Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге (мындан ары Эрежелер) өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу 2022-жылдын 27-январындагы билдирүү  

Сунуштардын жана жооптордун 

РЕЕСТРИ 

Каттоо номери 

Автор (ачык консультацияга катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

Биялиева Ч., «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын юридика башкармалыгынын башкы адиси 

08.02.2022-ж. 

Эрежеге ылайык, акча которуулар жеке адамдар тарабынан гана жүргүзүлөт. Бирок жеке ишкер деп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 24-беренесинде келтирилген аныктама боюнча түшүнүүгө болот: 

- патенттин негизиндеги (жеке ишин кошпогондо) иш-аракетти кошо алганда, уюм түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жана ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу жүктөлгөн резидент жеке жак; 

- Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу өз иш-аракетин жүргүзүүчү резидент эмес жеке жак. 

Ошентип, Эрежелер жеке ишкерлерге акча которуу системалары (мындан ары акча которуу системалары) аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө ачык тыюу салбайт, бирок «юридикалык жактардын, ишкердик менен алектенген жарандардын ортосунда эсеп ачпастан акча которууларга» тыюу салат. Бул тыюу жеке ишкерлердин салык төлөөдөн качуусу, алардын ишкердик ишинен түшкөн каражаттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөнүн кыйынчылыгына байланыштуу белгиленген. Мындай тыюу логикалуу, бирок чакан жана орто бизнес жүргүзгөн, бардык аймактарда (айылдарда), анын ичинде банктардын филиалдары жана сактык кассалары ачылбаган алыскы аймактарда кеңири таралган жеке ишкерлер иш алып баруусун кыйындатат. Ошентип жеке ишкерлер банктык эсептерине дайыма эле тез кире алышпайт, айрыкча коронавирус пандемисындагы локдаун жана башка чектөөлөр мезгилинде. 

Бул жагдайларга байланыштуу, көптөгөн жеке ишкерлер акча которуу системаларынын кызматын жеке адам катары колдонушат жана алардын тез-тез которууларына жана жеке адамдын орточо жүгүртүүсүнөн айырмаланып турган жүгүртүүлөрү боюнча, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын комплаенс кызматы (мындан ары Банк): 

- аларды аныктайт жана ачат; 

- ФТД/ЛПД тобокелдиги жоктугун тастыктоо үчүн алардан патенттерди/күбөлүктөрдү сурайт; 

- алардын операциялары боюнча Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына контролдоодон жана салык төлөөдөн качкандар (КНС боюнча минималдуу каттоо босогосу 8 млн сом) катары шектүү «20029» жана «90015» коддору менен электрондук билдирүүлөрдү жөнөтөт. 

Банк жеке ишкерлердин акча которуу системалары алкагындагы операциялары боюнча ФТД/ЛПД тобокелдиги минималдуу экенин, алардын операциялары контролдоодон жана салык төлөөдөн качкандыктан гана шектүү экендигин баса белгилейт. Бардык банктарда катышуучулардын бардыгына санкциялык тизмелер боюнча (көзөмөл астындагы адамдардын «кара тизмеси») онлайн режиминде мониторинг жүргүзүү жана каражаттарды өз убагында токтото туруу жана зарыл болгон учурда тоңдуруу үчүн программалык фильтрлер бар. 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Банк чакан жана орто бизнести колдоо, алардын ишкердик иши үчүн шарттарды жеңилдетүү жана банктык кызматтардан пайдалануу үчүн ошол эле жеке ишкерлердин пайдасына жеке ишкерлердин локалдык акча которууларын жүргүзүү мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле учурда банктар кардарларды тартуу максатында, on-line технологияларын өнүктүрүп жатат, бул жеке ишкерлерге каражаттарын ошол эле жеке ишкерлерге тез которууга мүмкүндүк берет. 

Бирок акча которуу системалары кызмат көрсөтүүлөрдүн эң кооптуу түрлөрүнө киргендиктен, жүргүзүлгөн операциялар Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык күчөтүлгөн мониторингден өтүүгө тийиш болгондуктан, жеке ишкерлерге төмөнкү шарттар белгиленүүгө тийиш: 

- жеке ишкерге карата «Кардарды талаптагыдай текшерүү» жол-жобосу (инсандыгын тастыктаган күбөлүгү, анкета жана патент/күбөлүк берүү) эсептешүү эсебин ачуудагыдай жүргүзүлүшү керек; 

- алардын жүгүртүүсүнө лимиттер белгиленүүгө тийиш. 2022-жылдын 1-январынан тартып жаңы Салык кодекси күчүнө кирди, ага ылайык чакан жана орто бизнес үчүн салык салуу системасын жөнөкөйлөштүрүү жана бирдиктүү салыкты калтыруу сунушталууда. Бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасын (пайдадан жана сатуудан алынуучу салыктын ордуна, ошондой эле салык салынуучу берүү боюнча КНС) жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон аз болгон чакан жана орто бизнес субъекттери колдоно алат. Бул режимде иштеген субъекттер бир гана салыкты төлөп, чейрек сайын бир отчет бере алат. Учурда бирдиктүү салык түшкөн акчасы 8 млн сомдон ашпаган ишканаларга гана тиешелүү. Банк ошондой эле ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүндө жеке ишкерлердин акча которууларын жүргүзүүгө карата катуу талаптар жок экенин белгилейт. Негизги талап - акча которуу системаларынын кызматтарын террористтер жана кылмышкерлер тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес. ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрү негизинен банктар тарабынан которуунун жана которууларга мониторинг жүргүзүү шарттарына тиешелүү (16-сунуш-көрсөтмө): 

- финансылык мекемелер жөнөтүүчү тууралуу талап кылынган жана так маалыматты жана кошумча билдирүүлөрдү электрондук которууга киргизүүсү, жана бул маалымат электрондук которууну жана төлөм тууралуу билдирүү менен кошо берилиши үчүн; 

өлкөлөр алардын ичинен жөнөтүүчү жана/же алуучу жөнүндө талап кылынган маалыматы жок болгондорду аныктоо максатында, финансылык мекемелер электрондук которууларга мониторинг жүргүзүүсүн жана тиешелүү чараларды көрүүсүн камсыз кылуусу зарыл. 

Сунуштар жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнүн бир бөлүгү катары каралат. 

Ошондой эле 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Салык кодексинин 26-беренесине ылайык: 

«Жеке ишкер деп ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу жүктөлгөн дыйкан (фермер) чарбасынын ишин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын аймагында уюм түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашырган жеке жак түшүнүлөт.  

Ушул Кодекстин талаптарына ылайык жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак жеке ишкер деп таанылбайт.».