Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына аныктамалар жана терминология жагында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасындагы электрондук акчаны колдонуу практикасын эске алуу менен төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында токтомдун долбоору иштелип чыккан. «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны тексттин жарымынан көбүн түзгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда тариздөө сунушталат.  

Жобонун долбоорунда: 

- банк-эмитенттерге, электрондук акча системасынын операторлоруна, эл аралык электрондук акча системаларынын операторлоруна/эмитенттерине карата талаптар конкреттүү берилген; 

- актуалдуу эмес ченемдер алынып салынды; 

- электрондук капчыктарды толуктоо ыкмасы кеңейтилди, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүүчү операциялардын лимити көбөйтүлдү

- электрондук акча системаларын жана электрондук капчыктарды жабуу жөнүндө ченемдер менен толукталды; 

- эмитент банктын чыгарган электрондук акча боюнча милдеттенмелерин башка банкка өткөрүп берүү шарттары жана тартиби аныкталды. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Ушул ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик, социалдык, укуктук, укук коргоо боюнча терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталда (koomtalkuu.gov.kg) Улуттук банк Башкармасынын маалымат жыйынынын жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Методикага ылайык талдап-иликтөө жүргүзүлгөн. 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

___________________________ 

___________________________ 

токтомуна карата 

тиркеме 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Жободо локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторлоруна, локалдык жана эл аралык электрондук акча эмитенттерине, алардын агенттерине/субагенттерине карата Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу тартиби жана талабы белгиленген. 

2. Электрондук акча менен операциялар өзүндө электрондук акчанын эмиссиясын (чыгарууну), жайылтууну, ордун жабууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоону камтыйт. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча чыгаруу лицензиялануучу иш болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы тарабынан жүзөгө ашырылат. Лицензия коммерциялык банкка (мындан ары - банк) төмөнкү операциялардын түрлөрүн гана жүзөгө ашырууга берилет: 

1) электрондук акча чыгаруу, жайылтуу жана ордун жабуу; 

2) электрондук акча ээлеринен интернетти, мобилдик жана башка байланыш каражаттарын колдонуу менен банкка/операторго берилүүчү товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тапшырмаларын кабыл алуу; 

3) электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды иргөө (процессинг); 

4) келишим түзүлгөн акцептанттар менен кардарлардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

4. Эл аралык электрондук акча менен операциялар өзүндө Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны жайылтууну жана ордун жабууну камтыйт. 

5. Локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/локалдык жана эл аралык электрондук акча эмитенттери жана алардын агенттери/субагенттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого жана аткарууга тийиш. 

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

6. Ушул жобонун максатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Электрондук акчанын акцептанты (акцептант)  электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык операцияларды электрондук акча менен жасалганын ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти;  

Электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент  Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчалардын ордун накталай же накталай эмес акча каражаттары менен жабууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти;   

Эл аралык электрондук акча системасынын агенти бул, өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) каттоодон өткөн эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору менен келишимдик мамилеси бар банк-резидент. 

Аутентификация бул, идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) дал келүүсүн текшерүү аркылуу ошол адамдын аныктыгын такташтыруу процесси. 

Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп бул, банк-эмитент тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу учурунда аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда пайдаланылат. Бул эсептеги калдык бардык чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар. Бул эсептен акча каражаттарын эсептеп алып салууга чек коюлат, ошондой эле алар ар башка электрондук системаларда жайгашкан каражаттарды бир электрондук капчыктан экинчисине которууну кошо алганда, электрондук акчанын ордун жабуу үчүн акцептанттардын дарегине гана жүзөгө ашырылат. 

Электрондук акча ээси электрондук акчаны тескөөгө алуучу жана тиешелүү системанын акцептанттары сунуштаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү ишке ашырууда электрондук акчаларды пайдалануучу жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкер. 

Эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдалануу программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен сунушталган товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ээлик кылуучу акцептантка электрондук акчаны өткөрүп берүүсү. Акча каражаттарынын жылышы улуттук валютада жана нак акчаны пайдалануусуз, электрондук акча ээсинин электрондук капчыгынан акцептанттын электрондук капчыгына чегерүү аркылуу ишке ашырылган шартта, электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү нак эмес болуп саналат. 

Электрондук капчыктын идентификациялык номери системада алгач каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган кайталангыс (уникалдуу) электрондук капчык номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери боюнча электрондук акча ээси өз капчыгындагы электрондук акчанын жылышы жана калдыктары жөнүндө маалыматты алууга укугу бар, ошондой эле зарыл учурларда капчыкты блокировкалоо укугуна ээ. 

Идентификацияланган электрондук капчык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо процессинен өткөн электрондук капчык ээси. 

Электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында резиденттер тарабынан чыгарылган электрондук акчалардын жүгүртүлүшүн камсыз кылган банк жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. 

Электрондук акча ээсинин (ээлик кылуучунун) жеке кабинети электрондук акча ээсинин интернет-ресурсунда же электрондук акча системасынын программалык-техникалык каражаттарын пайдалануу менен персоналдык бөлүмү, анда электрондук капчык менен иштөө үчүн зарыл болгон бардык негизги инструменттер камтылат. 

Эл аралык электрондук акча жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынуучу) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акча милдеттенмелери. 

Агенттин мобилдик тиркемеси бул, бир эле учурда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу болуп саналган төлөм уюмунун агенти тарабынан сунушталган инструмент (программалык камсыздоо), пайдалануучулар аны мобилдик түзүлүштөр/тиркемелер аркылуу колдонот жана анын жардамы аркылуу төлөм уюму аталган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдалануучусуна (кардарына)/абонентине анын өздүк эсебине буга чейин салынган аванс акча каражаттары/алдын ала төлөм каражаттары же алардын бөлүгүнүн эсебинен кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча же агенти аркылуу сунуштайт.  

Идентификацияланбаган электрондук капчык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен ээси өтпөгөн электрондук капчык. 

Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын оператору (мындан ары оператор) бул, юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган, ушул процессинг, клиринг төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөөлөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар, ал электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоону, аппараттык жана түйүндүк жабдууларды орнотууну жана/же техникалык жактан колдоого алууну камсыз кылат, банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде процессингди өз алдынча жүзөгө ашырат. 

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында иш алып барган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча/электрондук акча каражаттары менен операцияларды ишке ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоонун, аппараттык жана тармактык жабдуунун техникалык колдоосун орнотот жана/же камсыз кылат.  

Улуттук төлөм системасынын электрондук акча менен эсептешүү боюнча оператору төлөм системасынын оператору лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жак-резиденти, анын базасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн бардык локалдык системалары ортосунда интеграция жүзөгө ашырыла турган «бирдиктүү терезе» түзүлөт. Бул оператордун электрондук акча менен эсептешүүлөр системасы улуттук төлөм системасынын статусуна туура келүүгө тийиш. 

Ордун жабуу электрондук капчыкта сакталган электрондук акча/эл аралык электрондук акча суммасынын калдыгынан ашпаган накталай жана нак эмес акча каражаттарына электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн локалдык системасынын эмитентине, эл аралык электрондук акча системасынын агентине, агентине/субагентине ээлик кылуучу тарабынан берилген электрондук акча/эл аралык электрондук акча менен алмашуу операциясы. 

Электрондук капчыкты толуктоо электрондук капчыкка накталай/накталай эмес акчаларды салуу процесси, анын натыйжасында электрондук акча ээсинин электрондук капчыгында электрондук акчалардын суммасы көбөйөт. 

Дооматтык иш банк-эмитент/оператор тарабынан электрондук капчыктарды кармоочулардын электрондук капчыктарында жүргүзүлгөн кайсы болбосун санкциясыз операциялар жөнүндө түшкөн даттанууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу процесси. 

Электрондук акча процессинги эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерге ылайык, өзүндө электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана аларды катышуучуларга жөнөтүүнү камтыган иш. 

Электрондук акчаны жайылтуу банктын, агенттин, субагенттин, эл аралык электрондук акча системасынын агентинин (субагентинин) электрондук капчыкты толтуруу боюнча кызматы, анын натыйжасында ээсинин электрондук капчыгындагы электрондук акчанын суммасы аларды андан ары пайдалануу үчүн көбөйөт. 

Электрондук акча системасында каттоодон өтүү банктын, оператордун, эл аралык электрондук акча системасынын жол-жоболоруна ылайык, кардардын өзүнө тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен милдеттүү аутентификациялоо аркылуу системада каттоодон өтүүсү

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы (электрондук акча системасы) электрондук акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган банктык жана башка институттардын, аппараттык-техникалык каражаттардын, эрежелер жана жол-жоболордун жыйындысы. 

Субагент/эл аралык электрондук акча субагенти бул, Кыргыз Республикасынын аймагында агент/эл аралык электрондук акча агенти менен электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жана ордун жабуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак-резидент же жеке ишкер-резидент. 

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу бул, өзүнүн электрондук капчык ээсине электрондук акчаны колдонуу менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн электрондук капчыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (жеке компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу). 

Электрондук акча системасынын катышуучулары бул банк, агент, оператор, акцептант, электрондук акча ээси, эсептешүү банкы, субагент, эл аралык электрондук акча агенти/субагенти. 

Электрондук акча эмиссиясы (мындан ары чыгаруу) аларга мындан ары да ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу банктын өз электрондук акчаларын жүгүртүүгө чыгаруу иши. 

Электрондук акча алдын ала төлөнгөн карттарды жана электрондук капчыкты кошо алганда, программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акчалай нарк. 

Электрондук капчык электрондук акча суммасы жана алардын ээлик кылуучуларга таандык экендиги жөнүндө маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу түрүндөгү электрондук акча сакталуучу жабдуу. 

Электрондук акча эмитенти (эмитент) бул, Улуттук банк, ошондой эле банктык операциялардын уруксат берилген тизмесине ылайык электрондук акча чыгаруу лицензиясына ээ, электрондук акчаны нак акчага айландырууга электрондук акча ээси тарабынан сунушталган акчаны айландыруу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк. 

Эл аралык электрондук акчанын эмитенти - банк же Кыргыз Республикасынын аймагынын сырткары, эл аралык электрондук акча каражаттарынын чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган чыгарылганган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес юридикалык жак. 

 

 

3-глава. Электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү  

сунуштоо тартиби 

7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада номинацияланууга (туюндурулууга) тийиш. 

Банкка Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасында номинацияланган электрондук акча чыгарууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) номинацияланган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарууга тыюу салынат. 

Кыргыз Республикасынын резидент эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын аймагында таркатуу иши банк-резидент ( эл аралык электрондук акча системаларынын агенти) тарабынан жүзөгө ашырылат. Агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык электрондук акчаны андан ары таркатуу үчүн эл аралык электрондук акча субагенттерди тартууга укуктуу. 

Электрондук акча өзүнүн аталышына ээ болууга тийиш. Расмий аталышынан башка аталышты колдонууга тыюу салынат. Өзгөртүлгөн аталыш чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумушчу күн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. 

8. Электрондук акча менен эсептешүү системасы, электрондук акча аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бирдиктүү тейлөөнү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча өз ара маалымат алмашуу жана ошол маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча менен эсептешүүнүн локалдык системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук төлөм системасынын электрондук акча менен эсептешүү операторунун/өз ара иш алып баруу операторунун аппараттык-программалык комплексинин функцияларына дал келүүгө тийиш. 

9. Электрондук акчаны колдонуу менен акцептанттардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу операцияларын жүргүзүүгө, тастыкталган электрондук капчыктан ушул эле же башка системанын идентификацияланган электрондук капчыкка, электрондук капчык ээсинин алдын ала төлөнгөн картынан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картынан электрондук акчаны которууга болот. Электрондук акчаны эл аралык/чек ара аркылуу которууда электрондук капчык, алдын ала төлөнгөн карт жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карт ээлери дагы тастыкталууга (идентификацияланууга) тийиш. 

10. Идентификацияланбаган электрондук капчык боюнча бардык операцияларга тыюу салынат. 

11. Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоо төмөнкү ыкмалар аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн: 

- банктык эсептен чегерүү

- тастыкталган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн карттан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карттан которуу; 

- банктык эсеп ачуусуз эле, Улуттук банкта каттоодон өткөн акча которуу системасы аркылуу акча которуу; 

- автоматташтырылган терминалга (cash-in), банк-эмитенттин, ошондой эле коммерциялык банктардын агенттеринин жана/же төлөм уюмдарынын агенттеринин кассаларына накталай төлөө

- агенттин мобилдик тиркемесинин балансынан.  

Ушул пунктта көрсөтүлгөн толуктоо ыкмалары такталган жана жыйынтыктоочу болуп саналат, башка ыкмалар каралган эмес. 

Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоодо электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктаган жак тарабынан нак жана нак эмес акча каражатын өткөрүп берүү же которуу менен электрондук акчанын алдын ала төлөнгөн картка жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картка келип түшүүсүнө чейинки убакыт аралыгы бир календардык күндөн ашпоого тийиш. 

12. Банк-эмитент акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн электрондук акчанын локалдык системасынын электрондук акчасын кабыл алуу келишимин түзөт, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталуучу кызматтардын тизмегин белгилейт. Тараптардын укуктары жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби келишимде белгиленет. 

Банк-эмитент акцептанттар менен келишим түзүү боюнча ыйгарым укугун, электрондук акчаны жайылтуу келишимине карата түзүлгөн кошумча келишимдин негизинде, электрондук акчаны жайылтуу боюнча агентке өткөрүп берүүгө укуктуу. 

