин, тобокелдик боюнча комитеттин жана компетенттүү органдарды жыйынтыктар менен кандай негизде тааныштырылат? 

 

 

 

13.4.2. Катышуучулардын потенциалдуу дефолтунун кайсыл жол-жоболорун жана сценарийлерин тесттер камтыйт? Төлөм системасы анын катышуучулары тарабынан жандандыруу жана кайра уюштуруу режиминин киргизилишин кандай деңгээлде тестирлейт? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

14-принцип. Бөлүү жана көчүү өлөм системаларына колдонулбайт). 

Финансы рыногунун инфраструктурасы иш жүзүндөгү инструменттерди же товарларды жеткирүүгө байланыштуу милдеттенмелерин так аныктап, иш жүзүндө жеткирүү менен байланышкан тобокелдиктерди аныктап, көзөмөлдөп, башкарууга тийиш. 

15-принцип. Жалпы коммерциялык тобокелдик.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоого, контролдоого жана тескөөгө жана ал бул чыгымдар иш жүзүндө орун алган учурда иштеп жаткан ишкана катары операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууну уланта алышы үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана потенциалдуу жалпы коммерциялык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон ликвиддүү таза активдерге ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, таза ликвиддүү активдер орчундуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же талаптагыдай аягына чыгарууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш. 

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

15.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы бизнес-стратегияны шайкеш ишке ашырбоодон, терс акча агымдарынан же күтүлбөгөн жана өтө жогорку операциялык чыгашалардан улам жоготууларды кошо алганда, жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн башкаруунун жана контролдоонун ишенимдүү системаларына ээ болууга тийиш. 

 

15.1.1. Төлөм системасы өзүнүн жалпы коммерциялык тобокелдиктерин кандай негизде аныктайт? Төлөм системасы тарабынан кайсыл жалпы коммерциялык тобокелдиктер аныкталган? 

 

 

 

15.1.2. Кандай негизде төлөм системасы өзүнүн жалпы коммерциялык тобокелдиктерине үзгүлтүксүз негизде мониторинг жүргүзөт жана тескөөгө алат? Төлөм системасынын коммерциялык тобокелдиктерине баа берүү акча каражаттарынын жана капиталынын жылышына потенциалдуу таасир этүүсүн эске алабы (жеке төлөм системасы болсо)? 

 

 

15.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы орчундуу операцияларды аткарууну жана жалпы коммерциялык чыгым тартууларды тарткан учурда гана иштеп жаткан ишкана катары орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн өздүк капиталынын (жөнөкөй акциялар, анык камдар жана башка бөлүштүрүлбөгөн пайда сыяктуулар) эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. Төлөм системасы ээ болууга тийиш болгон өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдердин өлчөмү анын жалпы коммерциялык тобокелдигинин багыты жана эгер мындай чаралар көрүлсө, олуттуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же тартипке салынган аякталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгы менен аныкталууга тийиш. 

 

15.2.1. Төлөм системасы, эгерде ал жалпы коммерциялык чыгымдарды тарткан учурда иштеп жаткан түзүм катары операцияларды аткарууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону улантуу үчүн зарыл болгондугуна жараша өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдери барбы? 

 

 

 

15.2.2. Төлөм системасы жалпы коммерциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдердин суммасын кандай негизде эсептейт? Төлөм системасы ишти калыбына келтирүү же олуттуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тартипке салынып аяктоо үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгын жана тиешелүү операциялык чыгымдарды кандай негизде аныктайт? 

 

 

15.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы калыбына келтирүүнүн же тартипке салынган жоюунун ишке ашырылуучу планын бекитүүгө жана аны ишке ашыруу үчүн өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу жетиштүү түрдө таза ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. Өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу Төлөм системасынын таза ликвиддүү активдеринин өлчөмү алты ай үчүн күндөлүк операциялык чыгашаларынын өлчөмүнөн кем эмес түзүүгө тийиш. Бул активдер катышуучулардын аткарылбай калган милдеттенмелеринин же финансылык ресурстарды тескөө принциптеринде каралган башка тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон ресурстарга карата кошумча катары саналат. Буга карабастан, тобокелдиктерге негизделген эл аралык стандарттарга ылайык келген капитал, эгер бул капиталдын жетиштүүлүгү жөнүндө талаптарды кайталанышын болтурбоо максатында, зарыл же максатка ылайыктуу болгон тиешелүү учурларда эсепке алынышы мүмкүн. 

Ишти калыбына келтирүү же тартипке салынган жоюу боюнча план 

 

15.3.1. Төлөм системасынын ишти калыбына келтирүү же тартипке салынган жоюу боюнча план иштелип чыкканбы? Эгерде иштелип чыкса, анда бул планда эмнелер каралган (мисалы, катышуучулар альтернативалуу түзүмгө өтүү же аны түзүү үчүн аткарууга тийиш болгон операциялык, технологиялык жана юридикалык талаптар)? 

 

 

Ресурстар 

 

15.3.2. Аталган планды ишке ашыруу максатында төлөм системасы өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдеринин кандай өлчөмүнө ээ? Төлөм системасы планды ишке ашыруу үчүн ушул сумманын жетиштүүлүгүн кандай негизде аныктайт? Ушул өлчөм төлөм системасынын алты ай үчүн кеминде күндөлүк операциялык чыгашаларынын көлөмүн түзөбү

 

 

 

15.3.3. Ресурстар түзүмү коммерциялык тобокелдиктерди жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган ресурстар катышуучунун дефолтунун ордун жабууга каралган ресурсунан ажыратуу үчүн кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

 

15.3.4. Төлөм системасы жалпы коммерциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн каралган, тобокелдиктерге негизделген эл аралык стандарттарга ылайык келген капиталы барбы? 

 

 

15.4-негизги түшүнүк.  

Жалпы коммерциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн каралган активдер, сценарийлердин кеңири түрүнүн алкагында, анын ичинде алгылыксыз рыноктук жагдай шарттарында күндөлүк жана пландаштырылып жаткан чыгашалардын ордун жабууга төлөм системасына мүмкүн кылган жогорку сапаттуу жана жетиштүү ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. 

 

15.4.1. Өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу төлөм системасынын таза ликвиддүү активдеринин курамы кандай? Төлөм системасы аларды рынокто орун алган алгылыксыз жагдай шарттарында бир аз жоготуу менен же наркын жоготуусуз акча каражаттарына кантип айландыра алат? 

 

 

 

15.4.2. Төлөм системасы өз капиталынын эсебинен каржылануучу учурда орун алган жана болжолдонуп жаткан операциялык чыгашаларды төлөө үчүн колдонулган таза ликвиддүү активдеринин сапатына баа берип, мониторинг жүргүзүп турабы? 

 

 

15.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, эгер анын өздүк капиталынын өлчөмү белгиленген чекке жакындаган же зарыл болгон суммадан аз болгон учурда, кошумча капиталды тартуу боюнча негизделген планды даярдоого тийиш. Бул план директорлор кеңеши тарабынан жактырылып, туруктуу негизде жаңыланып турууга тийиш. 

 

15.5.1. Төлөм системасынын кошумча капиталды тартуу боюнча планы иштелип чыкканбы? Төлөм системасынын кошумча капиталды тартуу боюнча планынын, эгерде анын өздүк капиталы белгиленген чекке жакындаган же андан төмөн болгон учурда негизги мүнөздөмөсү кандай? 

 

 

 

15.5.2. Кошумча капиталды тартуу боюнча план канча убакытта бир жолу кайра каралып, жаңыланып турат? 

 

 

 

15.5.3. Төлөм системасынын директорлор кеңешинин (же ушул сыяктуу органынын) кошумча капиталды тартуу боюнча планын кайра кароого алууда жана аны бекитүүдө ролу? 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

16-принцип. Депозитардык жана инвестициялык тобокелдиктер.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин коргоого, жоготуулар тобокелдигин жана бул активдерге пайдалануу мүмкүндүгүнүн кечиктирилишин минималдаштырууга тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы минималдуу кредиттик жана рыноктук тобокелдиктер жана ликвиддүүлүк тобокелдиги менен айырмаланган инструменттерге инвестициялоого тийиш

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

16.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу объектилеринен болуп саналган жана эсепке алуунун ишенимдүү ыкмаларына, коопсуз сактоо жол-жоболоруна жана ушул активдердин толук коргоого алынышын камсыз кылуучу ички контролдоо системасына ээ болгон уюмдарда сактоого тийиш. 

 

16.1.1. Эгерде төлөм системасы депозитарийлердин кызматтарынан пайдаланса, төлөм системасы аларды кандай негизде тандап алат? Төлөм системасынын тандоонун колдонулуучу өзгөчө критерийлери кандай, анын ичинде ушул уюмдар көзөмөл жана жөнгө салуу предметинен болуп саналабы? Төлөм системасы депозитарийлердин ушул критерийлерге ылайык келишине мониторингди кандай негизде жүргүзөт? 

 

 

 

16.1.2. Төлөм системасы кандай негизде текшерүүгө алат, ушул уюмдардын эсептик тажрыйбасы, коопсуз сактоо жол-жоболору жана катышуучулардын активдеринин толук коргоого алынышын камсыз кылуучу ички контролдоо системасы барбы? 

 

 

16.2-негизги түшүнүк.  

Зарыл болгон шартта төлөм системасы өз активдерине жана ага катышуучулар тарабынан берилген активдерге дароо кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

 

16.2.1. Төлөм системасы жооптуу сактоодо турган активдерге анын укуктарын же ээлик кылуучунун укуктарын мажбурлап аткарылышын камсыз кылуу үчүн ишенимдүү укуктук негиз бар экендигин кандай негизде аныктайт? 

 

 

 

16.2.2. Катышуучу дефолт болгон учурда, төлөм системасы башка саат алкагында же юрисдикцияда жайгашкан депозитарийде сакталуучу баалуу кагаздарды кошо алганда, өз активдерине дароо кирүү мүмкүнчүлүгүн кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

16.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы алардын бири-бири менен өз ара байланышынын толук түрүн эске алуу менен анын банк-депозитарийлерине карата баа берүүнү жүргүзүүсү жана өз тобокелдиктерин түшүнө билүүсү зарыл. 

 

16.3.1. Төлөм системасы анын банк-депозитарийлери менен байланышкан тобокелдиктерге кандай негизде баа берет жана түшүнө билет? Бул тобокелдиктерди тескөөдө ал алардын ар биринин өз ара байланышын кандай негизде эсепке алат? Мисалы, төлөм системасы өзүнчө депозитарий тарабынан түзүлүүчү тобокелдикти диверсификациялоо максатында активдерди коопсуз сактоо үчүн бир нече депозитарийлердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалана алабы? Төлөм системасы анын банк-депозитарийлери менен байланышкан тобокелдиктердин концентрацияланышына кандай негизде мониторинг жүргүзөт? 

 

 

16.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы инвестициялык стратегиясы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы стратегиясына ылайык келүүгө жана анын катышуучуларына толугу менен ачып көрсөтүлүүгө тийиш, мында инвестициялар талаптар менен камсыз болуусу же жогорку ишенимдүү карыз алуучуга карата талаптардан болуусу зарыл. Төлөм системасынын инвестициялары баалар үчүн олуттуу делген эмес терс кесепеттер орун алган же мындай кесепеттер орун албаган учурда тез арада жоюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

Инвестициялык стратегия 

 

16.4.1. Төлөм системасы, анын инвестициялык стратегиясы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы стратегиясы менен макулдашылышын кандай негизде камсыз кылат? Төлөм системасы өз инвестициялык стратегиясын кандай негизде жана кимге ачып көрсөтөт? 

 

 

 

16.4.2. Төлөм системасы, анын инвестициялары жогорку ишенимдүү карыз алуучуларга карата талаптар менен туруктуу негизде камсыздалышын же ушул талаптардан тургандыгын кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

Инвестициялардын тобокелдик боюнча мүнөздөмөлөрү 

 

16.4.3. Төлөм системасы инвестиция объекттерин тандоодо карызгерлер менен байланышкан жалпы тобокелдиктерди кандай негизде эске алат? Кайсы инвестицияларга карата кредиттик тобокелдиктин концентрацияланышына жол бербөө үчүн лимиттер коюлган? 

 

 

 

16.4.4. Төлөм системасы катышуучулардын активдерин алардын өздүк баалуу кагаздарына же анын аффилирленген жактардын активдерине инвестициялап жатабы? 

 

 

 

16.4.5. Төлөм системасы анын инвестициялары баасын бир аз түшүүсү (ал болгон шартта) менен тез арада жоюуга жол берилишин кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

17-принцип. Операциялык тобокелдик. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы мүмкүн болуучу ички сыяктуу эле, тышкы операциялык тобокелдиктеринин булактарын аныктоого жана талаптагыдай системаларды, принциптерди, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануунун эсебинен алардын таасирин начарлатууга тийиш. Системалар коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана операциялык ишенимдүүлүктү камсыз кылууга жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Иш үзгүлтүксүздүгүн башкаруу операцияларды өз убагында калыбына келтирүүгө жана төлөм системасынын милдеттерин, анын ичинде ишинде кеңири масштабдуу же олуттуу бузуулар орун алган учурда аткарууга тийиш. 

