Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мындан аркы туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүү, кредиттөө системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Синдикатталган кредит - бул бир нече банктар жана/же мөөнөттүү депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниялар, ошондой эле өз каражаттары банктардын атынан синдикаттык кредиттер катары берилген юридикалык жактардын (резиденттердин жана резидент эместердин), анын ичинде эл аралык уюмдардын (мындан ары катышуучулар) тарабынан карыз алуучуга берилүүчү кредиттин бир түрү. Бул, жок эле дегенде, эки же андан көп катышуучулар ортосундагы синдикаттык кредитти берүү жөнүндө макулдашууга кол коюуну, ал эми банктар, мөөнөттүү депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниялар (мындан ары - банктар) жана карыз алуучу менен кредиттик келишимге кол коюуну билдирет, анын негизинде алар белгиленген үлүштө карыз алуучу менен финансылык операцияга катышат. Кредитке берилген суммалар жогору болгондугун эске алганда, эреже катары, синдикатталган кредит юридикалык жактарга гана берилет. 

Токтом долбоору менен Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартибине тиешелүү жаңы ченемдик укуктук актыны бекитүү каралган, ал төмөнкү проблемаларды чечүүгө мүмкүн кылат

- синдикатталган кредит берүү процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын жоктугу

- карыз алуучулар бул өтүнүч менен уюштуруучу банкка кайрылганда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ири кредиттерди берүүдөн баш тартууда

Ошентип, токтом долбооруна ылайык, кредиттөөнүн жаңы түрү сунушталып, ага ылайык эки же андан көп катышуучулар бир карыз алуучуга синдикатталган кредит беришет жана бардык катышуучулар кол коюлган синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө карата минималдуу талаптар белгиленет.  

Ошондой эле синдикатталган кредиттөө процесси төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт деп белгилей кетүү зарыл: 

1) синдикатталган кредиттөөнү уюштуруу (карыз алуучунун билдирме берүүсү, уюштуруучу-банк карыз алуучудан кредит берүү үчүн зарыл болгон документтерди алуусу, уюштуруучу-банк кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү жана аларга синдикатталган кредиттөөгө катышууга чакыруу жөнөтүүсү, ар бир катышуучу тарабынан чечим кабыл алуу); 

2) синдикатталган кредитти тариздөөнүн, берүүнүн жана төлөөнүн тартиби (бардык катышуучулар тарабынан кол коюлган синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууну жана кредиттик келишимди, анын ичинде банктар менен карыз алуучу тарабынан кол коюлган күрөө келишимин түзүү); 

3) синдикатталган кредитке мониторинг жүргүзүү тартиби (синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда белгиленген шарттарга таянуу менен карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө, кредиттин максаттуу пайдаланылышына жана күрөөлүк камсыздоонун абалына мониторинг жүргүзүү)

 

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуудан өткөрүлүүгө жана жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Улуттук банктын расмий-интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

  

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Долбоордун кабыл алынышы кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн.  

 

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларды тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төрага К. Боконтаев  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

«____» __________ 

№ _______________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү  

ишке ашыруу тартиби жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо коммерциялык банктарга, синдикатталган кредиттөөдө катышкан мөөнөттүү депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларга (мындан ары банктар) таркатылат, алар карыз алуучуга биргелешип кредиттөөдөн келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат. 

Мындан тышкары, бул Жобо юридикалык жактардын (резиденттердин, резидент эместердин), анын ичинде эл аралык уюмдардын каражаттары банктардын атынан синдикатталган кредиттер түрүндө берилүүчү ченемдерди камтыйт. 

2. Бул Жобонун максаты болуп Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартибин аныктоо саналат. 

3. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

уюштуруучу банк милдеттүү кредитор болуп саналган жана карыз алуучунун кредиттик билдирмесинин негизинде синдикатталган кредиттөөгө катышуу үчүн өнөктөштөрдү издөөнү демилгелеген, ошондой эле синдикатталган кредитти берүү боюнча ишти уюштуруу боюнча жооптуу болгон банк (синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун, кредиттик келишимдин, күрөө жөнүндө келишимдин долбоорлорун даярдоо жана түзүү)

карыз алуучу юридикалык жак; 

синдикатталган кредиттөө бир нече банктардын өз атынан жана юридикалык жактардын (резиденттер, резиденттер эместер), анын ичинде акча каражаттары банктын атынан синдикатталган кредит түрүндө берилген эл аралык уюмдардын Улуттук банктын талаптарына ылайык келишимдик шарттарда карыз алуучуну биргелешип кредиттөөсү

синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуу синдикатталган кредит берүү процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуу; 

катышуучулар - коммерциялык банктар, анын ичинде уюштуруучу банк, мөөнөттүү депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниялар, синдикатталган кредиттерди берүү процессине катышуучу, ошондой эле юридикалык жактар ​​(резиденттер жана резиденттер эместер), анын ичинде акча каражаттары банктын атынан синдикатталган кредиттер түрүндө берилген эл аралык уюмдар.  

4. Синдикатталган кредит ири долбоорлорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык долбоорлорду, кайра каржылоону кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүн жана сооданы өнүктүрүү үчүн ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн берилет. Ошол эле учурда, синдикатталган кредит катышуучулардын акцияларын (үлүшүн) сатып алуу үчүн тике же кыйыр түрдө колдонулушу мүмкүн эмес. 

5. Синдикатталган кредиттөө кайтарымдуулук, төлөө жөндөмдүүлүк, камсыздоо, мөөнөттүүлүк жана максаттуу пайдалануу шарттарында  ишке ашырылат, аны берүү карыз алуучу менен банктардын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин (мындан ары - кредиттик келишим) негизинде жүзөгө ашырылат. Кредиттик келишим синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин түзүлөт. 

6. Синдикатталган кредит берүү мөөнөтү, анын пайыздык чен өлчөмү жана үстөк айыптын (айыптык төлөмдүн, туумдун) өлчөмү синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун, кредиттик келишимдин шарттарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат.  

7. Уюштуруучу банк синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууну түзгөндөн кийин, белгиленген тартипте 5 (беш) календардык күндүн ичинде Улуттук банкка синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгы тууралуу билдирүүнү катышуучулар кол койгон синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсү менен берет. 

8. Синдикатталган кредиттөө банктын жалпы кредиттик стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, алардын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банктын ички кредиттик саясатына жана кредиттик стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылат

9.  Банк синдикатталган кредиттерди берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ички жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш, аларды иштеп чыгууда банктар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга таянууга тийиш

10. Синдикатталган кредиттөөдө банктар Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык стандарттарды жана талаптарды, анын ичинде синдикатталган кредиттерди берүү учурунда белгиленген стандарттардын маанисинин чегинде сактоого милдеттүү

Синдикатталган кредиттер банктар менен аффилирленген жактарга берилбейт. 

11. Синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда жок дегенде төмөнкүлөр камтылышы керек: 

1) синдикатталган кредиттин түзүмүнүн жана максатынын сүрөттөөлүшү

2) аталган макулдашууга кол койгон уюштуруучу банкты кошо алганда, катышуучуларды аныктоо жана курамы; 

3) ар бир катышуучунун үлүшүн кошо алганда, берилүүчү синдикатталган кредиттин жалпы суммасы; 

4) синдикатталган кредит берүү мөөнөтү жана шарттары, анын ичинде транш менен кредит берүүдө

5) синдикатталган кредиттин пайыздык чени; 

6) катышуучулардын ортосунда пайыздарды, комиссиялык төлөмдөрдү жана сый акыларды бөлүштүрүү шарттары; 

7) катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүнүн шарттары, эгерде: 

а) катышуучулардын бири юридикалык жак (резидент же резидент эмес), анын ичинде эл аралык уюм болсо. Банк болуп саналбаган синдикатталган кредиттөөнүн катышуучулары карыз алуучу менен кредиттик келишимди жана күрөө жөнүндө келишимин түзүү укугун банкка өткөрүп берет; 

б) синдикатталган кредит катышуучу-банктар тарабынан берилсе, анда алар төмөнкүлөргө укуктуу: 