13. Банк-эмитент акцептанттар боюнча маалыматтар базасын жүргүзүүгө, ал эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- келишимдин реквизиттерин (келишим мамилелеринин күнү, номери, түрү, келишимди колдонуу мөөнөтү);  

- юридикалык жактын аталышын/жеке ишкердин аты-жөнүн;  

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматтарды, жеке ишкердин паспорттогу маалыматтарын, патент;  

- жайгашкан ордун/жашаган дарегин, ишкердик иш алып баруу дарегин;  

- байланыш маалыматтарын;  

- юридикалык жактын/жеке ишкердин ишинин түрү жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын/сатылган товарлардын түрлөрү жөнүндө маалыматтарды;  

- финансылык шарттарды (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, лимиттер жана сый акы). 

14. Банк-эмитент ошол коммерциялык уюм менен келишим түзгөн учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, ошол коммерциялык уюмдар үчүн гана идентификацияланган электрондук капчыкка эмгек акы төлөмдөрүн которууга жол берилет. 

15. Ушул жобонун нормаларынын алкагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жак менен электрондук акчаны пайдалануу укугу каралган келишим түзүлгөн шартта, электрондук капчык ички буйруктар, буйруулар жана ишеним каттар аркылуу тиешелүү түрдө таризделген уюштуруу документтерине ылайык ошол электрондук капчыкты пайдалануу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адам көрсөтүлгөн шартта юридикалык жакка катталат. 

16. Банк, оператор электрондук акча ээсин милдеттүү түрдө аутентификациялоо аркылуу электрондук акча системасында каттоодон өткөрүүдө анын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө тийиш. 

17. Катталган ар бир электрондук капчык бир системанын алкагында электрондук акча системасында идентификациялык номерге ээ болууга тийиш. 

18. Электрондук акча менен ишке ашырылган кайсыл болбосун операция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде төлөнгөндүгү жөнүндө чек же аны тастыктаган кандай болбосун башка документ, смс-билдирүү, электрондук капчык ээсинин электрондук дарегине жөнөтүлгөн, анда бардык реквизиттер камтылган билдирме менен тастыкталууга тийиш. 

 

§ 1. Электрондук акча чыгарган банкка карата коюлуучу негизги талаптар 

19. Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитентинен болуп, электрондук акча чыгарган жана ордун жабуу үчүн электрондук акча ээси сунуштаган акчанын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк саналат. 

20. Эгерде электрондук акча системасынын оператору товардык белгиге жана/же электрондук акча системасына ээ болсо, электрондук акчанын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерди электрондук капчык ээсине өткөрүп берүүгө болот. 

21. Электрондук акчанын ордун жабуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин башка банк-эмитентке төмөнкү шарттарды милдеттүү сактоо менен өткөрүп берилүүгө тийиш: 

1) башка эмитент-банктын электрондук акчасынын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерди электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ эмитент-банк гана алышы мүмкүн; 

2) өткөрүп берүүчү банк-эмитент чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди, электрондук капчык ээлерин идентификациялоо боюнча анкеталарды келишимге ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына эки тараптуу кол коюу менен башка банкка өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат; 

3) башка банк-эмитент тарабынан чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди алууда алган банк өзүнө толук жоопкерчиликти алат; 

4) электрондук капчык ээлери жеке маалыматтарды үчүнчү жакка берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шарттараны макул болууга тийиш. Ушуга байланыштуу, Электрондук акча системасынын эрежелери электрондук акча ээлеринин жеке маалыматтарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө макулдугу жөнүндө ченемди камтууга тийиш. 

22. Электрондук акча ээлерине электрондук акчанын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерди өткөрүп берип жаткан банк электрондук акча системасын өткөрүп бергенге чейин 3 (үч) ай мурда төмөнкүлөр аркылуу маалымдоо боюнча иштерди жүргүзөт: 

- электрондук акча ээсинин өздүк кабинетине билдирүү жиберүү

- электрондук/кагаз түрүндө кат жөнөтүү

- sms-билдирүүлөрүн/ussd-шилтемелерин жөнөтүү

- банктын сайтына маалыматтарды жайгаштыруу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылыктарды жайгаштыруу. 

23. Өткөрүп берип жаткан банк, чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө милдеттенмелердин мөөнөтү келип жеткенге чейин жана өткөрүп берүү боюнча башка жол-жоболорду жүргүзгөнгө чейин 3 (үч) ай мурун Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

24. Өткөрүп берүүчү банк агенттерге/субагенттерге, акцептанттарга билдирүүлөрдү жөнөтөт жана түзүлгөн келишимдерди бузуу жана түзүлгөн келишимдердин шарттарын электрондук акча берилүүчү системасынын башка банкына берүү мөөнөтү келип жеткенге чейинки 3 (үч) ай мурда аткаруу боюнча жол-жоболорду жүргүзөт. 

25. Өткөрүп берилип жаткан системанын агенттери/субагенттери, акцептанттары электрондук акча системасын кабыл алуучу банк менен ошол эле же башка шарттарда келишимди кайра түзүп, ошол эле шарттарда ишти улантууга укуктуу. 

26. Эмитент электрондук капчыкты жабууну жана электрондук капчыкты кармоочу тарабынан кайрадан тариздөө тартибин кошо алганда, электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу, иштеп чыгуу жана ордун жабуу ишин жөнгө салган эрежелерди, иштеп чыгат. Электрондук акча системасынын эрежелери жана ар бир электрондук акча системасынын (оферта) катышуусу жөнүндө типтүү келишим банктын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш. 

27. Электрондук акчаны чыгарууда эмитент электрондук акча менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби, электрондук акчаны пайдалануу учурунда келип чыккан тобокелдиктер, дооматтарды берүү ыкмалары жана аларды кароо тартиби жөнүндө маалыматтар, ошондой эле электрондук акчаны пайдалануу менен операцияларды жүзөгө ашырууда алына турган комиссиялык сый акылардын түрлөрү жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар менен электрондук акча ээсин тааныштырат. 

28. Эгерде банк бир нече оператор менен келишим түзсө, анда банк өзүнүн маалыматтык системасында ар бир электрондук акча системасынын электрондук акчаларынын эсебин өз-өзүнчө жүргүзүүгө тийиш. 

29. Электрондук акчалардын бардык системалары жөнүндө маалымат банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылууга жана өзгөртүүлөрдүн келип чыгышына жараша актуалдаштырылууга тийиш. 

30. Банк электрондук акча операторунун милдетин өз алдынча аткарат жана электрондук акча процессингин жүзөгө ашырат, же болбосо оператор менен электрондук акчаны пайдалануу аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын жана ушул жобонун талаптарына, эрежелерине ылайык процессинг милдетин аткаруу келишимин түзөт. 

31. Банк кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгондо (жаңы электрондук акча чыгаруу, электрондук акчанын аталышын өзгөртүү, шарттарды же тарифтерди өзгөртүү, оператор менен келишимдерди кайрадан түзүүүзүү/бузуу ж.б.) чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумушчу күндөн кечиктирбестен расмий кат менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

32. Банк менен оператор ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүдөй милдеттүү шарттар камтылууга тийиш: 

- оператор банкта камсыздандыруу депозитин ачууда анын өлчөмү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталууга же тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда, штаттан тышкаркы жагдайларды кошуу менен мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган кам катары банктык гарантия болууга тийиш; 

- тараптардын ишкердигинин токтотулушуна (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), системада орун алган штаттан тышкаркы жагдайларга, ошондой эле форс-мажордук жагдайларга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу боюнча шарттары жана жоопкерчиликтери; 

- электрондук акча системасынан пайдалануу милдеттерин жана укуктарын, анын ичинде эмитенттин системага айкын убакыт ыргагында онлайн-мониторинг жана ички жана комплаенс-контролдоо максаттары үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүн бөлүштүрүү

- системада, ага карата кине коюулар боюнча иш алып баруу шарттары жана тараптардын жоопкерчиликтери; 

- электрондук акча системасынын операторуна карата ушул Жободо каралган талаптарды аткаруу тартиби; 

- системаны ачуу, иштетүү жана жабуу тартиби боюнча негизги жол-жоболор. 

33. Банк өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана транзакцияларды жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобого ылайык ички ченемдик документтерди (эрежелерди, жол-жоболорду, нускоолорду ж.б.) иштеп чыгууга тийиш. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар маалымат коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын кошо алганда Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн эрежелер жана жол-жоболор дайыма кайрадан каралып турууга жана зарылчылыгына жараша жаӊыртылууга тийиш, бирок 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу. 

34. Банк электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акча боюнча ишке ашырылган операциялары тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана сунушталышы мүмкүн. 

35. Банк лоялдуулук (бонустар) программасын жана идентификацияланган электрондук капчыктарга улуттук валютада кошуп эсептелинген бонустарды төлөөнү электрондук капчык ээлери менен түзүлгөн келишимге ылайык кароого укуктуу. 

36. Электрондук акча операторунун функцияларын жүзөгө ашырган банкта, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы жана ишке ашырылышы үчүн жооптуу кызмат адамына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, электрондук акча жагында ПФТД/ЛПД боюнча талаптардын аткарылышын жана сакталышын контролдоо функциялары да жүктөлүүгө тийиш.  

Банктын ички контролдоо эрежелеринде агенттерди юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди окутуу программасы жана жол-жобосу, агентти ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу, көрсөтүлгөн талаптарды сактоо боюнча агенттерге андан ары мониторинг жүргүзүү жол-жобосу камтылууга тийиш. 

37. Эгерде электрондук акча системасынын оператору башка уюм болсо, эмитент онлайн-мониторинг жүргүзүү жана ички жана комплаенс-контролдоо максаттары жана башка функцияларды аткаруу үчүн айкын убакыт ыргагында электрондук акча системасынан колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

38. Агенттин/субагенттин операторунун ишкердик ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтер кайтарылып алынган жана/же соттук териштирүүлөр учурунда иши токтотулган, анын ичинде оператордун лицензиясын токтото турган учурда, банк-эмитент электрондук акчаны чыгаруу жана жайылтууну улантуу максатында башка оператор менен келишимди кайра түзүүгө, ошондой эле башка агенттерди тартууга укуктуу. 

39. Электрондук акча ээси электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияга, эмитентке/эл аралык электрондук акча агентине келишимге ылайык тиешелүү өтүнүч катты берип, андан баш тарта алат. Эл аралык электрондук акчанын эмитенти/агенти электрондук акчаны колдонуу менен тиешелүү эсептешүү системасынын иштөөсүнүн регламентине жана тартибине ылайык дооматтык иштерди карайт. Эгерде электрондук акчаны пайдалануу менен тиешелүү эсептешүү системасынын иштөөсүнүн регламентинде жана тартибинде белгилүү бир түрдөгү дооматтык иштерди берүү мөөнөтүнө чектөөлөр камтылса, анда электрондук акчанын ээси бул мөөнөт аяктагандан кийин доо ишин берүүгө арыз берсе мөөнөттө эмитент бул арызды карабоого укуктуу. 

40. Эл аралык электрондук акча эмитенти/агенти электрондук акча ээлерине системанын эрежелерине ылайык акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн болбогон жана/же дооматтар каралбай турган тобокелдиктин жогорку деңгээли бар транзакциялардын бар экендиги жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү алгач белгиленген боюнча блокировкаланууга жана электрондук акча ээсинин суроо-талабы боюнча гана сунушталууга тийиш. 

 

§ 2. Операторго карата коюлуучу негизги талаптар 

41. Оператор өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырат. 

42. Электрондук акча менен операциялар боюнча процессинг милдетин аткаруу үчүн оператор эмитент менен келишим түзүүгө тийиш. 

43. Эгерде оператор бир нече банк менен келишим түзгөн болсо, анда ал өз маалымат системасында ар бир банк боюнча өзүнчө электрондук акча эсебин жүргүзүүгө тийиш. 

44. Электрондук акча ээлери жөнүндө маалыматтар жана электрондук акчаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш. 

45. Оператор электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акча менен ишке ашырган операциялары тууралуу маалымат үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана сунушталат. 

46. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын оператору электрондук акча калдыгынын программалык камсыздоодо жана/же программалык-техникалык жабдууда гана (анын ичинде электрондук капчыкта, алдын ала төлөнгөн картта жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картта) сакталышы механизмин камсыз кылууга милдеттүү. Карт ээси товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ошол программалык камсыздоо жана/же программалык-техникалык жабдуу аркылуу гана төлөмдөрдү ишке ашырууга тийиш. 

47. Оператор электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат. 

48. Оператор өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

49. Оператор электрондук акча системасында электрондук капчык үчүн лимиттерди белгилөөгө, ошондой эле банк менен түзүлгөн келишим шарттарына, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаны эсепке алуу шарттарын аткарууга тийиш. 

50. Оператор, Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы жана ишке ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы № 2020-П-14/46-4 (ПС) «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышын кошо алганда ички контроль кызматына ээ болууга тийиш.  

51. Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдагы  

15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатта аныкталган, төлөм системасынын улуттук операторлоруна карата коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

52. Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борбору Кыргыз Республикасынын аймагында турууга тийиш. 

 

§ 3. Электрондук акча үчүн белгиленген лимиттер 

53. Электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү үчүн, электрондук капчык ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартиптин негизинде идентификацияланышы керек. 

Банк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу. 

Банктын агенттери, эмитент менен келишимдин/макулдашуунун негизинде банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштоо боюнча электрондук капчык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу. 

Электрондук капчык ээлерин аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

Эл аралык электрондук акча агенти болуп саналган банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында тейленген эл аралык электрондук акча ээлерин идентификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө тийиш. Банк-эл аралык электрондук акча агенти, келишимдин/макулдашуунун негизинде банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейтилген чөйрөсүн сунуштоо боюнча банктын агенттерине эл аралык электрондук акча оператору/эмитенти менен макулдашуу боюнча эл аралык электрондук акча ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо функцияларын өткөрүп берүүгө укуктуу.  