 

Болжолдонгон негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

17.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы операциялык тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн тиешелүү системаларды, принциптерди, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануу менен операциялык тобокелдикти тескөөнүн ишенимдүү түзүмүн түзүүгө тийиш. 

Операциялык тобокелдикти аныктоо 

 

17.1.1. Төлөм системасынын операциялык тобокелдиктердин мүмкүн болгон булактарын аныктоо боюнча саясаттары жана процесстери? Бул процесстер операциялык тобокелдиктин мүмкүн болгон тобокелдиктерин аныктоого, ушул тобокелдиктер ички факторлордон (мисалы, адам ресурстарын кошо алганда, ошол системанын механизмдеринен), төлөм системасынын катышуучулары тарабынан же тышкы факторлордон улам келип чыккандыгына карабастан кандай негизде өбөлгө түзөт? 

 

 

 

17.1.2. Төлөм системасы операциялык тобокелдиктердин кайсы булактарын аныктаган? Төлөм системасы өз операциялык ишинде кандай орчундуу операцияларды аныктаган? 

 

 

Операциялык тобокелдикти тескөө 

 

17.1.3. Төлөм системасы аныкталган операциялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзөт жана аны тескөөгө алат? Кайсы документтерде аталган системалар, саясаттар, жол-жоболор жана контролдоо ыкмалары камтылган? 

 

 

Саясаттар, процесстер жана контролдоо ыкмалары 

 

17.1.4. Төлөм системасы операциялык жол-жоболордун тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, контролдуктун кандай саясатын, процесстерин жана каражаттарын колдонот? Төлөм системасы тарабынан колдонулган контролдуктун саясаты, процесстери жана каражаттары операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн эл аралык, улуттук жана тармактык башкаруу стандарттарын кандайча эске алат? 

 

 

 

17.1.5. Төлөм системасы тарабынан кадрларды башкаруу боюнча ишке ашырылган саясат ишке кабыл алуу, кесипкөй даярдоо жана квалификациялуу персоналды иште кармап калуу боюнча ишти кандайча аныктайт, ошондой эле ушул эле саясат кадрлардын иштен улам-улам бошоп кетүүсүнүн жана маанилүү кызмат орундарын ээлеген адамдар менен байланыштуу тобокелдиктердин жогорку деңгээлдеги кесепеттерин кандайча жеңилдетет? Төлөм системасынын кадрларды жана тобокелдиктерди тескөө боюнча саясаты алдамчылыкка бөгөт коюуну кандайча жөнгө салат? 

 

 

 

17.1.6. Төлөм системасы тарабынан колдонулган өзгөрүүлөрдү жана долбоорлорду башкаруу саясаты жана процесстер системанын үзгүлтүксүз иштешине ири долбоорлордун жана өзгөрүүлөрдүн терс таасир өтүү тобокелдигин кандайча жеңилдетет? 

 

 

17.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасынын директорлор кеңеши операциялык тобокелдикти тескөө боюнча ролдорду жана милдеттерди так аныктоого жана анын түзүмүн бекитүүгө тийиш. Системалар, операциялык принциптер, контролдуктун жол-жоболору жана каражаттары текшерилүүгө, аларга аудит жүргүзүлүүгө, мезгил-мезгили менен тесттен өтүп туруусу сыяктуу эле, олуттуу өзгөрүүлөрдөн кийин да тесттен өткөрүлүүгө тийиш. 

Ролдор, милдеттер жана модель 

 

17.2.1. Директорлор кеңеши операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча негизги ролду жана милдеттерди кандайча аныктайт? 

 

 

 

17.2.2. Төлөм системасынын директорлор кеңеши операциялык тобокелдикти тескөө системасын ачык түрдө кайра карап чыгабы жана аны бекитеби? Ушул эле кеңеш операциялык тобокелдикти тескөө түзүмүн канча убакытта бир кайра карап чыгат жана бекитет? 

 

 

Кайра карап чыгуу, аудит жана тестирлөө 

 

17.2.3. Төлөм системасы катышуучулардын операциялык тобокелдиктерин тескөө механизмдерин кошо алганда, контролдук системасын, саясатын, жол-жоболорун жана ыкмаларын кандайча карап чыгат, тесттен өткөрөт? Төлөм системасы катышуучуларга кайра карап чыгууларды, аудитти жана тесттерди канча убакытта бир өткөрөт? 

 

 

 

17.2.4. Төлөм системасынын операциялык тобокелдиктерди тескөө системасы зарылчылыгына жараша тышкы аудиторлор тарабынан канчалык деңгээлде текшерүүдөн өтүүгө тийиш? 

 

 

17.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы операциялык ишенимдүүлүк жагында белгилүү максаттарга жана ушул максаттарга жетүү үчүн багытталган бекитилген саясатты колдонууга тийиш. 

 

17.3.1. Төлөм системасы тарабынан операциялык ишенимдүүлүк жагында сапаттык сыяктуу эле, сандык жагынан коюлган максаттар кандай? Алар кайсы документтерде жана кандайча тиркелген? 

 

 

 

 

 

 

 

17.3.2. Ушул максаттарга жетишкендик операциялык ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлин кандайча камсыз кылат? 

 

 

 

17.3.3. Төлөм системасын зарыл иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылган жана операциялык ишенимдүүлүк максаттарына жетүү үчүн иштелип чыккан саясаттар кайсылар? 

 

 

17.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы операциялардын стресс орун алган жана тейлөөнүн максаттуу деңгээлине жетүү мезгил ичинде өскөн көлөмдөрүн иштеп чыгуу үчүн аны арттыруу мүмкүнчүлүгү жана толук өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен камсыз кылууга тийиш. 

 

17.4.1. Төлөм системасы стресс орун алган мезгил ичинде болжолдонгон көлөмдөрү менен башкаруу боюнча өткөрмө жөндөмдүүлүгүнүн шайкештүүлүгүн кандайча кайра карап чыгат, текшерет жана тесттен өткөрөт? Төлөм системасы аудитти жана тесттерди канча убакытта бир өткөрөт? 

 

 

 

17.4.2. Операциялык жөндөмдүүлүк жогорулаган же жогорулоого жакындаган абалдар кандайча жөнгө салынат? 

 

 

17.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы анын чабал тараптарын жана коркунучтарын эске алуучу физикалык жана маалыматтык коопсуздуктун комплекстүү принциптерин иштеп чыгууга тийиш. 

Физикалык коопсуздук 

 

17.5.1. Төлөм системасы тарабынан маалымат коопсуздугу үчүн коркунучтардын мүмкүн болуучу булактарын үзгүлтүксүздүк негизде эсепке алуу максатында, долбоорлорду жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча саясатты жана процесстерди кошо алганда, колдонулган саясат жана процесстер кайсылар? 

 

 

 

17.5.2. Төлөм системасы тарабынан колдонулган саясат, процесстер, контролдоо ыкмалары жана тесттер физикалык коопсуздуктун тиешелүү эл аралык, улуттук жана тармактык стандарттарын эске алабы? 

 

 

Маалыматтык коопсуздук 

 

17.5.3. Төлөм системасы тарабынан маалымат коопсуздугу үчүн коркунучтардын мүмкүн болуучу булактарын үзгүлтүксүздүк негизде эсепке алуу максатында, долбоорлорду жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча саясатты жана процесстерди кошо алганда, колдонулган саясат жана процесстер кайсылар? 

 

 

 

17.5.4. Төлөм системасы тарабынан колдонулган контролдоо саясаты, процесстери жана ыкмалары маалыматтык коопсуздуктун эл аралык, улуттук жана тармактык стандарттарын кандайча эске алат? 

 

 

17.6-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы операциялардын олуттуу бузулушуна алып келген окуяларды, анын ичинде ири же олуттуу бузуулар келип чыгышы мүмкүн болгон окуяларды эске алган иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планына ээ болууга тийиш. Бул план резервде турган объектини колдонууну алдын алууга жана иште бузулууларды алып келген жагдайлардан кийин эки саат ичинде маалыматтык-технологиялык системасынын ишин калыбына келтирилишин камсыз кылууга тийиш. План төлөм системасына экстремалдык жагдайларда бузулуулар орун алган учурларда да күндүн акырында эсептешүүлөрдүн аягына чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. Төлөм системасы планды үзгүлтүксүз тестирлеп турууга тийиш. 

Иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планынын милдеттери 

 

17.6.1. Төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планы ири же глобалдык үзгүлтүктөрдөн кийин маанилүү операциялардын ишин өз убагында тез калыбына келтирүүнү эске алган милдеттерин, саясатын жана жол-жоболорун кандайча чагылдырат? 

 

 

Иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планынын түзүмү 

 

17.6.2. Төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планы маанилүү маалыматтык-технологиялык системалардын жана үзгүлтүктөрдөн кийин эки саат ичинде операциялардын калыбына келтирилишине кандайча мүмкүндүк берет, ошондой эле экстремалдык жагдайларда да күндүн акырына чейин эсептешүүлөрдү аткаруу же бүткөрүү мүмкүнчүлүгүн кандайча алдын алат? 

 

 

 

17.6.3. Күтүлбөгөн жагдайлар боюнча иш-аракеттер планы иште үзгүлтүктөр орун алган учурда бардык транзакциялардын статусун өз убагында аныкталышын кандайча камсыз кылат жана маалыматтардын жоголуп калышы мүмкүн болсо, анда ушуну жөнгө салган кандай жол-жоболор бар (мисалы, катышуучулар же үчүнчү жактар менен салыштыруу)? 

 

 

 

17.6.4. Төлөм системасы тарабынан колдонулган кризистик тескөө жол-жоболору системанын ичинде, тышкы кызыкдар тараптардын жана компетенттүү органдардын эффективдүү коммуникацияга муктаждыгын кандайча эске алат? 

 

 

Резервде турган объект 

 

17.6.5. Төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планы резервде турган объектинин колдонулушун (тиешелүү негизги ресурстар, кубаттуулук, функционалдык мүмкүнчүлүктөр жана персоналдар менен камсыз болгон) кандайча карайт? Резервде турган объект тобокелдиктин так профилине ээ болуусу үчүн негизги объекттен канчалык чоң аралыкта тургандыгы кандайча камсыз болгон? 

 

 

 

17.6.6. Төлөм системасы экстремалдык жагдайларда мөөнөттүү транзакцияларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берген альтернативалуу механизмдерди карап чыкканбы (мисалы, кол менен иргеп чыгуунун, кагаз түрүндөгү документтердин жана башка варианттардын негизинде жол-жоболор)? 

 

 

Кайра карап чыгуу жана тестирлөө 

 

17.6.7. Ири жана глобалдуу үзгүлтүктөр менен байланыштуу сценарийлерди кошо алганда, төлөм системасы тарабынан колдонулган иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу механизмдери кандайча каралып чыгат жана тесттен өтөт? 

 

 

 

17.6.8. Төлөм системасы иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча механизмдерин кайра карап чыгуу жана тестирлөө ишине өз катышуучуларын, негизги провайдерлерди жана байланыштуу төлөм системасын кандайча тартат? Төлөм системасынын катышуучулары жана негизги провайдерлер канча убакытта бир кайра кароодон жана тесттен өткөрүлөт? 

 

 

17.7-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы негизги катышуучулардын, башка төлөм системасынын, ошондой эле алардын операцияларына дуушар болгон кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин жана коммуналдык кызматтардын тобокелдиктерин тескөөгө жана мониторингди жүзөгө ашырууга тийиш. Мындан тышкары, төлөм системасы башка төлөм системасы дуушар боло турган өз операцияларынын тобокелдиктерин тескөөгө жана мониторингди жүзөгө ашырууга тийиш. 

Төлөм системасынын өз операциялары менен байланыштуу тобокелдиктери 

 

17.7.1. Төлөм системасы катышуучулар, башка төлөм системасы, кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери жана коммуналдык кызматтар тарабынан түзүлгөн өз операциялары үчүн кандай тобокелдиктерди аныктаган? Төлөм системасы мониторингди кандайча жүзөгө ашырат жана ушул тобокелдиктерди кандайча тескейт? 

 

 

 

17.7.2. Эгерде төлөм системасы аутсорсингдин негизинде алардын операциялары үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланса, анда ал орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринин операциялары ишенимдүүлүктүн ошол эле талаптарына дал келишин кандайча камсыз кылат? 

 

 

Башка төлөм системасы үчүн тобокелдиктер 

 

17.7.3. Төлөм системасы башка төлөм системасы үчүн ал тарабынан түзүлгөн тобокелдиктерди кандайча аныктайт, мониторинг жүргүзөт, тобокелдиктерди жеңилдетет? 

