Кайта келүү

 

Долбоор 

 

 

«Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан 

сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө  

карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:   

 

1. «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

2) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогорудагы токтомго карата Тиркеменин 1-пункту; 

3) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-декабрындагы № 48/11 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогорудагы токтомго карата Тиркеменин 2-пункту; 

4) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогорудагы токтомго карата Тиркеменин 2-пункту; 

5) Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун жыйырманчы абзацы; 

- жогорудагы токтомго карата Тиркеменин 19-пункту; 

6) Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- жогорудагы токтомго карата Тиркеменин 2-пункту. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, төлөм уюмдарын, төлөм системаларынын операторлорун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын «____»_____________ 

№ ______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Коммерциялык банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминологиянын жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын эске алуу менен баасын аныктоого карата системалуу ыкманы камсыз кылуу жана банктык кызматтарды сунуштоочулар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн минималдуу талаптарды белгилөө ушул жобонун максатынан болуп саналат.  

2. Ушул жобонун максатында: 

баа түзүү саясаты бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган жактардын баа түзүү стратегиясын аныктоого багытталган иши, ал банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын ар кандай банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө (продукттарга) жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарга баа түзүү (бааны белгилөө) процессин жөнгө салган, рынок коньюнктурасынын өзгөрүүсүнө ылайык тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген ички ченемдик документтеринде камтылууга тийиш. 

банктын маркетингдик иш-чаралары банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, жаңы кардарларды тартууга, кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн заманбап маркетингдин ар кандай ыкмаларын колдонуу менен тигил же бул продуктту/кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга шыктандырууга багытталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын иши. 

3. Пайыздык чендер жана комиссиялык сый акылар, ошондой эле микрофинансылык уюмдар сунуштаган банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган жактар тарабынан өз алдынча белгиленет. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий веб-сайттарда жана башка маалымат таркатуучуларда (жарнама буклеттери, жол четиндеги билборддор, стенддер жана башкалар) жайгаштырылган финансылык продукттар, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр, пайыздык чендер жана тарифтер тууралуу маалымат, ошондой эле кардарларга консультация берүүдөгү маалымат толук жана анык болууга тийиш.  

4. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактарга эгерде, көрсөтүлгөн жак ошол келишим боюнча анын бир бөлүгүнө же толугу менен пайдага ээ болуучу болуп саналса, аффилирленген жак жана банк менен байланыштуу жак, ошондой эле товардык белгинин ээси болгон кайсы болбосун башка жак менен товардык белгини акы төлөө негизинде пайдаланууга келишим түзүүсүнө тыюу салынат. 

 

2. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын баа түзүү саясатына карата талаптар 

5. Ар бир банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан (банктар үчүн директорлор кеңеши, ал эми башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн ыйгарым укуктуу башкаруу органы/жак тарабынан) бекитилген баа түзүү саясаты иштелип чыгышы зарыл. 

6. Аткаруу органы (банктар үчүн Банк Башкармасы, ал эми башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн ыйгарым укуктуу аткаруу органы/жак тарабынан) баа түзүү саясатынын иштелип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

7. Баа түзүү саясатында эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардин орун алган тобокелдиктерди жана сый акыларды эске алуу менен активдүү жана пассивдүү операцияларды жүзөгө ашырууда баа түзүү саясатынын максаттары жана милдеттери; 

2) Банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарды керектөөчүлөргө рыноктук талдап-иликтөөлөр жана аларга баа белгилөөгө карата талаптар; 

3) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан белгиленген рентабелдүүлүк деңгээлине жетишүү үчүн административдик-чарбалык чыгашаларды кошо алганда, пайыздык жана пайыздык эмес чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

4) Кредиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендер калыптана турган жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн алгылыктуу болгон компоненттерди чечмелөөгө, пайыздык чендердин төмөнкү жана жогорку чектерин аныктоого карата талаптар, ошондой эле алардын колдонулушу жана мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгуу тартибине карата талаптар (тартылган каражаттардын наркын, кредитти тейлөө наркын, кошумча чыгашаларды, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга кам түзүүгө кеткен чыгашаларды, орун алуучу тобокелдиктерди, инфляция көрсөткүчүн, салыктарды, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар рентабелдүүлүгүнүн белгиленген деңгээлин жана объективдүү орун алган факторлор, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын ишинин регионалдык ж.б. өзгөчөлүктөрү менен шартталган, башка сарптоолорду); 

5) Депозиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендердин компоненттерин чечмелөөгө карата талаптар, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн алгылыктуу болгон пайыздык чендердин төмөнкү жана жогорку чектери, алардын колдонулушуна жана мезгил-мезгили менен кайрадан каралып чыгышына карата талаптар; 

6) Башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын негиздүүлүгүнө карата талаптар; 

7) Банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө бааны аныктоо ыкмасын тандоо негиздемелерин, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардердин бизнес жүргүзүүсүнүн реалдуу өбөлгөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө негизденген ыкмаларга карата талаптарды; 

8) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын башкаруу органдарынын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын, баа түзүү саясатынын максаттарына жетишүү жана баа түзүү стратегиясынын аткарылышы үчүн алардын жоопкерчилиги, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардагы баа түзүү саясатына мониторинг; 

9) контролдукту жүзөгө ашыруу, анын натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар; 

10) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү жана микрофинансылык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттары, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын колдонуудагы пайыздык чендерине жана тарифтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кардарларга өз учурунда маалымдалышына карата талаптар; 

11) колдонуудагы тарифтерге мезгил-мезгили менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды кайрадан карап чыгуу жана натыйжасын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын кароосуна сунуштоо талаптары. 

 

3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактардын маркетингдик 

иш-чараларды жүргүзүүсүнө карата талаптар 

8. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык маркетингдик стратегиясын/саясатын өз алдынча аныктайт. 

9. Банктык кызматтарды сунуштоочу жактар ушул Жобонун талаптарын эске албаганда, өз ишинде маркетинг инструменттерин жүзөгө ашырууда чектелген эмес. 

10. Банктык кызматтарды сунуштоочу жактар маркетингдик иш-чараларынын алкагында маркетингдик коммуникацияларды, анын ичинде «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарнактын бардык түрлөрүн жүргүзө алышат. 

11. Банктык кызматтарды сунуштоочу жактар маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүдө ак ниет атаандаштык принциптерине таянууга, моралдык-этикалык ченемдерди сактоого тийиш, тажатма жана агрессивдүү маркетинг методдорун ашыра пайдалануусуна жол берилбейт.  

12. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жарнамада, басылмада банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда кирешенин жана чыгашанын суммасына таасирин тийгизүүчү тиешелүү кызматтарды сунуштоо шарттары көрсөтүлүүгө, жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактардын кардарларын адаштыруучу башка маалымат камтылуусуна жол берилбейт.  

13. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактардын жарнамасында саясий мүнөздөгү маалымат, саясий партиялар жана шайлануучу кызматтарга талапкерлер жөнүндө маалымат, ошондой эле саясий маанидеги башка маалымат камтылуусуна жол берилбейт.  

14. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак, анын продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жарнаманы саясий ишке байланыштуу жерлерге, такталарга жана баннерлерге жана башка маалымат материалдарына жайгаштырууга жана жарыялоого жол берилбейт.  

15. Жарнак материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде таркатылат. 

16. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кайсы гана жарнама же басылма болбосун, анын жарыялоо ыкмасына жана ордуна карабастан, коммуникациянын (банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактын расмий интернет-сайты, телефон номерлери, социалдык түйүндөр, мессенджерлер, электрондук почта) жеткиликтүү каналдары тууралуу маалыматты камтууга тийиш.  

17. Кардардын/кардарлардын фото сүрөттөрүн жана видео жазууларын, аудиожазууларды жана алар тууралуу башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик материалдарда жана башка коомчулукка жарыялоо максатында пайдалануу үчүн кардардын/кардарлардын жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл.  

18. Маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүдө, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жакка төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык, лотереянын кайсы болбосун түрүн уюштурууга;  

- «оюн-зоок» иш-чараларын уюштурууга (капыстан утушка ээ болуу, утушка ээ болбоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү, тобокелдүү иш-чара);  

- лотереяларды, утуштарды жана «оюн-зоок» иш-чараларын өткөрүүгө демөөрчү болууга;  

- лотереялык билеттерди таркатууга катышууга;  

- кайсы болбосун летереяны, анын жеңүүчүлөрүн, утуштарды жана башка “оюн” иш-чараларын жарыялоого, жарнамалоого жана ачыкка чыгарууга.  

19. Лотереялык ишти жүргүзүүгө тыюу салууда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактарга юридикалык жактар, мамлекеттик органдар лотерея боюнча иш жүргүзгөн учурда, алар үчүн банк эсептерин ачууга тыюу салынбайт.  

20. Кардарларды шыктандыруу, дем берүү, жаңы кардарларды тартуу, ошондой эле продукттарды жана банктык кызматтарды пайдалануу деңгээлин жогорулатуу максатында, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактар өбөлгөлөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүүгө укуктуу.  

