Кайта келүү

«Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу»  

жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

токтомдорунун долбоорлоруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Токтом долбоору мурабаха бүтүмдөрү жөнүндө маалыматты баалоо, таануу жана ачыкка чыгаруу боюнча эсепке алуу эрежелерин аныктоо максатында иштелип чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Мурабаха кардарларга каржылоону сунуштоодо ислам банктары жана «ислам терезесине» ээ банктар тарабынан эң кеңири колдонулган келишим, ошондуктан мурабаха финансылык отчеттордо маанилүү элемент болуп саналат. Мурабаха кыска мөөнөткө таризделсе дагы, дүйнө жүзүндөгү банктар көбүнчө аны төлөө мөөнөтүн узартуу бүтүмдөрү түрүндө колдонушат.  

Банктардын финансылык отчету үчүн бул бүтүмдү эсепке алуунун маанилүүлүгүн эске алып, 2017-жылдын 22-23-сентябрында Бахрейн Падышачылыгында Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (AAOIFI) финансылык эсепке алуунун №28 «Мурабаха жана төлөө мөөнөтү узартылган башка товардык бүтүмдөр» стандартын кабыл алган.  

Мурабаха операцияларын эсепке алуу тартибинин сунуш кылынган долбоору ошондой эле AAOIFI тарабынан кабыл алынган №28 стандарттын талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан жана коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуунун жана ачып көрсөтүүнүн бирдиктүү ыкмасын колдонууга багытталган. 

Ошентип, AAOIFI уюмунун №28 стандартына ылайык, мурабаха банктын балансында баштапкы наркы боюнча таанылат. Баштапкы нарк - кардар менен банктын ортосунда макулдашылган баага негизделген жана активдин наркынан жана бүтүм боюнча банктын үстөк баасынан турган мурабаха боюнча дебитордук карыздын суммасы. Мында, үстөк баанын суммасы да келечектеги мезгилдердин кирешелеринде таанылган пайданын суммасына ай сайын төмөндөтүү менен чагылдырылат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, учурда ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды сунуш кылган эки коммерциялык банк мурабаха операциясы боюнча үстөк бааны эсепке алууда чегерүү принцибин колдонушат, ага ылайык банк ар айлык үстөк баанын өлчөмүн отчеттук айдын акырында чегерет.  

Бул принцип салттуу коммерциялык банктар тарабынан кредит боюнча пайыздарды эсептөөдө дагы колдонулат. Бирок, мурабаха бүтүмү тараптардын макулдашкан алдын ала белгиленген баасы боюнча активди/товарды кайра сатуудан тургандыгын жана салттуу кредиттен айырмала тургандыгын эске алып, аны эсепке алуу ыкмасын өзгөртүү чечими кабыл алынды. 

Банктар өздөрүнүн эсепке алуу саясатына жана автоматташтырылган маалымат системаларына өзгөртүүлөрдү киргизиши керектигин эске алып, токтомдун күчүнө кирүү мөөнөтү банктар менен талкууланат жана 2022-жылдын 1-январынан тартып белгиленет. 

Мындан тышкары, мурабаха жөнүндө маалыматты үстөк баа бөлүгүндө чагылдыруу максатында, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу иш алып барган банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторуна, ошондой эле пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Ушул пункт боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгынын негизинде берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Иштелип чыккан токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунуш кылынган токтом долбоорунун кабыл алынышы кошумча финансылык каражат бөлүүнү талап кылбайт. 

 

 

Долбоор  

 

 

 

 

 

 

 

Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби бекитилсин (тиркелет).  

2. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

3. Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар 2022-жылдын 1-январына чейин автоматташтырылган маалымат системаларын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибине ылайык келтирсин.  

4. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «Бакай Банк» ААКты, «Айыл Банк» ААКты, «РСК Банкы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.   

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө  методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

Долбоор  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2004-жылдын 28-апрелиндеги №11/2 «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин» бекитүү тууралуу» токтому; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому . 

 

2. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «Бакай Банк» ААКты, «Айыл Банк» ААКты, «РСК Банкы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын «___» 

____________________ 

№ _______________________ токтомуна карата тиркеме  

 

Мурабаха операциясын эсепке алуу  

ТАРТИБИ  

 

1. Жалпы жоболор 

1. Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин (мындан ары Тартип) аракети ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банктарга (мындан ары банк) таркатылат. 

2. Бул Тартип Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (Accounting and Auditing Organization for Islamic Financial Institutions) тарабынан иштелип чыккан Ислам финансы мекемелери үчүн бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана башкаруу стандарттарына ылайык (мындан ары AAOIFI стандарттары) банктын мурабаха операцияларын эсепке алуу жана мурабаха боюнча кирешени таануу эрежелерин аныктайт. 

