Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын  

27-декабрындагы № 36/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобону финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (мындан ары ФОЭС) эске алуу менен актуализациялоо, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарынын бардык түрлөрүн эске алуу менен оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Азыркы учурда банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү маселелери Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобо менен жөнгө салынат. 

Жобонун колдонуудагы редакциясы депозиттик микрофинансылык компаниялардын жана кредиттик союздардын, жана ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниялардын гана финансылык отчетун түзүү, жарыялоо жана Улуттук банкка берүү маселелерин жөнгө салат. 

Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн Жобо ФОЭСти эске алуу менен актуализациялоого, ошондой эле банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын баардык түрлөрүн эске алуу менен оптималдаштырууга жатат. 

Алсак, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетунун финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына милдеттүү түрдө шайкеш келиши тууралуу талап каралат. 

“Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндөжобонун жаңы редакциясында анын нормаларынын микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, өз ишине ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүүчү микрокредиттик компанияларга, мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык иш алып барган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктерге, өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздарга, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына тиешелүүлүгү каралган. 

Жаңы Жобо консолидацияланган отчет түзүү жана берүү, баалуу кагаздар, кызмат адамдары ж.б.у.с. тууралуу маалымат берүү боюнча нормалар менен толукталат. 

Мындар тышкары, Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 3.12-пунктуна ылайык, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, микрокредиттик компаниялар жылдык финансылык отчетун тышкы аудитор тастыктагандан кийин республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат. 

Муну менен бирге эле, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) өкүлчүлүгүнүн колдоосунда «Microfinanza Rating» («Микрофинанца Рейтинг») ЖЧКнын коммерциялык иши жана тескөө маселелери боюнча консультациялык компаниянын өкүлдөрүнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетто маалыматты ар тараптуу ачып көрсөтүү натыйжасында анын ачык-айкындуулугу кредиттик каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык ченди төмөндөтүүгө шарт түзүүнүн натыйжалуу ыкмасы экендиги белгиленген. 

Микрофинансы секторунун ачык-айкындуулугу кредит портфели, финансылык көрсөткүчтөр, алардын коомчулукка кеңири тарашы жана социалдык таасир этүүсү жөнүндө маалыматтын системалуу түрдө топтолушуна шарт түзөт, бул өз кезегинде, калктын микрофинансылык уюмдарга болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөт.  

Ошондуктан, “Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндөжобонун жаңы редакциясында өз жылдык отчетун жалпыга маалымдоо каражаттарында же маалымат агенттиктеринин порталдарында жарыялоо боюнча микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, кепилдик фонддордун, өз ишине ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүүчү микрокредиттик компаниялардын, мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык иш алып барган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктердин, өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздардын, адистештирилген финансы мекемелердин жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын милдеттери каралган. 

Бул талап көрсөтүлгөн банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишинин айкындуулугун камсыздоо үчүн киргизилүүдө

Буга кошумчалап финансылык отчетту жарыялоо тартибине жана мөөнөттөрүнө, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына талаптар коюлган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун натыйжасында берилет.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан долбоор жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. Буга байланыштуу, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр долбоору даярдалган. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын « __» _________  

№ ____________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

“Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө”  

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Ушул Жобо банк эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактар тарабынан финансылык отчетту жарыялоонун жана берүүнүн компоненттерин, мазмунун жана негизги эрежелерин аныктайт. 

2. Ушул Жобонун ченемдери микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, өз ишине ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүүчү микрокредиттик компанияларга, мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык иш алып барган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктерге, өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздарга, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (мындан ары БФКУ) таркатылат. 

Ушул Жобонун 40-пункту бардык микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга таркатылат. 

3. Убактылуу администрация режими жүргүзүлүп жаткан БФКУ ушул Жобого ылайык финансылык отчетту түзөт жана берет. 

4. Ушул Жобонун ченемдери жоюу жана банкроттук процесси жүргүзүлүп жаткан депозиттик микрофинансылык компанияларга жана кредиттик союздарга таркатылбайт. 

5. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган же «ислам терезесине» ээ БФКУ Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/9 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылуучу операциялар боюнча отчет берет. 

6. БФКУнун финансылык отчету анын финансылык абалын, финансылык иш натыйжаларын объективдүү чагылдырылууга жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) шайкеш келүүгө тийиш

7. БФКУнун финансылык отчетунда финансылык абалды түзүмү боюнча сунуштоо жана отчеттук мезгил аралыгында БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылган финансылык иш натыйжалары чагылдырылат

8. БФКУнун финансылык отчетунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат

алар экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө пайдалуу болгон БФКУнун финансылык абалы, финансылык иш жыйынтыктары, активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери, чыгашалары, пайдалары жана чыгымдары тууралуу маалыматты сунуштоо

- БФКУда ресурстарды тескөө жыйынтыгы тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- БФКУну камтыган банктык топтун иш жыйынтыгы жана башка юридикалык жактардын капиталына алардын салымы, ушул юридикалык жактар менен операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- банктык топтун катышуучуларынын операциялары жана бүтүмдөрү, БФКУну камтыган банктык топтун тобокелдиктери тууралуу маалыматты сунуштоо. 

9. Финансылык отчеттордун пайдалануучуларынан болуп кызыкдар жактар, анын ичинде мамлекеттик органдар, БФКУнун менчик ээлери (акционерлер/катышуучулар), тышкы аудиторлор, инвесторлор, кредиторлор, кардарлар, Улуттук банк жана башкалар саналат. 