Өбөлгөлөөчү иш-чаралар/акциялар дегенде, кардарларды шыктандыруу, дем берүү инструменттери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы кардарларды тартууга багытталган иш-чараны түшүнүүгө болот.  

21. Өбөлгөлөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүүдө төмөнкү белгилер камтылышы мүмкүн эмес:  

- уткан катышуучуларды кокустан аныктоо;  

- «оюн» мүнөзү;  

- акы төлөп катышуу; 

- натуралай утуштар үчүн акча эквиваленти.  

Өбөлгөлөөчү иш-чараларды/акцияларды жүргүзүүдө белектер жана сый акы фонду банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактын каражаттарынын эсебинен түзүлөт.  

22. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптерин сактоо үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак менен аффилирленген/байланыштуу жактарга өбөлгөлөөчү иш-чараларга/акцияларга катышууга тыюу салынат. 

23. Өбөлгөлөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак өткөрүү тартиби, катышуучулар (катыша алуучу субъекттер), катышуу тартиби, жеңүүчүнү аныктоо шарттары, утушту, бюджетти түзүү жана өткөрүлүүчү иш-чарага/акцияга карата башка талаптар камтылган ички документти иштеп чыгуусу жана бекитүүсү зарыл.  

24. Өбөлгөлөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүүнү баштоодо, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак расмий интернет-сайтына иш-чаралар/акциялар башталгандыгы тууралуу, ошондой эле анын тандоосу боюнча башка коммуникациялык каналдарга жана маалымат булактарына ачык оферта аркылуу жарыялоого тийиш.  

25. Ачык офертада төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:  

өбөлгөлөөчү иш-чаранын аталышы; 

өбөлгөлөөчү иш-чараны уюштуруучу тууралуу маалыматты (фирмалык аталышы, жайгашкан ордунун дареги, реквизиттери);  

өткөрүү шарттары;  

өткөрүү мезгили; 

- катышуучуларга карата талаптар; 

- жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби; 

- жеңүүчүлөрдүн байге алуу тартиби; 

- катышуучулардын укугу жана милдеттери; 

- уюштуруучунун укугу жана милдеттери;  

- ж.б. шарттар. 

26. Өбөлгөлөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүүнүн жыйынтыгы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактын расмий интернет-сайтына, ошондой эле анын тандоосу боюнча коммуникациялык башка каналдарга жана маалымат булактарына милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.  

27. Маркетингдик иш-чараларды өткөрүүдө утушка ээ болгон катышуучуларды капыстан аныктоо белгиси аккаунттарды кеңири жайылтуу жана ага киргендердин санын көбөйтүү, жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жакка болгон кызыкчылыкты арттыруу максатында социалдык түйүндөрдө өткөрүлгөн акцияларга тиешелүү эмес. Банктык продуктту же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мындай акцияларга катышуунун шарты болбоого тийиш. 

 

4. Корутунду жоболор 

28. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак тарабынан ишке ашырылган баа түзүү саясаты жана маркетинг саясаты ачык-айкын болууга, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу, жеке маалыматтарды коргоо, банктык сыр чөйрөсүндөгү, ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагында мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

29. Баа түзүү саясаты ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактын ишинин натыйжаларын жана жаңы багыттарды эске алуу менен жылына кеминде бир жолу кайра каралуусу жана бекитилүүсү зарыл. 

30. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча баа түзүү саясатын жана ички документтерди сунуштоого тийиш.  

Эгерде депозиттер жана кредиттер боюнча декларациялануучу пайыздык чендерге өзгөртүү киргизилсе, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак 7 (жети) жумуш күнү ичинде аталган өзгөртүүлөрдүн себебинин толук негиздемесин көрсөтүү менен тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө билдирүүсү, ошондой эле ички документтерди (банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген протоколдун жана чечимдин (көчүрмөсү) көчүрмөсүн) сунуштоосу зарыл. 

Эгерде төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча декларациялануучу тарифтерге өзгөртүү киргизилсе, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 10 (он) жумуш күнү ичинде аталган өзгөртүүлөрдүн себебинин толук негиздемесин көрсөтүү менен тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгына билдирүүсү, ошондой эле ички документтерди (төлөм системаларынын операторунун, төлөм уюмунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген протоколдун жана чечимдин (көчүрмөсү) көчүрмөсүн) сунуштоосу зарыл.  

31. Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактардын баа түзүү саясатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү боюнча талдап-иликтейт.  

32. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактардын маркетингдик иши негизги максаттарынан жана милдеттеринен алыстабай, аброюна жана экономикалык ченемдерге терс таасирин тийгизбеши зарыл, жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактардын мүмкүнчүлүгүнө жана финансылык абалына ылайык келүүгө тийиш.  

