Кайта келүү

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары Жобонун долбоору), Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына, атап айтканда 20-берененин 3№ бөлүгүнүн талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, ага ылайык түрдүү төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) жүргүзүлөт

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) ар кандай төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча финансылык маалыматты топтоо, иштеп чыгуу, сактоо каралган өзүнчө бөлүм менен толукталды. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт. 

Бул учурда Улуттук банк жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат. Мында төлөм системасынын катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөр Улуттук банк аркылуу өтөт (ГСРРВ). 

Мындан тышкары, Жобонун долбоорунда санариптештирүүнүн алкагында коммерциялык банктар тарабынан жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушун эске алуу жана жаңы финансылык продукттарды жайылтуу менен өзүнчө ченемдерди, колдонулган терминдерди жана аныктамаларды актуалдаштыруу, банктык төлөм картты берүүдө жана колдонууда алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу сыяктуу техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралып чыккан. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022 жылдарга мамлекеттик программанын Иш-чаралары планынын 1.7-пунктун ишке ашыруу максатында, мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарба субъекттеринин «ЭЛКАРТ» улуттук картына эмгек акы төлөө боюнча Жобонун 24-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди. 

Мындан тышкары, Жобонун долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга каралган функциялары бар аралыкта орнотулган жабдуулар, карттардын түрү жана статусу боюнча жүгүртүүдө иштеген жана циркулярдык каттардын алкагында берилген банктык төлөм карттарынын ээлеринин эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы боюнча отчеттуулук формалары кошулду. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Жобонун долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларды шарттайт, анткени бул өзгөртүүлөр банктык төлөм карттарын колдонуу коопсуздугуна жана накталай эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. Картты күн сайын пайдалануу нак эмес формада төлөөгө жана андан ары банктарда банктык төлөм карттарды ачууга, ошондой эле банктын аралыктан/санарип кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга кызыгууну арттырат.  

Жобонун долбоорун кабыл алуу укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени долбоордо каралган ченемди колдонууга киргизүү нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттырууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. 

 

5. Долбоордун мыйзам актыларына ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталып жаткан Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Жобонун долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт, ошондой эле кызыкдар субъектилерди финансылык чыгымдарга алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык Жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр талап кылынбайт, себеби сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

 

Долбоор 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Бул жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (төлөм терминалы) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарлары, карт ээлери, сервистен пайдалануучулар тарабынан нак акча каражаттарын депондоштуруусу (кабыл алуусу (cash-in)) /берүүсү (cash-out) үчүн каралган терминал. 

Авторизациялык талап эквайерден системада белгиленген эрежелерге ылайык транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап.  

Авторизация  эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө  ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат. 

Аутентификация  сунушталган идентификатордун (PIN-код, логин, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо жол-жобосу.  

Банктык төлөм карты (карт) товарларды, кызматтарды сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча алууда, акча каражаттарын которууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (аралыкта орнотулган түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча түрүндө эсептешүү үчүн колдонулган төлөм каражаты.  

Банк күркөсү аралыктан тейлөө түзүлүшү орнотулган атайын курулма/жабдуу. 

Банктык эсеп  бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.  

Банкомат (ATM Automated teller machine) нак акча берүү жана/же кабыл алуу, ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматты алуу жана картты колдонуу менен башка операцияларды аткаруу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

Байланышсыз төлөм (NFC Near field communication) карт же банктык эсептен пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган башка инструмент жана жакын аралыктан маалыматты окуу менен аралыкта орнотулган жабдуу ортосунда маалымат алмашуу ыкмасы. 

Виртуалдык карт электрондук түрдө чыгарылган, интернетте төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн каралган атайын карт. Виртуалдык карт соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу сатып алуулар үчүн төлөөгө жана банкоматтан жана банктын агенттеринен аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу нак акча алууга каралган эмес. 

Виртуалдык POS-терминалы бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөө системасы менен өз ара аракеттенүүчү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептерин толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн. 

Банктык эсеп ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп ачуу жөнүндө келишим түзгөн жеке адам/юридикалык жак/жеке ишкер. 

Дебеттик карт банктык эсептеги өздүк каражаттардын жана/же банктык эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда эмитент тарабынан берилген кредиттин эсебинен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган карт (овердрафт). Овердрафт кызматы дебеттик карттар боюнча гана көрсөтүлөт. 

Карт ээси (карт ээси) эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, анын ичинде эсеп ээси - юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилген банктын кардары, жеке адам/юридикалык жак.  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары Процессинг борбору)  Кыргыз Республикасынын «Элкарт» улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси, ал «Элкарт» банктык төлөм картын, ошондой эле процессинг борбору менен интеграцияланган башка системалардын карттарын пайдалануу аркылуу ишке ашырылган транзакциялар процессинги үчүн каралган.  

Индент мөөр  карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, мында карттын бетине рельефсиз ар түрдүү символдор басылат, б.а. карттын бетиндеги символдор колго урунбайт. 

Ко-бейджингдик карт  эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт.  

Ко-брендингдик карт  банк башка бир уюм/уюмдар менен бирге чыгарган карт. 

Кредиттик карт банк кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген лимиттин чегинде карт ээсине берген акча каражаттардын эсебинен алар боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн операцияларды ишке ашыруу үчүн каралган карт. 

БФКУнун кредиттик карты эмитент менен кредиттик келишимдин/каржылоо келишиминин шарттарына ылайык, өздүк берилүүчү кредиттер боюнча кредит берүү/ордун жабуу боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ, банк аларды андан ары жайылтуу үчүн банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) үчүн чыгарган алдын ала чыгарылган кредиттик карт.  

Локалдык төлөм системасы  Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу тейлениши мүмкүн.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы (эл аралык төлөм системасы) ошол системалардын операторлорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмитирленген жана тейленген эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы.  

Көп фактордуу аутентификация өркүндөтүлгөн аутентификация, мында пайдалануучу тиешелүү маалыматты алуу үчүн бир нече идентификаторду көрсөтүүсү талап кылынган контролдоо ыкмасы. 

Мобилдик POS-терминал (mPOS) карт аркылуу нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, смартфондор же планшеттик компьютерлер үчүн каралган түзүлүш жана/же программалык камсыздоо. 

Улуттук карт улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун эмитентирезиденти тарабынан чыгарылган «Элкарт» төлөм системасынын карты.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иштеген, “Элкарт” улуттук төлөм системасынын карттарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүү системасы. 

Жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсеп жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. 

Овердрафт кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал банк менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашкан өлчөмдө төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет. 

Улуттук төлөм системасынын оператору «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому («БПБ» ЖАК). 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системасынын оператору Улуттук банк тарабынан лицензияланган, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык оператор жана системанын катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенме алышат. 

Аралыкта орнотулган түзүлүштөр банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары, банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн техникалык инфраструктураны түзгөн башка түзүлүш. 

Персонализация банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды картка жана/же микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине жаздыруу жол-жобосу. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасы (картты пайдалануу менен эсептешүү системасы) картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин, түзүлүштөрдүн жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. 

БФКУнун картын пайдалануучу БФКУ ага түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ордун жабууну кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак). 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр). 

Алдын ала чыгарылган карт банктын/БФКУнун филиалында (БФКУнун кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ошондой эле эсептен пайдалануу мүмкүндүгү берилген, белгилүү бир кардар үчүн ачылган жана акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу каражаттарды нак алуу, соода түйүндөрүндө нак эмес төлөө аркылуу сатып алуулар үчүн төлөө, интернет аркылуу операцияларды ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн каралган дароо чыгарулуучу карт.  

Алдын ала төлөнгөн карт программалык-техникалык түзүлүштөр аркылуу электрондук акчаны товарларды/кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана нак акчага алмаштырууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти. Карт карт ээсинин электрондук акча эмитентине карата анын милдеттенмелери боюнча талап кылуу укугун күбөлөндүрөт. 

Процессинг финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган лицензияланган иш. 

Процессинг борбору процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Эсептешүү агенти картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм. 

Стоп-баракча алар боюнча операциялардын бардык түрлөрү токтотулган же убактылуу токтотулган, блокировкаланган карттардын тизмеси. 

Банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн терминал (терминал) - бул карттан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен маалыматтарды окуу аркылуу соода операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс. Терминал төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: POS-терминал; POS-терминал-ПВН; ПВН-терминал, виртуалдуу POS-терминал жана мобилдик POS-терминал. 

ПВН-терминал бул карттардан жана башка аралыктан тейлөө каражаттарынан нак акча берүү үчүн каралган терминал. Андан ары төлөмдү ишке ашыруу үчүн каралган ПВН-терминалы аркылуу акча алуу үчүн комиссия карт ээсине чегерилбөөгө тийиш. 

Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүлгөн шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн. 

Транзакция - картты жана аралыктан тейлөө боюнча башка инструменттерди пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча каражаттарын которуу, валюталарды алмаштыруу же нак акча каражаттарын алуу), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт. 

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода-тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти. 

Чарджбек кайтарылуучу же талап кылынуучу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү ишке ашыруудан баш тартуу (транзакцияны териштирүү). Чарджбек регламентте белгиленген аткаруу мөөнөт ичинде тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине ылайык талап кылынган документтерди тариздөө менен талаш келип чыккан суммага эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу ишке ашырылат.  

Аралыкта орнотулган түзүлүштөн берилген чек (чек) операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдиктерине жол бербөө үчүн чекте карттын номери тууралуу маалымат болбоого тийиш.  

Эквайер технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эквайринг ишке ашырууга уруксат алган банк, өзүнүн аралыкта орнотулган түзүлүштөрү аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүндүгүн берген аралыкта орнотулган түзүлүштөр тармагынын ээси.  