 

 

 

17.7.4. Төлөм системасы башка өз ара көз каранды төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу механизмдерин кайсыл деңгээлде координациялайт? 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр:  

18-принцип. Пайдаланууга жана катышууга талаптар.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы туура жана ачык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жана тобокелдикти эске алган катышуунун белгилүү объективдүү жана жалпыга маалым болгон критерийлерин колдонууга тийиш. 

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

18.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы анын ичинде тике жана зарылчылыгына жараша тобокелдиктер менен шартталган катышууга карата талаптардын негизинде ири катышуучуларга жана башка төлөм системасына, өз кызмат көрсөтүүлөрүнө туура жана ачык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. 

Катышуу критерийлери жана катышууга карата талаптар 

 

18.1.1. Төлөм системасы тарабынан катышуу критерийлери жана катышууга карата талаптар кайсылар (мисалы, операциялык, финансылык жана юридикалык талаптарды)? 

 

 

 

18.1.2. Бул критерийлер жана талаптар тике же тиешелүү учурларда тике эмес катышуучулардын жана катышууга карата тобокелдиктерге байланыштуу алгылыктуу талаптардын негизинде башка төлөм системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн ачык пайдалана алуусуна жол берилеби? 

 

 

18.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасында катышууга карата талаптар ал тейлеген рыноктордун жана төлөм системасынын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылууга жана төлөм системасынын өзгөчө мүнөздүү тобокелдиктери менен бирдей өлчөнүүгө тийиш. Алгылыктуу стандарттар колдоого алынган шартында, төлөм системасы пайдалана алуунун эң аз чектөөсүн алдын алган талаптарды белгилөөгө тийиш 

Катышуу критерийлеринин негиздемеси жана рационалдуу негиз 

 

18.2.1. Коопсуздук жана эффективдүүлүк жагында төлөм системасынын катышууга карата талаптары жана ал тейлеген рынокту ролу кандай жана алар төлөм системасынын өзгөчө тобокелдиктерин эске алабы? 

 

 

 

18.2.2. Тобокелдиктерге негизделбеген, бирок мыйзам актыларында же ченемдик документтеринде каралган катышууга карата талаптар барбы? Эгерде бар болсо, алар кайсылар? 

 

 

 

18.2.3. Катышуучулардын бардык түрлөрүнө пайдалана алуунун бирдей критерийлери колдонулабы? Эгерде колдонбосо, башка критерийлердин рационалдуу негизи (мисалы, иш көлөмү жана анын түрү, үчүнчү жактардын атынан иш алып барган катышуучуларга карата кошумча талаптар, жөнгө салынбаган уюмдардан болуп саналган катышуучуларга карата кошумча талаптар) кандай? 

 

 

Жеңилдетилген пайдалануу 

 

18.2.4. Жеңилдетилген пайдалана алууну камсыз кылуу үчүн, пайдаланууга карата чектөөлөр жана талаптар кандайча кароого алынат? Кайра кароо канча убакытта бир жүргүзүлүп турат? 

 

 

Критерийлер жөнүндө маалыматты анын көрсөтүү 

 

18.2.5. Катышууну чектөөнү кошо алганда, катышуу критерийлери кандайча эл алдында ачып көрсөтүлөт? 

 

 

18.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы катышуу талаптарына жооп бербеген катышуучуну алып салуу жана катышууну токтотуп турууну камсыз кылуучу белгилүү жана жалпыга маалым жол-жоболорго ээ болууга жана катышууга карата ал тарабынан белгиленген талаптарды аткарууну дайыма контролдоого тийиш. 

Дал келүүсүнө контролдук 

 

18.3.1. Төлөм системасы катышуучулардын пайдалануу критерийлерине ылайык келишине үзгүлтүксүз контролдукту кандайча ишке ашырат? Төлөм системасынын саясаттарында катышуу критерийлерине ылайык келүүгө контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган маалыматтар так жана өз учурунда берилиши каралганбы? 

 

 

 

18.3.2. Тобокелдикке дуушарлануу ыктымалдыгы күчөп бара жаткан катышуучунун ишине кеңири байкоо жүргүзүү же контролдоонун кошумча ыкмаларын киргизүү жагында саясаттар иштелип чыкканбы? 

 

 

 

Катышууну токтотуп жана андан чыгуу тартиби 

 

 

 

18.3.3. Төлөм системасы катышууну токтотуу жана катышууга карата белгиленген талаптарды бузууга жол берген катышуучуну чектетүү же ага дал келбей жагында жол-жоболорду иштеп чыкканбы? 

 

 

 

18.3.4. Төлөм системасы катышууну токтотуу жана катышуучунун андан чыгуу тартибин жөнгө салуу боюнча кандай жол-жобону колдонот? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

19-принцип. Катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү

Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнөн улам, дуушар болуучу олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, мониторингди жүзөгө ашырууга жана тескөөгө тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

 

19.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, ал катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү болушунан улам, дуушар болгон бардык олуттуу тобокелдиктерди аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө максатында, кыйыр катышуу жөнүндө негизги маалыматты чогултууга мүмкүндүк берген макулдашуу, жол-жоболор жана эрежелер менен камсыз кылууга тийиш. 

 

 

Катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү 

 

19.1.1. Төлөм системасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнө ээби? Эгерде ээ болсо, ал түзүмдү баяндап бергиле? 

 

 

 

19.1.2. Төлөм системасы тике катышпоо жөнүндө базалык маалыматты кандайча чогултат? Кайсы маалымат чогултулат жана ал канча убакытта бир жолу жаңыртылып турат? 

 

 

Төлөм системасы үчүн тобокелдиктер 

 

19.1.3. Төлөм системасы ушундай түзүм тарабынан түзүлгөн тобокелдиктерди кандайча баалайт? 

 

 

 

19.1.4. Төлөм системасы өзү үчүн катышуунун көп деңгээлдик түзүмү тарабынан түзүлгөн кандай олуттуу тобокелдиктерди аныктаган? Бул тобокелдиктерди төлөм системасы кандайча жеңилдетет? 

 

 

19.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы ага таасир эте турган тике жана кыйыр катышуучулар ортосунда көз карандылыкты аныктоого тийиш. 

 

19.2.1. Төлөм системасы ага таасир эте турган тике жана кыйыр катышуучулар ортосунда көз карандылыкты кандайча аныктайт? 

 

 

19.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы бүтүмдүн олуттуу бөлүгүн түзгөн кыйыр катышуучуларды, ошондой эле ушундай транзакциялардан улам келип чыккан тобокелдиктерди тескөө максатында, Төлөм системасынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тике катышуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө салыштырмалуу транзакциялардын саны жана көлөмү көп болгон кыйыр катышуучуларды аныктоого тийиш. 

 

19.3.1. Төлөм системасы (а) тике катышуучулардын операцияларынын көлөмүндө кыйыр катышуучулардын атынан ар бир тике катышуучулар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын үлүшүн; (б) көп сандагы кыйыр катышуучулардын атынан иш алып барган тике катышуучуларды; (в) системанын жүгүртүлүшүндө операциялардын көлөмү олуттуу болуп саналган кыйыр катышуучуларды жана (г) ушундай транзакциялардан улам келип чыккан тобокелдиктерди тескөө максатында, төлөм системасынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн алган тике катышуучулардын жүгүртүүсү менен салыштырганда транзакциялардын көлөмү жана саны ири болуп саналган кыйыр катышуучуларды аныктаганбы? 

 

 

 

19.3.2. Төлөм системасында кандай тобокелдиктер бар жана ал маанилүү кыйыр катышуучулар тарабынан түзүлгөн тобокелдиктерди кандайча тескейт? 

 

 

19.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнөн улам, келип чыккан тобокелдиктерге дайым талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана зарылчылык келип чыккан учурда тобокелдиктерди кыскартууга багытталган чараларды көрүүгө тийиш. 

 

19.4.1. Төлөм системасы үчүн катышуудан улам түзүлгөн тобокелдиктерди кыскартуу максатында эрежелерди жана жол-жоболорду кайра карап чыгуу боюнча колдонгон принциптер кайсылар? Кайра карап чыгуу канча убакытта бир жүргүзүлүп турат? 

 

 

 

19.4.2. Төлөм системасы тобокелдикти кыскартуу боюнча чараларды көрүү учурун аныктоо үчүн кайсы критерийлерди колдонот? Төлөм системасы мониторингди кандай жүргүзөт жана өз тобокелдиктерин кандайча кыскартат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

20-принцип. Финансы рыногунун инфраструктурасынын байланыштары өлөм системаларына колдонулбайт). 

Финансы рыногунун инфраструктурасы бир же бир нече финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзгөн байланышы ушул байланыш менен шартталган тобокелдикти аныктоого жана мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле ушундай тобокелдиктерди тескөөгө тийиш. 

21-принцип. Эффективдүүлүк жана натыйжалуулук. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы өзү тейлеген катышуучуларынын жана рыногунун муктаждыгын натыйжалуу канааттандырууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

21.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өзү тейлеген катышуучулардын жана рыноктордун муктаждыгын канааттандырылышын камсыз кылууга тийиш, айрыкча бул клирингдин жана эсептешүүлөрдүн схемасын, операциялык түзүмдү, клиринг, эсептешүү же эсепке алуу жүргүзүлгөн продуктылардын түрүн тандоого, ошондой эле технологияларды жана жол-жоболорду колдонууга тийиштүү

 

21.1.1. Төлөм системасынын (клиринг жана эсептешүүлөрдүн механизмдерин, операциялык түзүмдү, ташып жеткирүү системасын жана технологияларын, ошондой эле айрым кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды кошо алганда) түзүмү тейлөөгө алынуучу катышуучулардын жана рыноктордун муктаждыгын кандайча эске алат? 

 

 

 

21.1.2. Төлөм системасы катышуучулардын жана башка пайдалануучулардын муктаждыгына жана талаптарына дал келээрин жана алардын өзгөрүүсүнө жараша (мисалы, кайтарым байланыш механизмдери аркылуу) бул талаптарга дал келип жаткандыгын кандайча аныктайт? 

 

 

21.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы сандык баа берүү мүмкүн болгон белгилүү бир максаттарга жана милдеттерге ээ болууга тийиш жана тейлөөнүн минималдуу деңгээли, тобокелдиктерди тескөө жагында күтүүлөр жана бизнес-артыкчылыктар сыяктуу жетишкендиктер болушу мүмкүн. 

 

21.2.1. Төлөм системасы операциялардын натыйжалуулугуна карата кандай максаттарды жана милдеттерди көздөйт? 

 

 

 

21.2.2. Төлөм системасы анын максаттары жана милдеттери так болушун, сандык баа берүүгө жол берилишин кандайча камсыз кылат? 

 

 

 

21.2.3. Бул максаттар жана милдеттер канчалык деңгээлде иштелип чыккан? Ишке ашыруу деңгээлин өлчөө жана баа берүү үчүн төлөм системасы кандай механизмдерди колдонот? 

 

 

21.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы натыйжалуулукту талдап-иликтөөнүн иштелип чыккан механизмдерине ээ болууга тийиш. 

 

21.3.1. Төлөм системасы натыйжалуулугуна санына баа берүү үчүн кандай жол-жоболорду жана көрсөткүчтөрдү колдонот? 

 

 

 

21.3.2. Төлөм системасы өзүнүн натыйжалуулугуна канча убакытта бир баа берип турат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

22-принцип. Байланыш жол-жоболору жана стандарттары.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы эффективдүү төлөмдөрдү, клирингди, эсептешүүлөрдү жана документти жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн байланыштын эл аралык жол-жоболорун жана стандарттарын колдонууга же ыңгайлаштырууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

22.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы эл аралык кабыл алынган байланыш жол-жоболорун жана стандарттарын колдонууга же эң аз дегенде ыңгайлаштырууга тийиш. 

Коммуникациялык жол-жоболор 

 

22.1.1. Төлөм системасы билдирмелерди берүүнүн эл аралык стандарттарын колдонобу, эгерде колдонгон болсо, алар кайсылар? Билдирмелерди берүүнүн эл аралык жол-жоболорун ыкчам шайкеш келтирилиши кандайча камсыз кылынат? 

 

 

 

22.1.2. Эгерде төлөм системасы чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды жүзөгө ашырса, анда операциялык жол-жоболордо, процесстерде, системаларда маалыматтарды берүүнүн эл аралык жол-жоболору кандайча колдонулат, же чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды жүргүзүүдө аларды ыкчам шайкеш келтирүү кандайча камсыз кылынат? 

 

 

Коммуникациялык стандарттар 

 

22.1.3. Төлөм системасы билдирмелерди берүүнүн эл аралык стандарттарын колдонобу, эгерде колдонгон болсо, алар кайсылар? Билдирмелерди берүүнүн эл аралык жол-жоболорун ыкчам шайкеш келтирилиши кандайча камсыз кылынат? 

