Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун долбоору Иджара мунтахийя биттамлик операциясы боюнча Банк менен Ижарачынын ортосунда түзүлүүчү типтүү келишимдерди стандартташтыруу максатында иштелип чыккан.
«Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун долбоору «Иджара сервис» продуктуну стандартташтыруу максатында иштелип чыккан, бул продуктуну колдонуунун тартибин жана шарттарын аныктоого мүмкүндүк берет. Продукцияны стандартташтыруу жөнгө салуучу, коммерциялык банктар, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар жана башкалар үчүн маалыматты калыптандырууга жана ачууга бирдиктүү мамилени колдонуу үчүн маанилүү, бул өлкөнүн финансы рыногунда атаандаштык чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Милдети болуп ислам каржылоо принциптери секторун өнүктүрүү саналат.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Токтом долбоору ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктарга карата колдонулат.
Токтом долбоорунда Иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүүнүн негизги талаптары каралган, ага ылайык:
- аталган келишимдин шарттары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш;
- келишимде Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин шарттарын аткаруу үчүн тараптардын жоопкерчилиги каралууга тийиш;
- келишимде Ижарага берүүчүнүн жана Ижарачынын укуктары жана милдеттери каралууга тийиш;
Токтом долбоорунда Иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча банк ижарага берүүчү катары иш алып барган учурда келишимдин үлгүсү каралган.
Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо - бул каржылоо механизми, анда ижара берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна ээ болуп, андан кийин бул укукту иш берүүчүгө белгиленген баада белгиленген мөөнөткө берет.
Иджара сервис Кыргыз Республикасынын финансы рыногундагы жаңы продукт болуп саналат, финансы-кредит уюмдары тарабынан калкка саякат, саламаттыкты сактоо, кыймылсыз мүлктү оңдоо, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр ж.б. үчүн кыска мөөнөттүү каржылоо сунушталат. Бул келишимге ылайык, банк кызмат көрсөтүүнү сатып алат, ал эми кардар аны кийинкиге калтырылган төлөм негизинде сатып алат. Бул учурда, кызмат көрсөтүү материалдык эмес болушу керек.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтомдун долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын расмий веб-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. Бул боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталат.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 20-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Жогоруда аталган Мыйзамдын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
6. Каржылоонун зарылдыгы тууралуу маалымат
Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну өтүнөт.
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2021-жылдын «___»_________
№________________________
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун:
2-тиркемесинин:
- 11-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«11. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал карыз суммасынан ______% өлчөмдө айыптык төлөм төлөйт.»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
«3-глава. Иджара мунтахийя биттамлик келишими
3.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими – бул иджара келишимин камтыган бүтүм, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү (активди) келишимге ылайык иджара мезгили аяктаганда же болбосо иджара мезгил аралыгында бара-бара сатып алууга милдеттенет.
3.1.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү документтерден турат:
- кардардын иджара келишиминин предмети боюнча билдирмеси;
- иджара келишими;
- иджара келишиминин предметин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
- иджара келишиминин предметинин менчик укугун өткөрүп берүүгө убада.
3.2. Келишимдин жалпы жоболору
3.2.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими кардардын билдирмесинин, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл финансылык жана юридикалык документтердин негизинде банк тарабынан түзүлөт.
3.2.2. Келишим тараптары болуп Ижарачы жана Ижарага берүүчү саналат. Кардар Ижарачынын, ал эми Банк Ижарага берүүчүнүн милдетин аткарат.
3.2.3. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети катары кайсы гана болбосун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, же болбосо банктын жана Ижарачынын өнөктөш же өнөктөш эмес экендигине карабастан, алардын бөлүнбөй турган менчик үлүшүндөгү айрым активдердеги үлүшү болушу мүмкүн.
3.2.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн.
3.2.5. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети анын коопсуздугун камсыз кылуу менен колдонулушу мүмкүн, ал эми иджара мунтахийя биттамлик келишимин аткаруудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шариат талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
3.2.6. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предметине менчик укукту өткөрүп берүү тууралуу башка документте көрсөтүлүшү өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналат, анда төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү убадасы камтылат:
1) макулдашылган акыга же ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу же ижарага алынган мүлктүн базар баасын төлөө аркылуу сатуу;
2) себебин көрсөтүүсүз белекке берүү (өткөрүп берүү);
3) калган бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү.
3.2.7. Мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү иджара мунтахийя биттамлик келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлгөн белек кылуу же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
3.2.8. 3.2.6-пунктта каралган ыкмалардын бири аркылуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө убада, убада берген адам тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Ошого карабастан убада берүү бир тарап үчүн гана милдеттүү болуп саналат, ал эми экинчи тарапка тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Бул өз ара убада берүүгө (милдеттендирүүгө) жол бербөө үчүн зарыл, анткени бул келишим шарттарына окшош, ал эми шариат нормаларына ылайык мындай шарттарга тыюу салынган.
3.2.9. Келишимде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда келишимди аткаруу шарттары каралууга тийиш.
3.3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.3.1. Ижарачынын укуктары жана милдеттери:
1) ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижарага алынган мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу;
2) мүлктү ижарага алууда Ижарага берүүчүгө карата ижаранын сапатына жана толуктугуна тиешелүү талаптарды коюу;
3) Банктын чыгымын, ошондой эле мүлктү сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берген шартта Келишимге кол коюлгандан тартып мүлктү өткөрүп алганга чейин ижарага алынган мүлктөн баш тартууга;
4) Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга;
5) мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого;
6) мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө;
7) анын күнөөсү боюнча ижара берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө;
8) тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Банк Ижарачы менен макулдашуу аркылуу банк жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн;
9) ижара берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү.
3.3.2. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери:
1) мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу чыгашалары Ижарага берүүчүгө жүктөлөт, ал Ижарачы тарабынан Ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш. Эгерде мүлктү шариат стандарттарына ылайык камсыздандыруу мүмкүн болбосо, банктын шариат кеңешинин тиешелүү макулдугу болсо, мүлк адаттагы ыкмада камсыздандырылышы мүмкүн. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү Ижарачыдан белгиленген ижара акысынан ашыкча каражат талап кыла албайт. Ошондой эле Ижарага берүүчү Ижарачыны Ижарага берүүчүнүн эсебинен мүлктү камсыздандыруу үчүн агент катары дайындай алат;
2) Ижарага берүүчү Ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөдө көрсөтүлгөн мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн;
3) Ижарага берүүчү буга чейин иджара мунтахийа биттамлик келишими түзүлгөндүгү жөнүндө үчүнчү жакка маалымдоо жана бул тууралуу Ижарачыга 30 календардык күн мурда билдирүү менен ижарага алынган мүлктү сатышы мүмкүн. Бул учурда, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер мүлктүн жаңы менчик ээсине өтөт;
4) Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө негизги техникалык тейлөөнү камсыз кылат. Ижарачы иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө күнүмдүк же мезгил-мезгили менен (кадимки) техникалык тейлөө жүргүзүп турууга тийиш;
5) Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге же шалаакы мамилеге жол бербесе, иджара мунтахийя биттамлик келишими колдонулган учурда ижарага алынган мүлк үчүн Ижарага берүүчү жооп берет.
3.4. Келишимдин мөөнөтү.
Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) өз ара макулдашуу боюнча;
2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү бузулса же аны төлөө токтотулса;
3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда;
4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөндө;
5) мүлктү Ижарачыга сатуу учурунда.
Тараптардын бири каза болгон учурда иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аракети токтотулбайт. Ижарачы каза болгон учурда анын иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча укуктары жана милдеттери мураскорго өтөт. Бирок ижарага алуучунун мураскорлору, эгерде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аткарылышы оор экендиги жөнүндө далилдерди келтирсе же мураска калтыруучу каза болгондон кийин иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү зарылдыгы жок болсо, иджара мунтахийя биттамлик келишимин токтотушу мүмкүн.
Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин типтүү үлгүсү «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркемеде келтирилген.
- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын:
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого карата
3-тиркеме
Кардардын иджара келишиминин предмети боюнча
БИЛДИРМЕСИ
_____________________________________ төмөнкү мүлктү иджара келишими боюнча төмөнкү шарттарда сатып алууну жана өткөрүп берүүнү суранат:
Иджара келишиминин предмети жөнүндө маалымат |
|
Келишим предметинин аталышы (маркасы, модели ж.б.) |
|
Наркы |
|
Саны |
|
Келишим предметинин кардар үчүн зарыл болгон башка маанилүү мүнөздөмөлөрү |
|
Келишим предметинин абалы (жаңы же колдонулган) |
|
Иджара келишиминин предметин берүүчү/сатуучу жөнүндө маалымат |
|
|
|
Бүтүм шарттары |
|
|
|
Иджара келишимине билдирме берилген күн 2021-жылдын «__» ____________
____________________
(кол тамгасы)
Негизги иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата
ИДЖАРА КЕЛИШИМИ
____________ шаары 20___-жылдын «____» ___________
Мындан ары «Банк» деп аталуучу, __________________________________________ атынан ______________________________________________________________________
_____________________________________________________________________негизинде иш алып барган ____________________________________ бир тараптан, жана
мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу, _____________________________________________ атынан ____________________________________________________________________ негизинде иш алып барган _______________________________________________________
экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүштү.
1. Келишим предмети
1.1. Ушул келишимге ылайык Ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча ___________________________________________________________ сатуучудан ___________________ (мындан ары - мүлк) менчигине сатып алат жана аны акы төлөө негизинде Ижарачыга убактылуу ээлик кылууга жана макулдашылган мөөнөт ичинде пайдаланууга берет.
1.2. Ижарага берүүчү Ижарачыга: ___________________________________________ максатта пайдалануу үчүн ___________________________________ берет.
1.3. Мүлктүн Ижарачыга берилип жаткан учурдагы мүнөздөмөсү Өткөрүп берүү актысында (1-тиркеме) көрсөтүлөт.
1.4. Ижара акысы келишим түзүлгөн учурдан тартып милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш. Ижарага берүүчүнүн ижара төлөмдөрүн алуу укугу өткөрүп берүү-кабыл алуу актына кол коюлгандан кийин жана Ижарачы мүлктү пайдалана баштаган учурдан тартып же Ижарага берүүчү Ижарачыга мүлктү пайдаланууга берген учурдан тартып келип чыгат. Ижарачы ижара боюнча төлөмдөрдү ушул келишимдин 1.6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөөгө милдеттенет.
1.5. Келишим предмети ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарага берүүчүнүн жеке менчиги болуп саналат, ал эми Ижарачы мүлктү пайдалануучу болуп эсептелет.
1.6. Мүлктү ижарага берүү мөөнөтү 20 ___- жылдын «__» ___________ баштап 20 ___- жылдын «__» ___________ чейин белгиленет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу:
2.1.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижара мүлкүнө ээлик кылууга жана пайдаланууга.
2.1.2. Ижарага берилген мүлктү кабыл алуу учурунда анын сапатына жана толуктугуна байланыштуу талаптарды Ижарага берүүчүдөн талап кылууга.
2.1.3. Ижарага берүүчүнүн чыгымын, ошондой эле мүлктү сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берген шартта Келишимге кол коюлгандан тартып мүлктү өткөрүп алганга чейин ижарага алынган мүлктөн баш тартууга.
2.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.2.1. Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга.
2.2.2. Мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого.
2.2.3. Мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө.
2.2.4. Анын күнөөсү боюнча ижара берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө.
2.2.5. Тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Ижарага берүүчү Ижарачы менен макулдашуу аркылуу Ижарага берүүчү жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн.
2.2.6. Ижара берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү.
2.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
2.3.1. Ижарага берүүчү мүлккө карата менчик укугун Ижарачыга өткөрүп бергенге чейин мүлккө менчик укугуна ээ болууга.
2.3.2. Ушул келишим боюнча өзүнүн бардык укуктарын жана милдеттерин тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү келишимди милдеттүү түрдө түзүү менен үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө.
2.3.3. Ушул келишимге ылайык, келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта ижарага берилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө.
2.3.4. Эгерде Ижарачы банктын шариат кеңеши тарабынан колдоого алынган ички саясатына ылайык, сумма кайрымдуулук максатына жумшалат деп көрсөтүү менен ижара акысын негизсиз кечиктирсе, белгиленген ижара акысынан ашык сумманы же белгиленген суммадан кошумча үлүш алууга.
2.3.5. Ижарачыга төлөө мөөнөттөрү эскертилген шартта, Ижарачы ижара төлөмдөрүн кезектеги жолу негизсиз кечиктирген учурда, Ижарачыдан ижара төлөмдөрүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга.
2.4. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.4.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда Ижарачыга мүлктү берүүгө.
2.4.2. Ижарачы бардык милдеттенмелерин аткаргандан кийин ага мүлктү өткөрүп берүү үчүн мүлккө карата менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасынын толук сакталышын камсыз кылууга.
2.4.3. Ижарачынын кат жүзүндө кайрылуусунун негизинде эсеп көчүрмөсүн берүүгө.
2.4.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө.
2.4.5. Эгерде Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди же шалаакы мамиле жасабаса, ижарага алынган мүлк үчүн келишим бүткөнгө чейин жооп берүүгө.
3. Ижараны камсыздоо
3.1. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талапка ылайык аткаруу ушул келишимдин тараптары ортосунда түзүлгөн _______________________ № _____ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз кылынат.
3.2. Карызды, башка жыйымдарды толугу менен жана өз убагында төлөө, ошондой эле ушул келишим боюнча Ижарачынын башка милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы күрөө менен камсыздалат.
3.3. Ижарачы ушул келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талапка ылайык аткарбаса, Ижарага берүүчү күрөө келишиминде белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.
4. Келишим боюнча милдеттенмелерди токтотуу жана талаш маселелерди чечүү тартиби
4.1. Талаш маселелер жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Талаш маселелерди тараптардын макулдашуусу боюнча чечүү мүмкүн болбосо, алар белгиленген тартипте сот органдарына өткөрүлүп берилет.
4.2. Бул келишим төмөндө көрсөтүлгөн учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) өз ара макулдашуу боюнча;
2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү сакталбаса же төлөө токтотулган учурда;
3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда;
4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөн учурда;
5) мүлк Ижарачыга сатылганда.
5. Ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор)
5.1. Эгерде Ижарачы бул келишим боюнча милдеттенмелерин суу ташкындары, өрт, жер титирөө жана башка табигый же техногендик кырсыктар, ошондой эле аскердик аракеттер, блокада, мамлекеттик органдардын аракети, өзгөчө кырдаалдын киргизилиши, массалык баш аламандыктар ж.б. натыйжасында аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Ижарачынын ушул келишим боюнча милдеттенмелери токтотулбайт жана аткаруу мөөнөттөрү банктын макулдугу менен мындай жагдайлар орун алып турган учурга жараша кийинкиге жылдырылышы мүмкүн.
5.2. Эгерде тараптар ал жеткис күч (форс-мажордук) жагдайларынан улам ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай же талаптагыдай аткара албай калса ал боюнча жоопкерчиликтен бошотулат, мындай ал жеткис күч жагдайлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик орган тарабынан жазуу жүзүндө тастыкталат.
Эгерде мындай тастыктоону алуу мүмкүн болбосо, форс-мажордук жагдайды далилдөө милдети бузууга жол берген тарапка жүктөлөт.
5.3. Форс-мажордук кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: табигый кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрт жана башка табигый же техногендик кырсыктар), эпидемиялар, тиешелүү аймакка согуш абалынын киргизилиши, массалык баш аламандыктар.
Бул учурларда, келишим боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди аткарбаган же өз убагында аткарбаган тарап форс-мажордук кырдаалдардын орун алгандыгы жана алардын кесепети жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө жана аталган жагдайлардын кесепетинен келип чыккан терс натыйжаларды максималдуу чектөө максатында бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Корутунду жоболор
6.1. Ижарачы бул келишимдин мазмуну менен таанышып чыккандыгын тастыктап, анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды кабыл алат, ошондой эле Ижарага берүүчүдөн милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун кесепети жөнүндө түшүндүрмө алгандыгын тастыктайт.