33. Маркетингдик иш-чараларды жүргүзүү боюнча талаптар бузулган учурда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.  

 

 

«Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан 

сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

«Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына (мындан ары Мыйзам) ылайык келтирүү, ошондой эле коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары (мындан ары банктар) тарабынан жүргүзүлүүчү маркетингдик иш-чараларга карата айрым талаптарды тактоо максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтомдун долбоорунда банктардын маркетингдик иш жүргүзүүсүн жөнгө салуучу өзүнчө талаптардын бүгүнкү күндө жоктугуна байланыштуу маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата талаптарды белгилөө сунушталат. 

Тактап айтканда, токтомдун долбоору менен маркетингдик иш-чараларды, анын ичинде финансы-кредит уюмдарында иш-чараларды жүргүзүүгө дем берүү жана жарыялоо иштерин жүргүзүүгө карата талаптарды тактоо сунушталат. 

Алсак, токтом долбооруна ылайык: 

- банктын маркетингдик иш-чараларына аныктама киргизилген; 

- маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүдө жалпы талаптар белгиленген; 

- банктар тарабынан лотереялык иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча талаптар такталган; 

- банкты, анын кызматтарын жана продукттарын жарыялоо боюнча талаптар такталган; 

- дем берүүчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жана аларды өткөрүү тартиби каралган. 

Муну менен токтомдун долбоору банктар тарабынан жүргүзүлүүчү маркетингдик иш-чараларга карата талаптарды тактоого жана белгилөөгө багытталган, бул келечекте жөнгө салуучу менен банктардын маркетинг иш жүргүзүүсүнө карата талаптарды түшүнүүдө жана аткарууда пикир келишпестиктерди болтурбоого мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоору банктардын активдерин банктарга туура келбеген иштерди жүргүзүүдөн сактоого, лотереяларды уюштурууга, банктар үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да тобокелдиктерди жараткан ар кандай оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салууларды тактоого, банктар жарыялоо иштерин жүргүзүүдө алардан толук маалымат алуу, жеке маалыматтарды жана сүрөттөрдү колдонуу жагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, ошондой эле дем берүүчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүү тартибин белгилөөгө багытталган. 

Мындан улам, токтомдун долбоору банк мыйзамдарында орун алган кемчиликтерди жана боштуктарды четтетүү, банктык көзөмөлдү натыйжалуу ишке ашыруу максатында, банктарда маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүнү жөнгө салууга багытталган. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыктарын камтыган, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлат жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап иликтөө жүргүзүлөт.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталга жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражатты бөлүп берүүнү талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

  

Толук/жарым-жартылай  

жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

______________________(кызматы) 

  

  

__________________(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын «___» ______ 

 

«Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан 

сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө  

карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ ЖҮРГҮЗҮҮ 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2019-жылдын 6-февралындагы № 2019-Пр-121/16-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан ишкердик субъектилеринин ишине карата иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Ж.С. Сулайманбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

С.А. Чалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги  

________ 

Б.А. Бейшеналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги 

________ 

И.Дж. Султанкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Системалуу тобокелдиктерди талдап-иликтөө бөлүмүнүн начальниги 

________ 

А.Т. Туратбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

 

________ 

А.И. Элебесов, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин юристи 

 

________ 

Э.З. Бообеков, «Банк Компаньон» ААКтын юридикалык башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги  

 

________ 

С.К. Телтаев, «РСК Банк» ААКтын кредиттик отчеттуулук тобунун жетекчиси  

 

________ 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Имашева Б.К., 31-32-73, bimasheva@nbkr.kg 

 

  

 

 

 

 

 

 

1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1.1. Проблемаларды чагылдыруу  

 

Бүгүнкү күндө коммерциялык уюмдардагы маркетингдик иш-чарадар алардын өнүгүшү, туруктуу атаандаштык артыкчылыгы, кардарларды тартуу жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн зор мааниге ээ. 

Учурдагы реалдуулукта коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, төлөм уюмдары, төлөм системасынын операторлору (мындан ары банктар) жалпысынан маркетингдик инструменттерди жана иш-чараларды жүзөгө ашырууда чектелбейт, анткени алардын негизги максаты пайда алуу болуп саналат. 

 

1-проблема. Банктардын маркетингдик иш-чараларды өткөрүү бөлүгүндө ишин жөнгө салуучу талаптардын жоктугу. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 111-беренесинин 8-пунктуна ылайык банктарга ар кандай утуштарды, лотереяларды жана башка ушул сыяктуу «оюн» иш-чараларын уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга, ошондой эле аларды жарнамалоого жана жарыялоого тыюу салынат. Банктар Улуттук банктын талаптарына ылайык маркетингдик иш-чараларды жүзөгө ашыра алат. 

