Кайта келүү

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын ___________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилген: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону: 

- 130-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөрдү банк өзүнүн расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

 

- 140-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«140. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;  

2) Кыргыз Республикасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

3) ушул багытта окутуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө документтер (сертификаттар) менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

4) Шариат кеңешинин мүчөлөрү финансы-кредит уюмдарда 1 (бир) жылдан кем эмес же мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген билим берүү же диний уюмдарда, же эл аралык уюмдарда 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш; 

Шариат кеңешинин төрагасы буга кошумча шариат чөйрөсүндө укук жана/же соода жүргүзүү багыты боюнча жогорку билимине ээ экендиги жөнүндө диплому (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынан алынган), ошондой эле ислам банкынын жана «ислам терезесине» ээ банктын Шариат кеңешинде/ислам финансы уюмунда кеминде 1 (бир) жылдык же банктарда 5 (беш) жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш; 

5) Жобонун 20-главасындагы шарттарга кирбөөгө.»;  

 

- 141-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрү боло алышат.»;  

 

-158-пунктунун: 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) 21-тиркеменин формасы боюнча анкеталар, кийин ушул анкетада чагылдырылган маалымат өзгөргөн шартта, кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резиденти 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эмеси өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат же электрондук түрдө билдирүүгө тийиш.»; 

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк мыйзамдарда белгиленген максаттарга жетүү, ошондой эле белгилүү бир милдеттерди чечүү үчүн туунду банктын башкарма мүчөсү кызмат ордуна алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон багыттар боюнча квалификацияга жана компетенцияга ээ жана кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына жана ушул Жобонун 144-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларына жооп берген талапкерди чакыруу жана макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.»; 

 

- 159-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«159. Талапкердин мурунку иши жөнүндө маалымат алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк талапкердин акыркы иштеген үч мекемеден бир же бир нече сунуштама каттарын талап кылууга укуктуу. Шариат кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлерден Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин же Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мүчөлөрүнөн же ислам финансы-кредит уюмдарынын жана финансы уюмдарынын (анын ичинде чет өлкөлүк финансы-кредит уюмдарынын жана финансы уюмдарынын) Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн, эл аралык уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн сунуштама каттар талап кылынышы мүмкүн. Сунуштама катта аны сунуштап жаткан адамдын аты-жөнү, атасынын аты, иштеген жери жана дареги, кызмат орду, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, талапкерге берилген мүнөздөмө, ал талапкер менен кайсы жерде жана качан иштегендиги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле сунуштамага кол коюлган күн көрсөтүлүүгө тийиш. Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы ал иштеген жер боюнча же нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде сунуштама кат уюмдун фирмалык бланкында берилсе жана уюмдун мөөрү коюлган учурда мындай талап коюлбайт. Мында сунуштамаларды төмөнкүлөрдүн берүүсүнө жол берилбейт:  

1) Улуттук банктын кызматкерлеринен;  

2) кайсы болбосун туугандарынан;  

3) талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат берген банктын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен;  

4) өтүнүч кат берип жаткан банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдарынан;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишти жүзөгө ашырууга катышы бар деп табылган адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына акыркы жолу макулдашуудан өтүү жол-жобосунда макулдашуудан баш тартылган адамдардан.»; 

 

- 270-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.». 

 

- 274-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

 

- 275-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

 

- 277-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу.»; 

 

- Жобого карата 15-тиркеменин 1.11-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «административдик укук бузууларга,» деген сөздүн алды «укук бузууларга,» деген сөз менен толукталсын; 

 

- Жобого карата 16-тиркеменин 17-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «административдик укук бузуулар,» деген сөздүн алды «укук бузуулар,» деген сөз менен толукталсын; 

 

- Жобого карата 17-тиркеменин 16-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «административдик укук бузуулар,» деген сөздүн алды «укук бузуулар,» деген сөз менен толукталсын; 

 

- «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 21-тиркеменин 2.6-пунктунун 7-пунктчасынын 2-абзацындагы «административдик укук бузууларга,» деген сөздүн алды «укук бузууларга,» деген сөз менен толукталсын. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) жаңыдан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле коммерциялык банктардан электрондук форматта бериле турган жеке каттарды кагаз жүзүндө жөнөтүү боюнча талаптарды алып салуу, ошондой эле банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн иш стажына (тажрыйбасына) жана Улуттук банктын туунду банктарынын атайын милдеттерди аткаруусу үчүн чакырылган башкарманын мүчөлөрүнө карата белгиленген талаптарды карап чыгуу маселеси боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган жана Жобону Укук бузуулар жөнүндө кодекс менен ылайык келтирүү максатында, сунушталып жаткан редакцияга «укук бузуулар» деген сөз киргизилген. Бул өзгөртүүлөр зарыл, анткени жаңыдан кабыл алынган Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жеке жана юридикалык жактар тарабынан жасалган мыйзамсыз, күнөөлүү жосундар Кыргыз Республикасынын күчүн жоготкон «Жоруктар жөнүндө» жана «Бузуулар жөнүндө» кодекстеринде белгиленгендей жоруктар жана бузуулар эмес, укук бузуулар деп аталат. 