6.2. Бул келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Ижарачы ушул келишим боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.
6.3. Бул келишим ___ нускада, тараптардын ар бири үчүн түзүлдү. Тараптар кол койгон ушул келишимдин текстинин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ.
6.4. Бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар кол койгон кошумча келишим менен таризделет жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, ошондой эле шариат эрежелерине жана принциптерине каршы келбөөгө тийиш.
6.5. Тараптар ушул келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин, бири-бирине дооматы болбойт.
6.6. Бул келишимдин тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Ижарага берүүчү |
Ижарачы |
|
|
|
|
|
|
______________________(кызмат орду) |
|
______________________ (аты-жөнү) |
|
_____________________ (кол тамга, мөөр) |
|
20__-жылдын «____» ___________ № __ иджара келишимине карата
КАБЫЛ АЛУУ-ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ
Биз, төмөндө кол койгондор, ____________ атынан бир жагынан жана ____________ атынан экинчи жагынан, банк төмөнкүлөрдү өткөрүп бергендиги, ал эми Ижарачы кабыл алгандыгы тууралуу ушул актыны түздүк:
Катар № |
Жабдуунун/мүлктүн аталышы |
Жабдуунун/мүлктүн сыпатталышы |
Саны |
Эскертүү |
|
|
|
|
|
Бул акт 20__-жылдын «____» __________ эки нускада, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлгөн.
1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Ижарага берүүчү |
Ижарачы |
|
|
|
|
|
|
______________________(кызмат орду) |
|
______________________ (аты-жөнү) |
|
_______________________ (кол тамга, мөөр) |
|
Иджара келишими боюнча менчик укукту өткөрүп берүү
УБАДАСЫ
_________ шаары 20____-жылдын «____» ________________
Мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу, __________________________ атынан _______________________________________________________________________ негизинде иш алып барган ______________________________________________________ 20____-жылдын «___» ___________ №_______________ иджара мунтахийя биттамлик келишимине ылайык төмөнкүлөр боюнча убада берет:
2. Убада предмети
1.1. Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык шарттары бузууларсыз аткарылган шартта, анын мөөнөтү аяктагандан кийин банктан Ижарачыга _____-жылдын «____»_________ № __________ келишимге карата мүлккө менчик укукту өткөрүп берүү жөнүндө убадасын берет.
1.2. Бул бир тараптуу убада, ага ылайык Ижарачы бардык ижара төлөмдөрүн төлөгөн учурда Ижарага берүүчү өзүнө төмөнкү милдеттенмелердин бирин алат:
1) макулдашылган акыга же ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу же ижарага берилген мүлктүн базар баасын төлөө жолу менен сатууга;
2) себебин көрсөтпөстөн, аны белекке берүүгө (өткөрүп берүү);
3) калган бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүүгө.
1.3. Убада бир тараптуу жана Ижарага берүүчү үчүн гана милдеттүү болуп саналат.
1.4. Бул милдеттенме эки нускада түзүлгөн, бир нускасы Ижарачыга берилет.
3. Ижарага берүүчүнүн реквизиттери
Ижарага берүүчү |
|
|
|
______________________(кызмат орду) |
______________________ (аты-жөнү) |
_______________________ (кол тамга, мөөр) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын
23-сентябрындагы №38/8 «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жобо төмөнкү мазмундагы 2.4.1-глава менен толукталсын:
Глава 2.4.1 Иджара сервис бүтүмү
2.4.1.1. Иджара Cервис – бул эки келишимден турган, кардарга макулдашылган мөөнөт ичинде жана белгиленген акыга кызматтан пайдалануу укугун сунуштоо боюнча келишим: 1) кызмат көрсөтүүчү банкка көрсөткөн кызматты пайдалануу укугу жөнүндө келишим; 2) банк менен кардандын ортосундагы ырааттуу төлөм негизинде кардарга кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим.
2.4.1.2. Иджара сервис бүтүмү ижарага алынган кыска мөөнөтүү каржылоо үчүн банк менен кардар ортосундагы мамилелерди карайт, бул жерде тейлөө арендага алынат жана бул тейлөө материалдык эмес болушу керек. Банк ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерге ээ болот, мында банк кардарга керектүү кызматтарды ижарага алат жана аларды кардарга ижара негизинде субарендага берет.
2.4.1.3. Иджара сервис бүтүмүн финансы-кредит уюмдары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү оңдоо, саякаттоо, майрамдоо, бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, консалтинг ж.б. кызматтарын сунуштоо үчүн колдонушу мүмкүн.
2.4.1.4. Бүтүм тараптары катары жалдоого берүүчү жана жалдоочу эсептелет. Банк жалдоого берүүчү катары иш алып барат.
2.4.1.5. Иджара Сервис келишиминин предмети пайда (кызмат же жумуш) саналат.
2.4.1.6. Кызмат/жумуш так аныкталган жана ачык болууга тийиш, объективдүү аткарылууга жана Шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.
2.4.1.7. Сый акы эч кандай талаш-тартыштын келип чыгышын шарттабаган жана акча каражаттары түрүндө болууга тийиш. Сый акы суммасы толугу менен же бөлүп төлөнүшү мүмкүн.
2.4.1.8. Банктын кызмат көрсөтүү үчүн төлөө боюнча милдеттенмеси келишимге кол коюлган учурдан тартып келип чыгат. Кардардын банкка төлөө боюнча милдети пайда алынган учурдан тартып келип чыгат.
2.4.1.9. Банк убаданы аткаруу ниетинин олуттуулугунун кепилдиги катары жалдоочудан белгилүү бир өлчөмдө күрөөлүк сумманы төлөөнү талап кылууга укуктуу. Салынган сумма карызды төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Баш тартылган учурда иш жүзүндө келтирилген зыян өлчөмү гана алынат.
2.4.1.10. Ижара Сервис бүтүмүнүн натыйжасында банк алган каражаттар Шарият стандарттарына туура келген операцияларга колдонулушу керек.
2.4.1.11. Иджара сервис бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Мында келишим толук аракетке жөндөмдүү/укук жөндөмдүүлүгүнө ээ тараптар ортосунда гана түзүлөт.
2.4.1.12. Эки тарап макулдашуусу боюнча Иджара Сервис келишими белгиленген мөөнөткө түзүлөт.
2.4.1.13. Иджара сервис келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) тараптардын макулдашуусу боюнча;
2) келишимдин мөөнөтү аяктаганда;
3) макулдашылган шарттар бузулганда жана/же пайдалануу укугу үчүн төлөмдөр токтотулганда;
4) келишимдин тараптары мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда толугу менен аткарганда.
2.4.1.14. Иджара сервис келишимин, баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин же андан кийин узартылгандыгына/узартылбагандыгына карабастан, жаңы мөөнөткө узартууга жол берилет.
2.4.1.15. Келишим шарттары бузулган же күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурларды эске албаганда, келишимди бир тараптуу тартипте бузууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
№ |
Азыркы редакция |
Сунуш кылынган редакция |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
«Банк иштеринин жана каржылоонун ислам принциптерине шайкеш түзүлгөн типтүү келишимдерине коюлган талаптар жөнүндөгү» жобо жөнүндө 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 токтому |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1. |
Тиркеме 2
11. Эгерде Кардар бөлүп төлөөгө сатылган Товарлардын белгиленген төлөө графиги боюнча кезектеги төлөмдү өз убагында төлөбөсө, анда Кардар каржылоонун _________% өлчөмүндө туумду төлөйт. Мында келишимдин бардык убактысы үчүн эсептелген айыптын суммасы каржылоо суммасынын 20%ынан ашпоого тийиш. Айып пул түрүндө алынган каражаттар кайрымдуулук максаттарга жумшалат. Банктын Шариат кеңеши айып пул түрүндө алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыздашы керек. |
Тиркеме 2
11. Эгерде Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган товар үчүн белгиленген төлөө графиги боюнча кезектеги төлөмдү өз мөөнөтүндө төлөбөсө, анда Кардар карыздын суммасынын _________% өлчөмүндө үстөк айып төлөйт. Мында келишимдин бардык убактысы үчүн эсептелген айыптын суммасы каржылоо суммасынын 20%ынан ашпоого тийиш. Айып пул түрүндө алынган каражаттар кайрымдуулук максаттарга жумшалат. Банктын Шариат кеңеши айып пул түрүндө алынган каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыздашы керек.