54. Банк жана/же оператор, агенттерди, акцептанттарды кошо алганда, өзүнүн бардык электрондук капчык ээлери үчүн электрондук акча менен операциялар боюнча тобокелдиктерди азайтуу үчүн электрондук капчык ээлеринин категорияларына жараша лимит өлчөмүн өз алдынча белгилөөгө тийиш. Лимиттердин өлчөмү электрондук капчык ээлеринин категориясына жараша, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келбеген банктын ички жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш. 

55. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш. 

56. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн бир электрондук акчаны пайдалануу менен бир банктык күндүн ичинде 1 (бир) операциянын максималдуу өлчөмү 5000 (беш миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул суммадан жогору операциялар ошол жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык эсептери аркылуу өтүүгө тийиш. 

 

§ 4. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды (төлөмдөрдү) эсепке алуу тартиби 

57. Электрондук акчаны пайдалануу менен операциялар электрондук акча системасынын катышуучулары тарабынан электрондук акча системасынын ички эрежелерине жана катышуучулар ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген келишим шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

58. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча акча каражаттарды эсепке алуу, банктын бардык чыгарылган электрондук акчаны эсепке алуу үчүн каралган электрондук акча эсебин жүргүзүү боюнча өзүнчө банктык эсепте ишке ашырылат. 

59. Электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акча көлөмү жана суммасы банктын бухгалтердик балансында, демек электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсепте чагылдырылган көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш. 

60. Оператор банкка электрондук капчык ээлери жана айкын убакыт ыргагында ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого милдеттүү

61. Банктын, агенттин, оператордун чарба жүргүзүү же башка ишкердик боюнча акча каражаттарын жана өз ара эсептешүүлөрүн, ошондой эле электрондук акчаны кабыл алуу жана тейлөө учурунда алынган кандай болбосун комиссиялык төлөм түрлөрүн эсепке алуу, банкта ачылган, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча банктык эсептен айырмаланган өзүнчө эсепте жүзөгө ашырылат. 

62. Банктар чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Улуттук банкка отчетторду ушул Жобого карата 1 жана 2-тиркемелерде белгиленген формага ылайык берип турат. 

Улуттук банкка отчеттор электрондук түрдө (файлдын ичинде отчеттун ар бир формасы үчүн өзүнчө барак болууга тийиш) жана Excel жана PDF форматындагы тиркемелери менен PDF форматындагы коштомо кат, электрондук түрдөгү кол тамга жок болгон учурда, кийинчерээк кагаз түрүндө жөнөтүлөт. Электрондук түрдө жөнөтүлгөн маалымат, кагаз түрүндө берилген маалымат менен бирдей болууга тийиш. Кагаз түрүндө берилген отчетту сунуштоо датасы болуп Улуттук банкта катталган күнү эсептелет.  

63. Улуттук банк туруктуу негизде сунушталуучу отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын эрежелеринин жана ушул жобонун талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат. 

 

§ 5. Электрондук акча агенттери 

64. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын чекене банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча агенттик келишим түзүүдөгү ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого ылайык агенттик келишим түзө алат: 

1) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүнүн чектелген чөйрөсүн сунуштоо боюнча чекене агенти менен электрондук акчаны жайылтуу жана ордун толуктоого;  

2) банктык кеңири кызмат көрсөтүүлөрун сунуштоо боюнча чекене агенти менен электрондук акчаны жайылтуу жана ордун толуктоого, ошондой электрондук акча ээлери менен аралыктан идентификациялоо жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө

Банк, банктын ички документтеринде (эрежелерде, жол-жоболордо, нускоолордо ж.б.) электрондук акча агенттерине карата критерийлерди өз алдынча иштеп чыгууга тийиш. 

65. Банк агенттик келишимдин алкагында банктын атынан иш алып барган өз агенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн өз ээлик кылуучулары алдында агенттик келишимдин алкагында жана анын чегинде жоопкерчилик тартат. 

66. Агент банктын макулдугу боюнча электрондук акчаны жайылтуу үчүн субагент менен тиешелүү келишим түзүшү мүмкүн. Агент, субагенттик келишимдин алкагында банктын, агенттин атынан иш алып барган өз субагенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн келишимдин чегинде жана ага ылайык банк алдында жоопкерчилик тартат. 

67. Агент ар бир банк менен агенттик келишим түзгөн шартта, бир нече банкка кызматтарын сунушташы мүмкүн. 

68. Агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш. Эгерде агент жеке ишкер болуп саналса жана чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн сунуштаса, банк-эмитент ички контролдоо эрежелерине ылайык аны өз алдынча окутушу мүмкүн жана банктын расмий каты менен өз агентинин окуудан өткөн фактысын тастыктай алат же агент банк-эмитент менен макулдашуу боюнча тиешелүү билим берүү уюмунан сертификат алуу менен окуудан өтө алат. 

69. Банк агенттин аталышын, айкын дарегин, инсандыгын тастыктаган тиешелүү документтерди жана юридикалык статусун, операциялар тизмегин көрсөтүү менен өз агенттери боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө жана аны инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө же Улуттук банкка талап кылынган шартта сунуштоого тийиш. 

70. Банк электрондук акчаны жайылтуу үчүн агенттерди тартуу боюнча төмөнкүдөй документтерге ээ болууга тийиш: 

1) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш агент менен келишимдин көчүрмөсү:  

- агенттин Улуттук банктын талабы боюнча маалыматты сунуштоо жана ага өз жайларынан, системасынан жана жазууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу милдеттенмелери; 

- электрондук акчаларды жайылтууда тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын жоопкерчилиги; 

- анын ичинде штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда, акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу; 

- тараптардын ишинин токтотулушуна байланыштуу жагдайлар (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), система менен иштөө боюнча өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле дооматтык иштеги форс-мажордук кырдаалдар келип чыкканда тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча шарттары жана жоопкерчиликтери; 

2) электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардын ордун өз агенттери аркылуу жабуу боюнча ички ченемдик документтер (жоболор, жол-жоболор, колдонмолор ж.б.), анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды сактоо саясаты жана жол-жобосу, ошондой эле тиешелүү жоболор жана колдонмолор; 

3) тобокелдиктерди кыскартуу үчүн пайдаланылган контролдук чараларын кошо алганда, электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү жана агенттер аркылуу алардын ордун жабуу документтери; 

4) агенттерди окутууда пайдаланылуучу колдонмолор жана кандай болбосун материалдар; 

5) Улуттук банктын талабы боюнча зарыл болгон башка маалыматтарды сунуштоо. 

71. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызматтарды сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен анын эсебин жүргүзүүгө/жазууларды чагылдырууга тийиш: 

- юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы; 

- тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ; 

- агенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат жана телефон номерлери. 

72. Электрондук акчаны пайдалануу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агент менен иш алып барууда банк төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

1) өз агентин тиешелүү негизде окутууга, анын ичинде кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуз жана натыйжалуу сунушталышын камсыз кылуу боюнча саясатты, эрежелерди жана операциялык колдонмону камтыган агентке колдонмону берүүгө

2) түзүлгөн агенттик келишимдин алкагында өз агенттеринин ишине контролдукту жүзөгө ашырууга; 

3) ар бир агент тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын санынын жана көлөмүнүн эсебин жүргүзүү жана электрондук акча системасындагы операциялар жана банктын бухгалтердик балансындагы, ага ылайык электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча агенттин банктык эсебиндеги көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш болгон электрондук акча калдыктары боюнча күнүнө кеминде бир жолу салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү

 

§ 6. Электрондук акчаны жайылтуу тартиби 

73. Электрондук акча банк, агент жана субагент тарабынан жайылтылышы мүмкүн. Эл аралык электрондук акчаны жайылтуу эл аралык электрондук акчанын банк-агенти тарабынан жана эл аралык электрондук акчанын субагенттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

Жайылтуу накталай же накталай эмес акчаны эмитент чыгарган электрондук акчага алмаштыруу жана төлөөчү белгилеген электрондук капчыкка түшкөн акча каражаттарынын суммасына барабар электрондук акчанын суммасын чегерүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 

Электрондук акчаны жайылтууда агент, субагент, эл аралык электрондук акча агентинин/субагентинин агенти/ субагенти эмитент / оператор менен келишимге ылайык жана төлөм жүргүзүлгөнгө чейин комиссиянын суммасын көрсөтүү менен электрондук акчаны жайылтуу үчүн комиссияларды түзүүгө укуктуу. 

74. Электрондук акчаларды/эл аралык электрондук акчаны жайылтуу учурунда банк, агенттер жана субагенттер эл аралык электрондук акчалардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш. 

75. Электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтууда банк, агент, субагент жана эл аралык электрондук акча субагенти электрондук капчык ээсин тараптардын укуктары жана милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчанын өзгөчөлүктөрү жана ээсинен электрондук акча үчүн төлөм алынганга чейин сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленген тарифтер менен тааныштырууга тийиш. 

76. Электрондук акчаны жайылтуу үчүн агент/субагент ага банк тарабынан берилген электрондук акчанын эмиссиясынын суммасына барабар акча каражатын банкка которот. Агентке берилүүчү сый акы өлчөмү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ыкмасы банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралат. 

77. Банк, агент жана субагент ортосунда бардык өз ара эсептешүүлөр алардын банктык эсептешүү эсептери жана/же электрондук капчыктары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. 

 

§ 7. Электрондук акчанын ордун жабуу тартиби 

78. Банк чыгарылган электрондук акчанын ордун нак акча каражаттарына алмаштыруу же нак акча каражаттарын акча ээсинин банк эсебине же ал тарабынан көрсөтүлгөн эсепке кошумча акы жана комиссияларды алуусуз, банктын келишимде белгиленген тарифтери боюнча ордун жабууга милдеттүү

79. Электрондук акча ээсинин банктык эсебине акчанын тиешелүү суммасы электрондук акчанын ээсине чегерилген учурдан тартып, ага касса аркылуу накталай акча берилген, же башка электрондук акча системасына которулган учурдан тартып эмитенти тарабынан төлөнгөн болуп эсептелет. 

80. Банк электрондук капчыкты Системанын эрежелеринде белгиленген мөөнөттө (электрондук капчыкта акыркы операцияны жүргүзгөн күндөн тартып 6 айдан кем эмес) калдыгы нөл болгондо же электрондук капчык боюнча операция жүргүзүлбөгөн учурда 30 (отуз) календардык күн калганга чейин электрондук акча ээсинин билдирүүсү менен талап кылуу боюнча электрондук капчыкты бир тараптуу жабууга жана электрондук акча калдыгын (эгерде бар болсо) «талап кылганга чейинки» банктык эсепке которууга укуктуу. 

81. Электрондук акчанын талап кылынбаган калдыктарын кайтарып берүү электрондук капчыктардын идентификацияланган ээлерине инсандыгын күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө касса аркылуу накталай түрдө берилет же кардардын талабы боюнча анын эсептешүү эсебине которулат. 

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган калдыктарды кайтаруу кардарга инсандыгын күбөлөндүргөн документти жана кардар менен уюлдук байланыш операторунун ортосунда түзүлгөн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишимди көрсөткөндө, капчык ачылган номерге чейин жүргүзүлөт. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек. 

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган калдыктарды кайтарып берүү идентификацияланбаган капчык ээси sms-билдирүү, электрондук акча системасында электрондук капчык алгачкы каттоодон өтүүдө электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук катты көрсөткөндө жүргүзүлөт. 

82. Электрондук акчаны нак акчага айландыруу банк тарабынан сыяктуу эле, банк менен агенттик келишим түзгөн агент, субагент тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Эл аралык электрондук акчаны нак акча айландыруу белгиленген лимиттерди жана камсыздандыруу инструменттерин эске алуу менен эл аралык электрондук акча эмитенти/оператору менен макулдашуу боюнча эл аралык электрондук акча агенти жана/же эл аралык электрондук акча субагенти тарабынан жүргүзүлөт. 

Эл аралык электрондук акча агенти тарабынан эл аралык электрондук акчаны төлөө Кыргыз Республикасынын электрондук акча ээлерине резиденттерге гана жүргүзүлөт. 

83. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге бир банктык күндүн ичинде 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага электрондук акчанын ордун нак акча менен жабууга болот. Көрсөтүлгөн суммадан жогору суммадагы электрондук акчанын ордун жабуу алардын банктык эсептерине которуу аркылуу гана жүзөгө ашырылат. 

84. Электрондук акчанын ордун жабуу учурунда сунушталган электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында банк агенттик келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте агентке сый акы төлөйт. 

 

§ 8. Электрондук акча менен операцияларды (транзакцияларды)  

жүргүзүүгө санкция колдонуу 

85. Электрондук акча ээси мындай транзакцияны жүргүзүүгө өз макулдугун берген шартта гана электрондук акча менен жүргүзүлгөн операция (транзакция) санкцияланган катары эсептелинет. Электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө макулдук, банк, оператор жана электрондук акча ээси ортосунда макулдашылган формада сунушталат. Өткөрүлгөн транзакциялардын саны 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн жогору болушунда акча ээси тарабынан электрондук капчыктын интерфейсинде же смс-билдирүү аркылуу алган кодду киргизүү жолу менен транзакция боюнча кошумча тастыктоо талап кылынат. Мындай макулдашуу жок учурда, транзакция санкцияланбаган катары эсептелинет. 

