Кайта келүү

Улуттук банктын « Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары-Жобо долбоору) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын (2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 иш-чаралар планынын 325 жана 326-пункттары) (мындан ары-план) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 2020-П-14/17-4-(ПС) токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында санарип төлөм технологияларын 2020-2022-жылдарда өнүктүрүү концепциясы. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Платформа (маркетплейс) рыноктун бардык катышуучулары тарабынан кардарлар үчүн көбүрөөк талап кылынуучу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды издөө жана ыңгайлуу сунуштоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Финансылык платформаны (маркетплейс) түзүү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды сунуштоо, атаандаштыкты өнүктүрүү, бирдиктүү терезе режиминде, анын ичинде чаттарды, ботторду ж.б. колдонуу менен кардарлардын кызматтарды алууда ыңгайлуулугун, ачык-айкындуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу үчүн финансы рыногунун катышуучуларынын биригишин шарттайт.  

Платформада финансылык экосистеманын катышуучуларынын сунуштары боюнча маалыматтарды консолидациялоо, муктаждыктарды талдоо жана кардарлар үчүн сунуштарды жеке берүү мүмкүнчүлүгү каралат. Ошону менен бирге эле, учурда финансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат алуу үчүн бирдиктүү маркетплейс финансылык платформасы жок.  

Сунушталган Жобо долбоорунда финансылык маркетплейс кызматтарын көрсөтө алышкан катышуучулар, анын алкагында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу API программалык интерфейстерин ачуу зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси аныкталган.  

Жөнгө салуу Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Финансылык платформаны (маркетплейс) уюштурган юридикалык жак аталган платформанын түзүлүшүнө байланыштуу иштин башталгандыгы тууралуу билдирүүнү тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка жөнөтүүгө жана финансылык платформанын кызматтары тууралуу отчетту чейрек сайын берип турууга тийиш.  

Финансылык маркетплейс операторунун кызматтарын көрсөтө алышкан юридикалык жактар: 

1) коммерциялык банктар; 

2) өз ара иш алып баруу операторлору; 

3) Кыргыз Республикасынын банктарынын, төлөм системаларынын  

операторлорунун бирикмеси жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн башка уюмдар акционери/катышуучусу болуп саналган, өзүнчө түзүлгөн юридикалык жак.  

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси: 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты (валюталар курсу, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана финансылык платформанын катышуучулары менен түзүлгөн келишимдин алкагында салыштыруу түрүндө берилген башка маалымат) жайгаштыруу; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 токтому менен бекитилген, «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жободо аныкталган, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, мында банк карталарынан нак акча каражаттарын берүү жана акча которуу системалары боюнча акча которуулар, электрондук акчаны жайылтуу/төлөө кызмат көрсөтүүлөрү эске алынбайт. Акча каражаттарына байланыштуу операциялар финансылык платформадагы тиркеме аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүчү тарапта жүзөгө ашырылат; 

- Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнбөгөн уюмдардын финансылык платформанын оператору менен келишим түзүүнүн алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген финансылык кызматтары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу.  

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде уруксат берилген кредиттерди финансылык платформа аркылуу төлөгөн учурда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн акча каражаттары платформаны колдонуу аркылуу мурда ал кредит алуу жана аны финансылык платформа аркылуу төлөө боюнча келишим түзгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсебине гана чегерилиши мүмкүн. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Ушул ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу экологиялык, гендердик, социалдык, укуктук, укук коргоо боюнча терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

Сунушталган Жобо долбоорун кабыл алуунун болжолдуу укуктук жана социалдык-экономикалык кесепеттери: 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты калктын онлайн режимде колдонуусу үчүн бирдиктүү финансылык платформаны түзүү

- накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшү

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

- 2022-жылдын 26-январында Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү жана ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана маркетплейс финансылык платформаларын жөнгө салуу жана ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу жөнүндө билдирүү жайгаштырылган.  

- 2022-жылдын 3-февралында Улуттук банктын аянтчасында «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө маркетплейс финансылык платформасынын операторун түзүү, ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн катышуучулары жана колдонуучулары менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланган.  

- 2022-жылдын 14-февралында Улуттук банктын расмий интернет-сайтында маркетплейс финансылык платформаларын жөнгө салуу жана ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарынын реестри жайгаштырылган. 