Эквайринг - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөргө байланыштуу, аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары менен келишимдик мамилелерди түзүү мүмкүндүгүн берген банк иши.  

Эмбоссирование картка рельефтик белгилер түрүндө маалыматтарды чагылдыруу. 

Карттарды эмиссиялоо - банк аларды андан ары таркатуу үчүн карттарды чыгаруу иши. 

Эмитент - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карттарды чыгарган банк.  

CVV-код (Card verification value) интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код. 

PIN-код (Personal identification number) операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун аныктыгын тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер. 

POS-терминалы (Point of sale) - соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо үчүн каралган терминал. 

POS-терминал-ПВН эки функцияны аткарган терминал: соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алат, анын ичинде карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо жана нак акча каражаттарын берүү.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Төлөм системасынын регламентине жана тартибине, ошондой эле эсептешүү схемасынын түрүнө жараша карт дебеттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик болушу мүмкүн. Карт эмитент тарабынан электрондук түрдө да чыгарылышы мүмкүн (виртуалдык карт). Коммерциялык банктарда виртуалдык карттар менен операцияларды жүргүзүү боюнча ички жол-жоболор, анын ичинде аларды коопсуз жүргүзүү жана эсептешүү эрежелери болушу керек. 

Карт анын ээсине товарлар жана кызматтар үчүн төлөө, нак акча алуу боюнча операцияларды аралыкта орнотулган жабдуу же башка жабдуулар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле банк эсебиндеги акча каражаттарын ээси тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине кирүү каражаты катары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык эмитентте ачылган ээси аныкталбаган металл эсебине жайгаштырылган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн кызмат кылат.»; 

- 8-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Конвертациялоо шарттары карт ээси менен түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш.»; 

- 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү же компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштырылган карт үчүн), картты колдонуу мөөнөтү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга жана виртуалдык карттарга таркатылбайт.  

Эгерде карт алдын ала чыгарылган карт болсо анда карт ээсин банк-эмитентте/БФКУда идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укукту:  

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;  

- банкоматтардан/ПВН-терминалдарында жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине (карттан картка же электрондук капчыкка) акча каражаттарын которуу;  

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашыруу;  

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзүү;  

- банктардын кассасы, банктык кеңири чекене кызмат көрсөткөн агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо.»; 

- 15-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 16-пунктундагы биринчи сүйлөмүндөгү «товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө» деген сөздөр «өзүнүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө» дегенге алмаштырылсын; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган чекти тариздөө менен тастыкталат: 

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы; 

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду); 

- төлөм суммасы; 

- төлөм валютасы; 

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код; 

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык); 

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери; 

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция ПВН-терминалы же POS-терминал аркылуу ишке ашырылган шартта). Операция PIN-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт. 

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн.»; 

- 18-пунктунун:  

биринчи абзацындагы «банктык карттагы» деген сөздөр «карттагы» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацтагы «алдамчылыкка» деген сөз «санкциясыз аракеттердин» дегенге алмаштырылсын

- 19-пунктунун биринчи суйлөмүндөгү «мындай төлөмдөр» деген сөздөр «, анын ичинде мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 22-пунктунун биринчи абзацындагы «банктык карттар» деген сөздөр «карттар» дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пунктундагы:  

«ошондой эле 50 пайыздан жогору» деген сөздөр алынып салынсын; 

«карты» деген сөз «төлөм системасы» дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик, жана ошондой эле виртуалдык.»; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан алынат. 

Картты жана PIN-конвертин берүүдө банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялайт жана текшерет. Карт PIN-конверт менен бирге чапталган конвертке салынып берилет. 

Карт ээсине виртуалдык картты берүү (карттын, PIN-коддун реквизиттери жана башка маалыматтар) коопсуздук чараларын эске алуу менен эмитенттин ички ченемдик документтеринде жана төлөм системасынын эрежелеринде белгиленет. 

Банк тарабынан БФКУ үчүн чыгарылган кредиттик карттар эмитенттин менчиги болуп саналат, бул банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Карттарды андан ары пайдалануу үчүн кардарларга берүү жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же тейленбей калган учурда колдонуудан чыгаруу процесси БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылат.»; 

- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Алдын ала чыгарылган карттардан тышкары, банктык төлөм карттарды кайра чыгаруу банктык эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле эгерде ушул карт боюнча санкциясыз операцияларга жол берилсе же карт ээси доо менен кайрылган учурда банк бардык жоопкерчиликти өзүнө алса, банктын демилгеси боюнча эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык эсеп ээсинин картты кайра чыгаруу жөнүндө өтүнүч каты факс, электрондук дарек же электрондук арыз түрүндө аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу эсеп ээсинин кол тамгасы коюлган, сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү түрүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле банктын ичи эрежелерине жана жол-жоболоруна жана кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык банкка берилиши мүмкүн.»; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркмесинде белгиленген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш.»; 

- 31-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы №2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жоболорго ылайык, БФКУ менен анын кардарларын талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш.»; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Эмитент жана БФКУ картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү:  

- келишим шарттары менен;  

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен;  

- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер менен;  

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен;  

- иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары менен;  

- БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып);  

- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен;  

- карт жоголгон учурда, банктын/БФКУнун кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен. 

Банктын/БФКУнун кардары кат жүзүндө же аралыкта жайгашкан банктык жабдууну пайдалануу аркылуу көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 

1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка маалыматтары; 

2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка маалыматтары; 

3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби; 

5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мөөнөтү жөнүндө

6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда карт ээсинин көргөн аракеттери); 

7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу; 

8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү

9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары; 

10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү

11) талаш маселелерди/ даттанууларды кароо тартиби; 

12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби. 

Эмитент карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системанын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерине маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы жана макулдугу боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсинин кат жүзүндөгү макулдугу менен виртуалдык карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт. 

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн.»; 

- 33-1-пунктунун:  

4-пунктчасындагы «ПИН» деген сөз «PIN» дегенге алмаштырылсын; 

6-пунктчасындагы «алдамчылык» деген сөз «санкциясыз» дегенге алмаштырылсын; 

-34-пунктундагы үчүнчү сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин

«Эмитент, банк эсебин ачуу учурунда ээлерин «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде бекитилген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана колдонулган эрежелердин негизинде, кошумча карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү

- 35-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

35-1. БФКУнун кредиттик картын берүүдө, акча каражаттары (кредит) БФКУнун кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, тейлөөчү банк тарабынан анда ачылган БФКУнун эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз, БФКУнун кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына БФКУ тарабынан кредиттик лимитти ачуу саналат.  

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат. 

PIN-кодду, паролдорду жана башка аутентификациялоо ыкмаларын пайдалануу менен төлөм системаларынын катышуучуларынын аралыкта орнотулган жабдуулар жана мобилдик тиркемелер аркылуу БФКУнун алдын ала чыгарылган жана кредиттик карттары менен транзакцияларды өткөрүү.  

БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу.»; 

- 37-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «жүргүзүүнүн банктык эрежелерине» деген сөздөр «финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС) жана ички эрежелерине/жол-жоболоруна» дегенге алмаштырылсын; 

- 39-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «(айына кеминде бир жолу)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 40-пунктунун биринчи абзацындагы «коюшу мүмкүн» деген сөздөр «коюуга укуктуу» дегенге алмаштырылсын; 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Эмитент/БФКУ (БФКУнун кредиттик карты болсо) карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же картты санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп баракчасына каттоого тийиш. Карт ээси банкомат тарабынан картты алуу жөнүндө билдирүү алган учурда, эмитент/процессинг борбору карт ээси/БФКУнун кредиттик картынын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык карттын реквизиттерин стоп баракчага киргизгенге же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт.»; 

- 42-пунктунун үчүнчү суйлөмүндөгү «жоголгон же уурдалган банктык картты» деген сөздөр «жоголгон же уурдалган картты» дегенге алмаштырылсын; 

- 43-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «банктык карт» деген сөздөр «карт» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацындагы «ПИН» деген сөз «PIN» дегенге алмаштырылсын; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Эквайер орнотулган түзүлүштөр (банкоматтар, терминалдар же башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр) жана жүгүртүүдөгү карттардын саны, анын ичинде алардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы тууралуу ушул жобого карата 3-тиркемеде жана 7-тиркемеде белгиленген тартипте жана формада отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн перифериялык түзүлүштөрдө функциялардын бар экендиги жөнүндө отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ушул Регламенттин 6-тиркемесине ылайык тартипте жана формада маалымдоого тийиш.»; 

- 51-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. Карттарды колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, санкцияланбаган операциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен акча каражаттарын нак акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган түзүлүштөргө чек коюуга тийиш. Банкомат аркылуу карт ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш.»; 

- 53-пунктунун сегизинчи абзацындагы «ПИН» деген сөз «PIN» дегенге алмаштырылсын; 

- 54-пунктунун биринчи абзацындагы «карт-чекте» деген сөздөр «чекте» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 63-3-пункт менен толукталсын: 

«63-3. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн эл аралык төлөм системасы оффшордук зонада катталган болсо, анда ал Улуттук банкта каттала албайт.»; 

- 66-пунктундагы «документтер» деген сөздөн кийин «жана алардын көчүрмөлөрү» деген сөздөр менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 67-2-пункт менен толукталсын: 

«67-2. Эгерде эл аралык төлөм системасынын каттоосу жокко чыгарылса, каттоо үчүн документтер 1 жылдан кийин кайра тапшырылышы мүмкүн.»; 

- 10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-глава. Процессингге жана процессинг борборуна карата жалпы талаптар, жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби»