Операцияларды санкциялоо жөнүндө тиешелүү жазуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендерге ылайык жазылууга жана системада сакталууга тийиш. 

86. Акцептант тарабынан ээлик кылуучудан электрондук акча системасы боюнча электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү жөнүндө алынган тапшырма банк, электрондук акча оператору тарабынан банктын, оператордун маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген жол-жоболоруна ылайык текшерилүүгө тийиш. 

87. Эгерде транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасы коопсуздук талаптарына ылайык берилип, бирок мында электрондук акча системасы транзакцияларды туура эмес жүргүзсө, белгиленген лимиттен ашса, транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасын кайталаса же башка туура эмес иштерге жол берсе, эрежелерде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эгерде электрондук акча ээси төмөнкүлөрдү тастыктай алса: 

- өзү же анын атынан иш алып барган адам коопсуздук талаптарын сактаган болсо; 

- эгерде транзакциялар боюнча акцептант ушул жол-жоболорду сактаган болсо да каталар аныкталышы мүмкүн болсо, анда электрондук акча ээси ушул пункттун тиешелүү пунктчаларында көрсөтүлгөн тапшырма боюнча төлөм төлөөгө тийиш эмес; 

2) эгерде транзакция туура эмес тапшырманын негизинде ишке ашырылган болсо, анда электрондук акчаны алуучу же акцептант төлөнгөн сумманы тапшырманы жөнөткөн адамга кайтарып берүүгө тийиш; 

3) эгерде транзакция жаңылыш ишке ашырылса, анда электрондук акча ээси транзакция суммасынан ашык берилген сумманы алуучудан өндүрүп алууга укуктуу. 

88. Эмитент/оператор милдеттүү түрдө электрондук акча ээсине кандай болбосун чыгымдар, кыянаттык менен пайдалануу, уурдоолор же электрондук акчалардан же башка электрондук жабдуулардан санкциясыз пайдалануу же болбосо андан пайдалануу кодунун бузулгандыгы жөнүндө натыйжалуу жана ыңгайлуу маалымдоо каражаттарын сунуштоого тийиш. 

89. Эмитент/оператор ээлик кылуучу тарабынан билдирүүлөрдүн, анын ичинде телефон аркылуу кандай болбосун чыгымдар, электрондук акчанын же башка электрондук жабдуулардын туура эмес колдонулгандыгы, уурдалгандыгы, санкциясыз колдонулгандыгы же болбосо пайдалануу кодунун бузууга жол берилиши жөнүндө билдирүүлөрдү алгандыгын тастыктоо жол-жоболорунун аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

90. Эмитент/оператор электрондук акча ээлери алдында төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) эгерде банк, оператор ушул бөлүктө көрсөтүлгөн электрондук акча системасында орун алган үзгүлтүктөр жөнүндө электрондук акча ээсине билдирүү талабын аткарбаган болсо, электрондук акча ээсинин тапшырмасына ылайык кабыл алынган транзакцияларды жүргүзүү учурунда анын ичинде штаттан тышкаркы жагдайларда, электрондук акча системасынын иштебей калышынан келип чыккан чыгымдар үчүн; 

2) эсептөөдө же бухгалтердик эсепке алууда жол берилген каталар үчүн. 

91. Эмитент, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда кандай болбосун жеткиликтүү каражаттар аркылуу электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү системасын же жабдууну пайдалануу мүмкүн эмес экендиги тууралуу электрондук акча ээсине дароо маалымдоого милдеттүү

92. Эмитент, оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда системада мурда аныкталбаган кандай болбосун үзгүлтүктөр жана транзакцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан проблемалар жөнүндө электрондук акча ээсине билдирүүгө милдеттүү

93. Эгерде электрондук акчаны которуу форс-мажордук жагдайлардан улам же анын натыйжасында ишке ашырылбай калса, банк электрондук акча ээсинин алдында жоопкерчилик тартпайт. 

 

4-глава. Электрондук акча системасын жабуу жана электрондук акчаны чыгарууну токтотуу жана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү тартиби 

 

§ 1. Банк-эмитенттин демилгеси боюнча электрондук акча системасын жабуу 

94. Банк тарабынан электрондук акча системасынын иш-аракетин токтотуу (жабуу) жөнүндө чечим кабыл алууда, банк электрондук акча ээлерин жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейин 3 (үч) ай мурда билдирүү боюнча аракеттерди көрөт: 

- электрондук акча ээсинин өздүк кабинетине билдирүү жиберүү

- электрондук/кагаз түрүндө кат жөнөтүү

- sms-билдирүүлөрдү/ussd-шилтемелерди жөнөтүү

- банктын сайтына маалыматтарды жайгаштыруу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылыктарды жарыялоо. 

Электрондук акча ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн эсептешүү эсептерине которуу менен касса аркылуу электрондук акча ээлерине электрондук акчаны төлөөнү жүзөгө ашырат. 

95. Банк электрондук акча системасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу катты электрондук акча системасын жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейин 3 ай мурда Улуттук банкка жөнөтөт. 

96. Банк агенттерге/субагенттерге, акцептанттарга билдирүүлөрдү жөнөтөт жана түзүлгөн келишимдерди бузуу жана түзүлгөн келишимдердин шарттарын аткаруу боюнча жол-жоболорду жүргүзөт. 

97. Эгерде, электрондук акча системасынын оператору болуп банк-эмитенттен башка жак болсо, келишимди бузуу жана банк-эмитент менен оператордун ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын акыркы аткаруу жол-жобосу акыркы капчык жабылгандан кийин жүзөгө ашырылат. 

98. Системанын жабуу мөөнөтү келгенде, электрондук капчыктардагы талап кылынбаган калдыктар: 

- юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин банк-эмитентте же буга чейин юридикалык жак/жеке ишкер көрсөткөн башка банктагы эсептешүү эсептерине которулат; 

- жеке жактардын (электрондук капчыктарды идентификациялаган жана идентификацияланбаган пайдалануучулар) банк-эмитентте талап кылынганга чейин эсебине которулат. 

 

§ 2. Банк-эмитент тарабынан берилген лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу/убактылуу администрацияны киргизүү учурунда электрондук акчан эмиссиясын жана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүнү токтотуу 

99. Эмитент электрондук акчаны чыгарууга банктын лицензиясы кайтарылып алынган учурда, банк-эмитент болуп саналган электрондук акчанын бардык системаларынын электрондук акчаны пайдалануу менен бардык операцияларды токтотот, ошондой эле ал тууралуу бардык ыкмалар менен электрондук акча ээлерин маалымдайт. 

100. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган учурда, эмитирленген электрондук акчанын ээлерине, агенттердин камсыздандыруу төгүмдөрүн жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторунун төгүмдөрүн төлөө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

101. Банк-эмитенттин лицензиясынын (уруксатынын) аракети убактылуу токтотулган учурда, банк-эмитент болуп саналган электрондук акча бардык системаларынын электрондук акчаларын пайдалануу менен бардык операцияларды токтотот, ошондой эле ал тууралуу бардык ыкмалар менен электрондук акча ээсине маалымдайт. 

Электрондук акчаны пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү лицензиянын (уруксаттын) аракети калыбына келтирилгенден кийин жол берилет. 

 

5-глава. Эл аралык электрондук акча системаларынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине карата талаптар 

102. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштоо үчүн эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эл аралык электрондук акча системаларынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.  

 

§ 1. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин  

каттодон өтүү тартиби 

103. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү түп нускадагы документтерди же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт:  

1) төмөнкү маалыматты көрсөтүү менен каттоодон өтүү жөнүндө арыз:  

- эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин аталышы;  

- электрондук акча системасынын аталышы;  

- электрондук акча инструментинин (алып жүрүүчүнүн) аталышы (бар болсо);  

- оператордун/эмитенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат;  

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган анын мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же башка ага тең болгон документинин көчүрмөсү;  

3) электрондук акча системасынын операторунун/электрондук акча эмитентинин көрсөтүлгөн ишти (эгер колдонулса) лицензиялаган/жөнгө салган, түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген процессинг жана тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүчү документтердин (лицензиянын/сертификаттын/каттоо жөнүндө күбөлүктүн ж.б.) көчүрмөлөрү же болбосо аталган органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай тургандыгы (лицензияланбаган/жөнгө салынбаган ишмердиктин түрү эмес) тууралуу кат түрүндө тастыктоосу;  

4) эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин иш алып баруу эрежеси же оператор/эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Эреже бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасын, электрондук акчаны пайдалануу учурунда финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу ишин да камтууга тийиш;  

5) эгерде эрежелерде тобокелдиктерди тескөө, маалыматтык коопсуздукту уюштуруу жана терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүүнү жөнгө салуучу жол-жоболор камтылбаса, жогоруда аталган жол-жоболорду камтыган документтердин көчүрмөлөрү кошумча берилет. 

Системанын эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш. 

104. Жобонун ушул главасына ылайык, Улуттук банкка тапшырылуучу чет мамлекеттердин расмий документтери, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.  

Чет тилдеги документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдеги талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормосун камтууга тийиш.  

Бирден көп барактан турган документтердин ар бир бетине номер коюлууга, көктөлүүгө, талаптагыдай кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Зарыл учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши зарыл.  

105. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүгө арызды Улуттук банк тарабынан кароо мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. Улуттук банк кабыл алынган чечим жөнүндө эл аралык электрондук акча системасын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде кат түрүндө билдирүү жөнөтөт.  

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып эсептелет.  

Каттоо үчүн документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим, эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башка көрсөтүлбөсө, Улуттук банк арызды жана башка документтерди кагаз түрүндө алгандан кийин кабыл алынат. 

106. Документтер каттоо үчүн белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса, аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет.  

Сын-пикирлерди эске алуу менен кошумча/жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти документтерди жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Аталган документтер милдеттүү түрдө кагаз түрүндөгү экземплярын артынан жөнөтүү менен алдын ала электрондук формада сунушталышы мүмкүн.  

Документтер экиден көп жолу ушул жобонун талаптарын канааттандыруусуз же болбосо толук эмес көлөмдө тапшырылса, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. 

107. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоо номерин ыйгарат жана ал жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин реестрине киргизет (мындан ары - эл аралык электрондук акча системаларынын реестри). Улуттук банк белгиленген мөөнөттө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине каттоодон өткөндүгү тууралуу катты ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен жөнөтөт. 

Улуттук банк Улуттук банктын талаптарына ылайык катталган локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын реестрин жүргүзөт. Локалдык жана эл аралык электрондук акча системалары боюнча маалыматтар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат. 

 

§ 2. Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон баш тартуу. 

108. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык электрондук акча системасынын операторун/ эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон баш тартууга укуктуу: 

- арыз ээси оффшордук аймакта катталган/жайгашкан болсо; 

- каттоо үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген, жалган жана/же документтердин толук эмес топтомун 2 (эки) жолудан ашык сунушталса; 

- арыз ээси өзүнүн өлкөсүндө төмөнкү ишкердик абройго ээ болсо жана ага карата бул өлкөнүн көзөмөл органы тарабынан бир нече жолу санкциялар колдонулган болсо; 

- финансылык чалгындоо органы (же ыйгарым укуктуу орган) тарабынан түзүлүүчү жогорку тобокелдүү мамлекеттердин № 5, 6 жана 7 тизмесине киргизилсе. 

109. Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акчанын эмитентине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен каттоодон баш тартуу жөнүндө кат жөнөтөт. 

 

§ 3. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин каттоосун жокко чыгаруу. 

110. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана тиешелүү жазууну эл аралык электрондук акча системаларынын реестрине киргизет:  

1) эл аралык электрондук акча системасынын операторунан/эл аралык электрондук акча эмитентинен түзүлгөн өлкөнүн көрсөтүлгөн ишти лицензиялаган/жөнгө салган финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан буга чейин берилген эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча иш алып баруу укугуна уруксат берүү документтери (лицезиялар/сертификаттар/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөр ж.б.) кайтарылып алынса (жокко чыгарылса);  

2) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди (келишимдерди) Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө ушул Жобонун 115-пунктуна ылайык сунуштабаса;  

3) эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Улуттук банкта каттоону жокко чыгаруу (реестрден чыгаруу) жөнүндө арызды же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууну токтотуу жөнүндө башка кат түрүндөгү билдирүүнү Улуттук банкка берсе;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузса; 

5) агент (коммерциялык банк-резидент) менен келишим түзүлгөн күндөн тартып 12 (он эки) айдан ашык убакыт бою эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акчанын эмитенти катары Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барбаса. 

6) эл аралык системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин катталган/жайгашкан жери Улуттук банкта каттоодон өткөндөн кийин оффшордук аймактарга өзгөргөн учурда. 

111. Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти ушул Жобонун талаптарын аткарбай койгон, анын ичинде ушул Жобонун 113-пунктунун талаптарын бузган учурда, эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча эмитентин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарууга укуктуу.  

Улуттук банк каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана зарыл учурда башка кызыкдар тараптарга кат түрүндө билдирет, ошондой эле каттоодон өткөндүгүн жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн каттоосу жокко чыгарылган эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны колдонуу менен кызматтарды сунуштоого каттоосу жокко чыгарылгандан тартып 12 (он эки) айдын ичинде жол берилбейт.  

Каттоодон кайрадан өтүүгө Улуттук банктагы каттоо жокко чыгарылган күндөн тартып 12 (он эки) ай өткөндөн кийин жол берилет. 

112. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт. 

 

§ 4. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин ишмердүүлүгүнө карата талаптар. 

113. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти каттоо учурунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка кат түрүндө өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарыл болгон учурда 3 (үч) жумуш күнү ичинде эл аралык электрондук акча системаларынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизет.  

114. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин өз сайтын кошо алганда, системадагы документтерден (эрежелер, колдонуудагы тарифтер, типтүү келишимдер, катышууга талаптар, отчеттор ж.б.) туруктуу негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

115. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти Улуттук банкта каттоодон өткөн күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен, аталган банкка эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди/дерди сунуштоого тийиш. 

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти кийинчерээк Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акча системасынын электрондук акчаларын жайылтууга жана ордун жабууга жаңы түзүлгөн агенттик келишимдер жөнүндө Улуттук банкка милдеттүү түрдө билдириши керек. 

116. Жайылтылуучу жана орду жабылуучу эл аралык электрондук акчанын эсебин алууну, ишенимдүү статистикалык маалыматтардын жана отчеттордун Улуттук банкка берилишин, тийиштүү контролдоону жана мониторингди, анын ичинде мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу инструменттеринин болушун камсыз кылуу максатында эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти эл аралык электрондук системанын агентине эл аралык электрондук акча системасында тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү, пайдалануу укуктарын бериши керек. 

117. Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти жана эл аралык электрондук акча системасынын агенти ортосунда түзүлгөн келишимде финансылык милдеттенмелер, күндөлүк өз ара эсептешүү жүргүзүү тартиби, башка финансылык жана башка шарттар белгиленүүгө тийиш. 

 

§ 5. Эл аралык электрондук акча системасынын агентине/субагентине карата талаптар 

118. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу жана толуктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат. 

119. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти электрондук акчаны нак акчага айландыруу жана толуктоо милдеттерин аткаруу үчүн субагенттер менен келишим түзүшү мүмкүн. Юридикалык жактар же жеке ишкерлер эл аралык электрондук акча системасынын субагенти катары иш алып барышы мүмкүн. 

Эл аралык электрондук акча системасынын агенти субагенттерди ишке тартууда, жана анын субагенттери ушул Жобонун 64-72-пунктуларынын талаптарын сактоого тийиш.  

120. Субагент тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө контролдукту камсыз кылуу үчүн эл аралык электрондук акча системасынын агенти субагенттердин, ар бир кардардын белгилүү убакыт алкагында операциялары жөнүндө өз алдынча мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды түзүү, кардарлардын анкеталарын, анын ичинде электрондук акча системасында кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. 

121. Эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу анын ээсинин тандоосу боюнча чет өлкө валютасында же улуттук валютада жүргүзүлүшү мүмкүн. Улуттук валютада ордун жабуу учурунда, конвертация эл аралык электрондук акча агенти тарабынан эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимге ылайык Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган валютанын расмий курсун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

122. Эл аралык электрондук акча ээсинен келип түшкөн акча каражаттар, эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу үчүн каралган өзүнчө банктык эсепте гана эске алынат. 

123. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, капчык ээсин аутентификациялоо, кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо,анкеталарды жүргүзүү жана сактоо, жеке маалыматтарды жаңыртуу, лимиттерди сактоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү талаптарын сактоо (шектүү төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү, транзакциялардын бөлүнүшүнө көз салуу жана башкалар), накталай акчаларды кабыл алуу жана берүү тартиби, эл аралык электрондук акча ээлеринен келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу тартибин өзүндө камтыган, бирок алар менен чектелбестен, эл аралык электрондук акча системасы менен иш алып баруу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелерге жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. 

124. Эл аралык электрондук акча системасынын агенти отчеттук чейректен кийинки айдын 15ине чейин ушул Жобого карата 3-тиркемеде белгиленген формада Улуттук банкка отчет сунуштайт. 

 

7-глава. Электрондук акчаны пайдалануу учурунда тобокелдиктерди тескөө 

125. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы анын ишин жөнгө салган ички эрежелер, электрондук акчаны колдонуу жол-жоболору жана келишимдик мамилелер менен камсыз болууга тийиш. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, коопсуздукту камсыз кылууда тобокелдикке жол бербөө, ага бөгөт коюу жана аныктоо үчүн техникалык, уюштуруу, технологиялык коопсуздуктун тиешелүү механизмдери менен камсыздалууга тийиш. 

126. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык терроризм жана экстремизм иштерине катыштыгы бар адамдар тизмесине кирген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылган же аларга тиешелүү операцияларды токтотуу жана электрондук капчыктарды блокко коюу, шектүү транзакцияларды (операцияларды) аныктоо жана алдамчылык иш-аракеттерден коргонуу механизмдерине ээ болуусу зарыл. 

127. Электрондук акча системасы, Улуттук банктын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк жүргүзүүнүн, банктык көзөмөлдөөнүн жана акча-кредит саясатынын чегинде электрондук акча формасындагы акча жүгүртүү жөнүндө зарыл статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

128. Электрондук акча системасы, аларды колдонуу учурунда акцептанттын жана электрондук акча ээлеринин чыгымдарын кыскартуу үчүн маалыматтарды берүүнүн өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарды жана төлөмдөр форматын колдонуу менен электрондук акча катышуучуларынын өз ара иш алып барган системасы (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички система) менен натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. 

129. Электрондук акча системасы электрондук акчаны пайдаланууда катышуучулар үчүн натыйжалуу, электрондук акча ээлери үчүн баасы жеткиликтүү жана колдонууда ыңгайлуу болууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

130. Электрондук акча системасында операциялык тобокелдиктерди тескөө төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууга негизделиши зарыл: 

1) системанын ишинде ички контролдук жана аудит жүргүзүү жол-жобосунун болушу, системанын иши жана ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө сактоо; 

2) кызматтык нускоолорго ылайык, жүктөлгөн жоопкерчиликти аткаруу боюнча талаптарга ылайык келген квалификациялуу персоналдын болушу; 

3) маалыматтардын өз убагында иштелип чыгышын, ар бир транзакция боюнча маалыматтардын эсепке алынышын жана сакталышын, ошондой эле маалыматтардын системада сакталышын жана корголушун камсыз кылган маалымат системасынын болушу; 

4) электрондук акча системасынын үзгүлтүксүз иштегенин камсыз кылуу планынын болушу; 

5) электрондук акча системаларында штаттан тышкаркы жагдайлар боюнча жол-жоболордун болушу. 

8-глава. Корутунду жоболор 

131. Электрондук акча чыгарууну жана/же эл аралык электрондук акчаны жайылтууну жүзөгө ашырган банктар Улуттук банкка алар тарабынан чыгарылган жана тейлөөгө алынган электрондук акча, ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана формада сунуштайт. 

132. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент/эл аралык электрондук акчанын агенти, субагент/ эл аралык электрондук акчанын субагенти, электрондук акчанын оператору жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору келишим шарттарынын, операцияларды жүргүзүү коопсуздугунун жана электрондук акчаны колдонуу эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү

133. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент/эл аралык электрондук акчалардын агенти, субагент/эл аралык электрондук акчалардын субагенти, электрондук акчанын оператору жана эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча алар тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле операциялардын туура эмес жана жаңылыш ишке ашырылышын токтотууга жана/же ага бөгөт коюу жагында иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү

134. Маалымат бербегендиги, өз учурунда бербегендиги жана/же анык эмес маалымат бергендиги, ошондой эле отчет формаларын туура эмес толтургандыгы үчүн коммерциялык банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

  

  

 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого 

1-тиркеме 

 

Электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ  

(электрондук капчык ээлери боюнча)  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

____________________________________________________ 

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

____________________________________________________ 

  

№ 

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын түрү 

(идентификацияланган, идентификацияланбаган)  

Колдонуучулардын  

(капчыктардын) саны 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы 

Которуулар 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыкты толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу 

электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичинде 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан 

нак акча 

банктык эсепке 

бардыгы болуп 

алардын ичинен:  

бюджеттик төлөмдөр 

нак акчага алмаштыруу 

банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

Электрондук акча 1 

  

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Электрондук акча 2 

  

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Электрондук акча n 

  

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткаруучу ____________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

Отчетту толтуруу тартиби (1-тиркеме)  

«Электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө (электрондук капчык ээлери боюнча) отчет» отчеттук мезгил ичинде электрондук акча чыгарууга жана жүгүртүүгө байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчетто алар үчүн банк эмитент болуп саналган электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.  

Маалыматтар саны боюнча бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт.  

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын банк-эмитенти болуп саналган банктын тиешелүү аталышы толтурулат;  

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» отчеттук мезгил чейрек. жыл сандарын көрсөтүү форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат.  

Таблицада:  

- 1-тилке катар номери көрсөтүлөт;  

- 2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт;  

- 3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт. Эгерде оператор банк-эмитент болсо, анда банк-эмитенттин аталышы көрсөтүлөт;  

- 4-тилке электрондук акчаны колдонуучулардын түрү: идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулар көрсөтүлөт;  

- 5-тилке электрондук акчаны колдонуучулардын (капчыктарынын) саны;  

- 6-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата системадагы электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт;  

- 7-8-тилкелер отчеттук мезгил ичинде электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичиндеги капчыктардын ортосундагы которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 9-10-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына, анын ичинде эл аралык системаларга каражаттарды чыгаруу аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 11-12-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан, анын ичинде эл аралык системалардан капчыктагы калдыкты көбөйтүү аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 13-14-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 15-16-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 17-18-тилкелер отчеттук мезгил ичинде (бюджеттик төлөмдөрдү кошо алганда), товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 19-20-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөрдү гана төлөө боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 21-22-тилкелер электрондук акчаларды нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 23-24-тилкелер электрондук акчаларды банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.  

  

  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме 

 

 

Электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ 

(юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча)  

 

Банк-эмитенттин аталышы 

__________________________________________________ 

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

__________________________________________________ 

  

№ 

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын аталышы 

Оператор 

Катышуучулардын түрү 

Колдонуучулардын 

(капчыктардын) саны 

Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы 

Которуулар 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Электрондук капчыкты толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу 

электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичинде 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына 

электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан 

нак акча 

банктык эсепке 

бардыгы болуп 

алардын ичинен: бюджеттик төлөмдөр 

нак акчага алмаштыруу 

банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

18 

19 

20 

21 

22 

23 

24 

Электрондук акча 1 

  

Агенттер (анын ичинде субагенттер) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Акцептанттар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Электрондук акча 2 

  

Агенттер (анын ичинде субагенттер) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Акцептанттар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткаруучу __________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

Отчетту толтуруу тартиби (2-тиркеме) 

«Электрондук акчаны жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан банк-эмитенттин иши жөнүндө (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер боюнча) отчет» отчеттук мезгил ичинде электрондук акча жайылтууга жана жүгүртүүгө байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт.  

Отчетто алар үчүн банк эмитент болуп саналган электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.  

Маалыматтар саны боюнча бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт.  

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-эмитенттин аталышы» электрондук акча чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын банк-эмитенти болуп саналган банктын тиешелүү аталышы толтурулат;  

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» отчеттук мезгил чейрек. жыл сандарын көрсөтүү форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат.  

Таблицада:  

- 1-тилке катар номери көрсөтүлөт;  

- 2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт;  

- 3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт. Эгерде оператор банк-эмитент болсо, анда банк-эмитенттин аталышы көрсөтүлөт;  

- 4-тилке катышуучулардын түрү: агенттер, акцептанттар көрсөтүлөт;  

- 5-тилке колдонуучулардын (капчыктардын) саны көрсөтүлөт;  

- 6-тилке отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын калдыгы көрсөтүлөт;  

- 7-8-тилкелер отчеттук мезгил ичинде электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын ичиндеги капчыктардын ортосунда которуулардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 9-10-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларына, анын ичинде эл аралык системаларга каражаттарды чыгаруу аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 11-12-тилкелер электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн башка системаларынан, анын ичинде эл аралык системалардан капчыктагы калдыкты көбөйтүү аркылуу электрондук акчаны которуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 13-14-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 15-16-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу (электрондук акча менен эсептешүүлөр системасында калдыкты азайтуу) электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 17-18-тилкелер отчеттук мезгил ичинде (бюджеттик төлөмдөрдү кошо алганда), товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча транзакциялардын жалпы саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 19-20-тилкелер отчеттук мезгил ичинде бюджеттик төлөмдөрдү гана төлөө боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 21-22-тилкелер электрондук акчаларды нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 23-24-тилкелер электрондук акчаларды банктык эсептен нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт.  

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого карата 

  

 

  

3-тиркеме 

 

 

Эл аралык электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан банк-агенттердин иши жөнүндө  

ОТЧЕТ  

(электрондук капчык ээлери боюнча) 

 

Банк-агенттин аталышы 

____________________________________________________ 

Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл) 

____________________________________________________ 

  

№ 

Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын аталышы 

Оператор 

Колдонуучулардын түрү  

(идентификацияланган, идентификацияланбаган) 

Валюта 

Электрондук акчанын ордун жабуу 

Электрондук капчыкты толтуруу жолу менен эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу 

нак акча 

банктык эсептерге 

нак акча 

банктык эсептерден 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

саны (даана) 

көлөмү 

10 

11 

12 

13 

Электрондук акча 1 

  

идентификацияланган 

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

USD 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

RUB 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында электрондук акча 1 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Электрондук акча 2 

  

идентификацияланган 

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

USD 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланган 

KZT 

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында электрондук акча 2 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ж.б.у.с. 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында электрондук акча n 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында эл аралык системалар 

идентификацияланган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

идентификацияланбаган 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аткаруучу ___________________________________________________ (кол тамгасы, аты-жөнү, телефон номери)  

Жетекчи ____________________________________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

М.О.  

