Кайта келүү

Документтерди электрондук форматта берген коммерциялык банктардын электрондук кол тамга менен кол коюлган отчетторун кагаз жүзүндө жеткирүү боюнча талаптарды алып салуу жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, документтерди электрондук форматта берген коммерциялык банктардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамга менен кол коюлган отчетторун кагаз жүзүндө жеткирүү боюнча талаптарды алып салуу жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»долбоорун иштелип чыккан (мындан ары долбоор). 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) отчет берүү боюнча талаптары электрондук документтерди бир эле учурда колдонуу жана андан ары кагаз түрүндө жөнөтүү менен камсыз кылууну билдирет. 

Бул долбоор кагаз жана электрондук түрдө өз ара аракеттенүү процесстеринин кайталануусун жоюу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунуш кылынган документти иштеп чыгуу төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырууга негизделген: 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарлыгын аткаруу, мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү милдети мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүсүн түзүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында электрондук өкмөттү киргизүүнү тездетүү

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик трансформациялоонун 2020-2021-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомунун «Банк секторнунун катышуучулары, ошондой эле мамлекеттик мекемелер ортосунда кагаз жүзүндөгү документтерсиз электрондук формада маалымат алмашуу тартибин макулдашуу» боюнча 2.3-пункттун аткаруу, ага ылайык ал документтерди санариптик алмашуу үчүн жалпы түзүлүшүн тандап жана коопсуз байланыш каналын уюштуруу зарыл. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук кол тамга ачык ачкычын тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө жобосуна ылайык, Улуттук банк, алардын ишин лицензиялаган жана жөнгө салган банктар жана башка финансы-кредит мекемелери, ошондой эле алардын оператору катары Улуттук банк саналган системанын башка катышуучулары үчүн тастыктоо борбору болуп эсептелинет. Бардык катышуучулар анда электрондук кол тамга белгиленген электрондук документти таанууга милдеттенет, анткени ал жооптуу адамдын өз колу менен коюлган кол тамгасы катары кабыл алынат. 

Электрондук алмашуу каналдары боюнча отчетторду топтоо жана иштеп чыгуу тартибин ченемдик бекитүү жолу менен коммерциялык банктардын ишкерлигинде ашыкча жана кайталанма процесстерин жоюу зарыл. 

Бул регламент отчетторду, башка кат-кабарларды жөнөтүү жана жеткирүү убактысын кыскартат, аткаруучулук тартибин өркүндөтөт жана электрондук документ жүгүртүү жана отчеттуулук үчүн документтерди кеңири форматта иштеп чыгууну стандартташтырат. 

Жогорудагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү токтомдорунда каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 токтому менен бекитилген «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу» нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтому менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августунун № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябры № 40/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоого. 

 

3. Коомдук, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды чектеген ченемдерди камтыбайт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынат. 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында коомдук талкууга коюлат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу» нускоонун

-  2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.1. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган ПБ-1 жана ПБ-2 формалары боюнча отчеттор ушул нускоонун талаптарын эске алуу менен электрондук форматта Улуттук банкка берилет.»;  

- 2.3-пунктундагы «кагаз жүзүндө» деген сөздөр «жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган... электрондук форматта» дегенге алмаштырылсын;  

- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. ПБ-2 формасы боюнча отчетто банктын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары банк эсептери болгон кардарлары боюнча маалымат камтылууга тийиш. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган отчеттун бул формасы электрондук форматта берилет.»; 

- 3.16-пунктундагы «кагаз жүзүндөгү» деген сөздөр «жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп, электрондук форматта» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.17-пунктундагы «электрондук сыяктуу эле, кат жүзүндө да» деген сөздөр «жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлуп, электрондук форматта» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 6.5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.5. Бул отчетко банктын жетекчисинин электрондук кол тамгасы коюлуп, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө электрондук форматта берилет.».  

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун: 

- 1-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«(*) Эгерде, банкта ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийин калган башка тилкелерде чогуу алгандагы эң чоң  карыз кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде, банкта 15тен көп ири тобокелдиктер болсо, анда алардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган тизмесин электрондук форматта, ушул эле тартипте жана формада өзүнчө көрсөтүү зарыл.»; 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын»: 

- 12-пунктундагы «кагаз жүзүндө» деген сөздөр «, жооптуу адамдын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган.... электрондук форматта» дегенге алмаштырылсын; 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Ар бир банкта ПРБОнун мазмунунун толуктугу, белгиленген мөөнөттө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Бул кызматкерге ПРБОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жана отчетторду электрондук форматта берүүдө бир нече кызмат адамдарынын колу талап кылынган отчетторду ички макулдашуу үчүн жоопкерчилик да жүктөлөт.»; 

- 4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. ПРБО Улуттук банкка ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген формада жана Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, ар бир отчетүчүн каралган мөөнөттө, электрондук байланыш системасы (маалымат сакталган электрондук каражаттар) боюнча электрондук кол тамга коюлуп, электрондук форматта берилүүгө тийиш.»;  

- 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө сунушталат.»; 

- 4.5-пунктун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.5. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган корректировкаланган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка берилүүгө тийиш  күндө берилүүчү жана жумалык отчеттор 2 жумуш күнү ичинде, калган отчеттор 5 жумуш күнү ичинде.»; 

- 4.7-пунктунун биринчи абзацындагы «жана кагаз түрүндө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 4.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.11. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет белгиленген формада жооптуу кызматкердин электрондук кол тамгасын койдуруу менен берилүүгө тийиш.». 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Ар бир банкта ПРБОнун мазмунунун толуктугу жана аныктыгы, белгиленген мөөнөттө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Бул кызматкерге ПРБОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жана отчетторду электрондук форматта берүүдө бир нече кызмат адамдарынын колу талап кылынган отчетторду ички макулдашуу үчүн жоопкерчилик да жүктөлөт.»; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. ПРБО Улуттук банкка ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген формада жана Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, ар бир отчет үчүн каралган мөөнөттө, электрондук байланыш системасы (маалымат сакталган электрондук каражаттар) боюнча электрондук кол тамга коюлуп, электрондук форматта берилүүгө тийиш.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө сунушталат.». 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоонун: 

- 24-пунктундагы эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Эгерде, ислам банкында ири тобокелдиктер жок болсо же алар 15тен аз болсо, анда толтурулгандан кийин калган башка тилкелерде чогуу алгандагы эң чоң карыз кемүү тартибинде көрсөтүлөт. Эгерде, ислам банкында 15тен көп ири тобокелдиктер болсо, анда алардын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган тизмесин электрондук форматта, ушул эле тартипте жана формада өзүнчө көрсөтүү зарыл.».