Кайта келүү

«Кепилдик фонддордо активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кепилдик фонддордо активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорундагы активдерди классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөргө тиешелүү маселелер боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Баяндоо бөлүгү  

Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу башталгандан тартып, коммерциялык банктардын активдерин классификациялоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптары кепилдик фонддорго да колдонулган. Бүгүнкү күндө бул ыкма өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, белгилүү бир тобокелдиктерди камтыйт. 

Ошентип, кредитти классификациялоодо коммерциялык банк ал үчүн классификациянын белгилүү бир категориясын белгилейт жана тиешелүү резервди түзөт. Кардар төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда, банкта кардар берген күрөөсүн ала алат. Кепилдик фонддор кредиттин күрөөсүз бөлүгүнө кепилдикти камсыздаганына тиешелүү комиссияны алат, бирок күрөө түрүндө ж.б. кредиттик (кепилдик) тобокелдигин жабуу үчүн инструменттери жок. Ошентип, коммерциялык банктан кредитти, анын ичинде кепилдик фонддун кепилдиги менен алган кардар кудуретсиз болуп калган учурда, коммерциялык банк күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу жол-жобосун баштоого жана аны кредитти төлөө эсебине күрөө катары кабыл алууга укуктуу. Ошондой эле кардардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилдик фондуна доо жөнөтүүгө укуктуу.  

Мында тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык кепилдик фонд, башка жагдайлар бирдей болгондо, берилген кепилдиктин чегинде коммерциялык банктын милдеттенмени аткаруу талабын аткарууга милдеттүү. Кийинчерээк кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кардардан акча каражаттарын өз алдынча издөөгө милдеттүү

Сунушталып жаткан жөнгө салуу кепилдик фонддорунун тобокелдиктерин контролдоо системасын өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө карата талаптарды төмөндөгүлөр аркылуу өркүндөтүүгө багытталган: 

- активдерди классификациялоо боюнча талаптарды жана кепилдик фонддордогу потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөрдү алардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди эске алуу менен өзүнчө ченемдик укуктук актыда бөлүштүрүү

- кепилдик фонддордун активдеринин классификациясынын категорияларын жана активдер боюнча түзүлүүчү резервдердин көлөмүн кайрадан карап чыгуу; 

- кепилдик фонддордун Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетторду берип туруу зарылдыгын кошпогондо, кепилдик фонддор үчүн отчеттуулуктун формасын оптималдыштыруу. 

 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга салуу максатында, Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

 

 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунуш кылынып жаткан долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча маалымат  

Сунушталган долбоорунун жөнгө салуучу таасирди талдап-иликтөөсү коомдук талкуу ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык болду. 

 

 

Урматтоо менен, 

Банк-эмес финансы-кредиттик 

уюмдарын көзөмөлдөө 

башкармалыгынын начальниги Э. Абдраимов  

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары М. Жакыпов 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-ж. “__” _______________ 

№______________________  

токтомуна 

тиркеме 

 

“Кепилдик фонддордо активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” 

ЖОБО  

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары активдерди) классификациялоо, ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү резерв (мындан ары РППУ) түзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн кепилдик фонддорго таркатылат.  

Ушул Жобонун максаттары үчүн кепилдик фонддордун кепилдиктерин баланстан тышкаркы милдеттенмелер катары кепилдик фонддун активдери деп түшүнүүгө болот. 

2. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун өз учурунда толтуруу үчүн, кепилдик фонддор өз активдеринин сапатына туруктуу негизде баа берүүгө жана РППУну түзүүгө милдеттүү.  

3. Кепилдик фонддор РППУну активдердин мүмкүн болуучу жоготууларынын ордун толтуруу үчүн жетиштүү деңгээлде камсыз кылып турууга тийиш. Резервдин өлчөмүн туура баалоо үчүн негиз болуп, активдерди классификациялоо системасы саналат, ал кепилдик фонддор тарабынан ушул жобого ылайык иштелип чыгууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын активдерди классификациялоо бөлүгүндөгү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсү зарыл. 