10. Финансылык отчет БФКУнун эсепке алуу саясатына ылайык түзүлөт. 

11. Эгерде банктык топтун мүчөсү ушул сыяктуу операцияларга жана ушул сыяктуу шарттардагы окуяларга карата банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүү үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясатынан айырмаланган эсепке алуу саясатын колдонсо, анда консолидацияланган финансылык отчетун даярдоо процессинде анын финансылык отчету тийиштүү түрдө өзгөртүлөт

12. БФКУнун жетекчилиги белгиленген мөөнөттөрдө БФКУнун финансылык отчетунун өз учурунда жана талаптагыдай жарыяланышын жана Улуттук банкка берилишин камсыз кылууга тийиш. 

БФКУнун финансылык отчетту берүү, анык эмес маалыматты берүү, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабастан отчетторду жарыялоо тартибин жана мөөнөттөрүн бузууга жол берген учурда, БФКУга жана анын жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулат. 

 

2-глава. Финансылык отчетко жана анын  

компоненттерине карата жалпы талаптар  

13. Ушул жобонун максаттарында БФКУнун финансылык отчету төмөнкү компоненттерден турат: 

1) финансылык абал жөнүндө отчет; 

2) жыйынды киреше жөнүндө отчет; 

3) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө

4) өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

5) финансылык отчетко карата эскертүүлөр; 

6) өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет. 

14. Финансылык отчетту жарыялоодо отчеттун ар бир компоненти башка маалыматтын арасында баса белгилениши керек. Финансылык отчетто төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- отчет берип жаткан БФКУнун аталышы жана башка идентификациялык белгилери; 

- сунушталган финансылык отчетто БФКУнун жеке отчету же консолидацияланган отчету камтылганбы; 

- финансылык отчеттордун же эскертүүлөрдүн аталган топтому менен камтылган отчеттук мезгил; 

- сунуштоонун валютасы; 

- финансылык отчетто суммаларды берүүдө колдонулуучу өлчөө бирдиги. 

15. БФКУ финансылык отчетту чегерүү ыкмасын пайдалануу менен түзүүгө тийиш.   

16. Жылдык финансылык отчет берүү максатында БФКУ тарабынан отчет берилүүчү мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн БФКУ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.   

1-октябрдан кийин түзүлгөн БФКУ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.   

17. Өзгөчө учурларда, БФКУнун отчет берүү мезгил аралыгы өзгөргөндүктөн финансылык отчет бир жылдан көп же бир жылга жетпеген мезгил аралыгы үчүн сунушталган учурда, БФКУ финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгына кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:   

отчеттук мезгилден айырмаланган кыйла узак же кыйла кыска мезгил аралыгын алуу себебин

- финансылык отчетто көрсөтүлгөн суммалардын дал келбей калуу фактысы. 

Эгерде башкы жана туунду БФКУнун отчеттук күндөрү дал келбесе, анда туунду БФКУ консолидациялоо максаттары үчүн кошумча финансылык отчет даярдайт. 

18. Ушул сыяктуу статьялардын ар бир олуттуу классы финансылык отчетто өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. БФКУ олуттуу болуп саналган статьялардын өзүнчө ачып берүүгө милдеттүү

Финансылык отчет түзүү максатында статьялардын олуттуулугу БФКУ тарабынан өз алдынча БФКУнун эсепке алуу саясатында аныкталат жана финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ачып берилет. 

19. Финансылык отчеттун мазмуну жана формалары бир отчеттук мезгилден экинчисине карай ырааттуу (ырааттуулук принцибинде) колдонулат

20. Финансылык отчетто статьялардын классификациясы жана чечмелениши төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден кийинки мезгилге чейин сакталууга тийиш

- БФКУнун иш мүнөзүнүн же эсепке алуу саясатынын олуттуу өзгөрүүсүнөн улам, тандоо критерийлерин жана эсепке алуу саясатынын колдонулушун эске алуу менен маалыматты башкача берүү же башка классификациялоо кыйла ылайыктуу болот;  

- ФОЭСтин өзгөрүүсү

21. Эгерде ФОЭСте башкача уруксат берилбесе же талап кылынбаса, финансылык отчеттун ар бир көрсөткүчү боюнча өткөн отчеттук жылдын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү чагылдырылууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалымат өтүп жаткан мезгил үчүн финансылык отчетту түшүнүү үчүн ылайыктуу болсо, баяндоо жана түшүндүрмө берүү бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

22. Эгерде финансылык отчетто статьялардын берилиши же классификациясы өзгөртүлсө, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштырып көрүүнү камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш (эгерде бул дээрлик мүмкүн эмес болбосо)

Мындан тышкары, кайра классификацияланган ар бир статьянын же ошол статьялардын классынын мүнөзү, суммасы, ошондой эле кайра классификациялоо себеби чечмеленип берилүүгө тийиш. Эгерде, салыштырма суммаларды кайра классификациялоо дээрлик мүмкүн болбосо, БФКУ тиешелүү суммаларды кайра классификациялоо өткөрүлбөй калуу себебин жана суммалар кайра классификацияланган учурда жүргүзүлүүчү корректировкалардын мүнөзүн чечмелеп берүүсү зарыл

23. Бир банктык топтун башында турган БФКУ Улуттук банктын ченемдик укуктук талаптарына ылайык консолидацияланган негизде, банк мыйзамдарынын жана ФОЭСтин консолидацияланган отчетту берүү бөлүгүндө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен финансылык отчетту түзөт жана Улуттук банкка берет. 

Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетунда анын бардык туунду, караштуу жана байланышкан компанияларынын финансылык отчету камтылышы керек. Мында, банктык топтун катышуучулары башкы компания тарабынан берилүүчү маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.  

24. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүүдө башкы компания активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин жана чыгашалардын ушул сыяктуу статьяларын кошуу аркылуу башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетун саптан сапка консолидациялайт.  

25. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматты ачып берүү зарыл:  

1) башкы компанияга тике же кыйыр түрдө, туунду компания аркылуу 50% жогору добуш берүү укугу (50 % жогору катышуу үлүшү) тиешелүү болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялардын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү;  

2) туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө үлүшкө ээ болуусу объекттин добуш берүүгө укугунун же потенциалдуу укугунун 50% жогору (50% жогору катышуу үлүшү) болушунун себеби, алардын үстүнөн контролдукту өзүнө алууга алып келбейт;  

3) эгерде туунду компаниянын консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо пайдаланган отчеттук күнү же финансылык отчеттуулук мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттуулук мезгилинен айырмаланса:  

туунду компаниянын финансылык отчетунун отчеттук күнүн;  

башка отчеттук күндүн же мезгилдин пайдаланылышынын себебин;  

4) туунду компаниянын башкы компаниянын каражаттарын акчалай түрүндө төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгү жагындагы олуттуу чектөөлөрдүн мазмунун жана масштабын;  

5) башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн анын үстүнөн контролдукту жоготууга алып келбеген өзгөрүүсүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капиталдын өлчөмүнө таасирин көрсөткөн таблицаны;  

6) туунду компанияга контролдукту жоготкон шартта, башкы компания ФОЭСке ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды (эгерде булар болгон болсо), анын ичинде төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш:  

а) мурдагы туунду компанияда сакталган инвестицияларга контролдукту жоготкон күнгө карата адилеттүү наркы боюнча таанууга туура келген кирешелердин же чыгашалардын бөлүгү;  

б) курамында киреше же чыгаша таанылган (эгерде ал жыйынды киреше жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө берилбесе) жыйынды киреше жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статьяны (статьяларды).  

26. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчету банктык топ тууралуу финансылык маалыматты бирдиктүү экономикалык уюм катары сунуштоосу үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл

башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана башкы компаниянын ар бир туунду компаниянын капиталындагы үлүшүн алып салуу;  

консолидацияланган туунду компаниялардын отчеттук мезгил ичинде пайдага же чыгашага катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) аныктоону;  

консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын аларда катышуусунун үлүшүнөн өзүнчө аныктоону.  

Таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:  

бизнести биринчи бириктирүү күнүнө карата катышуунун контролдук кылынбаган үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;  

бизнести бириктирген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшүн).  

27. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топтун ичиндеги эсептешүүлөр, бүтүмдөр, кирешелер жана чыгашалар боюнча калдыктар, толугу менен алынып салынууга тийиш

28. Туунду компаниянын финансылык отчету анын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланган негизде консолидацияланган финансылык отчеттон алынып салынбайт. 

29. Туунду компаниянын финансылык отчету инвесторлор катары тобокелдүү капитал, өз ара фонддор, траст менен же окшош түзүмдөгү уюм иш алып баргандыгынын негизинде консолидацияланган финансылык отчеттон алынып салынбайт

30. Башкы компания менен туунду компаниянын ортосундагы өз ара мамилелер ушул байланышкан тараптардын ортосунда операциялар жүзөгө ашырылдыбы же жокпу, ага көз карандысыз, милдеттүү түрдө финансылык отчетто ачык көрсөтүлүүгө тийиш

31. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башкы компания консолидацияланган финансылык отчетун ФОЭСтин жана Улуттук банктын талаптарына ылайык түзсө жана сунуштаса, банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун берүүдөн бошотулат

32. Туунду, биргелешип контролдукка алынуучу жана ассоциацияланган уюмдарга инвестициялар консолидацияланган финансылык отчетто ФОЭСке ылайык ачып көрсөтүлөт

33. Финансылык отчетко БФКУнун жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коёт, ошондой эле БФКУнун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт

Консолидацияланган финансылык отчетто банктык топтун финансылык абалы боюнча маалыматтардын туура жана анык чагылдырылышы банктык топтун башкы компаниясынын байкоо органынын (болгон болсо), аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат

34. Финансылык отчеттуулуктун формаларында, отчеттуулук түзүлгөн күнгө карата алар боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда «нөл» деген сандык маани көрсөтүлөт

35. Эгерде, белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, БФКУнун финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш

36. Финансылык отчеттогу каталарды оңдоолор, ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы жана оңдоо киргизилген күндү көрсөтүү менен БФКУнун мөөрү менен тастыкталат

 

3-глава. Жылдык финансылык отчет берүү жана  

жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү  

37. БФКУнун жылдык финансылык отчетун жалпыга маалымдоонун басма каражаттарына (мындан ары ЖМК) жарыялоо аудитордук текшерүү аяктап, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. 

Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жана өз ишине тышкы аудит жүргүзбөгөн микрокредиттик агенттиктердин жана кредиттик союздардын жылдык финансылык отчетун ЖМКда жарыялоо отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. 

Жарыялоо учурунда жылдык финансылык отчет, ага карата эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр менен БФКУнун башкы кеңсесинде, анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана башкы кеңсенин орун алган жеринен тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүндө толугу менен таанышып чыгуу мүмкүн экендиги тууралуу эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш.  