3. Банк мурабаха операцияларын эсепке алуунун ички жол-жоболорун, ушул Тартиптин сакталышын камсыз кылган ички контролдоо системаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу болуп саналат. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

4. Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

арбун кардар тарабынан банкка төлөнгөн шерт пулдун суммасы, ал мурабаха бүтүмү келишилгенден кийин, банк кардарынын карызынын бир бөлүгүн жабуу эсебине чегерилет. Эгерде мурабаха бүтүмү ишке ашпай калса, банк арбунду кардарга кайтарып бербөөгө укуктуу; 

баштапкы нарк кардар менен банктын ортосунда макулдашылган баага негизделген, активдин наркынан жана бүтүм боюнча банктын үстөк баасынан турган мурабаха боюнча дебитордук карыздын суммасы; 

мурабаха кардардын билдирмеси боюнча банк тарабынан сатылып алынган же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган активди (товарды) бөлүп төлөө шартында сатуу;  

сатууга мүмкүн болгон таза нарк бул ишти аткарууга мүмкүн болгон сарптоолорду жана сатууга мүмкүн болгон сарптоолорду алып салуу менен кадимки иштин жүрүшүндөгү болжолдуу сатуу баасы; 

үстөк баа банктын мурабаха келишими боюнча белгиленген сумма же активдин (товардын) өздүк наркынын үлүшү түрүндө белгиленген пайдасы; 

хамиш джиддия мурабаха келишимин түзүү ниетинин олуттуу экендигин тастыктоо үчүн банкка кардар тарабынан төлөнгөн сумма. Эгерде мурабаха бүтүмү ишке ашпай калса, хамиш джиддия кардарга кайтарылып берилет. 

 

3. Мурабаха бүтүмү боюнча сатуу үчүн каралган  

активди таануу жана андан ары баалоо 

5. Мурабаха бүтүмү боюнча андан ары сатуу үчүн банк тарабынан сатылып алынган активдер, бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/инвентарь» статьясын көбөйтүү менен өздүк наркы боюнча таанылат. 

6. Активдин өздүк наркында сатып алууга кеткен бардык сарптоолор, аларды ташууда тарткан, жумушчу абалга келтирүүдөгү башка сарптоолор, камсыздандыруу чыгашалары жана башка кандай болбосун агенттик чыгашалар менен комиссиялык төлөмдөр камтылууга тийиш. 

Кайсы болбосун кошумча кыйыр чыгашалар тиешелүү мезгилде банктын пайда жана чыгым жөнүндө отчетунда чагылдырылууга тийиш. 

7. Активди андан ары кайра сатуу үчүн аны сатып алууда банк тарабынан алынган арзандатуу (дисконт) банктын кирешеси катары саналбайт. Шариат кеңешинин тиешелүү чечими болгон учурларды эске албаганда, банк кардар үчүн товардын наркын арзандатылган суммага төмөндөтүүгө тийиш

Эгерде банк ошол товарды арзандатуу (дисконт) менен алган суммага кардарга мурабаха келишими боюнча өткөрүп берүү каралган активдин (товардын) наркын төмөндөтпөсө, анда мындай жеңилдетүү (дисконт) андан ары амортизацияланган жана мөөнөтүн узартып төлөө статьясын жогорулатуу менен банктын бухгалтердик балансында чагылдырылууга тийиш. 

8. Мурабаха боюнча сатууга каралган актив (товар) баштапкы таануудан кийин: өздүк наркы же сатууга мүмкүн болгон таза наркы боюнча эки нарктын ичинен эң төмөнкүсү боюнча бааланат: 

1) банктын кардары активди өздүк наркына барабар же андан ашкан наркта сатып алууга милдеттендирилген учурларда, сатуучу, эгерде бар болсо, активдин адилет наркынын өзгөрүүсүнө карабастан, активди өздүк наркы боюнча эсепке алууга тийиш. 

Эгерде мындай милдеттенменин аткарылышын күткөн банк милдеттенме менен байланышкан чыгымдарды тартса, анда банктын кардары активди сатып алууга милдеттендирилген болот жана ал үчүн милдеттүү болуп саналат; 

2) банктын кардары активди сатып алууга милдеттүү болбогон учурларда, активдин наркынын кандай болбосун төмөндөшү сатып алуу наркы менен тиешелүү мезгилге карата ушул актив боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдын ортосундагы айырма түрүндө чагылдырылат. 

9. Кардар мурабаха келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого ылайык, сатылып алынган активди башка менчик катары эсепке алат. 

10. Кардар мурабаха келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, банктын активди (товарды) сатып алууга байланышкан чыгашалары AAOIFI стандарттарына ылайык хамиш джиддиянын же арбундун мурда алынган суммаларынын эсебинен жабылышы мүмкүн. 

 

4.Мурабаханын дебитордук карызын 

таануу жана андан ары баалоо 

11. Банк мурабаха келишими боюнча активдерди саткандан кийин өзүнүн финансылык отчетунда дебитордук карызды жана үстөк бааны чагылдырат. 

