Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри - кызыктар болгон тараптардын сунуштарын кабыл алуу максатында, маркетплейс финансылык платформаларын жөнгө салуу жана ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөнү жүргүзүү  тууралуу 2022-жылдын 26-январындагы билдирүү 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ  

 

Каттоо номери 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

А. Элебесов, «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБ юристи 

2022-жылдын  

7-февралы 

Финансылык платформалардын агрегаторлорунун жана операторлорунун Улуттук банкта каттоодон өтүүсү тууралуу талап мыйзам менен белгиленүүгө тийиш, анткени бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каттоосуз финансылык платформаны пайдаланып, финансылык уюмдар менен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ортосунда финансылык бүтүмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүүгө тыюу салынган эмес. Бул «тыюу салынбаган нерселердин бардыгына жол берилет» деген конституциялык принципке ылайык келет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 41-беренесине ылайык, ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүгү үчүн өз жөндөмүн жана өзүнүн мүлкүн эркин колдонууга укуктуу. 

Сунуштар маселени чечүү варианттарынын бири катары жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү учурунда каралат. 

Ч. Биялиева, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын Юридика башкармалыгынын башкы адиси  

2022-жылдын  

4-февралы 

Банк «маркетплейс» финансылык платформасында түзүлгөн жана/же катышкан учурда, Банк аларга карата комиссияларды алууга укуктуу болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн жана операциялардын тизмесин бекитүүнү сунуштайбыз.  

Жарнамалык мейкиндикти, аналитикалык маалыматтарды пайдалануу, шилтеме аркылуу өтүү, өзүнчө веб-баракчаны түзүү (жеке кабинет, өнөктөш терезе, витрина) сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү, товарлар менен кызматтарды сатуу жана жайгаштыруу менен байланышкан башка кызматтарды. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, банктык кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы жана тарифтер банктык кызмат көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет.  

Азыркы учурда комиссияларды алууга карата тараптардын өз ара иш алып баруу маселелери эки тараптуу негизде жана кардардын макулдугу менен ачык оферта келишими аркылуу жөнгө салынат деп болжолдонууда. 

Финансылык платформада кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү боюнча бул маселе ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында жана коомдук талкуунун жүрүшүндө каралат.  

Т. Омуралиев, коомдук консультант 

2022-жылдын 31-январы  

Жөнгө салуунун бирдиктүү талаптарын белгилөө максаты максатка ылайык болуп саналбайт, анткени платформалардын кызмат көрсөтүүлөрү Улуттук банктын кардарларга кызмат көрсөтүү боюнча ченемдик актыларынын негизинде көрсөтүлөт жана аларга карама-каршы келбейт. 

Катышуучулардын өз ара иш алып баруусун сыпаттоо платформанын катышуучуларынын операциялык эрежелери менен жөнгө салынат. Ар кандай уюмдардын эрежелери техникалык, юридикалык, ченемдик базасы, ошондой эле бизнестин ыкмасы боюнча айырмачылыктардан улам айырмаланышы мүмкүн. 

Рыноктун катышуучуларын сунушталган жөнгө салуу бүгүнкү күндө мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн калыптанган рыногунун жоктугуна жана ишке ашыруу тажрыйбасынын жоктугуна байланыштуу максатка ылайыксыз. Жөнгө салуу финансылык платформалардын иштешинин туруктуу моделин түзгөндөн кийин максатка ылайыктуу. Ошол эле учурда ачык программалык интерфейстердин бирдиктүү стандарттарын ишке киргизүүнү колдойм.  

Жаңы пайда болгон рынокто эрежелерди жана тажрыйбаларды эркин калыптандыруу үчүн финансылык платформалардын багытын жөнгө салбастан калтыруу. Жөнгө салуу маселесин рынокто бир нече катышуучу пайда болгонго чейин калтыруу керек. Ачык программалык интерфейстердин бирдиктүү стандарттары маселеси боюнча баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу жана инвестициялык рынокторду кошо алганда, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу зарыл. 

Сунуштар маселени чечүү варианттарынын бири катары жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү учурунда каралат.