 

 

 

22.1.4. Эгерде төлөм системасы чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү операцияларды жүзөгө ашырса, анда төлөм системасынын операциялык жол-жоболорунда, процесстерде жана системаларда эл аралык жол-жоболор кандайча колдонулат? 

 

 

 

22.1.5. Эгерде эл аралык стандарттар колдонулбаса, анда төлөм системасы улуттук валютага жана тескерисинче, маалыматтардын жана эл аралык стандарттарга жооп берген маалыматтарды берип турган же конвертациялаган системалардын оперативдүү айкалышта иштөөсүн кандайча камсыз кыла алат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр:  

23-принцип. Эрежелерди, негизги жол-жоболорду жана рыноктук маалыматтарды ачып көрсөтүү

Финансы рыногунун инфраструктурасы так жана бардыгын камтуучу эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөөгө, ошондой эле Финансы рыногунун инфраструктурасында катышуучулардын катышуусу менен байланыштуу тобокелдиктер, комиссиялык жана башка (реалдуу) чыгашалар жөнүндө так түшүндүрмө алууга мүмкүндүк берген толук маалыматты алууга тийиш. Бардык тиешелүү эрежелер жана негизги жол-жоболор жалпыга маалымдалууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

ТСО баасы 

Улуттук банктын баасы 

23.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы так жана бардыгын камтуучу эрежелерди жана жол-жоболорду аныктоого жана катышуучуларды маалымдоого, мындан тышкары, тиешелүү эрежелер жана негизги жол-жоболор жалпыга маалымдалууга тийиш. 

Эрежелер жана жол-жоболор 

 

23.1.1. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кайсы документте берилген? Бул документтер катышуучуларга кандай ачып көрсөтүлөт? 

 

 

 

23.1.2. Төлөм системасы анын эрежелери жана жол-жоболору так берилгендигин жана комплекстүү болуп саналгандыгын кандайча аныктайт? 

 

 

Маалыматты ачып көрсөтүү 

 

23.1.3. Төлөм системасынын эрежелеринде жана стандарттык эмес, бирок күтүлүүчү жагдайларда анын чегинде иш алып барган жол-жоболордо кандай маалымат камтылат? 

 

 

 

23.1.4. Төлөм системасы эрежелер жана негизги жол-жоболор өзгөргөн учурда алар аткарган технологиялык процесстер жөнүндө маалтматты кандайча жана кимге ачып көрсөтөт? 

 

 

 

23.1.5. Тиешелүү эрежелерди жана негизги жол-жоболорду Төлөм системасы эл алдында кандай ачып көрсөтөт? 

 

 

23.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы системанын түзүмүн жана операцияларын, ошондой эле төлөм системасында катышуудан улам, алар дуушарланган тобокелдиктерге баа берүү үчүн катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин так баяндап жалпыга жарыялоого тийиш. 

 

23.2.1. Системанын түзүмү жана операциялары кайсы документте берилген? Ушул тууралуу маалыматты кандайча жана кимге ачып көрсөтөт? 

 

 

 

23.2.2. Төлөм системасы системанын ишине түздөн-түз таасир эткен маанилүү чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктубу? 

 

 

 

23.2.3. Төлөм системасы өз катышуучуларына алардын укуктары, милдеттери жана Төлөм системасында алардын катышуусу менен байланыштуу тобокелдиктери жөнүндө кайсы маалыматты сунуштайт? 

 

 

23.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы бардык зарыл жана тиешелүү документтерди сунуштоого жана катышуучуларга төлөм системасынын эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле анда катышуунун натыйжасында алар дуушар болуучу тобокелдиктерди түшүнүүнү жеңилдетүү үчүн окутууларды өткөрүүгө тийиш. 

 

23.3.1. Төлөм системасы иштеп чыккан эрежелердин жана жол-жоболордун катышуучулар тарабынан толук түшүнүүсүнө кантип жетишүүгө болот жана катышууга байланыштуу тобокелдиктер кандайча тескөөгө алынат? 

 

 

 

23.3.2. Катышуучулар төлөм системасынын эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле ага байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди түшүнүүсүн камсыз кылган каражаттар барбы? 

 

 

 

23.3.3. Төлөм системасы катышуучунун төлөм системасынын эрежелерин жана жол-жоболорун түшүнбөгөндүгүн көрсөткөн жүрүм-туруму, ошондой эле катышууга байланыштуу тобокелдиктер аныкталган учурда кайсы чараларды көрөт? 

 

 

23.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган жыйымдар, ошондой эле жеңилдиктерди белгилөө принциптери жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоого тийиш. 

 

23.4.1. Төлөм системасы өзүнчө сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жана жеңилдиктерди сунуштоо саясаты жөнүндө маалыматты эл алдында кантип ачып көрсөтөт? Бул маалымат кандайча ачып көрсөтүлөт? 

 

 

 

23.4.2. Төлөм системасы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана алардын наркынын өзгөрүүсү жөнүндө катышуучуларды жана коомчулукту өз убагында кандай билдирет? 

 

 

 

23.4.3. Төлөм системасы акы төлөнүүчү негизде сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндалышын сунуштайбы? Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндалышы ушул сыяктуу төлөм системасынын кызмат көрсөтүүлөрү менен салыштырууга мүмкүндүк береби? 

 

 

 

23.4.4. Төлөм системасы ал тарабынан колдонулган технологиялар жана билдирмелерди берүү жол-жоболору, ошондой эле төлөм системасынын операциялык чыгымдарына таасир эткен башка факторлор жөнүндө маалыматты ачып көрсөтөбү

 

 

23.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы ушул баа берүүнүн формасы боюнча жоопторду дайыма даярдоого жана жалпыга жарыялоого тийиш. Мындан тышкары, төлөм системасы бүтүмдөрдүн көлөмү жана наркы тууралуу негизги маалыматтарды эң аз дегенде ачып көрсөтүүгө тийиш. 

 

23.5.1. Төлөм системасында акыркы жолу баа берүү формасы качан толтурулган? Маалыматтар канча убакытта бир жаңыртылып турат? Төлөм системасында орун алган олуттуу өзгөрүүлөрдөн кийин жана анын чөйрөсүндө маалыматтар ар бир эки жылда жаңыртылып турабы? 

 

 

 

23.5.2. Төлөм системасы кандай сандагы маалыматтарды эл алдына чыгарат? Бул маалымат канча убакытта бир жаңыртылып турат? 

 

 

 

23.5.3. Төлөм системасы дагы кайсы маалыматты эл алдына алып чыгат? 

 

 

 

23.5.4. Бул маалыматты эл алдында кандай ачыкка чыгарат? Ачыкка чыккан маалымат кайсы тилде (тилдерде) сунушталат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

24-принцип. Соода репозиторийлеринин базар маалыматтарын ачып берүүсүөлөм системаларына карата колдонулбайт). 

Соода репозиторийи маалыматтардын тиешелүү компетенттүү органдарга жана коомчулукка алардын керектөөлөрүнө ылайык өз убагында жана так берилишин камсыз кылышы керек. 

 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу   

эрежелерине карата  

8-тиркеме 

 

Системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын өзүнө-өзү баа берүү үчүн анкета толтуруу боюнча  

ЭРЕЖЕЛЕР 

 

7-тиркемеде көрсөтүлгөн Системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын өзүнө-өзү баа берүү үчүн анкета (мындан ары Анкета) 21 бөлүктөн турат. Өзүнө-өзү баа берүү системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын операторлору тарабынан жүргүзүлөт. 

Системалуу мааниге ээ, маанилүү төлөм системаларынын операторлору кеминде үч жылда бир жолу өз системаларынын ишине баа берүүнү жүргүзөт жана анын жыйынтыктарын Улуттук банктын талабы боюнча документтерди (келишимди, операция боюнча эрежелерди, ички ченемдик документтерди, буйрукту ж.б.) тиркөө менен сунуштайт. 

Анкета ар бир төлөм системасы боюнча өзүнчө толтурулат, ага жооптуу аткаруучу, башкы бухгалтер жана түзүмдүн башчысы кол коет жана ушул системанын операторлору (же катышуучулары) берет. 

Анкетанын аталышы көрсөтүлгөн тилкеде: 

- «Төлөм системасынын аталышы» системанын тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, «Элкарт» ж.б.);  

- «Төлөм системасынын тиби» системанын түрү боюнча тиешелүү мааниси көрсөтүлөт (мисалы, система ири төлөмдөр системасына кирет, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн системасы, электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн системасы ж.б.); 

- «Төлөм системасынын оператору» системанын операторунун тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, «ДОС-Кредобанк» ААК ж.б.); 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

9-тиркеме 

 

Баа берүүгө тиркелүүчү маалыматтын 

ТИЗМЕСИ 

1. Баа берүүгө тиркелүүчү материалдар/документтер төмөнкү багыттар боюнча толук маалыматы камтууга тийиш:  

1. Жалпы маалымат 

- Системанын оператору жана системанын ээси. 

- Системаны багытгоо. 

- Системанын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук база. 

- Иш регламенти, иштөө принциптери. 

- Программалык камсыздоо. 

- Төлөм системасынын персоналы. 

- Катышуучулардын актуалдуу тизмеси. 

- Башкаруунун уюштуруу түзүмү 

- Төлөм системасынын иштөө принциби, клиринг жана эсептешүү жүргүзүү тартиби, системадагы өз ара иш алып баруу эрежелери. 

1.1. Системанын түзүмү жана эсептөө

1.2. Статистика: 

Катышуучулардын (тике, түздөн-түз катышпаган, адистештирилген) саны. 

1.2.1. Төлөмдөрдүн/которуулардын орточо саны жана көлөмү

1.2.2. Алардын ичинен ири суммага төлөмдөр/которуулар. 

1.2.3. Системада төлөмдөрдүн/которуулардын орточо наркы. 

1.2.4. Төлөмдөрдүн/которуулардын наркынын өлчөмүнүн берүү убактысынан жана төлөмдөрдүн/которуулардын өлчөмүнөн көз карандылыгы. 

1.2.5. жана башкалар. 

1.3. Кошумча маалымат: 

1.3.1. Төлөмдөрдү/которууларды кабыл алууда баш тартуу себептери: 

- ката документтер же толук эмес реквизиттер; 

- лимиттин артышы; 

- ж.б. 

1.3.2. Претензиондук ишти жүргүзүү тартиби. 

1.3.3. Төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү же өркүндөтүү боюнча пландар. 

2. Финансылык тобокелдиктердин ачык-айкындуулугу жана анын мааниси. 

2.1. Финансылык тобокелдиктер жагында колдонулган принциптер, эрежелер жана жол-жоболор. 

2.2. Суроолордун баяндалышы: 

2.2.1. Система ишинин тактыгы жана толуктугу. 

2.2.2. Тобокелдиктерди тескөө

2.2.3. Системага карата жеткиликтүүлүк критерийлери. 

2.2.4. Оператордун жана катышуучулардын эркин иш алып баруусу, укуктары жана милдеттери. 

2.2.5. Штаттан тышкаркы жагдайларда чечимдерди кабыл алуу. 

2.2.6. Катышуучулардын иш алып баруусуна мониторингди жүргүзүү боюнча аларды даярдоо. 

2.3. Тобокелдиктерди тескөө үчүн маалыматтын өз убагында жана толук берилиши. 

2.4. Катышуучулардын тобокелдиктерге дуушар болушунун толук түшүнүүсүн камсыз кылган чаралар. 

3. Кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлук тобокелдигин тескөө

3.1. Катышуучулардын финансылык тобокелдиктери. 

3.2. Кредиттик тобокелдикти тескөө инструменттери: 

3.2.1. Мүчө катары иш алып баруу эрежелери (капиталга карата талаптар, күрөөнү алдын ала каржылоо ж.б.). 

3.2.2. Төлөмдөрдү кабыл алуу жана алар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү кабыл алуу ортосундагы минималдуу жана максималдуу мөөнөттөр. 

3.2.3. Катышуучулардын бири банкротко учураган учурда алардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү

3.3. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча инструменттер: 

3.3.1. Кезекке туруу механизмдери. 

3.3.2. Ликвиддүүлүк булактары. 

3.3.3. Бир күндүк кредит. 

3.3.4. Убакыт жана нарк боюнча төлөмдөрдүн агымын бөлүштүрүү

3.3.5. Системанын ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу боюнча оператордун ачык же ачык эмес милдеттенмелери. 

3.4. Жалпы мүнөздөгү инструменттер: 

3.4.1. Эсептердеги жана өз позицияларындагы калдыктар тууралуу маалыматтан катышуучулардын пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү

3.4.2. Системанын оператору тарабынан мониторинг жүргүзүү 

3.5. Ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти тескөө себептери. 

3.5.1 Катышуучулар ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүү механизми. 