38. БФКУнун жылдык финансылык отчету ушул Жобонун 37-пунктунун талаптарын сактоо менен маалымат агенттигинин порталында жарыяланышы мүмкүн, бул БФКУнун жылдык финансылык отчетун ЖМКда жарыялоодон бошотот. 

39.  ЖМКлар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш: 

- финансылык отчет жарыяланган республикалык маанидеги ЖМКнын номеринин нускасы кеминде 2500 болууга тийиш; 

- финансылык отчет жарыяланган жергиликтүү маанидеги ЖМКнын нускасы кеминде 1000 болууга тийиш; 

- басылма айына кеминде 2 жолу басылып чыгууга тийиш.  

40. Жылдык финансылык отчет пайдалануучулар үчүн мамлекеттик жана/же расмий тилдерде (башкы кеңсе, филиалдар, өкүлчүлүктөр, башкы кеңсе орун алган жерден тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр) толук көлөмдө жеткиликтүү болууга жана таанышып чыгуу үчүн алардын биринчи талабы боюнча берилүүгө тийиш. 

БФКУ жылдык финансылык отчетун расмий сайтына (эгер болсо) жайгаштырууга тийиш. Расмий сайты жок болгон учурда, БФКУ жылдык финансылык отчетун маалымат тактасына жайгаштырууга тийиш. 

41. Финансылык отчетту жарыялоо жөнүндө маалымат жылдык финансылык отчет жарыяланган ЖМКнын бир нускасын (көчүрмөсүн) же скрин-көчүрмөлөрдү тиркөө менен финансылык отчет жарыяланган маалымат агенттигинин порталына шилтеме көрсөтүү менен жарыялангандан кийин 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш.  

42. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун аталган главасынын талаптары сакталган шартта жарыяланат жана пайдалануучуларга берилет. 

 

4-глава. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттор,  

аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү  

43. Жылдык финансылык отчетту берүүдөн жана жарыялоодон тышкары депозиттерди тарткан микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор, турак жай-сактык кредиттик компаниялар, адистештирилген финансы мекемелери жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары Улуттук банкка чейрек сайын финансылык отчет берип турат.  

44. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет төмөнкүлөрдөн турат: 

- отчеттук мезгилдин аягына карата жана отчеттук мезгилге чейинки финансылык жылдын ушул эле мезгили үчүн жана буга чейинки отчеттук финансылык жылдын акырына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет;  

Эскертүү: Аралык мезгил бул, узактыгы толук финансылык жылдан кыска болгон отчеттук мезгил

өтүп жаткан мезгил, өткөн жылдын ушул эле мезгили жана отчеттук мезгилге чейинки өткөн финансылык жыл үчүн жыйынды киреше жөнүндө отчетту

- отчеттук чейрек ичинде БФКУ тарабынан чыгарылган бардык баалуу кагаздар тууралуу маалымат; 

бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук топтомуна ээлик кылуучу акционерлердин тизмеси жана алардын 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча банктын акцияларынын санындагы үлүшүн (акционердик коом формасында түзүлбөгөн БФКУ катышуучулардын тизмесин жана алардын БФКУда катышуу үлүшүн көрсөтөт)

- отчеттук чейректе орун алган БФКУнун финансылык-чарбалык ишине тиешелүү олуттуу фактылар тууралуу маалымат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматты.  

45. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет БФКУнун расмий сайтына (болгон шартта) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чейрек аяктаган учурдан тартып  

30 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга тийиш. 

Расмий сайты жок болгон учурда БФКУ чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетту маалымат тактасында жайгаштырууга тийиш. 

Мында, басылмада жылдык финансылык отчет, ага карата эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр менен БФКУнун башкы кеңсесинде, анын филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана башкы кеңсенин жайгашкан жеринен тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүндө толугу менен таанышып чыгуу мүмкүн болгондугу тууралуу эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш. 

ЖМКлар ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүгө тийиш. 

БФКУнун чейрек сайын берилүүчү финансылык отчету ушул пунктунун талаптарын сактоо менен маалымат агенттигинин порталында жарыяланышы мүмкүн, бул БФКУну чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетту ЖМКда жарыялоодон бошотот. 

46. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетту жарыялоо жөнүндө маалымат жылдык финансылык отчет жарыяланган ЖМКнын бир нускасын (көчүрмөсүн) кошо тиркөө менен же скрин-көчүрмөлөрдү тиркөө менен финансылык отчет жарыяланган маалымат агенттигинин порталына шилтеме көрсөтүү менен жарыялангандан кийин 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

БФКУнун финансылык отчетунун пайдалануучулары ушул Жобонун 44-пунктунда келтирилген чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетту толук көлөмүндө окуп таанышуу үчүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, ушуга байланыштуу БФКУ (башкы кеңсе, филиалдар, өкүлчүлүктөр, башка кеңсе жайгашкан жерден тышкары түзүмдүк бөлүмдөр) отчетту пайдалануучулардын биринчи эле талап кылуусу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилдерде толук көлөмүндө токтоосуз берүүсү зарыл.  

47. Эгерде чейрек ичинде БФКУнун финансылык абалына олуттуу таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон операциялар жүргүзүлсө, анда БФКУ аталган жагдайларды ачып берүүсү зарыл. 