Отчетту толтуруу тартиби (3-тиркеме)  

«Эл аралык электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан банк-агенттердин иши жөнүндө (электрондук капчык ээлери боюнча) отчет» отчеттук мезгил ичинде эл аралык электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын жүгүртүүлөрү менен байланышкан транзакциялардын сандык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Отчет валюталар боюнча электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн ар бир системасы боюнча түзүлөт.  

Маалыматтар саны боюнча бүтүн санга чейин тегеректелген сан маанисинде көрсөтүлөт. Көлөмү боюнча маалыматтар үтүрдөн кийин эки белгиге чейин тегеректелген валюталардын номиналында көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасынын тамга түрүндө коду көрсөтүлгөн сапта транзакциялардын көлөмү боюнча маалыматтар улуттук валютада сом эквивалентинде Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги орточо арифметикалык эсептик курсу боюнча чагылдырылат.  

Таблицадагы аталыштар:  

- «Банк-агенттин аталышы» Улуттук банктын лицензиясына ээ жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасы менен тиешелүү келишим түзгөн банктын тиешелүү аталышы толтурулат;  

- «Отчеттук мезгил: (чейрек, жыл)» отчеттук мезгил чейрек. жыл сандарын көрсөтүү форматында (мисалы, 04.2020, бул 2020-жылдын 4-чейрегин түшүндүрөт) толтурулат.  

Таблицада:  

- 1-тилке катар номери көрсөтүлөт;  

- 2-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын катталган аталышы көрсөтүлөт;  

- 3-тилке электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн аталган системасы боюнча маалыматтарды иштеп чыгууну/процессингди жүзөгө ашырган оператордун аталышы көрсөтүлөт;  

- 4-тилке электрондук акчаны колдонуучулардын түрү: идентификацияланган же идентификацияланбаган колдонуучулары көрсөтүлөт;  

- 5-тилке валютанын тамга менен белгиленген коду көрсөтүлөт;  

- 6-7-тилкелер электрондук акчаны нак акчага алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 8-9-тилкелер электрондук акчаны банктык эсептерде жайгашкан нак эмес каражаттарга алмаштыруу аркылуу электрондук акчанын ордун жабуу боюнча отчеттук мезгил ичиндеги транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 10-11-тилкелер отчеттук мезгил ичинде нак акча салуу аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт;  

- 12-13-тилкелер отчеттук мезгил ичинде банктык эсептерден чегерүү аркылуу электрондук капчыктарды толтуруу жолу менен эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу боюнча транзакциялардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт. 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

Жөнгө салуучу таасирин  

толук/жарым-жартылай 

талдап-иликтөө  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

БЕКИТЕМ  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы  

Боконтаев К.К. 

__________________ 

(кол тамгасы)  

20___ -жылдын ___- __________ 

 

«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун долбоорунун  

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ  

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 2021-Пр-141/178-О буйругу 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө  мөөнөтү: 2021-жылдын октябрь айы  (башталышы), 2021-жылдын декабрь айы (аякташы)  

№ 

Аты-жөнү 

Колу 

Уюм 

1. 

Э.В. Лелевкина 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, Жумушчу топтун жетекчиси 

2. 

М.Ш. Акулуева 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүң начальниги 

3. 

А.Т. Бакесариева 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башкы адиси  

4. 

Ч.О. Рыспекова 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси 

5. 

А.З. Мамбеталиева 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы) 

6. 

Б.С. Джакыпбаев 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 

7. 

Г.Р. Тагаева 

 

«БАКАЙ БАНК» ААКтын Кардарлардын операцияларын коштоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча) 

8. 

А.К. Киязова 

 

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын Аралыктан банктык тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча) 

9. 

Ж. Кыдыкова 

 

«Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын «Элсом» долбоору боюнча менеджери (макулдашуу боюнча) 

10. 

А.Ж. Омоева 

 

«Дос-Кредобанк» ААКтын Башкармасынын мүчөсү 

11. 

И.И. Исмаилов 

 

«Банк Компаньон» ЖАКтын санарип бизнес башкармалыгынын аралыктан банктык кызматын сунуштоо боюнча менеджери (макулдашуу боюнча) 

12. 

М.М. Мамбеталиев  

 

«Би Эм Текнолоджис» жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча) 

13.  

Доспаева А.К 

 

«Баланс КГ» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишеним кат боюнча өкүлү (макулдашуу боюнча) 

14. 

Г.А. Асекова 

 

«Кыргызмобайлкомпани» жоопкерчилиги чектелген коомунун AML адиси (макулдашуу боюнча) 

15. 

А.Н. Бредихин 

 

«Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун методология боюнча эксперти (макулдашуу боюнча) 

 

Жооптуу кызматкер менен байланыш үчүн маалымат: Мамбеталиева А.З Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы), тел. 66-90-99, e-mail: azmambetalieva@nbkr.kg. 

 

 

Көлөмү: ________ барак.  

 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер  

 

1.1. Проблемаларды чагылдыруу 

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө электрондук акчанын тез өнүгүп жаткандыгы байкалууда. Электрондук акчаны колдонуучулардын саны жана электрондук акчанын жардамы менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү байкаларлык деӊгээлде өсүүдө. Жеке жактардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөр, ошондой эле сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы эсептешүүлөр накталай эсептешүүлөрдүн кадимки түрүн алмаштыруу менен электрондук формага өтүп жатат. Электрондук акчалар менен эсептешүүлөрдү популярдуу кылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн ыңгайлуулугу, ылдамдыгы жана жөнөкөйлүгү менен шартталган, буга болгону интернетке туташкан уюлдук телефонду өзү менен алып жүрүү жетиштүү.  

Эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акчаны колдонуунун артыкчылыктары менен катар кемчиликтери да бар. Электрондук капчыкты колдонуучулар электрондук капчыкты колдонуу боюнча маалыматтын жетишсиздиги, улуу муундун акчаны электрондук түрдө сактоого ишенбөөчүлүгү, ошондой эле төмөнкү учурларда электрондук капчыктан акча каражаттарын чыгарып алууда көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн: 

- эгер банк электрондук акча системасын жабууну чечсе; 

-  банк-эмитенттин же электрондук акча системасынын операторунун лицензиясынын аракети белгилүү бир убакытка токтой турган болсо/токтотулган учурда; 

- эгерде электрондук акча чөйрөсүндөгү мыйзам талаптары жетиштүү деңгээлде сакталбаса.  

Ушуга байланыштуу, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

30-мартындагы № 15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону өркүндөтүүнүн алкагында (мындан ары Жобо), төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 

№ 1 проблема. Электрондук акча системасынын банк-эмитенттер тарабынан жабылышы, иштебеген электрондук капчыктарды, анын ичинде саны бардык капчыктардын жалпы санынын 72 пайызын түзгөн (2021-жылдын III чейрегинин акырына карата) идентификацияланбаган капчыктарды жабуу процесси, электрондук капчыктарды кайра тариздөө процесси. 

Коммерциялык банктар-эмитенттер тарабынан электрондук акча ээлеринин электрондук акчанын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмелерди өзүнө алуу боюнча норманы аткарбоо тобокелдиги бар. Банктар башка банктарга электрондук акчаны чыгаруу укугун өткөрүп бере алышат. 

№ 2 проблема. Кыргыз Республикасынын резиденттери-коммерциялык банктары менен белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары -Улуттук банк) каттоодон өткөндөн кийин 6 ай) агенттик келишим түзүү бөлүгүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/эмитенттери тарабынан Жобонун талаптарын көп бузуулар жана Улуттук банкта каттоодон өтүү жол-жобосунан кийин системадагы ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө Улуттук банкка маалымат берүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акча системасынын операторлорунун/эмитенттеринин иш-аракеттерин ишке ашыруунун айрым ченемдерин такташтыруу маселеси дагы турат. 

№ 3 проблема. Электрондук капчыкты толуктоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн электрондук акчаны колдонуу менен 1 (бир) операциянын максималдуу өлчөмүн көбөйтүү маселеси. Бир беткей түшүнүү үчүн юридикалык жактардын электрондук акчаны төлөөсү боюнча ченемдерин такташтыруу.  

Анын үстүнө, электрондук капчыктарды пайдалануунун колдонуп жаткан практикасын эске алуу жана тиешелүү түзөтүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.  

Жобонун жаңы редакциясы бекитилген учурда Жобонун колдонуудагы редакциясы күчүн жоготот. 

Төмөндө чечүүнү талап кылган негизги проблемаларды (чакан проблемаларды) чагылдырган «проблемалар тарамы» келтирилген:  

 

«ПРОБЛЕМАЛАР ТАРАМЫ» 

 

№ 1-Проблема 

 

Электрондук акча системасын жабуу. Коммерциялык банктар-эмитенттер тарабынан электрондук акча ээлеринин ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмелерди өзүнө алуу боюнча ченемдин сакталышы. 

 

 

Электрондук акчанын жабылып жаткан системаларындагы электрондук акчалардын ордун жабуу боюнча электрондук капчык ээлеринин укуктарынын сакталбашы тобокелдиктери. Колдонуучулардын учурдагы капчыктарын кайра тариздөө тартиби. Банк-эмитенттерге жана локалдык электрондук акча системаларынын операторлоруна карата талаптарды такташтыруу. 

 

 

№ 2-проблема  

 

Эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/ эмитенттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын сактоосу. 

 

Эл аралык электрондук акча системасынын эмитенттерине/операторлоруна карата нормаларды жана талаптарды такташтыруу. 

 

 

№ 3-проблема 

 

Электрондук капчыкты толуктоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, юридикалык жактардын операцияларына лимиттерди көбөйтүү жана юридикалык жактар үчүн электрондук акчаны төлөө ченемдерин такташтыруу. 

 

Электрондук капчыктарды толуктоо мүмкүнчүлүктөрүн, лимиттерин кайра карап чыгуу жана аны бир беткей түшүнүү үчүн юридикалык жактардын электрондук акчаны төлөөсү боюнча ченемге түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынат. 

 

 

Кызыкдар тараптар: 

1) жөнгө салуучу орган Улуттук банк; 

2) коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары; 

3) электрондук капчык ээлери. 

 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирлерин талдап-иликтөө 

Ушул ченемдик укуктук актынын долбоорунун (Улуттук банктын 2021-жылдын 15-октябрындагы билдирүүсү) жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө Улуттук банктын маалымдоо процессинде кызыкдар тараптардан сын-пикирлер, комментарийлер жана сунуштар келип түшкөн жок. 

 

1.3. Бардык аныкталган проблемаларды жалпы талдап-иликтөө 

Бардык аныкталган проблемалар электрондук акчаны колдонууда кездешет. 

Биринчи проблеманын келип чыгуу себеби, электрондук акча системасын, электрондук капчыктарды жабуу жана электрондук капчыктарды кайра тариздөө тартибин, электрондук акча эмиссиясын бир банк-эмитенттен башка банк-эмитентке которуу процессин ченемдик укуктук актыларда жөнгө салынбашы. 

Экинчи проблеманын себеби, Улуттук банкта катталган эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/эмитенттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын жетиштүү деӊгээлде сакталбагандыгы, ошондой эле банктардын эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/эмитенттери менен иштешүүсүндө келип чыккан пикир келишпестиктер. Эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/эмитенттери менен агенттик келишимдерди түзүүдө эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/эмитенттери эл аралык электрондук акча системасы келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча ээлерин идентификациялоону талап кылат.  

Ошондой эле, Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү талаптарын сактоо жана өлкө үчүн аброй тобокелдигин жоюу үчүн эл аралык электрондук акча системасын каттоодон баш тартууга тийиш болгон нормалар дагы жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда эл аралык электрондук акча системасынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө тактоочу нормаларды киргизүү зарыл.  

Юридикалык жактарга 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашкан сумманы эсептешүү эсебине которуу жолу менен гана төлөө жөнүндө норманы эки жактуу түшүнүү банкка жана электрондук акча ээлерине көйгөй жаратат. Бул норманы сактоо максатында үчүн банктар төлөнүүчү сумманы 500 эсептик көрсөткүчтөн турган бир нече суммага бөлүп коюшат. Ушундан улам, кардарларда мунун кандай кажети бар деген түшүнбөстүк келип чыгат. Бул норма накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында киргизилгендиктен, актуалдуулугун жоготпой келет. Ушуга байланыштуу, бир беткей түшүнүү жана аны сактоо үчүн тактоочу мүнөздөгү өзгөртүү киргизүү зарыл. 

Жогоруда белгиленгендерге ылайык, ошондой эле калк акырындап санариптештирүү шарттарында төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн ыңгайлуу ыкмаларына өтүп жаткандыгын эске алуу менен, электрондук акча менен иштөөнү дайыма өркүндөтүү жана ыңгайлуу кылуу максатында, Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынат. 

 

1.4. Проблемалардын масштабы 

2021-жылдын III чейрегинин акырына карата 7 (жети) коммерциялык банк электрондук акча эмитенти болуп саналган жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча 9 (тогуз) локалдык система иштеп турган.  

Электрондук капчыктардын жалпы саны 6,7 пайызга көбөйүү менен 4,4 млн капчыкты түзгөн (өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда көрсөткүч 40,8 пайызга жогорулаган). Алардын ичинен идентификацияланган электрондук капчыктардын саны 1 240 миңди (бардык электрондук капчыктардын жалпы санынын 28,0 пайызын) түзгөн. 