4. Кепилдик фонддор мезгил-мезгили менен өз активдерин классификациялап турууга милдеттүү. Аларга төмөнкүлөр кирет:  

- коммерциялык банктардын күндөлүк жана депозиттик эсептеринде жайгаштырылган кепилдик фонддордун каражаттары;  

- дебитордук карыз;  

- активдин ордун жабууга кабыл алынган башка менчик (мүлк); 

- кайтарылбай калуу тобокелдиктерин камтыган, жогоруда аталбаган кайсы болбосун башка активдер; 

- кепилдиктер; 

- башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздарына кепилдик фонддордун инвестициялары/салымдары классификацияланбайт.  

 

2. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр  

6. Кепилдик фонддордун активдерин классификациялоодо кардардын учурдагы башка милдеттенмелери боюнча кредиттик таржымалы эске алынууга тийиш. Буга байланыштуу кредиттик-маалымат бюросу аркылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын чегинде башка ыкмада алынган маалыматты пайдалануу менен билдирмени кароо учурунда кардардын башка финансы-кредит уюмунда (мындан ары ФКУ) башка милдеттенмелери бар экендигине көз салып туруу зарыл.  

7. Активдердин сапатын унификацияланган классификациялоо жана РППУну түзүү үчүн төмөнкү категориялар белгиленет: 

А. Классификацияланбаган активдер:  

1) нормалдуу 

2) канааттандырарлык 

В. Классификацияланган активдер: 

3) субстандарттык активдер; 

4) шектүү активдер; 

5) жоготуулар катары классификацияланган активдер. 

8. Кепилдик фонддордун активдерин классификациялоодо, ушул Жободо келтирилген белгилерге гана таянбастан, активдерди классификациялоонун айрым категорияларынын аныктамаларына таянуу жана активди классификациянын тигил же бул категориясына киргизүү үчүн аң-сезимдүү ой жүгүртүү зарыл.  

9. Классификациялоо категорияларынын аныктамаларын ар кандай чечмелөөгө боло тургандыгынан улам, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөр колдонулат. Эки же андан көп белгилердин жыйындысы, эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе, активдерди классификациялоо категориясын аныктайт. 

 

3. Классификацияланбаган активдер  

10. Нормалдуу активдер бул кайтарылбай калуу тобокелдигине байланышкан алгылыксыз жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгы аз болгон активдер. Мындай активдерге кепилдик фонддордун ФКУда күндөлүк жана депозиттик эсептерде жайгаштырылган каражаттарды киргизүүгө болот. 

11. Ошол эле учурда, кепилдик фонддору ФКУнун финансылык абалына жана анын иш аброюна байланыштуу тобокелдиктерди эске алууга жана ФКУ төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

- акыркы 12 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышы; 

- акыркы 12 айдын ичинде Улуттук банк тарабынан киргизилген чектөөлөрдүн жоктугу; 

- акыркы 12 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын аткаруу мөөнөтү келе элек жазма буйруктарын жана талаптарын кошпогондо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган ФКУга карата колдонулган таасир этүү чараларынын жоктугу.  

12. Канааттандырарлык активдер - бул, алар боюнча кардар/контрагент тарабынан милдеттенмелеринин аткарылышы камсыз кылынган активдер, ошондой эле учурдагы абалга карата тобокелдиктин жогорку деңгээлине байланышы жок активдер.  

ФКУ тарабынан нормалдуу катары классификацияланган кредиттер боюнча кепилдиктер кепилдик фонддор тарабынан жок дегенде канааттандырарлык катары классификацияланууга тийиш.  