48. Олуттуу фактыларга БФКУнун финансылык-чарбалык ишине жана/же төмөнкүлөрдү кошо алганда, БФКУ тарабынан эмитирленген баалуу кагаздардын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон окуялар (фактылар) кирет: 

- БФКУнун башкаруу органына кирген (катышуучулардын жалпы чогулушун эске албаганда) адамдардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр; 

- БФКУ башкаруусунун шайлоо органдарына кирген адамдардын, БФКУнун капиталында, ошондой эле анын туунду жана караштуу компанияларына катышуусунун санынын өзгөрүүсү

акцияларга 5 же андан ашык пайыз ээлик кылуучулардын, ошондой эле (акционердик коом формасында түзүлбөгөн БФКУ үчүн, катышуучулардын тизмесиндеги жана БФКУда алардын катышуу үлүшүнүн өзгөрүүсү) акцияларга 5 же андан ашык пайыз ээлик кылуучулардын үлүштөрүнүн өзгөрүүсү жөнүндөгү тизмедеги өзгөрүүлөр

БФКУ, уставдык капиталынын 20 же андан ашык пайызына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмесиндеги өзгөртүүлөр

БФКУнун, өлчөмү же мүлктүн наркы анын бүтүм келишилген күнгө карата активдеринин 10 же андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүмдөрү

БФКУнун активдеринин наркынын бир жолу көбөйүүсүнө же 10 пайыздан ашык азаюусуна алып келген факты (фактылар)

БФКУнун таза пайдасынын бир жолу көбөйүүсүнө же таза чыгымынын 10 пайыздан ашык көбөйүүсүнө алып келген факты (фактылар)

- БФКУну, анын туунду жана караштуу коомдорду кайра өзгөртүп түзүү;  

БФКУнун баалуу кагаздары боюнча чегерилген жана (же) төлөнүүчүөлөнгөн) кирешелери

- жалпы чогулуштун чечимдери; 

- БФКУнун баалуу кагаздарынын ордун жабуу; 

баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар)

49. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун 45 жана 46-пунктуларына ылайык жарыяланат жана пайдалануучуларга сунушталат. 

 

5-глава. Финансылык абал жөнүндө отчет 

50. Финансылык абал жөнүндө отчетто, активдер жана пассивдер алардын салыштырмалуу ликвидүүлүгүн чагылдырган тартипте, мүнөзү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүгүн кемүү деңгээли же төлөө мөөнөтү боюнча)

51. Активдин статьясы финансылык абал жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен өз ара чегерилишүүгө же тескерисинче, аткарылышы ФОЭС тарабынан талап кылынган же уруксат берилген учурлардан тышкары, эскертүүлөрдөгү бул фактылар ачып көрсөтүлүүгө тийиш эмес

52. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, финансы-кредит уюмдар, акча рыногундагы башка өнөктөштөр, аманатчылар, кредиторлор жана карыз алуучулар менен өз ара финансылык мамилелери, алардын бири-бирине көз карандылыгы боюнча туура түшүнүк берүү үчүн өзүнчө чагылдырылууга тийиш

53. Финансылык абал жөнүндө отчетто финансы-кредит уюмдарга жана кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча, алар боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жага чыгымдардын ордун жабууга камдын (мындан ары РППУ) өлчөмүн жана РППУну эсептен чыгаруу менен БФКУнун кредиттеринин таза наркын өзүнчө статьяда милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл

54. Акционердик коом формасында түзүлгөн БФКУ финансылык абал жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тийиш

а) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн

чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны

чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны

акциялардын номиналдык наркы же номиналдык наркка ээ эмес акцияларды көрсөтүү

мезгилдин башына жана аягына карата жүгүртүүдөгү акциялардын санын тууралоо

тиешелүү класс менен байланыштуу болгон укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө карата чектөөлөр

БФКУнун, БФКУ же анын туунду же ассоциацияланган компаниялары тарабынан кармап калуучу акциялары

шарттарды жана суммаларды кошо алганда, опциондун же сатуунун келишимдери боюнча чыгаруу үчүн камга коюлган акциялар

б) өздүк капитал чегинде ар бир камдын мүнөзүн жана максаттарын көрсөтүү

55. БФКУ, финансылык абал жөнүндө отчетто же ага карата эскертүүлөрдө ушул БФКУнун операцияларына ылайык классификацияланган ар бир берилген статьялардын андан аркы чакан класстарын ачып көрсөтүүгө тийиш

56. «Финансылык абал жөнүндө отчеттун» формасынын аталышын төмөнкүчө берүү зарыл: « 20_-жылдын « ____» _______ (кошо алганда) финансылык абал жөнүндө отчет». Мында, отчет түзүлгөн отчеттук күн көрсөтүлсүн

 

6-глава. Жыйынды киреше жөнүндө отчет  

57. БФКУ кирешелердин жана чыгашалардын бардык статьяларын төмөнкүчө берүүгө милдеттүү же болбосо

а) жыйынды киреше жөнүндө бир отчетто (айкалыштырылган отчет); же болбосо 

б) эки өзүнчө отчеттордо:  

пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчетто (ал, өзүнө пайдалардын жана чыгымдардын компоненттерин камтыйт

жыйынды киреше жөнүндө отчетто, ал пайданын жана чыгымдын көрсөткүчүнөн башталган башка жыйынды кирешелердин компоненттерин камтыйт

Эгерде, отчетту экинчи ыкманы (өзүнчө отчеттордо берүү) колдонуу менен берүү учурунда, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет түздөн-түз жыйынды киреше жөнүндө отчеттон мурда берилүүгө тийиш

58. Жыйынды киреше жөнүндө отчетто БФКУ ишинин натыйжасында келип чыккан кирешелер жана чыгашалар алардын мүнөзү боюнча топтоштурулууга жана кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш

59. БФКУ, жыйынды киреше жөнүндө отчетто милдеттүү түрдө мезгил ичинде пайданы же чыгымды бөлүштүрүүгө тиешелүү статьяларды ачып көрсөтүүсү зарыл

а) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон пайда же чыгым

катышуунун контролдуксуз үлүшүнө

башкы компаниянын ээлерине

б) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон суммардык жыйынды кирешелер:  

катышуунун контролдуксуз үлүшүнө

башкы компаниянын ээлерине.  