Мындан тышкары, токтом долбоору банктардын Шариат кеңештеринин ишинде орун алган жана алардын курамына кирген адамдардын иш аброюна жана компетенциясына тиешелүү болгон тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган. Ошондуктан, «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо ченем менен толукталган, ага ылайык Шариат кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер билим берүү тармагында, диний уюмдарда, же ислам банкингинин стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдарда иш тажрыйбасына ээ болушу керек. Бул талап өлкөдө таанылган диний укуктук мектепти (масхабды) карманган, белгилүү бир деңгээлдеги квалификациядагы адамдардын Шариат кеңештерине мүчөлөрдү тандоого мүмкүндүк берүүгө багытталган.  

Мындан тышкары, банктардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин саны жетишсиз болгондуктан, банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары мындай адистерди табууда көйгөйлөргө дуушар болушууда, токтом долбоору менен Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө бир эле учурда бир нече финансы-кредит уюмдарынын Шариат кеңешинде, атап айтканда бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмунун Шариат кеңешинде мүчө болууга уруксат берүү сунушталган

Ошондой эле, токтом долбоору менен сунуш каттарга карата талаптар бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Ошентип, Улуттук банк Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин же Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мүчөлөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шариат кеңештеринин мүчөлөрүнөн банктардын Шариат кеңешинин мүчөлөрү же ислам финансы-кредит уюмдары жана финансы уюмдары (анын ичинде чет өлкө финансы-кредит уюмдары жана чет өлкөлүк талапкерлер үчүн финансылык уюмдар) үчүн сунуштама каттарды талап кылуу мүмкүнчүлүгү каралат. Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү расмий уюмдарынан сунуштама каттарды алуу Шариат кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди жана талапкер карманган укуктук мектепти бул уюмдар тарабынан таанууну болжолдойт. Бул чара банктарга жана банк тутумуна Шариат кеңештеринин мүчөлөрүнүн иш аброюнун алардын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири менен байланышкан тобокелдиктердин орун алышына жол бербөөгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда. 

Маалымат катары белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында (мындан ары - 2014-2020-жылдарга Концепция) диний чөйрөдөгү жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана процесстерди гармониялаштыруу приоритеттеринен алганда, улуттук коопсуздукту жана маданий өзгөчөлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекет ханафий жана матуридит дин ынанымынын (салттуу ислам) диний-укуктук мектебинин негизиндеги сунниттик исламдын салттуу сабырдуу формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө тургандыгы белгиленет. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы 2014-2020-жылдарга Концепциясын ишке ашыруунун алкаганда башталган иштерди улантууга көмөктөшүүгө чакырат. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын аткарылышы боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун негизинде, мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү милдети мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү куруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында электрондук башкарууну ишке ашырууну тездетүү болуп саналат, ошондой эле «Банк секторунун катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуунун тартибин макулдашуу» 2.3-пунктунун негизинде, токтом долбоору менен коммерциялык банктарга документтердин түп нускаларын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо тиркөөнү талап кылбаган айрым билдирүүлөрдү Улуттук банкка берүүгө уруксат берүү сунушталууда. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу зарыл болгон учурда, токтом долбоорунда Улуттук банктын туунду банктын башкармасынын мүчөсүнүн кызмат ордуна коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон багыттар боюнча квалификацияга жана компетенцияга ээ болгон талапкерди чакыруу жана макулдашуу мүмкүнчүлүгүнүн бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды жана коррупциялык кесепеттерди болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыктарын камтыган, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлат жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап иликтөө жүргүзүлөт.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражатты бөлүп берүүнү талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

Долбоор  

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

  

Толук/жарым-жартылай  

жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

 

(кызматы) 

  

  

 

(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун  

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2021-жылдын 29-октябрындагы  

№ 2021-Пр-121/190-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан ишкердик субъектилеринин ишине карата иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө мөөнөттөрү

______________ ______________  

(башталышы) (аякташы)  

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Ж.С. Сулайманбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

С.А. Чалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги  

________ 

Б.А. Бейшеналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2-Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги 

________ 

И.Дж. Султанкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Системалуу тобокелдиктерди талдап-иликтөө бөлүмүнүн начальниги 

________ 

Э.О. Абдыразаков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

 

________ 

Ч.А. Биялиева, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын Юридика башкармалыгынын башкы адиси 

 

________ 

Д.М. Мамырбаева, «Дос-Кредобанк» ААКтын Юридика башкармалыгынын начальниги  

 

________ 

А.А. Жораев, «М Булак» Микрокредиттик компаниясы» ЖЧКсынын ички шариаттык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси 

 

 

________ 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Усувалиева Э.А., 0312 313092, e-mail: eusuvalieva@nbkr.kg; 

 

  

 

 

  

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

 

1.1. Проблемаларды чагылдыруу  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жана Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) жаңыдан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Укук бузуулар жөнүндө кодекси) шайкеш келтирүү максатында, банктардын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кынтыксыз иш аброюна таасир этүүчү жоопкерчиликтин бир түрү катары «укук бузуулар» деген сөздү Жобого киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) 136-беренесине ылайык, Улуттук банк Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштерине көзөмөлдү жана жөнгө салууну ишке ашырат. Банктык көзөмөл, анын ичинде жөнгө салуучу ченемдерди чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мыйзамдын 96-беренесинде Шариат кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген адамдар кириши мүмкүн экендиги белгиленген. 

