Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу  

эсептер планын бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын 

операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптары сакталышы максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Бүгүнкү күндө 20 уюм төлөм системасынын операторлору/төлөм уюму лицензиясына ээ. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын бузууга жол берилгендиги байкалган. 

Токтом долбоору методологиялык мүнөзгө ээ жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепке алууда кошумча негиз катары кызмат кылат.  

Токтом долбоорунда ар бир эсеп боюнча эсептер жөнүндө маалымат камтылган (активдүү же пассивдүү, кандай калдыктар болушу мүмкүн ж.б.). Ченемдик актыны кабыл алуу көзөмөлгө алынган уюмдарга бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнү, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу жагында инспектордук текшерүүсүн жөнгө салат, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетун түшүнүүгө жардам берет.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын болжолдоолору 

Токтом долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун натыйжасы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору коомдук талкуу жүргүзүү максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамга шайкеш келишине талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөр тууралуу маалымат (АРВ) 

Иштелип чыккан токтом долбоору төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өздүк же карыздык каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, алардын ишиндеги тобокелдик деңгээлин, мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасир эткен шарттарды аныктабагандыктан/өзгөртпөгөндүктөн, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт.  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 3-пунктуна ылайык келбейт. 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2021ж. «_____»____________ 

№ ___________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм  

уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу  

ЭСЕПТЕР ПЛАНЫ» 

 

1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмү 

1100 «Кассадагы акча каражаттары» 

1110 «Улуттук валютадагы акча каражаттары» 

1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары» 

1130 «Акча документтери» 

1160 «Терминалдардагы акча каражаттары» 

1200 «Банктагы акча каражаттары» 

1210 «Улуттук валютадагы эсептер» 

1220 «Жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы эсептер» 

1230 «Чет өлкө банктарындагы эсептер» 

1240 «Банктардагы пайдаланууга чектөө коюлган акча каражаттары» 

1250 «Жолдогу акча каражаттары» 

1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

1330 «Берилген карыздар» 

1340 «Улуттук валютадагы депозиттик аманаттар» 

1360 «Чет өлкө валютасындагы депозиттик аманаттар» 

1370 «Туунду компанияларга кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

1390 «Башка кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

 

1400 «Алууга каралган эсептер» 

1410 «Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» 

1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарга резерв» 

1500 «Башка операциялар боюнча дебитордук карыздар» 

1520 «Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары» 

1530 «Аванс менен төлөнгөн салыктар» 

1540 «Орду толтурулуучу салыктар» 

1550 «Алууга каралган пайыздар» 

1560 «Агенттердин дебитордук карызы» 

1580 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгү» 

1590 «Башка дебитордук карыз» 

1600 «Товардыкматериалдык запастар» 

1610 «Товарлар» 

1691 «Сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» 

1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары» 

1630 «Бүткөрүлө элек өндүрүш» 

1640 «Даяр продукция» 

1700 «Кошумча материалдар запастары» 

1710 «Отун» 

1720 «Запастык бөлүктөр» 

1740 «Башка материалдар» 

1750 «Баасы төмөн же тез тозулуучу товарлар» 

1795 «Колдонуудагы баасы төмөн же тез тозулуучу товарлар» 

1800 «Берилген аванстар» 

1810 «Аванс менен төлөнгөн запастар» 

1820 «Аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр» 

1830 «Аванс менен төлөнгөн ижара» 

1840 «Товарларды сунуштоочуларга/Кызмат көрсөтүүчүлөргө алдын ала төлөөлөр» 

1890 «Авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрү» 

1900 «Уюштуруучулардын (катышуучулардын) уставдык капиталга салымдары боюнча карыздары» 

1920 «Экинчи жана андан кийинки эмиссиядагы акцияларга кол коюшкан жактардын карыздары» баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө отчет катталгандан кийин түзүлөт 

1930 «Субъект тарабынан сатылып алынган өздүк акциялардын сатылышы учурунда келип чыккан сатып алуучулардын карызы» 

2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмү 

2100 «Негизги каражаттар» 

2110 «Жер» 

2120 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» 

2130 «Имараттар, курулмалар» 

2193 «Топтолгон амортизация имараттар, курулмалар» 

2140 «Жабдуулар» 

2194 «Топтолгон амортизация жабдуулар» 

2150 «Кеңселик жабдуулар» 

2195 «Топтолгон амортизация кеңселик жабдуулар» 

2160 «Эмерек жана ага тиешелүү буюмдар» 

2196 «Топтолгон амортизация эмерек жана ага тиешелүү буюмдар» 

2170 «Транспорттук каражаттар» 

2197 «Топтолгон амортизация транспорттук каражаттар» 

2180 «Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу» 