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
«3-глава. Иджара мунтахийя биттамлик келишими 3.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими – бул иджара келишимин камтыган бүтүм, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү (активди) келишимге ылайык иджара мезгили аяктаганда же болбосо иджара мезгил аралыгында бара-бара сатып алууга милдеттенет. 3.1.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү документтерден турат: - кардардын иджара келишиминин предмети боюнча билдирмеси; - иджара келишими; - иджара келишиминин предметин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы; - иджара келишиминин предметинин менчик укугун өткөрүп берүүгө убада. 3.2. Келишимдин жалпы жоболору 3.2.1. Иджара мунтахийя биттамлик келишими кардардын билдирмесинин, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл финансылык жана юридикалык документтердин негизинде банк тарабынан түзүлөт. 3.2.2. Келишим тараптары болуп Ижарачы жана Ижарага берүүчү саналат. Кардар Ижарачынын, ал эми Банк Ижарага берүүчүнүн милдетин аткарат. 3.2.3. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети катары кайсы гана болбосун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, же болбосо банктын жана Ижарачынын өнөктөш же өнөктөш эмес экендигине карабастан, алардын бөлүнбөй турган менчик үлүшүндөгү айрым активдердеги үлүшү болушу мүмкүн. 3.2.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн. 3.2.5. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети анын коопсуздугун камсыз кылуу менен колдонулушу мүмкүн, ал эми иджара мунтахийя биттамлик келишимин аткаруудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шариат талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 3.2.6. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предметине менчик укукту өткөрүп берүү тууралуу башка документте көрсөтүлүшү өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналат, анда төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү убадасы камтылат: 1) макулдашылган акыга же ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу же ижарага алынган мүлктүн базар баасын төлөө аркылуу сатуу; 2) себебин көрсөтүүсүз белекке берүү (өткөрүп берүү); 3) калган бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү. 3.2.7. Мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү иджара мунтахийя биттамлик келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлгөн белек кылуу же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. 3.2.8. 3.2.6-пунктта каралган ыкмалардын бири аркылуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө убада, убада берген адам тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Ошого карабастан убада берүү бир тарап үчүн гана милдеттүү болуп саналат, ал эми экинчи тарапка тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Бул өз ара убада берүүгө (милдеттендирүүгө) жол бербөө үчүн зарыл, анткени бул келишим шарттарына окшош, ал эми шариат нормаларына ылайык мындай шарттарга тыюу салынган. 3.2.9. Келишимде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда келишимди аткаруу шарттары каралууга тийиш. 3.3. Тараптардын укуктары жана милдеттери 3.3.1. Ижарачынын укуктары жана милдеттери: 1) ушул Келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижарага алынган мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу; 2) мүлктү ижарага алууда Ижарага берүүчүгө карата ижаранын сапатына жана толуктугуна тиешелүү талаптарды коюу; 3) Банктын чыгымын, ошондой эле мүлктү сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берген шартта Келишимге кол коюлгандан тартып мүлктү өткөрүп алганга чейин ижарага алынган мүлктөн баш тартууга; 4) Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга; 5) мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого; 6) мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө; 7) анын күнөөсү боюнча ижара берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө; 8) тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Банк Ижарачы менен макулдашуу аркылуу банк жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн; 9) ижара берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү. 3.3.2. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери: 1) мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу чыгашалары Ижарага берүүчүгө жүктөлөт, ал Ижарачы тарабынан Ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш. Эгерде мүлктү шариат стандарттарына ылайык камсыздандыруу мүмкүн болбосо, банктын шариат кеңешинин тиешелүү макулдугу болсо, мүлк адаттагы ыкмада камсыздандырылышы мүмкүн. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү Ижарачыдан белгиленген ижара акысынан ашыкча каражат талап кыла албайт. Ошондой эле Ижарага берүүчү Ижарачыны Ижарага берүүчүнүн эсебинен мүлктү камсыздандыруу үчүн агент катары дайындай алат; 2) Ижарага берүүчү Ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөдө көрсөтүлгөн мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн; 3) Ижарага берүүчү буга чейин иджара мунтахийа биттамлик келишими түзүлгөндүгү жөнүндө үчүнчү жакка маалымдоо жана бул тууралуу Ижарачыга 30 календардык күн мурда билдирүү менен ижарага алынган мүлктү сатышы мүмкүн. Бул учурда, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер мүлктүн жаңы менчик ээсине өтөт; 4) Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө негизги техникалык тейлөөнү камсыз кылат. Ижарачы иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө күнүмдүк же мезгил-мезгили менен (кадимки) техникалык тейлөө жүргүзүп турууга тийиш; 5) Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге же шалаакы мамилеге жол бербесе, иджара мунтахийя биттамлик келишими колдонулган учурда ижарага алынган мүлк үчүн Ижарага берүүчү жооп берет. 3.4. Келишимдин мөөнөтү. Иджара мунтахийя биттамлик келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) өз ара макулдашуу боюнча; 2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү бузулса же аны төлөө токтотулса; 3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда; 4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөндө; 5) мүлктү Ижарачыга сатуу учурунда. Тараптардын бири каза болгон учурда иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аракети токтотулбайт. Ижарачы каза болгон учурда анын иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча укуктары жана милдеттери мураскорго өтөт. Бирок ижарага алуучунун мураскорлору, эгерде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин аткарылышы оор экендиги жөнүндө далилдерди келтирсе же мураска калтыруучу каза болгондон кийин иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү зарылдыгы жок болсо, иджара мунтахийя биттамлик келишимин токтотушу мүмкүн. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин типтүү үлгүсү «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркемеде келтирилген. - Жобо төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын:
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркеме
Кардардын иджара келишиминин предмети боюнча БИЛДИРМЕСИ
_____________________________________ төмөнкү мүлктү иджара келишими боюнча төмөнкү шарттарда сатып алууну жана өткөрүп берүүнү суранат:
Иджара келишимине билдирме берилген күн 2021-жылдын «__» ____________ ____________________ (кол тамгасы)
Негизги иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата ИДЖАРА КЕЛИШИМИ
____________ шаары 20___-жылдын «____» ___________
Мындан ары «Банк» деп аталуучу, __________________________________________ атынан ______________________________________________________________________ _____________________________________________________________________негизинде иш алып барган ____________________________________ бир тараптан, жана мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу, _____________________________________________ атынан ____________________________________________________________________ негизинде иш алып барган _______________________________________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүштү.