3.5.2. Ликвиддүүлүк тобокелдигин контролго алууга жараша бааларды түптөө

4. Операциянын акыркы жана кайтарып алынгыс мүнөзү

4.1. Төлөмдөрдүн/которуулардын ар бир баскычында кайтарып алынгыс боюнча деңгээли. 

4.2. Система жана катышуучу-алуучу тарабынан төлөмдөрдү/которууларды кабыл албай коюу шарттары. 

4.3. Төлөмдөрдү/которууларды кабыл алуудан баш тартуу тууралуу катышуучунун маалым болушу. 

4.4. Ликвиддүүлүк жок болгон учурда күндүн акырында позицияларды жабуу. 

4.5. Айыптар же башка санкциялар түрүндө иш регламентине ылайык келишин камсыз кылуу боюнча расмий механизмдер. 

4.6. Акыркы эсептешүүнү расмий тастыктоо. 

4.7. Каталардын кесепеттерин жоюу. 

5. Клирингдик системалар. 

5.1. Клиринг жана эсептешүү жол-жоболору жөнүндө маалымат. 

5.2. Ар тараптуу өз ара чегеришүүнүн негизинде таза сальдону эсептөө

5.3. Таза позициялар боюнча эсептешүүлөрдү иштеп чыгуу. 

5.4. Клирингдин катышуучуларынын таза позициялары жөнүндө маалымат. 

5.5. Катышуучулар тарабынан үстөк ликвиддүүлүктөн коргонуу. 

5.6. Банкротко учураган катышуучунун дебеттик позициясын жабуу. 

5.7. Катышуучунун дебеттик позициясын жабуу үчүн күрөө же резервдик фонд. 

5.8. Системада ликвиддүүлүктү камсыз кылуу боюнча акыркы инстанция. 

5.9. Клиринг системасынын оператору. 

5.10. Акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу боюнча жол-жоболор жана ликвиддүүлүктү тескөө механизмдери. 

5.11. Бир катышуучунун, эки катышуучунун кудуретсиздиги учурунда акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу. 

6. Эсептешүү активдери 

6.1. Эсептешүүлөр үчүн активдер. 

6.2. Коммерциялык банктын Улуттук банктын корреспонденттик эсебинде турган каражаттар. 

6.3. Эсептешүү банкынын ликвиддүүлүгүнө, кредит берүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлери. 

6.4. Төлөм системасынын катышуучуларын системанын банкротко учурашынан коргоо чаралары. 

6.5. Активдердин активдердин башка түрлөрүнө өзгөрүшү

6.6. Чет өлкө валютасындагы активдер. 

7. Коопсуздук жана операциялык ишенимдүүлүк 

7.1. Төлөм системасынын коопсуздугунун түзүмү

7.2. Системанын ишине мезгил-мезгили менен аудит жүргүзүү

7.3. Системанын айкын абалы боюнча документтер. 

7.4. Маалыматтарды өткөрүп берүү түйүндөрүнө байланыштуу компьютердик системалардын коопсуздук жана ишенимдүүлүк деңгээлине көз карандысыз текшерүүлөрдү жүргүзүү

7.5. Программалык модулда операцияларды аткаруунун белгилүү бир ырааттуулугунун бар болушу. 

7.6. Күндөлүк маалыматтарды резервге коюу каражаттары. 

7.7. Системаны толугу менен калыбына келтирүү боюнча максаттуу деңгээл. 

7.8. Иш үзгүлтүксүздүгү

- Жөнөкөйлүүлүк жана колдонууга ыңгайлуу. 

- Система боюнча документтерде үзгүлтүксүздүк механизмдерин чагылдыруу. 

- Система боюнча документтерде маалыматтарды жайылтуу жана кризистик башкаруу жол-жоболорун чагылдыруу. 

7.9. Кыйроолор орун алган учурда иш жигердүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча пландар. 

7.10. Системаны калыбына келтирүү боюнча мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдүн орун алышы. 

7.11. Акыркы үч жыл ичиндеги статистика 

7.12. Системанын коопсуздук жана операциялык ишенимдүүлүгүнүн деңгээли. 

7.13. Системанын операторунун жана/же катышуучусунун «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам жагында кардарлардын операцияларына талдап-иликтөө боюнча жыйынтыктардын болушу. 

7.14. Төлөмдөрдү өткөрүүгө белгиленген лимиттер же чектөөлөр. 

8. Колдонууга ыңгайлуу жана эффективдүүлүгү 

8.1. Баа түзүү боюнча расмий саясат. 

8.2. Төлөмдөрдү/которууларды өткөрүү мөөнөттөрү

8.3. Банктардын ассоциациясы жана катышуучулары менен өз ара иш алып баруу. 

8.4. Тарифтер боюнча саясаттын механизмдери, жол-жоболору жана чаралары. 

8.5. Төлөмдөрдүн/которуулардын толук иштеп чыгуу мөөнөттөрү

8.6. Сарптоолорго жана пайдага талдап-иликтөө

8.7. Төлөм системасынын эффективдүүлүгүн өркүндөтүү боюнча чаралар. 

8.8. Системанын пайдалануучулары үчүн төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүнүн эффективдүүлүгү жана ыңгайлуулугу. 

9. Системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү 

9.1. Системадан пайдалана алуу шарттары, эрежелери жана талаптары. 

9.2. Төлөм системасынын тике катышуучулары. 

9.3. Клирингдик системадан түздөн-түз болбогон жеткиликтүүлүк. 

9.4. Катышуучулардын төлөмдөрүн/которууларын жүзөгө ашыруу тартиби жана эрежеси. 

9.5. Тарифтер, тарифтерди белгилөө принциптери. 

9.6. Системага катышууну токтото туруу, токтотуу тартиби. 

9.7. Катышуучунун системадан чыгуусу  

9.8. Катышуунун объективдүү жана жалпыга маалым болгон критерийлери, катышуучуларга коюлган талаптар. 

9.9. Оператор менен катышуучулардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү

10. Системаны жетектөө 

10.1 .Жалпы баяндоо. 

10.2. Консенсуска жетүүгө багытталган механизмдер. 

10.3. Төлөм системасынын операторунун кыска жана орто мөөнөттүк бизнес-пландары. 

10.4. Иш жыйынтыгы боюнча отчет. 

10.5. Системанын ээси жана жетекчилиги тууралуу маалымат. 

10.6. Системадагы өзгөрүүлөр жөнүндө ири чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу. 

10.7. Бардык маанилүү принциптерге толук ылайык келүүсүн камсыз кылган пландар. 

10.8. Акыркы үч жыл ичинде орун алган проблемалар жана суроолор. 

10.9. Ишке ашыруу процессинде турган өзгөртүүлөр жана реформалар. 

10.10. Жетектөө механизмдеринин эффективдүүлүгү, отчет берүүсү жана ачык-айкындуулугу. 

 

2. Төлөм системасынын операторлорунун жана катышуучуларынын, электрондук акчаны чыгарган банктардын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү

1. Төлөм системасын пайдалануу боюнча талаптарды аткаруу. 

2. Улуттук банктын ченемдик документтеринин талаптарын аткаруу. 

3. Улуттук банктын коопсуздук талаптарын сактоо: 

1) Төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу учурунда купуялуулуктун, бүтүндүктүн, аутентификациялоонун сакталышы; 

2) коопсуздук деңгээлинин ишенимдүүлүгү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу система ишинин үзгүлтүксүздүгү

- аппараттык каражаттардын жана линия байланыштарынын бузулушуна байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүүөлөмдөрдү жүргүзүү системасына байланыштуу жабдуулар орнотулган жайларга тиешеси жок адамдардын кирүүсүн чектөө); 

- программалык камсыздоодо каталар же анын модификацияланышы менен байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү

- электрондук төлөм документинин авторлугунан же аны алуу фактысынан баш тартуу, ошондой эле байланыш каналдары боюнча маалыматтарды өткөрүү учурунда анын жайылтылышы жана бурмаланышы тобокелдиктерин төмөндөтүү

3) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын жеке ачкычтары менен иш алып баруу, ошондой эле аларды сактоо жана колдонуу эрежелерин сактоо. 

4. Төлөм документтерин толтурууга карата талаптарды аткаруу: 

1) Улуттук банк тарабынан белгиленген төлөм документтеринин форматтарына карата талаптарды аткаруу; 

2) төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн жооптуу адамдардын кол тамгаларынын бар болушу; 

3) мөөрдүн жана штамптардын так оттискаларынын бар болушу; 

4) төлөм документтеринин реквизиттерин толтуруу жана мөөр, штамп жана кол тамга үчүн каралган жерде аларды коюу; 

5) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон реквизиттерди толтуруу жана аларды туура толтуруу; 

6) төлөм багытынын анын кодуна ылайык келүүсү

7) төлөм документтеринде корректировкалоочу суюктукту колдонуу жана оңдоолордун, сызылган жерлердин бар болушу/жоктугу. 

5. Электрондук төлөм документтерин жүргүзүү учурунда талаптарды аткаруу: 

1) төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык реквизиттердин болушу; 

2) электрондук төлөм документинин бардык реквизиттери анын кагаз түрүндөгү реквизиттерине дап келүүсү

3) ар бир төлөм документинде тиешелүү цифралык кол тамгалардын болушу жана анын аныктыгы; 

4) төлөм документтеринде дайындалган жооптуу адамдардын жана алардын ишин кайталап аткарган (дублер) адамдардын электрондук цифралык кол тамгаларын колдонуу; 

5) электрондук төлөм документтерин өткөрүү учурунда коопсуздуктун талап кылынган деңгээлин сактоо, паролдорду жана жашырын ачкычтарды сактоо; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык электрондук төлөм документтерин сактоо жана резервдик көчүрүү

7) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча белгиленген жол-жоболорду аткаруу; 

8) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын тастыктоо боюнча жол-жоболорду сактоо. 

6. Ички ченемдик документтердин сакталышы: 

1) төлөм операцияларын жүзөгө ашырууга байланыштуу оператордун иши боюнча так жана толук документтештирилген ички жол-жоболордун болушу. 

2) төлөмдү жүргүзө турган кардардын документин кабыл алуудан тартып төлөмдүн жүзөгө ашырылышына жана ал тууралуу кардарды билдирүүгө чейин төлөмдү жүзөгө ашыруу ырааттулугу; 

3) төлөмдөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда ар бир кызматкердин жоопкерчилик деңгээли; 

4) төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн же кардардын төлөм нускоосунун талаптарын бузган учурда банктын кардар алдында жоопкерчилиги (башка эсепке чегерүү, төлөмдү жүргүзбөй коюу, сумманын туура эмес көрсөтүлүшү ж.б.); 

5) төлөмдөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча ички контролдуктун жол-жобосу. 

6) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы жагында кардарлардын операцияларына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасы. 

7. Төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздуктун ички талаптарын сактоо: 

1) коопсуздук саясаты төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу системасынын мүнөздөмөлөрүнө дал келүүгө жана банктын өзүнүн, Улуттук банктын жана анын кардарларынын талаптарын канааттандыруучу коопсуздуктун зарыл деңгээли менен камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш; 

2) коопсуздук саясаты аппараттык, программалык камсыздоосу менен системадан пайдалануу жана системаны, ички жана тышкы санкцияланбаган иш-аракеттерден анын маалыматтарын коргоо түйүнүнүн контролдугун аныктоого тийиш; 

3) жол-жоболордо төлөмдөрдү жүргүзүүгө карата лимиттердин же чектөөлөрдүн тизмеси берилүүгө тийиш. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу   

эрежелерине карата  

10-тиркеме 

 

Финансы рыногунун инфраструктурасы чөйрөсүндө борбордук/улуттук банктардын, рынокту жөнгө салуучу жана башка компетенттүү органдардын милдеттери 

 

А милдети: Финансы рыногунун инфраструктурасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө 

Финансы рыногунун инфраструктурасын борбордук/улуттук банк, рынокту жөнгө салуучу же башка компетенттүү орган тарабынан тиешелүү жана натыйжалуу жөнгө салынышы жана көзөмөлгө алынышы керек. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

1. Компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасын жөнгө салууга жана көзөмөлгө алууга колдонулган критерийлерди коомго ачыкташы керек. 

2. Ушул критерийлердин негизинде аныкталган финансы рыногунун инфраструктуралары борбордук/улуттук банк, рынокту жөнгө салуучу же башка компетенттүү орган сыяктуу тиешелүү органдар тарабынан жөнгө салынып, көзөмөлгө алынышы керек. 

Жыйынтыктоочу баа: 

Комментарийлер/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

В милдети: Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн ыйгарым укуктар жана ресурстар 

Борбордук/улуттук банктар, рынокту жөнгө салуучу жана башка компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн ыйгарым укуктарга жана ресурстарга ээ болушу керек. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

1. Компетенттүү органдарга маалымат алуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү же түзөтүүчү чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, алардын милдеттерине ылайык келген атайын укуктар же башка ыйгарым укуктар берилиши керек. 