 

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына, бүтүндөй республиканын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын ченемдерине каршы келбейт 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жана Улуттук банктын бюджетинен каржылоо каралбайт  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Маркетплейс финансылык платформаларды жөнгө салуу жөнүндө жобонун долбооруна жөнгө салуу таасирине талдоону иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 3-февралындагы № 2022-Пр-144/30-О «Санарип төлөм технологияларын жөнгө салуу маселеси боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» Улуттук банктын 2020-жылдын 7-октябрындагы № 2020-Пр-144/169-О буйругуна кол коюлган жана ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы актуалдаштырылган. 

Улуттук банктын жогоруда көрсөтүлгөн буйругунун 2-пунктунун 2-абзацына ылайык ведомстволор аралык жумушчу тобу Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепциясында жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, санарип төлөм технологияларын/платформаларын жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирин талдоону иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө укуктуу.  

 

 

Урматтоо менен, 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары З.Л. Чокоев 

 

 

ДОЛБООР 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-ж «____» ______ 

№________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

«Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди 

колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобо  

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө ушул жобо (мындан ары-Жобо) финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайгаштырууда жана финансылык платформаны колдонуу менен бүтүмдөрдү ишке ашырууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле финансылык платформанын катышуучуларынын жана финансылык платформанын (маркетплейс) операторунун ишинин укуктук негиздерин аныктайт.  

2. Ушул Жобонун алкагында финансылык платформанын оператору болуп, коммерциялык банктар, өз ара иш жүргүзүү операторлору же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн башка уюмдар акционери/катышуучусу болуп саналган, ачык/жабык акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак саналышы мүмкүн. 

Финансылык платформа (маркетплейс) үчүн юридикалык жак түзүү жөнүндө чечим директорлор кеңеши, Кыргыз Республикасынын банктарынын, банк эмес финансы-кредит мекемелер бирикмесинин акционерлери/катышуучулары, төлөм системаларынын операторлору тарабынан кабыл алынат.  

3. Эгерде коммерциялык банк же өз ара иш жүргүзүү оператору финансылык платформасынын (маркетплейс) оператору болуп саналса, анда финансылык платформага байланыштуу иш негизги иштен бөлүнүүгө жана кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөөгө тийиш.  

4. Финансылык платформанын (маркетплейс) операторуна Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу уюмдар жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамында белгиленген, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтери бар башка юридикалык жактар да кошула алышат.  

 

 

2 -глава. Терминдер жана аныктамалар  

5. Ушул Жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

финансылык платформа (маркетплейс) бул электрондук онлайн платформа/витрина, анда ушул платформада көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат, платформадагы жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун өзү тарабында мүмкүн болуучу бүтүмдөр тууралуу маалымат жайгаштырылган;  

финансылык платформанын оператору (маркетплейс) ачык программалык интерфейстери (API) аркылуу бир платформада финансылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүгө платформанын 24/7 онлайн режиминде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган юридикалык жак;  

финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар финансылык платформанын оператору менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу жана/же финансылык платформада бүтүмдөрдү ишке ашыруу үчүн келишим түзгөн юридикалык жактар.  

финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү- ачык оферта келишимине кол коюу менен жеке кабинет/мобилдик тиркеме аркылуу финансылык платформага кошулган жеке адам же юридикалык жак;  

финансылык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырышкан финансылык мекемелер тарабынан «Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинде аныкталган, финансылык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрү;  

маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган башка юридикалык жактардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу; 

бүтүмдөр - финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү менен кызмат көрсөтүүлөрдүн финансылык платформасын сунуштоочулардын ортосунда финансылык платформанын шилтемеси аркылуу ишке ашырылуучу бүтүмдөр

ачык программалык интерфейси (API) - финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга финансылык платформанын оператору менен маалымат алмашуу жана/же финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн макулдугу менен бүтүмдөргө келишүү мүмкүнчүлүгүн берген программалык интерфейс. 

чат бот - сайттарда, мессенджерлерде, операторлордун жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын мобилдик тиркемелеринде тексттик же аудио билдирүүлөрдү колдонуу менен баарлашууга мүмкүндүк берген программа. 