Маалымат катары белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Президентинин 

2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында (мындан ары - 2014-2020-жылдарга Концепция) диний чөйрөдөгү жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана процесстерди гармониялаштыруу приоритеттеринен алганда, улуттук коопсуздукту жана маданий өзгөчөлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекет ханафий жана матуридит дин ынанымынын (салттуу ислам) диний-укуктук мектебинин негизиндеги сунниттик исламдын салттуу сабырдуу формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө тургандыгы белгиленет. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы 2014-2020-жылдарга Концепциясын ишке ашыруунун алкаганда башталган иштерди улантууга көмөктөшүүгө чакырат. 

Ушуга байланыштуу Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн иш стажына (тажрыйбасына) жана ошондой эле Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн иш аброюна жана компетенциясына байланыштуу тобокелдиктерин азайтуу макстында Шариат кеңешинин мүчөлөрү болгон адамдарга сунуштама каттары боюнча талаптарын белгилөө зарылдыгы келип чыгат. Ошондой эле, бул талаптар өлкөдө таанылган (масхаб) диний укук мектебин карманган, белгилүү бир деңгээлдеги квалификацияга ээ адамдарды шариат кеңештерине тандоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн зарыл. 

Мындан тышкары, банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин саны жетишсиз болгондугуна байланыштуу, мындай адистерди табууда көйгөйлөр жаралууда. Ушуга байланыштуу долбоор аркылуу Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө бир эле учурда бир нече финансы-кредит уюмдарынын, тактап айтканда, бир коммерциялык банктын Шариат кеңешинде жана эки банк эмес финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңешинин курамында болууга уруксат берүүсү сунушталат. 

Мыйзамдын 107-беренесине ылайык, кызмат адамдарынын талапкерлигине коюлуучу талаптар жана аларды бекитүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Ушундайча, Улуттук банктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан конкреттүү белгиленген милдеттерди чечүү үчүн туунду банкка чакырылган туунду банк Башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна талапкерди бекитүү жөнүндө талапкерди макулдашуу тууралуу чечимди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыгат. 

Долбоордо расмий байланыш каналдары аркылуу электрондук форматта документтерди берген коммерциялык банктардын каттарын кагаз жүзүндө жеткирүү боюнча талаптарды алып салуу маселелери бөлүгүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын такташтыруу дагы сунушталууда. 

 

1-проблема. Жобону Укук бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү зарылчылыгы 

Жобонун колдонуудагы редакциясында жаңыдан кабыл алынган Укук бузуулар жөнүндө кодексте белгиленген терминдер каралган эмес, бул банктардын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын иш аброюна тактабай туруп баа берүүгө алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, жаңыдан кабыл алынган Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жеке жана юридикалык жактар тарабынан жасалган укукка каршы, күнөөлүү аракеттер Кыргыз Республикасынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде белгиленгендей, жоруктар жана бузуулар эмес, укук бузуулар деп берилет. 

 

2-проблема. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө коюлган талаптарды кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы 

Банктардын Шариат кеңештеринин ишинде орун алган жогорку аброй тобокелдиктерине байланыштуу айрым учурларда Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерди макулдашууда, талапкерлер үчүн сунуштама каттарды Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши же Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан, ислам финансы-кредит уюмдары жана финансылык уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн, Эл аралык уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн суроо-талап кылуу зарылчылыгы келип чыгат. 

Мындан тышкары, банктардын Шариат кеңештеринин ишмердүүлүгүнө мүнөздүү болгон жана алардын мүчөлөрүнүн аброюна жана компетенттүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында Жобону Шариат кеңешинин мүчөлүгүнө талапкердин билим берүү тармагындагы, диний уюмдарда же ислам банкингинин стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдарында иш тажрыйбага ээ болушу керектиги тууралуу ченеми менен толуктоо зарыл. 

Мындан тышкары, Банктардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин саны жетишсиз болгондугуна байланыштуу, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн бир эле учурда бир коммерциялык банктын жана банк эмес финансы-кредиттин эки уюмунун Шариат кеңешинде болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жобого өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы келип чыгат. 

 

3-проблема. Айрым банктык документтерди расмий байланыш каналдары аркылуу электрондук форматта берүүгө карата талаптарды оптималдаштыруу 

Жобонун ченемдеринин колдонуудагы редакциясында билдирүүлөрдү кагаз түрүндө кошумча жөнөтүү мүмкүнчүлүгү жок, электрондук форматта жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган. 

 

4-проблема. Улуттук банктын туунду банктарына Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына адистештирилген адистерди тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү

Азыркы учурда Жободо мыйзамдарга ылайык белгиленген максаттарга жетишүү, ошондой эле конкреттүү белгилүү бир милдеттерди чечүү үчүн атайын чакырылган талапкерди туунду банк Башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна макулдашуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралбайт.  

 

1.2. Кызыкдар жактардын пикирлерин талдап-иликтөө 

Кызыкдар жактардын пикирлери ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча талдап-иликтенет. 

 

1.3. Проблемалардын масштабы 

Маселенин масштабын банктын айрым кызмат адамдарынын иш аброю жана компетенттүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу жагынан кароо зарыл. 

Банктардын акционерлери жана кызмат адамдары кынтыксыз иш аброюна ээ болууга тийиш. Жобону Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү аталган Кодексте каралган санкцияларын колдонууга байланыштуу иш аброюн жоготкон адамдарды кароого жана макулдашууга жол бербөө максатында зарыл. 