2198 «Топтолгон амортизация ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу» 

2190 «Жер тилкелерин өздөштүрүү» 

2199 «Топтолгон амортизация жер тилкелерин өздөштүрүү» 

2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык талаптар» 

2500 «Пайдаланууга чектелген акча каражаттары» 

2700 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздар» 

2720 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын узак мөөнөттүү дебитордук карыздары» 

2780 «Узак мөөнөттөн бери кийинкиге жылдырылган чыгашалар» 

2790 «Башка узак мөөнөттүү дебитордук карыздар» 

2800 «Узак мөөнөттүү инвестициялар» 

2820 «Узак мөөнөткө берилген карыздык каражаттар» 

2830 «Туунду компанияларга инвестициялар» 

2830 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» 

2900 «Материалдык эмес активдер» 

2910 «Франшиза» 

2991 «Топтолгон амортизация франшиза» 

2930 «Патенттер» 

2993 «Топтолгон амортизация патенттер» 

2940 «Соода маркалары» 

2994 «Топтолгон амортизация соода маркалары» 

2950 «Автордук укук» 

2995 «Топтолгон амортизация автордук укук» 

2960 «Программалык камсыздоо» 

2996 «Топтолгон амортизация программалык камсыздоо» 

2970 «Лицензияланган макулдашуу» 

2997 «Топтолгон амортизация лицензияланган макулдашуу» 

2980 «Башка активдер» 

2998 «Топтолгон амортизация башка активдер» 

2990 «Бүткөрүлбөгөн иштеп чыгуулар» 

3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

3100 «Төлөөгө каралган эсептер» 

3110 «Чарба иштери боюнча товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» 

3120 «Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр үчүн эсептер» 

3190 «Төлөөгө каралган башка эсептер» 

3200 «Алынган аванстар» 

3210 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын аванстары» 

3220 «Төлөм уюмдарынын агенттеринин аванстары» 

3300 «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» 

3310 «Банктык кредиттер, карыздык каражаттар» 

3320 «Башка кредиттер, карыздык каражаттар» 

3330 Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин учурдагы бөлүгү» 

3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» 

3400 «Төлөөгө каралган салыктар» 

3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы» 

3420 «Жеке адамдардын кирешесинен киреше салыгы» 

3430 «Төлөөгө каралган КНС» 

3490 «Төлөөгө каралган башка салыктар» 

3500 «Чегерилген кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» 

3510 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чегерилген милдеттенмелер» 

3520 «Чегерилген эмгек акы» 

3530 «Социалдык камсыздандырууга чегерилген төгүмдөр» 

3540 «Төлөөгө каралган дивиденддер» 

3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» 

3590 «Башка чегерилген чыгашалар» 

3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» 

3700 «Резервдер» 

3710 «Гарантиялык тейлөөгө резервдер» 

3720 «Соттук доолорго төлөөлөргө резерв» 

3730 «Башка резервдер» 

4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

4120 «Банктык кредиттер, карыздык каражаттар» 

4130 «Башка кредиттер, карыздык каражаттар» 

4150 «Финансы ижарасы боюнча милдеттенмелер» 

4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер» 

4200 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган кирешелер» 

4300 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер» 

5000 «Өздүк капитал» бөлүмү 

5100 «Уставдык капитал» 

5110 «Жөнөкөй акциялар» 

5120 «Артыкчылыктуу акциялар» 

5130 «Башка уставдык капитал» 

5191 «Сатып алынган өздүк акциялар» 

5200 «Башка капитал» 

5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» 

5240 «Менчик ээси (ээлери) тарабынан авансталган капитал» 

5300 «Мурдагы жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)» 

5400 «Резервдик капитал» 

5500 «Акыркы отчеттук жылдын пайдасы (чыгымы)» 

5999 «Кирешелердин жана чыгашалардын топтому» 

6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмү 

6100 «Түшкөн акча» 

6110 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акча» 

6120 «Сатылган товарлардын кайтарылышы жана жеңилдиктер» 

6130 «Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча» 

6150 «Субъекттин активдерин башка уюмдардын пайдалануусунан түшкөн акча» 

6199 «Келерки мезгилдердин кирешеси» 

6200 «Операциялык иштерден түшкөн башка кирешелер»  

6210 «Операциялык ижарадан түшкөн киреше» 

6250 «Баалоо резервдеринин эсептерин пайдалануусуз эле, кайтарылышы ишенимсиз катары мурда эсептен алып салынган карыздардын кайтарылышы» 

7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмү 

7000 «Товардык-материалдык запастарды үзгүлтүксүз эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» 

7100 «Товардык-материалдык запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы» 

7110 «Кайтарып алууларды эске алуу менен чийки заттарды, материалдарды сатып алуу боюнча сарптоолор» 