 

3. Маркетплейс финансылык платформасынын операторуна карата талаптар 

 

6. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүүлөрү башталганга чейин юридикалык жак ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Улуттук банкка финансылык платформаны (маркетплейс) түзүүгө байланыштуу иштин башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө жана төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: уставдын жана уюштуруу келишиминин (бирден ашык уюштуруучу (акционер/катышуучу) болсо), ошондой эле мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү, юридикалык жак түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө, билдирүүчүнүн жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын мөөрү жана кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн чечимдер, финансылык платформанын ишине жооп берген кызмат адамы тууралуу маалыматтар (аты-жөнү, кызматы, иш тажрыйбасы, байланыш телефон номери ж.б) (бул талаптар Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнүүчү уюмдар акционери/катышуучусу болуп саналган өзүнчө юридикалык жакка тиешелүү); 

2) финансылык платформанын операторунун операциялык эрежелеринин көчүрмөсү, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- архитектураны жана анын схемаларын толук чагылдыруу; 

- платформага катышуучуларды туташтыруу жана андан чыгаруу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- катышуучуну платформага туташтыруу тартиби; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн кирүү тартиби; 

- маалыматы коргоо боюнча талаптар; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди чечүү

- актуалдуу маалыматты сунуштоо тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- ж.б. 

3) финансылык платформанын автоматташтырылган программалык комплексинин паспортунун көчүрмөсү, алар кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- жалпы мүнөздөмөлөрү (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясы (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, прикладдык/ маалымат базалары менен башкаруу системалары, диск бөлүмдөрүнүн өлчөмдөрү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.). 

4) финансылык платформанын катышуучуларын туташтыруу үчүн API ачык интерфейстеринин иштелген стандарттары; 

5) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим долбоору; 

6) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен түзүлгөн ачык оферта келишиминин долбоору; 

7) коммерциялык банктын функционалын жана/же өз ара иш алып баруу операторун бөлүштүрүү жөнүндө ички ченемдик документтер жана финансылык платформанын (маркетплейс) ыйгарым укуктуу кызмат адамы жөнүндө (аты-жөнү, кызматы, иш тажрыйбасы, байланыш телефон номери) маалыматтар. 

7. Финансылык платформанын оператору электрондук аянтчада/ витринада төмөнкү маалыматтарды/финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат: 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды (валюта курсу, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү, банк операцияларына тарифтер/пайыздар жана финансылык платформанын катышуучулары менен түзүлгөн келишимдин алкагында салыштыруу үчүн маалыматтар) жайгаштыруу;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 токтому менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишим түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жободо аныкталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн макулдугу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул тизмеси боюнча жөнөкөй электрондук кол тамга менен билдирмени күбөлөндүрүү аркылуу тастыктоону финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга жөнөтүү, мында банк карталарынан нак акча каражаттарын берүү жана акча которуу системалары аркылуу акча которуу, электрондук акчаны жайылтуу/төлөө кызматтары эске алынбайт. Акча каражаттарына байланыштуу операциялар финансылык платформадагы шилтеме аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар тарабында жүзөгө ашырылат.  

- финансылык платформанын оператору менен келишим түзүүнүн алкагында Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнбөгөн уюмдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген маалыматтарды жайгаштыруу.  

8. Финансылык платформанын оператору финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды финансылык платформага туташтыруу үчүн ар бир сунуштоочу менен платформага туташуу боюнча түз келишимдерди түзүүгө жана финансылык платформанын катышуучуларын туташтыруу үчүн ачык API интерфейсин камсыз кылууга тийиш. 

9. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде уруксат берилген кредиттерди финансылык платформа аркылуу төлөгөн учурда, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн акча каражаттары финансылык платформаны пайдалануу менен ал мурда кредит боюнча жана финансылык платформа аркылуу төлөөгө жана/же бул тууралуу ушул платформада түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш болгон тиешелүү келишим түзгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсебине гана чегерилиши мүмкүн.  

 

4. Финансылык платформага финансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга карата талаптар  

 

10. Финансылык платформага (маркетплейс) жайгаштырылган финансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтар: 

1) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу учурунда актуалдуу болуп саналбаган ар кандай акциялар менен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кызматтары боюнча керектөөчүлөрдүн жаңылышуусуна алып келбөөгө

2) чындыкка жакындабаган маалыматтарды, анын ичинде финансылык мекеменин кандайдыр бир банк операцияларын жана башка операцияларды жүргүзүүгө укугу тууралуу маалыматтарды камтыбоого; 

3) эгерде иштин натыйжалуулугун (салымдын кирешелүүлүгү) тиешелүү келишимди түзүү учурунда аныктоого мүмкүн эмес болсо, иштин натыйжалуулугу тууралуу, анын ичинде мурда реалдуу көрсөткүчтөргө негизделген гарантияларды жана убадаларды (салымдын кирешелүүлүгү) камтыбоого тийиш; 

4) маркетплейс платформасында бир гана сунуштоочунун кызмат көрсөтүүсүн жарнамалоого жана кандайдыр бир түс/маркировкалоо менен өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө/чыгарууга жол берилбейт.  