Мындан тышкары, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптарды белгилөө жана туунду банктардын Башкармасынын мүчөлөрүнө карата талаптарды кайра карап чыгуу банк секторуна белгилүү бир деңгээлдеги квалификациядагы адистерди тартуу зарылчылыгы менен шартталган. 

Учурда эпидемиологиялык кырдаал жарандардын жүрүүсүнө жана байланышуусуна өзгөчө талаптарды колдонууну шарттайт. Буга ылайык, Улуттук банкка берилген айрым документтерди аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кабыл алуу маселелерин чечүү зарыл. 

 

1.4. Эл аралык тажрыйба 

2-проблема боюнча. 

Пакистан Ислам Республикасы. Пакистандын Улуттук банкынын 2018-жылдагы шариаттык башкаруу боюнча документинде ар бир ислам финансы институтунда (камсыздандыруу, банктык, инвестициялык институт) шариат кеңешинин туруктуу өкүлү болушу керектиги белгиленген. Шариат Кеңешинин туруктуу өкүлү Пакистандагы башка ислам финансы институтунун Шариат кеңешинин мүчөсү катары кызмат кылууга укугу жок, бирок экиден ашпаган чет өлкө финансы институттарында Шариат кеңешинин мүчөсү катары иштөөгө уруксат ала алат. Ошол эле учурда туруктуу өкүл мындан ары ал уюмда Шариат кеңешине мүчө болгон эл аралык юрисдикцияларда эч кандай административдик же туруктуу кызматтарга ээ болбошу керек. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө төмөнкү иш тажрыйбалары белгиленген: 

- шариат корутундуларын даярдоого 4 жылдык иш тажрыйбасы; 

- 5 жылдык педагогикалык же изилдөөчүлүк иш тажрыйбасы; 

- Шариат кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү ислам финансы уюмунда шариат кеңешчисинин орун басары же Шариат кеңешинин мүчөсү катары үч жылдык иш тажрыйбасы болушу керек. 

Бириккен Араб Эмираттары. Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө төмөнкүдөй талаптарды белгилейт: 

- шариат укугу боюнча кеминде бакалавр даражага (коммерциялык бүтүмдөрдүн юриспруденциясына артыкчылык берилет) же коммерциялык бүтүмдөр боюнча фатваларды даярдоо боюнча 10 жылдык иш тажрыйбасына ээ болуу; 

- коммерциялык бүтүмдөрдүн юриспруденциясы боюнча окутуучулук же илимий изилдөөчүлүк боюнча 10 жылдык иш тажрыйбасы же шариат кеңешчисинин орун басары же Ислам финансы уюмунун Шариат кеңешинин мүчөсү катары 10 жылдык иш тажрыйбасынын болушу. 

Малазия. Малазиянын Борбордук банкынын ченемдик укуктук талаптарына ылайык Шариат кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер шариат боюнча бакалавр даражасына ээ болушу керек, ал эми шариат кеңешинин курамына каралаып жаткан маселелерди ар тараптан талкуулоо үчүн ар кыл тармактын (укук, экономика, финансы) адистери кириши керек.  

 

 

3-проблема боюнча 

Россия Федерациясы. 

Маалымат алмашуунун катышуучулары болуп саналган кредиттик эмес финансылык уюмдар Россия Банкына федералдык мыйзамдарда каралган отчетторду жана башка маалыматтарды юридикалык жактын же жеке адамдын мүмкүнчүлүгү кеӊейтилген квалификациялуу электрондук кол тамгасы менен кол коюлган электрондук документтер түрүндө телекоммуникациялык байланыш каналдары, анын ичинде Интернет аркылуу сунуштайт. 

 

Маалымат алмашуунун катышуучулары маалыматтын толук эмес жана (же) туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Ошол эле учурда, электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болгон учурда, Россия Банкы маалымат алмашуунун катышуучусунан электрондук документтин көчүрмөсүн кагаз түрүндө суроо-талап кылууга укуктуу. 

Грузия. Көзөмөлгө алынган субъекттер менен Грузиянын Улуттук банкынын ортосундагы кат алышуу/мамилелер материалдык (кагаз) же электрондук түрдө жүргүзүлөт. Бул формалар бирдей юридикалык күчкө ээ. Грузиянын Улуттук банкы көзөмөлгө алынган субъекттер менен кат алышуу / мамилелерин жүргүзүүдө электрондук кол тамгаларды колдонуу тартибин аныктоого укуктуу. 

Грузиянын Улуттук банкы көзөмөлгө алынган субъекттен белгиленген тартипте жөнөтүлгөн электрондук документти жана/же квалификациялуу электрондук кол тамгасы бар электрондук документти алууга укуктуу. Квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу маселеси Улуттук банк менен көзөмөлгө алынган субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишим менен жөнгө салынат (2017-жылдын 21-апрелиндеги № 668). 

 

2. Кароого алынып жаткан жөнгө салуу варианттарын чагылдыруу жана баалоо 

2.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты 

Каралып жаткан маселени жөнгө салуу максаты катары төмөнкүлөр саналат: 

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү

- Шариат кеңешинин мүчөлөрү тарабынан сунуштама каттарды берүү боюнча талаптарды белгилөө

- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн иш стажына (тажрыйбасына) карата белгиленген талаптарды кайра карап чыгуу; 

- Улуттук банкка документтерди кагаз жүзүндө жөнөтүүсүз электрондук форматта сунуштоо мүмкүнчүлүгү

- Улуттук банктын туунду банктарынын башкарма мүчөлөрүнүн иш стажына карата белгиленген талаптарды кайра карап чыгуу. 