12. Мурабаха банктын балансында баштапкы наркы боюнча таанылат:  

1) сатылган активдин наркы бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча дебитордук карыз»/«мурабаханы каржылоо» статьясында чагылдырылат;  

2) актив боюнча үстөк баа үстөк баага карата контрэсептин тиешелүү статьясы менен бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча үстөк баа» статьясы боюнча башка активдерде жана банктын мөөнөтү узартылган пайдасын көбөйтүү менен бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча келечек мезгилдердин кирешеси» статьясы боюнча башка милдеттенмелерде каржылоонун бүтүндөй мөөнөтү ичинде толук көлөмдө чагылдырылат. 

13. Мурабаха операциясы боюнча дебитордук карыз баштапкы таанылгандан кийин, ал потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды алып салуу менен төлөнбөгөн карыздын суммасында эсепке алынат. 

14. Мурабаха келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана аны түзүүгө байланыштуу операциялык чыгашалар, сатып алуучунун кайсы болбосун ордун жабууларын алып салуу менен, тиешелүү мезгилде эсепке алынат. 

15. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин:  

1) хамиш джиддия кардар менен макулдашылган учурлардан тышкары, дебитордук карыздын эсебинде эсепке алынбайт;  

2) арбун кардардын дебитордук карызынан алынып салынууга тийиш. 

 

5. Мурабаха боюнча пайданы таануу 

16. Мурабаха операциясы боюнча пайда бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча келечек мезгилдердин кирешеси» статьясы боюнча банктын мөөнөтү узартылган пайдасын азайтуу эсебинде, акча каражаттарынын иш жүзүндө келип түшкөнүнө карабастан, операция ишке ашырылган ошол мезгил ичинде таанылат. 

17. Банк AAOIFI стандарттарына ылайык, Улуттук банк Башкармасынын  

2008-жылдын 27-августундагы №33/4 токтому менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакылар өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу» жобого ылайык, мурабаханы каржылоо мөөнөтүнө карабастан, бүтүм боюнча пайданын ченемин эсептөө үчүн эффективдүү пайыздык ченди колдонууга тийиш.  

18. Эгерде банк мурабаха келишими боюнча карызды мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда же кандайдыр бир башка себептер менен кардарга жеңилдик берген болсо, жеңилдик берилген сумма бухгалтердик баланста «мурабаха боюнча келечек мезгилдердин кирешеси» статьясын жана мурабаха боюнча контр-эсептин үстөк баа боюнча тиешелүү статьясын төмөндөтүү менен чагылдырылууга тийиш.  

 

6. Потенциалдуу жоготууларга  

жана чыгым тартууларга кам түзүү жана маалыматты ачып көрсөтүү 

19. Мурабаха боюнча дебитордук карыз отчеттук мезгилдин акырында бааланат жана ал Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды алып салуу менен карыздын суммасына барабар болот.  

20.  Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги 11/2 токтому менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинде каралган учурларда мурабаха келишими боюнча кирешелерди чегерүү жана таануу токтотулууга тийиш. 

21. Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүү максатында, үстөк баанын мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгү дегенден улам, бухгалтердик баланстын «мурабаха боюнча чегерилген үстөк баа» статьясы боюнча үстөк баанын 30 күндүн ичинде төлөнбөгөн өлчөмүн түшүнүүгө болот. 

22. Мурабаха келишиминин объектиси болуп саналган актив Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого ылайык банктын башка менчиги категориясына которулууга тийиш, эгерде: 

1) банк активди сатып алгандан кийин кардар мурабаха келишимин түзүүдөн баш тартса;  

2) кардар милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан же кардар төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда карызды толук же жарым-жартылай төлөнгөндө.  

23. Ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдердин банктын финансылык абалына жана ишинин натыйжаларына тийгизген таасирин түшүнүү максатында, банк мурабаха операциясы боюнча каржылоо жөнүндө маалыматты финансылык отчетунда ачып көрсөтүүгө тийиш. Банк мурабаха операциясы боюнча кредит портфелинин өлчөмүн, сапатын, концентрацияланышын жана реструктуризацияланышын, мурабаха операциясы боюнча өткөрүп берилүүчү активдердин (товардын) өлчөмүн, мурабаха операциясы боюнча мөөнөтү узартылган пайданын өлчөмүн жана банк ишинин алкагында орчундуу болуп саналган кайсы болбосун маалыматты ачып көрсөтүүсү зарыл. 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын «_____» 

____________________ 

№ _____________________ токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

28-апрелиндеги №11/2 «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинин:  

- 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик уюмдарга карата Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинин аракети банк операцияларын жүргүзүүдө алар колдонгон атайын терминологияны эске алуу менен мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча үстөк баа/кирешени чегерүү бөлүгүндө таркатылат.»;  

- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Анын ичинде «ислам терезеси» ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик уюмдар үчүн пайыз дегенден улам мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча үстөк баа/кирешени түшүнүлөт.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчет жөнүндө» жобонун: 