- төмөнкү мазмундагы 68-1-пункт менен толукталсын: 

«68-1. Процессинг иши финансылык маалыматты сактоону жана карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларына карттарды колдонуу менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматты жөнөтүүнү, ошондой эле карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосундагы тиешелүү келишимдерде каралган башка функцияларды аткарууну камтыйт.»; 

- 69-пунктундагы «кошумча» деген сөз «тиешелүү» дегенге алмаштырылсын; 

- 71-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«71. Процессинг борборунун функциясын системанын катышуучусу болуп саналган жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен белгиленген регламентке жана иш тартибине ылайык иштеген төлөм системасынын оператору аткара алат.»; 

- 72-пунктундагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Системанын катышуучуларынын улуттук карттарды пайдалануу менен төлөөлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрү системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 72-1-пункт менен толукталсын: 

«72-1. Улуттук банк улуттук карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча эсептешүү агенти болуп саналат.»; 

- 73-пунктундагы «процессинги» деген сөздөн кийин «, мамлекет ичиндеги төлөмдөрдөн тышкары,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 75-пунктундагы «карт-чектер» деген сөздөр «чектер» дегенге алмаштырылсын; 

- 80-пунктундагы «соода түйүндөрү» деген сөздөрдү «соода-тейлөө ишканалары» дегенге алмаштырылсын; 

- 83-пунктундагы «Карттар менен» деген сөздөр «Карттарды пайдалануу менен» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 10-1-глава менен толукталсын: 

«10-1-глава. Мамлекет ичинде төлөмдөр жана акыркы эсептешүүлөр процессингине жана аларды жүргүзүү тартибине карата талаптар 

83-1. Мамлекет ичиндеги төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр кирет. Мында, эмитент, эквайер, соода-тейлөө ишканалары Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналат жана төлөмдөр карт ээсинин банктык эсебинин валютасына карабай, улуттук валютада жүзөгө ашырылат. 

83-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөөлөр боюнча финансылык маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону (транзакциялардын процессингин) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл боюнча (оверсайт) саясатта белгиленген критерийлерге ылайык Улуттук банктын лицензиясы бар жана улуттук система статусуна ээ процессинг борбору жүзөгө ашырат. 

83-3.  Эмитенттердин, эквайерлердин, мамлекет ичиндеги төлөөлөр боюнча карттарды колдонуу менен эсептешүүлөр системаларынын операторлорунун авторизацияланган суроо-талаптары/жооптору улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу өткөрүлүүгө тийиш жана банктык төлөм карттарын колдонуу менен тиешелүү эсептешүүлөр системасына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. 

83-4. Мамлекет ичиндеги төлөөлөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт жана жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөө, системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында жүзөгө ашырылат. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

83-5. Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби, катышуучулардын жана банктык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүү системаларынын, улуттук төлөм системасынын операторунун, Улуттук банктын өз ара иш алып баруусу, тараптардын укуктары жана жоопкерчилиги тиешелүү келишимде/келишимдерде белгиленет.»; 

- 95-пунктундагы «карттар менен» деген сөздөр «картты пайдалануу менен» дегенге алмаштырылсын; 

- 97-пунктунун экинчи суйлөмүндөгү «бере алышат» деген сөздөр «берүүгө укуктуу» дегенге алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги 2-тиркемеде «банктык төлөм карттары боюнча» сөздөрү «банктык төлөм карттары» дегенге алмаштырылсын.  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 6-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» 

жобого карата 6-тиркеме 

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн функциялары бар аралыктан орнотулган түзүлүштөрдүн саны жөнүндө 

ОТЧЕТ 

№ 

Областтын аталышы 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн функциялары бар аралыктан орнотулган түзүлүштөрдүн саны 

Бардыгы болуп орнотулган банкоматтардын саны 

Бардык орнотулган банкоматтардын ичинен: 

Бардыгы болуп орнотулган POS-терминалдардын саны 

орнотулган POS-терминалдардын ичинен: 

Бардыгы болуп орнотулган төлөм терминалдардын саны 

Орнотулган төлөм терминалдарынын ичинен 

Көзү азиздерге арналган баскычтардын болушу (5-саны томпокболушу) 

аудио функциясынын болушу(операцияларды коштоо) 

анын ичинде иштеп жаткан аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

аудио функциясынын жок болушу 

тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү) жана пандус бар 

тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), бирок пандус жок 

тоскоолдук жок (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), пандус орнотуунун кажети жок 

Көзү азиздерге арналган баскычтардын болушу (5-саны томпок болушу) 

байланышсыз төлөө функциясы бар 

аудио функциясынын болушу(операцияларды коштоо) 

анын ичинде иштеп жаткан аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

аудио функциясынын жок болушу 

Тоскоолдук 

бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү) жана пандус бар 

Тоскоолдук 

бар (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), бирок пандус жок 

Тоскоолдук 

жок (тепкич, көтөрүлүү / түшүү), пандус орнотуунун кажети жок 

Бишкек ш. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 7-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата 7-тиркеме 

 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны жана алардагы акча каражаттарынын калдыгы жөнүндө  

ОТЧЕТУ 

Төлөм системасынын аталышы 

Карт ээлеринин саны 

Карттын түрү 

Карттын статусу 

Отчеттук мезгилдин аягындагы карт эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 

магниттик карт 

чип коюлган карт 

чип коюлган NFC карт 

виртуалдык 

карт 

активдүү 

активдүү эмес 

блокировкалган 

сом 

АКШ доллары 

евро 

рубль 

теңге 

n… 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

Төлөм системасынын аталышы көрсөтүлгөн 

Төлөм системасында тейленген карт ээлеринин саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү магниттик карттардын саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү чип коюлган карттардын саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү байланышсыз карттардын саны көрсөтүлөт 

Жүгүртүүдөгү виртуалдык карттардын саны көрсөтүлөт 

Отчеттук мезгилдин аягында активдүү (1 жылдын ичинде) карттардын саны көрсөтүлөт 

Отчеттук мезгилдин аягында активдүү эмес (1 жылдан ашык) карттардын саны көрсөтүлөт 

Отчеттук мезгилдин аягында блокировкалган карттардын саны көрсөтүлөт 

Миң бирдикте валюталардын номиналында сан менен көрсөтүлөт 

». 

 

 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

5. Бул жободо төмонкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:  

Авторизация - эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат.  

Авторизациялык талап - эквайерден системанын белгиленген эрежелери боюнча транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап.  

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (cash-in) - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарлары, карт ээлери, сервистен пайдалануучулар тарабынан нак акча каражаттарын депондоштуруусу (кабыл алуусу)/берүүсү үчүн каралган терминал. 

Аутентификация - бул, идентификатор сунуштагандардын (ПИН-код, логин ж.б.) мүнөздөмөлөрүн салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо процесси.  

Банктык төлөм карты (карт) - бул, карт ээсине терминалдар же башка жабдуулар аркылуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча каражаттарын алууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти, ошондой эле бул карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эмитентте ачылган, ээси аныкталбаган металл эсепте жайгаштырылган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү жана эсепке алуу, ээлик кылуучу тарабынан банктык эсепте турган акча каражаттарын тескөөгө алуусу үчүн банктык эсептен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген каражат. Карт эмитент тарабынан айкын жана электрондук түрдө чыгарылышы мүмкүн (виртуалдык карт интернеттен коопсуз сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каралган. Коммерциялык банктар аларды коопсуз жүргүзүү жана эсептешүү эрежелерин кошо алганда, виртуалдык карттар менен ички операцияларды ишке ашыруу жол-жоболоруна ээ болууга тийиш). Карт боюнча операциялар карт ээси тарабынан банктык эсептеги (дебеттик) ага тиешелүү болгон акча каражаттарынын калдыктарынын же банктык эсепте акча каражаттары жетишсиз болсо же жок учурда эмитент тарабынан банктык эсеп келишимине ылайык берилген кредиттин (овердрафт, кредиттик) чегинде ишке ашырылат. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат жана карт ээсине келишим шарттарына ылайык пайдаланууга берилет.  

Банктык эсеп - бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.  

Банкомат - нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана карт ээсине коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин катыштыруусуз эле, картты пайдалануу менен операцияларды өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Байланышсыз төлөм - карт жана анда чагылдырылгандарды чечмелеген жабдуулардын же терминалдын өз ара байланышуусуз ишке ашырылган төлөм.  

Эсеп ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер.  

Карт ээси - банктын кардары, жеке адам, анын ичинде эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, эсеп ээси - юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилгендер.  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - Процессинг борбору) - Кыргыз Республикасынын "Элкарт" улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси, ал "Элкарт" банктык төлөм картын, ошондой эле процессинг борбору менен интеграцияланган башка системалардын карттарын пайдалануу аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын процессинги үчүн каралган.  

Индент мөөр - картка рельефи жок ар түрдүү символдор басылган, карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, б.а. символдор карттын бетине чагылдырылбайт. 

Карт-чек - транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, карттарды пайдалануу менен транзакцияларды ишке ашырууда терминал, банкомат же башка жабдууларда таризделген кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдигин кыскартуу үчүн карт-чек карттын номери жөнүндөгү толук маалыматты ачык түрдө камтыбоого тийиш, ал эми карт ээсинин номери жөнүндөгү жарым-жартылай маалыматты коопсуздук системасынын эрежелерине ылайык камтый алат. 

Шек туудурган жагдай - коргоого алынган маалыматтардан башка бирөөнүн пайдаланышы же пайдаланган деп шектенүү фактысы. 

Ко-бейджингдик карт - эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт.  

Ко-брендингдик карт - коммерциялык банктар жана кайсыл болбосун уюм/уюмдар менен биргеликте чыгарылган карт.  