 

2.2. Кароого алынып жаткан жөнгө салуунун варианттары 

1-вариант. Өзгөртүүсүз калтыруу

2-вариант. «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштама кат берүүсүнө карата талаптарды жана Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн жана Улуттук банктын туунду банктарынын Башкарма мүчөлөрүнүн иш стажына (иш тажрыйбасына) карата талаптарды белгилөө, ошондой эле банктар тарабынан берилүүчү айрым документтерди электрондук форматта сунуштоо жана бир нече финансы-кредит уюмдарында Шариат кеңешинин мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

2.3. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты  

Мындай жөнгө салуу вариантын тандоо мүмкүн эмес, анткени иш абройду баалоодо тобокелдиктердин келип чыгышына жол бербөө үчүн Жобонун ченемдерин жаңы кабыл алынган Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү зарыл. 

Мындан тышкары, учурда шариат кеңештеринин мүчөлүгүнө өлкөдө таанылган диний укук мектебинин (масхаб) талаптарын сактаган, белгилүү бир деңгээлдеги квалификацияга ээ адамдарды тандоо механизмдери жок. 

Ошондой эле, бүгүнкү күндө банк мыйзамдарында Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир эле учурда бир нече финансы-кредит уюмдарында Шариат кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордун ээлей ала турган учурларды жөнгө салуучу ченемдер жок. 

Өз ара иш алып барууну жөнгө салуунун бул түрүнө караганда учурда финансылык кызматтарды кагаз жүзүндө сунуштоо ыкмалары басымдуулук кылат. Эгерде учурдагы талаптар өзгөрүүсүз калса, бул жөнгө салуу варианты өз ара электрондук түрдө иш алып барууга өтүү артыкчылыктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербейт. 

 

2.4. «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштама кат берүүсүнө карата талаптарды жана Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн жана Улуттук банктын туунду банктарынын Башкарма мүчөлөрүнүн иш стажына (иш тажрыйбасына) карата талаптарды белгилөө, ошондой эле банктар тарабынан берилүүчү айрым документтерди электрондук форматта сунуштоо жана бир нече финансы-кредит уюмдарында Шариат кеңешинин мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты 

 

Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү чечүү үчүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун долбоору иштелип чыккан. 

Токтом долбоорунда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу жана Жобону Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү максатында Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

Мындан тышкары, токтом долбоору банктардын шариат кеңештеринин ишинде орун алган жана алардын курамына кирген адамдардын аброюна жана компетенциясына байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Ушул себептен аны Шариат кеңешине мүчөлүккө талапкер билим берүү чөйрөсүндө, ислам банк ишин жүргүзүү стандарттары белгиленген диний уюмдарда же эл аралык уюмдарда тажрыйбага ээ болууну талап кылган ченем менен толуктоо сунушталууда. Бул талап шариат кеңештеринин мүчөлүгүнө өлкөдө таанылган диний окуу мектебин (масхабды) колдогон белгилүү бир деңгээлдеги квалификацияга ээ адамдарды тандоо мүмкүндүгүн берүүгө багытталган. 

Ошондой эле, токтом долбоорунда сунуштама каттарга карата талаптар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү расмий уюмдарынан сунуштама каттар, Шариат кеңешинин жана талапкер таянган укуктук мектептин мүчөлүгүнө талапкер ошол уюмдар тарабынан таанылгандыгын болжолдойт. Бул чара банктарга жана банк системасына шариат кеңештеринин мүчөлөрүнүн аброюнун алардын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизген тобокелдиктерге жол бербөөгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда. 

Квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин саны жетишсиз болгондугуна байланыштуу токтом долбоорунда банктардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө бир эле учурда бир нече финансы-кредит уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөсү, атап айтканда, бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөсү болууга уруксат берүү сунушталган.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында диний чөйрөдөгү мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана процесстерди ыңгайлаштыруу артыкчылыктары көз карашынан алганда, улуттук коопсуздукту жана маданий өзгөчөлүктү камсыз кылуу максатында, мамлекет ханафий жана матуридит дин ынанымынын диний-укуктук мектебинин негизинде сунниттик исламдын салттуу орточо формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт (салттуу ислам). 

Мындан тышкары, бул вариант кабыл алынганда, андан аркы ишке ашыруу механизмине ылайык айрым документтерди электрондук форматта берүү боюнча тактоолорду киргизүү болжолдонот. 

Бул вариантты ишке ашыруу отчетторду электрондук түрдө берүү системасынын функционалдуулугун ишке киргизүүгө жана камсыздоого алып келет. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо камсыз кылынган учурда, токтом долбоорунда белгилүү бир милдеттерди аткаруу үчүн туунду банкка чакыртылган, алдыга коюлган милдеттерге түздөн-түз тиешелүү багыттар боюнча иш тажрыйбасына ээ талапкерди туунду банктын башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна Улуттук банк тарабынан макулдашуу чечимин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

 

3. Жөнгө салуунун алгылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси 

2-вариант боюнча токтом долбоору кабыл алууга сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилердин аткарылышын камсыз кылат: 

- Жобону Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык келтирүү

- банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу; 

- тиешелүү деңгээлдеги квалификацияга ээ адистерди тартуу; 

- кагаз жана электрондук түрдө өз ара иш алып баруу процесстеринин кайталанышына жол бербөө

 

4. Күтүлүп жаткан экономикалык таасирди жана атаандаштыкка таасирин баалоо 

Жөнгө салуунун бул варианты республикалык бюджеттен же коммерциялык банктар үчүн кошумча чыгымдарга алып келбейт. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» токтомуна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

№ 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

1.  

130. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтери иштен бошотулган шартта (ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн токтотулушунун натыйжасында) же өз ыктыярдыгы менен иштен бошонгон учурда банк ушундай чечим кабыл алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде себебин көрсөтүү менен Улуттук банкка ал тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн калган кызмат адамдары иштен бошотулган шартта же өз ыктыяры менен иштен бошонгон учурда - 3 (үч) жумуш күнү ичинде маалымдалат. Жогоруда белгиленген талаптар өзүнүн милдеттеринен 2 (эки) айдан көп мөөнөткө убактылуу бошотулган (баланы багуу боюнча өргүү (декрет), эмгекке жарамсыздык баракчасы, убактылуу башка милдеттерди аткаруу) кызмат адамдарга да таркалат.  

Банктын операцияларды жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан башка кызматкерлери мыйзамдарды бузууга жол бергендигинен улам же/жана банктын демилгеси боюнча иштен бошотулган учурда, банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде анын себебин көрсөтүү менен ал тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Жобонун алкагында Банктын банктык операцияларды ишке ашырууга түздөн-түз катышкан кызматкерлери дегенден улам, кайсы гана баскычында болбосун банктык операцияларды жүргүзүүгө/ишке ашырууга тартылган банктын кайсы болбосун кызматкерлерин түшүнүүгө болот. 

130. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтери иштен бошотулган шартта (ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн токтотулушунун натыйжасында) же өз ыктыярдыгы менен иштен бошонгон учурда банк ушундай чечим кабыл алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде себебин көрсөтүү менен Улуттук банкка ал тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн калган кызмат адамдары иштен бошотулган шартта же өз ыктыяры менен иштен бошонгон учурда - 3 (үч) жумуш күнү ичинде маалымдалат. Жогоруда белгиленген талаптар өзүнүн милдеттеринен 2 (эки) айдан көп мөөнөткө убактылуу бошотулган (баланы багуу боюнча өргүү (декрет), эмгекке жарамсыздык баракчасы, убактылуу башка милдеттерди аткаруу) кызмат адамдарга да таркалат.  

Банктын операцияларды жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан башка кызматкерлери мыйзамдарды бузууга жол бергендигинен улам же/жана банктын демилгеси боюнча иштен бошотулган учурда, банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде анын себебин көрсөтүү менен ал тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Жобонун алкагында Банктын банктык операцияларды ишке ашырууга түздөн-түз катышкан кызматкерлери дегенден улам, кайсы гана баскычында болбосун банктык операцияларды жүргүзүүгө/ишке ашырууга тартылган банктын кайсы болбосун кызматкерлерин түшүнүүгө болот. 

Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөрдү банк өзүнүн расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук дарегине жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу. 

2.  

140. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;  

2) Кыргыз Республикасынын ислам банк иши каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

3) ушул багыт боюнча окутуудан ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган документтер менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

4) Шариат кеңешинин төрагасы Шариат жагында укук жана/же соода жүргүзүү багыты боюнча жогорку билимине ээ экендиги жөнүндө диплому (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынан алынган) жана ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинде же ислам финансы уюмунда кеминде 1 (бир) жылдык же банктарда 5 (беш) жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш.  

5) Жобонун 20-главасындагы шарттарга жатпаса.  

140. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;  

2) Кыргыз Республикасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

3) ушул багытта окутуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө документтер (сертификаттар) менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлине ээ болуу;  

4) Шариат кеңешинин мүчөлөрү финансы-кредит уюмдарда 1 (бир) жылдан кем эмес же мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген билим берүү же диний уюмдарда, же эл аралык уюмдарда 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш; 

Шариат кеңешинин төрагасы буга кошумча шариат чөйрөсүндө укук жана/же соода жүргүзүү багыты боюнча жогорку билимине ээ экендиги жөнүндө диплому (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынан алынган), ошондой эле ислам банкынын жана «ислам терезесине» ээ банктын Шариат кеңешинде/ислам финансы уюмунда кеминде 1 (бир) жылдык же банктарда 5 (беш) жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш; 

5) Жобонун 20-главасындагы шарттарга кирбөөгө

3.  

141. Ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү жалпы жыйында банктын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан кумулятивдик добуш берүү ыкмасында 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат. 

141. Ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү жалпы жыйында банктын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан кумулятивдик добуш берүү ыкмасында 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат. 

Шариат кеңешинин мүчөлөрү бир коммерциялык банктын жана эки банк эмес финансы-кредит уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрү боло алышат. 

4. 4.  

158. Банк, 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми резидент эмести шайлаган/дайындаган шартта - талапкер шайланган/дайындалган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен талапкерлерди макулдашуу жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка берүүгө тийиш:  

1) талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (эмгек келишиминин);  

2) кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйруктун (токтомдун, буйруунун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;  

3) 21-тиркеменин формасы боюнча анкеталар, кийин ушул анкетада чагылдырылган маалымат өзгөргөн шартта, кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резиденти 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эмеси өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.  

4) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5) банк тарабынан тиешелүү негизде тариздетилген жана күбөлөндүрүлгөн функционалдык милдеттердин тизмеси;  

6) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык мындай уруксат алуу милдеттүү болгон шартта, чет элдик жарандарга эмгек же башка ишкердикти жүзөгө ашырууга уруксат;  

7) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болгон болсо);  

8) ушул Жобого карата 21-тиркеменин формасы боюнча анкетада көрсөтүлгөн паспорттун көчүрмөсү;  

9) ушул Жобого карата 32-тиркемеге ылайык банктын талапкерге карата өтүнүчү. Бул талап Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордундарына талапкерлерге таркатылбайт.  

Жобонун ушул пунктунун 2 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Аудит боюнча комитеттин жана тобокелдиктерди тескөө комитетинин төрагасы тарабынан сунушталбайт. 

Улуттук банктын туунду банктарындагы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашууда бул кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 21-тиркеменин формасы боюнча анкетаны сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер түшпөгөн жана талапкер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерге макулдук берилгендиги жөнүндө кат жөнөтөт. 

158. Банк, 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми резидент эмести шайлаган/дайындаган шартта - талапкер шайланган/дайындалган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен талапкерлерди макулдашуу жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка берүүгө тийиш:  

1) талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (эмгек келишиминин);  

2) кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйруктун (токтомдун, буйруунун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;  

3) 21-тиркеменин формасы боюнча анкеталар, кийин ушул анкетада чагылдырылган маалымат өзгөргөн шартта, кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резиденти 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эмеси өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат же электрондук түрдө билдирүүгө тийиш.4) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5) банк тарабынан тиешелүү негизде тариздетилген жана күбөлөндүрүлгөн функционалдык милдеттердин тизмеси;  

6) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык мындай уруксат алуу милдеттүү болгон шартта, чет элдик жарандарга эмгек же башка ишкердикти жүзөгө ашырууга уруксат;  

7) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болгон болсо);  

8) ушул Жобого карата 21-тиркеменин формасы боюнча анкетада көрсөтүлгөн паспорттун көчүрмөсү;  

9) ушул Жобого карата 32-тиркемеге ылайык банктын талапкерге карата өтүнүчү. Бул талап Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордундарына талапкерлерге таркатылбайт.  

Жобонун ушул пунктунун 2 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Аудит боюнча комитеттин жана тобокелдиктерди тескөө комитетинин төрагасы тарабынан сунушталбайт. 

Улуттук банктын туунду банктарындагы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашууда бул кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 21-тиркеменин формасы боюнча анкетаны сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер түшпөгөн жана талапкер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерге макулдук берилгендиги жөнүндө кат жөнөтөт. 

Улуттук банк мыйзамдарда белгиленген максаттарга жетүү, ошондой эле белгилүү бир милдеттерди чечүү үчүн туунду банктын башкарма мүчөсү кызмат ордуна алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон багыттар боюнча квалификацияга жана компетенцияга ээ жана кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына жана ушул Жобонун 144-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларына жооп берген талапкерди чакыруу жана макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

5.  

159. Талапкердин мурунку иши жөнүндө маалымат алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк талапкердин акыркы иштеген үч мекемеден бир же бир нече сунуштама каттарын суроо-талап кылууга укуктуу. Сунуштама катта сунушталып жаткан адамдын аты-жөнү, атасынын аты, иштеген жери жана дареги, кызмат орду, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, талапкерге берилген мүнөздөмө, ал талапкер менен кайсы жерде жана качан иштегендиги көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле сунуштамага кол коюлган күн көрсөтүлүүгө тийиш. Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы анын иштеген жери боюнча же нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бул талап эгерде сунуштама кат уюмдун фирмалык бланкында берилген жана уюмдун мөөрү коюлган учурда талап кылынбайт. Мында сунуштамаларды төмөнкүлөрдүн берүүсүнө жол берилбейт:  

1) Улуттук банктын кызматкерлеринен;  

2) кайсы болбосун туугандарынан;  

3) талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат берген банктын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен;  

4) өтүнүч кат берип жаткан банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдарынан;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишти жүзөгө ашырууга катышы бар деп табылган адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына акыркы жолу макулдашуудан өтүү жол-жобосунда макулдашуудан баш тартылган адамдардан. 

159. Талапкердин мурунку иши жөнүндө маалымат алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк талапкердин акыркы иштеген үч мекемеден бир же бир нече сунуштама каттарын талап кылууга укуктуу. Шариат кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна талапкерлерден Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин же Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мүчөлөрүнөн же ислам финансы-кредит уюмдарынын жана финансы уюмдарынын (анын ичинде чет өлкөлүк финансы-кредит уюмдарынын жана финансы уюмдарынын) Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн, эл аралык уюмдардын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн сунуштама каттар талап кылынышы мүмкүн. Сунуштама катта аны сунуштап жаткан адамдын аты-жөнү, атасынын аты, иштеген жери жана дареги, кызмат орду, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, талапкерге берилген мүнөздөмө, ал талапкер менен кайсы жерде жана качан иштегендиги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле сунуштамага кол коюлган күн көрсөтүлүүгө тийиш. Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы ал иштеген жер боюнча же нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде сунуштама кат уюмдун фирмалык бланкында берилсе жана уюмдун мөөрү коюлган учурда мындай талап коюлбайт. Мында сунуштамаларды төмөнкүлөрдүн берүүсүнө жол берилбейт:  

1) Улуттук банктын кызматкерлеринен;  

2) кайсы болбосун туугандарынан;  

3) талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат берген банктын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен;  

4) өтүнүч кат берип жаткан банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдарынан;  

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишти жүзөгө ашырууга катышы бар деп табылган адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына акыркы жолу макулдашуудан өтүү жол-жобосунда макулдашуудан баш тартылган адамдардан. 