2-тиркемесинин: 

«Баланстык отчет» деп аталган 1-бөлүмүнүн:  

«З. «Ислам терезеси» алкагында банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн

- «Г. Башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Г. Башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө 

   

  

1. Башка активдер 

 

 

а) банк тарабынан алууга чегерилген сый акы 

  

  

б) мурабаха боюнча үстөк баа 

 

 

в) мурабаха боюнча үстөк баага контр-эсеп 

 

 

г) төлөнүп берилген алдын ала төлөө 

 

 

д) такталбаган дебитордук суммалар  

 

 

е) баалуу металлдар 

  

  

ж) жана башка активдер 

  

  

2. Башка активдерге атайын РППУ 

  

  

анын ичинде мурабаха боюнча үстөк баага атайын РППУ  

 

 

3. Башка таза активдер 

 

 

4. Башка милдеттенмелер 

 

 

а) кардарларга төлөөгө чегерилген сый акылар 

  

  

б) мурабаха боюнча келечек мезгилдердин кирешеси 

 

 

в) төлөөгө салыктар 

  

  

г) такталбаган кредитордук карыз  

  

  

д) жана башка милдеттенмелер 

  

  

». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

1. А. «Баланстык отчет» бөлүгүнүн Д. «Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө» бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Д. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөө 

(миң сом) 

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Чет өлкө валютасы 

1. Башка активдер 

  

  

а) банк тарабынан алууга чегерилген сый акы 

  

  

б) мурабаха боюнча үстөк баа 

 

 

в) мурабаха боюнча үстөк баага контр-эсеп 

 

 

б) төлөнүп берилген алдын ала төлөө  

  

  

в) такталбаган дебитордук суммалар 

  

  

г) баалуу металлдар 

  

  

д) жана башка активдер 

  

  

2. Башка активдерге атайын РППУ 

  

  

анын ичинде мурабаха боюнча үстөк баага атайын РППУ  

 

 

3. Башка таза активдер 

  

  

4. Башка милдеттенмелер 

  

  

а) кардарларга төлөөгө чегерилген сый акы 

  

  

б) мурабаха боюнча келечек мезгилдердин кирешеси  

 

 

в) төлөөгө салыктар 

  

  

г) такталбаган дебитордук карыз 

  

  

д) төлөөгө дивиденддер 

  

  

е) жана башка милдеттенмелер 

 

 

». 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

Толук/айрым бөлүктөрүнүн 

жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө (керектүүсүн сызып кой) 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

  

  

  

                      БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________________ 

                       (кызматы) 

  

  

____________________________________ 

                         (кол тамгасы) 

  

  

20___ жылдын «___» _______________  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» жана 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорлорунун  

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: 2019-жылдын 6-февралындагы № 2019-Пр-121/16-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан ишкердик субъектилердин ишине карата иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө мөөнөтү:  

 

_________________________ _________________________ 

(башталган күнү) (аяктаган күнү

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Ж.С. Сулайманбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги  

 

_______ 

 

 

Жумушту топ: 

С.А. Чалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги 

________ 

Б.А. Бейшеналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги 

________ 

И.Дж. Султанкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги 

________ 

Э.О. Абдыразаков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

 

________ 

Ч.А. Биялиева, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын юридика башкармалыгынын башкы адиси 

 

________ 

Д.М. Мамырбаева, «Дос-Кредобанк» ААКтын юридика башкармалыгынын начальниги  

 

________ 

А.А. Жораев, «М Булак» Микрокредиттик Компаниясы» ЖЧКнын ички Шариат көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси 

 

________ 

 

Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: 

С.Н. Майташова, 31-30-52, smaitashova@nbkr.kg 

(Аты-жөнү, тел., e-mail) 

 

 

Мамлекеттик кийлигишүүнүн проблемалары жана негиздери 

 

1.1. Проблемалардын сүрөттөлүшү 

 

Мурабахага карата колдонулган маалыматты баалоо, таануу жана ачыкка чыгаруу максатында бухгалтердик эсепке алууну жана отчеттуулукту стандартташтыруу долбоордун максатынан болуп саналат.  

Бүгүнкү күндө ислам финансы сектору финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн глобалдуу индустриясынын тез өнүгүп келе жаткан сегменттеринин бири болуп саналат. Акыркы он жыл ичинде ислам финансылык кызматтары боюнча дүйнөлүк рынок ислам финансы инструменттери жыл сайын 11,4 пайызга жогорулаган шартта, дээрлик 2,44 трлн АКШ долларына (дүйнөлүк реалдуу жүгүртүүнүн 2,7 пайызын) чейин өскөн.  

Кыргыз Республикасында ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин өнүгүшү 2006-жылы пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен башталган. Бүгүнкү күндө рынокто бир пилоттук банк, «ислам терезеси» менен бир банк жана ислам каржылоо принциптери боюнча иштеген беш микрокредиттик компания иштеп келет. 