Локалдык төлөм системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү ишке ашыруу системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык улуттук төлөм системасынын банкоматтарында жана терминалдарында тейлениши мүмкүн.  

Айкын убакыт ыргагында банктар аралык эсептешүүлөрдүн гросстук системасы - финансы рынокторунун (улуттук акча, валюта рыноктору жана капитал, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу) катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча которуулар, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонууга байланыштуу которуулар ишке ашырылган төлөм системасынын түрү (тиби).  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эл аралык төлөм системасы (мындан ары - Төлөм системасы) - Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул системанын операторлорунун талаптарына ылайык эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы. Система аркылуу анын катышуучулары ортосунда картты пайдалануу менен төлөмдөр боюнча чет өлкө валютасында өз ара эсептешүүлөрдүн белгилүү бир эрежелери белгиленет.  

Көп фактордук аутентификация - өркүндөтүлгөн аутентификация, тиешелүү маалыматты алуу үчүн андан пайдалануучу бир нече идентификаторду сунуштаган контролдоо ыкмасы.  

Улуттук карт - улуттук төлөм системасынын операторлору менен тиешелүү келишим түзүшкөн кайсыл болбосун эмитенти - Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан чыгарылган "Элкарт" системасынын карты.  

Банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы - Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иш алып барган, улуттук "Элкарт" системасынын картын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы.  

Улуттук төлөм системасынын оператору - "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому. 

Ээси аныкталбаган металл эсеп - баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операциялардын жүргүзүлүшүн жана жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. 

Овердрафт - кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал эмитент менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашык төлөмдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет. 

POS (point-of-sale)-терминал - бул банктын төлөм карттарынан накталай акча каражаттарын берүүнү кошо алганда, банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан туруп тейлөө инструменттерин пайдалануу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга багытталган аппараттык-программалык комплекс. 

Аралыкта орнотулган жабдуу - банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар. 

Персонализация - тиешелүү төлөм системасынын карттар менен эсептешүүлөр боюнча регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине чагылдыруу жана/же жазуу жол-жобосу. 

Персоналдык идентификациялык номер (ПИН-код) - транзакцияны ишке ашырууга мүмкүндүк берген карттан пайдалана алууга шарт түзгөн жана акча каражаттарын банктык карттын ээси тарабынан тескөөгө алуу укугун тастыктаган пароль. 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу - сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр). 

Күн мурунтан чыгарылган карт - картка анын ээсинин аты-жөнүн көрсөтпөстөн банктын бөлүмүндө дароо берилүүчү, кардарга акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруу, соода түйүндөрүндө сатып алууларды нак эмес түрдө төлөө, интернет аркылуу операцияларды ушул жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн ачылган жана белгилүү бир эсептен пайдалана алуусун камсыз кылган карт. 

Процессинг - карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана эсептешүүлөрдү катышуучуларга жөнөтүүнү кошо алгандагы иш чөйрөсү, ошондой эле карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимде каралган башка функцияларды аткаруу иши. 

Процессинг борбору - процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Нак акча каражатын кабыл алуу жана/же берүү пункту - нак акча каражаттарын берүү жана (же) кабыл алуу операциялары, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн тиешелүү деңгээлде жабдылган иш орду (жайы). 

Эсептешүү агенти - картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда жыйынтыкталган эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм. 

CVV-код - интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код. 

Картты пайдалануу менен эсептешүү системасы (банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасы) - картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн каралган нормалардын, стандарттардын, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системасы локалдык, улуттук жана эл аралык системаларга бөлүнөт. 

Стоп-баракча - товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү кабыл алууга жана валюталарды алмашууну кошо алганда, эмитент тарабынан нак акчаларды кабыл алууга же берүүгө тыюу салынган карттардын тизмеси. 

Банктык төлөм карттарын кабыл алуу үчүн терминал (терминал) - тиешелүү төлөм системасында (системасынан) ишке ашырылган карттар менен операциялар тууралуу маалыматтарды түзүү, жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча маалыматтарды каттоого мүмкүндүк берген электрондук жабдуу. 

Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) - бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарларына/кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн. 

Транзакция - картты пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, валюталарды алмаштырууда же нак акча каражаттарын алууда), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт. 

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти. 

Чарджбек - кайтарылган же кине коюлган төлөм, төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү жүзөгө ашыруудан эмитенттин баш тартуусу (талаш туудурган транзакция). Чарджбек талаш туудурган транзакциялардын суммасына тиешелүү төлөм системасынын эрежелери талап кылган документтерди тариздөө менен эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтүндө ишке ашырылат. 

Эквайер - эквайрингди жүзөгө ашырууга уруксат алган коммерциялык банк, тиешелүү төлөм системаларынын технологияларына жана ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизациялоону же транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүнүн ээси. 

Эквайринг - аралыкта орнотулган жабдууларды орнотуу боюнча соода тейлөө ишкана менен келишимдик мамилелерди жана сатылган товарлар, иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары карттарды кабыл алуу боюнча соода тейлөө ишканасы менен эсептешүүлөрдү жана/же карт ээлерине нак акча каражаттарын берүүнү камсыз кылууну өзүнө камтыган коммерциялык банктын иши. 

Электрондук коммерция - электрондук формадагы банктык карттардын айрым реквизиттерин чагылдыруу менен интернет (мейкиндиги) аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө буйрутма берүү/сатып алуу боюнча транзакциялары иштеп чыгуу жана өткөрүү

Эмбоссирлөө - картка рельеф түрүндө маалыматтарды чагылдыруу. 

Карт эмиссиясы - коммерциялык банктын картты чыгаруу боюнча иши. 

Эмитент - тиешелүү төлөм системасынын технологияларына, ченемдик актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, карттарды чыгарууну жүзөгө ашырган коммерциялык банк. 

Виртуалдык POS-терминал - орнотулган POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин пайдалануу аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банк менен өз ара иш алып баруучу веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептерин толуктоо үчүн да колдонулат.  

Виртуалдык карта - банктык эсепке байланыштырылган, электрондук коммерциялык максаттарга каралган жана айкын колдонуусуз электрондук түрдө чыгарылган, интернет тармагында товарларды сатып алуу үчүн каралган атайын карта. Виртуалдык карта соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу сатып алууларды төлөө жана банкоматтардан нак акча каражаттарын алуу үчүн каралган эмес.  

Мобилдик POS-терминал (mPOS) - банктык карт аркылуу нак эмес эсептешүүнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган смартфондор же планшеттик компьютерлер үчүн түзүлүш жана программалык камсыздоо. 

Банк эмес финансы-кредит уюмунун кредиттик карты же кредиттик лимити белгиленген карты (мындан ары - БФКУнун кредиттик карты) - банк андан ары жайылтуу үчүн өз кардарлары/карт ээлери же эмитент менен түзүлгөн кредиттик келишим/каржылоо келишиминин шарттарына ылайык кредиттерди/каржылоону берүүөлөө боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия/күбөлүк алган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн чыгарган банктык төлөм карты.;  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу - БФКУ түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ал боюнча төлөөлөрдү кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак).;  

Банк күркөсү - аралыкта жайгаштырылган жабдууну орнотуу үчүн атайын курулма/жабдуу. 

5. Бул жободо төмонкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:  

Авторизация  эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө  ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат.  

Авторизациялык талап эквайерден системада белгиленген эрежелерге ылайык транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап.  

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (төлөм терминалы) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарлары, карт ээлери, сервистен пайдалануучулар тарабынан нак акча каражаттарын депондоштуруусу (кабыл алуусу (cash-in)) /берүүсү (cash-out) үчүн каралган терминал. 

Аутентификация  сунушталган идентификатордун (PIN-код, логин, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо жол-жобосу. 

Банктык төлөм карты (карт) товарларды, кызматтарды сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча алууда, акча каражаттарын которууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка түзүлүштөр (аралыкта орнотулган түзүлүштөр) аркылуу электрондук акча түрүндө эсептешүү үчүн колдонулган төлөм каражаты. 

Банк күркөсү аралыктан тейлөө түзүлүшү орнотулган атайын курулма/жабдуу. 

Банктык эсеп  бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.   

Банкомат (ATM Automated teller machine) нак акча берүү жана/же кабыл алуу, ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматты алуу жана картты колдонуу менен башка операцияларды аткаруу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

Байланышсыз төлөм (NFC Near field communication) карт же банктык эсептен пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган башка инструмент жана жакын аралыктан маалыматты окуу менен аралыкта орнотулган жабдуу ортосунда маалымат алмашуу ыкмасы. 

Виртуалдык карт электрондук түрдө чыгарылган, интернетте төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн каралган атайын карт. Виртуалдык карт соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу сатып алуулар үчүн төлөөгө жана банкоматтан жана банктын агенттеринен аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу нак акча алууга каралган эмес. 

Виртуалдык POS-терминалы бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөө системасы менен өз ара аракеттенүүчү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептерин толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн. 

Банктык эсеп ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп ачуу жөнүндө келишим түзгөн жеке адам/юридикалык жак/жеке ишкер. 

Дебеттик карт банктык эсептеги өздүк каражаттардын жана/же банктык эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда эмитент тарабынан берилген кредиттин эсебинен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган карт (овердрафт). Овердрафт кызматы дебеттик карттар боюнча гана көрсөтүлөт. 

Карт ээси (карт ээси) эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, анын ичинде эсеп ээси - юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилген банктын кардары, жеке адам/юридикалык жак. 

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары Процессинг борбору)  Кыргыз Республикасынын «Элкарт» улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси, ал «Элкарт» банктык төлөм картын, ошондой эле процессинг борбору менен интеграцияланган башка системалардын карттарын пайдалануу аркылуу ишке ашырылган транзакциялар процессинги үчүн каралган. 