13. Активдер канааттандырарлык активдер катары классификацияланышы мүмкүн, эгерде: 

1) кепилдик фонддун активин тейлөө үчүн кардар/контрагент тарабынан акча каражаттарынын жетиштүү агымы топтолсо; 

2) кардардын финансылык абалы канааттандырарлык болсо; 

3) кардардын/контрагенттин бизнеси туруктуу, жетиштүү капиталдаштырылган болсо; 

4) кепилдик фонддун активдеринин суммасы боюнча милдеттенмелердин орду өз учурунда жабылса жана төлөө графиги боюнча төлөмдөрдү кечиктирүүлөр жок болсо. 

5) эгерде бул актив буга чейин "классификацияланган активдер" категориясына кирбеген болсо, ал активдин валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу актив боюнча келишимдин баштапкы шарттары өзгөртүлсө

14. Кепилдик фонддор канааттандырарлык активдер боюнча РППУну 2% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.  

15. Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча кепилдиктер (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарынан тышкары) төмөнкү учурларда жок дегенде канааттандырарлык активдер катары классификацияланууга тийиш: 

- эгерде кардардын чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, РППУнун кепилдиктер боюнча өлчөмү 2,5%ды түзүүгө тийиш; 

- эгерде кардардын чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкини түзсө, РППУнун кепилдиктер боюнча өлчөмү 5%ды түзүүгө тийиш; 

- эгерде кардардын чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азын түзсө, РППУнун кепилдиктер боюнча өлчөмү 10%ды түзүүгө тийиш. 

 

4. Классификацияланган активдер  

16. Кардардын/контрагенттин финансылык абалынын начарлашын билдирген белгилерди жана активдин ордун толук жаба албай калуу тобокелдигин камтыган, так аныкталган кемчиликтерге (кемчиликке) же чабал жактарга ээ болгон активдер субстандарттык активдер катары саналышы мүмкүн. Эгерде кемчиликтер оңдолбосо, анда кардар/контрагент өз милдеттенмелерин толугу менен ордун жаба албай калуу тобокелдиги орун алышы ыктымал. 

17. Активдер субстандарттык активдер катары классификацияланышы мүмкүн, эгерде:  

- кепилдик фонддун активи реструктуризацияланса; 

- кепилдик фонддун активдери боюнча пландык төлөмдөр боюнча төлөнбөгөн карыздын мөөнөтү 40 күндөн 100 күнгө чейинкини түзсө

- кепилдик фонддун активдеринин суммасы боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн акча агымдары жетишсиз болсо. 

18. Активдер боюнча карыз мөөнөтүнөн 100 күн кечиктирилсе, активдер “субстандарттык” катары классификацияланууга тийиш. Мында, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт.  

19. Шектүү активдер субстандарттык активдер сыяктуу эле кемчиликтерге ээ, бирок мындан тышкары, кошумча проблемаларга да ээ, алар башка кемчиликтер менен бирдикте, белгилүү фактылардын жана шарттардын негизинде, карызды төлөө мүмкүнчүлүгүнө шек жаратып, төмөндөтүшү мүмкүн. Шектүү активдерден жоготууга дуушар болуу мүмкүндүгү өтө эле чоң, бирок, айрым күтүлүп жаткан, активди чыңдоо мүмкүндүгү бар спецификалык факторлордун кесепетинен, аны болжолдонуп жаткан жоготуулар катары классификациялоо мөөнөтү статусу тагыраак аныкталганга чейин жылдырылышы мүмкүн.  

20. Активдер шектүү катары классификацияланышы мүмкүн, эгерде:  

- кепилдик фонддун активи боюнча пландык төлөмдөр боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын мөөнөтү 100 күндөн 150 күнгө чейинкини түзсө;  

- кардардын/контрагенттин финансылык абалы олуттуу начарласа (же кардар/контрагент банкроттукка дуушар болуу алдында турса);  

- карызды төлөө негизинен кардардын/контрагенттин активдеринин сатып өткөрүлүшүнө жараша болот.  

21. Алар боюнча 150 жана андан көп күнгө мөөнөтүнөн кечиктирилген карыз болгон активдер "шектүү" катары классификацияланууга тийиш. Мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт. 

