Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишмердигин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

“Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндөжобонун жаңы редакциясында анын нормаларынын микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, өз ишине ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүүчү микрокредиттик компанияларга, мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык иш алып барган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктерге, өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздарга, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына тиешелүүлүгү каралган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун субъекттик курамынан «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын жана кепилдик фонддорду алып салуу сунушталууда. 

Мындан тышкары, 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого микрофинансылык уюмдардын финансылык отчетторун ЖМКга жана сайтка жайгаштыруу боюнча милдеттенмелери боюнча өзгөртүүлөр сунушталып жатат. 

Ошондой эле редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамынын жоболорун эске алып, киргизүү каралган. 

Натыйжада, төмөнкү документтерге аталган Жобонун ченемдерине шилтемелерге байланыштуу редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө». 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун натыйжасында берилет.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан долбоор жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. Буга байланыштуу, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр долбоору даярдалган. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын «____» ________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Тышкы аудит финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана башка маалыматтарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык, колдонуучулардын финансылык отчеттуулуктун баардык маанилүү аспекттеринде аныктыгына ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында, микрофинансылык уюм менен тышкы аудитордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде микрофинансылык уюмдун ишине жүргүзүлүүчү көз карандысыз текшерүү.»; 

- 3.2-пунктундагы «2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2» деген сөздөр жана сандар «2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА)» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын; 

- 3.9-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамынын  

11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса; 

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордун квалификациялык сертификаты/лицензиясы ажыратылган (кайтарылып алынган) болсо;» 

- 3.12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.12. Өз ишине тышкы аудитти жыл сайын жүргүзүүчү МКК банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык отчетторду жарыялоого милдеттүү

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн МКК, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.». 

- төмөнкү мазмундагы 3.13-пункт менен толукталсын: 

«3.13. Мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык ишти жүзөгө ашырган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ МКАнын отчетторун жарыялоо банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. 

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн МКА, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи абзацындагы, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, кепилдик фонддордун» деген сөздөр алынып салынсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. КСФКнын финансылык отчету (финансылык абал жөнүндө отчет, жыйынды киреше жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, финансылык отчетко карата эскертүүлөр, өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет) Улуттук банктын КСФКнын отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат.». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Адистештирилген финансы мекемелеринин финансылык отчету Улуттук банктын адистештирилген финансы мекемелеринин финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат.». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Кепилдик фонддун отчету Улуттук банктын кепилдик фонддун финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат.». 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.». 

- 58-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 5-пунктунун он биринчи абзацындагы «ушул Жобонун» деген сөздөр «ушул Эрежелердин» дегенге алмаштырылсын; 

- 96-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчетту жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, Улуттук банктын Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.». 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

№ 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык  

отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө жобону  

1. 

Бул жободо коммерциялык банктар, анын ичинде "ислам терезесине" ээ банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын, кепилдик фонддордун (мындан ары текст боюнча - банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (мындан ары - Улуттук банк) банктык топтун башкы компаниясынын финансылык отчетторунун компоненттерин, мазмунун жана аларды түзүүнүн жана сунуштоонун негизги эрежелери аныкталган. 

Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары - банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету). 

Убактылуу администрация режими киргизилген банк да финансылык отчетту ушул жобого ылайык сунуштоого тийиш. 

Ушул жобонун талаптары башкы компанияларга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине таркатылат. 

Ислам терезесине" ээ банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобого ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) отчет беришет. 

Бул жободо коммерциялык банктар, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары текст боюнча - банк), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (мындан ары Улуттук банк) банктык топтун башкы компаниясынын финансылык отчетторунун компоненттерин, мазмунун жана аларды түзүүнүн жана сунуштоонун негизги эрежелери аныкталган. 

Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету). 

Убактылуу администрация режими киргизилген банк да финансылык отчетту ушул жобого ылайык сунуштоого тийиш. 

Ушул жобонун талаптары башкы компанияларга Кыргыз Республикасынын резиденттерине таркатылат. 

«Ислам терезесине» ээ банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/13 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) отчет беришет. 

Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти  

жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө 

1.1. 

Тышкы аудит - бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун аныктыгы, объективдүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө көзкаранды болбогон пикирди билдирүү максатында, микрофинансылык уюмдар менен тышкы аудиторлордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылуучу бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту аудитордук текшерүү

Тышкы аудит финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана башка маалыматтарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык отчеттуулуктун аныктыгына анын баардык маанилүү аспекттеринде колдонуучулардын ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында, микрофинансылык уюм менен тышкы аудитордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылуучу микрофинансылык уюмдун ишине көз карандысыз текшерүү

3.11. 

Микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлгөн МККнын ишине көз карандысыз тышкы аудит Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

Микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлгөн МККнын ишине көз карандысыз тышкы аудит Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

3.9. 

Тышкы аудитор аудитти жүргүзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аудиттин эл аралык стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген аудитордук корутундуну, МКК/МКА жетекчилигине катты, ошондой эле тышкы аудитти жүргүзүү боюнча келишимде белгиленген бардык отчетту МКК/МКАга сунуштоого тийиш.  

