Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону» бекитүү тууралуу 

токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу долбоорун иштеп чыккан. 

Бул долбоор банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуучу микрофинансылык компаниянын аманатчылар (мындан ары банк) алдындагы милдеттенмелери боюнча маалымат базасын туура киргизүү жана толтуруу боюнча талаптарды күчөтүү жана маалымат базасын жүргүзүүгө ички көзөмөлдү киргизүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

 

Долбоор төмөнкү өзгөртүүлөрдү камтыйт: 

- XML жана XLS форматтарында маалымат базасын киргизүү

- банктар үчүн маалымат базасына мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын кепилдиктери боюнча талаштар жана соттук териштирүүлөр жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү үчүн графа киргизилген; 

- 1, 1-1-тиркемелер бириктирилип, алардын түрүнө карабастан аманатчылар жөнүндө маалыматтар базасынын бирдиктүү формасы иштелип чыккан. 

Мындан тышкары, ар бир банк маалымат базасынын тууралыгын жана Нускоого ылайыктуулугун текшерүү үчүн жооптуу кызматкерди дайындашы керек тууралуу пункту каралган. Банктын жооптуу кызматкери чейрек сайын банктын жетекчилигине отчет берип турууга милдеттүү

Ошону менен бирге, банктын жетекчилиги банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери боюнча маалымат базасында чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары козголгон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынууга тийиш. 

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталда коомдук талкууга коюлат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын,  

депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону» бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Ушул токтомдун тиркемесине ылайык «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоо» бекитилсин. 

2. Коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үч айлык мөөнөттө өз маалымат базасын ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирсин. 

3. Турак жай-сактык кредиттик компаниялары 2022-жылдын үчүнчү чейрегинин аягына чейин өз маалымат базасын ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирсин. 

4. Токтом расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

6. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, микрофинансылык компанияларды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «___» _________  

№ ___ токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча  

НУСКОО 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын (мындан ары банк) аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндөгү маалымат базасын жүргүзүү боюнча бул нускоо (мындан ары Нускоо), Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырып жаткан коммерциялык банктар  маалымат базасын ушул Нускоого ылайык жүргүзүүлөрү зарыл.  

3. Аталган Нускоодо Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө бөлүгүндө берилген аныктамалар колдонулат. 

 

2-глава. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери  

жөнүндө маалымат базасын түзүү  

4. Банк аманаттар (депозиттер) боюнча гарантияланган ордун толтуруулардын суммалары боюнча эсепке алууларды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын (депозиттеринин) эсебин жүргүзүү үчүн автоматташтырылган маалымат базасын (мындан ары-маалымат базасы) түзүүгө жана аны туруктуу негизде кармап турууга тийиш. 

5. Маалымат базасы банк тарабынан жумалык негизде жүргүзүлүп турат жана ар бир айдын бирине карата абал боюнча жана Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата жыйынтыкталууга тийиш. 

6. Ушул Нускоого ылайык түзүлгөн маалыматтар, гарантиялык учур келип жеткен шартта, банктын аманатчыларына компенсация катары төлөнүп берилүүгө тийиш болгон сумманы аныктоо жана түзүү үчүн негиз болуп саналат.   

7. Ушул Нускоого ылайык маалымат базасын түзүү гарантиялык учур келип жеткен шартта аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумма аманатчыга берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин суммасына жана аманатчынын өтүнүчү боюнча банк тарабынан берилген мөөнөтү өтүп кеткен гарантиялардын суммасына, эгерде бул мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жана гарантиялар боюнча талаш-тартыштар же соттук териштирүүлөр (мындан ары мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптар) болбосо, азайтылышы каралган. 

8. Маалымат базасы маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөө мүмкүнчүлүгү менен ушул Нускоонун 1-тиркемесине ылайык XML жана XLS форматтарында түзүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда аныктык, функционалдуулук, коопсуздук жана ишенимдүүлүк сыяктуу негизги критерийлер сакталууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган электрондук маалымат базаларына, программаларга карата жалпы талаптар сакталууга тийиш. 

9. «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон, банкка жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалыматтар» таблицасы (ушул Нускоого карата 1-тиркеме) 2-тиркемеде көрсөтүлгөн тартипке ылайык толтурулат. 

10. Ар бир банкта маалымат базасын анын тууралыгы жана Нускоого ылайык келүүсү жагында текшерүү жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкер дайындалууга тийиш. Банктын жооптуу кызматкери чейрек сайын банктын жетекчилигине отчет берип турууга милдеттүү.  

11. Банктын жетекчилиги маалымат базасында чагылдырылган банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

 

3-глава. Корутунду жоболор  

12. Гарантиялык учур келип жеткен шартта убактылуу администратор/жоюучу гарантиялык учур келип жеткенден кийинки 10 календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, ушул Нускоонун талаптарына ылайык эсептелген, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин депозиттери жөнүндө маалыматтарды Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке сунуштоого милдеттүү.     

13. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык түзүлгөн маалымат базасынын негизинде Агенттик, гарантиялык учур келип жеткен учурда банктын аманатчыларына жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилүүчү компенсациялык төлөөлөрдүн суммасын аныктайт жана түзөт.  

14. Гарантиялык учур келип жеткен учурда аманат (депозит) боюнча кошуп эсептелген, бирок төлөнбөгөн жана капиталдаштырылбаган пайыздар, гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата эсептелет. Мындай пайыздарды кошуп эсептөө банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн чен боюнча жүзөгө ашырылат, бирок Улуттук банктын гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата эсептик ченинен жогору болбоого тийиш.  

15. Аманатчыга гарантияланган аманаттар боюнча төлөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.  

16. Жоюлуучу банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылуучу төлөөлөрдүн суммасына азайтылат. Банктын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин калган суммасы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык төлөнүп берилүүгө тийиш. 

 

Тиркеме: 

 1-тиркеме. Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалымат;  

 2-тиркеме. Таблицаларды толтуруу тартиби. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме  

 

 

 

 

 

Жайгаштырылган аманаттар (депозиттер) жөнүндө маалымат ________________________________________________ 

(Банктын аталышы) 

компенсацияланууга тийиш болгон жеке адамдар жана жеке ишкерлер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ п/п 

Аманатчынын толук аты-жөнү 

Инсандыгын тастыктаган документи № жана берилген күнү, ким тарабынан берилгендиги  

Күбөлүктүн/патенттин № 

ИНН 

Аманатчынын жашаган жери, телефон номери 

Банктык тейлөөгө алуу ке-лишиминин аталышы жана/же № (банк-тык аманат, карт-эсеби ж.б.)), карыз алуу / гарантия келишими, келишим түзүлгөн күн 

Депозит валюта-сынын, утурлама талаптардын түр 

Башкы китептин эсебинин номери 

Аманат эсебинин, карт-эсебинин, ссудалык карыз эсебинин, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыз-дардын, ссудалык карызга чегерилген пайыздар номери 

Салынган аманаттын (депозиттин) суммасы, ошондой эле аманат(депозит) боюнча чегерилген пайыздар 

Банктын аманатчыга мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын суммасы 

Эсептештирүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчыга карата милдеттенмелеринин/талаптарынын калдыгы 

Сом эквивалентинде өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчы алдындагы милдеттенмелеринин калдыгы 

Аманатчыга төлөнүүчү компенсациянын суммасы, бирок аманатчынын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарын өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамында белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш. 

Сом эквивалентинде компенсация суммасын төлөгөндөн кийин чегерилген пайыздарды эсепке алуу менен депозиттердин (депозиттердин) калдыгы 

Төлөмдөр токтотулган, аларга карата сот жана тергөө органдарынын камакка алуу жөнүндө чечими (токтом) бар депозиттер 

 

 

Аманат боюнча аманат валютасындагы калдык суммасы 

Аманаттын ошол учурга карата кал-дыгынын сом эквива-лентиндеги калдыгы 

Аманат валютасында чегерилген пайыздар суммасы 

сом эквивалентинде депозит (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын суммасы 

сом эквивалентинде жалпы суммасы 

талаптын валютасындагы негизги карыз боюнча талаптардын калдыгынын суммасы 

сом эквивалентиндеги негизги карыз боюнча талаптардын калдыгынын суммасы 

доонун валютасында чегерилген банктык пайыздар боюнча талаптардын суммасы 

сом эквивалентинде банктын чегерилген пайыздары боюнча талаптардын суммасы 

сом эквивалентинде банктын мөөнөтү өтүп кеткен каршы талаптарынын жалпы суммасы 

мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын кепилдиктери боюнча талаш-тартыштар жана соттук териштирүүлөр жөнүндө маалымат 

өз ара эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча сом эквивалентиндеги чегерилген пайыздар боюнча калдыктын суммасы 

өз ара эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча сом эквивалентиндеги негизги карыздын калдыгынын суммасы 

сом эквивалентинде милдеттенмелердин/доолордун калдыктары боюнча жалпы 

4-1 

10 

11 

12 

13 

14 

15=12+14 

16 

17 

18 

19 

20=17+19 

21 

22=14+20 

23 

24 

25 

26 

27=24-26 

28 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

Мисал: 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

1. 

