Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча минималдуу талаптарды кеңейтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майынын № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби бекитилген (мындан ары Тартип). Ушул Тартиптин алкагында коммерциялык банктарга видеобайланыш жана башка өз ара иш алып баруу каналдары аркылуу кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми банктардын иштеп жаткан же жаңы кардарларынын банктардын аралыктан тейлөө кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. 

Тартипте аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүн болгон кардарлар дегенден улам, жеке адамдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын гана түшүнүүгө болот. Ушуга байланыштуу, токтом долбоору аркылуу жеке ишкерлер тарабынан кардарлардын аныктамасын идентификациялоого кошумча талаптарды белгилөө менен кеңейтүү сунушталат. 

Мындан тышкары, коммерциялык банктардын кайрылууларына байланыштуу, токтом долбоор аркылуу дагы жасалма интеллектти, машиналык окутууну же биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуунун болжолдуу алгоритмдеринин башка түрлөрүн колдонуу менен коммерциялык банктардын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү сунушталат. 

Ушуга байланыштуу, Тартипти коммерциялык банктарга кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча программалык камсыздоону колдонууга киргизүүдө, террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоо) мүмкүн болгон тобокелдиктерине жана операциялар боюнча чектөөлөргө, ошондой эле маалымат технологияларына мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү аудитке ылайык тиешелүү ички документти кабыл алуу талаптары менен толуктоо сунушталууда.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Улуттук банк Башкармасынын ушул токтом долбоорунун кабыл алынышы укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун кабыл алынышы банктардын кардарларды аралыктан идентификациялоо чечимдерин колдонууга киргизүү чыгашаларынан тышкары, кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк  

Башкармасынын  

202___-жылдын «__» ___________  

№____________________________токтомуна карата  

тиркеме  

 

 

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана 

верификациялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы №2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде (мындан ары - Тартип) кардардын жеке катышуусуз электрондук түрдө алынган маалыматтарын колдонуу менен жеке ишкер катары (мындан ары - кардарлар) алардын статусун аныктоону кошо алганда, банктардын жеке адамдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби аныкталат.»; 

- төмөнкү редакцияда 5-1-пункту менен толукталсын:  

«5-1. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн жаңы программалык камсыздоону колдонууга киргизүүдө, банк, Тартиптин талаптарына ылайык, программалык камсыздоонун толук мүнөздөмөсү жана кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо ыкмалары менен тиешелүү билдирүүнү Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банк идентификациялоо башталганга чейин кардардын телефон номерин, идентификациялык салык номерин жана кардардын анкетасын толтуруу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары аркылуу (веб-сайт, мобилдик тиркеме, адистештирилген программалык камсыздоо, мессенджерлер ж.б.) өз маалымат системаларына кардарды каттоого тийиш.»; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк кардар көрсөткөн уюлдук телефон номерин (Кыргыз Республикасынын аймагында катталган), кардар көрсөткөн уюлдук телефондун номерине SMS-билдирүүдө коддорду, паролдорду жөнөтүү же башка ыкма аркылуу да текшерет.»;  

- төмөнкү редакциядагы 11-1-пункту менен толукталсын:  

«11-1. Кардардын статусун жеке ишкер катары аныктоодо, кардардын тиешелүү салык каттоосунун маалыматы салык кызматынын тиешелүү маалымат системасынан маалыматтарды сурап алуу жана текшерүү жолу менен верификацияланылууга тийиш.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Видеобайланыш сеансын өткөргөнгө чейин банк кардардын телефон номерин, идентификациялык салык номерин жана кардардын анкетасын толтуруу үчүн маалыматтарды көрсөтүү менен өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары аркылуу (веб-сайт, мобилдик тиркеме, адистештирилген программалык камсыздоо, мессенджерлер ж.б.) өз маалымат системаларына кардарды каттоого тийиш.»; 

- төмөнкү редакциядагы 18-1-пункту менен толукталсын:  

«18-1. Кардардын статусун жеке ишкер катары аныктоодо, кардардын тиешелүү салык каттоосунун маалыматы салык кызматынын тиешелүү маалымат системасынан маалыматтарды сурап алуу жана текшерүү жолу менен верификацияланылууга тийиш.»; 