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда отчеттук мезгил ичинде:  

- электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу операцияларынын көлөмү 82,4 пайызга көбөйүп, 3,4 млрд сомду түзгөн, ал эми акча каражаттарын которуулардын саны 1,1 млн тегерегиндеги операцияны түзүү менен 2,9 эсеге көбөйгөн; 

- электрондук акчанын ордун жабуу (нак акчага айландыруу) операцияларынын көлөмү 57,0 пайызга көбөйүп, 8,5 млрд сомду түзгөн, мында операциялардын саны 2,5 эсе көбөйүп, 1,9 млн жакын операцияны түзгөн;  

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча операциялардын көлөмү 17,1 пайызга көбөйүп, 2,8 млрд сомду түзгөн, ал эми операциялардын саны 31,1 пайызга азайып, 3,1 млн операция чегинде катталган; 

- электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) боюнча операциялардын көлөмү 39,0 пайызга көбөйүп, 11,2 млрд сомду түзүү менен, операциялардын саны 46,3 пайызга азайып, 1,9 млн операцияны түзгөн. 

Нак эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүү Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири болуп саналат, мында рыноктун катышуучуларынын пикири боюнча ишке ашырылып жаткан операциялар боюнча лимиттерди колдонууга киргизүү ушул максатка жетүүдөгү тосмо болуп саналат. Алсак, Жобонун 36-пунктунун талаптарына ылайык, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн электрондук акчаларды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын 1 (бир) максималдуу өлчөмү 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул суммадан жогору операциялар ошол юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин банктык эсептери аркылуу өтүүгө тийиш. Электрондук акчалар кадимки акча менен теңдештирилгендиктен, жүргүзүлүүчү операциялар боюнча лимиттер көрсөтүлгөн суммадан жогору болушу зарыл. Анткени лимиттин төмөнкү мааниси төлөмдөрдү нак эмес формада жүргүзүүнү кыйындатат. Колдонуучулар иш жүзүндө коммерциялык банктарга кайрылышпайт жана бул суммаларды белгиленген лимитке ылайыктап бөлүштүрөт, вариант катары операцияларды башка жактар аркылуу жүргүзүшөт, муну менен убактыларын кетирип, күч-аракетин жумшашат. Ошол эле учурда электрондук төлөмдөрдүн кыймылдаткычы болуп кичинекей төлөмдөр гана эмес, тескерисинче, ири төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды эң аз чыгым жана иш-аракеттерди сарптоо мүмкүнчүлүгү саналат. Лимиттердин көбөйүүсү төлөм системасынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана коммерциялык банктарга мүмкүндүк берет, бул кошумча акча каражаттарынын агымын көбөйтөт жана ошондой эле банк жана төлөм секторун бекемдөөгө, ошол инструменттердин бизнесте жана турмуш-тиричилик шарттарында өлкөнүн калкы үчүн жагымдуу болууга мүмкүндүк берет. Өз кезегинде төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана коммерциялык банктар электрондук акча менен операциялар боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн андан ары өнүктүрүү максатында, өз каалоосу боюнча каражаттарды капиталга тарта алышат, ошону менен бирге накталай эмес төлөмдөрдүн жүгүртүүсүн жогорулатат, бул толук кандуу атаандаштык чөйрөсүн жаратат. 

Социалдык аспектте: жабык системанын электрондук акчаларын накталай алуу аракетин көрүүдө көйгөйлөр жаралган учурда, жалпысынан башка иштеп жаткан электрондук акча системаларына таасир эте турган, ишенимсиз жана кооптуу деп эсептеп, электрондук капчыктардан толугу менен баш тартып коё турган учурда аброй тобокелдиги жогорулайт. 

Аймактык аспектте: Бул проблемалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы электрондук акча ээлерин камтыйт. 

 

1.5. Улуттук банк тарабынан жобону өзгөртүү жолу менен проблеманы чечүүнүн укуктук негиздери. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын 20-беренесине ылайык Улуттук банк банк мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. 

 

1.6. Проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу. 

Жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжаларын, ошондой эле Жобонун колдонуудагы редакциясын талдап-иликтөөнү эске алуу менен электрондук капчык ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо максатында Жобонун колдонуудагы редакциясын өркүндөтүү маселеси актуалдуу болуп саналат. 

 

1.7. Эл аралык тажрыйба 

Казакстан Республикасы. Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 21-сентябрындагы № 112 токтомуна ылайык, Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 31-августундагы № 202 токтому менен бекитилген Казакстан Республикасынын аймагында электрондук акча чыгаруу, пайдалануу жана төлөө эрежелери, ошондой эле электрондук акча эмитенттерине жана электрондук акча системаларына карата талаптар (мындан ары Эрежелер), «Банк-эмитент тарабынан чыгарылган лицензиясынан жана (же) лицензиянын тиркемесинен ажыратылган электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды токтотуу же лицензиясын колдонуу убактылуу токтотулган» 4-1-глава менен ошондой эле Эрежелерди өркүндөтүү үчүн башка главалар менен толукталган. 

Беларусь Республикасы. Беларусь Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна ылайык, Беларусь Республикасынын Башкармасынын токтому менен бекитилген Электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү эрежелери 27-пункт менен толукталды, жана ага электрондук капчыкты жабуу тартиби, ошондой эле башка толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген.  

 

2. Жөнгө салуу максаттарын аныктоо 

2.1. Негизги максат колдонулуп жаткан практиканы эске алуу менен Жобону өркүндөтүү, актуалдуулугун жоготкон нормаларды алып салуу, эмитенттердин жана агенттердин отчетторун деталдаштырып көрсөтүү, банк-эмитенттерге, эл аралык электрондук акча системаларынын операторлоруна/эмитенттерине карата талаптарды такташтыруу, ошондой эле колдонулуп жаткан электрондук акчаны пайдалануу практикасын эске алуу менен айрым нормаларды такташтыруу. 

2.2. Максатка жетүүнүн алдыга жылышына баа берүү үчүн колдонула турган максаттуу маанилери бар сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр. 

- Сапаттуу ченемдик база. 

- Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин жүргүзүлүп жаткан операцияларынын лимиттерин 3000 эсептик көрсөткүчтөн 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүү

- Электрондук капчыктарды толуктоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

- Эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорун/эмитенттерин каттоого, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акча системаларынын ишмердүүлүгүнө карата талаптарды такташтыруу. 

- Актуалдуулугун жоготкон нормаларды алып салуу, банктарга-эмитенттерге, операторлорго, агенттерге/субагенттерге карата талаптарды такташтыруу.  

 

3. Жөнгө салуунун каралган варианттары 

3.1. Жөнгө салуунун «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты. 

3.2. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты. 

3.3. Жөнгө салуунун «Банктын ички документтерин жетекчиликке алуу жана «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого жарым-жартылай өзгөртүүлөрдү киргизүү либералдуу ыкмасы. 

 

3.1. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Электрондук акча боюнча ченемдик базаны өркүндөтүү маселеси дайыма актуалдуу бойдон кала берет, анткени электрондук капчыкты колдонуучулардын саны күн сайын өсүүдө. Ошол эле учурда, колдонуучулардын, өзгөчө өлкөнүн аймактарында финансылык сабаттуулук деӊгээлинин төмөндүгүн эстен чыгарбоо зарыл. Ушундан улам, коммерциялык банктардын, операторлордун, эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/эмитенттеринин ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик база электрондук капчык ээлеринин укуктарын коргоо максатында дайыма өркүндөтүлүп турушу зарыл. 

Коммерциялык банктардын/төлөм системаларынын операторлорунун ишине көзөмөл жүргүзүүдө аныкталган Улуттук банк койгон талаптардын ченемдеринин талаптагыдай аткарылбагандыгы, алардын ишин жөнгө салуу ченемдерин түшүнүүдө жана колдонууда пикир келишпестиктерге байланыштуу. Жөнгө салуу боюнча өзүнчө талаптарда деталдаштырылган талаптардын жоктугу коммерциялык банктарга жана төлөм системаларынын операторлоруна сапаттуу көзөмөл жүргүзүүнү кыйындатат.  

Чечимдин бул варианты учурдагы проблемаларды чечпегендиктен, «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты жогорудагы 1-3-проблемаларына колдонулбайт. 

3.1.2. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер 

«Өзгөртүүсүз калтыруу» вариантын тандаган учурда, коюлган максаттар ишке ашпайт. Электрондук акча ээлери жетиштүү деңгээлде корголбойт. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акча системаларынын ишине коюлган талаптар такташтырылбаган бойдон кала берет жана чар-жайыт кабыл алынат. Ошондой эле бул вариантты тандоо инновацияларды жана технологияларды кошкондо, чекене төлөмдөр рыногун тез өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кыла албайт. Финансылык технологиялар секторунун өсүш арымы ошол эле деңгээлде сакталып, орточо деӊгээл катары мүнөздөлүшү мүмкүн. Консервативдик позиция жана салттуу инструменттерге басым жасоо дүйнөлүк тенденциялардан байкаларлык деӊгээлде артта калууга түрткү кылып, инновациялык төлөм инструменттерин колдонууну чектөөгө алып келиши мүмкүн. 

Жөнгө салуунун бул варианты Жобону өркүндөтүүгө шарт түзбөй, көйгөйлөр чечилбеген бойдо кала берет. Натыйжада банктар электрондук акча системасын ылайыгына жараша жабат. Ал эми эл аралык электрондук акча системаларынын эмитенттери/операторлору Жобонун талаптарын буза берет. 

Жөнгө салуу боюнча айрым талаптарда деталдаштыруунун жоктугу Улуттук банк менен коммерциялык банктардын/электрондук акча системаларынын операторлорунун ортосундагы келишпестиктерге, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелеринин алкагында келечекте талаш-тартыштардын келип чыгышына алып келиши мүмкүн. 

3.1.3. Укуктук талдап-иликтөө 

Жогоруда айтылган 1-3-проблемалардын бардыгын жөнгө салуунун бул вариантынын аткаруу техникасын талдап-иликтөө анын техникалык жактан кыйла жеңил ишке ашырууга боло турган вариант катары баалоого алып келет, бирок жогоруда аталган проблемаларды чечпейт. 

 

3.2. Жөнгө салуунун «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты 

Жогоруда белгиленген проблемаларды чечүү максатында Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат. 

Биринчи проблема боюнча:  

1. Жобонун 3-главасын “Электрондук акчанын ордун жабуу тартиби” деп аталган 7§ параграф менен толуктоо.  

«80 Банк электрондук капчыкты Системанын эрежелеринде белгиленген мөөнөттө (электрондук капчыкта акыркы операцияны жүргүзгөн күндөн тартып 6 айдан кем эмес) калдыгы нөл болгондо же электрондук капчык боюнча операция жүргүзүлбөгөн учурда 30 (отуз) календардык күн калганга чейин электрондук акча ээсинин билдирүүсү менен талап кылуу боюнча электрондук капчыкты бир тараптуу жабууга жана электрондук акча калдыгын (эгерде бар болсо) «талап кылганга чейинки» банктык эсепке которууга укуктуу. 

81. Электрондук акчанын талап кылынбаган калдыктарын кайтарып берүү электрондук капчыктардын идентификацияланган ээлерине инсандыгын күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө касса аркылуу накталай түрдө берилет же кардардын талабы боюнча анын эсептешүү эсебине которулат. 

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган калдыктарды кайтаруу кардарга инсандыгын күбөлөндүргөн документти жана кардар менен уюлдук байланыш операторунун ортосунда түзүлгөн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишимди көрсөткөндө, капчык ачылган номерге чейин жүргүзүлөт. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек. 

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган калдыктарды кайтарып берүү идентификацияланбаган капчык ээси sms-билдирүү, электрондук акча системасында электрондук капчык алгачкы каттоодон өтүүдө электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук катты көрсөткөндө жүргүзүлөт. 

». 

 

2. Электрондук акча системасын жабуу тартибин жөнгө салган жаңы бөлүмдү киргизүү сунушталат: 

 

«4-глава. Электрондук акча системасын жабуу жана электрондук акчаны чыгарууну токтотуу жана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү тартиби 

 

§ 1. Банк-эмитенттин демилгеси боюнча электрондук акча системасын жабуу 

94. Банк тарабынан электрондук акча системасынын иш-аракетин токтотуу (жабуу) жөнүндө чечим кабыл алууда, банк электрондук акча ээлерин жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейин 3 (үч) ай мурда билдирүү боюнча аракеттерди көрөт: 

- электрондук акча ээсинин өздүк кабинетине билдирүү жиберүү

- электрондук/кагаз түрүндө кат жөнөтүү

- sms-билдирүүлөрдү/ussd-шилтемелерди жөнөтүү

- банктын сайтына маалыматтарды жайгаштыруу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылыктарды жарыялоо. 

Электрондук акча ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн эсептешүү эсептерине которуу менен касса аркылуу электрондук акча ээлерине электрондук акчаны төлөөнү жүзөгө ашырат. 

95. Банк электрондук акча системасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу катты электрондук акча системасын жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейин 3 ай мурда Улуттук банкка жөнөтөт. 

96. Банк агенттерге/субагенттерге, акцептанттарга билдирүүлөрдү жөнөтөт жана түзүлгөн келишимдерди бузуу жана түзүлгөн келишимдердин шарттарын аткаруу боюнча жол-жоболорду жүргүзөт. 

97. Эгерде, электрондук акча системасынын оператору болуп банк-эмитенттен башка жак болсо, келишимди бузуу жана банк-эмитент менен оператордун ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын акыркы аткаруу жол-жобосу акыркы капчык жабылгандан кийин жүзөгө ашырылат. 

98. Системанын жабуу мөөнөтү келгенде, электрондук капчыктардагы талап кылынбаган калдыктар: 

- юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин банк-эмитентте же буга чейин юридикалык жак/жеке ишкер көрсөткөн башка банктагы эсептешүү эсептерине которулат; 

- жеке жактардын (электрондук капчыктарды идентификациялаган жана идентификацияланбаган пайдалануучулар) банк-эмитентте талап кылынганга чейин эсебине которулат.». 

