Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаттары жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында жана Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын төлөм системаларынын операторлору/ төлөм уюмдары тарабынан сакталышы максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бүгүнкү күндө 20 уюм төлөм системасынын операторлору/ төлөм уюму лицензиясына ээ. Инспектордук текшерүү жүргүзүүдө төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдын талаптары жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты бузулгандыгы байкалган. 

Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иштеген төлөм системасынын операторлору/ төлөм уюмдары «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун ажырагыс бөлүгү болгон жана анын 10-пунктунун «а» пунктчасына ылайык, эсептердин жумушчу планын иштеп чыгууга жана кабыл алууга тийиш.  

Токтомдун долбоорунда Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары бухгалтердик эсептер планынын түзүлүшүнө, мазмунуна жана түзүмүнө карата талаптар, ошондой эле ар бир эсептин мүнөздөмөсүн сүрөттөгөн, операциялардын жана чектөөлөрдүн түшүндүрмөсүн бекитүү талабы каралган. Бухгалтердик эсептердин түшүндүрмөсүн бекитүү төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн бухгалтердик эсепке алуунун методологиялык негизи катары кызмат кылат, ошондой эле текшерүүлөрдү жана аудитордук (ички / тышкы) текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жеңилдетет жана мөөнөтүн кыскартат. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларга болжолдоолор 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун натыйжасы тууралуу маалымат  

Токтомдун долбоору коомдук талкуу жүргүзүү максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталга (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамга шайкеш келишине талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча каржылоого алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөр тууралуу маалымат (АРВ) 

Иштелип чыккан токтом долбоору төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өздүк же карыздык каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, алардын иши үчүн тобокелдик деңгээлин, мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын пайда алуу мүмкүнчүлүгүн жана өлчөмүн аныктабагандыктан/өзгөртпөгөндүктөн, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 3-пунктуна ылайык келбейт. 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-ж. ____ ________________ 

№ _________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун / төлөм уюмдарынын бухгалтердик  

эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иштеген төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу эсептер планын түзүүгө коюлган негизги талаптарды аныктайт. 

2. Эсептер планы бул түзүмү бар, экономикалык жактан негизделген эсептердин тизмесин билдирет, мында ар бир эсеп аталышка жана санарип белгиге ээ жана белгилүү бир классификация критерийи боюнча бөлүмгө жана топко киргизилген. 

3. Эсептер планы Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) ылайык төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында белгиленген тартипте ушул Жобонун, «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун, Ишкердик субъекттердин, коммерциялык эмес уюмдардын (бюджеттик мекемелерден тышкары) финансылык-чарбалык ишин бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын колдонуу боюнча нускоонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен бекитилет.  

4. Эсепке алуу эсептер планына ылайык, финансылык жана регулятивдик отчеттун түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

 

2-глава. Эсептер планына жалпы талаптар 

5. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген төлөм системаларынын операторлорунда/ төлөм уюмдарында бухгалтердик эсептер планын типтүү эсептер планы катары колдоно алышат. 

6. Эсептер планы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- ФОЭСке ылайык негизги финансылык отчетторду түзүүнү;  

- ийкемдүү болууну, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын түзүмү же иш чөйрөсү келечекте өзгөргөн учурда кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну;  

- негизги финансылык жана башкаруу отчетторун түзүү үчүн жетиштүү деңгээлде так берүүнү караштырууну. 

7. Эсептер планы экономикалык маанилерден алынып, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жүзөгө ашырып жаткан операциялардын дайындалышы боюнча эсептердин классификациясына негизделет жана бухгалтердик эсепке алууда катталууга тийиш болгон эсептерди камтыйт. 

8. Эсептердин саны финансылык отчетту түзүү учурунда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын керектөөлөрү менен аныкталат. 

9. Эсептер планы менен бирге эсепке алынуучу операциялардын жана чектөөлөрдүн түшүндүрмөсү менен ар бир эсептин дайындалышы көрсөтүлгөн түшүндүрмөсү бекитилет.  

 

3-глава. Эсептер планынын түзүмүнө карата талаптар 

10. Эсептер планы төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн бардык операциялардын, баланстык жана баланстан тышкаркы эсептердин эсепке алынуусун камсыз кылууга тийиш. 

11. Эсептер планы эсептердин төмөнкү бөлүмдөрүн жана топторун камтуусу зарыл:  

1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмү 

2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмү 

3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

5000 «Өздүк капитал» бөлүмү 

6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмү 

7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмү 

8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» бөлүмү 

9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмү 

11000 «Баланстан тышкары эсептер» бөлүмү 

12. Эсептер топторунун бөлүмдөрүн жана өзүнчө эсептердин топторун бөлүштүрүүдө иерархиялык принцип колдонулууга тийиш: 

эсеп номеринин биринчи саны эсеп бөлүмүн чагылдырат;  

- экинчи жана үчүнчү сандар бирдей экономикалык маанидеги эсептерди топтогон эсептер тобун чагылдырат;  

- төртүнчү сан конкреттүү эсепке алуу объектисин көрсөтөт.  