- карыз алуучу менен көп тараптуу кредиттик келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди түзүүгө; же 

- уюштуруучу банкка өз укуктарын (1) кредиттик келишимин жана күрөө келишимин түзүүгө, (2) карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо, кредитке мониторинг жүргүзүүгө (анын ичинде максаттуу пайдаланылышына, күрөөнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө) жана андан бул кредит боюнча мындан ары администрлөөнү жүргүзүүгө өткөрүп берүүгө;  

8) ар бир катышуучунун камсыздоого карата талабы; 

9) мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз адис-баалоочулар тарабынан камсыздоонун наркын баалоо шарттары; 

10) синдикатталган кредитти төлөөнүн тартиби, анын ичинде карыз алуучунун акча каражаттары жетишсиз болгон учурда ар бир катышуучунун талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнүн тартиби (мисалы, карыз алуучу бул кредит боюнча карызды төлөп жатканда катышуучулардын ортосундагы мамилелердин шарттары, анын ичинде каражат жетишсиз болгон учурда ж.б.), комиссиялык жана башка төлөмдөр, туумдар, айыптук төлөмдөр

11) катышуучулардын камсыздоону кабыл алуу, бөлүштүрүү (сатуу) тартибине тиешелүү өз ара аракеттенүү шарттары; 

12) тараптардын зарыл макулдуктарды алуусу үчүн катышуучулардын, анын ичинде юридикалык жактардын (резиденттер, резидент эместер), эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүү шарттары; 

13) белгилүү бир иш-чараларды өткөрүүдө катышуучулардын өз ара аракеттенүү шарттары (анын ичинде синдикатталган кредитке мониторинг жүргүзүү); 

14) ушул келишимде каралган талаптарды жана шарттарды аткарбаган учурда катышуучулардын, анын ичинде уюштуруучу банктын синдикатталган кредит берүү боюнча ишти уюштуруу үчүн жоопкерчилиги; 

15) маалымат, анын ичинде купуя маалымат менен алмашуу шарттары, катышуучулардын укуктары жана милдеттери, чыр-чатак кырдаалдарды чечүү жолдору; 

16) ал жеткис күчтүн (форс-мажордун) пайда болушунун шарттары; 

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир же бир нече катышуучулар чыгып кеткен учурда укук мураскорлугу каралган шарт

18) башка шарттар. 

 

2. Синдикатталган кредиттөөнү уюштуруу 

12. Синдикатталган кредиттөөнү уюштуруу ушул Жободо каралган шарттарда синдикатталган кредиттөөнү уюштурууга карыз алуучунун кредиттик билдирмесин уюштуруучу банк алган учурдан тартып башталат

13. Банк синдикатталган кредиттөөнү уюштуруунун ажырагыс бөлүгү болгон синдикатталган кредит алууга билдирмелерди кароо тартибин белгилөөгө, ошондой эле карыз алуучуга карата минималдуу талаптарды белгилөөгө тийиш. 

14. Уюштуруучу банк карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо жана синдикатталган кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн андан кагаз же электрондук документ түрүндө төмөнкү документтерди талап кылууга милдеттүү

- толтурулган кредиттик билдирме: иштин түрү, жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү, валюталар боюнча кирешелердин (түшкөн акчанын) түзүмү (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планы жана эгерде бар болсо негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.; 

- мыйзамдарга ылайык, көчүрмөлөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон учурда, нотариус же юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

- синдикатталган кредиттин бүткүл мөөнөтүн камтууга тийиш болгон акчалай түшүүлөрдүн (акча агымынын) болжолун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бизнес-план; 

- тышкы аудитордун ырастоосу менен акыркы отчеттук жыл үчүн карыз алуучунун финансылык отчету (эгерде карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо) жана аралык финансылык отчеттуулук (эгерде карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет берүүгө тийиш болсо); 

- башкаруу отчеттуулук; 

-  гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантияларды (кепилдиктерди), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. көрсөтүү менен (эгерде катышуучулар гарантия (кепилдик) берүүнү талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчету (эгерде гарант юридикалык жак болсо); 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасында сакталган карыз алуучу жөнүндө маалымат; 