60. Төмөнкү учурларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегеришүүгө жатпайт

а) ФОЭС муну талап кылат же буга уруксат берет, же 

б) мындай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайдалар, чыгымдар же кошо чыгымдалган чыгашалар олуттуу болуп саналбайт

61. БФКУ, кирешелердин жана чыгашалардын кандайдыр бир статьяларын отчетто же пайдалар же чыгымдар жана жыйынды киреше жөнүндө отчетто, эскертүүлөрдө да өзгөчө катары берүүгө тийиш эмес

62. БФКУ кайра классификациялоо боюнча корректировкаларды кошо алганда, башка жыйынды кирешенин ар бир компоненти боюнча пайдага салык өлчөмүн же болбосо жыйынды киреше жөнүндө отчетто же болбосо Финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ачып көрсөтүү зарыл

Башка жыйынды кирешенин компоненттерине тиешелүү кайра классификациялоо боюнча корректировкалоолор да милдеттүү түрдө ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

63. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө кирешелердин мүнөзүнө негизделген классификацияны пайдалануу менен кирешелер боюнча талдап-иликтөөлөрдү берүүсү зарыл. 

64. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө берүүнүн ишенимдүүлүгүнө жана өтө маанилүү маалыматты бере тургандыгына жараша чыгашалардын мүнөзүнө же болбосо алардын БФКУ ичинде багытталышына негизделген классификацияны колдонуу менен пайдада же чыгымда таанылган чыгашалардын талдап-иликтөөлөрүн берүүгө тийиш. Мындай талдап-иликтөө эки ыкманын бирөөсүн колдонуу менен берилет

- чыгашалардын мүнөзү боюнча; 

чыгашалар багыты же сатуунун өздүк наркы боюнча

Чыгашаларды багыты боюнча классификациялаган БФКУ, амортизацияга чыгашаларды жана кызматкерлерге сый акыларды берүүгө чыгашаларды кошо алганда, чыгашалардын мүнөзү жөнүндө кошумча маалыматты ачып көрсөтүүгө милдеттүү

65. Башка жыйынды киреше жөнүндө өзүнчө отчетто, ошондой эле төмөнкүлөргө туура келген мезгил ичинде жыйынды жалпы кирешелердин талдап-иликтөөлөрүн төмөнкүлөрдү келтирүү зарыл

1) катышуунун контролдуксуз үлүшүнө

2) башкы компаниянын ээлеринин үлүшүнө

66. БФКУ жыйынды киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө анда камтылган мезгил аралыгында жарыяланган же сунуш кылынган акцияларга дивиденддердин суммасын көрсөтүүгө тийиш.   

67. «Жыйынды киреше жөнүндө» отчеттун формасынын аталышы «20__-жылдын « __» ______ (кошо алганда) жыйынды киреше жөнүндө отчет» деп берилсин. Мында, чейректин, жылдын акырына карата күн көрсөтүлсүн

 

7-глава. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

68. БФКУнун акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто аларды операциялык, инвестициялык же финансылык иш боюнча классификациялоо аркылуу бир мезгил ичинде акча каражаттарынын жана акча каражаттарынын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш

69. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет дегенден улам, мезгилдин башындагы жана аягындагы кассалык мааниде жана акчалай наркка теңештирилген каражаттардын таза көбөйүшүн (кыскарышын) түшүнүү зарыл. 

70. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто төлөөнү талап кылбаган жана акча каражаттарынын же нак акчага теңештирилген каражаттардын (мисалы, акционерлердин ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддер же БФКУнун акцияларынын үлүшүнө алмашуу менен активдерди сатып алуу) келип түшүүсүнө алып келбеген транзакциялар жана башка суммаларды чегерүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

 

8-глава. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

71. БФКУ төмөнкүлөрдү чагылдырган капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет берүүгө тийиш:  

1) төлөнгөн капитал, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана БФКУнун өз каалоосу боюнча түзүлгөн камдар өзүнчө жана мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайда суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин баш жагындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда;  

2) БФКУ тарабынан жүргүзүлгөн капиталдык мүнөздөгү операциялар жана бөлүштүрүүлөр; 

3) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКУ тарабынан түзүлгөн камдардын көбөйүүсү (кыскаруусу).  

72. БФКУнун бөлүштүрүлбөгөн пайдасы тууралуу маалымат төмөнкүлөрдү камтышы керек: 

1) мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайда суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин баш жагындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКУ тарабынан түзүлүүчү камдарга чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге/катышуучуларга тийиштүү суммалар; 

5) мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайда суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин баш жагындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда. 

