Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы 

№ 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу 

кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

Максаттары жана милдеттери  

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) токтому менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору (мындан ары Минималдуу талаптар) кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын сунуштарын жана коммерциялык банктардын күрөө менен иштөө практикасына жүргүзүлгөн талдоону эске алуу менен иштелип чыккан.  

 

Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Сунушталган токтом долбоору менен Минималдуу талаптардын 9-пунктундагы «Автоунаа түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо алдында сунушталган кредиттердин суммасы сунушталуучу кредит портфелинин жалпы суммасынын 10% ашыкты түзбөөгө тийиш» деген сүйлөмдү алып салуу сунушталат, себеби мындай шарт автоунаа кошумча күрөө катары гана берилиши мүмкүн деген 15-пунктунун 5-пунктчасына ылайык аткарылбай жатат. 

Ошол эле учурда, 15-пунктунун 5-пунктчасына автоунаа түрүндөгү кошумча күрөөнүн өлчөмүн кредиттин суммасынан 10% ашыкты түзбөөгө тийиш деген толуктоо киргизүү сунушталат. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги болуп өзгөртүлүшүнө байланыштуу, 15-пункттун 2-пунктчасында анын аталышына карата өзгөртүү киргизүү сунушталат. 

«Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобого ылайык келтирүү максатында, 15-пунктуна күрөөлүк камсыздоонун алгылыктуу түрлөрү катары Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтынды (күрөө катары), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында эң жогорку жана жогоркудан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздарды киргизүү сунушталат, мында 18-1-пунктунда башка баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо жогоруда айтылган жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш деген шарт киргизилет. 

Ошондой эле, Улуттук банкка күрөө катары сунушталуучу кредиттердин күрөөлүк камсыздоо коэффициентин 120%дан төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча коммерциялык банктын кайрылуусуна байланыштуу бул маселе боюнча катта келтирилген далилдер иликтенген. Атап айтканда, кредиттердин шарттарын бекитүүдө күрөөгө берилүүчү активдердин наркын баалоого карата төмөндөтүлгөн коэффициенти коммерциялык банктар тарабынан колдонулушу тууралуу маалымат каралган. Улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөгө кардарларга берилген жакшы сапаттагы («нормалдуу» жана «канааттандырарлык» классификациясы менен) кредиттерди талап кылуу укуктары кабыл алынгандыгын эске алып, күрөө катары кабыл алынуучу кредиттердин күрөөлүк камсыздоо коэффициентин 120%дан 110%га чейин төмөндөтүү мүмкүн деп эсептелинет. Буга байланыштуу 16-пунктуна күрөөлүк камсыздоо коэффициентин 110% деңгээлинде өзгөртүү сунушталат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо   

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.   

  

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 22-беренелерине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлууга жана анын жөнгө салуучу таасирге талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш. 

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштарылат.   

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат   

Токтом долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылынбайт.   

  

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат   

Токтом долбоору Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүүгө багытталган жана жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт.  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын ___ __________ 

№ ________________________  

токтомуна карата тиркеме 

  

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын: 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«Сунушталып жаткан күрөөнүн түзүмүндө лизинг портфелинин жалпы үлүшү кредит портфелинин 20% ашыкты түзбөөгө тийиш»

- 15-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

мамлекеттик баалуу кагаздар - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан чыгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдери жана мамлекеттик казына облигациялары; 

- 15-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«автоунаа (эгерде ал кыймылсыз мүлк түрүндөгү негизги күрөөгө карата кошумча күрөө катары берилсе) кредиттин негизги суммасынан 10% ашыкты түзбөөгө тийиш»;  

- 15-пункту төмөнкү мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын: 

«8) Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын (күрөө катары);  

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жободо белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында эң жогорку жана жогоркудан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар.»;  

- 16-пунктундагы «120» деген сан «110» деген санга алмаштырылсын;  

- 18-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«Кредитти «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы же/жана башка баалуу кагаздар менен камсыз кылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптары сакталууга тийиш.».  

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна салыштырма таблица  

Учурдагы редакция 

Сунушталган редакция 

9. Автоунаа түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо алдында сунушталган кредиттердин суммасы сунушталуучу кредит портфелинин жалпы суммасынын 10% ашыкты түзбөөгө тийиш. Сунушталып жаткан күрөөнүн түзүмүндө лизинг портфелинин жалпы үлүшү кредит портфелинин 20% ашыкты түзбөөгө тийиш.  

9. Сунушталып жаткан күрөөнүн түзүмүндө лизинг портфелинин жалпы үлүшү кредит портфелинин 20% ашыкты түзбөөгө тийиш.  

15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:   

1) кредит берилген банкта жайгаштырылган депозит;   

2) мамлекеттик баалуу кагаздар, көбүнчө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына облигациялары;   

3) Улуттук банктын баалуу кагаздары;    

4) кыймылсыз мүлк (пайдалануудагы батир, үй, өнөр жай объектиси, офис, ошондой эле жер тилкелери);    

5) автоунаа, эгерде ал кыймылсыз мүлк түрүндөгү негизги күрөөгө карата кошумча күрөө катары берилсе;  

6) лизинг предмети;  

7) «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиялары

 

 

 

 

 

 

 

 

 

15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:   

1) кредит берилген банкта жайгаштырылган депозит;   

2) мамлекеттик баалуу кагаздар - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан чыгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдери жана мамлекеттик казына облигациялары;   

3) Улуттук банктын баалуу кагаздары;    

4) кыймылсыз мүлк (пайдалануудагы батир, үй, өнөр жай объектиси, офис, ошондой эле жер тилкелери);    

5) автоунаа, эгерде ал кыймылсыз мүлк түрүндөгү негизги күрөөгө карата кошумча күрөө катары берилсе, кредиттин негизги суммасынан 10% ашыкты түзбөөгө тийиш;  

6) лизинг предмети;  

7) «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиялары

8) Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын (күрөө катары); 

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жободо белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында эң жогорку жана жогоркудан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар (мындан ары - башка баалуу кагаздар)

16. Күрөө наркы кредиттин суммасынын (негизги карыздын) кеминде 120% жабууга тийиш. Эгерде кредит менен депозит түрүндөгүкүрөө бирдей валютада болсо, кеминде 100% жабууга тийиш. 

 

16. Күрөө наркы кредиттин суммасынын (негизги карыздын) кеминде 110% жабууга тийиш. Эгерде кредит менен депозит түрүндөгүкүрөө бирдей валютада болсо, кеминде 100% жабууга тийиш 

   

18-1. Кредитти «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы менен камсыз кылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары сакталууга тийиш. 

18-1. Кредитти «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы же/жана башка баалуу кагаздар менен камсыз кылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптары сакталууга тийиш.