Индент мөөр  карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, мында карттын бетине рельефсиз ар түрдүү символдор басылат, б.а. карттын бетиндеги символдор колго урунбайт. 

Ко-бейджингдик карт  эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт. 

Ко-брендингдик карт  банк башка бир уюм/уюмдар менен бирге чыгарган карт. 

Кредиттик карт банк кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген лимиттин чегинде карт ээсине берген акча каражаттардын эсебинен алар боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн операцияларды ишке ашыруу үчүн каралган карт. 

БФКУнун кредиттик карты эмитент менен кредиттик келишимдин/каржылоо келишиминин шарттарына ылайык, өздүк берилүүчү кредиттер боюнча кредит берүү/ордун жабуу боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ, банк аларды андан ары жайылтуу үчүн банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) үчүн чыгарган алдын ала чыгарылган кредиттик карт. 

Локалдык төлөм системасы  Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу тейлениши мүмкүн.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы (эл аралык төлөм системасы) ошол системалардын операторлорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмитирленген жана тейленген эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы.  

Көп фактордуу аутентификация өркүндөтүлгөн аутентификация, мында пайдалануучу тиешелүү маалыматты алуу үчүн бир нече идентификаторду көрсөтүүсү талап кылынган контролдоо ыкмасы. 

Мобилдик POS-терминал (mPOS) карт аркылуу нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, смартфондор же планшеттик компьютерлер үчүн каралган түзүлүш жана/же программалык камсыздоо. 

Улуттук карт улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун эмитентирезиденти тарабынан чыгарылган «Элкарт» төлөм системасынын карты.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иштеген, “Элкарт” улуттук төлөм системасынын карттарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүү системасы. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системасынын оператору Улуттук банк тарабынан лицензияланган, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык оператор жана системанын катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенме алышат. 

Жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсеп жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. 

Улуттук төлөм системасынын оператору «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому («БПБ» ЖАК). 

Овердрафт кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал банк менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашкан өлчөмдө төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет. 

Аралыкта орнотулган түзүлүштөр банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары, банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн техникалык инфраструктураны түзгөн башка түзүлүш. 

Персонализация банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды картка жана/же микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине жаздыруу жол-жобосу. 

PIN-код (Personal identification number) операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун аныктыгын тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасы (картты пайдалануу менен эсептешүү системасы) картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин, түзүлүштөрдүн жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр). 

POS-терминалы (Point of sale) - соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо үчүн каралган терминал. 

POS-терминал-ПВН эки функцияны аткарган терминал: соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алат, анын ичинде карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо жана нак акча каражаттарын берүү

Алдын ала чыгарылган карт банктын/БФКУнун филиалында (БФКУнун кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ошондой эле эсептен пайдалануу мүмкүндүгү берилген, белгилүү бир кардар үчүн ачылган жана акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу каражаттарды нак алуу, соода түйүндөрүндө нак эмес төлөө аркылуу сатып алуулар үчүн төлөө, интернет аркылуу операцияларды ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн каралган дароо чыгарулуучу карт. 

Алдын ала төлөнгөн карт программалык-техникалык түзүлүштөр аркылуу электрондук акчаны товарларды/кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана нак акчага алмаштырууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти. Карт карт ээсинин электрондук акча эмитентине карата анын милдеттенмелери боюнча талап кылуу укугун күбөлөндүрөт. 

Процессинг финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган лицензияланган иш. 

Процессинг борбору процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак. 

Эсептешүү агенти картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм. 

CVV-код (Card verification value) интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код. 

Стоп-баракча алар боюнча операциялардын бардык түрлөрү токтотулган же убактылуу токтотулган, блокировкаланган карттардын тизмеси. 

Банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн терминал (терминал) - бул карттан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен маалыматтарды окуу аркылуу соода операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс. Терминал төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: POS-терминал; POS-терминал-ПВН; ПВН-терминал, виртуалдуу POS-терминал жана мобилдик POS-терминал. 

ПВН-терминал бул карттардан жана башка аралыктан тейлөө каражаттарынан нак акча берүү үчүн каралган терминал. Андан ары төлөмдү ишке ашыруу үчүн каралган ПВН-терминалы аркылуу акча алуу үчүн комиссия карт ээсине чегерилбөөгө тийиш. 

Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүлгөн шартта жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн. 

Транзакция - картты жана аралыктан тейлөө боюнча башка инструменттерди пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча каражаттарын которуу, валюталарды алмаштыруу же нак акча каражаттарын алуу), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт. 

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода-тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти. 

Чарджбек кайтарылуучу же талап кылынуучу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү ишке ашыруудан баш тартуу (транзакцияны териштирүү). Чарджбек регламентте белгиленген аткаруу мөөнөт ичинде тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине ылайык талап кылынган документтерди тариздөө менен талаш келип чыккан суммага эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу ишке ашырылат. 

Аралыкта орнотулган түзүлүштөн берилген чек (чек) операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдиктерине жол бербөө үчүн чекте карттын номери тууралуу маалымат болбоого тийиш. 

Эквайер технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эквайринг ишке ашырууга уруксат алган банк, өзүнүн аралыкта орнотулган түзүлүштөрү аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүндүгүн берген аралыкта орнотулган түзүлүштөр тармагынын ээси. 

Эквайринг - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөргө байланыштуу, аралыкта орнотулган түзүлүштөр аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары менен келишимдик мамилелерди түзүү мүмкүндүгүн берген банк иши. 

Эмбоссирование картка рельефтик белгилер түрүндө маалыматтарды чагылдыруу. 

Карттарды эмиссиялоо - банк аларды андан ары таркатуу үчүн карттарды чыгаруу иши. 

Эмитент - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карттарды чыгарган банк. 

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу БФКУ ага түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ордун жабууну кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак). 

7. Төлөм системасынын регламентине жана иш тартибине ылайык жана эсептешүү схемаларынын түрүнө жараша карттар дебеттик карт, овердрафт менен дебеттик карт (дебеттик-кредиттик), кредиттик карт жана БФКУнун кредиттик карты болуп бөлүнөт. 

7. Төлөм системасынын регламентине жана тартибине, ошондой эле эсептешүү схемасынын түрүнө жараша карт дебеттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик болушу мүмкүн. Карт эмитент тарабынан электрондук түрдө да чыгарылышы мүмкүн (виртуалдык карт). Коммерциялык банктарда виртуалдык карттар менен операцияларды жүргүзүү боюнча ички жол-жоболор, анын ичинде аларды коопсуз жүргүзүү жана эсептешүү эрежелери болушу керек. 

Карт анын ээсине товарлар жана кызматтар үчүн төлөө, нак акча алуу боюнча операцияларды аралыкта орнотулган жабдуу же башка жабдуулар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле банк эсебиндеги акча каражаттарын ээси тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине кирүү каражаты катары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык эмитентте ачылган ээси аныкталбаган металл эсебине жайгаштырылган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн кызмат кылат. 

8. Банк эсебинин валютасына жараша карт ээсине нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары нак акча каражаттарын алуу учурунда, системанын регламентине жана иш тартибине ылайык валюталык-алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. 

8. Банк эсебинин валютасына жараша карт ээсине нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары нак акча каражаттарын алуу учурунда, системанын регламентине жана иш тартибине ылайык валюталык-алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. Конвертациялоо шарттары карт ээси менен түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш. 

13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү же компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштуу болгон карт үчүн), картты колдонуу мөөнөттөрү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга, интернетте коопсуз сатып алууларды жүргүзүү үчүн каралган виртуалдык карттарга таркатылбайт. 

Электрондук капчык технологиясы колдонулган карттар "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат. 

Төмөнкү учурларда карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшү мүмкүн, эгерде:  

- банк-эмитентте карт ээсин түздөн-түз идентификациялоодо алдын ала чыгарылган жана колдонуу мөөнөтү чектелген карт (3 жылдан ашпаган);  

- БФКУ тарабынан түздөн-түз идентификациялоодо БФКУнун кредиттик карты.  

Транзакциялар БФКУнун алдын ала чыгарылган жана кредиттик карттары аркылуу ПИН-кодду жана паролдорду пайдалануу менен төлөм системаларынын катышуучуларынын аралыкта жайгаштырылган жабдуулары жана мобилдик тиркемелери аркылуу өткөрүлөт.  

БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу. 

13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү же компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштырылган карт үчүн), картты колдонуу мөөнөтү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга жана виртуалдык карттарга таркатылбайт.  

Эгерде карт алдын ала чыгарылган карт болсо анда карт ээсин банк-эмитентте/БФКУда идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет. 

15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:  

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;  

- банкоматтардан/нак акча берүү пунктуларынан жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине акча каражаттарын которуу;  

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуулар системасы аркылуу жүзөгө ашыруу;  

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзө алат;  

- банктардын кассасы, банктардын cash-in - терминалдарынан/жана банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрсүнүн агенттери, банкоматтар, акча которуулар системасы жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо. 

15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укукту

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;  

- банкоматтардан/ПВН-терминалдарында жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине (карттан картка же электрондук капчыкка) акча каражаттарын которуу;  

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашыруу;  

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзүү

- банктардын кассасы, банктык кеңири чекене кызмат көрсөткөн агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо. 

15-1. Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм картынан нак акчага айландыруу лимити күнүнө агентте орнотулган бир жабдуу (POS-терминал) боюнча бир төлөм карты үчүн 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

Күчүн жоготкон катары таанылсын 

16. Соода-тейлөө ишканалары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн карттарды төлөөгө кабыл алуу менен ошол ишканада орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен төлөмдөр ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалыматтар менен алмашат. Бул милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоо аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Ал эми микропроцессору бар карттар үчүн соода-тейлөө ишканасы жана эквайер ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн шартта гана электрондук авторизациялоо банк-эмитенттин системасына тике туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн. 