1. Келишим предмети 1.1. Ушул келишимге ылайык Ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча ___________________________________________________________ сатуучудан ___________________ (мындан ары - мүлк) менчигине сатып алат жана аны акы төлөө негизинде Ижарачыга убактылуу ээлик кылууга жана макулдашылган мөөнөт ичинде пайдаланууга берет. 1.2. Ижарага берүүчү Ижарачыга: ___________________________________________ максатта пайдалануу үчүн ___________________________________ берет. 1.3. Мүлктүн Ижарачыга берилип жаткан учурдагы мүнөздөмөсү Өткөрүп берүү актысында (1-тиркеме) көрсөтүлөт. 1.4. Ижара акысы келишим түзүлгөн учурдан тартып милдеттүү түрдө төлөнүүгө тийиш. Ижарага берүүчүнүн ижара төлөмдөрүн алуу укугу өткөрүп берүү-кабыл алуу актына кол коюлгандан кийин жана Ижарачы мүлктү пайдалана баштаган учурдан тартып же Ижарага берүүчү Ижарачыга мүлктү пайдаланууга берген учурдан тартып келип чыгат. Ижарачы ижара боюнча төлөмдөрдү ушул келишимдин 1.6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөөгө милдеттенет. 1.5. Келишим предмети ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарага берүүчүнүн жеке менчиги болуп саналат, ал эми Ижарачы мүлктү пайдалануучу болуп эсептелет. 1.6. Мүлктү ижарага берүү мөөнөтү 20 ___- жылдын «__» ___________ баштап 20 ___- жылдын «__» ___________ чейин белгиленет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 2.1. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу: 2.1.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ижара мүлкүнө ээлик кылууга жана пайдаланууга. 2.1.2. Ижарага берилген мүлктү кабыл алуу учурунда анын сапатына жана толуктугуна байланыштуу талаптарды Ижарага берүүчүдөн талап кылууга. 2.1.3. Ижарага берүүчүнүн чыгымын, ошондой эле мүлктү сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу бардык чыгашаларын төлөп берген шартта Келишимге кол коюлгандан тартып мүлктү өткөрүп алганга чейин ижарага алынган мүлктөн баш тартууга. 2.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү: 2.2.1. Мүлктү колдонуу мөөнөтүнө, шарттарына, методдоруна жана ыкмаларына сыяктуу эле, аны күтүүгө да ак ниет мамиле кылууга. 2.2.2. Мүлктү шариат стандарттарына ылайык гана пайдаланууга, аны күтүүгө жана колдонуу эрежелерин сактоого. 2.2.3. Мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ижара берүүчүдөн жазуу жүзүндө макулдук алган учурларды эске албаганда, мүлктүн бүтүндүгүнө таасир тийгизген олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө. 2.2.4. Анын күнөөсү боюнча ижара берүүчүгө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө. 2.2.5. Тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин аткаруунун гарантиясы катары белгилүү бир сумманы салуу. Ижарачы милдеттенмесин аткарбаган учурда салынган сумма зыяндын ордун жабуу үчүн гана колдонулат. Ижарага берүүчү Ижарачы менен макулдашуу аркылуу Ижарага берүүчү жана Ижарачы ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде аны инвестициялоо үчүн колдоно алат. Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн. 2.2.6. Ижара берүүчүнүн макулдугу менен ижара келишиминен айырмаланган шарттарда субижара келишимин түзүү. 2.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу: 2.3.1. Ижарага берүүчү мүлккө карата менчик укугун Ижарачыга өткөрүп бергенге чейин мүлккө менчик укугуна ээ болууга. 2.3.2. Ушул келишим боюнча өзүнүн бардык укуктарын жана милдеттерин тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү келишимди милдеттүү түрдө түзүү менен үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө. 2.3.3. Ушул келишимге ылайык, келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта ижарага берилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө. 2.3.4. Эгерде Ижарачы банктын шариат кеңеши тарабынан колдоого алынган ички саясатына ылайык, сумма кайрымдуулук максатына жумшалат деп көрсөтүү менен ижара акысын негизсиз кечиктирсе, белгиленген ижара акысынан ашык сумманы же белгиленген суммадан кошумча үлүш алууга. 2.3.5. Ижарачыга төлөө мөөнөттөрү эскертилген шартта, Ижарачы ижара төлөмдөрүн кезектеги жолу негизсиз кечиктирген учурда, Ижарачыдан ижара төлөмдөрүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга. 2.4. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү: 2.4.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн шарттарда Ижарачыга мүлктү берүүгө. 2.4.2. Ижарачы бардык милдеттенмелерин аткаргандан кийин ага мүлктү өткөрүп берүү үчүн мүлккө карата менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасынын толук сакталышын камсыз кылууга. 2.4.3. Ижарачынын кат жүзүндө кайрылуусунун негизинде эсеп көчүрмөсүн берүүгө. 2.4.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө. 2.4.5. Эгерде Ижарачы ижарага алынган мүлккө карата кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди же шалаакы мамиле жасабаса, ижарага алынган мүлк үчүн келишим бүткөнгө чейин жооп берүүгө.
3. Ижараны камсыздоо 3.1. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талапка ылайык аткаруу ушул келишимдин тараптары ортосунда түзүлгөн _______________________ № _____ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз кылынат. 3.2. Карызды, башка жыйымдарды толугу менен жана өз убагында төлөө, ошондой эле ушул келишим боюнча Ижарачынын башка милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы күрөө менен камсыздалат. 3.3. Ижарачы ушул келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талапка ылайык аткарбаса, Ижарага берүүчү күрөө келишиминде белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.
4. Келишим боюнча милдеттенмелерди токтотуу жана талаш маселелерди чечүү тартиби 4.1. Талаш маселелер жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Талаш маселелерди тараптардын макулдашуусу боюнча чечүү мүмкүн болбосо, алар белгиленген тартипте сот органдарына өткөрүлүп берилет. 4.2. Бул келишим төмөндө көрсөтүлгөн учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) өз ара макулдашуу боюнча; 2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү сакталбаса же төлөө токтотулган учурда; 3) ижарага алынган мүлк бузулган учурда; 4) иджара мунтахийя биттамлик келишиминин мөөнөтү бүткөн учурда; 5) мүлк Ижарачыга сатылганда.
5. Ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор) 5.1. Эгерде Ижарачы бул келишим боюнча милдеттенмелерин суу ташкындары, өрт, жер титирөө жана башка табигый же техногендик кырсыктар, ошондой эле аскердик аракеттер, блокада, мамлекеттик органдардын аракети, өзгөчө кырдаалдын киргизилиши, массалык баш аламандыктар ж.б. натыйжасында аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Ижарачынын ушул келишим боюнча милдеттенмелери токтотулбайт жана аткаруу мөөнөттөрү банктын макулдугу менен мындай жагдайлар орун алып турган учурга жараша кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. 5.2. Эгерде тараптар ал жеткис күч (форс-мажордук) жагдайларынан улам ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай же талаптагыдай аткара албай калса ал боюнча жоопкерчиликтен бошотулат, мындай ал жеткис күч жагдайлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик орган тарабынан жазуу жүзүндө тастыкталат. Эгерде мындай тастыктоону алуу мүмкүн болбосо, форс-мажордук жагдайды далилдөө милдети бузууга жол берген тарапка жүктөлөт. 5.3. Форс-мажордук кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: табигый кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрт жана башка табигый же техногендик кырсыктар), эпидемиялар, тиешелүү аймакка согуш абалынын киргизилиши, массалык баш аламандыктар. Бул учурларда, келишим боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди аткарбаган же өз убагында аткарбаган тарап форс-мажордук кырдаалдардын орун алгандыгы жана алардын кесепети жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө жана аталган жагдайлардын кесепетинен келип чыккан терс натыйжаларды максималдуу чектөө максатында бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Корутунду жоболор 6.1. Ижарачы бул келишимдин мазмуну менен таанышып чыккандыгын тастыктап, анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды кабыл алат, ошондой эле Ижарага берүүчүдөн милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун кесепети жөнүндө түшүндүрмө алгандыгын тастыктайт. 6.2. Бул келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Ижарачы ушул келишим боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот. 6.3. Бул келишим ___ нускада, тараптардын ар бири үчүн түзүлдү. Тараптар кол койгон ушул келишимдин текстинин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 6.4. Бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар кол койгон кошумча келишим менен таризделет жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда бул келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, ошондой эле шариат эрежелерине жана принциптерине каршы келбөөгө тийиш. 6.5. Тараптар ушул келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин, бири-бирине дооматы болбойт. 6.6. Бул келишимдин тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
20__-жылдын «____» ___________ № __ иджара келишимине карата КАБЫЛ АЛУУ-ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ
Биз, төмөндө кол койгондор, ____________ атынан бир жагынан жана ____________ атынан экинчи жагынан, банк төмөнкүлөрдү өткөрүп бергендиги, ал эми Ижарачы кабыл алгандыгы тууралуу ушул актыны түздүк:
Бул акт 20__-жылдын «____» __________ эки нускада, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлгөн. 1. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Иджара келишими боюнча менчик укукту өткөрүп берүү УБАДАСЫ
_________ шаары 20____-жылдын «____» ________________
Мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу, __________________________ атынан _______________________________________________________________________ негизинде иш алып барган ______________________________________________________ 20____-жылдын «___» ___________ №_______________ иджара мунтахийя биттамлик келишимине ылайык төмөнкүлөр боюнча убада берет:
2. Убада предмети 1.1. Ижарага берүүчү иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык шарттары бузууларсыз аткарылган шартта, анын мөөнөтү аяктагандан кийин банктан Ижарачыга _____-жылдын «____»_________ № __________ келишимге карата мүлккө менчик укукту өткөрүп берүү жөнүндө убадасын берет. 1.2. Бул бир тараптуу убада, ага ылайык Ижарачы бардык ижара төлөмдөрүн төлөгөн учурда Ижарага берүүчү өзүнө төмөнкү милдеттенмелердин бирин алат: 1) макулдашылган акыга же ижара акысынын калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө аркылуу же ижарага берилген мүлктүн базар баасын төлөө жолу менен сатууга; 2) себебин көрсөтпөстөн, аны белекке берүүгө (өткөрүп берүү); 3) калган бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүүгө. 1.3. Убада бир тараптуу жана Ижарага берүүчү үчүн гана милдеттүү болуп саналат. 1.4. Бул милдеттенме эки нускада түзүлгөн, бир нускасы Ижарачыга берилет.