 

4-глава. Бөлүмдөрдүн өзгөчөлүктөрү 

13. 1000ден 5000ге чейинки бөлүмдөрдүн эсептери туруктуу эсептер болуп саналат жана алардын негизинде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалы жөнүндө отчет түзүлөт. 6000ден 9000ге чейинки бөлүмдөрдүн эсептери убактылуу эсептер болуп саналат жана алардын сальдосу отчеттук мезгилдин аяктагандан кийин 5999 «Консолидацияланган кирешелер жана чыгашалар» эсебине которулат. 

14. 1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмүнүн эсептери активдүү эсептер болуп саналат, алар ликвиддүүлүгү жогору болгон төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын учурдагы активдерин чагылдырат. Активдүү эсептер боюнча калдыктар, кредиттик калдыкка ээ болгон жана пассивдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, дебеттик болуп саналат.  

15. 2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмүнүн эсептери активдүү эсептер болуп саналат, алар төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында жайгашкан, «аз ликвидүү активдер» катары классификацияланган жүгүртүүдөн тышкаркы активдерди жана материалдык эмес активдерди чагылдырат. Эсептер боюнча калдыктар, кредиттик калдыкка ээ болгон жана пассивдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, дебеттик болуп саналат.  

16. 3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмүнүн эсептери пассивдүү эсептер болуп саналат, алар 12 айга чейин төлөө мөөнөтү менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык иши боюнча милдеттенмелерин чагылдырат. Эсептер боюнча калдыктар, дебеттик калдыкка ээ болгон жана активдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, кредиттик болуп саналат.  

17. 4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмүнүн эсептери пассивдүү эсептер болуп саналат, алар 12 айдан ашык төлөө мөөнөтү менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык иши боюнча милдеттенмелерин чагылдырат. Эсептер боюнча калдыктар, дебеттик калдыкка ээ болгон жана активдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, кредиттик болуп саналат.  

18. 5000 «Өздүк капитал» бөлүмүндөгү эсептер пассивдүү эсептер болуп саналат жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ээлерине (катышуучуга / катышуучуларга / акционерлерге) таандык бардык каражаттарды чагылдырат. Бөлүштүрүлбөгөн киреше эсеби кредиттик же дебеттик калдыкка ээ болушу мүмкүн. 

19. 6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмүндөгү эсептер пассивдүү эсептер болуп саналат жана отчеттук жыл ичинде операциялык иштин натыйжасында төлөм системалсынын операторлору/төлөм уюмдары алган бардык кирешелерди чагылдырат. Кирешелер эсеби боюнча калдыктар, дебеттик калдыкка ээ болгон жана активдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, кредиттик болуп саналат.  

20. 7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмүндөгү эсептер активдүү эсептер болуп саналат. Алар соода ишинин натыйжасында төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарткан бардык чыгашаларды чагылдырат жана убактылуу эсептер болуп саналат. Чыгашалар эсеби боюнча калдыктар, кредиттик калдыкка ээ болгон жана пассивдүү болуп саналган контрэсептерди эске албаганда, дебеттик болуп саналат.  

21. 8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» бөлүмүндөгү эсептер активдүү эсептер болуп саналат. Алар товардык-материалдык запастардын өздүк наркына кирбеген жана даяр продукцияны, товарларды жана кызматтарды сатуу менен түздөн-түз байланышпаган отчеттук мезгилде тарткан бардык чыгашаларды чагылдырат жана убактылуу эсептер болуп саналат. Чыгашалар эсеби боюнча калдыктар дебеттик болуп саналат.  

22. 9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмүндөгү эсептер убактылуу эсептер болуп саналат. Аларда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык эмес (инвестициялык жана финансылык) ишинен түшкөн кирешелерди жана чыгашаларды чагылдырылат. Кирешелер эсеби пассивдүү болуп саналат жана кредиттик калдыкка ээ, чыгашалар эсеби активдүү болуп саналат жана дебеттик калдыкка ээ.  

23. 11000 «Баланстан тышкары эсептер» бөлүмүндөгү эсептер системадан тышкаркы эсепке алына турган шарттуу активдер жана милдеттенмелер менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын чагылдырууга дайындалган. Бул эсептер кош жазуу ыкмасын колдонбостон жүргүзүлөт. Баланстан тышкаркы эсептер бири-бири менен жана башка баланстык эсептер менен байланышпайт, алар активдүү жана пассивдүү да болушу мүмкүн. 

 

5-глава. Корутунду жоболор 

24. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси Эсептер планынын ФОЭСке, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

25. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсепке алуу эсептер планына кошумча эсептердин топторун киргизүүгө укуктуу. Ошол эле учурда, Улуттук банкка аралык финансылык отчетторду тапшырууда, түшүндүрмө катта топтун аталышын, бул топко кирген эсептерди жана алардын кыскача түшүндүрмөсүн көрсөтүү менен жаңы киргизилген эсептер жөнүндө кошумча маалымат берилет.