Банктар тарабынан маркетингдик иш-чараларды өткөрүүгө карата талаптардын иштелип чыгышы, бүгүнкү күндө Мыйзамга ылайык маркетингдик иш-чараларды өткөрүү бөлүгүндө банктардын ишин жөнгө салуучу өзүнчө талаптар жоктугуна байланыштуу. 

Маркетингдик ишчараларды өткөрүүгө карата талаптардын жоктугу банктык мыйзамдарда укуктук боштукту пайда кылат. 

 

2-проблема. Финансы-кредит уюмдары тарабынан маркетингдик иш-чараларды өткөрүүдө банктык мыйзамдарын укук колдонууда кыйынчылыктар. 

Коммерциялык уюмдарда маркетинг инструменттеринин кеңири таралган түрлөрүнүн бири бул ар кандай лотереяларды жана утуштарды өткөрүү болуп саналат. Бирок, иштин бул түрү банктар үчүн мүнөздүү эмес, анын негизги иш багыты туура банктык жана башка финансылык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Мындай позицияны Дүйнөлүк банктын эксперттери да колдошот. 

Алсак, Мыйзамдын 111-беренесинин 8-пунктуна ылайык, банктарга ар кандай утуштарды, лотереяларды жана башка ушул сыяктуу «оюн» иш-чараларын уюштурууга же катышууга, ошондой эле аларды жарнамалоого же жарыялоого тыюу салынат. 

Иш жүзүндө банктар кызыктыруучу лотереяларга окшош иш-чараларды өткөрүшкөн. Колдонуудагы талаптарга ылайык, банктарга утуштарды, лотерея жана башка ушул сыяктуу «оюн иш-чараларын» өткөрүүгө тыюу салынгандыктан, Улуттук банктын инспекторлору лотереяларга карата мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүүдө укуктук түшүнүүдө жана укук колдонууда кыйынчылыктарга дуушар болушкан. 

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык лотереялардын бардык түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салуу боюнча талаптарды тактоо зарыл. 

Ошол эле учурда, токтом долбоорунда кардарларды кызыктыруу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукцияларды сатууну көбөйтүү үчүн ар кандай кызыктыруучу иш-чараларга уруксат берүү каралган, бул банк кардарлары тарабынан акча каражаттарын ойлонбостон сарптоо, жоготуу тобокелдигине алып келген оюн мүнөзүн алып жүрүү эмес, кардарларды кызыктыруу жолу менен банктын кызматтарына жана продукттарына кардарлардын көңүлүн бурууга багытталууга тийиш. 

Мындан тышкары, банктык жарнамага карата тактоочу талаптарды аныктоо зарыл, анткени банк ишин жарнамалоо өзүнүн айырмалоочу өзгөчөлүктөрүнө ээ, банк ишинин өзгөчөлүгүн билдирет жана банкка болгон ишенимди жаратат (потенциалдуу кардарлардын көз алдында алгылыктуу элес калтырат), ал эми жарнаманын максаты - кардарларды банкка тартуу, кардарларга бул банктын бар экендигин эскертип туруусу, оң сүрөт/имидж/аброюн түзүү, банк продуктусунун белгилүү түрүн сатып алууга кардарлардын кызыгуусу болуп саналат. 

 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирин талдап-иликтөө 

Жөнгө салуучу таасирди талдоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу процессинде эки коммерциялык банктан сунуштар келип түшкөн. 

Бир банк Мыйзамдын 111-беренесинин 8-пунктунун сакталышына көңүл бурууну сунуштады. 

Дагы бир банк накталай эмес төлөмдөрдүн санына же көлөмүнө шилтеме бербей, жеңүүчүлөрдү кокус ыкма менен аныктоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. 

Биринчи сунуш жөнгө салуучу таасирди талдоо учурунда кабыл алынган, экинчи сунуш Мыйзамдын колдонуудагы талаптарына ылайык кабыл алынган эмес. 

 

1.3. Проблемалардын масштабы 

Каралып жаткан маселенин көлөмү чоң эмес, анткени банктардын маркетингдик ишмердүүлүгү банктардын ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Мында, иш жүзүндө айрым талаптарды конкреттештирүү жана банктар тарабынан натыйжалуу иш алып баруу жана тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана банктык мыйзамдардын аткарылышы үчүн тактоо киргизүү зарыл. 

 

1.4. Эл аралык тажрыйба 

Жалпысынан сунуш кылынган талаптар боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы изилденгенин белгилей кетүү зарыл. 

