Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 

сунуштардын жана жооптордун реестри 2021-жылдын 13-декабрындагы «Кепилдик фонддордогу активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирүү 

 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ  

 

Каттоо номери 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн  

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы  

«Кепилдик фонд» ААК 

2021-жылдын 29-декабры 

Учурда «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиктерин классификациялоо Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун негизинде жүргүзүлөт (мындан ары Улуттук банктын жобосу). 

Улуттук банктын ушул жобосу финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сапатына баа берүүнү жөнгө салат, тактап айтканда, күрөөлүк камсыздоо, төлөө графиги, валюта, каржылоо булагы, реструктуризация жүргүзүлгөн сыяктуу ар кандай көрсөткүчтөрдүн бар болушуна, негизги сумма/чегерилген пайыздар жана башкалар боюнча мөөнөтү өткөн карыздардын бар болушуна жараша баа бериле турган кредиттер бааланат, булардын негизинде банктар классификация жүргүзүшөт. «Кепилдик фонд» ААКтын өнөктөш коммерциялык банктарынын карыз алуучуларынын кредиттери боюнча «Кепилдик фонд» ААКтын берилген кепилдиктери кредиттин бир бөлүгүн камсыздоо катары болуп саналуу менен жогоруда көрсөтүлгөн белгилерге ээ эмес, ошондуктан кепилдиктин сапаты түздөн-түз кредиттин сапатына көз каранды. Ушуга байланыштуу «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиктерин классификациялоодо кредиттин өзүнүн сапаттык да, сандык да мүнөздөмөлөрү эске алынат. 

Кепилдиктин кредитке тике көз карандылыгын эске алуу менен биз кредиттин да, гарантиянын да сапатын баалоого мамиле бирдей болушу керек жана бири-биринен эч кандай айырмаланбашы керек деп эсептейбиз. Ошондуктан, бул маселе жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт, жана кредиттер менен кепилдиктерди классификациялоодо бирдиктүү мамилени колдонуу максатка ылайык деп белгилейбиз. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, кепилдиктерди Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык классификациялоо маселесин калтырууну сунуштайбыз. 

Сунуш-пикирлер ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында каралат