6.  

270. Аманат кассасынын ведомствого караштуулугу өзгөргөн учурда банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө аманат кассасынын ведомствого караштуулугун өзгөртүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

270. Аманат кассасынын ведомствого караштуулугу өзгөргөн учурда банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө аманат кассасынын ведомствого караштуулугун өзгөртүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.  

Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу. 

 

274. Банк көчмө кассаны ачуу чечими кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.  

274. Банк көчмө кассаны ачуу чечими кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.  

Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу. 

 

275. Банк, көчмө кассанын дареги өзгөргөн шартта, үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө анын жаңы дарегин көрсөтүү менен Улуттук банкка бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

275. Банк, көчмө кассанын дареги өзгөргөн шартта, үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө анын жаңы дарегин көрсөтүү менен Улуттук банкка бул тууралуу маалымдоого милдеттүү

Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу. 

 

277. Банк аманат/көчмө кассаларынын жабылгандыгы (ишин токтоткондугу) тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.  

277. Банк аманат/көчмө кассаларынын жабылгандыгы (ишин токтоткондугу) тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт. 

Бул документтерди банктын расмий электрондук почтасынан Улуттук банктын расмий электрондук почтасына жөнөтсө болот. Ошол эле учурда, эгерде электрондук документте камтылган маалыматтарды текшерүү зарыл болсо, Улуттук банк аларды кагаз жүзүндө талап кылууга укуктуу. 

Банк, билдирмеде чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жооп берет. Билдирмени бербей койгондугу же белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен бергендиги үчүн Улуттук банк банкка карата тиешелүү мыйзам актыларында каралган таасир этүү чараларды колдонууга укуктуу.  

1.  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

15-тиркеме 

7) Кайсы болбосун өлкөдө, кайсы болбосун убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же кандай болбосун башка кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата:  

- акыркы 3 (үч) жыл ичинде административдик укук бузууларга, кылмыш ишине жол бергендиги, анын ичинде террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жол бергендиги үчүн айып коюлса (ооба/жок).  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

15-тиркеме 

7) Кайсы болбосун өлкөдө, кайсы болбосун убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же кандай болбосун башка кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата:  

- акыркы 3 (үч) жыл ичинде укук бузууларга,административдик укук бузууларга, кылмыш ишине жол бергендиги, анын ичинде террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жол бергендиги үчүн айып коюлса (ооба/жок).  

2.  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

16-тиркеме 

7) Кайсы болбосун өлкөдө Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу болгон компанияга карата:  

- административдик укук бузуулар, кылмыш жасагандыгы анын ичинде кылмыш иши токтотулган же күнөө алынып салынган учурда айыпталса (ооба/жок).  

- дисциплинардык жазалар колдонулса, кылмыш иш козголсо (ооба/жок) _______________.  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

16-тиркеме 

7) Кайсы болбосун өлкөдө Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу болгон компанияга карата:  

- укук бузуулар, административдик укук бузуулар, кылмыш жасагандыгы анын ичинде кылмыш иши токтотулган же күнөө алынып салынган учурда айыпталса (ооба/жок).  

- дисциплинардык жазалар колдонулса, кылмыш иш козголсо (ооба/жок) _______________.  

3.  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

17-тиркеме 

7) Кайсы болбосун өлкөдө Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу болгон компанияга карата:  

- административдик укук бузуулар, кылмыш жасагандыгы анын ичинде кылмыш иши токтотулган же күнөө алынып салынган учурда айыпталса (ооба/жок).  

- дисциплинардык жазалар колдонулса, кылмыш иш козголсо (ооба/жок) _______________________________.  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

17-тиркеме 

7) Кайсы болбосун өлкөдө Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу болгон компанияга карата:  

- укук бузуулар, административдик укук бузуулар, кылмыш жасагандыгы анын ичинде кылмыш иши токтотулган же күнөө алынып салынган учурда айыпталса (ооба/жок).  

- дисциплинардык жазалар колдонулса, кылмыш иш козголсо (ооба/жок) _______________________________.  

4.  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

21-тиркеме 

7) Сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка бир кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата кайсы бир учурда, кайсыл бир өлкөдө

- акыркы 3 (үч) жыл аралыгында, анын ичинде айыптоолор токтотулган же алынып салынган учурда да, административдик укук бузууларга, кемчиликтерге, алгылыксыз жосундарга, кылмыштарга жол берилгендиги үчүн айыптоолор коюлганбы (ооба/жок) ________________. 

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

21-тиркеме 

7) Сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка бир кызмат адамы катары байланыштуу болгон компанияга карата кайсы бир учурда, кайсыл бир өлкөдө

- акыркы 3 (үч) жыл аралыгында, анын ичинде айыптоолор токтотулган же алынып салынган учурда да, укук бузууларга,административдик укук бузууларга, кемчиликтерге, алгылыксыз жосундарга, кылмыштарга жол берилгендиги үчүн айыптоолор коюлганбы (ооба/жок) ________________.