Атап айтканда, Россия Федерациясында «Лотереялар жөнүндө» Федералдык мыйзамына жана Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген (2014-жылдын 30-январында күчүнө кирген), ага ылайык лотереянын уюштуруучусунан Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте лотереяны өткөрүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу органынын федералдык органы гана боло алат. Лотереяны уюштуруучусу лотереянын оператору аркылуу (Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык катталган жана Федералдык мыйзамына ылайык лотереяны өткөрүүгө лотереянын уюштуруучусу менен контракт түзгөн юридикалык жак)) алар менен контракт түзүү аркылуу лотерея өткөрөт. 

Буга чейинки редакцияда көрсөтүлгөн ченем юридикалык жактарга лотереянын уюштуруучулары болууга укук берген. 

Ошентип, Россия Федерациясындагы банктар, алардын мыйзамдарына ылайык кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу болууга укугу жок. 

Банктардын маркетингдик ишин жөнгө салуучу айрым документтер жок. 

Казакстан Республикасында, ошондой эле банктардын маркетингдик ишмердүүлүгүнө карата талаптарды камтыган өзүнчө ченемдик укуктук актылар жок. 

Ошол эле учурда, Казакстан Республикасынын «Лотереялар жана лотереялык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамына ылайык, лотерея операторлору лотереялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыра алышат, алар лотереялык ишмердүүлүктү кошпогондо, ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенүүгө укугу жок. 

Казакстан Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, банктар ишкердик иш катары банк ишине тиешеси жок операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укуксуз. 

Мындан тышкары, бул Мыйзам банктарга чындыкка дал келбеген жарнамага тыюу салуу боюнча талаптарды камтыйт. 

Америка Кошмо Штаттарында «Федералдык резерв системасы жөнүндө» мыйзамы мамлекеттик банктарга лотереялык иштерди жүргүзүүгө тыюу салат, бирок финансы институттарынын маркетингдик иш-чараларына карата талаптарды камтыган айрым ченемдик укуктук актылар жок. 

Ошентип, лотереялык иш, банк иши жагында тармактык мыйзамдардын болушунан тышкары, башка өлкөлөрдүн банктардын маркетингдик ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жагында тажрыйбасы өнүкпөгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу сунушталаган жөнгө салуу боюнча салыштыруу жүргүзүү мүмкүн эмес. 

Ошол эле учурда, жогоруда аталган көйгөйлөрдүн болушуна байланыштуу банктар үчүн маркетингдик иш чөйрөсүндө жөнгө салуу максатка ылайыктуу. 

1.5 Жөнгө салууну киргизүү үчүн негиз 

Банктардын маркетингдик ишмердүүлүгүн жөнгө салууну киргизүү үчүн негиз болуп маркетингдик иш-чараларды өткөрүүгө карата талаптарды аныктоо аркылуу тиешелүү проблемаларды чечүү саналат. Бул милдетти мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жолу менен чечсе болот, бул банктык мыйзамдардын аткарылышындагы тобокелдиктерди азайтууга жана мыйзамдагы болгон боштуктарды толтурууга мүмкүндүк берет. 

2. Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарын чагылдыруу жана баалоо 

2.1. Мамлекет тарабынан жөнгө салуунун негизи Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу, банктардын ишин эффективдүү көзөмөлдөө үчүн ченемдик укуктук базанын сапатын жакшыртуу, ошондой эле банктардын маркетингдик иш алып баруу маселеси боюнча Улуттук банктын айрым талаптарын тактоо. 

2.2 Банк чөйрөсүндөгү жогорудагы проблемаларды жөнгө салуу максатында жөнгө салуунун үч варианты келтирилген жана каралган: 

«Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты; 

«Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чаралдарды өткөрүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү

Жөнгө салуунун альтернативалуу варианты. 

2.3 «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты  

Бул вариантты тандоо мүмкүн эмес, анткени бүгүнкү күндө иш жүзүндө банктардын ишин көзөмөлдөөдө Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде лотереяларды жана ар кандай кызыктыруучу иш-чараларды/акцияларды өткөрүү эрежелери боюнча ченемдердин жоктугунан улам маркетингдик иш-чаралар боюнча ченемдерди түшүнүүдө жана колдонууда пикир келишпестиктерге байланыштуу банктардын ишинде көзөмөл жүргүзүүдө проблемалар келип чыгууда. 

Банктардын маркетингдик иш алып баруу боюнча орун алган боштуктар ар кандай тобокелдиктердин, анын ичинде юридикалык мүнөздөгү тобокелдиктердин келип чыгышы үчүн шарт түзөт. 

Жөнгө салуунун бул вариантын аткаруу техникасына талдап-иликтөө көрсөтүлгөн вариантты техникалык жактан ишке ашыруу оңой деп баалоого алып келет, бирок жогорудагы проблемаларды чечпейт. 