 

9-глава. Финансылык отчетко карата эскертүүлөр  

73. БФКУнун финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) олуттуу операциялар жана жагдайлар үчүн БФКУ тарабынан тандалып алынган жана колдонулган финансылык отчетту жана конкреттүү эсепке алуу саясатын даярдоо принциптери жөнүндө маалыматтарды берүүгө

2) эгерде бул маалымат финансылык отчетто бериле элек болсо, БФКУнун ишинде ФОЭСти ар бир колдонууда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында талап кылынган маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

3) финансылык отчеттун өзүндө берилбеген, бирок берилген кайсыл болбосун отчеттун түрлөрүн түшүнүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты ачып көрсөтүүнү камсыз кылууга

74. БФКУ финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө пайдалануучулар аны оңой түшүнүү жана төмөнкүлөрдү кошо алганда, башка БФКУнун финансылык отчетуна салыштыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган тартипте сунушталат

1) эсепке алуу саясаты тарабынан колдонулуучу олуттуу аспекттердин кыскача берилиши

2) ушундай отчеттордо тиешелүү отчеттор жана статьялар түзүлгөн тартипте, финансылык абал жөнүндө, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчеттордо, жыйынды киреше жөнүндө (эгерде мындай бериле турган болсо), ошондой эле өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттордо берилген статьялар боюнча коштомо маалыматтарды

3) төмөнкүлөрдү кошо алганда, маалыматты башкача ачып көрсөтүүлөр:   

- шарттуу милдеттенмелер;  

финансылык инструменттер менен байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер (кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, рыноктук тобокелдик

пайда жана чыгымдар аркылуу адилет наркы боюнча бааланган финансылык активдер жана милдеттенмелер

сатуу үчүн каралган финансылык активдер

амортизацияланган наркы боюнча бааланган финансылык милдеттенмелер;   

- сатуу үчүн каралган инвестициялар; 

- кредиттер жана дебитордук карыз; 

- кредиттер жана дебитордук карыз боюнча чыгымдар

- күрөөлүк камсыздоо; 

БФКУ тарабынан алынган күрөө жана кредитти камсыздоонун башка формалары;  

«байланыштуу» болгон тараптар менен операциялар

хеджирлөөнүн бардык түрлөрү боюнча

- финансылык эмес маалымат боюнча. 

4) БФКУ тарабынан отчеттук жылга чейин чыгарылган жана жүгүртүүдө жүргөн бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат;  

БФКУ тарабынан отчеттук жылдын ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат

БФКУнун акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндө маалымат

бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетине ээлик кылган акционерлердин тизмеси жана алардын 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча БФКУнун акцияларындагы үлүшү (акционердик коом формасында түзүлбөгөн БФКУ катышуучулардын тизмесин жана алардын БФКУдагы катышуу үлүшүн көрсөтөт)

- БФКУнун ар бир кызмат адамы тууралуу маалыматтар; 

отчеттук мезгилдин ичинде колдонулган же өзгөртүлгөн тажрыйбаны кыскача чагылдырууну кошо алганда, эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасын кыскача чагылдыруу;  

директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан билдирилген кайсы болбосун пикирди эске алганда, жетекчинин БФКУнун отчеттук мезгил ичиндеги иши жана финансылык натыйжалары жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган, ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар.  

75. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр ачып көрсөтүлүүгө тийиш:  

банктык топтун түзүмү жана банктык топтун катышуучуларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн схема боюнча өз ара байланыштары жөнүндө маалыматтар;  

башкы компаниянын байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;  

ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар;  

- катышуучулардын алынган отчеттордун негизинде жана башка тобокелдиктердин концентрацияланышы жөнүндө маалыматтар;  

сегменттер жана тиешелүү сегменттик анализ боюнча маалыматтар;  

банктык топтун мурдагы катышуучулары жөнүндө маалыматтар (компанияны топтон бөлүү жөнүндө);  

«байланыштуу» тараптар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар;  

банктык топтун бардык катышуучулары жөнүндө маалыматтар (аталышын, ээлик кылуу пайызын, ишинин түрүн же ар бир туунду, караштуу же байланыштуу компания тартылган түрлөрүн кошо алганда, бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар жөнүндө);  

башкы компаниянын менчигинин түзүмү, ошондой эле туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын түзүмү боюнча маалыматтар;  

башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен ишке ашырылган бардык операциялары, ошондой эле башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен байланыштуулугу жөнүндө маалыматтар

- ушул Жобонун 74-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар.   

76. БФКУ, төмөнкүлөрдү кошо алганда, жарыяланган финансылык отчетто берилбеген маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш:  

1) БФКУнун туруктуу жайгашкан жери (юридикалык дареги), юридикалык формасы (же иш алып барган негизги орду, эгерде ал юридикалык даректен башка болсо);  

2) БФКУнун операцияларынын мүнөзүнүн берилиши

3) башкы компаниянын жана түпкү топтун башкы компаниясынын аталышы

4) кызматкерлердин мезгилдин аягындагы саны же отчеттук мезгилдин ичинде алардын орточо саны

77. БФКУ финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө милдеттүү

1) финансылык отчетту жарыялоого бекитүүгө чейин сунуш кылынган же жарыяланган, бирок отчеттук мезгилдин ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүү катары таанылбаган дивиденддердин суммасы (акционердик коом формасында түзүлгөн БФКУ акцияга кайра эсептөөдө тиешелүү сумманы көрсөтүүгө тийиш);   

2) артыкчылык берилген кумулятивдик акциялар боюнча таанылбаган кайсыл болбосун дивиденддердин суммасы.   