2021-жылдын II чейрегинин акырына карата ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банктардын активдеринин үлүшү 2,4 млрд сомго же өлкөнүн банк секторунун активдеринин 1 пайызына жакынды түзгөн. Ошол эле учурда, дээрлик бардык активдер мурабаха келишими боюнча берилген. 

Белгилеп кетүүчү нерсе, өнүгүү баскычында турган рынок үчүн продукттарды стандартташтыруу ислам каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтө баштаган мекемелердин ишин оптимизациялоо жагынан өтө маанилүү. Продукттарды стандартташтыруу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалануучулары, жөнгө салуучу жана башка адамдар үчүн маалыматты түзүүгө жана ачыкка чыгарууга бирдей ыкманы колдонуу максатында рыноктун катышуучулары үчүн да маанилүү

Сунушталган долбоор ислам каржылоо принциптери боюнча иш алып барган сектордун мындан аркы өсүшү үчүн даярдалган жана төмөнкү проблемаларды чечүүгө багытталган: 

1-проблема. Ислам каржылоо принциптери боюнча иш алып барган банктардын мурабаханы эсепке алуунун бирдиктүү стандартташтырылган эрежелеринин жоктугу жана маалыматты даярдоодо жана эсепке алууда ар башка ыкмаларды колдонууга байланыштуу ар башка мекемелердин маалыматтарынын дал келбестиги. Мындай проблеманын келип чыгышы банктар ФОЭСке ылайык иш алып баргандыгына жана ай сайын чегерилген киреше өлчөмүндө отчеттук мезгилдин акырында өз отчетунда мурабаха боюнча үстөк бааны эске алгандыгына байланыштуу. Мында мурабаха операциясынын өзгөчөлүгү эске алынбайт, ага ылайык банк товарды дароо үстөк баасы менен сатат; 

2-проблема. Банктардын маалыматты чагылдырууда ар кандай ыкманы колдонушуна жана шариат стандарттарын сактабашына байланыштуу сектордун аброй тобокелдиги. Ушул проблема 1-проблемага байланыштуу, анткени бул өлкөнүн ислам банк сектору тууралуу маалыматты алууга кызыкдар адамдар, инвесторлор, банктык кызматтардын пайдалануучулары тарабынан ислам банк секторуна ишеним арттырбагандыгы түрүндө натыйжага ээ.  

Белгилеп кетүүчү нерсе, жогоруда аталган проблемаларды чечүүгө төмөнкү тараптар кызыкдар: 

- Көзөмөл органы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; 

- ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банктар; 

- ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган банктардын кардарлары. 

 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирлерин талдоо 

Кызыкдар тараптардын пикирлерин талдоо ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. 

 

1.3.Проблемалар масштабы 

Проблемалар масштабы ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган сектордун жана анын катышуучуларынын өсүшүн эске алуу менен өзгөрөт, анткени азыркы учурда аталган принциптер боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна ээ эки гана банкта мурабаха келишими бар. Бирок, ислам каржылоо принциптерине ылайык банктык кызматтарды сунуштаган банктардын санынын көбөйүшү менен мурабаха операциясын эсепке алууга байланыштуу көйгөйлөр улам өсө берет. 

 

1.4. Эл аралык тажрыйба 

Документти иштеп чыгууда AAOIFI №28 “Мурабаха жана кийинкиге калтырылган төлөмү менен башка товардык бүтүмдөр” шариат стандарты негиз катары алынган, ага ылайык мурабаха боюнча үстөк баанын өлчөмү банктын отчетунда толук өлчөмдө көрсөтүлүүгө тийиш. Бул стандарт ислам кызматтары өнүккөн көпчүлүк өлкөлөрдө колдонулат. Мисалы, Малайзияда мурабаха боюнча маалыматты эсепке алуу жана ачып көрсөтүү талабы AAOIFI №28 стандартына дал келет.  

Казакстанда ислам банк бүтүмдөрү Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-мартындагы №46 токтому менен бекитилген Ислам банктары тарабынан бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү нускоосуна ылайык ФОЭС боюнча эсепке алынат. Аталган нускоонун талаптарына ылайык үстөк баанын өлчөмү бухгалтердик баланстын “Келечектеги мезгилдердин кирешелери” эсебинде мурабахага каржылоо берилген күнү толук көлөмдө таанылат.  

Тажикистандын Улуттук банкы тарабынан ислам банк операцияларын эсепке алууга айрым талаптар белгиленген эмес.  

 

1.5. Жөнгө салууну жайылтуу негизи  

Операцияларды эсепке алуу жол-жоболорун стандартташтыруу жолу менен тиешелүү проблемаларды чечүү мурабаха операциясын эсепке алууну жөнгө салуунун негизи болуп саналат, бул шариат стандарттарын банктар тарабынан сакталышына байланыштуу аброй тобокелдигин төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.  

