Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштар жана жооптор реестри – финансы-кредит уюмдарынын маркетингдик иш-чараларга тиешелүү талаптарды өркүндөтүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле бул маселе боюнча кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын кабыл алуу тууралуу 2021-жылдын 23-августундагы билдирүү.
Сунуштар жана жооптор
РЕЕСТРИ
(2021-жылдын 23-августундагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)
Каттоо № |
Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) |
Алынган күн |
Сын-пикирлер жана (же) сунуштар |
Иштеп чыккан органдын позициясы |
1 |
«Дос-Кредобанк» ААК |
2021-ж. 23-августу |
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын 111-беренесинин 8-пунктунун талабынын сакталышына көңүл буруу зарыл. Анын мазмуну төмөндө келтирилет: 8. Банктарга ар кандай утуштарды, лотереяларды жана башка ушул сыяктуу «оюн» иш-чараларын уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга, ошондой эле аларды жарнамалоого жана жарыялоого тыюу салынат. Банктар Улуттук банктын талаптарына ылайык маркетингдик иш-чараларды жүзөгө ашыра алат. |
Бул сунуш коомдук талкууга чыгарыла турган долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. |
2 |
«РСК Банк» ААК |
2021-ж. 1-сентябры |
Катышуучулар чөйрөсүн кеңейтүү жана нак эмес төлөмдөр үлүшүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында, жеңүүчүлөрдү нак эмес төлөмдөрдүн санына же көлөмүнө байланыштырбастан, атайылап тандоосуз аныктоо мүмкүнчүлүгүн кароого алууну суранабыз. |
Бул сунуш коомдук талкууга чыгарыла турган долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. |