78. Финансылык отчетко карата эскертүүлөр системага салынган түрдө берилүүгө тийиш. Финансылык отчеттун компоненттеринин ар бир статьясы боюнча (финансылык абал жөнүндө отчет, фыйынды киреше жөнүндө отчет) финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ага тиешелүү болгон кайсыл болбосун маалыматтарына утурлама шилтемелер келтирилүүсү зарыл

79. БФКУнун финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө эсепке алуу саясатынын бөлүгү төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:   

1) финансылык отчетту даярдоо үчүн пайдаланылган баа берүүлөрдүн негизин (же негиздерин)

2) финансылык отчетту туура түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон эсепке алуу саясатынын аспекттерин

Кошумча маалыматтарды ачып көрсөтүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөн жана отчеттук мезгилдер үчүн маалыматтардын көчүрмөсүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн

80. БФКУга жана кардарларга сунушталган кредиттер жана финансылык ижара боюнча активдер жана чегерилген пайыздар боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам өлчөмү отчеттук күнгө карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө кошумча чечмеленүүгө тийиш

81. Финансылык абал жөнүндө отчетко жана жыйынды киреше жөнүндө отчетко карата эскертүүлөрдө БФКУ милдеттүү түрдө отчеттук датага карата регулятивдик отчеттун алкагында пайданы/чыгымды кошумча көрсөтүүгө тийиш

 

10-глава. Корутунду жоболор  

82. Финансылык отчетто көрсөтүлгөн финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына ылайык БФКУнун аткаруу органынын жетекчисине (төрагага, директорго) жүктөлөт

83. БФКУнун башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура көрсөтүлүшү, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчет регистрлеринин талапка ылайык сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат

84. ФОЭСке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилип, колдонууга киргизилгенден кийин алар БФКУ тарабынан ушул Жобого кошумча колдонууга тийиш

 

 

“Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын  

финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына  

берүү боюнча талаптар жөнүндө” жобого 

карата 1-тиркеме 

 

БФКУнун башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу  

(тике же кыйыр) таасир тийгизүүчү жактардын  

ТИЗМЕСИ 

  

БФКУнун фирмалык толук аталышы: 

______________________________________________________  

БФКУнун фирмалык кыскартылган аталышы: 

______________________________________________________  

БФКУнун каттоо номери: 

______________________________________________________  

БФКУнун почталык дареги: 

______________________________________________________  

  

БФКУнун 5 жана андан ашык пайыздагы (%) акцияларга (катышуу үлүшүнө) ээлик кылган акционерлери (катышуучулары) 

БФКУнун башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

БФКУнун акционерлери (катышуучулары) менен 

БФКУнун башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактардын ортосундагы өз ара байланыштар 

№ п/п  

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

БФКУнун акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (БФКУнун добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

 

 

1  

2  

3  

4  

5  

  

  

  

  

  

 

Башкарманын төрагасы аты-жөнү (кол тамгасы) 

(Директор, аткаруу органынын жетекчиси) 

 

 Банктык топтун башка компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасир тийгизүүчү жактардын  

ТИЗМЕСИ 

 

 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы:  

______________________________________________________  

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылган аталышы:  

______________________________________________________  

Башкы компаниянын каттоо номери:  

______________________________________________________  

Башкы компаниянын почталык дареги:  

______________________________________________________  

  

Банктык топтун башкы компаниясынын 5 жана андан ашык пайыздагы (%) акцияларга (катышуу үлүшүнө) ээлик кылган акционерлери (катышуучулары) 

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) менен 

банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактардын ортосундагы өз ара байланыштар 

№ п/п  

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктык топтун башкы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

 

 

1  

2  

3  

4  

5  

  

  

  

  

  

  

  

Кызматы аты-жөнү кол тамгасы  

  

   

 

  

Банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасир тийгизүүчү жактар жана туунду компаниялар, алардын акционерлери (катышуучулары) тууралуу  

МААЛЫМАТТАР 

 

  

  

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы:  

 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылган аталышы:  

  

Башкы компаниянын каттоо номери:  

  

Башкы компаниянын почталык дареги:  

 

  

№ п/п  

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниясынын туунду компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Туунду компаниянын компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/адамдын аты-жөнү жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) туунду компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана туунду компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

1  

2  

3  

4  

5  

6  

7  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кызматы аты-жөнү кол тамгасы  

  

  

  

  

 

Банктык топтун караштуу компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизүүчү (тике же кыйыр) караштуу компаниялары жана алардын акционерлери жана жактар (адамдар) жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР 

  

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: 

  

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылган аталышы: 

  

Башкы компаниянын каттоо номери: 

  

Башкы компаниянын почталык дареги:  

  

  

№ п/п  

Банктык топтун караштуу компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун караштуу компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниясынын караштуу компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Караштуу компаниянын банктык топтун башкы компаниясынын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) караштуу компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана караштуу компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

1  

2  

3  

4  

5  

6  

7  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Кызматы аты-жөнү кол тамгасы  

  

  

 

“Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын  

финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына  

берүү боюнча талаптар жөнүндө” жобого 

карата 2-тиркеме 

  

 

  

 

 

  

Банктык топтун түзүмү жөнүндө маалыматтар  

 

______________________________________________________________________________________________________________  

________________________________________(башкы компаниянын аталышы) 

______________ карата абал боюнча__________________  

  

  

   

  

  

   

Кызматы Аты-жөнү  

 

Кол тамгасы  

 

_________________ _________________  

 

________________