16. Соода-тейлөө ишканалары өзүнүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө карттарды төлөөгө кабыл алуу менен ошол ишканада орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен төлөмдөр ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалыматтар менен алмашат. Бул милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоо аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Ал эми микропроцессору бар карттар үчүн соода-тейлөө ишканасы жана эквайер ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн шартта гана электрондук авторизациялоо банк-эмитенттин системасына тике туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн. 

17. Карт ээси тарабынан аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган карт-чегин тариздөө менен тастыкталат: 

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы; 

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду); 

- төлөм суммасы; 

- төлөм валютасы; 

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код; 

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык); 

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери; 

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция нак акча берүү пункттары же соода-тейлөө ишканалары аркылуу ишке ашырылган шартта). Операция ПИН-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт. 

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, карт-чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн. 

Бул талап байланышсыз төлөмдөргө жана электрондук коммерция операцияларына таркатылбайт. 

17. Аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган чекти тариздөө менен тастыкталат: 

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы; 

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду); 

- төлөм суммасы; 

- төлөм валютасы; 

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код; 

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык); 

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери; 

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция ПВН-терминалы же POS-терминал аркылуу ишке ашырылган шартта). Операция PIN-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт. 

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн. 

18. Эквайер алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу жана банктык карттагы маалыматтардын сакталышы максатында аралыкта орнотулган жабдууларды коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш. Эквайер карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса, (микропроцессорго ээ карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, коргоо каражаттары менен жабдылган жабдууларды аралыкта орнотуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалыматтардын корголушу талабын аткара албагандыктан келип чыккан чыгым ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Мындай учурда эмитент эквайердин жабдуусунда көйгөйлүү маселе келип чыккандыгы фактысын ага маалымдоого (көрсөтүүгө) тийиш. 

Эквайер эмитентке маалымдаган учурдан тартып, ошондой эле эгерде эмитент карт боюнча кошумча коргоо каражаттарын колдоого албаса жана эквайердин иш-аракетинде алдамчылыкка баруу белгилери байкалбаса, карт боюнча келип чыккан чыгымдардан бошотулат. 

18. Эквайер алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу жана карттагы маалыматтардын сакталышы максатында аралыкта орнотулган жабдууларды коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш. Эквайер карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса, (микропроцессорго ээ карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, коргоо каражаттары менен жабдылган жабдууларды аралыкта орнотуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалыматтардын корголушу талабын аткара албагандыктан келип чыккан чыгым ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Мындай учурда эмитент эквайердин жабдуусунда көйгөйлүү маселе келип чыккандыгы фактысын ага маалымдоого (көрсөтүүгө) тийиш. 

Эквайер эмитентке маалымдаган учурдан тартып, ошондой эле эгерде эмитент карт боюнча кошумча коргоо каражаттарын колдоого албаса жана эквайердин иш-аракетинде санкциясыз аракеттердин белгилери байкалбаса, карт боюнча келип чыккан чыгымдардан бошотулат. 

Карт ээси алдында бузулган карттар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана БФКУнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде акча каражаттарынын талаш жараткан суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана БФКУнун эсептешүү (ссуда) эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент жана БФКУ жана БФКУнун кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт. 

19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана БФКУнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине, анын ичинде мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде акча каражаттарынын талаш жараткан суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана БФКУнун эсептешүү (ссуда) эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент жана БФКУ жана БФКУнун кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт. 

22. Тиешелүү төлөм системасынын карттарынын эмиссиясын баштаган банк, белгиленген формада (ушул жобого карата биринчи тиркеме) ал тууралуу тиешелүү уруксаттын көчүрмөсүн жана төлөм системасы менен түзүлгөн келишимди кошо тиркөө менен Улуттук банкка карт эмиссиясы иш жүзүндө башталганга чейинки кеминде бир ай мурда билдирүүгө тийиш. Билдирмеде пландаштырылган банктык карттар эмиссиясы, операциянын масштабы жана мүнөзү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. 

22. Тиешелүү төлөм системасынын карттарынын эмиссиясын баштаган банк, белгиленген формада (ушул жобого карата биринчи тиркеме) ал тууралуу тиешелүү уруксаттын көчүрмөсүн жана төлөм системасы менен түзүлгөн келишимди кошо тиркөө менен Улуттук банкка карт эмиссиясы иш жүзүндө башталганга чейинки кеминде бир ай мурда билдирүүгө тийиш. Билдирмеде пландаштырылган карттар эмиссиясы, операциянын масштабы жана мүнөзү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. 

24. Пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана башка түшүүлөр/бюджеттик каражаттардан төлөөлөр, ошондой эле 50 пайыздан жогору мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ бюджеттик уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгек акысы банк тарабынан эмгек акы долбоорлорунун алкагында "Элкарт" улуттук карты аркылуу гана төлөнүүгө тийиш. 

24. Пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана башка түшүүлөр/бюджеттик каражаттардан төлөөлөр, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ бюджеттик уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгек акысы банк тарабынан эмгек акы долбоорлорунун алкагында "Элкарт" улуттук төлөм системасы аркылуу гана төлөнүүгө тийиш. 

25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик. 

БФКУнун кредиттик карттары банк тарабынан ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык чыгарылат. 

25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик, жана ошондой эле виртуалдык. 

БФКУнун кредиттик карттары банк тарабынан ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык чыгарылат. 

29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берүүнү жүзөгө ашырат. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан алынууга тийиш

Банк тарабынан БФКУ үчүн чыгарылган кредиттик карттар эмитенттин менчиги болуп саналат, бул банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Карттарды андан ары пайдалануу үчүн кардарларга берүү жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же тейленбей калган учурда колдонуудан чыгаруу процесси БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылат. 

29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан алынат. 

Картты жана PIN-конвертин берүүдө банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялайт жана текшерет. Карт PIN-конверт менен бирге чапталган конвертке салынып берилет. 

Карт ээсине виртуалдык картты берүү (карттын, PIN-коддун реквизиттери жана башка маалыматтар) коопсуздук чараларын эске алуу менен эмитенттин ички ченемдик документтеринде жана төлөм системасынын эрежелеринде белгиленет. 

Банк тарабынан БФКУ үчүн чыгарылган кредиттик карттар эмитенттин менчиги болуп саналат, бул банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш. Карттарды андан ары пайдалануу үчүн кардарларга берүү жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин же тейленбей калган учурда колдонуудан чыгаруу процесси БФКУ тарабынан жүзөгө ашырылат. 

30. Банктык төлөм карттарды кайра чыгаруу банктык эсеп ээсинин өтүнүч катынын, ошондой эле эгерде ушул карт боюнча санкциясыз операцияларга жол берилсе же карт ээси доо менен кайрылган учурда банк бардык жоопкерчиликти өзүнө алса, банктын демилгеси боюнча эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык эсеп ээсинин өтүнүч каты факс, электрондук дарек же аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу эсеп ээсинин кол тамгасынын сканерленген көчүрмөсү түрүндө банкка берилиши мүмкүн. 

Банк карт берүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүүгө тийиш. 

30. Алдын ала чыгарылган карттардан тышкары, банктык төлөм карттарды кайра чыгаруу банктык эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле эгерде ушул карт боюнча санкциясыз операцияларга жол берилсе же карт ээси доо менен кайрылган учурда банк бардык жоопкерчиликти өзүнө алса, банктын демилгеси боюнча эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык эсеп ээсинин картты кайра чыгаруу жөнүндө өтүнүч каты факс, электрондук дарек же электрондук арыз түрүндө аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу эсеп ээсинин кол тамгасы коюлган, сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү түрүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле банктын ичи эрежелерине жана жол-жоболоруна жана кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык банкка берилиши мүмкүн. 

31. Келишим түзүүдө эмитент аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин "өз кардарыңды бил" принциби боюнча банктык эсеп ачууда колдонулуучу эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш. 

31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, карт ээлерин «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркмесинде белгиленген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш. 

31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, БФКУ менен анын кардарларын талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш. 

31-1. Эмитент БФКУ үчүн карттарды чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талапка ылайык текшерүү тартиби жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы №2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жоболорго ылайык, БФКУ менен анын кардарларын талапка ылайык текшерүү жана үчүнчү тараптарга ишеним артуу боюнча келишим түзүүгө тийиш. 

32. Эмитент жана БФКУ картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү:  

- келишим шарттары;  

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери;  

- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер;  

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары;  

- карт ээсинин иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары;  

- БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып);  

- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби жөнүндө;  

- БФКУнун кредиттик карты жоголгон учурда, БФКУнун же банктын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби жөнүндө;  

- жана башка маалымат менен тааныштыруу.  

Кардар кат жүзүндө же аралыкта жайгашкан банктык жабдууну пайдалануу аркылуу көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.  

БФКУнун кардары көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын кат жүзүндө тастыктоого тийиш. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш. 

32. Эмитент жана БФКУ картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү:  

- келишим шарттары менен;  

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен;  

- сунушталган кызматтар үчүн тарифтер менен;  

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен;  

- иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) банк жана БФКУ менен байланышуусу үчүн байланыш маалыматтары менен;  

- БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды эсептөө учуру жөнүндө (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызматтарды сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып);  

- кредит дем алыш же майрам күндөрү нак эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен;  

- карт жоголгон учурда, банктын/БФКУнун кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен. 

Банктын/БФКУнун кардары кат жүзүндө же аралыкта жайгашкан банктык жабдууну пайдалануу аркылуу көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш. 