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

2002. 19.08.Кыргыз Респуб-ликасынын ИИМ тара-бынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрын-дагы №50 Банктык аманат келишими 

KGS 

  

  

  

150 000,00  

  

5 000,00  

155 000,00  

  

  

  

  

-  

 

5 000,00  

  

  

  

  

  

  

  

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

2002. 19.08.Кыргыз Респуб-ликасынын ИИМ тара-бынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрын-дагы №50 Банктык аманат келишими 

USD 

  

  

2 000,00  

80 000,00  

100,00  

4 000,00  

84 000,00  

  

  

  

  

-  

 

4 000,00  

  

  

  

  

  

  

  

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

2002. 19.08.Кыргыз Респуб-ликасынын ИИМ тара-бынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрын-дагы №50 Банктык аманат келишими 

EUR 

  

  

100,00  

5 000,00  

  

  

5 000,00  

  

  

  

  

-  

 

-  

  

  

  

  

  

  

  

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

2002. 19.08.Кыргыз Респуб-ликасынын ИИМ тара-бынан 

  

  

  

2008-жылдын 20-ноябрын-дагы №50 Банктык аманат келишими 

EUR 

  

  

  

  

  

  

-  

- 2 500,00  

- 125 000,00  

- 60,00  

- 3 000,00  

- 128 000,00  

 

- 128 000,00  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында, аманатчылар боюнча 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

ХХХ  

235 000,00  

ХХХ  

9 000,00  

244 000,00  

ХХХ  

- 125 000,00  

ХХХ  

- 3 000,00  

- 128 000,00  

 

- 119 000,00  

116 000,00  

116 000,00  

116 000,00  

200 000,00  

16 000,00  

ХХХ  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Бардыгы болуп, Банк боюнча 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк Башкармасынын төрагасы ___________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкы бухгалтер ________________________________________ Жооптуу аткаруучу ________________________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме  

Банктын, турак жай-сактык  

кредиттик компаниясынын,  

депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар  

алдындагы милдеттенмелери  

жөнүндө маалымат базасын  

жүргүзүү боюнча нускоого  

карата 

 

«Жеке адамдардын банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган аманаттары (депозиттери) жана жеке ишкерлердин банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган аманаттары жөнүндө маалыматтар» таблицаларын толтуруу  

ТАРТИБИ 

(мындан ары - таблица) 

 

1. Таблицаны толтурууда 1-графада банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын (мындан ары - банк) аманатчынын катар номери көрсөтүлөт. 

2. Аманатчы жөнүндө толук маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга жана тиешелүүлүгүнө жараша 2,3,4,5,6,7-графаларда чагылдырылууга тийиш: 

- тастыктоочу документке ылайык аманатчынын толук аты-жөнү

- инсандыгын тастыктаган документтин реквизиттери, анын ичинде документтин номери жана берилген күнү жана ким тарабынан берилгендиги; 

- ИНН (бар болсо, жок болгон учурда толтурулбайт); 

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон (күбөлүктүн) өткөндүгүн фактысын тастыктаган документтин реквизиттери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоосуз (патент) ишкердик жүргүзүү фактысын ырастоочу документтин реквизиттери; 

- аманатчынын жашаган (катталган) жеринин же жүргөн жеринин толук дареги, телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын даректери. 

3. 7-графада келишимдин номерин жана келишим түзүлгөн күнүн көрсөтүү менен аманатчынын банк менен аманат (депозит) сыяктуу эле, кредит боюнча да (мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптар, эгер болсо) келишимдери жөнүндө маалыматтар камтылган. 

4. 8-графада келишим боюнча валютанын түрү көрсөтүлөт (АКШ доллары, евро, сом ж.б.). 

5. 9-графада аманаттын (депозиттин) эсептеринин номерлери, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар, мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап жана мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап боюнча чегерилген пайыздар көрсөтүлөт. Банктын аманатчыга карата мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талабы боюнча чегерилген пайыздар чегерилбеген статусуна ээ кредиттер боюнча чегерилген пайыздар да кирет; айып пул, туумдар, туумдар жана кредит боюнча башка төлөмдөр. 

6. 10-графага аманаттын (депозиттин) өздүк эсебинин номери, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар, мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап жана мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талап боюнча чегерилген пайыздар ар бир сап боюнча өзүнчө киргизилет. 

7. Аманаттардын калдыктары жана чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар жөнүндө маалыматтар тиешелүүлүгүнө жараша 11 жана 13-графаларда чагылдырылат. Таблицадагы калдыктардын суммалары жүздүк үлүштөрүн көрсөтүү менен валюта бирдиктеринде чагылдырылат. 

8. Аманаттар (депозиттер) боюнча калдыктар жана чет өлкө валютасындагы аманаттар (депозиттер) боюнча чегерилген пайыздар сом эквивалентине конвертацияланат жана 12 жана 14-графаларда чагылдырылат. 

9. Эгерде 11 жана 13-графаларда көрсөтүлгөн калдыктар сом менен чагылдырылса, анда алар дароо 12 жана 14-графаларда чагылдырылат. 