- 20-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациялоо банк кызматкери тарабынан жана/же Тартиптин талаптарына ылайык программалык камсыздоо аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- «§3. Видеобайланыш сеансы учурундагы интервью» деген параграфтын аталышы «§3. Видеобайланыш сеансына карата талаптар» дегенге алмаштырылсын; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардарларды аралыктан идентификациялоо боюнча тиешелүү көрсөтмөдөн өткөн банк кызматкери кардар менен интервью жүргүзүүгө тийиш, же кардар банк кызматкеринин катышуусуз идентификацияланган учурда, программалык камсыздоодо каралган алгоритм боюнча иш-аракеттерди аткарууга тийиш.»; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Банктын кызматкери менен түздөн-түз интервью учурунда ал өзүнүн аты-жөнүн, ээлеген кызмат ордун жана банктын аталышын көрсөтүү менен өзүн тааныштырууга тийиш.»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Банк интервью өткөрүү үчүн тиешелүү суроолорду же алдын ала даярдалган видеожазуу камсыз кылуу же видеосүрөтү менен башка манипуляцияларды жүргүзүү тобокелдигин азайтуу үчүн кардардын иш-аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгууга тийиш.»; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Фото, видео жана аудиожазуулар алгач белгиленген сапатта сакталууга тийиш.»; 

- төмөнкү редакциядагы 42-пункту менен толукталсын: 

«42. Жасалма интеллект, машиналык окутуу же башка түрдөгү биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуунун болжолдуу алгоритмдерин колдонуу менен кардардын инсандыгын текшерүүдө банк толугу менен же жарым-жартылай кардарды идентификациялоонун жана верификациялоонун жасалма учурларын аныктоодо жетиштүү тактыкты камсыз кылууга тийиш.»; 

- төмөнкү редакциядагы 44, 45, 46, 47, 48 жана 49-пункттар менен толукталсын: 

«44. Кардарды идентификациялоо боюнча программалык камсыздоо видеотасмадагы сүрөттү кардардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердеги жана мамлекеттик маалымат базаларындагы буга чейин белгилүү болгон сүрөттөр менен салыштыруу үчүн «бирге-бир» идентификация алгоритмин камтууга тийиш. Кардардын сүрөттөрүн салыштыруу, көздүн, каштын, эриндин, мурундун жана башка элементтердин контурлары боюнча жүздүн үч өлчөмдүү моделин түзүү жана алардын ортосундагы аралыкты аныктоо менен жүргүзүлүшү зарыл. Идентификациялоо алгоритмдеринде «жандуу» белгисин текшерүү мүмкүнчүлүгү жана видеотасманын жасалмалуулугун жокко чыгарылышы эске алынууга тийиш. 

45. Кардардарды идентификациялоо боюнча программалык камсыздоонун колдонууга киргизилиши анда колдонулган алгоритмдердин тактык деңгээлин аныктоону, биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну тестирлөө менен коштолууга тийиш. Эгерде жайгаштыруунун баштапкы этабында чечимдин тактыгын аныктоочу маалыматтардын саны чектелген болсо, анда банк, өзгөчө, тобокелдиги жогору болгон продуктылар үчүн кошумча коопсуздук чараларын белгилеши, же кардарларды туура эмес идентификациялоого жана верификациялоого байланыштуу бардык продуктылар үчүн лимит белгилеши зарыл. 

46. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда, банк кардарларды туура эмес идентификациялоого жана верификациялоого байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келген деңгээлде кардардын инсандыгын текшерүү боюнча чараларды белгилөөдө аутентификация факторлорунун тиешелүү комбинациясын колдонууга тийиш. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган алгоритмдердин тактыгынын алгылыктуу деңгээли банк тарабынан террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоо) мүмкүн болгон тобокелдиктерине жана операциялар боюнча ички чектөөлөргө ылайык аныкталат. 

47. Банктын биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу программалык камсыздоосун колдонуу менен кардарларды аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону колдонууда тобокелдиктерин баалоо Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Банктын биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу программалык камсыздоосун колдонуу менен кардарларды аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону колдонууда тобокелдик босоголору жана тактык деңгээли каралган ички ченемдик документ Банктын Башкармасы тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

48. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн банк тарабынан колдонулган биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу программалык камсыздоосу технологиялык каталардын болушу жагында жарым жылда кеминде бир жолу маалыматтык технологиялардын текшерүүсүнөн жана банктын маалыматтык коопсуздугуна жооптуу тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр/кызматкерлер тарабынан биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган алгоритмдердин тактыгынын алгылыктуу деңгээлин текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Ошол эле учурда, бул маалыматтар банктын маалымат системаларына мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү тышкы аудиттин алкагында тастыкталууга тийиш. 

49. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу программалык камсыздоосун пайдалануу кардарлардын биометрикалык маалыматтарын мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен текшерүүнү камтууга, ошондой эле алдамчылыкты аныктоо механизмдеринин (биометрикалык маалыматтарды алмаштыруу) болушун камсыз кылууга тийиш.»; 

- Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 1-тиркеменин «Операциялардын түрлөрү боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чаралардын жана тобокелдиктердин тизмеги» 3-таблицасында, алтынчы, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу жана онунчу тилкелерде «банк тарабынан» деген сөздөр «банктар тарабынан» дегенге алмаштырылсын.