Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) негизинен техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен аны так чечмелеп берүү максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунун негизги сунуштары төмөнкүлөр

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Жобонун 2-1-пунктун Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 7 жана 29-пункттарына шилтеме берүү ченеми менен толуктоо сунушталат, анда төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензиясын алууда арыз берүүчү дагы кандай иштерди жүргүзүүгө укуктуу экендиги толук көрсөтүлгөн

Жобонун 7-пунктун «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 85-беренесине шилтеме берүү менен толуктоо сунушталат, анда «олуттуу катышуу» жана «контролдукту» деген терминдердин аныктамалары каралган, анткени бул түшүнүктөр төлөм уюмдары жана/же төлөм системасынын операторлору менен байланышкан жактарга карата колдонулат, бирок алардын чечмеленишин Жободо каралган эмес. 

Жобонун 14-пунктун, эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын) /катышуучуларынын бири катары чыкса, акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар жөнүндө маалымат берүү ченеми ага карата жайылтылбайт деген талап менен толуктоо сунушталат. Мындай талап «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан, ал эми Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкарманын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындала тургандыгы менен шартталган, Башкарманын мүчөлөрү тууралуу маалымат жогорку деңгээлдеги текшерүүдөн өтөт. 

Жобонун 47-пунктунун 5-пунктчасынын мазмунундагы «соттолбогондугу жөнүндө маалымат катты сунуштоого» деген сөздөрдү « соттолбогон болууга тийиш» деген сөздөргө алмаштыруу менен түзөтүү сунушталат. 

Жобонун расмий тилдеги 8-тиркемесинде «международными договорами» деген сөздөрдөн кийин ушул абзацты «)» деген белги менен толуктоо сунушталат: 

«- жеке маалыматтардын (Улуттук банк тарабынан үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык) берилишине.». 

Сунушталган өзгөртүүлөр техникалык мүнөздө болуп Жобонун жөнгө салуу ченемдерин өзгөртпөйт. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык натыйжалардын жана коррупциялык кесепеттердин келип чыгышын болжолдоо 

Бул долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат 

Аталган токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат 

Иштелип чыккан токтом долбоорунун алкагында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр техникалык мүнөзгө ээ болгондугуна, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын камтыбагандыгына жана ишкердик ишти жөнгө салууга тиешеси жок болгондугуна байланыштуу анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

Токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө методикасынын 3-пунктуна кирбейт. 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын______________ 

№________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС)  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 2-1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Төлөм системасынын оператору/ төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 7 жана 29-пунктуларына ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.»; 

- 7-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

««Олуттуу катышуу» жана «контролдукту» терминдери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 85-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт.»; 

- 14-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын) /катышуучуларынын бири катары чыкса, бул талап ага карата жайылтылбайт.»; 

- 47-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) соттолбогон болууга тийиш.»; 

- расмий тилдеги 8-тиркемесиндеги жеке маалыматтарды толтуруу үчүн формалардан соң «международными договорами» деген сөздөрдөн кийин ушул абзац «)» деген белги менен толукталсын.». 

Долбоор 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

3-глава. Уставдык капитал 

2-1. Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат.  

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

2-1. Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат.  

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм системасынын оператору/ төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 7 жана 29-пунктуларына ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Өтүнүч ээси - ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом.  

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар. 

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар:  

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары; 

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башкаруу боюнча байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары; 

4) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

5) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар.  

«Олуттуу катышуу» жана «контролдукту» терминдери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 85-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт. 

4-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына карата талаптар 

14. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринен (уюштуруучуларынан)/катышуучуларынан болуп жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери/резидент эместери болушу мүмкүн.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тууралуу маалымат ушул жобонун 3 жана 4-тиркемелеринин формасы боюнча анкеталарда сунушталууга тийиш.  

14. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринен (уюштуруучуларынан)/катышуучуларынан болуп жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери/резидент эместери болушу мүмкүн.  

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тууралуу маалымат ушул жобонун 3 жана 4-тиркемелеринин формасы боюнча анкеталарда сунушталууга тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын) /катышуучуларынын бири катары чыкса, бул талап ага карата жайылтылбайт. 

11-глава. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар (каралган учурда)  

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде 3 (үч) жылдык эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарды ээлеген; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ;  

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ;  

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө;  

5) соттолбогондугу жөнүндө маалымат катты сунуштоого.  

5) соттолбогон болууга тийиш. 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого карата 

8-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга  

субъектинин макулдугу 

.... 

- жеке маалыматтардын (Улуттук банк тарабынан үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык) берилишине.