3. Ижарага берүүчүнүн реквизиттери
» |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо жөнүндө 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 токтому |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
Глава 2.4.1 Иджара сервис бүтүмү 2.4.1.1. Иджара Cервис – бул эки келишимден турган, кардарга макулдашылган мөөнөт ичинде жана белгиленген акыга кызматтан пайдалануу укугун сунуштоо боюнча келишим: 1) кызмат көрсөтүүчү банкка көрсөткөн кызматты пайдалануу укугу жөнүндө келишим; 2) банк менен кардандын ортосундагы ырааттуу төлөм негизинде кардарга кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим. 2.4.1.2. Иджара сервис бүтүмү ижарага алынган кыска мөөнөтүү каржылоо үчүн банк менен кардар ортосундагы мамилелерди карайт, бул жерде тейлөө арендага алынат жана бул тейлөө материалдык эмес болушу керек. Банк ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерге ээ болот, мында банк кардарга керектүү кызматтарды ижарага алат жана аларды кардарга ижара негизинде субарендага берет. 2.4.1.3. Иджара сервис бүтүмүн финансы-кредит уюмдары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү оңдоо, саякаттоо, майрамдоо, бизнести өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, консалтинг ж.б. кызматтарын сунуштоо үчүн колдонушу мүмкүн. 2.4.1.4. Бүтүм тараптары катары жалдоого берүүчү жана жалдоочу эсептелет. Банк жалдоого берүүчү катары иш алып барат. 2.4.1.5. Иджара Сервис келишиминин предмети пайда (кызмат же жумуш) саналат. 2.4.1.6. Кызмат/жумуш так аныкталган жана ачык болууга тийиш, объективдүү аткарылууга жана Шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. 2.4.1.7. Сый акы эч кандай талаш-тартыштын келип чыгышын шарттабаган жана акча каражаттары түрүндө болууга тийиш. Сый акы суммасы толугу менен же бөлүп төлөнүшү мүмкүн. 2.4.1.8. Банктын кызмат көрсөтүү үчүн төлөө боюнча милдеттенмеси келишимге кол коюлган учурдан тартып келип чыгат. Кардардын банкка төлөө боюнча милдети пайда алынган учурдан тартып келип чыгат. 2.4.1.9. Банк убаданы аткаруу ниетинин олуттуулугунун кепилдиги катары жалдоочудан белгилүү бир өлчөмдө күрөөлүк сумманы төлөөнү талап кылууга укуктуу. Салынган сумма карызды төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Баш тартылган учурда иш жүзүндө келтирилген зыян өлчөмү гана алынат. 2.4.1.10. Ижара Сервис бүтүмүнүн натыйжасында банк алган каражаттар Шарият стандарттарына туура келген операцияларга колдонулушу керек. 2.4.1.11. Иджара сервис бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Мында келишим толук аракетке жөндөмдүү/укук жөндөмдүүлүгүнө ээ тараптар ортосунда гана түзүлөт. 2.4.1.12. Эки тарап макулдашуусу боюнча Иджара Сервис келишими белгиленген мөөнөткө түзүлөт. 2.4.1.13. Иджара сервис келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) тараптардын макулдашуусу боюнча; 2) келишимдин мөөнөтү аяктаганда; 3) макулдашылган шарттар бузулганда жана/же пайдалануу укугу үчүн төлөмдөр токтотулганда; 4) келишимдин тараптары мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда толугу менен аткарганда. 2.4.1.14. Иджара сервис келишимин, баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин же андан кийин узартылгандыгына/узартылбагандыгына карабастан, жаңы мөөнөткө узартууга жол берилет. 2.4.1.15. Келишим шарттары бузулган же күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурларды эске албаганда, келишимди бир тараптуу тартипте бузууга жол берилбейт. |
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
Толук/айрым бөлүктөрүнүн
жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө
(керектүүсүн сызып кой)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
(иштеп чыккан органдын аталышы)
БЕКИТЕМ
____________________________________
(кызматы)
____________________________________
(кол тамгасы)
20___-жылдын «___» _______________
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» жана «Ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорлорунун
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ
Иштеп чыгуу үчүн негиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдын 6-февралындагы № 2019-Пр-121/16-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан ишкердик субъектилердин ишине карата иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө мөөнөтү:
_________________ _______________
(башталган күнү) (аяктаган күнү)
Жумушчу топтун жетекчиси:
Ж.С. Сулайманбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги _______
Жумушту топ:
С.А. Чалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги ________
Б.А. Бейшеналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги ________
И.Дж. Султанкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги ________
Э.О. Абдыразаков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги________
Ч.А. Биялиева, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын Юридика башкармалыгынын башкы адиси________
Д.М. Мамырбаева, «Дос-Кредобанк» ААКтын Юридика башкармалыгынын начальниги ________
А.А. Жораев, «М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧКнын Ички шариат контролдоо бөлүмүнүн жетекчиси________
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары:
М.Ж. Жолдошов, 31-30-52, mzholdoshov@nbkr.kg
А.О. Усенова, 31-32-11, ausenova@nbkr.kg
(Аты-жөнү, тел., e-mail)
1.
1.1. Проблемалардын сүрөттөлүшү
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине негизделген финансылык инструменттер кеңири өнүгүүдө. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери системасы салттуу финансылык системага атаандаш альтернатива катары каралууда. Бул реалдуу экономиканын өсүшү, калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу мүмкүнчүлүгү, финансы чөйрөсүндө максималдуу ачык-айкындуулукка жетишүү жана өлкөнүн финансы рыногуна ири инвесторлорду жана эл аралык корпорацияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан.
Бүгүнкү күндө ислам финансы сектору глобалдуу финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын эң тез өсүп жаткан сегменттеринин бири болуп саналат. Акыркы он жылдын ичинде ислам финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногу ислам финансылык инструменттер жыл сайын 11,4 пайызга өсүү шартында дээрлик 2,44 трлн АКШ долларына чейин өскөн (дүйнөлүк реалдуу жүгүртүүнүн 2,7 пайызы).
Кыргыз Республикасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерин өнүктүрүү 2006-жылы пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу аркылуу башталган. Бүгүнкү күндө рынокто бир пилоттук банк, «ислам терезеси» менен бир банк, аталган принциптердин негизинде иштеген төрт микрокредиттик компания жана «ислам терезеси» менен бир микрокредиттик компания бар.
2021-жылдын экинчи чейрегинин акырына карата абал боюнча, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу банктардын активдеринин үлүшү 2,4 млрд сомго жакынды же өлкөнүн банк секторунун активдеринин 1 пайызына жакын өлчөмүн түзгөн. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдердин үлүшү узак убакыт бою туруктуу өзгөрүүсүз калган, ошондуктан сунушталган долбоор ислам банк иши жана каржылоо принциптери секторунун андан ары өсүшү үчүн даярдалган жана төмөнкү проблеманы чечүүгө багытталган:
1-проблема, анын чечилиши «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору багытталган, ал орто жана узак мөөнөттүү каржылоо инструменттеринин кеңири таралбагандыгы менен түшүндүрүлөт, алардын бири Иджара мунтахийя биттамлик.