2.4 «Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызматтардын баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды өткөрүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү» жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты 

Сапаттуу ченемдик база эффективдүү көзөмөлдүн негизги шарттарынын бири болуп саналат. Демек, жөнгө салуучу база мүмкүн болушунча бардык зарыл талаптарды чагылдырышы керек, ошондо иш жүзүндө талаптарды бирдей түшүнүү жана колдонуу менен эч кандай көйгөйлөр жаралбайт. 

Колдонуудагы талаптарды конкреттештирүү, ошондой эле боштуктарды четтетүү баарыдан мурда ченемдик базаны өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Мында, маркетингдик иш-чараларга талаптар тажрыйбанын, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен белгиленет. 

Ошентип, сунушталган талаптарды бекитүү жөнгө салуучу менен банктардын ортосундагы атап айтканда, лотереялык иш боюнча талаптарды колдонууда пикир келишпестиктерди четтетүүгө мүмкүн кылат. 

Мындан тышкары, сунушталган талаптар керектөөчүлөрдүн укуктары үчүн сыяктуу эле, финансы-кредит уюмдарынын иш аброю үчүн да тобокелдиктердин ар кандай түрлөрүн минималдаштыруу жана болтурбоо зарылчылыгынан келип чыккан. 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Банктардын маркетингдик ишмердүүлүгүн жөнгө салуу ыкмасы - маркетингдик иш-чараларга карата талаптардын тактоочу мүнөзүн киргизүүдөн турат. Жөнгө салуу лотереялык белгилерди, банк ишине мүнөздүү жарнамалоо, ошондой эле банк мыйзамдарынын ченемдерин так жана бирдей түшүнүүнү жана алар менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоону алып салуучу кызыктыруучу иш-чараларды өткөрүүгөбагытталган. 

б) Жөнгө салуучу таасирди баалоо 

«Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызматтардын баасын белгилөө саясатына жана алардын тарабынан маркетингдик иш-чараларды өткөрүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Мындан тышкары, бул вариантты ишке ашыруу банктык көзөмөлдү сапаттуу жүргүзүүгө жана укуктук тобокелдиктердин орун алышына жол бербөөгө мүмкүндүк берет. 

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган талаптарды бекитүү өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келтирүүгө багытталган. Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда тактоо талаптары камтылган, бул банктардын маркетингдик ишмердүүлүгүн ишке ашыруу менен байланышкан, атап айтканда, ар кандай маркетингдик инструменттерди колдонууда тобокелдиктерди минималдаштырууга өбөлгө түзөт. 

г) Атаандаштыкка болгон таасирди баалоо 

Жөнгө салуунун бул вариантынын кабыл алынышы банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыктын абалына өз алдынча таасир этпейт, бирок банктардын шайкеш маркетингдик ишмердүүлүгү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда талаптагыдай атаандаштыктын өнүгүшүнө жана колдоого алынышына өбөлгө түзөт. 

д) Коомдук консультациялардын натыйжалары  

Маркетингдик иш-чараларды өткөрүүгө карата талаптардын аракеттенүү чөйрөсү Кыргыз Республикасынын бардык финансы-кредит уюмдарынын ишине түздөн-түз таасир этет. 

Токтом долбоору Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнөүтүндөй көзөмөл блогуна) макулдашууга сунушталган, алардын компетенциясы каралып жаткан документти кабыл алууга жана жөнгө салууга таркатылат. Түзүмдүк бөлүмдөр бир катар сунуштарын жана сын-пикирлерин билдиришти. 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуучу таасири талдап-иликтенүүгө тийиш. 

Буга байланыштуу токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтына коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат. 

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболоруна баа берүүдө анда коррупциялык факторлор аныкталган эмес. 

 

2.5 Жөнгө салуунун альтернативалуу варианты 

Финансы-кредит уюмдарынын маркетингдик иш-чараларына карата талаптарды белгилөө, анын ичинде кызыктыруучу иш-чаралардын кайсы болбосун түрлөрүнө тыюу салуу, акцияларга жана башка ушул сыяктуу иш-чаралардын башка түрлөрүнө тыюу салуу. 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Бул вариант кардарларды сыйлоо жана аларды шыктандыруусыяктуу маркетингдик инструменттерди колдонбостон банктардын маркетингдик ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү билдирет. 

б) Жөнгө салуучу таасирди баалоо 

Бул вариантты колдонуу кызыктыруучу иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. 

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо 

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген талаптар менен маркетингдик иш-чараларды өткөрүүнү чектөөгө багытталган. 

г) Атаандаштыкка болгон таасирди баалоо 

Бул варианттын кабыл алынышы банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыкка эч кандай таасирин тийгизбейт. 