 

 

2. Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарынын сүрөттөлүшү жана бааланышы 

2.1. Мурабаха операцияларын эсепке алууну стандартташтыруу мамлекеттик жөнгө салуунун максатынан болуп саналат. Мурабаха кардарларга каржылоону берүүдө ислам банктары жана «ислам терезеси» менен иштеген банктар тарабынан колдонулган эң көп тараган келишим, андыктан, мурабаха бул финансылык отчеттордо маанилүү бир элемент болуп саналат. Мурабаха келишимин кыска мөөнөттүү негизде түзүү мүмкүн болгонуна карабастан, дүйнө жүзүндөгү банктар көбүнчө мурабаханы кийинкиге калтырылган төлөмү менен бүтүм түрүндө колдонушат.  

Бул бүтүмдүн банктардын финансылык отчету үчүн маанилүүлүгүн эске алганда, Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (AAOIFI) 2017-жылдын 22-23-сентябрында Бахрейн Падышачылыгында № 28 «Мурабаха жана кийинкиге калтырылган төлөм менен башка товардык бүтүмдөр» финансылык эсепке алуу стандартын кабыл алды. Көрсөтүлгөн мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин долбоору AAOIFI тарабынан кабыл алынган №28 стандартынын талаптарын эске алуу менен да иштелип чыгып, коммерциялык банктардын операциялары боюнча маалыматты эсепке алуунун жана ачыкка чыгаруунун бирдиктүү ыкмасын пайдаланууга багытталган.  

Ошентип, AAOIFI №28 стандартына ылайык мурабаха баштапкы наркы боюнча банктын балансында таанылат. Баштапкы нарк бул мурабаха боюнча дебитордук карыздын суммасы, ал кардар менен банктын ортосундагы макулдашылган баага негизделип, активдин наркынан жана бүтүм боюнча банктын үстөк баасынан турат.  

Белгилеп кетүүчү нерсе, учурда ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды сунуш кылган эки коммерциялык банк мурабаха операциясы боюнча үстөк бааны эсепке алууда чегерүү принцибин колдонот, ага ылайык банк отчеттук айдын аягында бир айлык үстөк баанын өлчөмүн эсептейт.  

Бул принцип кадимки коммерциялык банктар тарабынан кредиттер боюнча пайыздарды эсептөөдө колдонулат. Бирок, мурабаха бүтүмү тараптардын макулдашуусу боюнча буга чейин белгиленген баада активди/товарды кайра сатуу каралгандыгын жана ал адаттагы кредиттен айырмалангандыгын эске алганда, аны эсепке алуу ыкмасын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мында максатка жетүү индикаторунан болуп шариат стандарттарына ылайык келтирүү жана банктык кызматтардын пайдалануучулары, жөнгө салуучу жана башка адамдар үчүн маалыматты ачып көрсөтүү боюнча бирдей ыкманын болушу саналат.  

 

2.2. Банк чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн проблемаларды жөнгө салуу максатында төмөнкүдөй үч жөнгө салуу варианты берилген жана каралган: 

1) «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты; 

2) «Улуттук банктын сунушталган ченемдик укуктук актысын бекитүү» жөнгө салуунун артыкчылык берилген варианты; 

3) «Банктын ички ченемдик актыларына таянуу» жөнгө салуунун альтернативдүү варианты.  

 

2.3. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Чечимдин бул вариантын тандоого болбойт, анткени ал шариат стандарттарын ар башка чечмелелөө жана маалыматты эсепке алууда жана ачыкка чыгарууда ар түрдүү ыкмалардын колдонулушу боюнча тобокелдиктердин алдын алууга мүмкүндүк бербейт.  

Бул жөнгө салуу вариантын ишке ашыруунун анализи бул вариантты техникалык жактан ишке ашыруу оңой деп баалоого алып келет, бирок ал жогорудагы проблемаларды чечпейт, анткени бугүнкү күндө эл аралык тажрыйба болуп саналган мурабаха операциясын эсепке алуу практикасы колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарында каралган эмес. 

 

2.4. «Сунушталган ченемдик укуктук актыны бекитүү» жөнгө салуунун артыкчылык берилген варианты 

Банктар тарабынан берилген маалыматтын сапаты көзөмөлдөө органына тиешелүү жана туура чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет, банктык кызматтарды керектөөчүлөргө тиги же бул кызматтарды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууга, банктын өзүнүн ишине шайкеш баа берүүгө жана мекеменин аброй тобокелдигин болтурбоого мүмкүндүк берет. 

Буга байланыштуу сунушталган жөнгө салуу варианты маалымат даярдоого жана жайылтууга мамилени стандартташтырууга багытталган. Мында, мурабаха операцияларын эсепке алуу боюнча талаптар эл аралык талаптарды жана тажрыйбаны эске алуу менен түзүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. 