Коммерциялык банктар тарабынан сунушталган эң популярдуу продукттардын бири – мурабаха болуп саналат. Өзүнүн түзүмү жана жөнөкөйлүгү боюнча мурабаха кыска мөөнөттүү каржылоо катары алмаштырылгыс, бирок аны колдонуу узак мөөнөттүү каржылоо үчүн толук ылайыктуу эмес, бул продукттун наркынын өсүшү жана менчик укугун өткөрүп берүү менен коштолгон тобокелдиктер менен байланышкан.
Иджара мунтахия биттамликти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү мына ушунда турат: ишканалар өзүн-өзү каржылоого мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу үчүн каржылоонун биринчи булагы катары экинчи булакка: банктардын насыяларына кайрыла алышат. Ошону менен бирге, Иджара мунтахия биттамликтин узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү каржылоо инструменттеринин айырмалоочу өзгөчөлүгү - бул ишкананын өндүрүштүк жана коммерциялык потенциалын жогорулатуу же жеке жактардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
2-проблема. Өлкөнүн финансы рыногунда стандартташтырылган "Иджара Сервис" продуктунун жоктугу, ага ылайык ислам каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүүчү коммерциялык банктар калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү, билим берүү кызматтарын, саякаттарды, консалтинг кызматтарды каржылоону камсыз кыла алат. Сунушталган өзгөртүүлөр ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык көрсөтүлүүчү банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтет, бул атаандаштык чөйрөнү түзүүгө жана каржылоонун ислам принциптеринин секторун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кызыкдар тараптар:
1) көзөмөлдөө органы – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
2) ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмдары;
3) финансы-кредит уюмдарынын кардарлары.
1.2. Кызыкдар тараптардын пикирлерин талдоо
Кызыкдар тараптардын пикирлерин талдоо ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
1.3. Проблемалар масштабы
Проблемалар масштабын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган банктардын жана алардын кардарларынын колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрү жагынан кароо керек, анткени бүгүнкү күндө банктар каржылоо инструменттеринин чектелген тизмегине ээ, бул өлкөдө аталган принциптердин өнүгүү деңгээли менен байланыштуу болгон. Ушуга байланыштуу, долбоор кийинчерээк кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алуу жана ишканаларды узак мөөнөттүү каржылоого мүмкүндүк берүүчү ислам каржылоо принциптеринин алкагында каржылоо инструменттерин өнүктүрүүгө багытталган.
1.4. Эл аралык тажрыйба
Долбоорду даярдоодо чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы каралды.
КМШ өлкөлөрүндө Иджара мунтахийя биттамлик жана Иджара Сервис өнүккөн эмес. Бирок, ислам каржылоо принциптери өнүккөн көптөгөн араб өлкөлөрүндө, атап айтканда БАЭ, Оман, Пакистан, Нигерия жана башка өлкөлөрдө финансы продуктунун бул түрүн жергиликтүү банктар сунуштай алат. Мисалы, Абу Даби (ADCB) коммерциялык банкы, Дубай ислам банкы (DIB), Аджман банкы (Ajmanbank), ошондой эле HSBC банкынын ислам филиалдары ж.б. Пакистандын Улуттук банкы Иджара мунтахийя биттамлик боюнча типтүү келишимди иштеп чыккан жана ал коммерциялык банктар тарабынан кеңири колдонулат.
Малайзиянын Негара Малайзия банкы борбордук банкы ислам финансылык операцияларда шариаттын параметрлери деп аталган шариат контракттарын колдонуу боюнча стандарттык колдонмо документтердин топтомун иштеп чыккан. Иджара мунтахийя биттамлик боюнча операцияларды жүргүзүүдө бардык банктар бул документке таянат.
Bank Muscat тарабынан Meethaq ислам банкинги Омандагы эң популярдуу жана ири ислам банкинг терезеси. Алар ажылыкка, умрага, иш сапарга же үй-бүлөлүк эс алууга, никени каржылоого, билим берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагына Иджара Сервис кызматын кеңири колдонушат. Бирок аларда акысыз такафул. Иджара Сервис келишимине ылайык, банк ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен макулдашууларга ээ болот, ага ылайык банк кардар талап кылган кызматтарды түздөн-түз сунуштоочудан лизингге алат жана аларды кардарга субижарага берет. Кошумчалай кетсек, Иджара Сервис продуктусу БАЭдеги RAKIslamicbank, Малайзиядагы Bank Negara Malaysia, Улуу Британиядагы ICS BANKS ISLAMIC, Нигериядагы Lotus Capital, Бахрейндеги HSBC, Пакистандагы Al Baraka Bank Pakistan сыяктуу банктарда өнүккөн.
Улуу Британияда ислам ипотекасы контракттардын эки түрү боюнча жеткиликтүү: мурабаха (үстөк баа менен сатып алуу-сатуу) жана Иджара мунтахийя биттамлик. Бүгүнкү күндө Улуу Британиянын мыйзамында бир нече ислам финансылык продукттар каралууда. Мисалы, Мурабаха жана Иджара мунтахийя биттамликке негизделген ипотекалык насыялар үчүн Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөргө гербдүү жыйым алууну жокко чыгарган 2003-жылдагы Финансы мыйзамын айтса болот; 2006-жылдагы Финансылык мыйзам Мурабаха жана Иджара мунтахийя биттамликте жогорудагы жыйымды төлөөдөн бошотуу пайдасын жогорулатат. Мурабаха жөнгө салынган ипотекалык контракттын аныктамасына кирет жана 2004-жылдын октябрынан бери финансылык көзөмөл башкармалыгы тарабынан салттуу ипотека менен бирдей шартта жөнгө салынат. Улуу Британияда ипотеканы каржылоонун бул ыкмасы сейрек колдонулат. Иджара мунтахийя биттамлик жана азайтуучу мушарака контракттары эң көп колдонулган ипотекалык каржылоо келишимдери болуп саналат.
Мындан сырткары, документти иштеп чыгууда AAOIFI Шариат стандарттары эске алынды.
2. Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарынын сүрөттөлүшү жана бааланышы
2.1. Жөнгө салуунун максаты
Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле Иджара Сервис продуктуну стандартташтыруу аркылуу ислам финансылык продукттарды кеңейтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө Иджара мунтахийя биттамлик ислам банктарынын анча өнүккөн эмес финансылык продуктусу болуп эсептелет. Дүйнөлүк практикада Иджара мунтахийя биттамликти банктар төмөнкүлөр үчүн колдонот:
- портфелди диверсификациялоого көмөктөшүү;
- кардарлардын кыска жана узак мөөнөттүү мезгилде муктаждыктарын камсыздоо;
- ислам финансылык продукттарды кеңейтүү;
- банктын акча каражаттарына болгон муктаждыгын камсыздоо;
Иджара мунтахийя биттамлик продуктун ишке ашыруудагы негизги мүмкүн болгон баскычтар төмөнкүчө жүргүзүлөт:
1) кардардын билдирмеси;
2) тараптардын Иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү боюнча ниети жөнүндө макулдашуу;
3) финансы мекемесинин активди сатып алуусу;
4) Иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү жана активди кардарга өткөрүп берүү;
5) кардардын активди сатып алуусу.
Иджара Сервис продуктусу боюнча:
1) кардардын билдирмеси;
2) тараптардын Иджара Сервис келишимин түзүү боюнча ниети жөнүндө макулдашуу;
3) финансы-кредит мекемеси тарабынан ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардан ай сайын ижара акысы менен кийинчерээк кошумча ижарага кызмат көрсөтүүнү сатып алуу.
4) Иджара Сервис келишимин түзүү жана кардарга кызматты өткөрүп берүү;
5) кардардын кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу.