33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 

1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка жеке маалыматтары; 

2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка жеке маалыматтары; 

3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби; 

5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мезгил аралыгы (айына бир жолдон кем эмес); 

6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда көрүлүүчү аракеттер); 

7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу; 

8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү

9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары; 

10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү

11) талаш маселелерди кароо тартиби; 

12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби. 

Эмитент карт ээсине ПИН-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системанын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерин маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсинин кат жүзүндөгү макулдугу менен адистештирилген (виртуалдуу) карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт. 

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн. 

33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат: 

1) эсеп ээсинин маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка жеке маалыматтары; 

2) карт ээсинин маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка жеке маалыматтары; 

3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби; 

5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мөөнөтү жөнүндө

6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда көрүлүүчү аракеттер); 

7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу; 

8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү

9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары; 

10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү

11) талаш маселелерди/ даттанууларды кароо тартиби; 

12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби. 

Эмитент карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системанын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерин маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы жана макулдугу боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсинин кат жүзүндөгү макулдугу менен виртуалдуу карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт. 

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн. 

33-1. БФКУнун кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар БФКУнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш:  

1) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар);  

2) БФКУнун өз кардарлары алдында БФКУнун кредиттик карты менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

3) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат;  

4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурдагы иш-аракеттер);  

5) БФКУга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы тууралуу фактыны маалымдоо жол-жобосу;  

6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган, анын ичинде алдамчылык операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү;  

7) БФКУнун картын блокировкалоо жана колдонуудан чыгаруу шарттары;  

8) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү;  

9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби;  

10) келишимди токтотуу жана БФКУнун кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби;  

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар. 

33-1. БФКУнун кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар БФКУнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш:  

1) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар);  

2) БФКУнун өз кардарлары алдында БФКУнун кредиттик карты менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

3) БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат;  

4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурдагы иш-аракеттер);  

5) БФКУга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы тууралуу фактыны маалымдоо жол-жобосу;  

6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган, анын ичинде санкциясыз операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү;  

7) БФКУнун картын блокировкалоо жана колдонуудан чыгаруу шарттары;  

8) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү;  

9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби;  

10) келишимди токтотуу жана БФКУнун кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби;  

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар. 

34. Эмитент карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин жана эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде кошумча картты берүүгө укуктуу. Кошумча карт ээси тарабынан банктык төлөм карттарды пайдалануу шарттары, эсеп ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишимине жана эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу жакка кошумча карт аркылуу анын эсебин тескөөгө ыйгарым укук берүүгө тиешелүү өтүнүч катынын негизинде эмитент тарабынан белгиленет. Эмитент, банк эсебин ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык колдонулган эрежелердин негизинде, кошумча карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү

34. Эмитент карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин жана эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде кошумча картты берүүгө укуктуу. Кошумча карт ээси тарабынан банктык төлөм карттарды пайдалануу шарттары, эсеп ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишимине жана эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу жакка кошумча карт аркылуу анын эсебин тескөөгө ыйгарым укук берүүгө тиешелүү өтүнүч катынын негизинде эмитент тарабынан белгиленет. Эмитент, банк эсебин ачуу учурунда ээлерин «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун 1-тиркемесинде бекитилген «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарына жана колдонулган эрежелердин негизинде, кошумча карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү

35-1. БФКУнун картын берүүдө, акча каражаттары (кредит ) кредиттик карттарды эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, тейлөөчү банк тарабынан анда ачылган БФКУнун эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.  

БФКУнун картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз БФКУнун картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына БФКУ тарабынан кредиттик лимит ачуу саналат.  

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат. 

35-1. БФКУнун кредиттик картын берүүдө, акча каражаттары (кредит) БФКУнун кредиттик карттарды эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишим шарттарына ылайык, тейлөөчү банк тарабынан анда ачылган БФКУнун эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүнү пайдалануусуз БФКУнун кредиттик картына кредиттин түшкөндүгүнүн тастыктамасы катары макулдук берилген кредит суммасына БФКУ тарабынан кредиттик лимит ачуу саналат.  

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү БФКУ менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат. 

PIN-кодду, паролдорду жана башка аутентификациялоо ыкмаларын пайдалануу менен төлөм системаларынын катышуучуларынын аралыкта орнотулган жабдуулар жана мобилдик тиркемелер аркылуу БФКУнун алдын ала чыгарылган жана кредиттик карттары менен транзакцияларды өткөрүү.  

БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин/каржылоонун максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу. 

37. Эмитент карт ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн банктык эрежелерине ылайык, жүргүзүлгөн транзакциялардын негизинде эсеп боюнча акча каражаттарын чегерүү же банктык эсептен алып салуу аркылуу картты пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт. Каражаттарды банктык эсептен алып салуу андагы калдыктардын чегинде сыяктуу эле, келишим шарттарына ылайык эмитент тарабынан кредиттин же овердрафтын берилишинин эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн. 

37. Эмитент карт ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана бухгалтердик эсепти финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС) жана ички эрежелерине/жол-жоболоруна ылайык, жүргүзүлгөн транзакциялардын негизинде эсеп боюнча акча каражаттарын чегерүү же банктык эсептен алып салуу аркылуу картты пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт. Каражаттарды банктык эсептен алып салуу андагы калдыктардын чегинде сыяктуу эле, келишим шарттарына ылайык эмитент тарабынан кредиттин же овердрафтын берилишинин эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн. 

39. Эмитент карт ээсинин/эсеп ээсинин талабы боюнча карт ээсине/эсеп ээсине банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмө берүүгө тийиш. Банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмөнү, кошумча көчүрмөлөрдү, карт ээсинин транзакциялары тууралуу маалыматты берүү мөөнөттөрү (айына кеминде бир жолу) жана ыкмалары карттардын тиешелүү системасынын иш тартибинде жана регламентинде жана эмитент менен келишилген келишим шарттарында белгиленет. 

39. Эмитент карт ээсинин/эсеп ээсинин талабы боюнча карт ээсине/эсеп ээсине банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмө берүүгө тийиш. Банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмөнү, кошумча көчүрмөлөрдү, карт ээсинин транзакциялары тууралуу маалыматты берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары карттардын тиешелүү системасынын иш тартибинде жана регламентинде жана эмитент менен келишилген келишим шарттарында белгиленет. 

40. Эмитент төмөнкү учурларда картты тейлөөнү токтотушу, блокировкалашы же алып коюшу мүмкүн

1) карт ээси келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса же БФКУ келишимде каралган карттарды чыгаруу жана аларды андан ары жайылтуу шарттарын сактабаса; 

2) картты пайдалануу эрежелерин бузууга жол берсе; 

3) картты колдонуу мөөнөтү аяктаса; 

4) банктык эсепти ачуу жөнүндө келишим токтотулса; 

5) төлөм системаларынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык. 

Картты тейлөө бир тараптуу негизде токтотулган учурда эмитент/БФКУ ал тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучуга маалымдоого тийиш. 

40. Эмитент төмөнкү учурларда картты тейлөөнү токтотушу, блокировкалашы же алып коюга укуктуу

1) карт ээси келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса же БФКУ келишимде каралган карттарды чыгаруу жана аларды андан ары жайылтуу шарттарын сактабаса; 

2) картты пайдалануу эрежелерин бузууга жол берсе; 

3) картты колдонуу мөөнөтү аяктаса; 

4) банктык эсепти ачуу жөнүндө келишим токтотулса; 

5) төлөм системаларынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык. 

Картты тейлөө бир тараптуу негизде токтотулган учурда эмитент/БФКУ ал тууралуу келишимде каралган тартипте карт ээсине/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучуга маалымдоого тийиш. 

41. Эмитент карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же картты санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп баракчасына каттоого тийиш. 

41. Эмитент/БФКУ (БФКУнун кредиттик карты болсо) карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же картты санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп баракчасына каттоого тийиш. Карт ээси банкомат тарабынан картты алуу жөнүндө билдирүү алган учурда, эмитент/процессинг борбору карт ээси/БФКУнун кредиттик картынын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык карттын реквизиттерин стоп баракчага киргизгенге же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт. 

42. Эмитентке/БФКУга билдирүү жана карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоготулган же уурдалган банктык картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

42. Эмитентке/БФКУга билдирүү жана карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоготулган же уурдалган картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт. 

43. Эмитент төмөнкү учурларда банктык карт ээлери жана БФКУ алдында жоопкерчилик тартпайт:  

- эгерде карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана ПИН-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе;  

- карт ээси/БФКУ/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда.  

Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу менен талаш жагдайлар келип чыккан учурда БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча банк-эмитент БФКУнун макулдугу боюнча өз кардарына, анын ичинде төлөм системасынын процессинг борборунан ошол карт аркылуу ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт. 

43. Эмитент төмөнкү учурларда карт ээлери жана БФКУ алдында жоопкерчилик тартпайт:  

- эгерде карт ээси/БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана PIN-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе;  

- карт ээси/БФКУ БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда.  

Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент карт ээсинин талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

БФКУнун кредиттик картын пайдалануучу менен талаш жагдайлар келип чыккан учурда БФКУнун кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча банк-эмитент БФКУнун макулдугу боюнча өз кардарына, анын ичинде төлөм системасынын процессинг борборунан ошол карт аркылуу ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

Бул талап магнит тилкеси менен карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт. 

48. Эквайер орнотулган жабдуулар (банкоматтар, терминалдар же башка аралыкта орнотулган жабдуулар) тууралуу ушул жобого карата 3-тиркемеде жана 4-тиркемеде белгиленген тартипте жана формада отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен маалымдоого тийиш. 