 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алуу. 

б) Жөнгө салуунун таасирин баалоо 

Жөнгө салуунун бул варианты «Мамлекеттик кийлигишүүнүн максаты» деген  

2.1-пунктунда аныкталган проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берет.  

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо 

Эгерде бул долбоор жактырылса, банктар өз ички документтерин талапка ылайык келтирүүсү, банктардын Шариат кеңеши мурабаханы эсепке алуунун жаңы эрежелерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароосу зарыл. Бул вариантты ишке ашыруу убакытты талап кылат. 

г) Атаандашууга таасирин баалоо  

Бул жөнгө салуу вариантынын кабыл алынышы банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыктын абалына өз алдынча таасир этпейт. Бирок, банктардын шайкеш маркетингдик иши банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда сергек атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана колдоого өбөлгө түзөт. 

д) Коомдук консультациялардын жыйынтыктары 

Мурабаха операциясын эсепке алуу жол-жобосуна карата талаптардын иштөө чөйрөсү ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын ишине гана түздөн-түз таасир этет. 

Долбоор Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнөүтүндөй көзөмөл блогу) макулдашууга сунушталган, анын компетенциясы каралып жаткан документтин жоболорун контролдоого жана жөнгө салууга жайылтылган.  

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштары каралып, кабыл алынды. 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, түздөн-түз жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын көздөгөн, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук пикирге алынууга жана жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. 

Буга байланыштуу токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкууга коюлат.  

Ченемдик укуктук актынын сунушталган долбоорунун жоболорун баалоодо аларда коррупциялык факторлор аныкталган эмес.  

Каралып жаткан жөнгө салуу вариантынын аткарылышына талдоо көрсөткөндөй, бул долбоорду Улуттук банк тарабынан ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Мыйзам менен жөнгө салынат. 

Мурабаха операцияларын жүргүзүү укугуна ээ банктардын сарптоолору жаңы талаптарга ылайык мурабаханы эсепке алуу үчүн автоматташтырылган банк системасын модернизациялоого байланыштуу болот.  

Бул долбоорду ишке ашыруу Улуттук банк тарабынан түз же кыйыр чыгымдарга алып келбейт. 

 

2.5. «Банктын ички ченемдик актыларына таянуу» жөнгө салуунун альтернативдүү варианты 

Банктарга карата талаптарды белгилөөдө банктын өз алдынча иштеп чыккан документтерине таянуу зарыл.  

 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Бул вариантта ар бир банктын өзүнүн шариат кеңештери менен макулдашылган, мурабаха операцияларын эсепке алуунун өздүк жол-жоболору иштелип чыгары каралган. 

б) Жөнгө салуунун таасирин баалоо 

Жөнгө салуунун бул вариантын тандоо банктарга документтерди өз алдынча иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, бул жалпысынан банктар ачкан маалыматтардын толуктугуна, салыштырмалуулугуна жана бир түрдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул вариант, жөнгө салуунун «Өзгөртүүсүз калтыруу» биринчи варианты сыяктуу, «Мамлекеттик кийлигишүүнүн максаты» деген 2.1-пунктта көрсөтүлгөн проблемаларды чече албайт.  

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктер 

Жөнгө салуунун бул ыкмасын ишке ашыруу мүмкүн эмес, анткени өнүгүп жаткан ислам каржылоо принциптерине ылайык иштеген рынок шартында маалыматты ачып көрсөтүү боюнча стандартташтырылган ыкманы колдонуу зарыл. 

Жөнгө салуунун бул вариантынын аткарылышынын анализи шариат стандарттарына дал келбөө тобокелдиктерине алып келет.  

г) Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Бул варианттын кабыл алынышы банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка эч кандай таасирин тийгизбейт. 

д) Коомдук консультациялардын жыйынтыктары 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, түздөн-түз жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын көздөгөн, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук пикирге алынууга жана жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. 

Буга байланыштуу токтомдун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкууга коюлат.  

Ченемдик укуктук актынын сунушталган долбоорунун жоболорун баалоодо аларда коррупциялык факторлор аныкталган эмес.  

Каралып жаткан жөнгө салуу вариантынын аткарылышына талдоо көрсөткөндөй, бул долбоорду Улуттук банк тарабынан ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынат. 

 

3. Жөнгө салуунун артыкчылык берилген вариантын тандоону негиздөө 

2.4. «Улуттук банктын сунушталган ченемдик укуктук актысын бекитүү» жөнгө салуунун артыкчылык берилген вариантын сунуштоого болот, анткени ал «Мамлекеттик кийлигишүүнүн максаты» деген 2.4-пунктунда аныкталган проблемаларды чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Жалпысынан, өлкөдө ислам каржылоо принциптерин андан ары өнүктүрүүнүн этаптары ислам банк ишин жүзөгө ашыруунун бардык аспектилерине карата колдонулган бирдиктүү жөнгө салуу талаптарынын алкагында өтүшү зарыл. Мындай ыкма ислам банк ишин жүргүзүүнү стандартка келтирүүгө мүмкүндүк берет, демек, ислам каржылоо принциптерине ылайык иштеген банктардын маалыматын ачыкка чыгаруу тобокелдигин төмөндөтөт, бул ислам каржылоо принциптеринин калыптануусун негиздейт.  