2. Компетенттүү органдар өздөрүнүн жөнгө салуу жана көзөмөлдөө милдеттерин аткаруу үчүн жетиштүү ресурстарга ээ болууга тийиш. 

Жыйынтыктоочу баа: 

Комментарийлер/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

С милдети: Финансы рыногунун инфраструктурасына байланыштуу максаттарды жана саясатты ачып берүү 

Финансы рыногунун инфраструктурасына карата борбордук/улуттук банктар, рынокту жөнгө салуучу органдар жана башка компетенттүү органдар саясаттын жана көзөмөлдөөчү саясаттын принциптерин так аныктап, жарыялашы керек. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

1. Компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасына карата саясатын, анын ичинде компетенттүү органдардын максаттарын, ролдорун жана жөнгө салуучу иш-аракеттерин так аныкташы керек. 

2. Компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасына карата жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча саясатын коомго ачыкташы тийиш. 

Жыйынтыктоочу баа: 

Комментарийлер/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

D милдети: Финансы рыногунун инфраструктурасына тиешелүү принциптерди колдонуу 

Борбордук/улуттук банктар, рынокту жөнгө салуучу жана башка компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасына тиешелүү принциптерди аныктап, аларды ырааттуу колдонушу керек. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

1. Компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасына тиешелүү принциптерди аныкташы керек. 

2. Компетенттүү органдар ушул принциптердин жок дегенде бардык негизги төлөм системаларына, баалуу кагаздардын борбордук депозитарийине, баалуу кагаздар менен эсептешүү системасына, борбордук контрагентине, соода репозитарийине жайылтылышын камсыз кылышы керек.  

3. Компетенттүү органдар ушул принциптерди финансы рыногунун инфраструктурасына карата колдонулуучу принциптер боюнча финансы рыногунун инфраструктурасынын ар бир түрүнө юрисдикциялар жана юрисдикциялар ортосунда, анын ичинде чек ара аркылуу өтө турган негизде ырааттуу колдонушу керек. 

Жыйынтыктоочу баа: 

Комментарийлер/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

Е милдети: Башка органдар менен кызматташуу 

Борбордук/улуттук банктар, рынокту жөнгө салуучу органдар жана башка компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бири-бири менен улуттук жана эл аралык деңгээлде иштеши керек. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

1. Компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасына карата милдеттерин аткарууда бири-бирин колдоо үчүн натыйжалуу жана эффективдүү байланышты жана консультацияларды жүргүзүү үчүн бири-бири менен ички жана эл аралык деңгээлде кызматташуусу керек. Мындай кызматташуу кадимки кырдаалда натыйжалуу болушу керек жана рыноктук стресс, кризистик кырдаал учурунда жана финансы рыногунун инфраструктурасы калыбына келтирилгенде же тартипсиз токтоп калганда натыйжалуу баарлашуу, консультация берүү же координациялоо үчүн жетиштүү ийкемдүү болушу керек. 

2. Эгерде компетенттүү орган өзүнүн юрисдикциясында финансы рыногунун инфраструктурасынын иш жүзүндө же пландаштырылган чек ара аркылуу өтүүчү же көп валюталык иш-аракеттери бар экендигин аныктаса, анда финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптерин финансы рыногунун инфраструктурасынын сакталышына кызыкдар болгон башка компетенттүү органдарга мүмкүн болушунча эртерээк маалымдашы керек. 

3. Кызматташуу ар кандай формада болушу мүмкүн. Кызматташтыктын формалдаштыруунун формасы, даражасы жана интенсивдүүлүгү кызматташуунун натыйжалуулугун шарттап, финансы рыногунун инфраструктурасын көзөмөлдөө жаатындагы ар бир органдын милдеттеринин мүнөзүнө жана мазмунуна, ошондой эле тиешелүү компетенттүү органдардын юрисдикциясында финансы рыногунун инфраструктурасынын системалык маанилүүлүгүнө шайкеш келиши керек. Кызматташуу келишимдери ушул макулдашуулардын катышуучулары болгон компетенттүү органдардын санын эске алуу менен кызматташуунун натыйжалуулугун  

камсыз кылууга багытталууга тийиш. 

4. Финансы рыногунун инфраструктурасы жаатында кызматташуу келишимдери максатка ылайыктуу болгон учурда, кеминде бир компетенттүү орган бардык компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуу болушун камсыз кылуунун негизги жоопкерчилигин өзүнө алышы керек. Эгерде бир дагы органда мындай жоопкерчилик болбосо, анда финансы рыногунун инфраструктурасы жайгашкан жердеги компетенттүү органга же органдарга таандык деп божомолдонот. 

5. Кеминде бир уюм финансы рыногунун инфраструктурасы белгиленген принциптерге шайкештигин мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүп турушу керек жана муну финансы рыногунун инфраструктурасын көзөмөлдөөчү жана финансы рыногунун инфраструктурасын системалуу деп эсептеген башка органдар менен кеңешип жүргүзүү керек. 

6. Финансы рыногунун инфраструктурасына жооптуу болгон компетенттүү орган же органдар төлөм жана эсептешүү механизмдеринин принциптерине жана финансы рыногунун инфраструктурасы системалык мааниге ээ болгон ар кандай валютада ликвиддүүлүк тобокелдигин башкаруунун тиешелүү жол-жоболоруна негизделген баалоо учурунда, финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн биринчи кезекте чыгаруучу борбордук/улуттук банктардын пикирин эсепке алышы керек. 

7. Компетенттүү органдар финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн башка компетенттүү жөнгө салуучу же көзөмөлдөөчү органдын кызыкчылыгына олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон ченемдик укуктук өзгөрүүлөр жана жагымсыз окуялар жөнүндө алдын ала жана кыска мөөнөттө кабарлап турушу керек. 

8. Компетенттүү органдар соода репозитарийинде болгон соода маалыматтарына өз убагында жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон координацияны жүргүзүшү керек. 

9. Эгерде компетенттүү орган финансы рыногунун инфраструктурасы пруденциалдык архитектурасы же башкаруусу жок деп эсептесе же Финансы рыногунун инфраструктурасынын Принциптерин жетиштүү сактабаса, ар бир компетенттүү орган финансы рыногунун инфраструктурасынын колдонулушун же финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан кызмат көрсөтүлүшүн токтотуу үчүн чараларды көрөт. Мындай чараларды көргөн компетенттүү орган өз чечимин финансы рыногунун инфраструктурасына көзөмөл жүргүзгөн жооптуу компетенттүү органга же органдарга жана финансы рыногунун инфраструктурасына биринчи кезекте толук негиздеши керек. 

10. Компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташтык келишимдери ар бир катышкан ар бир компетенттүү органдын мыйзамдык же юридикалык же башка укуктарына эч кандай зыян келтирбейт, ошондой эле ошол органдын өзүнүн мыйзамдык милдеттерин аткаруу же ошол укуктарга ылайык каалоосун жүзөгө ашыруу укугун чектебейт. 

Жыйынтыктоочу баа: 

Комментарийлер/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

11-тиркеме 

 

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине ______________-жылы баа берүүдө 

СУРООЛОР ТИЗМЕГИ 

Кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин аталышы ___________________________________ 

Кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин ишинин түрү ________________________________ 

  

1-сунуш-көрсөтмө. Тобокелдиктерди аныктоо жана тескөө

Маалымат технологиялары жана билдирмелерди алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр провайдерине (мындан ары провайдер) алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тийиштүү олуттуу операциялык жана финансылык тобокелдиктерди аныктоо жана аны тескөө, ошондой эле бул тобокелдиктерди тескөө процессинин натыйжалуулугун камсыз кылуу сунушталган. 

Провайдер белгилүү бир тобокелдиктер жөнүндө чечимди кабыл алуу жана тобокелдиктерди тескөө максатында, тобокелдиктерди аныктоо жана документ менен тастыктоо, ошондой эле контролдоо каражаттарын колдонуу үчүн натыйжалуу процесстерге жана системага ээ болууга тийиш. Провайдер маалымат коопсуздугу, иштин калыбына келүү жөндөмдүүлүгү жана технологиялык пландаштыруу, ошондой эле анын корпоративдик түзүмүнө, кардарларга болгон мамилесине жана ишкананын үчүнчү жактардан көз каранды болуу менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнө таасир эткен стратегиялык чечимдерине тиешелүү юридикалык жана ченемдик талаптар менен байланыштуу тобокелдиктерге кабылышы мүмкүн. Аныкталган тобокелдиктерди кыскартуу максатында орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери өз тобокелдиктерине жана аныкталган тобокелдиктерди эсепке алууда тобокелдиктердин тескөө системасынын шайкештүүлүгүнө кайрадан баа берүүгө тийиш. 

Тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөө орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринин Директорлор кеңешинин (кеңеши) байкоосунда жүзөгө ашырылууга жана кеңештин тиешелүү мүчөлөрүнө баа берүүнүн жыйынтыктары менен тааныштырган ички аудиттин көз карандысыз бөлүмү тарабынан баа берилүүгө тийиш. Мында, ички аудитти көз карандысыз жана кесипкөй бөлүмүнүн кеңеши тарабынан түзүү болжолдонууда. Аудиттин (мисалы, Ички аудиторлор институту) жүргүзүлүшүн жана тажрыйбасын жөнгө салган кесипкөй уюштуруу принциптерин аткаруу жана тобокелдиктерге, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө процесстеринин натыйжалуулугуна жана түзүмүнө, ички контролдуктун каражаттарына көз карандысыз баа берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ички аудит бөлүмүнүн ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары, ички аудит бөлүмү өз баа берүүлөрүнүн жыйынтыктары менен кеңештин тиешелүү мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш. 

  

Маанилүү суроолор 

Провайдердин баа берүүсү 

Провайдердин баа берүүсү 

  

Ишканада тобокелдиктерди тескөө системасы: 

  

  

  

1.1. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери (мындан ары провайдер) тобокелдиктерди (операциялык, финансылык жана кадр тобокелдиктерин кошо алганда) идентификациялоонун жана документтештирүүнүн кандай процесстерине жана системаларына ээ? Өз процесстери жана системалары аркылуу провайдер тарабынан тобокелдиктердин кайсы түрлөрү идентификацияланган жана документ түрүндө таризделген? 

  

  

 

1.2. Провайдер тобокелдиктерди тескөөнүн кайсы процесстерине жана системаларына ээ? Провайдер өзүнө калган тобокелдиктерди алууда кандай чечим кабыл алат? 

 

 

 

1.3. Провайдер идентификациялык тобокелдиктерди жоюу учурунда тобокелдиктерди тескөө системасынын жетиштүүлүгүнө жана өз тобокелдиктерине кайра баа берүүнү кандайча жүргүзөт? Ушул сыяктуу кайра баа берүүлөр канча убакытта бир өткөрүлүп турат? 

 

 

 

1.4. Провайдер кандайдыр бир укуктук же жөнгө салуучу талаптарды же талаптардагы өзгөрүүлөрдү кандайча жөнгө салат? 

 

 

 

1.5. Провайдер пайдалануучулардын өз ара мамилелерине тийиштүү тобокелдиктерине кандайча баа берет? 

 

 

 

1.6. Провайдер жалпы коммерциялык тобокелдикке жана финансылык абалга баа берүүнү кошо алганда, чечимди стратегиялык көз караштан кабыл алуу боюнча өз процессине тобокелдиктерди тескөө процессин кандайча киргизет? 

 

 

 

Үчүнчү жактан көз карандылыгы: 

 

 

 

1.7. Провайдер кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган үчүнчү жактардан көз каранды болгон тобокелдиктерди кандайча идентификациялайт жана контролго алат? 

 

 

 

1.8. Провайдер тарабынан аткарылып жаткан операциялардын коопсуздугу, ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу үчүнчү жактардын көз карандылыгынан улам төмөндөтүлбөгөндүгүн кандайча аныктайт? 

 

 

 

1.9. Провайдер, үчүнчү жактардан көз каранды болгондон улам келип чыккан операциялардын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун алгылыксыз төмөндөшүн кандайча жөнгө салат/четтетет? 

 

 

 

Ишканада тобокелдиктерди тескөө системасын контролдукка алуу: 

 

 

 

1.10. Тобокелдиктерди идентификациялоодо жана тескөөдө провайдер тарабынан тескөөнүн кандай механизмдери колдонулат? Провайдер тарабынан өз ишканасында тобокелдиктерди тескөө жагында жоопкерчиликтин жана отчет берүүнүн кандай линиялары колдонулат? Ички аудиттин функцияларынын натыйжалуулугуна канча убакытта бир текшерүү жүргүзүлөт? 

 

 

 

1.11. Провайдердин башкаруу органы ишканада тобокелдиктерди тескөө системасына текшерүүнү кандайча жүзөгө ашырат? 