48. Эквайер орнотулган түзүлүштөр (банкоматтар, терминалдар же башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр) жана жүгүртүүдөгү карттардын саны, анын ичинде алардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы тууралуу ушул жобого карата 3-тиркемеде жана 7-тиркемеде белгиленген тартипте жана формада отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн перифериялык түзүлүштөрдө функциялардын бар экендиги жөнүндө отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ушул Регламенттин 6-тиркемесине ылайык тартипте жана формада маалымдоого тийиш. 

51. Эквайер банкоматтарда акча каражаттарын нак акчага айландыруу боюнча операциялардын өлчөмүнө чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Карт ээси тарабынан банкомат аркылуу ишке ашырылган бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашпоого тийиш. 

51. Карттарды колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, санкцияланбаган операциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен акча каражаттарын нак акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган түзүлүштөргө чек коюуга тийиш. Банкомат аркылуу карт ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш. 

53. Соода-тейлөө ишканасында аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачууга жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен ишкана ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө түйүнүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги; 

- соода-тейлөө түйүнүнүн жана эквайердин карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери; 

- соода-тейлөө түйүнү тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү

- эгерде төлөө картты пайдалануу менен ишке ашырылган учурда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө соода-тейлөө түйүнүнүн тыюу салуулары; 

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү

- соода-тейлөө түйүнүнүн POS-терминалды пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптары; 

- соода-тейлөө түйүнү картты төлөм каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосуна тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган негизги талаптар (авторлоштуруу, карт ээсинин лимиттерди идентификациялоосу, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда ПИН-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер ж.б. талаптар); 

- тиешелүү система тарабынан кабыл алынбаган ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби; 

- карт боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу; 

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби; 

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же ишканада санкциясыз транзакциялары катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби; 

- санкциясыз операцияларына жол берилген учурларда, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол бергенде тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга айыптык санкцияларды белгилөө

- талаш маселелерди кароо тартиби; 

- келишимди токтотуу тартиби; 

- транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет. 

53. Соода-тейлөө ишканасында аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачууга жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен ишкана ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө түйүнүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги; 

- соода-тейлөө түйүнүнүн жана эквайердин карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери; 

- соода-тейлөө түйүнү тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү

- эгерде төлөө картты пайдалануу менен ишке ашырылган учурда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө соода-тейлөө түйүнүнүн тыюу салуулары; 

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү

- соода-тейлөө түйүнүнүн POS-терминалды пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптары; 

- соода-тейлөө түйүнү картты төлөм каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосуна тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган негизги талаптар (авторлоштуруу, карт ээсинин лимиттерди идентификациялоосу, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер ж.б. талаптар); 

- тиешелүү система тарабынан кабыл алынбаган ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби; 

- карт боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу; 

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби; 

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же ишканада санкциясыз транзакциялары катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби; 

- санкциясыз операцияларына жол берилген учурларда, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол бергенде тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга айыптык санкцияларды белгилөө

- талаш маселелерди кароо тартиби; 

- келишимди токтотуу тартиби; 

- транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо кошумча тиркелет. 

54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүлгөн шартта банк, бир операция суммасынын лимитин белгилеп, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карт ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документтерди) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар карт-чекте милдеттүү түрдө чагылдырылат. 

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карттагы маалыматтар, карт ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун колдоого байланышкан сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл. 

54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүлгөн шартта банк, бир операция суммасынын лимитин белгилеп, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карт ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документтерди) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар чекте милдеттүү түрдө чагылдырылат. 

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карттагы маалыматтар, карт ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун колдоого байланышкан сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл. 

 

63-3. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн эл аралык төлөм системасы оффшордук зонада катталган болсо, анда ал Улуттук банкта каттала албайт. 

66. Эл аралык төлөм системалары/эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт. 

66. Эл аралык төлөм системалары/эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер жана алардын көчүрмөлөрү кайтарылбайт. 

 

67-2. Эгерде эл аралык төлөм системасынын каттоосу жокко чыгарылса, каттоо үчүн документтер 1 жылдан кийин кайра тапшырылышы мүмкүн. 

10-глава. Процессингге жана процессинг борборуна карата талаптар, жыйынтыктоочу эсептөөлөр жүргүзүү тартиби 

10-глава. Процессингге жана процессинг борборуна карата жалпы талаптар, жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби 

 

68-1. Процессинг иши финансылык маалыматты сактоону жана карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларына карттарды колдонуу менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматты жөнөтүүнү, ошондой эле карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосундагы тиешелүү келишимдерде каралган башка функцияларды аткарууну камтыйт. 

69. Эгерде төлөм системасы локалдык болуп саналса жана ал локалдык бир эмитенттүү картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө негизденген болсо же өзүнүн процессингин ишке ашырса, кошумча лицензиясыз процессинг борборунун милдеттерин эмитент аткарууга укуктуу. 

69. Эгерде төлөм системасы локалдык болуп саналса жана ал локалдык бир эмитенттүү картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө негизденген болсо же өзүнүн процессингин ишке ашырса, тиешелүү лицензиясыз процессинг борборунун милдеттерин эмитент аткарууга укуктуу. 

71. Процессинг борборунун милдетин ошол эле системанын катышуучусу болуп саналган жана Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон, белгиленген регламентке жана иш тартибине, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдердин негизинде иш алып барган көз карандысыз оператор аткарышы мүмкүн. 

71. Процессинг борборунун функциясын системанын катышуучусу болуп саналган жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен белгиленген регламентке жана иш тартибине ылайык иштеген төлөм системасынын оператору аткара алат. 

72. Улуттук карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдүн процессинги жана улуттук системанын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позицияларын эсептөө улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Улуттук карттарды пайдалануу менен төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыктоочу эсептөөлөрү системанын иш регламентине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында ишке ашырылат. 

72. Улуттук карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдүн процессинги жана улуттук системанын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позицияларын эсептөө улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Системанын катышуучуларынын улуттук карттарды пайдалануу менен төлөөлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрү системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат. 

 

72-1. Улуттук банк улуттук карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча эсептешүү агенти болуп саналат. 

73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги ошол системалардын регламентине жана иш тартибине, келишимдерине ылайык эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат. 

73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги мамлекеттин ичиндеги төлөмдөрдөн тышкары ошол системалардын регламентине жана иш тартибине, келишимдерине ылайык эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат. 

75. Эмитент, процессинг борбору жана эквайер ортосунда бардык транзакциялар электрондук түрдө ишке ашырылууга жана зарылчылык келип чыккан шартта тиешелүү документтер менен (карт-чектер) тастыкталууга тийиш. 

75. Эмитент, процессинг борбору жана эквайер ортосунда бардык транзакциялар электрондук түрдө ишке ашырылууга жана зарылчылык келип чыккан шартта тиешелүү документтер менен (чектер) тастыкталууга тийиш. 

80. Процессинг борборлору келишимдик мамилелерге ылайык эмитенттерге жана эквайерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн (кардарлар үчүн карттарды персонализациялоо, кардарлар жана соода түйүндөрү боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) да сунуштоосу мүмкүн. 

80. Процессинг борборлору келишимдик мамилелерге ылайык эмитенттерге жана эквайерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн (кардарлар үчүн карттарды персонализациялоо, кардарлар жана соода-тейлөө ишканалары боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) да сунуштоосу мүмкүн. 

83. Карттар менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө жана келишимдерде системанын катышуучулары ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

83. Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө жана келишимдерде системанын катышуучулары ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

 

10-1-глава. Мамлекет ичинде төлөмдөр жана акыркы эсептешүүлөр процессингине жана аларды жүргүзүү тартибине карата талаптар 

83-1. Мамлекет ичиндеги төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр кирет. Мында, эмитент, эквайер, соода-тейлөө ишканалары Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналат жана төлөмдөр карт ээсинин банктык эсебинин валютасына карабай, улуттук валютада жүзөгө ашырылат. 

83-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөөлөр боюнча финансылык маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону (транзакциялардын процессингин) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл боюнча (оверсайт) саясатта белгиленген критерийлерге ылайык Улуттук банктын лицензиясы бар жана улуттук система статусуна ээ процессинг борбору жүзөгө ашырат. 

83-3.  Эмитенттердин, эквайерлердин, мамлекет ичиндеги төлөөлөр боюнча карттарды колдонуу менен эсептешүүлөр системаларынын операторлорунун авторизацияланган суроо-талаптары/жооптору улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу өткөрүлүүгө тийиш жана банктык төлөм карттарын колдонуу менен тиешелүү эсептешүүлөр системасына өткөрүлүп берилиши мүмкүн. 

83-4. Мамлекет ичиндеги төлөөлөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүлөт жана жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөө, системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында жүзөгө ашырылат. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

83-5. Мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби, катышуучулардын жана банктык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүү системаларынын, улуттук төлөм системасынын операторунун, Улуттук банктын өз ара иш алып баруусу, тараптардын укуктары жана жоопкерчилиги тиешелүү келишимде/келишимдерде белгиленет. 

95. Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык карттар менен эсептешүүлөр системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүсү зарыл. 

95. Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүсү зарыл. 

97. Карттардын эмиссиясы жана эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленген параметрлер боюнча мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотууга жана/же аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. Банктар бул функцияларды келишимдик мамилелерде белгиленген шарттарга ылайык, башка процессинг борборлоруна өткөрүп бере алышат

97. Карттардын эмиссиясы жана эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленген параметрлер боюнча мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотууга жана/же аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. Банктар бул функцияларды келишимдик мамилелерде белгиленген шарттарга ылайык, башка процессинг борборлоруна өткөрүп берүүгө укуктуу