11. Финансылык платформанын операторунун операциялык эрежелери, финансылык платформа ишке киргизилген күн жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдү жана сунуштоочуларды тааныштыруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик документтер, анын ичинде финансылык платформадагы финансылык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты колдонуудагы жана алуудагы тарифтер колдонуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.  

 

5. Ачык программалык интерфейстер аркылуу (API) финансылык платформанын операторуна туташуу 

 

12. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар финансылык платформанын операторуна өзүнүн ачык программалык интерфейстеринен (API) колдонуу мүмкүнчүлүгүн бере алышат жана/же финансылык платформанын катышуучулары ортосунда өз ара иш жүргүзүү үчүн процесстердин иштелип чыккан жана даяр, стандартташтырылган API-чечимдери, ошондой эле техникалык стандарттары, коопсуздук талаптары болууга тийиш.  

13. Финансылык платформага туташуу үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар финансылык платформанын оператору менен өз ара иш жүргүзүп жана/же ага өзүнүн колдонуудагы төмөнкү программалык интерфейстерин (API) ачып бере алышат:  

1) маалыматтык API финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жеткиликтүү продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, ошондой эле банктардын кардарларын тейлөө пункттарынын жайгашкан жери жана иштөө графиги жана улуттук валюталардын курстары ж.б жөнүндө ачык маалыматтар; 

2) сервистик API - финансылык мекеменин кардар колдонгон продукттары, ошондой эле бул продукттар боюнча операциялар жөнүндө маалыматтар. Туташтырылган продукттар жана кардардын кызмат көрсөтүүлөрүн жөнгө салуу, учурдагы кардарлардын профилиндеги маалыматтарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берүү;  

3) продукттук API продуктту берүү үчүн суроо-талап же кызматты учурдагы же жаңы кардарга туташтыруу, финансылык уюмдун продукту же кызмат көрсөтүүсү боюнча жеке сунуштарды алуу.  

14. API колдонулушу ар бир ачык программалык интерфейс боюнча (API) платформанын операторунун техникалык документинде чагылдырылууга тийиш, ал билдирилген финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга жөнөтүлөт.  

 

6. Корутунду жоболор 

 

15. Финансылык платформанын оператору 2-тиркемеде белгиленген формага ылайык, финансылык платформада жайгаштырылган кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты кийин кагаз жүзүндөгү версиясын жөнөтүү менен кийинки отчеттук чейректин 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен, электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) берүүгө тийиш. 

16. Зарыл учурда Улуттук банк ал тарабынан белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон отчеттордогу финансылык платформанын (маркетплейс) ишине байланыштуу кошумча маалыматтарды жана документтерди сурап алууга укуктуу. Финансылык платформанын операторунун жетекчиси так жана анык маалыматтын өз убагында берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

 

Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен маркетплейс финансылык платформалары аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө жобого карата 1-тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

 

 

БИЛДИРҮҮ  

 

 

Ушул аркылуу, ___________________________ финансылык  

(юридикалык жактын аталышы) 

платформанын (маркетплейс) кызматынын ишке киргизилгендиги тууралуу билдирет. 

 

Билдирүүгө ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык документтердин тизмеси кошо тиркелет.  

 

Тиркеме _____барактан турат. 

1) 

2) 

3)  

 

 

Юридикалык жактын кол тамгасы жана мөөрү 

20___ -ж. «___» ________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен маркетплейс финансылык платформалары аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө жобого карата 2-тиркеме  

 

 

 

Юридикалык жактын аталышы 

  

  

________________________________ 

  

  

 

 

Финансылык платформага (маркетплейс) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды туташтыруу тууралуу  

20___ жылдын ___________ чейреги үчүн маалыматтар  

 

 

Колдонуудагы келишимдердин жалпы саны: (санын көрсөтүү) бардыгы болуп ______ 

 

№ 

Уюмдун аталышы 

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары 

Келишимдин номери жана датасы  

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишим: 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

Финансылык платформанын башка катышуучулары менен келишим 

 

 

 

 

 

Финансылык платформада жайгаштырылган, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

... 

 

 

  

  

 

  

  

Юридикалык жактын кол тамгасы жана мөөрү 

20___ -ж. «___» ________________