 

 

 

Ички аудиттин функциясы: 

 

 

 

1.12. Провайдер көз карандысыз жана кесипкөй аудиттин функциясын кандайча аткарат? Ички аудиттин функциясы аудитти башкаруунун эл аралык кабыл алынган тажрыйбасынын кандай формасын колдонот? 

 

 

 

1.13 Ички аудиттин функциясы тарабынан башкаруу органына өз корутундуларын билдирүүдө отчеттун кандай механизмдери колдонулат жана бул жөнгө салуучуга же кураторго зарылбы? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр 

2-сунуш-көрсөтмө. Маалымат коопсуздугу.  

Провайдерге маалыматтын купуялуулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу максатында жетишерлик ресурстарды бөлүп берүү, тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу, колдонуу сунушталат.  

Провайдер тобокелдиктерди туура тескей турган маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишенимдүү системага ээ болууга тийиш. Мындай система маалыматты санкцияланбаган жайылтуудан коргоо жана маалыматтын толуктугун сактоо жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ишенимдүү принциптерге жана жол-жоболорго негизделүүгө тийиш. Провайдер белгиленген маалымат коопсуздугунун эрежелерин аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн принциптерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. Ошондой эле система өткөрмө жөндөмдүүлүгүн пландаштыруу принциптерин жана өзгөрүүлөрдү башкаруу ыкмаларын камтууга тийиш. Айрыкча, маалымат коопсуздугунун иштешине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландаштырган провайдер, андагы өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине баа берүүгө тийиш. 

  

Маанилүү суроолор: 

Провайдердин баа берүүсү 

Провайдердин баа берүүсү 

  

Маалымат коопсуздугунун системасы: 

  

  

 

2.1. Физикалык жана киберкоопсуздук коркунучтарын четтетүү боюнча чечимдер жана тажрыйбалар жагында жалпы жетекчиликти камсыз кылуу боюнча провайдердин ишканасында маалымат коопсуздугунун кайсыл системасы иштейт? Көрсөтүлгөн система төмөнкүлөргө тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду камтыйт: 

а) купуялуулук, аныктык жана жетишерлик категориялары боюнча активдерди (системаны жана кызмат көрсөтүүлөрдү) бөлүштүрүү

б) ички жана тышкы коркунучтарды туруктуу идентификациялоо; 

в) аныкталган тобокелдиктерди жана кемчиликтерди төмөндөтүүгө багытталган коопсуздук боюнча контролдук каражаттарын тандап алуу, ишке ашыруу жана документтештирүү, ошондой эле 

г) тобокелдиктерди тескөө жагында бардык иш-чараларды тиешелүү контролдукка алуу? 

 

 

 

2.2. Провайдер өзүнүн саясий иш-чараларына жана жол-жоболоруна эл аралык, улуттук жана өнөр жай стандарттарын кандайча киргизет? 

 

 

 

2.3. Провайдер тарабынан анын орчундуу кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маалымат коопсуздугунун кандай тобокелдиктери аныкталган? 

 

 

 

2.4. Провайдердин башкаруу органынын сунуштоочунун маалымат коопсуздук системасындагы катышуу деңгээли кандай? Башкаруу органы системаны кайра карап чыгууда жана бекитүүдө түздөн-түз катыша алабы? Башкаруу органы системаны канча бир убакытта кайра карап чыгат? 

 

 

 

2.5. Провайдердин башкаруу органы маалымат коопсуздук жагында жетекчиликтин маанилүү ролун жана жоопкерчилик даражасын бекитүүнү кандайча жүргүзөт? 

 

 

 

Маалымат коопсуздук жагында принциптер жана жол-жоболор: 

 

 

 

2.6. Маалыматтын санкцияланбаган пайдаланылышына жана санкцияланбаган жайылтылышына бөгөт коюу үчүн кандай принциптер жана жол-жоболор колдонулат? Айрыкча: 

а) логикалык сыяктуу эле, физикалык жактан пайдаланууну кошо алганда, пайдалануучуларга уруксатты берүү жана кайтарып алуу; 

б) пайдалануучулардын артыкчылыгын мезгил-мезгили менен кайра тастыктап туруу; 

в) администратордун каттоо жазуусун (же купуялуулуктун жогорку деңгээлине ээ жазууларды) берүү, колдонуу жана аны контролдукка алуу; 

г) маалыматтын купуялуулугунун бузулушун четтетүү

д) системанын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле; 

е) санкцияланбаган модификациялоого же маалыматты кыянаттык менен колдонууга, каталарга жоготууларга бөгөт коюу максатында, финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн сунушталган программаларга контролдоо каражаттарын киргизүү үчүн кандай принциптер жана жол-жоболор колдонулат? 

 

 

 

2.7. Алардын жоопкерчилиги жана милдеттери, анын ичинде маалымат коопсуздук системасы тарабынан белгиленген коопсуздук коркунучтары тууралуу тиешелүү тышкы тараптарды жана бардык кызматчыларды кандайча маалымдайт? 

 

 

 

2.8. Маалыматтар түйүндөрдө кайра жиберүү абалында жана провайдердин сактоосунда турган учурларды кошо алганда, анын купуялуулугун, ишенимдүүлүгүн жана жалганга чыгарылгыстыгын камсыз кылуу максатында кандай принциптер жана жол-жоболор колдонулат? 

 

 

 

2.9. Маалымат коопсуздугунда орун алган окуялар үчүн жана аны четтетүүгө таасир этүүнүн кандай принциптери жана жол-жоболору колдонулат? 

 

 

 

Коопсуздукту сактоодогу контролдук 

 

 

 

2.10. Провайдер коопсуздуктун маалымат системасында талаптардын сакталышын жана коопсуздукту контролго алуунун колдонуудагы каражаттарынын натыйжалуулугун кандайча контролго алат? Ошондой эле, белгиленген принциптер жана жол-жоболор инфраструктура деңгээлинде сыяктуу эле, программанын деңгээлиндегидей санкцияланбаган пайдалануудан коргоого тиешелүү кемчиликтерди сканерлөөнү камтыйбы? 

 

 

 

2.11. Провайдердин маалымат коопсуздугунун системасына ички жана тышкы аудит канчалык деңгээлде өткөрүлөт? 

 

 

 

2.12. Провайдердин башкаруу органы кандайча жана бир мезгилде канча жолу коопсуздуктун сакталышын контролго алуу боюнча иштин негизги жыйынтыктарын жаңыртып турат? 

 

 

 

Өндүрүш кубаттуулугун пландаштыруу: 

 

 

 

2.13. Провайдер өндүрүш кубаттуулугун пландаштыруу жагында кандай принциптерди колдонот? Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасынын жана анын катышуучуларынын муктаждыгын канааттандыруу үчүн ресурстардын колдонушун кандайча контролго алат жана жөнгө салат? Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуучуларынын муктаждыгы өндүрүш кубаттуулугунан арткан учурдагы абалды кандайча жөнгө салат? 

 

 

 

2.14. Провайдер тарабынан бир финансы рыногунун инфраструктурасы тарабынан белгиленген көлөмдү жана ылайыгына жараша бир нече аталган инфраструктураны тейлөөдө үстү-үстүнө болжолдонгон көлөмдү иштеп чыгуу үчүн жок дегенде өз потенциалын кайра карап чыгуу, аудит жүргүзүү жана текшерүү кандайча жүргүзүлөт? Провайдер канча убакытта бир жолу ушул сыяктуу иштерди жүзөгө ашырат? 

 

 

 

Өзгөрүүлөр менен жөнгө салуу: 

 

 

 

2.15. Провайдер тарабынан колдонулган долбоорду жана өзгөртүүлөрдү жөнгө салуу жагында принциптер жана жол-жоболор, провайдердин тигил же бул операцияларынын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө кокусунан таасир этүүчү өзгөртүүлөрдү киргизген тобокелдиктерди төмөндөтүүгө кандайча өбөлгө түзөт? 

 

 

 

2.16. Провайдер тарабынан колдонулган өзгөртүүлөрдү жөнгө салуу принциптери, өзгөртүүлөрдү пландаштыруу жана тестирлөө жол-жоболорун, ошондой эле регрессивдүү жана техникалык тестирлөөнү, коопсуздук системасын текшерүүнү кошо алганда, башкаруу жагында милдеттерди кандайча аныктайт? 

 

 

 

2.17. Пайдалануучуларга таасир этүүчү өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде финансы рыногунун инфраструктурасы менен макулдашууга жана финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуусунда, анын катышуучулары тарабынан тесттен өткөрүүгө туура келет? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр 

3-сунуш-көрсөтмө. Ишенимдүүлүк жана туруктуулук.  

Провайдерге тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду колдонуу, ошондой эле ал тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу сунушталат. Ошондуктан ал тарабынан иштелип чыккан иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу планы система иштен чыккан учурда маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн өз убагында калыбына келтирилишин камсыз кылууга тийиш, анткени бул кызмат көрсөтүүлөр финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык келүүсү зарыл.  

Провайдер пайдалануучуларга ишенимдүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана финансы рыногунун инфраструктурасына түздөн-түз же ага жана анын катышуучуларына кызматтар көрсөтүлгөндүгүнө карабастан ишти калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасынын муктаждыгын канааттандырган же андан арткан ишенимдүү иштешин жүзөгө ашырууга тийиш. Бардык операциялык жагдайлар финансы рыногунун инфраструктурасында каттоодон өткөртүлүүгө жана ага, ошондой эле анын ишин жөнгө салган, көзөмөлдөгөн же байкоо салган органына маалымдалууга тийиш. 

Провайдер жагдайларга дароо талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана алардын кайталанбашына бөгөт коюшу зарыл, анткени ал олуттуу кесепеттерге ээ болушу мүмкүн. Мындан тышкары, провайдер иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу планына ээ болууга тийиш. Бул пландар пландык тестирлөөнү жана иште олуттуу бузулуулар келип чыгышынын тобокелдигине баа берүү үчүн ушул тестирлөөнүн жыйынтыктарынын талдап-иликтөөлөрүн камсыз кылуусу зарыл. 

  

Маанилүү суроолор: 

Провайдердин баа берүүсү 

Провайдердин баа берүүсү 

  

Маалымат коопсуздугунун системасы: 

  

  

 

Жеткиликтүү, ишенимдүү жана ийкемдүү операциялар: 

 

 

 

3.1. Эксплуатациялык даярдык, ишенимдүүлүк жана туруктуулук жагында провайдердин башкы милдеттери кайсылар жана алар кандайча документтештирилген? Бул милдеттер канчалык финансы рыногунун инфраструктурасынын жана ылайыгына жараша анын катышуучуларынын муктаждыгына (же алардан артат) жооп берет? 

 

 

 

3.2. Провайдердин принциптери жана жол-жоболору анын милдеттерин жеткиликтүүлүк, ишенимдүүлүк жана туруктуулук жагында кандайча колдойт? 

 

 

 

3.3. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына жана анын катышуучуларына (бул колдонулса) сунушталган операциялардын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун кандайча камсыз кылат? Айрыкча провайдер өз өндүрүш жайларында тобокелдиктердин ар түрдүү профилинин жетишерлик санынын болушун кандайча камсыз кылат? Провайдер табият кырсыктарынан, электр менен кубаттандыруудагы үзгүлтүктөрдөн, персоналдын туура эмес иш-аракеттеринен өз өндүрүш жайларын коргоого алынышын кандайча камсыз кылат? Провайдер резервде турган өндүрүш жайларын узак мезгил ичинде маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн жетишерлик потенциалга ээ болушун кандайча камсыз кылат? 

 

 

 

Операцияларга мониторинг жүргүзүү жана жагдайларды четтетүү

 

 

 

3.4. Провайдер өз операциялык иш-аракеттерине мониторингди кандайча жүргүзөт? Провайдер ишенимдүүлүк жана туруктуулук жагында өзүнүн финансы рыногунун инфраструктурасынын милдеттерине ылайык келүүсүн кандайча контролго алат? Белгиленген процессти документтештирүү жана аны колдоо кандайча жүргүзүлөт? 

 

 

 

3.5. Өндүрүштө келип чыккан кесепеттерге идентификациялоону, каттоону, классификациялоону, талдап-иликтөөнү жана контролдукту кандайча жүзөгө ашырат? Көрсөтүлгөн жагдайлар тууралуу жетекчиликке кандайча маалымдалат? Провайдер ушул сыяктуу жагдайлар тууралуу финансы рыногунун инфраструктурасын жана ылайыгына жараша компетенттүү органдарды кандайча маалымдайт? Кризис орун алган мезгил ичинде келип чыккан жагдайларды эскалациялоо процесси кандайча жүргүзүлөт? 