22. Кардар/контрагент үчүн аларды кайтарып алуу мүмкүн болбогон активдерди жоготуулар катары классификациялоо зарыл. 

23. Активдер төмөнкү учурларда “жоготуулар” катары классификацияланышы мүмкүн: 

- кепилдик фонддун активдери боюнча төлөнбөгөн карыздын мөөнөтү 150 күндөн 170 күнгө чейинкини түзсө

- кардардын/контрагенттин карызды төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, төлөөдөн баш тартуусу же болбосо төлөө ниетин билдирип, бирок иш жүзүндө төлөөнү ишке ашырбаса;  

- кардардын финансы-кредит уюмдары жана кепилдик фонддор менен кызматташуу ниетинин жоктугу же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- кардар/контрагент иш же бизнес жүргүзүүнү токтотсо же болбосо ал банкрот катары жарыяланса. 

24. Кардардын 170 күнгө мөөнөтүнөн кечиктирилген карызы болгон шартта жана/же ФКУ мажбурлап өндүрүү чараларын, анын ичинде күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен өндүрүү аркылуу да баштаса, кепилдик фонддор активди жоготуулар катары классификациялоо зарыл, бул учурда мындай активдин сапаттык белгилери аны классификациялоодо колдонулбайт.  

25. ФКУ кепилдик фондуна тараптардын укугун белгилеген жана мамилелерин жөнгө салган документтерге ылайык тартипте талап (кине коюу) жөнөтүү укугуна ээ болгон учурдан 10 күн мурда активдер жоготуулар катары классификацияланууга тийиш. 

26. Бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын ордун жабууда “шектүү же “жоготуулар” катары классификацияланган активдер “субстандарттык” категориясына которулат. 

“Субстандарттык” катары классификацияланган актив төмөнкү шарттар аткарылган учурда, классификацияланбаган активдер категориясына которулушу мүмкүн:  

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө;  

- кардардын/контрагенттин реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келүүчү милдеттенмелери болбосо. 

 

5. Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо  

27. Реструктуризациялоо дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүүгө болот:  

- кардардын/контрагенттин финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага милдеттенменин ордун жабуу боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу колдонуудагы кепилдик келишиминин (мындан ары Келишим) шарттарын өзгөртүү;  

- милдеттенменин суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу аркылуу Келишим шарттарын өзгөртүү.  

Келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүүсү кардардын/контрагенттин финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, мындай өзгөртүү активди реструктуризациялоо болуп саналбайт.  

Эгерде кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүүсү кардардын/контрагенттин финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, анда кепилдик фонд Кепилдик комитеттин/ыйгарым укуктуу органдын чечиминде тастыктоочу жана/же кепилдик фонддордун аналитикалык маалыматтарын тиркөө менен Келишим шарттарынын өзгөрүү себеби тууралуу көрсөтүүгө тийиш. 

28. Реструктуризацияланган активдер, ошондой эле кайра каржыланган кредиттер боюнча берилген кепилдиктер жок дегенде субстандарттык катары классификацияланууга тийиш.  

Эгерде мындай активдер боюнча төлөмдөр 50 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилсе же мындай актив кайрадан реструктуризацияланса, анда бул актив “шектүү” катары классификацияланууга тийиш. 

Эгерде кайрадан реструктуризацияланган актив боюнча төлөмдөр 20 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилсе, анда мындай актив "жоготуулар" катары классификацияланышы зарыл. 

29. Реструктуризация классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге карата да колдонулушу мүмкүн.  