10. Чет өлкө валютасынын сомдук эквивалентин чагылдырган графаны толтурууда Улуттук банктын учурдагы операциялык күнүнө колдонулуучу эсептик курсу колдонулат. 

11. 15-графада аманаттар (депозиттер) боюнча калдыктардын жалпы суммасы жана аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар сом эквивалентинде чагылдырылат, 15-графа боюнча жыйынтыкталган сумма акыркы сапта 12 жана 14-графалардын суммасына барабар болууга тийиш. 

12. Банктын аманатчыга карата мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын калдыктары жөнүндө маалыматтар аманаттардын калдыктары жөнүндө маалыматтарга окшош эле 16-19-графаларга киргизилет. Банктын аманатчыга болгон талаптарынын калдыгы терс белги (-) менен чагылдырылат. 

13. 20-графада банктын аманатчыга карата мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын сом эквивалентиндеги жалпы суммасы чагылдырылат. 20-мамыча боюнча жыйынтыкталган сумма акыркы сапта 17ден 19-графага чейинки суммага барабар болушу керек. 

13.1. 21-графада мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын гарантиялары боюнча талаш-тартыштар жана соттук териштирүүлөр боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Алардын болушунда банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптары өз ара чегеришүүгө тийиш эмес, б.а. 22-25-графалар толтурулбайт жана ошого жараша 26, 27-графалар мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана гарантиялар эсепке алынбастан толтурулат. 

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын гарантиялары боюнча соттук талаш тартыштар жана соттук териштирүүлөр болбосо, анда бул графа толтурулбайт. 

14. 22-25-графалардагы ар бир аманатчы боюнча жыйынтыктоочу сапта өз ара чегеришүүнүн натыйжасы боюнча банктын милдеттенмелеринин/талаптарынын суммасы чагылдырылат. Өз ара чегеришүү сом эквивалентинде жыйынтыкталган суммалар боюнча жүргүзүлөт. 

15. Алгач банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын жалпы суммасы аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын жыйынтыкталган суммасына, андан кийин аманаттардын (депозиттердин) калдыктарынын жыйынтыкталган суммасына эсепке алынат. 

16. 22-графанын акыркы сабында аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар менен аманатчыга банктын талаптарын өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча калдыктар жазылат, мында 22-графа 14 жана 20-графалардын суммасына барабар болот. 

17. 23 жана 24-графалар аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар менен аманатчыга банктын талаптарын өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча толтурулат, мында: 

а) аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздар банктын кардарга карата талаптарынын ордун жапкан учурда, б.а. 22-графанын суммасы оңөлдөн чоң же барабар) болсо, анда 23-графа 12-графага, ал эми 24-графа 22 жана 23-графалардын суммасына барабар болот; 

б) эгерде аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын суммасы банктын кардарга карата талаптарынын ордун жаппаса, б.а. 22-графанын суммасы терс (нөлдөн аз) болсо, анда 23-графа 12 жана 22-графалардын суммасына, ал эми 24-графа 23-графанын суммасына барабар болот. 

18. 25-графа транзиттик графа болуп саналат жана төмөнкүчө толтурулат: 

а) эгерде аманатчынын банкка койгон талаптары анын банк алдындагы милдеттенмелеринен ашып кетсе, б.а. 24-графанын акыркы сабындагы сумма оң болсо, анда 25-графа 24-графага барабар болот; 

б) эгерде аманатчынын банкка койгон талаптары анын банк алдындагы милдеттенмелеринен аз, б.а. 24-графанын суммасы терс болсо, анда 25-графа нөлгө барабар болот.  

19. Эгерде өз ара эсептешүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчыга карата талаптары (24-графадагы жыйынтыкталган сумма терс) калган болсо, анда 26, 27-графалар толтурулбайт. 

20. 26-графанын акыркы сабында сом менен компенсациянын суммасы чагылдырылат. Кардардын бардык аманаттары боюнча компенсацияланууга тийиш болгон жалпы сумма Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган компенсациянын суммасынан ашпоого тийиш. 

21. Аманаттардын калдыгы жана кардардын аманаты (депозити) боюнча чегерилген пайыздар 27-графанын акыркы сабында чагылдырылат жана 24 жана 26-графалардын суммаларынын ортосундагы айырма катары көрсөтүлөт. 

22. Бүтүндөй банк боюнча жыйынтыкталган суммалар 12,14,15, 17, 19, 20, 22-27-графаларда толтурулат, алар банктын филиалдары боюнча бардык жалпы суммалардын суммасына барабар болууга тийиш. 

23. 28-графада: качан, кайсы сот же тергөө органы тарабынан жеке адамдардын же жеке ишкерлердин аманаттарына камак салуу жөнүндө чечим (токтом) кабыл алынгандыгы жөнүндө маалыматтар чагылдырылышы керек. 

___________________________________________________________________ 

1 Аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздар банктын ички эсеп саясатына ылайык эсептелет