 

 

 

3.6. Жагдайларга кыйроодон кийинки талдап-иликтөөлөр кандайча ишке ашырылат? Көрсөтүлгөн процесс жагдайлардын негизги себептеринин идентификацияланышын жана келечекте алардын кайталанбашына жол берилбешин кандайча камсыз кылат? Кыйроодон кийинки талдап-иликтөөлөрдө финансы рыногунун инфраструктурасынын катышуусу кандай? 

 

 

 

Бизнестин үзгүлтүксүздүгү

 

 

 

3.7. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жагында провайдердин негизги милдеттери кайсылар? Көрсөтүлгөн милдеттер башкаруу органы жана жетекчилик тарабынан кандайча белгиленет? Башкаруу органы белгиленген милдеттерди канча убакытта бир кайрадан карап чытып турат? 

 

 

 

3.8. Провайдердин бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча планы олуттуу бузулуу орун алган учурларды кошо алганда, тейлөө токтотулган учурда кызмат көрсөтүүлөрдүн өз убагында калыбына келтирилишин кандайча камсыз кылат? 

Жогоруда белгиленген пландар тейлөө токтотулгандан улам, маалыматтардын мүмкүн болуучу жоголуп кетүү проблемаларын кандайча чечет? 

 

 

 

3.9. Финансы рыногунун инфраструктурасынын көрсөтүлгөн процесс учуруна катышуу деңгээли кандай жана провайдер тейлөөнү потенциалдуу токтотуп коюу сценарийин кандайча аныктайт? 

 

 

 

3.10. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши жагында провайдердин пландары киберчабуулдарды кандайча четтетет? Бузулуудан кийин системанын калыбына келүүсүн кошо алганда, киберчабуулдардын таасирин идентификациялоого жана контролдукка алууга белгиленген пландар провайдерге кандайча мүмкүнчүлүк берет? 

 

 

 

3.11. Тейлөөнүн токтоп калуусун жөнгө салуу үчүн провайдер кризистик абал орун алган учурда абройду сактап калуу планынын кайсыл түрүн колдонот? Айрыкча, белгиленген план финансы рыногунун инфраструктурасы жана бийликтин компетенттүү органдары менен маалымат алмашуу жана коммуникация жаатында суроо жараткан учурларды кандай чечет? 

 

 

 

3.12. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши жагында провайдер пландарды кандайча жана аны бир мезгил ичинде канча жолу ишке ашырат? Сценарийдин кайсы түрлөрү сыноодон өткөрүлөт жана алар өзүндө киберчабуулдарды камтыйбы? Бизнестин үзгүлтүксүздүгүн модель жагынан сыноодо финансы рыногунун инфраструктурасынын жана анын катышуучуларынын (ылайыгы келсе) катышуу деңгээли канчалык? 

 

 

 

3.13. Бизнестин үзгүлтүксүздүгү жана иш жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши жагында провайдердин планы финансы рыногунун инфраструктурасынын болжолдоолоруна ылайык келиши канча убакытта бир жолу бааланат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш көрсөтмөлөр 

4-сунуш-көрсөтмө. Технологиялык пландаштыруу.  

Провайдерге технологиялар колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде пландаштыруу, ошондой эле технологиялык стандарттарды тандоо боюнча туура ыкмаларды колдонуу сунушталат.  

Провайдер жалпы операциялык тобокелдикти минималдаштырууга жана операциялардын натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берген натыйжалуу технологиялык пландаштырууну жүзөгө ашырууга тийиш. Пландаштыруу - бул колдонулган технологиялардын пайдалануу мөөнөтүн, ошондой эле аларды башкаруу жана кызматтарды көрсөтүүдөн улам, стандарттарды тандоо процессин эске алган маалымат технологиялар жагында комплекстүү стратегиянын болушун түшүндүрөт. Эгерде провайдер өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ниет кылса, ал финансы рыногунун инфраструктурасы, ал эми зарылчылыгына жараша анын катышуучулары менен так жана толук консультацияларды жүргүзүүгө тийиш. Провайдер өз технологиялык пландарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде ал тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулган технологияларына жана процесстерине баа берип турууга тийиш. 

  

Маанилүү суроолор: 

Провайдердин баа берүүсү 

Провайдердин баа берүүсү 

 

Технологиялык пландаштыруу жагында колдонулган принциптер, жол-жоболор жана башкаруу механизмдери: 

 

 

 

4.1. Провайдер тарабынан технологиялык пландаштыруу жагында кандай принциптер, жол-жоболор жана башкаруу механизмдери колдонулат? Аталган принциптер, жол-жоболор жана башкаруу механизмдер технологиянын пайдалануу мөөнөтүн, жаны технологиялык стандарттардын тандалышын кандайча белгилейт? 

 

 

 

4.2. Провайдер өз технологиялык тобокелдиктерине баа берүүнү канча убакытта бир жүзөгө ашырат? Белгиленген баа берүүлөрдө тигил же бул технологияларды колдонууга тиешелүү маалымат коопсуздук тобокелдигин кошо алганда, ишенимдүүлүк, туруктуулук тобокелдиги кандайча эске алынат? Финансы рыногунун инфраструктурасына жана анын катышуучуларына потенциалдуу таасир эткен тигил же бул технологиялык тобокелдиктер көрсөтүлгөн баа берүүлөрдө кандайча эске алынат? 

 

 

 

Технологиялык өзгөртүүлөрдү башкаруу принциптери, жол-жоболору жана механизмдери: 

 

 

 

4.3. Провайдер тарабынан колдонулган технологияларда өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кандай принциптер, жол-жоболор жана механизмдер колдонулат? Көрсөтүлгөн принциптер жана жол-жоболор технологиялардын коопсуздугун жана туруктуулугун колдоо, технологияларды колдонуу версияларын башкаруу боюнча суроо жараткан учурларды кандайча чечет? 

 

 

 

4.4. Көрсөтүлгөн башкаруу принциптери, жол-жоболор жана механизмдер провайдердин операциясынын ишенимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна потенциалдуу таасир эте турган өзгөртүүлөрдү болтурбоо максатында технологиялардын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди идентификациялоо жана жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кандайча камсыз кылат? Провайдер технологиялык өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулган процесстерди сыноодон өткөрүүнү жана ага баа берүүнү бир мезгил аралыгында канча жолу жүргүзөт? 

 

 

 

4.5. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына олуттуу таасир эткен технологияларына кандайдыр бир сунушталган маанилүү өзгөртүүлөрдү суроо жараткан учурлар жагында финансы рыногунун инфраструктурасы жана анын катышуучулары менен консультацияларды кандайча жүргүзөт? 

 

 

 

4.6. Тигил же бул технологияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда финансы рыногунун инфраструктурасы канчалык деңгээлде ишке тартылат? Мисалы, финансы рыногунун инфраструктурасынын технологиялык өзгөртүүлөрдү тестирлөөдө катышуусу саналабы? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр 

5-сунуш-көрсөтмө. Пайдалануучулар менен маалымат алмашуу.  

Провайдерге, алар тарабынан провайдердин кызмат көрсөтүүлөрү менен байланыштуу тобокелдиктерди тескөө жагында өз ролун жана милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген жетишерлик маалыматты сунуштоого жана өз пайдалануучулары үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылуу сунушталат.  

Провайдер кардарлар менен маалымат алмашуу боюнча натыйжалуу жол-жоболорду жана процесстерди колдонууга тийиш. Айрыкча, провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда, анын катышуучуларына колдонулган кызмат көрсөтүүлөр менен байланыштуу өз тобокелдиктеринин тиешелүү деңгээлде тескөөгө алынышын жана тобокелдиктерди тескөө жагында өз ролун жана милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген толук маалыматты сунуштоого тийиш. Эрежедегидей эле, пайдалануучулар үчүн пайдалуу маалымат башкаруу процесстери жана провайдердин контролдоо каражаттары, ошондой эле ушулардын жыйынтыктарын көз карандысыз текшерүү жөнүндө маалыматты камтыйт. Провайдер коммуникациялар жагында өз жол-жоболорунун жана процесттеринин курамында тобокелдиктердин колдонулбаган же жүргүзүлбөгөн контролдоо каражаттарын кошо алганда, операциялардын бардык техникалык өзгөртүүлөрү маселеси боюнча пайдалануучуларга жана рынокко консультацияларды берүү механизмдерин алдын алууга тийиш. Мындан тышкары, провайдер өз кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо операциялык бузулуулар менен келип чыккан кризистик жагдайларда коммуникациянын планына ээ болууга тийиш. 

  

Маанилүү суроолор: 

Провайдердин баа берүүсү 

Провайдердин баа берүүсү 

 

Жөнөкөй коммуникация: 

 

 

 

5.1. Провайдер тарабынан өз пайдалануучулары менен байланышуу үчүн кандай процесстер жана жол-жоболор колдонулат? 

 

 

 

5.2. Провайдер финансы рыногунун инфраструктурасына жана катышуучуларга провайдердин маанилүү кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуусуна байланыштуу тобокелдиктерди тескөөдө жоопкерчилик чараларын жана өз ролун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген маалыматтын кайсыл түрүн сунуштайт? Көрсөтүлгөн маалымат кандай мезгилдүүлүк менен кайра кароого алынат? 

 

 

 

5.3. Провайдер, анын операцияларында маанилүү өзгөртүүлөр боюнча суроолор жагында пайдалануучулар менен байланышууну кандайча жүзөгө ашырат? (анын ичинде 2.17, 4.5 жана 4.6-п карагыла)? 

 

 

 

5.4. Операциялык, финансылык жана кадрлар маселесине тиешелүү тобокелдиктерди кошо алганда провайдер өз пайдалануучуларына тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөндүгү тууралуу кандайча маалымдайт? 

 

 

 

Консультация жүргүзүү механизмдери: 

 

 

 

5.5. Провайдер тарабынан пайдалануучуларга жана зарылчылык келип чыккан учурда сатып өткөрүү рыногуна консультацияларды берүү үчүн (мисалы, финансы рыногунун инфраструктурасына олуттуу таасир эте турган операцияларда кандайдыр бир техникалык өзгөртүүлөрдү алганда) механизмдердин кайсыл түрү колдонулат (ошондой эле 4.5-п. карагыла)? 

 

 

 

Жагдайлар жана кризистик абал жөнүндө маалымат: 

 

 

 

5.6. Провайдер жагдайлар жөнүндө (зарыл болгон учурда) пайдалануучуларды кандай маалымдайт (ошондой эле  

3.5-п. карагыла)? 

 

 

 

5.7. Тейлөө учурунда үзгүлтүктөрдү четтетүү максатында провайдер кризистик абал орун алган мезгилде абройду сактап калуу боюнча кайсыл планды колдонот? Белгиленген план бардык пайдалануучуларды жана кызыкдар тараптарды (ошондой эле 3.11-п. карагыла) камтыйбы? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

  

Жетекчи 

___________________ 

_______________________ 

  

  

(кол тамга) 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

12-тиркеме 

 

 

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери өзүнө-өзү баа берүү үчүн суроолорду толтуруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ (11-тиркеме)  

 

Ушул Эрежелердин 11-тиркемесинде көрсөтүлгөн суроолор тизмеги 5 бөлүктөн турат жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери тарабынан алардын ишмердүүлүгүнө өзүнө-өзү баа берүү учурунда толтурууга арналган. 

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери үч жылда кеминде бир жолу өз кызматтарына баа берүү менен анын жыйынтыктарын Улуттук банктын суроо-талабы боюнча төмөнкү документтерди (келишимди, операция боюнча эрежелерди, ички ченемдик документтерди, буйруктарды ж.б.) тиркөө менен сунуштайт. 

Суроолор тизмегинде ар бир багыт боюнча толук маалымат сунушталууга тийиш.  

Улуттук банктын талабынын аткарылышына баа берүү иши орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери тарабынан жүргүзүлгөн ишке баа берүүнүн ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. 

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери системага жаӊы сервистерди/продукттарды киргизүүдө Улуттук банкты өзүнүн ниети жөнүндө алдын ала маалымдоого жана аталган банкка системага өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, иштелип чыга турган сервис/продукттарды баяндаган маалыматты тиркөө менен билдирүү жөнөтүлөт. 

Суроолор тизмеги өзүн-өзү баа берүүгө катышкан жооптуу аткаруучунун түзүмдүн жетекчисинин кол тамгасы менен толтурулат. 

  

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу  

эрежелерине карата  

13-тиркеме 

 

Системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча  

сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын түзүмү 

 

Сунуш-көрсөтмөлөрдүн / жазма буйруктардын / талаптардын аталышы 

Аткаруу боюнча чаралары 

Аткаруу индикаторлору 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты)   

жүзөгө ашыруу   

эрежелерине карата  

14-тиркеме 

 

Системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча отчеттун түзүмү 

 

Сунуш-көрсөтмөлөрдүн / жазма буйруктардын / талаптардын аталышы 

Аткаруу боюнча чаралар 

Аткаруу индикаторлору 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

Аткаруу тууралуу толук маалымат