Кепилдик фонд активди кайрадан реструктуризациялаган сайын анын классификациясын бир категорияга төмөндөтүп турууга тийиш. Ошол эле учурда кепилдик фонд кайталап реструктуризациялоодо, төмөнкү талаптар аткарылган учурда, классификацияланган активдин категориясын мурдагы деңгээлде калтыруусуна жол берилет:   

- кепилдик фонд кардардын/контрагенттин финансылык абалын келтирилген эсептөөлөрдү документ аркылуу тастыктоо менен (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөр менен) кылдат иликтеп чыкса; 

- кепилдик фонд кардар/контрагент үчүн реструктуризациялоонун сунушталган планы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере алса (акыл ченемдүү, документ аркылуу тастыкталган финансылык маалыматтардын негизинде);   

- кредиттин суммасын төлөө боюнча жеңилдетүү мөөнөтү 6 айдан ашпаса (айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген кредиттер (кепилдиктер) үчүн - 9 ай);   

- акыркы жолу 1 жылдан ашык убакыт мурда реструктуризацияланса. 

30. Кепилдик фонд бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда, реструктуризацияланган активдин классификациясынын категориясын жакшыруу жагына которушу мүмкүн:   

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо;   

- негизги сумма жана чегерилген пайыздар акыркы 3 (үч) ай ичинде төлөм графигине ылайык өз учурунда төлөнсө - ар айлык аннуитеттик төлөмдөр жүргүзүлгөн учурда; акыркы 6 (алты) ай ичинде активдердин суммасы боюнча чейрек сайын бирдей өлчөмдөгү төлөмдөр жүргүзүлгөн учурда;   

- график боюнча төлөмдөр аралыгындагы мөөнөт 3 айдан ашкан учурда - кеминде акыркы үч төлөм өз учурунда төлөнсө, мында активдердин суммасы бир калыпта төлөнүүгө тийиш;   

- реструктуризациялоо күнүнөн тартып акыркы 12 ай ичинде төлөө графигине ылайык активдердин суммасы өз учурунда төлөнсө (бул шарт активдерди "канааттандырарлык" категориясына которуу учурунда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш);   

- реструктуризациялоодон кийин кардар/контрагент реструктуризациялоо чечими кабыл алынган учурда кредиттин негизги суммасынын калдыгынын кеминде 20%ын төлөсө (бул шарт активдерди "субстандарттык" же "шектүү" категориясына которуу учурунда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш);   

- кардардын/контрагенттин активдерди төлөө боюнча милдеттенмелери аткарылбай калышына алып келүүчү жагдайлары жок болсо.  

31. Кардар/контрагент финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, колдо болгон активдерди сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу Келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши активдери реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

 

 

 

6. Активдин ордун жабууга алынган кепилдик фонддордун башка менчигин классификациялоо 

32. Кепилдик фонддор кардарга/контрагентке берилген активдердин суммасын кайтарып алуу максатында, ордун жабууга мүлктү, ошондой эле кардардын/контрагенттин менчигинде болгон кайсы болбосун башка мүлктү (мындан ары башка мүлк) кабыл алышы мүмкүн. 

Активдин суммасы боюнча калдыгын ордун жабууга кабыл алынган башка менчик дароо эле “субстандарттык” катары классификацияланат. 

33. Активдин ордун жабууга кабыл алынган кепилдик фонддордун башка менчиги, төмөндөгү мөөнөттөр аяктаганга чейин сатып өткөрүлбөсө, “жоготуулар” катары классификацияланат:  

а) бир жыл кыймылдуу мүлк үчүн;  

б) менчик укугу келип чыккандан кийинки үч жыл - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мөөнөтү белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди кошпогондо, башка кыймылсыз мүлк үчүн.  

34. Финансылык отчетту, зарылчылыгына жараша, бирок, жылына кеминде бир жолу түзүүдө, кепилдик фонддор бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык, башка менчиктин наркынын начарлоосун баалап туруусу зарыл.  

 

7. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв 

35. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв (мындан ары РППУ) кепилдик фонддордун чыгашаларынын эсебинен түзүлөт. 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча резерв кепилдик фонддордун милдеттенмеси болуп саналат.  

36. РППУ эки бөлүккө бөлүнөт - жалпы жана атайын резерв. Жалпы резерв кепилдик фонддордун классификацияланбаган активдери, ал эми атайын резерв классификацияланган активдер боюнча түзүлөт. 

37. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы резерв 

Атайын резерв 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык  

25%;  

Канааттандырарлык  

2/2,5%/5%/10% 

Шектүү  

50%;  

 

 

Жоготуулар  

100%.  

 

38. Талап кылынган бардык чегерүүлөрдү эсептегенден кийин, алар резервдин ар бир түрү боюнча суммаланат жана РППУга чегерүүлөрдүн жалпы талап кылынган өлчөмдөрү аныкталат. Бул суммалар баланс боюнча РППУнун күндөлүк өлчөмүнүн суммасы менен салыштырылат. Баланс боюнча РППУнун күндөлүк өлчөмү жетпей калган учурда, кепилдик фонддор РППУнун өлчөмүн отчеттук айдын акырына чейин анын эсептелген, талап кылынган өлчөмүнө ылайык келтирүүгө тийиш.  

39. РППУнун шайкештиги көбүнесе, кепилдик фонддордун активдерди системалуу түрдө баалоосуна жараша болот. Кепилдик фонддор өз активдеринин сапатын текшерүү системасын иштеп чыгуусу зарыл. Мындай текшерүү активдердин сапатына гана эмес, бүтүндөй алганда, кепилдиктерди берүү саясатына да багытталууга тийиш.  

Текшерүү кепилдик фонддордун ички ресурстарынын эсебинен сыяктуу эле, ишке тартылган тышкы эксперттердин жардамы менен да жүргүзүлүшү мүмкүн. Текшерүүчү адам тажрыйбалуу жана кепилдиктерди берүү жол-жоболоруна түздөн-түз тартылган түзүмдүк бөлүмдөн көз карандысыз болуусу зарыл. Текшерүүчү адамга кайсыл болбосун активди текшерүү учурунда зарыл болгон маалымат жеткиликтүү болууга тийиш, ал эми отчетто текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтер белгилениши зарыл. Текшерүү жөнүндө отчет Кепилдик фонддун директорлор кеңешине жана Башкарманын төрагасына берилүүгө тийиш. 

40. Кепилдик фонддор активдерди талдап-иликтөө жана классификациялоо боюнча кепилдик фонддордун саясатын жана уюштуруу түзүмүн камтыган тиешелүү ички ченемдик документтерди, РППУну түзүү жана ага чегерүүлөр, ушул Жобого ылайык, РППУнун шайкештигин текшерүү тартиби тууралуу методологияны жана ички ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө милдеттүү. Бул документтер кепилдик фонддордун көктөмөлөр номенклатурасына киргизилүүгө тийиш.  

41. Активдерди алдын ала классификациялоо жана РППУну эсептөө кепилдик фонддордун тиешелүү бөлүмү тарабынан айдын акыркы күнүн кошо алганда, ай сайын жүргүзүлүүгө тийиш. Активдерди жыйынтыктап классификациялоо жана РППУну эсептөө контрагенттердин, ошондой эле өнөктөш-банктардын кепилдик фонддордун кепилдиктери менен камсыздалган кредиттери боюнча отчетторун алгандан кийин жүргүзүлөт. 

42. Активдердин баштапкы классификациясы кепилдик фонддун уюштуруу түзүмүнө ылайык кепилдиктерди тескөө, камсыздоо жана/же администрлөө үчүн жооптуу тиешелүү коллегиалдуу орган тарабынан, ал эми калган активдер боюнча кепилдик фонддордун ички документтерине ылайык классификациялоо маселелери боюнча жооптуу башка коллегиалдуу орган тарабынан ыйгарылат, ал бардык активдер боюнча классификациясын өзгөртүү жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүү боюнча чечим да кабыл алат.  

43. Кепилдиктерди классификациялоо үчүн маалымат жетишсиз болгон учурда, кепилдик фонддор мындай активдерди аталган кепилдиктер алар боюнча камсыздоо болуп саналган кредиттерди классификациялоо категориясына караганда начар категорияга классификациялоого тийиш.