7120 «Эмгекке төлөөлөр боюнча сарптоолор» 

7130 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор» 

7140 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө сарптоолор» 

7150 «Негизги өндүрүштүк каражаттардын амортизациясына сарптоолор» 

7160 «Негизги каражаттарды оңдоого жана тейлөөгө сарптоолор» 

7170 «Башка өндүрүштүк сарптоолор» 

7180 «Продукциянын запасын жеке керектөөлөрү үчүн пайдалануу» 

7190 «Запастардын наркына оңдоо киргизүүлөр» 

7200 «Товардык-материалдык запастарды үзгүлтүксүз эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган товарлардын өздүк наркы (соода)» 

7200 «Товардык-материалдык запастарды мезгил-мезгили менен эсепке алуу ыкмасында аныкталган, сатылган товарлардын өздүк наркы (соода») 

7210 «Товарларды сатып алуу» 

7220 «Сатып алынган товарларды кайтарып берүү» 

7230 «Товарларды жеке керектөөлөрү үчүн пайдалануу» 

7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» 

7500 «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгашалар» 

7510 «Жарнамага жана сатууга көмөктөшүүгө кеткен чыгашалар» 

7520 «Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгашалар» 

7530 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар» 

7540 «Сактоого кеткен чыгашалар жана транспорттук чыгашалар» 

7550 «Сатып өткөрүүгө тиешелүү, кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар» 

7560 «Кепилдик тейлөө боюнча чыгашалар» 

7570 «Башка соодалык чыгымдар» 

7580 «Негизги каражаттарды амортизациялоо боюнча чыгашалар» 

7590 «Сыйлыктуу сатууга чыгымдар» 

7600 «Башка өндүрүштүк чыгашалар» 

8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» бөлүмү 

8010 «Эмгекке төлөө боюнча чыгашалар» 

8020 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар» 

8030 «Ижарага төлөөлөр боюнча чыгашалар» 

8040 «Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар» 

8050 «Мүлк салыгы» 

8060 «Кеңсе буюмдарына кеткен чыгашалар» 

8070 «Коммуникацияга кеткен чыгашалар» 

8080 «Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча чыгашалар» 

8090 «Лицензияларды алууга жана башка макулдашуулар боюнча чыгашалар» 

8100 «Чегеримде эске алынбаган КНС боюнча чыгашалар» 

8110 «Негизги каражаттарды оңдоо жана техникалык тейлөө» 

8120 «Компьютердик камсыздоопрограммалык камсыздоо боюнча чыгашалар» 

8130 «Өкүлчүлүк чыгашалары» 

8140 «Аудиторлорго сый акылар» 

8150 «Юристтерге сый акылар» 

8160 «Окутуу боюнча чыгашалар» 

8170 «Консультациялар боюнча чыгашалар» 

8180 «Коомчулук менен байланыштар боюнча чыгашалар» 

8190 «Башка салыктар боюнча чыгашалар» 

8200 «Иш сапар чыгашалары (жергиликтүү)» 

8210 «Иш сапар чыгашалары (эл аралык)» 

8220 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар» 

8230 «Айыптар, туумдар, бюджетке үстөк айыптар» 

8240 «Айыптар, туумдар, чарбалык келишимдер боюнча үстөк айыптар» 

8470 «Негизги каражаттардын амортизациясына чыгашалар» 

8480 «Материалдык эмес активдердин амортизациясына чыгашалар» 

8490 «Башка жалпы жана административдик чыгашалар» 

9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмү  

9100 «Операциялык эмес иштен кирешелер» 

9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» 

9120 «Ассоциацияланган жана туунду компаниялардан киреше» 

9130 «Дивиденддерден киреше» 

9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан киреше» 

9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» 

9500 «Операциялык эмес иштен чыгашалар» 

9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгашалар» 

9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан чыгымдар» 

9530 «Кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар» 

9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» 

9800 «Күтүүсуз жагдайларды чагылдырган беренелер» 

9810 «Күтүүсүз алынган пайда» 

9820 «Күтүүсүз чыгым» 

9900 «Пайда салыгы» 

9910 «Пайда салыгы боюнча чыгашалар (кирешелер)» 

11000 «Баланстан тышкары эсептер» 

11010 «Ижара алынган негизги каражаттар» 

11011 «Ижарага алынган негизги каражаттардын амортизациясы» 

11020 «Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» 

11030 «Так отчёттуулук бланктары» 

11040 «Сактоодогу товарлар» 

11050 «Жооптуу сактоого кабыл алынган товардык-материалдык баалуулуктар» 

11060 «Төлөөгө жөндөмсүз дебиторлордун эсептен чыгарылган карызы»