Долбоор аркылуу чечиле турган милдеттер ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин өсүшү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Максатка жетүү индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет:
- Ислам банк иши жана каржылоо принциптери рыногунун өсүшү;
- Иджара мунтахия биттамликтен боюнча кыймылсыз/кыймылдуу мүлк сатып алууну каалаган, Иджара Сервис операциясы боюнча кызмат алууну же өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууну каалаган кардарлардын санынын көбөйүүсү.
2.2. Жөнгө салуу варианттары
1) Жөнгө салуунун «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты;
2) Жөнгө салуунун артыкчылык берилген «Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты;
3) Жөнгө салуунун альтернативдүү варианты.
2.3 Жөнгө салуунун «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты
Бул чечимди тандоо мүмкүн эмес, анткени ченемдик укуктук актылардын учурдагы талаптарында банк менен кардардын ортосундагы бүтүмдү документалдык жактан колдоону кыйла жеңилдете турган Иджара мунтахийя биттамлик типтүү келишими камтылган эмес. Ошондой эле бардык банктарда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана документтердин Шариат стандарттарына ылайык келүүсү жагынан алганда негизги болуп саналган Иджара мунтахийя биттамлик, Иджара Сервис келишимдерин стандартташтырууга мүмкүн кылат.
Жөнгө салуунун бул вариантын ишке ашыруу алгылыксыз, анткени ченемдик укуктук актылардын колдонуудагы талаптары банктарга бүтүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт, алар учурда жалпы кабыл алынган практика болуп саналат.
Бул жөнгө салуу вариантын ишке ашыруунун анализи бул вариантты техникалык жактан ишке ашыруу оңой деп баалоого алып келет, бирок ал жогорудагы проблемаларды чечпейт.
2.4. Жөнгө салуунун «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты
Жөнгө салуу ыкмасы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын « Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алуу саналат.
Жөнгө салуунун бул варианты «Мамлекеттик кийлигишүүнүн максаты жана негиздери» 1-бөлүмүндө аныкталган проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоор бекитилген учурда, банктар өз ички документтерин талапка ылайык келтириши, Банктардын шариат кеңеши кардарларды - юридикалык жактарды жана жеке адамдарды каржылоо инструменти катары Иджара мунтахийя биттамлик бүтүмүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн карашы зарыл.
Бул вариантты ишке ашыруу убакытты талап кылат.
Каралып жаткан жөнгө салуу вариантынын аткарылышын талдоо көрсөткөндөй, Улуттук банк тарабынан бул долбоорду колдонууга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар Мыйзам менен жөнгө салынат.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын (мындан ары – Мыйзам) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» деген 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат .
Мыйзамдын «Банк иши жана банк операциялары» 111-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин тизмегин жана аларды жүргүзүүнүн тартибин белгилөөгө укуктуу.
3. Жөнгө салуунун артыкчылык
берилген вариантын тандоону негиздөө
2-вариант боюнча токтомдун долбоору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш:
- талаптарды бирдей түшүнүүгө жана колдонууга мүмкүндүк берет;
- финансы-кредит уюмдарынын иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча иш сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат;
- калкты финансы-кредит институттары камсыз кылуу боюнча Иджара Сервис продуктуну стандартташтырууга мүмкүндүк берет.
4. Күтүлүүчү экономикалык таасирлерди жана
атаандаштыкка таасирлерди баалоо боюнча тиркеме
Сунуш кылынган долбоордо Иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерди стандартташтыруу каралганын эске алуу менен банктар эч кандай кошумча чыгым тартпай турганын белгилей кетүү зарыл. Ошону менен бирге, типтүү келишимдердин түзүмгө жана стандартка салынганын эске алуу менен аларды өз ишинде колдонуу банктарга, өзгөчө ислам каржылоо принциптери менен жаңыдан гана иштей баштагандарга, өз ишин оптималдаштырууга жана шариат стандарттарын сактабагандыгына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, талаптарды жана ага жараша көзөмөл процессин өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» вариантын кабыл алуу атаандаштыкка тике таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес.
Аналитикалык катка
тиркеме
«Улуттук банктын сунушталган ченемдик укуктук актысын бекитүү» жөнгө салуунун вариантынын
АТААНДАШТЫККА ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА
КОРУТУНДУ
Ага ылайык талдап-иликтөө жүргүзүлгөн методика (аталышы):
Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүдө атаандаштыкка тийгизген таасирди талдап-иликтөө методикасы
Талдап-иликтөө жүргүзүлгөн күн: ______________________________________ чейин
Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүүнүн негизги (кыскача) жыйынтыгы:
Жөнгө салуунун варианты атаандаштыкка олуттуу деле таасирин тийгизбейт
Атаандаштыкка талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө кеңири маалымат:
· Товар рыногунун негизги параметрлери
Товар рыногунун продукттук чек арасы:
- банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр
Товар рыногунун географиялык чек арасы:
- географиялык жактан чектелбейт
Товар рыногунун көлөмү (маалымат бар болсо):
- 2,4 млрд сомго же өлкөнүн банк секторунун активдеринин 1 пайызына жакынды түзгөн
1) Товар рыногунда иш алып барган чарбалык субъекттердин курамы (маалымат бар болсо)
- «ЭкоИсламикБанк» ЖАК, «Бакай Банк» ААК, «АКБ Кыргызстан» ААК
- (%): 2,4 млрд сомго же өлкөнүн банк секторунун активдеринин 1 пайызына жакынды түзгөн
· Баа берүүлөр
|
Фактордун аталышы |
баа берүү «ооба» же «жок» |
«ооба» баа берүүсүнүн негиздемеси |
|
2 |
3 |
4 |
|
Товар рыногунун концентрациялануу деңгээлин баалоо |
|
|
1 |
Аталган товар рыногунда кандайдыр бир чарбалык субъектинин үлүшү 35 пайызды же андан көптү түзгөн үстөмдүк кылуучу абал барбы-эгер бар болсо? |
жок |
|
2 |
Ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан үчтөн ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үстөмдүгү же ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарбалык субъекттердин үлүшү башкалардын үлүшүнөн жогору болгон бештен ашык чарбалык субъекттердин чогуу алгандагы үлүшү болгон үстөмдүк кылучу абалы барбы? - эгерде маалыматтар бар болсо? |
жок |
|
|
Товар рыногуна кирүүгө-чыгууга экономикалык чектөөлөрдү баалоо |
|
|
3 |
Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу эмес жогорку чыгымдарды алып келеби: - колдонуудагы жөнгө салуу үчүн караганда рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн; - ири ишканаларга караганда чакан ишкана үчүн ж.б. |
жок |
|
4 |
Жаңы жөнгө салуу потенциалдуу катышуучулардын рынокто сунуштары чектелген ресурстарга (материалдык-буюмдук, материалдык эмес ж.б.) жеткиликтүүлүгүн кыйла чектейби? |
жок |
|
5 |
Жаңы жөнгө салууга байланыштуу аталган товар рыногунда ишти мажбурлап токтотулган шартта иштеп жаткан чарбачыл субъекттердин (экономикалык туруктуулукка доо кетирүүгө жөндөмдүү) жогорку чыгымдарга алып келеби? |
жок |
|
|
Товар рыногуна кирүүнүн административдик чектөөлөрүн баалоо |
|
|
6 |
Жаңы жөнгө салуу лицензиялык талаптардын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензияларды алуу жол-жоболорунун наркынын кыйла жогорулашына алып келеби? |
жок |
|
7 |
Жаңы жөнгө салуу чарбалык субъекттеринин чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө укуктарынын теңдигинин шарттарын бузууга алып келеби? |
жок |
|
8 |
Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарбалык субъекттеринин баа түзүү механизмдерин тандоону, продукциянын сапатын аныктоону, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу ордун аныктоону чектөөгө аныктоону чектөөгө алып келеби? |
жок |
|
|
Товар рыногуна чыгууга стратегиялык чектөөлөрдү баалоо |
|
|
9 |
Жаңы жөнгө салуу чарбалык интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк ассоциациялар, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын жогорку деңгээли болгон кластерлер ж.б.) катышуучулар үчүн кошумча артыкчылыктарды алууга алып келеби? |
жок |
|