д) Коомдук консультациялардын натыйжалары 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуучу таасири талдап-иликтенүүгө тийиш. 

Буга байланыштуу токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат. 

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболоруна баа берүүдө анда коррупциялык факторлор аныкталган эмес. 

 

3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси 

2-вариант боюнча токтом долбоору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш: 

ченемдик укуктук актыларды Мыйзамга шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет; 

-  финансы-кредит уюмдарынын ишинин сапатын жана эффективдүүлүгүн жана инспектордук текшерүүлөрдү өткөрүүдө укук колдонууну жогорулатат. 

4. Күтүлүп жаткан экономикалык кесепеттерге баа берүү үчүн тиркеме 

Сунушталган долбоордо маркетингдик иш-чаралар боюнча Мыйзамдын колдонуудагы талаптарын бирдей түшүнүүнү камсыз кылуу үчүн тактоочу ченемдери каралганын эске алуу менен банктар эч кандай кошумча чыгымдарга дуушар болбой тургандыгын белгилей кетүү керек. 

 

 

 

 

Аналитикалык катка  

тиркеме 

 

 

«Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан 

сунушталган кызматтардын баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды өткөрүүгө  

карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү» 

жөнгө салуунун вариантынын 

АТААНДАШТЫККА ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА   

КОРУТУНДУ  

   

Ага ылайык талдап-иликтөө жүргүлгөн методика (аталышы):  

  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүдө атаандаштыкка тийгизген таасирди талдап-иликтөө методикасы   

  

Талдап-иликтөө жүргүзүлгөн күн: ______________________________________ чейин  

  

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүүнүн негизги (кыскача) жыйынтыгы:  

Жөнгө салуунун варианты атаандаштыкка олуттуу деле таасирин тийгизбейт   

  

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө кеңири маалымат:  

  

· Товар рыногунун негизги параметрлери   

Товар рыногунун продукттук чек арасы:  

- банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр   

  

Товар рыногунун географиялык чек арасы:  

- георафиялык жактан чектелбейт   

  

Товар рыногунун көлөмү (маалымат бар болсо):  

- маалымат жок   

  

1) Товар рыногунда иш алып барган чарбалык субъекттердин курамы (маалымат бар болсо)  

финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары - (%): белгисиз  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баа берүүлөр 

 

Фактордун аталышы 

баа берүү «ооба» же «жок»  

«ооба» баа берүүсүнүн негиздемеси  

 

 

Товар рыногунун концентрациялануу деңгээлин баалоо  

 

 

Аталган товар рыногунда кандайдыр бир чарбалык субъектинин үлүшү 35 пайызды же андан көптү түзгөн үстөмдүк кылуучу абал барбы-эгер бар болсо?  

жок 

 

Ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан үчтөн ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үстөмдүгү же ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарбалык субъекттердин үлүшү башкалардын үлүшүнөн жогору болгон бештен ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үлүшү болгон үстөмдүк кылучу абалы барбы? - эгерде маалыматтар бар болсо?  

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүүгө-чыгууга экономикалык чектөөлөрдү баалоо  

 

 

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу эмес жогорку чыгымдарды алып келеби:  - колдонуудагы жөнгө салуу үчүн караганда рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн;  ири ишканаларга караганда чакан ишкана үчүн ж.б.  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу потенциалдуу катышуучулардын рынокто сунуштары чектелген ресурстарга (материалдык-буюмдук, материалдык эмес ж.б.) жеткиликтүүлүгүн кыйла чектейби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салууга байланыштуу аталган товар рыногунда ишти мажбурлап токтотулган шартта иштеп жаткан чарбачыл субъекттердин (экономикалык туруктуулукка доо кетирүүгө жөндөмдүү) жогорку чыгымдарга алып келеби?  

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүүнүн административдик чектөөлөрүн баалоо  

 

 

Жаңы жөнгө салуу лицензиялык талаптардын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензияларды алуу жол-жоболорунун наркынын кыйла жогорулашына алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу чарбалык субъекттеринин чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө укуктарынын теңдигинин шарттарын бузууга алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарбалык субъекттеринин баа түзүү механизмдерин тандоону, продукциянын сапатын аныктоону, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу ордун аныктоону чектөөгө аныктоону чектөөгө алып келеби?  

жок 

 

 

Товар рыногуна чыгууга стратегиялык чектөөлөрдү баалоо  

 

 

Жаңы жөнгө салуу чарбалык интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк ассоциациялар, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын жогорку деңгээли болгон кластерлер ж.б.) катышуучулар үчүн кошумча артыкчылыктарды алууга алып келеби?  

жок