 

§ 2. Банк-эмитент тарабынан берилген лицензияны кайтарып алуу/ лицензиянын колдонуу мөөнөтүн убактылуу токтото туруу/убактылуу администрация киргизүү учурунда электрондук акча эмиссиясын жана электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүнү токтотуу 

99. Банк-эмитенттин электрондук акча чыгарууга лицензиясы (уруксаты) банктан кайтарылып алынган учурда, банк эмитент болуп саналган электрондук акчалардын бардык системаларынын электрондук акчаны пайдалануу менен бардык операцияларды токтотот, ошондой эле бул тууралуу бардык жеткиликтүү ыкмалар менен электрондук акча ээлерине маалымдайт. 

100. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган учурда, электрондук акча ээлерине эмитирленген электрондук акчаларын, агенттердин камсыздандыруу төгүмдөрүн жана электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторунун төгүмдөрүн төлөө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

101. Банк-эмитенттин лицензиясынын (уруксатынын) колдонуу мөөнөтү убактылуу токтотулган учурда, банк эмитент болуп саналган электрондук акчалардын бардык системаларынын электрондук акчаны пайдалануу менен бардык операцияларды токтотот, ошондой эле ал тууралуу бардык жеткиликтүү ыкмалар менен электрондук акча ээлерине маалымдайт. 

Электрондук акча эмиссиясына лицензиянын (уруксаттын) колдонуу мөөнөтү калыбына келтирилгенден кийин электрондук акчаны пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө жол берилет. 

Коммерциялык банктар-эмитенттер тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу укугун башка банкка өткөрүп берген учурда, электрондук акча ээлерине электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылып алынгыс милдеттенмелерди өзүнө кабыл алуу жөнүндө норманы сактоо проблемасы боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз. 

Эгерде электрондук акча системасынын оператору товардык белгиге жана/же электрондук акча системасына ээ болсо, анда Жобону төмөнкү шарттарды милдеттүү түрдө сактоо менен электрондук акча чыгаруу укугун башка банкка берүү тууралуу нормалар менен толуктоо сунушталат: 

1) башка банк-эмитенттин электрондук акчасынын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө электрондук акча чыгарууга уруксат алган банк-эмитент гана алышы мүмкүн; 

2) өткөрүп берүүчү банк-эмитент, электрондук капчык ээлерин идентификациялоо боюнча анкеталарды келишимге ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен өткөрүп берүү- кабыл алуу актысына эки тараптуу кол коюу менен чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат. 

3) башка банк-эмитент тарабынан чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди алууда алган банк өзүнө толук жоопкерчиликти алат. 

4) электрондук капчык ээлери жеке маалыматтарды үчүнчү жакка берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шарттарга алдын ала макул болууга тийиш. Ушуга байланыштуу, Электрондук акча системасынын эрежелери электрондук акча ээлеринин жеке маалыматтарды өткөрүп берүүгө макулдугу жөнүндө норманы камтууга тийиш. 

Жобонун 3-главасынын “Электрондук акча чыгарган банкка карата коюлуучу негизги талаптар” деп аталган § 1 төмөнкүдөй пункттар менен толукталсын. 

 

22. Электрондук акча ээлерине электрондук акчанын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерди өткөрүп берип жаткан банк электрондук акча системасын өткөрүп бергенге чейин 3 (үч) ай мурда электрондук төмөнкүлөр аркылуу акча ээлерине маалымдоо боюнча иштерди жүргүзөт: 

- электрондук акча ээсинин өздүк кабинетине билдирүү жиберүү

- электрондук/кагаз түрүндө кат жөнөтүү

- sms-билдирүүлөрдү/ussd-шилтемелерди жөнөтүү

- банктын сайтына маалыматтарды жайгаштыруу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылыктарды жарыялоо. 

23. Өткөрүп берип жаткан банк, чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелерди башка банкка которуу чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө катты мөөнөтү келип жеткенге чейин жана өткөрүп берүү боюнча башка жол-жоболорду жүргүзгөнгө чейин 3 (үч) ай мурун Улуттук банкка кат жөнөтөт

24. Өткөрүп берүүчү банк агенттерге/субагенттерге, акцептанттарга билдирүүлөрдү жөнөтөт жана түзүлгөн келишимдерди бузуу жана түзүлгөн келишимдердин шарттарын электрондук акча берилүүчү системасынын башка банкына берүү мөөнөтү келип жеткенге чейинки 3 (үч) ай мурда аткаруу боюнча жол-жоболорду жүргүзөт. 

25. Өткөрүлүп берилип жаткан системанын агенттери/субагенттери, акцептанттары электрондук акча системасын кабыл алуучу банк менен келишим ошол эле же башка шарттарда кайра келишим түзүп ишти улантууга укуктуу. 

Банк-эмитенттер Электрондук акча менен иш алып баруу боюнча өзүнүн ички ченемдик актыларына (жол-жоболоруна, жоболоруна, эрежелерине) жогоруда көрсөтүлгөн тартиптерди жөнгө салган толуктоолорду киргизиши зарыл. Мындан тышкары, ошол эле тартиптер кардар менен банк-эмитент ортосунда, оператор менен банк-эмитент ортосундагы келишимде чагылдырылууга тийиш.». 

 

Экинчи проблема боюнча, Эл аралык электрондук акча системасы тарабынан каттоого берилген документтерге тактоочу толуктоолорду киргизүү, агенттер (банк-резиденттер) менен кайрадан түзүлгөн келишимдер, 12 айдан кийин каттоону жокко чыгаруу учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердигин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү, Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердигин жүргүзүү үчүн каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө маалымат берүү боюнча тактоочу толуктоолорду киргизүү сунуш кылынат. Жалпысынан, эл аралык электрондук акча системасын каттоо тажрыйбасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Эл аралык электрондук акча системасынын иш-аракеттерин ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча Жобону тактоочу толуктоолорду киргизүү сунуш кылынат. 

Эл аралык электрондук акча системасынын операторлорун/эмитенттерин каттоодо Улуттук банктын мындай толуктоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык электрондук акча системасын операторлорунун/эмитенттеринин талаптарына жооп бербеген өтүнүч каттарын четке кагууга мүмкүндүк берет. 

Ошондой эле Жобонун 3-главасынын § 3 параграфында эл аралык электрондук акча системасынын акча ээлерин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Эл аралык электрондук акча системасынын банк-агенттери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш болгон ченемди киргизүү сунушталат.  

Эл аралык электрондук акча агенти болгон банк Кыргыз Республикасынын аймагында тейленүүчү эл аралык электрондук акча ээлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жол-жобосун жүзөгө ашырууга милдеттүү. Банк-эл аралык электрондук акча агенти, эл аралык электрондук акча ээлерин идентификациялоо жана верификациялоо боюнча функцияларды эл аралык электрондук акча оператору/эмитенти, банктын келишимдин/макулдашуунун негизинде кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн сунуштоо боюнча агенттерине макулдашуу боюнча өткөрүп берүүгө укуктуу. 

Бул тактоо Эл аралык электрондук акча системаларынын капчык ээлерин идентификациялоодо Эл аралык электрондук акча системаларынын банк-агенттеринин ишин жеңилдетет жана Кыргыз Республикасынын аймагында Эл аралык электрондук акча системаларынын ишмердүүлүгүнө карата талаптарды такташтырат. 

Үчүнчү проблема боюнча, бул норманын талаптарын бир тараптуу түшүнүү үчүн 58-пунктка тактоо киргизип, төмөнкү редакцияда берүү сунушталат: 

«Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн электрондук акча бир банктык күн үчүн 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага накталай түрдө төлөнүшү мүмкүн. Бул суммадан ашкан акчаны кайтаруу алардын банктык эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат». 

Электрондук капчыктарды агенттин мобилдик тиркемеси менен толуктоо мүмкүндүгү жөнүндө маселеге келсек, Агенттердин мобилдик тиркемелеринин балансынан электрондук капчыктарды толуктоого тыюу салуу боюнча чектөө алынып салынды. 

 

3.2.2. Жөнгө салуу таасири 

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор электрондук акча системаларын жабууда, иштебеген электрондук капчыктарды жабууда эрежелерди сактоо жагынан банк-эмитенттерге тиешелүү болот. Мындан тышкары, жеке ченемдерди деталдаштыруу электрондук акча менен иштөөдө бир тараптуу түшүнүүгө жана жөнөкөйлөштүрүүгө алып келет, өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн өсүшүнө таасирин тийгизет. Ошондой эле электрондук капчык ээлеринин укуктары корголушу керек. 

Эл аралык электрондук акча системаларына карата талаптар боюнча толуктоолорду жана такташтырууларды киргизүү Улуттук банкта каттоодон өтүү үчүн Эл аралык электрондук акча системасы түшүнүгүн жөнөкөйлөштүрүү зарыл, ошондой эле эгерде Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эмитенти тарабынан Жобонун талаптары бузулса, Кыргыз Республикасынын аймагында 1 жылга ишмердүүлүккө тыюу салуу жөнүндө ченем кошулат. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын резиденттери-эл аралык электрондук акча системасынын электрондук капчык ээлерин идентификациялоо боюнча ченем кошулду, ага ылайык идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк-агенттер жана алардын субагенттери тарабынан жүргүзүлөт. 

Өркүндөтүлгөн ченемдик укуктук база банк-эмитенттердин, локалдык электрондук акча системаларынын операторлорунун ишине натыйжалуу жана сапаттуу көзөмөлдү жүзөгө ашырууга түздөн-түз таасирин тийгизет. 

Бул жөнгө салуу варианты 2.1. «Негизги максат» пунктунда аныкталган проблемаларды чечет. 

3.2.3. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер 

Жогорудагы 1-3-проблемаларды чечүү максатында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор Жобонун кемчиликтерин толтурууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлбөгөндүгү жагымсыз кесепеттерге, төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө, натыйжасыз көзөмөлгө жана башка ушул сыяктууларга алып келиши мүмкүн. 

Ошондой эле өзгөртүүлөр жөнгө салуу боюнча айрым колдонуудагы талаптарды өркүндөтүүгө багытталган, бул жалпысынан коммерциялык банктардын/төлөм системасынын операторлорунун жана Улуттук банктын ортосундагы пикир келишпестик келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктеринин келип чыгышын минималдаштырууга тийиш. 

3.2.4. Укуктук талдап-иликтөө 

Ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт, анткени электрондук акча менен иш алып барууда талаптарды такташтыруу максатында коммерциялык банктардын жана төлөм системасынын операторлорунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча колдонуудагы талаптарды өркүндөтүүгө багытталган. 

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

3.2.5. Күтүлгөн экономикалык натыйжаларды баалоо 

Жалпысынан сунушталган жөнгө салуунун субъекттери өздөрүнүн белгиленген бюджеттеринин чегинде чыгымдарды тартат. Киргизилген нормалар банктардын, электрондук акча системасынын операторлорунун, агенттеринин/субагенттеринин жана операторлорунун/эл аралык электрондук акча системасынын операторлорунун кызматкерлери тарабынан башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн тартпастан ишке ашыруу мүмкүн болот. 

Ошондой эле Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү электрондук акча ээлерине кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга оң таасир тийгизет. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

3.3.1. Жөнгө салуунун «Банктын ички документтерин жетекчиликке алуу жана «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого жарым-жартылай өзгөртүүлөрдү киргизүү либералдуу ыкмасы 

Улуттук банк өз кезегинде эмитенттер, операторлор үчүн кошумча кийлигишүүсүз эле жалпы эрежелерди орнотот жана банктар ички документтерге таянышат. 

3.3.2. Жөнгө салуу таасири 

Бул жөнгө салуу таасир этүү вариантын тандоо банктарга өз каалоосу боюнча документтерди өз алдынча иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул вариант, биринчи «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты сыяктуу эле, 2.1. «Негизги максат» пунктунда аныкталган көйгөйлөрдү чече албайт.  

3.3.3. Ишке ашыруу тобокелдиктери 

Электрондук акчалардын локалдык системаларынын банктары-эмитенттерине, Эл аралык электрондук акча системаларынын эмитенттери/операторлорун жөнгө салуунун өзүн-өзү жөнгө салуу принцибине негизделген либералдык ыкмасында жөнгө салынбаган маселелер сакталат. Электрондук капчыктарды жабуу жол-жоболорун ишке ашыруунун жалпы стандарттары болбойт. Мындай ыкма банк-эмитенттер тарабынан электрондук акча ээлерине кайтарып берүү боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмелерди өзүнө алуу боюнча талаптарды талаптагыдай аткарууга алып келбейт, электрондук акчаны эмиссиялоо укугун башка банктарга өткөрүп берүү тобокелдиктери сактала берет. 

Мындан тышкары, кийинки келип чыккан кесепеттер электрондук капчык ээлеринин укуктарына таасирин тийгизиши мүмкүн. 

3.3.4. Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариант «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого жарым-жартылай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. 

3.3.5. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору түздөн-түз жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу маселелер коомдук талкууга жана жөнгө салуучу таасири талдап-иликтениши зарыл. 

Буга байланыштуу долбоор коомдук талкуулоо үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылат. 

Сунуш кылынган ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболоруна баа берүүдө аларда коррупциялык факторлор аныкталган эмес. 

 

4. Сунушталган жөнгө салуу  

3.2 вариант «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого жарым-жартылай өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты боюнча токтом долбоору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш: 

- 2.1 «Негизги максат» пунктунда аныкталган максаттар жетишилет; 

- аларды бирдей түшүнүү үчүн Жобонун ченемдерин такташтырат; 

- накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү камсыз кылууга өбөлгө түзөт; 

- коммерциялык банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүктү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.