- күрөөгө коюлган мүлктүн тизмеси, анын түрлөрү андан ары түзүүдө күрөө келишиминде да көрсөтүлүүгө тийиш, ошондой эле менчик укугун тастыктаган документтер (эгер камсыздоо кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо), пайдалануу укуктары жана банктын ички документтерине ылайык башка документтер; 

- банк үчүн зарыл болгон башка документтер, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн (контракттар, макулдашуулар, сунуш каттары, мамлекеттик реестрден көчүрмөлөр, кредиттик бюронун маалыматы ж.б.), алар электрондук документ же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.  

15. Уюштуруучу банк кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана синдикатталган кредит берүүгө катышууга чакыруу жөнөтөт. Купуя маалыматты (анын ичинде коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтышы мүмкүн) ачып көрсөтүү тартиби банктын ички документтеринде каралууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Ар бир катышуучу жана карыз алуучу ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарды синдикатталган кредиттөөгө катышууга өз алдынча чакырууга укуктуу. 

16. Ар бир банк кардарга синдикатталган кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзөт жана башка иш-чараларды өткөрөт (бизнес-планды талдоо жана кредиттин төлөнүшүн камсыз кылуу). Мында, ар бир банк карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн изилдөө үчүн кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

17. Ар бир катышуучу синдикатталган кредитти берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн корутунду түзөт, анда карыз алуучуга синдикатталган кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу же баш тартуунун себептерин көрсөтүлөт. Мында банк тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган чечим жөнүндө уюштуруучу банкка билдирүүгө милдеттүү

 

3. Синдикатталган кредитти тариздөө,  

берүү жана төлөө тартиби 

18. Синдикатталган кредиттөөгө катышуу үчүн синдикатталган кредитти берүү жөнүндө макулдашуу түзүлөт жана ага кол коюлат. 

19. Кредиттик келишим жана күрөө келишими мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (карыз алуучуга тилди тандоо укугун берүү менен, ошол эле учурда уюштуруучу банк бул келишимдердин долбоорлорун өзү каалаган тилде түзүүгө карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугун алууга тийиш, ал карыз алуучунун кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат). Ошол эле учурда, бул келишимдердин тексти карыз алуучунун кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш. 

20. Кредиттик келишимде жок дегенде төмөнкүлөр камтылышы керек: 

1) тараптардын аталыштары; 

2) ар бир катышуучунун үлүштөрүн кошо алганда, берилген синдикатталган кредиттин жалпы суммасы

3) синдикатталган кредитти берүү мөөнөтү

4) синдикатталган кредиттин максаты; 

5) синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык синдикатталган кредиттин пайыздык чени, комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү жана үстөк айыптын (айыптык төлөмдөрдүн, туумдардын) өлчөмү

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын белгиленген талаптарына ылайык комиссиялык төлөмдөрдүн жана сый акылардын сүрөттөлүшү

7) синдикатталган кредит берүү жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык синдикатталган кредитти төлөө тартиби, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык комиссияларды жана башка төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды төлөө тартиби; 

8) камсыздоо боюнча шарттар; 

9) синдикатталган кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө шарттары (карыз алуучунун чечими боюнча сыяктуу эле, банктардын талабы боюнча да), анын ичинде карыз алуучу тарабынан синдикатталган кредитти максатка ылайыксыз пайдаланган учурда; 

10) кредиттик келишимде каралган талаптар жана шарттар аткарылбаган учурда тараптардын укуктары/милдеттери жана жоопкерчилиги; 

11) кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, анын ичинде тараптардын курамын (гаранттар, күрөөгө коюучулар, кредиторлор) жана алардын өз ара мамилелерин өзгөртүү шарттары; 

12) ал жеткис күчтүн (форс-мажордук) келип чыгышынын шарттары; 

13) башка шарттар. 