 

4. Күтүлүүчү экономикалык таасирлерди жана атаандаштыкка таасирлерди баалоо үчүн тиркеме 

Сунушталган долбоордо мурабаха операциясын эсепке алууну стандартташтыруу каралганын эске алганда, банктар эсепке алуу саясатына, автоматташтырылган банк системасына өзгөртүүлөрдү киргизиши менен байланышкан кошумча чыгымдарга учурай тургандыгы болжолдонууда. 

Мындан тышкары, «Улуттук банктын сунушталган ченемдик укуктук актысын бекитүү» вариантын кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым чарбалык субъекттер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

Аналитикалык катка  

тиркеме 

 

«Улуттук банктын сунушталган ченемдик укуктук актысын бекитүү» жөнгө салуунун вариантынын 

АТААНДАШТЫККА ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА   

КОРУТУНДУ  

   

Ага ылайык талдап-иликтөө жүргүлгөн методика (аталышы):  

  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүдө атаандаштыкка тийгизген таасирди талдап-иликтөө методикасы   

  

Талдап-иликтөө жүргүзүлгөн күн: ______________________________________ чейин  

  

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүүнүн негизги (кыскача) жыйынтыгы:  

Жөнгө салуунун варианты атаандаштыкка олуттуу деле таасирин тийгизбейт   

  

Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө кеңири маалымат:  

  

· Товар рыногунун негизги параметрлери   

Товар рыногунун продукттук чек арасы:  

- банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр   

  

Товар рыногунун географиялык чек арасы:  

- георафиялык жактан чектелбейт   

  

Товар рыногунун көлөмү (маалымат бар болсо):  

- 2,4 млрд сомго же өлкөнүн банк секторунун активдеринин 1 пайызына жакынды түзгөн 

  

1) Товар рыногунда иш алып барган чарбалык субъекттердин курамы (маалымат бар болсо)  

«ЭкоИсламикБанк» ЖАК, «Бакай Банк» ААК, «АКБ Кыргызстан» ААК 

- (%): 2,4 млрд сомго же өлкөнүн банк секторунун активдеринин 1 пайызына жакынды түзгөн  

· Баа берүүлөр  

 

 

Фактордун аталышы 

баа берүү «ооба» же «жок»  

«ооба» баа берүүсүнүн негиздемеси  

 

 

Товар рыногунун концентрациялануу деңгээлин баалоо  

 

 

Аталган товар рыногунда кандайдыр бир чарбалык субъектинин үлүшү 35 пайызды же андан көптү түзгөн үстөмдүк кылуучу абал барбы-эгер бар болсо?  

жок 

 

Ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан үчтөн ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үстөмдүгү же ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарбалык субъекттердин үлүшү башкалардын үлүшүнөн жогору болгон бештен ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үлүшү болгон үстөмдүк кылучу абалы барбы? - эгерде маалыматтар бар болсо?  

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүүгө-чыгууга экономикалык чектөөлөрдү баалоо  

 

 

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу эмес жогорку чыгымдарды алып келеби:  - колдонуудагы жөнгө салуу үчүн караганда рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн;  ири ишканаларга караганда чакан ишкана үчүн ж.б.  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу потенциалдуу катышуучулардын рынокто сунуштары чектелген ресурстарга (материалдык-буюмдук, материалдык эмес ж.б.) жеткиликтүүлүгүн кыйла чектейби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салууга байланыштуу аталган товар рыногунда ишти мажбурлап токтотулган шартта иштеп жаткан чарбачыл субъекттердин (экономикалык туруктуулукка доо кетирүүгө жөндөмдүү) жогорку чыгымдарга алып келеби?  

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүүнүн административдик чектөөлөрүн баалоо  

 

 

Жаңы жөнгө салуу лицензиялык талаптардын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензияларды алуу жол-жоболорунун наркынын кыйла жогорулашына алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу чарбалык субъекттеринин чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө укуктарынын теңдигинин шарттарын бузууга алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарбалык субъекттеринин баа түзүү механизмдерин тандоону, продукциянын сапатын аныктоону, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу ордун аныктоону чектөөгө аныктоону чектөөгө алып келеби?  

жок 

 

 

Товар рыногуна чыгууга стратегиялык чектөөлөрдү баалоо  

 

 

Жаңы жөнгө салуу чарбалык интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк ассоциациялар, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын жогорку деңгээли болгон кластерлер ж.б.) катышуучулар үчүн кошумча артыкчылыктарды алууга алып келеби?  

жок