Улуттук банк, эгерде төмөнкүлөрдү камтыган жагдайлардын орун алгандыгы аныкталган болсо, МКК/МКАнын тышкы аудиторунун корутундусун кабыл албай коюуга жана кайталап аудит жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу:  

- Кыргыз Республикасындагы "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса;  

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордун квалификациялык сертификаты/лицензиясы кайтарылып алынган болсо;  

- тышкы аудитордун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун 3.4.-пунктунун талабына ылайык келбеген жагдайлар орун алгандыгын тастыктаган фактылар аныкталса.  

Улуттук банк жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган шартта, мөөнөттөрүн белгилеп жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен кайталап аудит жүргүзүү талабын МКК/МКАнын дарегине жөнөтөт. МКК/МКА, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык кайталап тышкы аудитти жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап өткөрүлгөн аудит МКК/МКАнын эсебинен ишке ашырылат. 

Тышкы аудитор аудитти жүргүзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аудиттин эл аралык стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген аудитордук корутундуну, МКК/МКА жетекчилигине катты, ошондой эле тышкы аудитти жүргүзүү боюнча келишимде белгиленген бардык отчетту МКК/МКАга сунуштоого тийиш.  

Улуттук банк, эгерде төмөнкүлөрдү камтыган жагдайлардын орун алгандыгы аныкталган болсо, МКК/МКАнын тышкы аудиторунун корутундусун кабыл албай коюуга жана кайталап аудит жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу:  

Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса; 

ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордун квалификациялык сертификаты/лицензиясы ажыратылган (кайтарылып алынган) болсо; 

тышкы аудитордун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун 3.4.-пунктунун талабына ылайык келбеген жагдайлар орун алгандыгын тастыктаган фактылар аныкталса.  

Улуттук банк жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган шартта, мөөнөттөрүн белгилеп жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен кайталап аудит жүргүзүү талабын МКК/МКАнын дарегине жөнөтөт. МКК/МКА, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык кайталап тышкы аудитти жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап өткөрүлгөн аудит МКК/МКАнын эсебинен ишке ашырылат. 

3.12. 

МКК/МКА, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат. 

Өз ишине тышкы аудитти жыл сайын негизде жүргүзүүчү МКК банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык отчетторду жарыялоого милдеттүү

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн МКК, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат. 

3.13. 

 

Мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык ишти жүзөгө ашырган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ МКАнын отчетторун жарыялоо банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. 

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлбөгөн МКА, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат. 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

1. 

9абз. 

Аралык кредит - жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максатында ТСКК тарабынан катышуучуга топтолгон акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн мөөнөтүнөн эрте (турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык каражаттарды толук топтоо мөөнөтү келип жеткенге чейин) топтоо шартында, ошондой эле ушул Жобонун 82-пунктунун талаптары сакталган шартта берилүүчү кредит. Мында, турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн топтоо мөөнөтү аяктаганга чейин аралык кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү башка болушу мүмкүн жана ал Башкы макулдашууда аныкталат.  

Аралык кредит жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максатында ТСКК тарабынан катышуучуга топтолгон акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн мөөнөтүнөн эрте (турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык каражаттарды толук топтоо мөөнөтү келип жеткенге чейин) топтоо шартында, ошондой эле ушул Эрежелердин 82-пунктунун талаптары сакталган шартта берилүүчү кредит. Мында, турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн топтоо мөөнөтү аяктаганга чейин аралык кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү башка болушу мүмкүн жана ал Башкы макулдашууда аныкталат.  

96. 

1абз. 

96. Аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчетту жарыялоо жана кошумча жарыялоо аудитордук текшерүү аяктагандан жана финансылык отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен бекитилгенден кийин жана Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүгө жана маалыматты сунуштоого карата талаптар жөнүндө" жободо көрсөтүлгөн башка талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.  

Аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчетту жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, Улуттук банктын Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелери 

24. 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчету Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун негизинде микрофинансылык компаниялар үчүн белгиленген талаптарга ылайык Улуттук банкка сунушталат. 

Адистештирилген финансы мекемелеринин финансылык отчету Улуттук банктын адистештирилген финансы мекемелеринин финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат. 

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери 

39. 

Кепилдик фонд өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө мыйзам талаптарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына, кепилдик фонддун эсепке алуу саясатына жана ушул Эрежелерге, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жобого ылайык түзүүгө милдеттүү

Кепилдик фонддун отчету Улуттук банктын кепилдик фонддун финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат

41. 

Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо жана кошумча жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 90 күндөн кечиктирбестен жана "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жободо көрсөтүлгөн башка талаптардын негизинде жүзөгө ашырылат. 

Финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, финансылык отчет бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат. 

58. 

Кепилдик фонд жылдык финансылык отчетун аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарына отчеттук жылдан кийинки финансылык жыл башталгандан тартып 120 (жүз жыйырма) күндөн кечиктирбестен жарыялоого милдеттүү

Күчүн жоготту деп таанылсын

«Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелери 

 

КСФКнын финансылык отчету (финансылык абалы тууралуу отчет; чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; акча каражаттарынын жылышы тууралуу отчет; жыл жыйынтыгы боюнча финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөр), Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы N 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторун түзүүгө карата талаптар жөнүндө" жобого ылайык, тышкы аудитордун (аудитордук уюмдун) корутундусу менен бирге, белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка сунушталат. 

КСФКнын финансылык отчету (финансылык абал жөнүндө отчет, жыйынды киреше жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, финансылык отчетко карата эскертүүлөр, өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет) Улуттук банктын КСФКнын отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү боюнча талаптарына ылайык Улуттук банкка сунушталат