21. Кредиттик келишимге кошумча күрөө жөнүндө келишим түзүлөт, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы керек: 

1) камсыздоо жана анын наркы (анын коэффициентин эске алуу менен); 

2) милдеттенменин көлөмү жана аткаруу мөөнөтү

3) тараптардын кимиси күрөөгө коюлган мүлккө ээ экендигин көрсөтүү

4) синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына жана мыйзам талаптарына ылайык камсыздоонун наркын баалоо шарттары; 

5) карыз алуучу кредитти кайтарып бере албай калган учурда камсыздоону банктардын менчигине өткөрүп берүүнүн шарттары жана тартиби

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын камсыздоого карата милдеттенмелери; 

7) башка шарттар. 

22. Эгерде катышуучулар тарабынан талап кылынган кредиттин суммасын жабуу үчүн камсыздоонун бир түрү жетишсиз болсо, карыз алуучу жетишпеген бөлүгүн жабуу үчүн камсыздоонун бир же бир нече түрүн аларды бириктирүү жолу менен кошумча бере алат

23. Карыз алуучуга берилген синдикатталган кредиттин өлчөмүнө барабар үлүш синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык ар бир катышуучунун балансында чагылдырылат

24. Карыз алуучу синдикатталган кредитти жана ал боюнча пайыздарды кредиттик келишимде макулдашылган шарттарда өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат

 

4. Синдикатталган кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу жана мониторинг жүргүзүү тартиби 

 

25. Катышуучуларга синдикатталган кредитти төлөө кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат. 

26. Акчалай милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон төлөмдүн суммасы жарандык мыйзамдарга, синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуунун жана кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген кезектүүлүк тартибинде төлөнөт.  

27. Ар бир банк кредиттин өз убагында кайтарылышын, пайыздардын үзгүлтүксүз төлөнүшүн камсыз кылуу жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык кредитти пайдалануунун бүткүл мезгилиндеги көйгөйлөрдү баштапкы этапта аныктоо максатында Банк, мониторинг жүргүзүү керек (анын ичинде жеринде)

- карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө, анын ичинде анын чарбалык-финансылык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүүсүнө жана анын түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерин аткаруусуна (мисалы, өндүрүштүн көлөмүнө, өндүрүштүк эмес чыгымдарга жана чыгашаларга, бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдарга, пайдага, кирешенин динамикасына ылайык), өздүк жүгүртүү каражаттарынын болушу, товардык-материалдык баалуулуктардын абалы, жүгүртүү каражаттарынын болушу жана учурдагы банктык эсептер боюнча жылышы, бул көрсөткүчтөрдү жалпылап карыз алуучунун кредиттик таржымалына жалпылоо); 

- синдикатталган кредитти максаттуу пайдалануу; 

- синдикатталган кредит боюнча камсыздоонун (камсыздоолордун) абалы; 

- гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалы. 

Мониторинг жүргүзүү мезгилдүүлүгү да Улуттук банктын талаптарына ылайык белгиленет. 

Синдикатталган кредитти берүү жөнүндө макулдашууда белгиленген шарттарга ылайык, жеринде мониторинг макулдашылган күндөрдө ар бир банктын катышуусунда жүргүзүлөт. Мында мониторинг жүргүзүү датасы карыз алуучу жана башка банктар менен макулдашылууга тийиш (бул макулдашуунун шарты синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда чагылдырылышы керек). 

28. Банк кредиттик келишимдин шарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык максатсыз пайдалануу фактыларын аныктаса, карыз алуучудан мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.  

29. Эгерде синдикатталган кредит «проблемалуу» деп таанылса, анда синдикатталган кредитти кайтарууга багытталган синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашууда белгиленген шарттарды сактоо зарыл, алар проблемалуу кредитти төлөө процессине терс таасирин тийгизбеши керек.  

30. Мүмкүн болгон жоготууларды жана чыгымдарды өз убагында жабуу үчүн, ошондой эле реалдуу финансылык абалды жана иш натыйжалуулугун аныктоо үчүн банктар өз активдеринин сапатын ар дайым баалоону жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн камдарды «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготууларды жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн камга чегерүү жөнүндө» жобого ылайык түзүүгө милдеттүү.